БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык...

25
БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ӨНҮГҮҮСҮНӨ АДЕП-АХЛАКТЫК, РУХАНИЙ ЖАНА БИРДИКТҮҮ МАМИЛЕ АНН ЭЛЬ-МОСЛИМАНИ

Transcript of БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык...

Page 1: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮБИЛИМ БЕРҮҮНҮН ӨНҮГҮҮСҮНӨ

АДЕП-АХЛАКТЫК, РУХАНИЙ ЖАНА БИРДИКТҮҮ МАМИЛЕ

АНН ЭЛЬ-МОСЛИМАНИ

Page 2: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ

Билим берүүнү өнүктүрүүгѳ

адеп-ахлактык, руханий жана

бирдиктүү мамиле

Бишкек - 2020

Page 3: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

УДК

ББК

Китептин демөөрчүсү:

Эл аралык Ислам ойлору Институту

Херндон, Вирджиния, США

Китерти англитчеден кысгызчага кптпсгпн Жалилова Гулжахан

Китертин седактпсу Беделбек кызы Вера

Анн Эль-Мптлимани

Балдасга Билим Бесүү: Билим бесүүнү өнүктүсүүгѳ адер-ахлактык, суханий

жана бисдиктүү мамиле / Кптпсгпн.: Г. Жалилпва – Б.: 2020. -22 б.

Бул китер жалры пкусмандасга, Итлам динине кызыккандасга, Итлам динин

изилдегендесге өтө райдалуу. Бул китертин өзгөчөлүгү – итламга бплгпн жаоы

көз касашты тунуштайт. Мутулмандасдын калыртаныр калган этки көсүнүш-

төсдөн асылыр, чыныгы ийгиликке жеткисе тусган жплдпсу чагылдысат.

Китер «Ихтан Хайсия» кппмдук фпнду тасабынан баттысылган

КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫНЫН ДИН БАШКАРМАСЫ

Бул китеп Кыргызстан мусулмандарынын дин

башкармасы тарабынан тастыкталат. №

M УДК

ББК

© Анн Эль-Мптлимани, 2020

Page 4: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

3

КИРИШ СӨЗ

Учурдагы билим берүү системасынын баскан жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан, бул систе-

ма “кайра иштелип чыгууга” өтө муктаж, ошол эле учурда билим берγγ системасынын өз кезегинде өнγ-гγγнγн жана азыркы учурдун таасирине байланыштуу көптөн бери унутулуп келген окутуу ыкмалары жана принциптери менен болгон байланышын жаңыртуу абзел.

Бизде азыркы системада негизинен саналуу гана окуучулардын санынан турган, бир дарсканадан экин-чисине көчүп окуган, тиешеси же байланышы жок фактылардын конвейер лентасында багылган класстар бар, ошол балдарды шыктандыра албаган китептер жана ыкмаларды колдонуу менен аларды кайра эле аягы түгөнгүс сынактарда колдонобуз, мунун жый-ынтыгында алынган бааларды балдардын интеллек-туалдык мүмкүнчүлүгүн арттыруу жана предметти ”өздөштүрүү” жетишкендиктери үчүн колдонуп ке-лебиз. Аттандаштык, татаал, кызыксыз жана катаал ыкмалар дүйнө жүзүндөгү көпчүлүк мусулман ише-ниминдеги мектептерде өкүнүчтүү тγрдө кайталанып колдонууда. Мунун жыйынтыгында балдардын бир сапка тизилген тизмеги пайда болот да, дал ушул жер-

Page 5: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

4

де: буларды “ойлонууга” үйрөтүшкөнбү же “иш - ара-кеттерге” үйрөтүшкөнбү деген суроо туулат.

Ондогон жылдардан бери билим берүү менен алектенип, ѳз ислам мектебин жетектеп келе жаткан Анна Эль-Мослимани Чыгышта да, Батышта да билим берүү философиясына жана балдардын окуп үйрѳнүп жаткан бардык нерселерине толугу менен руханий күч бере ала турган адеп-ахлактык ыкмаларга үндѳгөн кѳптѳгѳн жалпы ой–пикирлерге кошулат.

Мунун себебин түшүнүү үчүн – фундаменталдык негиздер менен – ар бир бала руханий, моралдык жана интеллектуалдык касиеттери менен жаралат, балдар-дын бул касиеттеринин функциясын жалаң эле сынак-тарды тапшыруу үчүн эмес, ошондой эле Жараткан-ды тааный билүү, өз жаратылышын жана ааламдагы ордун түшүнө билүү жана акыры аларды адамзатына пайда алып келүүчү иш-аракеттерге колдоно билүү зарылдыгы менен байланыштырса болот. Ошентип, жалпы билим берүү тажрыйбасын жогорулатуу - бул анын келечегинде, өз учурунда келечекте билим берүү системасынын өнүгүүсүн жана өөрчүшүн колго алуу болуп саналат.

Баланын аалам жѳнγндө адеп-ахлактык түшүнүгү бирдиктүү дγйнө таануусу менен чогуу, жаратылган ар бир нерсе менен байланышы, дүйнөнү жакшыр-тууга жарандык милдети тууралуу маалым болуусу жана башкалар менен биргеликте кызматташтыкта иштей билүүсү, ар бир баланын өсүшүнүн жана өөр-чүшүнүн негизин түзөөрүн, аларга Кудайдан берил-ген касиеттерин иш жүзүнө кеңири ашыруусуна мүм-күндүк берээрин автор тастыктайт.

Page 6: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

5

Автор атаандаштык буйрутма агым, баалоо, сый-лоо жана жазалоо (балдардын өзүнө болгон ишени-мин жана чыгармачылыгын система ырайымсыз түрдө тепселеп салууда жана ошол системанын натыйжалуу-лугу иш жүзүндө далили аз, таптакыр жок деп айтса да болот) сымал ыкмалардан арылганда гана балдардын өөрчүшү ыктымалдуу экендигин түшүндүрүүнү улан-тат. Мындан тышкары, мурдагы эски маалыматтарды камтыган тексттер окуу китептеринен алынып салы-нуусун жана тематикалык мамилени колдонгон текст-тердин кеңири жана көп катмарлуу маанисин тγшγнө билүү үчүн аларды чыныгы жашоодогу окуялар жана ишкердүүлүктөр менен байланыштырып, кайрадан иштеп чыгуу керектигин, балдардын жашоодогу ма-анилүү эмоционалдык жана социалдык деңгээлдерди түшүнө билүүсүнө мүмкүндүк берүүчү негизги (жана абстракттык) суроолорду толугу менен ачып берүүнү талап кылат.

Аталган эмгек ошондой эле билим берүү тажрый-басын дем күч берүүчү деңгээлде колдонуу үчүн акы-ркы инновациялык куралдарды жана технологиялар-ды колдонууга γндөйт. Бул өз кезегинде, актуалдуу окутулуучу айлана-чөйрөнү (дарскана жана мектепти) динамикалык жана кызыктуу жайга айландырат жана ал жерде мугалим “башкарма” эмес, баладагы болгон эң мыкты сапаттарды тарбиялай алган акылман об-раздын үлгүсү болуусу абзел.

Соңунда, мусулман мектептери γчγн Жараткан ар дайым окутулуп жаткан нерселердин эң башкысы, так борбору болуусу керек деп саналган азыркы тажрый-бадагы механикалык катаал түрдө эмес, Жараткан-

Page 7: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

6

ды, Анын элчилерин, адамзатка тартуу кылган аятта-рын жана Куранды терең сүйүүнү жана урматтоону шарттаган жагдайларда окутулуусу керек жана Жа-раткан-дын ар бир нерседе аткарган жумушун көрγп, түшүнө билүүгө балдарды үйрөткөндөй болуусу за-рыл. Башка ишенимдеги балдар менен аралашуу жана башкалардын ишенимдерин, ошондой эле бар-дык элдердин укуктарын урматтоону үйрөнүү менен бирге, балдар сөзсүз эле реалдуулукту кабыл алууда би-полярдуулукка ээ болуп калышпайт, тескерисин-че, келечекте көп ишенимдүү жана көп маданияттуу чөйрөдө кененирээк аралашууга мүмкүндүк алышат, ошол эле учурда алар өздөрүнүн күчтүү инсандык ка-сиетин сактап кала алышат.

Бул эмгек ИИЭаИнун мусулман коомдорундагы би-лим берүүнү жогорулатууга өзгөчө көңүл бөлүүсүнө байланыштуу интеллектуалдык өнүгүүнү баалоо жана адамзаттын өнүгүүсүнө умтулган пассивдүү кабыл алуудан сырткары колдонулуучу билимди алуу γчγн жарык көрүүдө. Эң негизги максат – изилденген жана пайдалуу деп эсептелген нерселердин баарынын мак-саты сымал эле, качандыр бир убактарда материал-дык маанидеги агымга багытталып келген руханий, адеп-ахлактык жана жашоого ыңгайлашууну кайрадан системага кайрып келүү болуп саналат.

Көңүл чордонуна коюлган экспозиция, талкууга коюлган маселелер жөнүндө маалымат алуунун жо-горулоосуна жана окурмандарга сунушталган көз ка-раштар пайда алып келет деген үмүттөбүз.

Ислам жылсанагына ылайык берилген даталар (хид-жра) АН белгиси менен белгиленип берилди, мындай

Page 8: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

7

белгини коюунун зарылчылдыгы жок жерлерде, дата-ларды белгилөө керектүү жерлерде григориан жыл-санагы боюнча жана СЕ белгиси менен белгиленип берилди. Араб тилиндеги сөздөр кыйгач белгилөө менен өзгөчөлөнүп, жалпы колдонууга кирип калган заманбап эмес деп эсептелинген аттардан сырткары аттарга гана айырмалоочу белгилөөлөр коюлду. Араб шилтемелеринен алынган англис тилине которулган котормолор авторго таандык болуп саналат.

ИИЭаИнун түптөлүү мезгилинен баштап, олуттуу илимий иш-аракеттердин ишке ашуусуна көмөк көр-сөтүүчү ири борбор катары кызмат кылып келүүдө. Ушул максаттарды аркалоо менен аталган уюм ондо-гон жылдар аралыгында көптөгөн изилдөө програм-маларын, семинар жана конференцияларды өткөрдү, ошондой эле азыркы күндө англис жана араб тилде-ринде 70 тен ашуун аталыштагы социалдык илимдер жана диний дисциплиналар багытында адистешти-рилген илимий эмгектерди басып чыгарды, булардын көпчүлүгү башка негизги тилдерге которулган.

Аталган китептин чыгарылышына түздөн–түз жана кыйыр катышкан адамдардын баарына терең ыраа-зычылык билдирип, алардын ичинен өзгөчө Сьюзан Дарлес, Энн Х.Реддинг жана Эмиль С.Смитти редак-торлук кызматы үчүн баса белгилей кетмекчибиз. Жа-саган иштери үчүн Аллах ыраазы болсун.

ХИШАМ АЛТАЛИБМусулман коомчулуктарындагы

билим берүүнү өнүктүрүү2018-жыл, январь

Page 9: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

8

1Киришүү

Мусулман ата-энелер мусулмандар аз жаша-ган өлкөлөрдө толук иш күнү менен иште-ген ислам мектептеринин көп пайда болуп

жатканын энтузиазм менен кабыл алышты. Салах – бул күндүн бир бөлүгү, балдар араб тилин жана Куранды окуп үйрөнүшөт; дарсканалар адатта анча-лык чоң эмес, мугалимдерге да, балдарга да тиешелүү үй-бүлөдөгүдөй чөйрөнү тартуулап, ар түрдүү мада-ний жана адеп-ахлактык көйгөйлөр жоюла түшкөн-сүйт.

Бирок, ошентсе да биз алдыда узун жолду басып өтүшүбүз зарыл; биз өзүбүздүн негиздүү түптөлгөн исламдык принциптерибизди билим берүүдө гана колдонбостон, окутууда да колдоно билишибиз аб-зел. Ислам билим берүү философиясынын парадиг-масынын кайра жандануусу үчүн көрөгөчтүк менен, акыл калчап жүргүзүлгөн талдоо талап кылынат – бул иджтихад (эркин ой жүгүртүүлөр). Бул деген кадим-ки нерселерге скептикалык көз караш менен мамиле жасоо аркылуу азыркы абалды оңой жөнгө салуу жана бардык түрдөгү мектептердин басымдуу көпчүлүгүн-дө жалпы колдонууда үстөмдүк кылган методология эмне үчүн жана кантип пайда болгондугун изилдөөнү билдирет.

Page 10: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

9

Эреже катары, биз өзүбүздүн жеке педагогика-бызга ылайык, сабак берүүгө акыбыз бар, бирок биз бул укукту өз оюбузду, көрүүбүздү жана келечекте-ги максаттарыбызды так аныктап алмайынча колдоно албайбыз. Бул иш-аракетибиз чоочун кишинин ролун ойноону талап кылып, айлана-чөйрөбүзгө ойлонбо-стон, мүмкүн, кыйналбастан сиңирген билим берүү маданиятынан өзүңдү алыстатууну талап кылат (түр көрсөтүүнү); кунт коюу жана сын көз караш менен ка-роо - бул сактап келаткан билим берүүгө жана максат, дүйнө көрүнүшү (таанып билүү), көрүп билүү жана миссия исламга негизделгени жөнүндө күмөн саноону жаратат.

Заманбап мектеп адатта күмөн саноого кабылбай турган жыйындарга негизделет, себеби алар жөн эле ченемдик мектеп маданиятынын бир бөлүгү катары бекитилип келген, божомолдоолор жана тажрыйба-лар тереңдеп тамыр алышкандыктан, аларды Джером Бруар “Элдик педагогика” деп, ал эми Девид Тьяк жана Мэри Кубан “Мектепте билим берүүнүн грам-матикасы” деп аташкан. Биздин мындай сунуштарды сындоо түрүндө изилдөөбүз абдан маанилүү. Берил-ген чектөөлөрдү четке чыгуу ар дайым эле оңой эмес, адатта кээде тобокелдикке барууга барабар иш. Ошон-дуктан биз кээде ишкана стилиндеги эски методоло-гияны карманууга аракеттенебиз, бирок бул методоло-гия эң мыкты тажрыйбанын үлгүлөрүн кармангандар тарабынан четке кагылган же биз окутуп жаткандарга тиешеси аз жана кийинки түшүнүктү ѳркүндөтпөгөн жана дем-күч берүүчү материалды эске тутууну бел-гилейбиз.

Page 11: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

10

Кээ бир ата-энелер жана мугалимдер өзүнчө жана исламдык эмес бихевиаризмге ишенишет. Мухаммед Пайгамбарыбыздан (С.А.В.)1 айырмаланган, маселе-лерди баалай да, чече да албаган, балдарга ызаат ме-нен мамиле кылууну билбеген жана жалпысынан алар-га жакшы үлгү бо-ло албаган мугалимдер да бар. Кээ бир мектептерде, жадагалса, атайын салынган анча чоң эмес тар дарсканалар бар, анда көрсөтмө курал-дарга, жамааттык жана практикалык ыкмаларга орун берилбейт.

Усман Бугеже бүгүнкү исламдык билим берүүнүн абалы жөнүндө таамай жыйынтык чыгарган:

Билимдин чектерининен алыстаган мусулмандар акы-рындык менен билимди өркүндөтүүчүлөр болуу мүм-күнчүлүгүнөн ажырай башташкан да, алар билимди колдонуучуларга айланып калышкан. Алар тарыхтын алдынан кыя өтүшүп, өздөрүнүн тарых жаратуучу аба-лы-Балдарга билим берүү нан, тарыхтын курмандык-тарына айланышып, дагы деле ошондой абалда калып келишүүдө.

Биз баштапкы жетекчилик абалыбызга кайра кай-тып баруу үчүн, жадагалса, өзүбүздүн жетекчилик абалыбызды, кабыл алуу үчүн тандап алган система-ларды исламдын негизинде изилдеп чыгышыбыз ке-рек. Мен дүйнѳнү жакшыртуу иштерине берилген, жоопкерчиликтүү элдердин ролун кабыл алуу менен, биз дагы бир ирет балдарыбыз үчүн бекем адеп-ахлак-1 Salla Allahu alayhi wa sallam. Жараткан тынчтык берсин жана аны колдосун. Мухаммед Пайгамбарыбыздын ысмы кайсыл жерде аталбасын, ага карата айтылуучу сөз.

Page 12: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

11

тык жана руханий мурас калтыра алуубузду суранып, дуба кылам.

Акыркы жылдары мусулман мугалимдери олуттуу ийгиликтерге жетишишти, негизинен Карен Кейуо-рттун жана Америкадагы ислам мектептеринин Лига-сынын; CISNA (Түндүк Америкадагы ислам мектепте-ринин Кеңешинин), Надим Меман жана анын Торон-тодогу ислам мугалимдерин окутуу боюнча долбоору (Razi Education), Абдулла Сахиндин эмгеги Англияда жана ислам мектептериндеги бир катар жеке лидер-лердин, Джером Хенцелл-Томастын эмгектерин атасак болот. Биз алардын өтө маанилүү эмгектерине негиз жасоону улантууга Кудай жеткирсин.

Менин аң-сезимим, акыл-эсим көптөгөн жылдар аралыгында өөрчүдү, негизинен биздин өзүбүздүн балдарыбыздын жардамы менен, дем алыш күндөрдө-гү мектептердеги тескери тажрыйбалардан жана биз Сауд Аравиясына көчүп келип, балдарымды Сауд мек-тебине киргизген үч жыл аралыгында башталган. Так ошол Сауд мектебинин системасы менен алышууда, сыноолордон өтүүдө менин оюма алгач америкалык ислам мектебинин идеясы келди. Мен мусулман бал-дары үчүн биз азыркыга чейин сынап, колдонуп кел-ген нерселерден сырткары өзгөчө нерсени колдонуп көргүм келди.

Бир нече жылдан кийин - качан гана биздин өзү-бүздүн балдарыбыз пайда алып келбей калганда, жа-ңы иштеп баштаган төрт аял менен биргеликте Сиэ-тлде ислам мектебин ачтык. Башында биз мектепти түптөп гана коелу деп ниеттенгенбиз. Эч кимибиз мектепти андан ары өнүктүрөбүз деп максат койгон

Page 13: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

12

эмеспиз. Мен жакында эле илимий чөйрөдө доктор-лук диссертациямды жактап бүткөм жана консалтинг, эмгектерди басып чыгаруу жана сабак берүү менен алек болчумун. Бирок, мектепти негиздеген башка көп адамдар тастыктагандай, маселенин өз мааниси үзгүл-түксүз эмгектин мурдараак пайда болгон маанисинин жанында келечектүү болуп калышы ыктымал.

Пайда болгон кризис учурунда, биз жолдошум экөөбүз мектептин ишин улантууга кириштик.

2003-жылдын бир нече айларында жолдошумдун өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин чогуу иштеген-ди уланттык. Мен бир нече жылдар аралыгында бар-дык деңгээлдерде сабак берип келдим жана өзүмдүн жеке сабак берүү философиямды иштеп чыктым, би-рок мен ушул жылдар арасында ислам мектеби кан-дай болушу керек деген так бир түшүнүктү келтир-дим дегенден алысмын. Бирок, мусулман балдарын тарбиялоого токтолууну чечип, мен өзүмдүн илимий изилдөөлөрүмө жумшаган күч-аракеттей эле аракет-тенишим керек экендигин түшүндүм. Мен өзүмдүн саякаттоомдун аралыгында салттуу исламда бекем тамырланып калса да, ошол эле убакта Батыш менен тыгыз байланыштары бар илимпоздордун эмгектери-не олуттуу түрдө таяндым, ошондуктан алар заманбап замандагы мусулмандар катары жашоо үчүн ижтихад принциптерин ойлонуу менен колдонууга жөндөмдүү болушат. Мындай эмгектер эркек илимпоздорго ка-тарлаш эле аял илимпоздордун эмгектери, Кудайга шүгүр, олуттуу деңгээлде маселелердин “чыгыш вер-сиясынын” ордун алмаштырып, ислам жана мусул-мандарга тиешелүү суроолордун маанисин жана так

Page 14: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

13

талдоосун кайра кайрып беришти. Алардын эмгекте-ри кеңири элге жеткиликтүү болуп калган, биздин ки-чинекей мектеп түптөлөөрү менен дароо эле ал эмгек-тер англис тилинде да жеткиликтүү болду.

Бүгүнкү күндө, бактыбызга жараша биз жашап жаткан дүйнөдө исламды жашоо жана билим берүү менен байланыштырган, ойлонгонго мажбур кылган материалдардын китепканасы бар. Джон Эспозито жана Джон Волл өздөрүнүн “Бүгүнкү исламдын ку-руучулары” аттуу китебинде бул мусулман интеллек-туалдарынын өсүп келаткан таасирин талкуулашкан, аларды салттуу белгилөөнүн чегинен алыска чыккан коомдук жана саясий реформалардын өзгөрүүчүлүк программаларын түзгөн активисттер катары сүрөт-төшкөн.

Мага маркум Исмаил аль-Фаруктун 1982-жылы би-лимдерди исламдаштыруу планын жана негиздерин ал-гач баяндап жазгандагы сөздөрү аябай таасир кал-тырды. Анын ислам методологияларынын алгачкы принциптерине арналган долбоору таухидди (Кудай-дын биримдигин) жана адамзатынын, кийинки жа-ратуунун, чындыктын жана иш – аракеттердин жана аларга байланышкан принциптерин, биздин окутуу ишмердүүлүгүбүздө кантип колдонууну анык-тоого дилгирленүүгө шыктандырды.

Бул принциптерди колдонуу тууралуу акыл кал-чашып, мусулмандар буларды ислам теориясы үчүн негиздүү принцип катары кабыл алышты, бирок атал-ган негиздерде окутуу ар дайыма сыйынууну, өзүн-өзү анализдөөнү, окуп үйрөнүүнү жана өз ара пикир алышууну талап кылат. Биз, мугалимдер, мусулман

Page 15: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

14

окуучуларыбыз биздин мектептерди жалаң эле фи-нансылык ийгиликтерге даяр болуу менен гана эмес, ошондой эле Кудайдын жардамы менен толугу менен Кудайга болгон ишенимине, чыгармачылыкты түшүнө билүүгө жана жер жүзүндөгү жашоодо өзүнүн топтук жана жекелик ролдорун аткарууга болгон милдетине негизделгендей билим алып чыгуусун канткенде кам-сыз кыла алаарыбызды ойлонуубуз керек. Бул китеп талкуулоолорду иш жүзүнө ашырууга жардам берип, башкаларды өз ойлорун жана идеяларын ачык айтуу-га шыктандырат.

Көпчүлүк мусулман педагогдор Дауд Таухидди баарынан да көбүрөөк Түндүк Америкада ислам би-лим берүүсүн реформалоочу катары кабыл алышат. Аль-Азхардан, Египеттеги окуу жайын аяктагандан кийин АКШга келип, ислам мектептерине көз сала баштаган. Ал ислам билим берүүсү көбүнчө балдарды мусулман болууга эмес, жөн гана ислам тууралуу фак-тыларга үйрөтөөрүн белгилеген. Ал өз жашоосунун калган бөлүгүн толугу менен америкалык мусулман-дардын исламындагы жашоосуна арнап, ага активдүү катышуу менен бирге, ой жүгүртүүсүнүн жана көрө-гөчтүгүнүн негизинде, келечек муундардын билим алуусун жакшыртууга жана изилдөөгө арнаган. Тилек-ке каршы, анын көзү өткөндөн кийин анын эмгектери-нин негизги бөлүгү жарыкка чыкпаган бойдон калды.

Абдулла Сахин ислам билим берүүсүнүн өнү-гүшүнө салым кошкондордун бири. Сахин өз иш-мердүүлүгүн Улуу Британияда баштаган, Британдык мусулман жаштарынын арасында окшоштукту түзүү-гө токтолуу менен бирге изилдөөнүн эмпирикалык

Page 16: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

15

үлгүсүн колдонгон. Анын тыянактары Улуу Брита-ниядагы ислам билим берүүсүнө мүнөздүү мугалим жана текстке багытталган билим берүүдөн баш тартуу өтө маанилүү экендигине жана ал атагандай критика-лык берилгендик деген нерсеге карай алып бара тур-ган изилдөөчүлүк системага өтүү зарылдыгына аны ынандырган. Кийинчерээк ал магистр деңгээлиндеги билим берүү программаларын исламдын диний му-галимдерин даярдоо үчүн түзгөн, бул программалар өз кезегинде окуучуга ачык, сын көз-караш менен өз ара пикир алышуучулукка багытталган методология-ны колдонот.

Заманбап замандагы исламдын өнүгүүсүндө өзгөчө орду бар, педагогикасы эң мыкты тажрыйбаларга не-гизделген жана идеялары исламга шайкеш келген му-сулман эмес көпчүлүк жетекчилердин эмгектеринин катарында башка илимпоздордун аттары да бардык жерлерде аталып келет. Билимдин кандай гана түрү болбосун - бул адамзатына берилген белек, ошондук-тан биз бул түшүнүк кайда гана болбосун, балдар канткенде жакшыраак окушаарын түшүнүүгө умтулу-шубуз керек. Байыркы мусулман илимпоздору башка цивилизациялардын билимдерин сактап гана келбе-стен, ошондой эле аларды ислам келечектүүлүгүнө киргизүү үчүн болгон күч-аракеттерин жумшап ке-лишкендей эле, биз да ислам баалуулуктарына кара-ма-каршы келген нерселерди алып салуу менен бирге билим берүүнүн заманбап теориясы бизге эмнелер- ди сунуштарын кылдаттык менен изилдеп чыгуубуз жана таухид алкактарын системалык түрдө жаңылап туруубуз абзел.

Page 17: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

16

2Өз тандоолорубузду

кеңейтүү жолунда

Батышта ислам дини өнүгүп келе жатканына байла-ныштуу, мусулман мугалимдери адатта эки башка окутуу ыкмаларынын ортосунда тандоо жасашат. Алар мисал катары медресе деген аталыш менен дүйнөнүн көпчүлүк бөлүктөрүндө иштеп жаткан диний мектеп-терди алса болот, бул мектептерде басым байыркы тексттерди жаттап алууга жасалат же болбосо алар жа-лаң гана Батышта эмес, азыркы күндө дүйнөнүн булуң бурчунда да тапканга мүмкүн болгон атаандаштыкка тең келе ала турган салттуу, светтик мектептерге тая-нышат. Мындай мектептерде “ислам” көбүнчө заман-бап мектептерде өтүлүүчү методологиясы бар, башка курстарга окшош эле дагы бир предмет катары кара-лып калат. Көбүнчө алар колониалдык доордон кий-инки мезгилдин калдыгы - медресе стилиндеги окуту-луучу “исламдык” предметтер жана батыштын билим берүүсүнүн методологиясын, окуу программаларын жана тексттерин колдонгон “светтик” предметтердин айкалышын тандашат, бул - маселенин өз алдынча чечүүнүн айкын түрү. Биз кылдаттык менен рефлек-сияга, критикалык ой-жүгүртүүгө жана чыгармачылы-кка тоскоол болгон жана ошондой эле секулярлашты-рылган окутуунун мыктылыгы тууралуу мифти кол-

Page 18: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

17

донууга жол бербеген окутуунун ыкмаларын изилдеп чыгышыбыз керек. Ошондой эле, биз динди реалдуу жашоодон алыстаткан дуалисттик түзүлүшкө алсырап бараткан эки системаны киргизүүнүн жалпы тажрый-басын көңүл коюп изилдешибиз керек.

Кээ бир адамдар жана топтор өткөнүн жоготуп ко-юудан коркушат жана мурдагы замандагы окумуштуу-лардын пикиринен кол үзө албай келишет. Ойло-нуунун мындайча ыкмасы таклид (тууроо) таждидге (жаңылануу же кайра жаралуу ыкмасына) карама-кар-шы келет. Таждид Куран бизге түбөлүк жана бардык жерде берилген, биз анын принциптерин учурдагы жагдайларга ижтихад (эркин ойлонуу) процесси ар-кылуу колдонууга ар дайым умтулу-Балдарга билим берүү шубуз керек деген түшүнүккө негизделген. Эгерде биз билим берүүнү реформалоону кааласак, анда биз ижтихадды колдонуу керектигибиз ачык ай-кын. Эмнеси болсо да, таклидди кармангандардын да негиздерин түшүнүү маанилүү. Таклидди муфтий Му-хаммед Саджад жактаган:

Taклид - бул илимпоздун юридикалык бүтүмдөрүнө берилген ой-пикирлерине кенен далилдер жок болсо да моюн сунууну билдирет. Илимий даражасы жок адам кылганга аргасыз, себеби, ал ызы-чууга байла-нышкан кандайдыр бир конкреттүү маселе боюнча өз жеке пикирин тастыктоо үчүн далилдерди келтире албайт. Бул процесс исламда изажах (ijazah) деген ата-лыш менен таанымал, жана бардык мухадиттин жана юристтер исламдын изилдөөчүлөрүнүн арасында кан-дайдыр бир ишенимге ээ болуу үчүн бул процесстен

Page 19: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

18

өтүшү керек болчу. Билимсиз адамдарды алга сүйрө-гөн үммөттөрдө чыныгы илимпоздор бар экендигине кепилдик берүүчү системанын бир канча жолдору бар. Бул таңкалыштуу салттын милдети - ошол муга-лимдерден кимдер билим алганынын жардамы менен аныктоо жана экинчиден, алардын илимдин компе-тенттүү мугалими катары авторизациялоо. Ошентип, ушундай жолдор менен илимпоз элге билим бергенин далилдегенге укугу бар болчу, жана ал билим Кудай-дын элчисине акыры аягы кайра алып баруучу чынжы-рчага уруксат берилген.

Taклид бизди өткөн заман менен кармап турат. Ку-ран Кудайдан берилген сөзү жана бардык убактарга жана бардык жерлерге таандык болгондуктан, биз аны маселелелерди чечүүдө колдонууга жана эч ка-чан күтүлбөгөн маданияттарга колдонууга мүмкүн-чүлүктөргө ээ болуубуз зарыл. Британиялык илим-поз Зиауддин Сардар: “Taклид мусулмандарды Куран менен болгон олуттуу жана аргументтештирилген та-лаш-тартыштардан алыс болуш керек деп кыжаалат-танган, ойлогон адамдардын укугун жокко чыгарат, ал эми иш жүзүндө ал текшерилбеген бүдөмүк билим берүү системасын жамынуу менен бирге, ошол эле учурда заманбап дүйнөнүн татаалдыгы жана көйгөй-лөрү жөнүндө аз маалыматтанган динчил илимпоз-дорду чыгарат.”

“Таклид ижтихаддын каалгасынан кийин жаралган” деген маанидеги таркатылган ой-пикирлерге илимпо-здор бардык маанилүү суроолорго эчак жооптор бе-рилгендиги менен макул болушкан исламдын алгачкы доорунда эле жокко чыгарылган. Алдул-Хамид Абу

Page 20: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

19

Сулайман мындай теория “имамды” “алардын ме-читтеринин тереңдөөсүнүн” түпкүрүнө алып барып такаган исламдын саясий башкаруучулукту сактап ка-луунун жоголушуна алып келген аң–сезимдин токтоп калган метафорасы болуп саналат деп болжолдогон. Кѳпчүлүк илимпоздор Абу Сулеймандын жеке жана ырым-жырымдар маселелери менен чектелген ою бар-дык жашоого жана күнүмдүк жашоодо колдонулбай калгандыгын туура деп эсептешет.

Албетте, Сардар: мусулмандар “толугу менен би-лимди багынтышты: бат кабыл алышып, туткундап алышып, табышып, ал жөнүндө талкуулап жана та-лашып-тартышып, аныктап, аны таркатуу үчүн ин-ституттарды түзүп, ал жөнүндө жазышып, ал жөнүн-дө окуп, аны салыштырып жана аны таркатып” деп сүрөттөгөн алгачкы исламдын кыйынчылык, ошол эле кезде бороондуу күндөрүнө бир нерсе чекит койду.

Вадад Кади кийинки убакытты мындайча сүрөттө-гөн: ”бардык шаардык борборлордо китеп сатуучу-лардын бүтүндөй базарлары пайда болду; илимпоз-дор узак жолду басып өтүштү жана билим издөөдө чыныгы кыйынчылыктар менен бетме-бет кагылышты; эмгектердин топтомунан эмгек жасоо моюн сунуунун түрү катары каралган, жана адабиятчылар китептерди даңазалашты”. Эдулла Казми бул жалпы сабаттуулук-ка умтулган каалоону, көп сандагы китепканалардын пайда болуусун жана мазхабдардын таркатылуусун камтыган аралыкты чыныгы маданий билим алуу ка-тары мүнөздөгөн.

Бул өзгөчө маданий билим алуу мүмкүн акырына жетмек, эгерде бир катар үлгүлүү билим берүү си-

Page 21: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

20

стемасында басып алуучулук убакка чейинки мезгил сакталып калбаганда. Ата-энелер жана окуучулар өз мугалимдерин тандашты. Баштапкы деңгээлден сырт-кары, алардын жеке жөндөмүнө, кызыгууларына жана келип чыгышына жараша предметтерди тандоого мүмкүнчүлүк пайда болду.

Басып алуучулук доорундагы ислам дүйнөсүндө бо-луп өткөн бардык укмуштуудай өзгөрүүлөрдүн ичи-нен, диний билим берүү аз же таптакыр эле колдо-богон мамлекеттик светтик мектептердин түзүлүшүн жана пайда болуусун киргизген жана түрткү болгон билим берүү системасына тийген таасирден өткөн ма-анилүү жана олуттуу нерсе болгон жок. Экинчи жолку дайындоодо каттоо формалдык түрдө, жашына карай жана жынысына карабастан жүргүзүлгөн, ал эми кыз-маттан жогорулоо жеке Балдарга билим берүү били-мине эмес, сынактардан алган бааларына жана убакыт аралыгынын кѳрсѳтүлүүсүнѳ негизделген. Бул ѳзүнчѳ элиталык класстын пайда болуусуна алып келген деп мүнөздөгөн.

Абдуллах Смиттин жарыкка чыкпай калган отчету-на шилтеме жасап, Сулейман бул классты эрежелер-ди карманган мусулман, бирок батыштын маданияты алардын ойлонуу образына жана жашоо образына таасирин тийгизет, ошондой эле ал элиталык таптын мүчөлөрү азыркы күнгө чейин жетекчи кызматтарды аркалап келишкенин белгилеген.

Бирок, бул мектептерде жалаң гана элитанын бал-дары билим алган эмес, ошондой эле билим берүү процессинде ушундай эле натыйжалар менен жу-мушчулар да иштешкен. заманбапташууга умтулган

Page 22: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

21

жергиликтүү жетекчилер - Ирандын шахы, Египет-тен Мохаммед Али жана Түркиядан Ататүрк окутуу-нун жаңы түрүн билим берүүнүн эң мыкты ыкмасы катары эсептеп, чоң кубаныч менен кабыл алышкан. Аль-Фаруки аны жана анын философиялык божомол-дорун кызыгуу менен кабыл алгандарды төмөнкүчө сүрөттөгөн:

“Алар реалдуулукка болгон бүтүндөй көз караштын аспекттери болгон жадагалса табигый илимдер, ко-омдук илимдер, гуманитардык илимдер да исламдын көз карашына өөн болгондугун так түшүнүшкөн эмес. Алар ошол эле учурда мыкты аталган дисциплиналар-дын методологияларын, алардын чындык менен би-лим жөнүндө элестетүүлөрүн бөлөк планетанын дүй-нөсүнүн баалуулук системалары менен байланыштыр-ган мамилелер зарыл экендиги жөнүндө терең билиш-кен эмес”.

Уильям Бойд, батыш билим берүүсүнүн тарыхчысы “европалык эместер батыш билим берүүсүн “туруктуу жана универсалдуу” колдонмо катары кабыл алганды-гы үчүн муну чын дилинен укмуштуудай деп атаган.

Басып алуучулук доор формалдуу түрдө аягына жет-кенде, бүткүл дүйнө жүзүндөгү билим берүү кескин түрдө жана чындыгында кайталангыс болуп өзгөрдү. Азыркы кезде светтик гуманисттик көз караштар мамлекеттик жана жалпы билим берүү мектептерде үстөмдүк кылат, ал эми диний мектептер болсо жа-лаң гана “уламаларды” даярдашат. Элитанын балдары дагы деле өзгөчө, жеке, чет элдик же, мындайча ай-

Page 23: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

22

тканда эл аралык мектептерде билим алууну уланты-шууда, алар бул жерлерде ой жүгүртүү образына ма-териалисттик мамиле жасоого үйрөнүшөт. Чындыгын-да, бүгүнкү күндө адатта мусулмандардын исламдын эрежелерин үйрөнүүчү дин бөлүгүндө алар светтик гуманисттик дүйнө көрүнүшүнүн кууш түрүндө ой-лонууну жана өзүн алып жүрүүнү үйрөнүүнү уланты-шууда. Аль - Фаруки жыйынтыкты өнүккөн дүйнөнүн заманбап үлгүсүнө жөнөкөй азил катары сүрөттөгөн, мусулман дүйнөсүндөгү секулярдык билим берүүнүн эки доорунда да Батыштын чыгармачылыгына жана артыкчылыгына жооп берген бир да билим берүү мекемеси, бир да илимпоздордун мууну жок болгон-дугун жарыялаган: “рухсуз чыныгы билимди издөө-гө мүмкүн эмес жана батыштын руху - бул таптакыр көчүрүп алууга мүмкүн эмес нерсе. Ал жашоого жана реалдуулукка болгон өзүнүн жеке көз карашы менен жаралган.”

Медреселер жана батыштын накта светтик система-лары жалаң эле мусулмандар басымдуулук кылган өл-көлөрдө эмес, ошондой эле мусулмандар жайгашкан бардык жерлерде бирге чогуу иштеп келүүдө. Балдар-ды мектеп убактысында идеялардын жана баалуулук-тардын бир топтомуна үйрөтүп, башкасына сабактан кийин, кечки программаларда же дем алыш күндөрү үйрөткөнү үчүн жаштар бул билимдерден адашып калышы ыктымал.

Толук мектеп убактысы менен окуткан медреселер-деги жаңычыл аалымдар заманбап билимдер дүй-нөлүк жетишкендиктерге зарыл экендигине тынч-сыздануу менен өздөрүнүн салттуу тексттери жана

Page 24: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

23

трактаттарына карама-каршы келген ушул эле светтик кошундуларды кабыл алышты, алардын ою боюнча, “интеграция” термини жалаң эле “светтик” жана “ди-ний” предметтер бир эле мекемеде сунушталат деген түшүнүктү берет. Ислам билимин “заманбап” билим-ден алыстаткан карама-каршы жана ачык айкын бутак-тануу бар деген ой пайда болот. Бул карама-каршылык программанын бир бөлүгү окутуу программасына, тексттерге жана диний эмес дүйнөнүн философиялык келечектүүлүгүнө негизделип, экинчи бөлүгү – кара-ма-каршы көз карашка негизделген мектептерде да сакталып келет. Биз балдарыбызга таңуулаганга аракет кылып жаткан нерсе жашоого болгон эки башка тап-такыр карама-каршы көз караш эмес, чындыкты таа-нып билүүнүн жалпыланган түшүнүгү болуусу мүм-күн. Авторитардык мугалимдерден жана тексттерден туюк түрдө алынган фактыларды сактоого негизделген билим берүү ислам негиздерине шайкеш жаштарды жашоого даярдабайт. Бул жогоруда айтылгандын Ку-дайсыз дүйнөдөгү маалымат менен салыштыруусу то-лук жумуш күнү менен камсыз болгон мусулмандар арасында пикир келишпестиктерди күчөтөт, реалдуу-лукка болгон эки карама-каршылык деп эсептешкен көз караштардын бирин тандоого өзүн мажбур сезген биздин жаштардын мойнуна калыстыгы жок түйшүк түшүүдө. Чындык Кудайдан келип чыгат жана биз Анын бизге тартуу кылган тагдырынан жана жашо-онун акыр аягына чейин аны угуудан, баш ийүүдөн, кыймыл аракеттерден жана адилеттүүлүктөн кандай-дыр бир бөлүгүн алып сала албайбыз.

Page 25: БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ - IIIT · жолу жүз же андан ашык жылдардан бери ула-нып келе жаткандыгына карабастан,

Автор билим берүүнү таухиддин (Кудайдын жалгыздыгы, адамзат, билим); фитрахтын (адамзат табиятынын түшүнүгү) негизги принциптеринин жана адамдардын жер бетиндеги Кудайдын элчилеринин (жоопкерчилик жана башкаруучулук) ролунун негизинде изилдейт.

Окуучу окуп жаткан бардык нерсеге бүтүндөй руханий маани бере ала турган натыйжалуу бирдиктүү билим берүү философиясы зарыл. Ал балдарды руханий аң-сезим, адеп-ахлактык жана баалуулуктар, коомдук жоопкерчилик жана тартиптүүлүк жана өзүн-өзү аныктоо, өзүнө ишенүү жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, максат коюу жана умтулуу, ойлонуу жана ыраазычылык сезимдери менен куралдандыруусу зарыл.

Анн Эль – Мослимани ботаника илимдеринин илимий доктору, ислам китептери жана илимий изилдөөчүлүк эмгектердин автору, ардагер Эл агартуучу жана АКШда Сиэтл ислам мектебинин негиздөөчүсү, аталган мектепте кырк жылдан ашуун негиздөөчү директор болуп эмгектенген.

Учурдагы билим берүү системасынын баскан жолу жүз же андан ашык жылдардан бери уланып келе жаткандыгына карабастан, бул система “кайра иштелип чыгууга” өтө муктаж. Өндүрүштүрүлгөн коомдун өнүгүү мезгилинде, билим берүү системасы өзүнчө бир ишкана катары калыптанды, бул ишканада окуучулар фактыларды сиңире албаган чийки продукттун жана чоңураак башка өндүрүштүк биримдикти түзүүчү майда барат бөлүкчөлөрдүн ролун ойноп калышууда. Бул таш боор “функционалдык” билим берүү системасынын катачылыгы - анын окуучуларды азыркы жана келечекте элдердин керектөөлөрүн жана үмүттөрүн актоо үчүн өстүрө албагандыгында. Бул катачылык сөзсүз түрдө коомго жана адамзатка жалпысынан терс таасирин тийгизбей койбойт. Коомчулук эчак өндүрүүчүлүк төңкөрүштүн чегинен чыккан жана адамзаттын билиминин жыйынтыгы интернет аркылуу кеңири жеткиликтүү болгон дүйнөлүк байланыштын дооруна кадам шилтеген. Бул доордо элдер негизинен көбүрөөк маалыматка ээ болуу жана көптөгөн суроолорго жоопторду алууга мүмкүнчүлүгү бар.

IIIT