Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик...

256
a centre for security, development and the rule of law DCAF АЛЬМАНАХ АЛЬМАНАХ №2 №2 Кыргыз Республикасынын кризистик кырдаалдарды тескөөдөгү тажрыйбасы: келечек үчүн сабак Кыргыз Республикасынын кризистик кырдаалдарды тескөөдөгү тажрыйбасы: келечек үчүн сабак Аида Алымбаева менен Тодор Тагаревдин редакциясында Кыргыз Республикасынын кризистик кырдаалдарды тескөөдөгү тажрыйбасы

Transcript of Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик...

Page 1: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

a centre for security,development andthe rule of law

DCAF

Женевадагы Куралдуу күчтөргө демократиялык көзөмөл борбору (ККДК) 2000-жылы Швейцариянын өкмөтүнүн демилгеси боюнча түзүлгөн эл аралык фонд болуп саналат. ККДК мамлекеттик башкаруунун натыйжа-луулугун арттырууга жана коопсуздук секторун реформалоого көмөктөшөт. Бул борбор укук маданияты өнүгүп, коомдо укук, мыйзам үстөмдүк кылганда гана тынчтык бекемделерин эске алып, мамлекеттин жана анын жарандарынын көзөмөлүндө туруучу, натыйжалуу жана сарам-жалдуу иштеген коопсуздук секторлорун түзүүгө колдоо көрсөтөт. ККДК бейтараптык, кас эместик, гендерлик жагдайларга этияттык жана жерги-ликтүү уюмдар менен кызматташуу деген принциптерди реформалардын мыйзамдуу (легитимдүү) жана максаттуу жүргүзүлүшүнүн негизи катары жетекчиликке алат. ККДКнын башкы кеңсеси Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан. Бул борбордун туруктуу өкүлчүлүктөрү Бейрутта, Брюсселде, Люблянда, Рамаллахта жана Тунисте ачылган. Анын штатында дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндө иштеген 100дөн ашуун кызматкер бар.

ISBN 978-9967-27-485-3

www.dcaf.ch

a centre for security,development andthe rule of law

DCAF

«Коопсуздук жана коргонуу менеджменти» сериясы № 6.KG

АЛЬМАНАХ АЛЬМАНАХ №2№2

Кыргыз Республикасынын

кризистик кырдаалдарды

тескөөдөгү тажрыйбасы:

келечек үчүн сабак

Кыргыз Республикасынын

кризистик кырдаалдарды

тескөөдөгү тажрыйбасы:

келечек үчүн сабакАида Алымбаева менен Тодор Тагаревдин редакциясында

Кы

ргы

з Р

есп

убл

ик

асы

ны

н к

ри

зист

ик

кы

рд

аал

дар

ды

тес

көө

дө

гү т

аж

ры

йб

асы

Page 2: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

Альманах № 2:«Кыргыз Республикасынын кризистик кырдаалдарды тескөөдөгү тажрыйбасы: келечек үчүн сабак»

Аида Алымбаева менен Тодор Тагаревдин редакциясында

Женева – Бишкек – Рига – София, 2014

Page 3: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

Женевадагы Куралдуу күчтөргө жарандык көзөмөл борбору

www.dcaf.chЖеневадагы Куралдуу күчтөргө демократиялык көзөмөл борбору (ККДК) 2000-жылы Швейцариянын өкмөтүнүн демилгеси боюнча түзүлгөн эл аралык фонд бо-луп саналат. ККДК мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга жана коопсуздук секторун реформалоого көмөктөшөт. Бул борбор укук маданияты өнү-гүп, коомдо укук, мыйзам үстөмдүк кылганда гана тынчтык бекемделерин эске алып, мамлекеттин жана анын жарандарынын көзөмөлүндө туруучу, натыйжа-луу жана сарамжалдуу иштеген коопсуздук секторлорун түзүүгө колдоо көрсөтөт. ККДК бейтараптык, кас эместик, гендерлик жагдайларга этияттык жана жергилик-түү уюмдар менен кызматташуу деген принциптерди реформалардын мыйзам-дуу (легитимдүү) жана максаттуу жүргүзүлүшүнүн негизи катары жетекчиликке алат. ККДКнын башкы кеңсеси Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан. Бул борбордун туруктуу өкүлчүлүктөрү Бейрутта, Брюсселде, Люблянда, Рамаллахта жана Тунисте ачылган. Анын штатында дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндө иштеген 100дөн ашуун кызматкер бар.

«Коопсуздук жана коргонуу менеджменти» сериясы: № 6.KG

11.FR1.UA1.RU

1.ES1.GE1.AM

Hari Bucur-Marcu, Philipp Fluri, and Todor Tagarev (Eds.)Defence Management: An Introduction, 2009Introduction à la gestion de la Défense, 2009Оборонний менеджмент: Ознайомлення, 2010Оборонный менеджмент: Ознакомление, 2011Gestión de la Defensa: Una Introducción, 2013

14

BG.1 Парламентарен контрол над сектора за сигурност: Принципи, механизми и практики, 2009 – Second Bulgarian edition of Parliamentary Oversight of the Security Sector, ed. Hans Born, Philipp Fluri, Anders Johnsson

2

2.UA

Merle Maigre and Philipp Fluri (Eds.)Almanac on Security Sector Governance in Ukraine 2010Альманах урядування в секторі безпеки України 2010

2.RU Альманах по вопросам государственного управления в секторе безопасности Украи-ны 2010

3.RU Построение обороны и безопасности: Сборник материалов Плана партнерских дей-ствий по созданию институтов обороны и безопасности (PAP-DIB) – Russian edition of Defence Institution Building, ed. Wim F. van Eekelen and Philipp H. Fluri

4

4.KG

4.RU

Aida Alymbaeva (Ed.)Almanac 2012: Governing and Reforming Kyrgyzstan’s Security Sector, 2013Альманах 2012: Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусу жана коопсуздук секторун реформалоо, 2013Альманах 2012 года: государственное управление и реформирование сектора безо-пасности Кыргызстана, 2013

5 Todor Tagarev and Georgi Tzvetkov, Relating Defence Policy to Data: Comparative Defence Data Analysis, 2014

Page 4: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

Альманах № 2:«Кыргыз Республикасынын кризистик кырдаалдарды тескөөдөгү тажрыйбасы:

келечек үчүн сабак»

Аида Алымбаева менен Тодор Тагаревдин редакциясында

Женева – Бишкек – Рига – София, 2014

Page 5: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

УДК 351/354

ББК 67.99 (2 Ки)1

К-97

К-97

“Кыргыз Республикасынын кризистик кырдаалдарды тескөөдөгү та-жрыйбасы: келечек үчүн сабак». Альманах №2 / Аида Алымбаева менен Тодор Тагаревдин редакциясында; Женевадагы Куралдуу күчтөргө жарандык көзөмөл борбору жана Болгариянын Илимдер академиясынын Маалымат-катнаш технологиялары институтуна караштуу Коопсуздук жана коргонуу менеджменти борбору, 2014-ж. – Женева - Бишкек - Рига - София: 2015. – 254 бет.

Коопсуздук жана коргонуу менеджменти» сериясы № 6.KG

ISBN 978-9967-27-616-1

Бул басылма Латвия менен Швейцариянын Коргоо министрликтеринин каржылык колдоосу менен даярдалды.

Жыйнакта билдирилген көз караштар авторлордун пикирин чагылдырат, Жене-вадагы Куралдуу күчтөргө жарандык көзөмөл борборунун, ошондой эле Латвия менен Швейцариянын Коргоо министрликтеринин позициясына дал келбеши мүмкүн.

К-1203020200-15 УДК 351/354

ISBN 978-9967-27-616-1 ББК 67.99 (2 Ки)1

© Женевадагы Куралдуу күчтөргө жарандык көзөмөл борбору

Кыргыз тилине которгон Аким Кожоев. Кыргыз тилиндеги тексттин редактору Жол-дош Турдубаев.

Аткаруучу, басып чыгаруучу жана мукабаны жасалгалоочу: «Принтхаус» ЖЧК

Page 6: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

КИРИШ СӨЗ

Мен Кыргызстандын коопсуздук сектору боюнча альманахтын биздин уюм-дун колдоосунда жалаң гана жарандык коом өкүлдөрү иштеп чыккан экинчи басылышына кириш сөздү зор канагаттануу менен жазып жатам. Ал Кыргыз-стандын күч түзүмдөрү тикелей катышкан кризистик кырдаалдарды тескөөдөгү тажрыйбасына арналган. Бул Альманах Кыргызстандын коопсуздук секторун тескөөгө арналган түрмөктүн экинчи чыгарылышы болуп саналат.

Коопсуздук секторунун өкүлдөрү коопсуздукка келтирилүүчү коркунучтарды өздөрү колдонуп келген ыкмага ылайык, өздөрү алгылыктуу деп эсептеген ың-гайда баалайт. Көбүнчө алар кризистик кырдаалдарды тескөө жөнүндө өздөрү билгендей кабар беришет – бул айрыкча демократияны кура баштаган өлкөлөр-гө мүнөздүү.

Бирок, эгер болуп өткөн окуялар жөнүндө сөз кылбасак жана салык төлөгөн жана шайлоочулар болуп саналган карапайым жарандардын коопсуздук жагынан мук-таждыктарын ачык-айкын талкуулабасак, биз кечээкиден сабак ала албайбыз.Бул басылыш Кыргызстандын жарандык коомунун өкүлдөрү даярдаган эмгек экендигин, алар кризистик кырдаалдарды тескөөдөгү тажрыйбаны, коомдук коопсуздукка байланышкан маселелерди түшүнүүгө жана документтештирүүгө, ошондой эле бийликтин кризистик кырдаалдарды тескөө жөндөмүн баалоого ара-кеттеништи. Жарандык коомдун мүдөөсү – келечекте коопсуздук секторун калып-тандыруу жагынан белгилүү роль ойноп, маселелер кандайча келип чыгарын жана аларга башкача кантип жооп кылууга болорун жакшыраак түшүнүүгө салым кошуу.

Бул Альманах Кыргызстандын бийликтерине жана эл аралык коомчулукка КР Өкмөтүнүн алдында кырдаалдык бөлмө ачуу жагынан көмөктөшүү максатында даярдалды. ЕККУ, Франциянын өкмөтү жана Женевадагы Куралдуу күчтөргө жарандык көзөмөл борбору Кыргызстандын бийликтери менен биргеликте кри-зистик кырдаалдарды эртелеп алдын алуу жана он-лайн тескөө мүмкүнчүлүгүн түзүүгө күч-аракет жумшайт.

Альманахтын бул санын чыгарууга Кыргызстандын жарандык коомундагы биздин кесиптештердин умтулуусу эле эмес, Швейцариянын жана Латвиянын «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасына туруктуу берилгендиги, алардын Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташууга өзгөчө кызыкдарлыгы да мүм-күндүк бергендигин айта кетүү зарыл. Альманахтын үч тилде (кыргыз, орус жана англис тилдеринде) жарык көрө турган ушул санын чыгарууга колдоо көрсөткөн-дүгү үчүн Швейцариянын жана Латвиянын Коргоо министрликтерине ыраазылык билдиргим келет.

Ошондой эле кыргызстандык кесиптештерди, ириде бул китепти иштеп чыгуу жана редакциялоо процессин жетектеген Алымбаева Аидага жана аны менен бирге редакторлук кылган Тодор Тагаревге ыраазылык билдирип, куттуктап койгум келет.

Женева, 2014-ж., август.

Филипп Флури, саясий илимдер кандидаты (PhD), ККДК деректиринин орун басары

Page 7: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

МАЗМУНУ

Кириш сөз ...................................................................................... 5

Шарттуу кыскартуулар тизмеси................................................ 7

Киришүү ....................................................................................... 11

1999-2000-жылдардагы Баткен окуялары: сабак жана тыянак ..................................................................... 19

2008-жылдагы Ноокат окуяларынын мисалындагы диний экстремизм ...................................................................... 57

2010-жыл, 7-апрелдеги окуялар: саясий өзгөчө кырдаалды тескөө ..................................................................... 87

2010-жылдагы Ош окуялары: келечек үчүн сабактар ....... 123

Чек аралык чыр-чатактар: Кыргыз Республикасынын баш-ка мамлекеттер менен чектеш мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатактарга сереп ............................................................. 151

Жер титирөө коркунучтарын тескөөдөгү Кыргызстандын тажрыйбасы: 2008-жылдагы Нурадагы (Алай) жер титирөө .............................................................................. 191

Редакторлордун жана авторлордун кыскача өмүр баяндары ................................................................................. 249

Page 8: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

ШАРТТУУ КЫСКАРТУУЛАР ТИЗМЕСИ

ААЖИ - Атайын алдын алуу жана жок кылуу иш-чаралары

АББ - атайын багыттагы башкармалык

АКШ - Америка Кошмо Штаттары

АТБ - Анти-террордук борбор

АТТ - Аскерлердин түштүк топтолмосу

БАП - Башкаруунун алдыңкы пункту

БМНДК - Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызмат

БӨУ - бейөкмөт уюм

БТО - Бириккен тажик оппозициясы

БУУ - Бириккен Улуттар Уюму

БУУӨП - Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы

БШ - Башкы штаб

ГЭС - Гидроэлектростанция

ЕККУ - Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму

ЖазК - Жазык кодекси

ЖККУ - Жамааттык коопсуздук келишим уюму

ЖКА - жер титирөө күтүлүүчү аймактар

ЖМК - жалпыга маалымдоо каражаттары

ЖС - Жарандык сактануу

ЖС АДКБ - Жарандык сактануу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору

ИИБ - ички иштер башкармалыгы

ИИБ - ички иштер бөлүмү

ИИМ - Ички иштер министрлиги

ИИМ ББ - Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгы

КазР - Казакстан Республикасы

КК - Куралдуу күчтөр

ККК - кайгуул-күзөт кызматы

Page 9: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

КМ - Коргоо министрлиги

КМШ - Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги

КОЖК - КМШга катышкан мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңеши

КР - Кыргыз Республикасы

КР УИА СИ - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту

КТБК - Координация жана тез баалоо командасы

КЧЭ - Курулуш ченемдери жана эрежелери

КЭР - Кытай Эл Республикасы

МА - маалымат агенттиги

МАИ - Мамлекеттик автомобиль инспекциясы

Мамкаттоо - Мамлекеттик каттоо

МСК - Мамлекеттик сакчылык кызматы

МЧК - Мамлекеттик чегара кызматы

МЧКК - Мамлекеттик чек араны коргоо комитети

ӨА - Өкмөт аппараты

ӨИИБА

(ЦАРИИ) - Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттик

ӨИК - Өзбекстан ислам кыймылы

ӨК - өзгөчө кырдаал

ӨКЖКТ - өзгөчө кырдаалга жооп кылуу боюнча координациялык топ

ӨКМ - Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

ӨКМ ӨКБ - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө жана божомолдоо департаменти

ӨР - Өзбекстан Республикасы

ПА - Президенттин аппараты

Page 10: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

РИИБ - райондук ички иштер бөлүмү

СДПК

(КСДП) - Кыргызстан социал-демократиялык партиясы

СССР - Советтик Социалисттик Республикалар Союзу

ТИМ - Тышкы иштер министрлиги

ТКӨА - Техникалык кызматташуу жана өнүгүү агенттиги

ТР - Тажикстан Республикасы

ТТБ - Транзиттик ташуу борбору

УБ - укук коргоо борбору

УКК - Улуттук коопсуздук кызматы

УКМ - Улуттук коопсуздук министрлиги

УКМБ - Улуттук коопсуздук министрлигинин башкармалыгы

УКМК - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет

УОК - Улуттук оппозициялык кыймыл

УӨ - Убактылуу Өкмөт

УСИИ - Улуттук стратегиялык изилдөө институту

УТРК - Улуттук телерадиокорпорация

ФАП - фельдшердик-акушердик пункт

ХТ - Хизб ут-Тахрир

ЧК - чек ара кызматы

ЧУА - ченемдик-укуктук акт

ШКУ - Шанхай кызматташуу уюму

ЫАЖК - Ыкчам аракеттеги жамааттык күчтөр

ЫКК - Ыктыярдуу куткаруу командасы

ЭАБ - Эртелеп алдын алуу борбору

ЭТКФ - «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фонду

Page 11: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)
Page 12: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

КИРИШҮҮ

Аида Алымбаева жана Тодор Тагарев

Демократиялуу өлкөлөрдөгү коопсуздук сектору парламенттик жана жарандык көзөмөл шартында иштейт. Бул көзөмөлдүн негизги максаты – коомдун жана жеке адамдын кызыкчылыктарын натыйжалуу корголушун камсыздоо. Коопсуз-дук секторунун ачык-айкын иштеши, парламент менен жарандык коомго отчет бе-рип турушу бул чөйрөнүн жакшырышына, ошондой эле коомдогу коопсуздук үчүн бөлүнүүчү чектелүү ресурстардын сарамжалдуу пайдаланылышына өбөлгө түзөт.

Демократиялаштыруу процессинде көп өлкөлөр ушул жөнөкөй принциптерди колдонууга аракеттенгенде олуттуу кыйынчылыктарга тушугат.1 Көбүнчө, миса-лы, коопсуздук секторунун өкүлдөрү сөзсүз түрдө жарандык бийликтин үстөмдүгү принцибин карманабыз деп баса белгилешет. Бирок алар парламентте да, бүтүн-дөй жарандык коомдо да Коргоо, Ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар министрлик-теринин, атайын кызматтардын күчтөрү менен каражаттарын өнүктүрүүгө бай-ланышкан урунттуу маселелер боюнча экспертиза жок деп эсептешет. Бул бир жагынан туура, ошондуктан саясий партиялардын, бейөкмөт жана академиялык уюмдардын тийиштүү дареметин өнүктүрүүгө кам көрүү зарыл.

Бул басылма Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, мунун ичинен академиялык чөйрөдөгү, ошондой эле айрым мамлекеттик түзүмдөрдө иштеген кызматкерлердин күч-аракети менен иштелип чыкты. Анын жарык көрүшүнө Же-невадагы Куралдуу күчтөргө демократиялык көзөмөл борбору (ККДК) колдоо көр-сөтүүдө. Мунун максаты – кризистик кырдаалдарды тескөө жаатындагы улуттук тажрыйбаны аңдап билүү, эмне болгондугун, окуялар эмне үчүн жана кандайча болгондугун түшүнүү, чыр-чатактарды тескөөнүн бир катар өңүттөрүн кылдат иликтөө, коопсуздук секторунун түзүмү менен иштешин өркүндөтүүнүн ыктымал жолдорун талкуулоо, ыктымал кризистик кырдаалдарга натыйжалуу жооп кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.2

Буга байланыштуу ККДК 2013-жылы ноябрда коопсуздук чөйрөсүндөгү негизги маселелер менен коркунучтар, Кыргызстанда соңку жыйырма жыл аралыгында болгон эң орчундуу кризистик кырдаалдар жөнүндө жарандык коомдун түркүн өкүлдөрүнүн катышуусунда талкуу өткөрдү.3 Анын жыйынтыгында кыйла толук иликтөө үчүн алты кризис тандап алынды. Ошондо белгиленген изилдөөлөрдүн

1 Бул китепте кризистик кырдаалдарды тескөө принциптерин тыкыр караштыруу максаты коюлган эмес. Кошум-ча маалыматты кар. “States of Emergency,” DCAF Backgrounder series (Geneva: DCAF, October 2005); и Anna Khakee, “Securing Democracy? - A Comparative Analysis of Emergency Powers in Europe” DCAF Policy Papers 30 (Geneva: DCAF, 2009). 2 Бул басылмада чыр-чатак (конфликт) жана кризис сөздөрү маанилеш түшүнүктөр катары колдонулса да, жал-пысынан иликтенип жаткан кырдаалдар кээде өзгөчө кырдаал түшүнүгүнө жакын кризистер катары колдонулат. Анткени алар адамдардын өлүмүнө, ден соолугунун жабыркашына, кыйла чоң материалдык чыгашага жана элдин жашоо-тиричилик шартынын бузулушуна алып келген. Анүстүнө алар кыйла майда чыр-чатактардын чечилбей кала бергендигинен пайда болгон, кайталанма, чыккан кезде мүнөзү боюнча курчуган жана тереңдеп кеткен эле. 3 Бул долбоор Кыргызстандын жарандык коомунун дареметин чыңдоого да багытталган.

Page 13: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

12 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

тыянактары ушул китепте келтирилди. Талдоо үчүн тандаганда эки же андан ашуун коопсуздук органынын жоопкерчилигине караштуу кризистик кырдаалдар-га көңүл бурулгандыгын белгилей кетүү зарыл. Азыркы кездеги кризистер мүнөзү жагынан өтө даана эмес, мындай чыр-чатакты басууга бир нече күч түзүмү тарты-лат, мамлекеттик чегаралар менен да чектелбейт4. Ошондуктан кризис убагында да, чечим кабыл алуу процессинде да ар кайсы түзүмдөр ортосунда маалымат алмашуу, биргелешкен иш-аракеттерди макулдаштыруу, жалпы пландарды коор-динациялоо керек болот5. Авторлордун бул китепке кирген эмгектеринде ушул кыйынчылык чагылдырылган.

Отчеттор тандалган кризистик кырдаалдын, ошондой эле анын себептери жана өбөлгөлөрү жөнүндө басымдуулук кылган пикирдин кыскача сыпаттамасы ме-нен башталат. Ар бир автордон кризистик кырдаалдын тескелишин кылдат талда-ган бөлүмдө төмөндөгүдөй маселелерди караштырууну өтүндүк: эртелеп алдын алуу, тактап айтканда, эртелеп алдын алуу тутуму болгонбу, эгер болбогон бол-со, мунун себеби эмнеде, кризистик кырдаалды болтурбай коюуга аракет жасал-ганбы, эмне үчүн эртелеп алдын алуу жана бөгөт коюу тутуму иштебей калган; ыкчам маалымат, атап айтканда, аны чогултуу, иштетүү, талдоо жана таратуу тутуму процесси, ыкчам берилүүчү анык маалыматтардын булактары жетиштүү беле, кери байланыш жүргүзүлгөнбү; кырдаалды билгендик (ырбап бараткан окуялар жөнүндө бийликтегилердин билген-билбегендигин, окуянын кандай бо-лорун көрө билген-билбегендигин аныктоо үчүн). Авторлордон борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосунда жоопкерчилик так бөлүштүрүл-гөн-бөлүштүрүлбөгөндүгүн, каралып жаткан чыр-чатакты тескөө үчүн жооптуу адам дайындалгандыгын же дайындалбагандыгын, ошол адамга жана башка жо-оптуу жактарга колдо бар ресурстарды пайдалануу жагынан өз алдынча чечим кабыл алуу укугу берилген-берилбегендигин иликтеп, жоопкерчилик маселесин изилдөө талап кылынды.

Анализде жооптуу жактар кризистик таянычтарды колдонуу эрежелери менен планын иштеп чыккан-чыкпагандыгын аныктап, чыр-чатак мезгилиндеги чечим кабыл алуу процессин да чагылдыруу керек эле. Күч колдонулган учурларда буларды аныктоо зарыл болчу: Күч колдонуу боюнча чечимдер түшүнүктүү ту-юнтулган беле? Алар кандайча таризделген (мис., мыйзам же буйрук түрүндө)? Аскерлер жана башка жакшы үйрөтүлгөн бөлүмчөлөр тартылган беле? Күч колдо-нууга көзөмөл натыйжалуу жүргүзүлгөн беле? Кызматташтык жана координация критерийи боюнча төмөндөгүлөрдү аныктоо керек эле: кайсы бейөкмөт авторлор (БӨУ, ыктыярчылар, эл аралык уюмдар, бизнес компаниялар ж.б.у.с.) кризисти чектөөгө катышты? Алар менен иштешүүнүн жана координациялашуунун че-немдер, жол-жоболор, макулдашуулар, катнаш каналдары сыяктуу жолдору бар беле? Бул жана башка убактылуу механизмдер алар менен маалыматты натый-жалуу алмашууну камсыздай алдыбы? Кризисти басууда бейөкмөт авторлордун салымы кандай болду?

Катнаш маселесин иликтегенде, авторлордон кабыл алынган чечимдердин та-4 Караңыз, мис., Bengt Sundelius, “A Brief on Embedded Societal Security,” Information & Security: An International Journal, vol.17 (2005), 23-37, http://dx.doi.org/10.11610/isij.1702. 5 Velizar Shalamanov, et. al., “Civil Security: Architectural Approach in Emergency Management Transformation,” Information & Security: An International Journal, vol.17 (2005), 75-101, http://dx.doi.org/10.11610/isij.1706. Todor Tagarev, “Capabilities-Based Planning for Security Sector Transformation,” Information & Security: An International Journal, vol. 24 (2009), 27-35, http://dx.doi.org/10.11610/isij.2404.

Page 14: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

13КИРИШҮҮ

ралышынын алгылыктуулугун, тараптардын бул чечимдерден жана пландардан кабардар болуу даражасын, ошондой эле жергиликтүү калк менен байланыштын жөнгө салынгандыгын аныктоо талап кылынган. Чыр-чатактарды тескөөдө логи-стика орчундуу жагдайлардан болгондуктан, мамлекеттик органдардын, мунун ичинен коопсуздук органдарынын кризисти чектөө үчүн зарыл ресурстар (адам, материалдык жана каржылык ресурстар) менен канчалык камсыздалгандыгын, ошондой эле кошумча ресурстарды (мисалы, резервдик күчтөрдү, мамлекеттик камдагы материалдарды) колдонуу зарылдыгы болгон-болбогондугун аныктоо керек эле.

Дагы бир иликтене турган маселе эл аралык мамилелерге тиешелүү. Тактап айтканда, бийликтегилер кризисти жоюу үчүн жардам сурап башка өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга кайрылган-кайрылбагандыгын, кайрылбаган болсо му-нун себептерин аныктоо керек эле. Коомдоштук менен байланыш маселеси боюн-ча төмөндөгүлөрдү тактоо зарыл болчу: кризистик кырдаал жөнүндө коомчулук-ка жетиштүү маалымат берилди беле? Бийликтегилер менен ЖМК (чет өлкөлүк жана жергиликтүү) ортосунда маалымат алмашуу жүргүзүлдү беле? Бийликте-гилер утурлоочу позицияны ээледи беле же кечигип, жарыяланган макалаларга гана жооп кылып турдубу?

Кылдат иликтенүүчү соңку маселе адам укуктарына тиешелүү болчу. Мында та-раптардын адам укуктарын коргоо ченемдерин билген-билбегендигин, ал ченем-дерди жетекчиликке алган-албагандыгын, алардын аткарылышына көзөмөл на-тыйжалуу жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөндүгүн аныктоо талап кылынган.

Жогоруда санап көрсөтүлгөн маселелерден тышкары авторлор коопсуздук ор-гандарынын жана башка тартылган мамлекеттик түзүмдөрдүн өзгөчө кырдаал-дарга даярдык деңгээлин, кайсы тараптар кризистик кырдаалды жоюуга натый-жалуу катыша алмактыгын, кайсы жагдайлар чыр-чатакты токтотууга орчундуу таасир эткендигин, ошондой эле Кыргызстанда болгон башка ошондой кризистик кырдаалдарга салыштырганда, кайсы өзгөчөлүктөрүн бөлүп кароо керектигин аныктоо зарыл болчу.

Чындыгында, мурда болгон кризистер кийинки окшош кырдаалдарга жакшыраак даярданууга сабак болушу мүмкүн. Бирок бул үчүн мамлекеттик органдар, му-нун ичинен коопсуздук сектору өткөндөгү тажрыйбаны терең талдап, кризистик кырдаалдарды тескөөнү өркүндөтүү максатында колдонушу керек. Дал ушул ыңгайда ой жүгүртүп, авторлор каралып жаткан жана башка окшош кризистик кырдаалдардан алынган сабактарды аныктоого, чыр-чатакты изилдеп, анын са-бактарын өздөштүрүү жаатында расмий иштер башталган-башталбагандыгын, бул сабактарды коопсуздук сектору, жергиликтүү бийлик жана коомдук уюмдар канчалык тааныгандыгын, алардын өзгөчө кырдаалдарды (ӨК) тескөө иш-чарала-рына камтылган-камтылбагандыгын, кайсы сабактар ӨКга даярдануу пландарын түзүүдө эске алынбай калгандыгын тактоого аракеттеништи.

Акырында, биз авторлордон ченемдик-укуктук актыларды, ыкчам иштерди жак-шыртуу, уюштуруу жана материалдык-техникалык чараларды өркүндөтүү боюнча өздөрүнүн сунуштарын тариздөөнү өтүндүк.

Албетте, авторлордун баары эле бул суроолордун баарына толук жооп бере алышкан жок. Буга негизинен ачык маалыматтын жетишсиздиги, кризис мезги-

Page 15: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

14 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

линдеги бийликтин тигил же бул иш-аракеттери жөнүндө пикир айтуудан айрым мамлекеттик кызматкерлердин тартынгандыгы, ошондой эле талдоо үчүн бөлүн-гөн убакыттын тардыгы себеп болду. Анткени ушул иштердин жыйынтыктарын багыттоо мерчемделип жаткан жана ачылышына ККДК колдоо көрсөтүп жаткан кырдаалдык бөлмөнү эртерээк иштете баштоо керек эле. Бирок биз кризистик кырдаалдарды алардын тескелиши жагынан изилдөөгө аракеттенгендиги үчүн авторлорго таң беребиз. Анткени көптөгөн жергиликтүү жана чет өлкөлүк талдоо-чулар бул китепте келтирилген чыр-чатактарды алардын келип чыгышы, өнүгүшү, тараптардын тартылгандыгы, кесепетинин чоңдугу, келечекте кайталануу мүмкүн-чүлүгү боюнча изилдешкен.

Бул китепте тиби, мезгили жана масштабы боюнча ар түрдүү болгон, жогоруда айтылгандай, чечилишине эки же андан ашуун коопсуздук органы катышкан кри-зистик кырдаалдар караштырылды. Китеп 1999-2000-жылдардагы Баткен окуя-лары жөнүндө отчет менен башталат. Авторлор Мурат Бейшенов жана Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет ислам экстремисттеринен турган бандиттик түзүмдөрдүн тышкарыдан бастырып киргендиги, бул окуя ошол кездеги саясий төбөлдөр үчүн күтүүсүз болгондугун кеңири баяндашат. Макала-да ошол тышкы интервенцияга Куралдуу Күчтөрдүн даярдык деңгээли талданат, кризисти жоюуга кедерги болуп, согуш операцияларын создуктуруп жиберген, көптөгөн адамдарды, биринчи кезекте коопсуздук секторунун кызматкерлеринин бөөдө өлүмгө учураткан жагдайлар иликтенет. Баткен окуялары 15 жыл мурун болуп өтсө да, региондогу окуяларга, биринчи кезекте Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу тескөөнүн тышкы интервенцияга тиешелүү айрым маселелери дагы эле орчундуу бойдон кала берүүдө.

Экинчи макала 2008-жылы Ноокатта болгон, укук коргоо органдары диний экс-тремизмге байланыштуу деп эсептеген окуяларга арналат. Автор Икбалжан Мирсайитов өз эмгегинде кризисти чектөө жагынан күч түзүмдөрүнүн иш-аракет-терин толук сыпаттап, чыр-чатакты тескөөнүн дээрлик бардык өңүттөрүн жана элементтерин камтууга жетишти. Макаланын дагы бир артыкчылыгы, бул чыр-ча-так тууралуу, айрыкча анын тескелиши жөнүндө саналуу эле талдоочулар жазыш-кан, ал эми мында окуянын изилдене элек өңүттөрү талдоого алынган.

Бул китепте андан ары 2010-жылдагы апрель окуяларындагы саясий өзгөчө кырдаалды тескөө тажрыйбасы иликтенет. Бул окуя жергиликтүү жана чет өлкөлүк изилдөөчүлөр тарабынан кыйла кеңири чагылдырылган. Бирок Эмил Жураевдин эмгенинин артыкчылыгы – автордун түрдүү маалымат булактарын пайдалануу менен, кырдаалды тескөө боюнча бийликтин көргөн чараларын ар тараптуу, ка-лыс жана терең талдоого алып, массалык каршылыкты жөнгө салууда колдон кеткен мүмкүнчүлүктөрдү, мунун айынан кан төгүлгөндүгүн, демонстрациянын башкарылбас процесске кандайча өтүшүп кеткендигин сыпаттай билгендигинде турат.

2010-жылдагы июнь окуяларына арналган макалада Кыргызстандын түштүгүндө кайрадан от алган улут аралык чыр-чатакты алдын алуу жана басуу ишиндеги жергиликтүү бийлик органдарынын, Убактылуу Өкмөттүн, коопсуздук органда-рынын иш-аракеттерине баа берилет. Авторлор Асел Мурзакулова жана Абди-раим Жорокулов чыр-чатакты тескөө элементтеринин кеңири топтомун иликтеп, чыр-чатакты басуу процессин толук жана терең талдоого жетишкен. Алар ошон-

Page 16: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

15КИРИШҮҮ

дой эле азыркы кезде да орчундуу бойдон калган сабак алуу маселелерине да өзгөчө көңүл бурушту.

Чегара танабындаы чыр-чатактар Саламат Аламанов менен Айнура Үмөталиева-нын макаласында талдоого алынды. Авторлор Кыргызстан менен кошуна мамле-кеттердин ортосундагы чегараларда, тактап айтканда, Өзбекстан Республикасы-нын Сох анклавына жана Тажикстан Республикасынын Ворух анклавына жакын аймактарда тез-тез болуп туруучу чыр-чатактарды кылдат талдашкан. Ушул эки аймакта болуп жаткан чатактар алардын тескелиши жагынан атайын иликтен-ди, булардан чегара танабындагы чыр-чатактардын алдын алуу, тийиштүү жооп кылуу жана жөнгө салуу боюнча эки башка жагдайды көрүүгө болот. Авторлор ошондой эле мыйзамдарды өзгөртүү, ыкчам ишмердикти жана ыкчам жол-жобо-лорду өркүндөтүү, мамлекеттик кызматкерлердин дареметин арттыруу боюнча сунуштарга өзгөчө көңүл бурушту.

Китеп 2008-жылы Алай районунун Нура айылында болгон жер титирөө учурун-дагы кризисти тескөө жөнүндөгү макала менен аяктайт. Кыргызстандын гео-графиялык абалына байланыштуу, табигый кырсыктар өлкө жарандарынын коопсуздугуна зор коркунуч туудурат. Жер титирөө бул кырсыктардын божомол-донушу кыйын, эң коркунучтуусу болуп саналат. Жергалбек Укашев жана Чынара Бербаева Нурадагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу тажрыйбасын ар та-раптуу жана даана талдоо үчүн маалыматтарды чогултуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин иш-аракеттерин хронологиялык өңүттөн иликтешти. Авторлор-дун жарандык сактануу боюнча мамлекеттик тутумду өркүндөтүү, жер титирөө жана башка табигый кырсыктарды тескөө ишинин натыйжалуулугун арттыруу бо-юнча берген практикалык сунуштары да мактоого арзыйт.

Авторлордун дээрлик баары өз эмгектеринде кризистик кырдаалдарды тескөө ту-тумунун көп тогоолору жана бөлүктөрү кароого алынган чыр-чатактарды алдын алуу жана басуу жагынан натыйжалуу иштебегендигин белгилешет. Айрыкча мам-лекеттик башкаруудагы эртелеп алдын алуу тутуму сарамжалдуу иштетилбеген, айрым учурларда такыр эле жок болгон. Маалыматтарды ырааттуу чогултуу жана талдоо, кырдаалды мониторингдөө, сунуштарды иштеп чыгуу, коркунучту баа-лоо6 сыяктуу өңүттөрү боло турган эртелеп алдын алуу тутуму (ЭАТ) жергилик-түү жана мамлекеттик органдардын ишмердигинде бүтүн, шайкеш камтылбаган, өзүнчө багыт катары болгон эмес. Мунун айрым элементтери, мисалы, маалымат чогултуу жана иштетүү иши, мамлекеттик башкаруу тутумунда ЭАТтын бөлүгү катары эмес, башка ыкчам милдеттердин курамында иштейт. Анүстүнө маалы-мат чогултуу жана иштетүү көбүнчө ыраатсыз, чаржайыт жүргүзүлөт. Андыктан авторлор ЭАТ кризисти тескөө тутумунун биринчи өксүк жагы экендигин баса белгилешет. Алар ошондой эле эл аралык уюмдар эртелеп алдын алуу тутумун өлкөнүн чыр-чатактуу райондорунда ишке киргизүүгө аракет кылышкандыгын, би-рок буга мамлекеттик органдар кайдыгер карап койгондуктан, сүрөөнчүлөр менен бейөкмөт уюмдар баштаган алгачкы иштер андан ары улантылбай, өнүктүрүлбөй кала бергендигин да көрсөтүшөт.

Биринчи кезекте чыр-чатактын жышаандарын, белгилерин аныктоого багыттал-ган эртелеп алдын алуу тутуму бар болсо, айрым трагедиялуу окуяларды бол-

6 Александр Остин, Раннее предупреждение и мониторинг конфликтов. Бул сайтта: www.berghof-handbook.net/documents/publications/russian_austin_handbook.pdf.

Page 17: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

16 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

турбай коюу же кесепетин азайтуу мүмкүн эле. Буга байланыштуу көп авторлор коркунучту талдоо, өлкө жетекчилери үчүн сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ал органдардын маалыматтарын борборлоштурулган түрдө кырдаалдык бөлмө-гө түшкүдөй кылып эртелеп алдын алуунун улуттук тутумун түзүп, анын ишине жергиликтүү да, борбордук да бийлик органдарын тартууну сунушташууда. Кыр-даалдык бөлмөнү кризистик кырдаалдарды тескөө, кырдаалдарды көзөмөлдөө, мониторингдөө жана божомолдоо, чыр-чатактарды алдын алууга, жооп кылууга жана жоюуга багытталган процесстерди маалымат-талдоо жагынан камсыздоо, ошондой эле кризистерди тескөөгө байланышкан чечимдерди даярдоо боюнча жамааттык координациялоочу орган катары түзүүгө болор эле.

Албетте, чыр-чатак чыкканда окуянын өөрчүү процессин коопсуздук сектору жана бул ишке тартылган мамлекеттик башка түзүмдөр толугу менен көзөмөлдөй ал-байт. Ошентсе да коопсуздук органдарынын жана башка мамлекеттик органдар-дын өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээли, кризистик кырдаалды тескөөдөгү аны жөнгө салуу боюнча шашылыш иш-аракеттердин бирдиктүү планын иштеп чыгуу сыяктуу зарыл көндүмдөрдүн барлыгы, ошондой эле мамлекеттик органдардын ортосундагы координациялоочу ишеничтүү механизм чыр-чатакты басаңдатууга жана тезирээк чечүүгө мүмкүндүк берет. Бул жагынан алганда, көпчүлүк автор-лордун эмгектеринде чыр-чатактарды тескөө жагынан жергиликтүү жана мамле-кеттик органдардын ортосундагы координациянын начардыгы негизги кемчилик катары көрсөтүлөт. Көбүнчө айылдык, шаардык жана райондук деңгээлдердеги жетекчилер чыр-чатакты чечүү боюнча демилгени колго алууга жөндөмсүз. Алар өз алдынча чечим кабыл алгандын ордуна борбордук бийликтин чечимин күткөн-дү туура көрүшөт. Убакыт жана мүмкүнчүлүк колдон кеткен соң чыр-чатак ого бе-тер ырбап, кеңири кулач жая берет.

Ушул жагдайды өзгөртүү максатында авторлор ченемдик-укуктук актыларды кайра иштеп чыгууну, тийиштүү механизмдерди даярдоону, жергиликтүү бийлик органдарынын макамын, ролун жогорулатууну жана жоопкерчилигин күчөтүүнү, алардын өзгөчө кырдаал чыккан учурдагы иштөө тартибин кылдат тактап чы-гууну сунушташат. Булар менен катар жергиликтүү органдардын чыр-чатактарды тескөө дареметин арттыруу, мисалы, алардын чыр-чатактуу кырдаалдарды тал-доо, байкоо, божомолдоо жана алдын алуу, ошондой эле сүйлөшүү жана чатакты чечүү боюнча билгилигин жакшыртуу да сунуш кылынат.

Авторлор борбордук деңгээлде ар кайсы булактардын келип түшүүчү маалымат-тарды иштетүү, аны чечим кабыл алуучу жактарга (көбүнчө – өлкө жетекчилери-не) жеткирип туруу, чечимдин өзүн кабыл алуу процесси да кеч калма мүнөздө экендигин баса белгилешет. Демек, кабыл алынган чечимдердин көбү окуянын өнүгүү ылдамдыгына дегеле караандабай кала берет. Бул кемчиликтер өзгөчө кырдаалдарда ырааттуу, уюшкан түрдө чечим кабыл алуу усулунун жоктугунан, ошондой эле ар кайсы мамлекеттик түзүмдөрдүн ийкемдүү иштеше албаганды-гынан кабар берет. Авторлор бул маселени чечүү үчүн да чыр-чатактарга байла-нышкан маалыматтарды иштетүүгө, ошондой эле чатакты жөнгө салуу боюнча долбоорлорду даярдоого жооптуу бирдиктүү орган катары кырдаалдык бөлмөнү ачууну сунушташат.

Чыр-чатактарды тескөөдөгү дагы бир өксүк кризистик кырдаалдарды тескөө үчүн коопсуздук органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын айрыкча мате-

Page 18: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

17КИРИШҮҮ

риалдык жана каржылык жактан начар камсыздалгандыгына байланышкан. Ай-рым учурларда коопсуздук сектору жана чыр-чатактарды басууга тартылган баш-ка күчтөр материалдык-техникалык жактан начар камсыздалгандыктан жигердүү жана натыйжалуу иштей албай калат. Ошондуктан авторлор ӨКга карата туруктуу ресурстук база түзүүнү, жашоодогу зарыл 10 азыктын негизинде мамлекеттик кам тизмесине киргизиле турган азыктар менен товарлардын санын арттыруу-ну, ошондой эле башка товарларды ар бир региондон 200 миң кишиге жеткидей кылып камдоону сунушташат.

Кризистик кырдаалдар пайда болгон кезде бийлик көбүнчө озунуп иштебестен, чет өлкөлүк жана жергиликтүү ЖМКларда жарыяланган билдирүүлөргө гана жооп кылып отуруп алганда, окуяларды чагылдыруу да кыйындайт. Чыр-чатак кошу-на өлкөлөрдүн да кызыкчылыктарына тиешелүү болгондо, Кыргызстандын эл аралык абалына коркунуч туулат да, жергиликтүү эле маанидеги чыр-чатактар апыртылып, жөнү жок, каралоочу жана карама-каршылыктуу мүнөзгө ээ болот. Мындай жагдай жарандардын мамлекеттик органдарга ишенбестигин күчөтүп, чыр-чатактан кийинки калыбына келтирүү процессине да тоскоолдук жаратат. Ошондуктан авторлор көз карандысыз улуттук маалымат саясатын жүргүзүүнү, ошондой эле ӨКга карата медиа саясатын иштеп чыгууну сунушташат.

Айрым авторлор кризистик кырдаалдарды чечүүдөгү жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын оң таасирин белгилешти. Алардын кээ бир чыр-чатактар учурунда ресурстарды, гуманитардык жардамды бөлүштүрүү, маалымат берүү, данакерлик (арачылык) кызматын көрсөтүү жагынан иш-аракеттери чатактын кесепетин азай-тууга өбөлгө түзгөн.

Кыргызстан дагы эле өткөөл мезгилди баштан кечирип жаткан мамлекет болуп са-налат. Азыр бийлик институттары, ошондой эле коомдук уюмдар таасирдүү, турук-туу түзүмдөр болуп калыптана элек. Дал ушундай абалдагы өлкөлөрдө чыр-чатак, каатчылык көп болору белгилүү. Бул китептин редакторлору жана авторлору ушул басылма кризистик көрүнүштөрдү алдын алуу жана чектөө жагынан мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардар үчүн пайдалуу каражат болот деп үмүттөнөт.

Page 19: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)
Page 20: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫ: САБАК ЖАНА ТЫЯНАК

Мурат Бейшенов, Кайрат Осмоналиев

Кыскача сереп

2014-жылы августта Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Баткен райо-нунун7 аймагына ислам экстремисттеринин радикалдуу бөлүгүнүн бандиттик түзүмдөрүнүн бастырып киргендигине жана аларды Кыргыз Республикасынын Ку-ралдуу күчтөрү, аскердик түзүмдөрү (мындан ары – башка аскерлери) жана укук коргоо органдары тарабынан тосуу, чектөө жана сүрүп чыгаруу боюнча атайын операциялардын жүргүзүлгөндүгүнө 15 жыл толот. Ал коогалаң 1999-2000-жыл-дардагы Баткен окуялары (мындан ары – Баткен окуялары) деп аталып калды.

Баткен окуялары эгемен Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында өлкөнүн аймак-тыгын бүтүндүгүн жана коопсуздугун тышкы коркунучтан коргоо үчүн Куралдуу Күчтөр колдонулган алгачкы мисал болду. Бул окуялар дүйнөлүк жана улуттук жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылып, ааламдык, регион-дук жана улуттук саясат менен мамлекет аралык мамилелердин чордонундагы талкууга алынган.

Баткен окуялары республика ошол кездеги улуттук коопсуздук тутумунун бекем-дигин, Куралдуу күчтөрүнүн, ошондой эле буга окшогон өзгөчө кырдаалдарда кол-донулуучу мамлекеттик башка органдардын салгылашууга даярдыгын сынады.

Андан бери кыйла мезгил өтсө да, атайын операциялардын натыйжалуулугу азыркыга чейин түрдүүчө бааланып келет. Көбүнчө негизинен терс баа берилүүдө.

Бул изилдөөдө төмөнкү суроолорго жооп берүүгө аракет жасалды: эмне үчүн 1999-жылы августта бандиттик түзүмдөрдүн мизин кайтарууга улуттук коопсуздук тутуму бүт бойдон жана мунун ичинен Куралдуу Күчтөр анча даяр эмес эле? Эмне үчүн туруктуу аскерлер жоочуларга каршы операцияларга тартылды жана өл-көдө террорго каршы атайын даярдалган бөлүмчөлөр жок эле? Күч түзүмдөрүнүн ичинен кимиси бандиттик түзүмдөрдү курчап жок кылуу операциясын жүзөгө ашырууга тийиш эле? Ошол кезде алардын ортосундагы иш-милдеттер кандай бөлүштүрүлүп, өз ара иштешүүсү кандай уюштурулган эле? Эмне үчүн өздүк ку-рамдын, биринчи кезекте, офицерлердин кесипкөй даярдыгы партизандык күрөш усулун колдонгон бандиттик түзүмдөргө каршы күжүрмөн аракеттерди жүргүзүү талаптарына шайкеш эмес эле? Эмне үчүн аскерлер террорго каршы бийик то-

7 Азыркы Баткен облусу. 1999-жылы 13-октябрда Ош облусунан бөлүнүп түзүлгөн. Баткен облусу өлкөнүн түштүк-батыш тарабында жайгашкан; анын чегараларынын ¾ бөлүгү эл аралык болуп саналат. Облус түштүктөн, батыштан жана түндүк-батыштан Тажикстанга, түндүктөн Өзбекстанга, чыгыштан Ош облусуна чектеш. Облустун аянты 17 000 км² же Кыргызстандын аймагынын 8,5 %ын түзөт. Баткен облусу – Кыргызстандын эң татаал геоса-ясий региону. Ушул гана облустун аймагында кошуна мамлекеттердин анклавдары жайгашкан: Өзбекстандыкы – Жангал, Сох району, Чоң-Гара жана Шахимардан; Тажикстандыкы – Ворух жана Батыш Калача.

Page 21: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

20 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

олуу шартта жана түнкүсүн күрөш жүргүзүү үчүн атайын курал-жарак жана жаб-дуулар менен, чалгындоо, байланыш жагынан заманбап инженердик каражаттар камсыздалбаган эле? Кайсы катачылыктар салгылашууларда чоң жоготууларга жана адамдардын барымдага түшүп калуусуна себеп болгон эле? Акырында, Бат-кен окуяларынан кандай сабак алынып, тыянак чыгарылды? Аскер курулушуна, коргонуу жана улуттук коопсуздук жаатындагы мамлекеттик саясатка, уюштуруу-чулук-штаттык түзүмүнө жана аскердик башкаруу органдарын жана аскерлерди даярдоого кайсы өзгөртүүлөр?

«Баткен окуялары кайталанышы мүмкүнбү?» деген суроо да кыйла орчундуу. Ооганстандан Эл аралык коопсуздук күчтөрү чыгарылып, талибан кыймылынын жана исламчылардын радикалдуу маанайдагы бөлүгүнүн таасири артып бараткан шартта Борбордук Азияда саясий кырдаал татаалдашып кетиши толук ыктымал.

Андыктан авторлор колдо бар эксперттик баалоолорду талдоонун негизинде Бат-кен окуяларындай кырдаалдар кайталанганда келип чыгышы мүмкүн болгон ык-тымал терс жагдайлардын алдын алуу боюнча нускамаларды сунушташты.

Киришүү

Кыргыз Республикасынын (КРнын) 2013-жылы бекитилген Аскердик доктрина-сында белгиленгендей, ар кайсы региондордогу, айрыкча Жакынкы Чыгыштагы жана Ооганстандагы окуялардын канчалык кеңири тараларын да, кесепети кан-дай болорун да так айтуу кыйын. Борбордук Азия регионунда эл аралык террор-чулук, экстремизм жана жикчилдиктин кайра жандануу коркунучу сакталууда. Бул багыттагы түзүмдөр каршылашуу шарттарына ыкчам ыңгайлашып, бүлдүрүү иштерин жүргүзүүдө жаңы тактиканы жана жаңы техниканы колдонууга колдонуу-га жөндөмдүү.8 Аскердик доктринага камтылган бул божомолдор жана тыянактар көп жагынан он беш жыл мурда болуп өткөн Баткен окуяларынын сабактары ме-нен шартталган.

Ошол эле учурда жалпы коомчулук үчүн Баткен окуяларынын көптөгөн жагдайла-ры тарыхтагы «ак тактар» бойдон калууда, анткени 1999-2000-жылдары Кыргыз-стандын түштүгүнө чет өлкөлүк бандиттик түзүмдөрдүн бастырып киришине жол ачкан жагдайлар жана өбөлгөлөр республикада өз убагында, окуянын изи сууй электе иликтенген жок.

Баткен окуяларына расмий баа берилбей калгандыгы да таң калычтуу. «Жабылуу аякты жабылуу калтырган» бул жосундун себебин атайын изилдөө талап кылынат. Баткен окуяларынын тигил же бул учурлары жөнүндө үзүк-жулук маалыматтар, ка-тышуучулардын айрым эскерүүлөрү, талдоочулардын, эксперттердин жана ЖМК жарыя жазгандары бар. Бирок, тилекке каршы, окуяларды объективдүү, ырааттуу, толук жана калыс чагылдырган изилдөө жана мамлекеттик документ али күнгө чейин даярдала элек.

Бүгүнкү күндө мындай документтер көптөгөн илимий-практикалык, социалдык- укуктук жана башка муктаждыктарга байланыштуу, КРда аскер реформасын 8 Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жыл, 15-июлдагы № 165 Жарлыгы менен бекитилген.

Page 22: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

211999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫ

жүргүзүү, коргонуу жана аскер коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик саясатты аныктоо, мамлекеттик жана аскердик башкаруу органдарын, аскерлерди күжүр-мөн багытына даярдоо, аларды күжүрмөн, каржылык, тылдык жана материал-дык-техникалык камсыздоо ишин уюштуруу жана КР аскердик коопсуздугунан башка жагдайларга да тийиштүү көптөгөн маселелерди чечүү зарылдыгы курч бойдон турат.

Баткен окуялары КРнын эл аралык аброюна, эл аралык аскердик кызматташуунун абалына жана келечегине, биздин өлкөнүн жамааттык коопсуздук тутумдарына катышуусуна, КРнын дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттер менен кош тараптуу кыз-матташтыгынын өнүгүшүнө кандай таасир эткендиги да зор мааниге ээ. КМШнын жамааттык коопсуздук тутуму ошол кезде кандай иштеп жаткан эле? Бандиттик түзүмдөрдүн мизин кайтаруу үчүн Кыргызстанга эл аралык жардам уюштуруу бо-юнча саясий-дипломатиялык кандай чаралар көрүлгөн болчу?

Анан да, эң башкысы, Баткен окуялары бүт бойдон Кыргызстан үчүн жакынкы жана алыскы стратегиялык максат-милдеттерин аныктоо жагынан канчалык мааниге ээ?

Мындан тышкары, төмөндөгүдөй жагдайлар да чоң кызыгууну туудурат: Баткен окуяларынын ар кайсы учурларына болгон коомдук маанайдын жана мамиленин өзгөрүүсү; армия менен коомдун ортосундагы карым-катыштын чыңдалуусу; Бат-кен окуяларынын жүрүшүндө Куралдуу күчтөргө коомчулуктун моралдык колдоо көрсөтүүсү.

Аскер коопсуздугун тескөөнүн мамлекеттик тутумунун эффективдүүлүгүнө, күч министрликтери менен ведомстволорунун, административдик органдардын, жер-гиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара иштешүүсүнө, алардын бандиттик түзүмдөрдү кысып, то-суп, жок кылуу операциясын ар тараптуу камсыздоого байланышкан маселелер боюнча изилдөөлөр да жүргүзүлүшү зарыл.

Жогоруда келтирилген суроолорго жооптор таап, тийиштүү нускамаларды иштеп чыгуу, анан да эң башкысы – аларды иш жүзүнө ашыруу улуттук коопсуздукту талаптагыдай деңгээлде камсыздоого, экстремисттер менен террорчулардын ык-тымал кол салуусунун кесепеттерин азайтууга мүмкүндүк берет.

Page 23: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

22 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Баткен окуяларынын жана 1999-2000-жылы Өз-бекстан ислам кыймылынын (ӨИК) жоочулары бастырып киргендеги каршы туруу маселелеринин кыскача баяндалышы

а) Баткен окуяларынын алдындагы жагдай. Ооганстанда-гы кырдаалдын Борбордук Азия регионундагы геосая-сий абалга таасири.

Баткен окуяларын талдоого киришерден мурун Кыргызстандын түштүгүндө жоо-чулар кирип келгенге чейин Борбордук Азия регионундагы саясий жагдай кандай болгондугун сыпаттоо керек.

1990-жылдарда Түштүк жана Борбордук Азия субрегиондорунда андан кийинки мезгилдеги кырдаалдын өнүгүшүнө таасир тийгизген факторлор топтолуп калган эле. Биринчи кезекте региондогу аскердик-саясий чыңалууну шарттаган таасир булагы болуп 30 жылдан ашуун мезгилден бери Ооганстанда куралдуу кагылыш токтобой келаткандыгы саналат. 1989-жылы 15-февралда Ооганстандан советтик аскер контингенти чыгарылса да, согуш тынчыган жок. СССРдин колдоосуна тая-нып келген Наджибулланын бийлиги кулатылгандан кийин Ооганстандагы жаран-дык тирешүү ого бетер курчуду.

«Бара-бара Ооганстандын ички чыр-чатагы бул өлкөнүн исламдык фундамента-лизм ураандарын көтөргөн агрессиячыл иш-аракеттер үчүн таяныч талаага айла-нышына алып келди. Исламды күч менен кайра жайылтуу постсоветтик Борбордук Азия мейкиндигинде жаңы көрүнүшкө айланды, ал эми муну жайылтуучулардын Ооганстандагы согушкер ислам күчтөрү менен табигый түрдө жуурулушуп кети-ши бул өлкөдөгү жагдайдын Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук коопсуздугуна таптакыр жаңыча таасир этишине жол ачты… 1999-жылдагы Баткен окуялары менен Кыргызстандын чегараларына террорчулардын кол салуусу байланыштуу экендиги даана көрүнүп турат».9 Региондогу өлкөлөр үчүн коркунучту радикал ислам идеологиясын пайдалануучу террорчулук жаратууда. Бул регион Фергана өрөөнүндө Дүйнөлүк ислам халифатынын бөлүгү катары ФАНО10 ислам мамлеке-тин куруу планына кирет.

Ооганстандын президенти Бурханутдин Раббанинин маегинен: «Талибдердин тарабында сырттан келген жоочулар абдан көп. Талибдер өз жоочуларын Паки-станда машыктырып үйрөтөт. «Талибандын» өзүндө мурдагы СССРдин ар кай-сы мамлекеттеринен жана башка өлкөлөрдөн келген адамдар көп. Алар талиб-дерден алдыдагы согуш аракеттери үчүн керектүү даярдыктан өз өлкөлөрүндө өтүшөт. Талибдер Ооганстандын өзүнө да, бүтүндөй Борбордук Азия регионуна да чоң коркунуч туудурган күч деп мен дайыма баса белгилеп келем. Алар чоң со-гуш чыгарууга кызыгат. «Талибдердин» радиосу бүтүндөй регионду Бухара менен

9 Александр Князев. Афганский конфликт и радикальный ислам в Центральной Азии. Сборник документов и материалов. – Бишкек: КРСУ. 2001. С. 3. 10 Бул кыскартылган сөздүн чечмелениши Фергана өрөөнүнө чектеш эң ири шаарлардын аталыштарын билди-рет: Фергана, Анжиян, Наманган жана Ош.

Page 24: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

231999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫ

Самаркандга чейин «боштондукка чыгаруу» ниетин жана буга даярдыгын ачык эле билдирип жатат. Алар бул аймакты өздөрүнүкү деп эсептейт»11.

Ооган талаа командири жана Ооганстандын коргоо министри (1992—1996) Ах-мад Шах Масуддун маегинен: «Бул региондун башка өлкөлөрүнөн да азыр Паки-стандын диний мектептеринде окуп жаткан экстремисттик топтор бар. Пакистан тышкы чалгыны (ISI)12 аларды согуш аракеттерине даярдайт, окутуп-үйрөтүп бүткөндөн соң бул жоочуларды башка өлкөлөргө «экспорттойт». Бизде Тохиржон Юлдаш өзүнүн жоочулары менен Мазар-и-Шарифте, Кабулда жана Пешаварда машыгып жатат деген маалымат бар».13

Талдоочулар диний радикализмдин өзүнчө эле чыга калбастыгын белгилешет. Радикал ислам идеологиясы бара-бара исламдык эмес өлкөлөрдүн геосаясий кызыкчылыгына пайдаланууга ыңгайлуу куралга айланууда. Улам барган сайын Ооганстандагы кырдаалга бүтүндөй региондогу туруктуулукту тикелей көз каран-ды кылган жагдай атайылап түзүлгөн учурлар көп байкалууда. «Башкача айткан-да, Ооганстан Борбордук жана Түштүк Азия, атүгүл Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүнүн улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүчү негизги коркунуч булагы болгон, азыр да ушундай, жакынкы келечекте да ошол бойдон кала берет», - дейт Ооганстан бо-юнча эксперт Александр Князев.14

Дал ошол 1999-жылы Ооганстанда каршылаш тараптар ортосунда согуш аракет-тери кескин күч алган. Бул Ооганстандын Бириккен улуттук боштондук фронтуна талибдер ар тараптан катуу кыр көрсөтө баштагандыгы менен байланыштуу эле.

1999-жылы жайында талибдер Ахмад Шах Масудду анын башкы базасы болгон Пандшевар капчыгайынан сүрүп чыгарууга дагы бир ирет аракет жасашты. Август айындагы Шамоли өрөөнүндө жасалган бастырып кирүү ооган чыр-чатагы жаран-дык согуштун алкагынан эчак эле чыгып кеткендигин дагы бир ирет тастыктады. Бул согуштук иш-аракетке Пакистандын туруктуу армиясы катышты. Дал ушул мезгилде чыр-чатактын интернационалдашуусунун башка бир жагы – Борбордук Азиядагы исламчыларды талибдер колдой тургандыгы – ачыкка чыкты. Кийин-черээк Ахмад Шах Масуд Ооганстандын плацдарм гана экендигин, анткени бул өлкөнүн талибдер көзөмөлдөгөн айрым аймактарында «Өзбекстандын, Кыргыз-стандын, Казакстандын, Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн жарандарын» атайын лагерлерде пакистандык ISI адистештирилген кызматы даярдыктан өткөрүп тура-рын билдирген.15 Бул даярдоонун максаты – Борбордук Азия өлкөлөрүндө кеңи-ри жайылган фундаменталисттик көмүскө кыймылды жаратуу. Бул иш-аракеттер негизинен Индияга, Кытайга жана мусулман калктуу постсоветтик мамлекеттерге каршы багытталган.

11 Александр Князев. История афганской войны 1990-х гг. и превращение Афганистана в источник угроз для Центральной Азии. – Бишкек: КРСУ, 2002. С. 15. 12 Inter-Services Intelligence (ISI) – Пакистандын ведомство аралык чалгыны, бул өлкөнүн тышкы чалгынынын негизги органы 13 Александр Князев. 1990-жж. ооган согушунун тарыхы жана Ооганстандын Борбордук Азия үчүн коркунуч булагына айланышы (История афганской войны 1990-х гг. и превращение Афганистана в источник угроз для Центральной Азии). – Бишкек: КРСУ, 2002. С. 17. 14 Александр Князев. Афганистан как источник религиозного экстремизма и терроризма. - Бишкек, 2000. С. 5. 15 Александр Князев. История афганской войны 1990-х гг. и превращение Афганистана в источник угроз для Центральной Азии. – Бишкек: КРСУ, 2002.

Page 25: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

24 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

1999-жылы 19-20-июлда өткөрүлгөн ооган аралык кризисти жөнгө салуу боюнча «6+2» формуласында (Иран, Пакистан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөн-стан, плюс Россия жана АКШ) Ооганстандын каршылашкан тараптарынын өкүл-дөрү катышкан сүйлөшүүлөр оңунан чыкпай калды. Өлкө аймагынын 90 пайызын көзөмөлдөгөн талибдер Ооганстанда коалициялык өкмөт түзүүдөн баш тартышты.

«Талибандын» ийгиликтери Өзбекстан ислам кыймылынын (ӨИК)16 жетекчилери болгон Тахир Юлдашев менен Жума Наманганинин Өзбекстанда ислам жихады өтө жай жүрүп жаткандыгына нааразы болушуна түрткү берди. Алар Фергана өрөөнүн «исламдаштырууну» тездетүүнү чечишет. Натыйжада алардын жоочула-ры 1999-2000-жж. Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагына бастырып киришти. Кыргызстандын бекемделбеген түштүк аймагы аркылуу Өзбекстанга карай багыт алган «ӨИК жихадынын» бир жолу ушул тараптан башталды. ӨИК лидерлери «Мекенибизге кайтып барышыбызга Кыргызстан тоскоолдук кылбашы керек» де-ген эле ошондо.17

Эмне үчүн ислам радикалдары Фергана өрөөнүнө мынчалык кызыгып калышты? Анткени Өзбекстандын калкы жыш Фергана, Наманган жана Анжиян облустары, Тажикстандын Ленинабад (Согди) облусу, Кыргызстандын Ош жана жарым-жар-тылай Жалал-Абад жана Баткен облустары камтылган бул өрөөн диний жактан өтө өзгөчө абалда турат. Бул өрөөндүн географиялык, экономикалык жана башка өзгөчөлүктөрү анда соңку он жылдык аралыгында исламдын башкача күч алышын шарттады. 1980-жылдын башынан тартып өрөөндө мыйзамсыз жеке менчик ди-ний мектептердин саны өсө баштайт. 1980-жж. экинчи жарымынан тарта мамле-кеттик көзөмөл начарлап кеткендигине байланыштуу бул борборлор ачыкка чы-гып, мындай окуу жайлардын саны абдан тез арта баштайт. Ошол эле учурда алардын чет өлкөлүк, биринчи кезекте Сауд Аравиясынын мусулман уюмдары менен карым-катышы ургаалдаша берет.

Ошол кезде да, азыр да Борбордук Азияда иш жүргүзүп келген эң уюшкан жана күчтүү уюмдардын бири – бул Ооганстандын талибдер көзөмөлдөгөн аймагында плацдармы бар «Хизб ут-Тахрир» партиясы. Бул партия иш-аракеттин салттуу жана көп ирет сынактан өткөрүлгөн формалары менен усулдарын колдонот. Анын эмиссарлары, үгүт ишинде кеңири колдонулуучу сөзгө абдан туура келгендей, «адамдар менен иш жүргүзүшөт». Фергана өрөөнүндө бул партиянын үгүтчүлөрү 1980-жылдарда эле (башка маалыматтарга ылайык, андан да мурун) иш жүргүзө баштаган. Анын күчтүүлүгү жашыруун иштегендигинде. Бул уюм кадимки тымы-зын кыймылдай (подпольедей) түзүлгөн.

Баткен окуяларында катышкан дагы бир радикал түзүм болуп Өзбекстан ислам кыймылы саналат. АКШ Мамлекеттик департаментинин аныктамасына ылайык, ал эл аралык эң коркунучтуу террорчу уюмдардын сабында турат. ӨИК түзүл-гөндө анын курамына Өзбекстандагы ишмердигин президент Ислам Каримов тыйып салган бир катар ислам уюмдарынын мурдагы активисттери кирген. ӨИК көмүскөгө кетип, анын активисттери өлкөдөн чыгып кетүүнү жана Өзбекстан-

16 Өзбекстан ислам кыймылы — 1996-жылы Өзбекстанда тыюу салынган «Адолат уюшмаси» («Адилет коому»), «Ислам кайра жаралуу партиясы», «Түркстан ислам партиясы», «Ислом лашкарлари» («Ислам жоокерлери») сыяктуу саясий партиялар менен кыймылдардын мүчөлөрү түзгөн исламчыл уюм. Бул кыймылдын саясий жетекчиси болуп Тахир Юлдашев, ал эми аскердик иштер боюнча жетекчиси болуп Жума Ходжиев (Намангани) турган. 17 ӨИКтин Кыргызстан элине жана парламентине кайрылуусу. 2010-жылы 16-августта алынган, №1079.

Page 26: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

251999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫ

га каршы бүлгүнчүл иштерди чектеш мамлекеттердин аймагынан туруп жасай берүүнү туура көрүшкөн.

Ооганстандын аймагында ӨИК жоочулары Мазар-и-Шариф районундагы (Балх провинциясы), Зиярадж (Герат), Жалал-Абад (Нангархар), Жалреза (Вардак), Хост (Партия), Алиабад жана Давр-и-Рабат (Кундуз) шаарларынын калктуу ко-нуштарында жайгашкан машыктыруучу жайларга түшүп турушкан. Пакистандын аймагында өзбек исламчылары Пешаварда жана Пакистандын Пенджабында жайгашкан «Фави», “Саада”, «Мирам-Шах” жана “Варсак” лагерлеринде машы-гышкан. ӨИК жоочулары, алардын ичинен 1999-жылы августта Кыргызстанга бастырып кирген жоочулардын иш-аракетин баштапкы этапта жетектеген талаа командири Абдували Юлдашев (Азиз Хан) машыгуудан өткөн дагы бир нече машыктыруу лагерлери Пакистандын Кветт шаарыннын түндүк-батыш тарапта жана Лахор провинциясынын аймагындагы Райванд шаарынын чет жакасында жайгашкан.

Ооганстан менен Пакистандан тышкары, өзбек исламчылары Ичкерия (Чечен) Республикасынын машыктыруу лагерлеринде Түндүк Кавказдагы өздөрүнүн дин-дештеринин топтогон бай тажрыйбасын да өздөштүрүшкөн. Чеченстандын ислам оппозициясы менен болгон байланыш эң алгач 1990-жж. эле Орто Азиядагы че-чен диаспорасы аркылуу, ошондой эле Түркияда иш жүргүзгөн теги кавказдык ис-ламчыл ар түрдүү уюмдардын колдоосунда түзүлгөн.

«Хизб ут-Тахрир» жана «Өзбекстан ислам кыймылынан» тышкары Ооганстан ме-нен Пакистандын аймагында бүлдүрүгүч ишмердигин террорчу интернационал-дын башка бир кубаттуу күчү – «Аль-Каида» жүргүзүүдө. Бул уюм дүйнөгө кыйла кийинчерээк – 2001-жылдын 11-сентябрында таанылды. 1999-жылдын башын-да Усама бен-Ладен Кандагарда ӨИК өкүлдөрү менен жолуккан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Усама бен-Ладен жакын арада эле өзбек фундаменталисттерине каржылык жардамды кыйла көбөйтүүнү убада кылган.

1999-жылы жазында ӨИК делегациясы Усама бен-Ладендин мекенине, Сауд Ара-виясына барган. Бул ирет өзбек исламчылары «Ибраим бин-Абдулазиз Ибраим» фондунан кыйла чоң өлчөмдөгү материалдык жардам алышкан. Бир нече айдан кийин Талибан кыймылынын жетекчилери ӨИК активисттеринин жана алардын Ооганстанда жашаган үй-бүлөлөрүнүн муктаждыгына бир нече жүз миң доллар ажыраткан.

ӨИК жоочулары 1999-жылы биздин өлкөдөн тышкары Тажикстан Республика-сынын да аймагы аркылуу өткөн эле. Бирок ал жакта жагдай салыштырмалуу тынч болгон. Буга Эмомали Рахмонов менен Бириккен тажик оппозициясынын (БТО) ортосунда мунасага жетишилгендиги, жарандык согуштун аяктагандыгы жана анын оор кесепеттери жоюлгандыгы мүмкүндүк берген. Ошол эле учурда Тажикстанда өлкө ичиндеги саясий кырдаалга терс таасир эте турган кооптуу тенденция сакталып кала берди. Бул, биринчи кезекте, Тажикстандын аймагында эч ким көзөмөлдөбөгөн куралдуу өзбек жоочуларынын ишмердиги, ошондой эле Каратегин өрөөнүндө өзбек качкындар, алардын арасында куралчан өзбек ислам-чылары да бар экендиги менен байланышкан. Экинчиден, жалпы саясий жана ыкчам жагдайга тажик-ооган чегарасы аркылуу баңгизат ташуучулар жана аткез-чилер уруксатсыз өтүүгө далай ирет аракеттенип, көбүнчө аларга чектеш тарап-тан ок атуу жолу менен жол ачылып жаткандыгы да таасир этүүдө. Өзбек качкын-

Page 27: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

26 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

дарына байланышкан маселе 1999-жылы июлда Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекет аралык мамиленин начарлашына себеп болгон.

1999-жылы июль айынын аягында БТО өзүнүн куралдуу түзүмдөрүн таратып, тий-иштүү аттестациядан өткөрүүдөн соң Тажикстандын күч түзүмдөрүнө кошулушу мүмкүн деп билдирген. Өз кезегинде Тажикстандын жетекчилиги БТОнун атте-стациядан өтпөгөн куралдуу түзүмдөрүнүн ишмердиги мыйзамсыз деп табылып, алардын мүчөлөрүн республиканын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери курал- сыздандырарын билдирген. Дээрлик бардык жоочулар (7 миңге жакын) чогулту-луп, БУУнун жетекчилиги астында куралсыздандырылган. 1999-жылы курал-жа-ракты алып коюу жана аны мыйзамсыз алып жүрүүгө тыюу салуу өнөктүгү тез жана эффективдүү өткөрүлгөн эле.

Ал кезде Өзбекстандын тышкы саясатында Россияга ыктаган КМШ өлкөлөрүнөн оолакташуу тенденциясы сакталып турган. 1999-жылы кошуна Кыргызстандын Баткен районуна жасалган кол салуу Өзбекстанды тышкы саясаттагы багыт алуусун өзгөртүү тууралуу ойлонууга мажбурлады. Ошондуктан Өзбекстандын Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмуна иш жүзүндө кайрадан катыша баштагандыгы, анан 2000-жылы жазында Россиянын, Тажикстандын, Казакстан-дын жана Кыргызстандын «Кызматташтыктын түштүк калканы – 2000» биргелеш-кен аскердик окууларына кошулгандыгы таң калычтуу эмес. Кийинчерээк бул са-ясат кайра өзгөргөн.

Ошентип, региндогу мамлекеттердин өз ара мамилелеринин бир кылка эместиги жана Ооганстандагы кырдаал 1999-2000-жж. ӨИК бандиттик түзүмдөрүнүн Кыр-гызстандын Баткен районуна кирип келишине өбөлгө жараткан. Кыргызстандын түштүк регионунда ислам жихадынын жайылышына өбөлгө түзгүдөй эч кандай ички себептер жана шарттар болгон эмес. Бул жагдайга жараша эң начар коргол-гон Баткен районун бутага алган ӨИКтин тыштан жасаган гана кол салуусу эле.

б) Баткен окуялары башталар кездеги Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскерлеринин жалпы абалы – улуттук коопсуздукту камсыздоо тутумун кайра карап чыгууга негиз катары

Советтер Союзунун коргонуу комплексинин 1992-жылы Кыргыз Республикасынын карамагына кабыл алынган аз сандуу бөлүгү жана чачкын аскердик түзүмдөрү көз карандысыз мамлекеттин аскердик коопсуздугун камсыздоо талабына шайкеш болгон эмес. Өлкөнүн куралдуу коргонуу тутумун толук кандуу жана эффективдүү иштегидей кылуу үчүн аскер коопсуздугун камсыздоо жаатында өзүнүн мамлекет-тик тутумун куруп чыгуу талап кылынган.18

СССРдин ар кандай баш ийүүдөгү республика аймагындагы аскерлеринен жана куралдуу күчтөрүнүн ар башка түрлөрүнөн кураштыруунун негизинде 1999-жылга чейин деле Куралдуу Күчтөрдү калыптандырууга, биринчи кезекте, аскердик баш-каруунун ыкчам-стратегиялык тутумун уюштурууга багытталган машакаттуу чоң иштер аткарылган.

18 Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиясы. Кыргыз Респу-бликасынын Президентинин 2013-жыл, 21-январдагы №11 Жарлыгы менен бекитилген.

Page 28: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

271999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫ

Ар кандай эле масштабдагы башкаруу тутумуна башкаруу органдарынын, пункт-тарынын жана каражаттарынын комплекси камтылышы керектигин эске алганда, Кыргыз Республикасынын аймагында тийиштүү уюштуруу-техникалык базага ээ стратегиялык же ыкчам деңгээлдердеги башкаруу органдары болгон эмес, алар тактикалык тогоштун бирикмелеринде жана бөлүктөрүндө гана сакталган.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн куроонун жүрүшүндө аскердик башкаруунун борбордук органы – Коргоо министрлиги Куралдуу Күчтөрдүн Баш-кы штабы менен кошо түзүлүп, республиканын коргоо чөйрөсүндө КР Куралдуу Күчтөрүн жетектөөнүн Президент – Куралдуу Күчтөрдүн башкы кол башчысынан тартып бөлүмчөлөргө чейинки тике тескелишин бекиткидей бир катар негиздүү ченемдик-укуктук актылар киргизилген.

Муну менен катар Коргоо министрлигинин имаратында, Өкмөт Үйүнүн астында жана Беловодск кыштагында СССР убагындагы командалык-штабдык жана штаб-дык техникасы бар башкаруу пункттарынын сакталып калган объектилеринин, ошондой эле көчмө башкаруу пункттарынын негизинде стационардык башкаруу пункттарынын материалдык-техникалык базасы түзүлдү. Башкаруу пункттарынын материалдык-техникалык базасы эң зарыл өлчөмдө түзүлүп, анын техникалык жабдылыш сапаты жана ишке жөндөмдүүлүгү Коргоо министрлигинин каржыла-нуу деңгээлинен тикелей көз каранды болгон.

Башкаруу органдары жана аскерлер менен ыкчам жана күжүрмөн даярдык иште-ри уюштурулду. Башкаруу органдарын даярдоонун жүрүшүндө айрым аймактар-дагы жана бүтүндөй республикадагы аткаруу бийлигинин органдарын ички саясий жагдайды турукташтыруу темасы боюнча даярдыкка өзгөчө көңүл бөлүндү. Алсак, 1997-жылы жазында Жалал-Абад жана Ош облустарынын, конкреттүү түрдө Бат-кен районунун мамлекеттик администрациялары менен биргеликте окуу-машыгуу өткөрүлдү.

Куралдуу Күчтөрдү башкаруунун уюштуруу-техникалык негизин даярдоо боюнча жүргүзүлгөн иш 1999-2000-жж. республиканын түштүгүндөгү аскер топтолмоло-рун башкарууну уюшурууну кыйла жеңилдетти. Ошондуктан Баткен окуялары сы-яктуу өзгөчө кырдаалды эртелеп алдын алуу тутуму түзүлгөн, бирок жетиштүү деңгээлге жеткире даярдалган эмес эле десек болот.

Баткен окуяларынын алдында республиканын түштүгүндө коопсуздукту камсыз-доо иш-чаралары төмөнкү ыкчам жетектөө документтерине ылайык жүзөгө ашы-рылган:

1. Президенттин – Куралдуу Күчтөрдүн Баш колбашчысынын 1996-жыл, 19-июндагы №228 буйругу. Анда КРда кырдаал туруксуздашкан учурдагы иш чараларды КР коргоо министри Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы аркылуу жетектеши керек деп белгиленген. Бул буйрук 1999-жылдагы Баткен өнөктү-гү башталганга чейин күчүндө турган. Ушул буйруктун негизинде 1997-жылы 25-майда «Кыргыз Республикасынын түштүгүндө коопсуздукту жана турук-туулукту камсыздоо планы» жана «Куралдуу Күчтөрдүн Баш колбашчысы-нын (БК) утурумдук директивасы №003» колдонууга киргизилген. Аларда ка-тыштырылуучу күч түзүмдөрүнүн, министрликтердин, ведомстволордун жана мамлекеттик администрациялардын башчыларынын тийиштүү милдеттери белгиленген.

Page 29: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

28 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

2. КР Куралдуу Күчтөрүнүн БК 1998-жыл, 27-июндагы «Кыргыз Республика-сынын аймагында экстремизмди жана террорчулукту болтурбоо боюнча ко-шумча уюштуруу-практикалык чаралары жөнүндө» №3 директивасы.

3. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 1998-жыл, 12-марттагы Диверсия-бүлдүрүүчү ишмердикти, ошондой эле ыктымал террор актыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чаралар планы. Бул Планды атка-руу максатында Кыргыз Республикасынын коргоо министринин 1998-жыл, 18-марттагы буйругу чыгарылып, 1997-жыл, 25-майдагы План такталган, ык-чам топтор, башкаруу пункттары жана атайын багыттагы бөлүмчөлөр даяр-далган эле.

Бул документтерди аткаруу менен башкаруу органдарынын жана аскерлердин күжүрмөн даярдыгы жакшыртылат деп болжолдонгон болчу. Туруктуу күжүрмөн даярдыктагы бөлүктөр Баткен жана Чоң-Алай райондорундагы Тажикстан Ре-спубликасы менен чектеш күжүрмөн максаттагы жерлерге чыгарылып, айрыкча 1997-1998-жылдары ал жактарда алар менен биргеликте аткаруу бийлик органда-рын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана камдык түзүмдөрдүн катышуусунда окуу-машыгуулар өткөрүлгөн эле.

Бирок 1997-1998-жылдары Тажикстанга чектеш жерлердеги туруксуздукка жооп ча-ралар көрүлгөндүгүнө, башкаруу органдары жана тийиштүү аскерлер чыгып, мам-лекеттик чегараны тосуу милдеттерин аткаруу жагынан машыгууга чыккандыгына карабастан, мамлекеттик бийлик органдары 1999-жылы августта ӨИК бандиттик түзүмдөрүнүн мизин кайтарууга такыр даяр эмес экендиги айкын болду. Улуттук коопсуздук тутумунун 1999-жылы даяр болбогондуктан, туура бир жылдан кийин (2000-жылы) жоочулар кайрадан Кыргызстандын түштүк чегине бастырып кириш-кен деп ойлойбуз. Мында аскер коопсуздугун камсыздоочу негизги субъект болуп Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү кала берерин белгилей кетүү керек.

Баткен окуяларынын жүрүшүндө ачыкка чыккан, кырдаалдын оорлошуусуна алып келген негизги жагдайлар

Мамлекеттик башкаруу органдарында аскер коопсуздугу-на келүүчү коркунучту эртелеп алдын алуу боюнча жетик тутумдун жоктугу1. Кыргыз Республикасынын түштүгүндө коопсуздукту камсыздоо иш-чаралары өткөрүлүп жүргөндүгүнө карабастан, Куралдуу Күчтөрдү башкаруунун мамлекет-тик тутумунун даярдык деңгээли төмөн, террорчулукка каршы күрөштү күчөтүү шартындагы жаңы иш-аракеттерге шайкеш эмес болуп чыкты.

2. Өлкөнү коргоодогу чыныгы муктаждыктардын жетиштүү каржыланбагандыгы республиканын ансыз деле начар өнүккөн коргонуу дареметин жана Куралдуу Күчтөрүнүн согушка жөндөмдүүлүгүн ого бетер алсыратты. Республиканын же-текчилиги министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик

Page 30: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

291999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫ

ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетек-чи кызмат адамдарынын өз карамагындагы түзүмдөрдү өзгөчө кырдаалдарда иштиктүү башкаруу көндүмүн өркүндөтүүгө жетиштүү көңүл бурбай келген.

Мамлекеттин айрым кызмат адамдары экономикалык реформаларга гана артыкчылык берип, аскердик реформага экинчи катардагы иштей мамиле кылыш-кан. Коргоо министрлигинин деле кереги жок, Куралдуу Күчтөрүн сан жагынан кескин кыскартып, үнөмдөлгөн каражатты макроэкономикалык турукташтырууга жумшоо зарыл деген пацифисттик көз караш да жайылтылган эле.

Ушундай түшүнүктүн орун алгандыгы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасы-нын 1996-жылы октябрдагы жыйынында бир депутаттын коргоо министри Мыр-закан Субановго минтип суроо бергенинде даана көрүнгөн: «Бизге ким кол сал-макчы болуп жатат? Бизге армиянын кандай кереги бар?».19

Ошол эле учурда Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министрлиги (ӨК-ЖКМ) Коопсуздук кеңешине Коргоо министрлигин жоюп, анын бирикмелерин, бөлүктөрүн жана мекемелерин ӨКЖКМдин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө сунуш киргизген.

3. Жоочулардын бастырып кирип келишине мүмкүндүк берген негизги себеп-тердин бири – Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чегаралардын жөнгө салынбагандыгы, чегаранын ошол жерин кайтаруу жолго коюлбагандыгы. Мунун айынан жоочулар бир нече жыл бою эч тоскоолдуксуз эле Баткен району-нун корголбогон аймагына кирип, таяныч базаларын, курал-жарак, ок-дары, согуш шаймандарын жашыруучу жайларын, кампаларын түзүшкөн, террорчуларды да-ярдашкан.

4. Бандиттик түзүмдөрдүн кирип келишине Баткен районунун социалдык-эконо-микалык абалынын кароосуз калгандыгы, өлкөнүн ушул эң жарды аймагын өнүк-түрүү боюнча мамлекеттик программалардын жоктугу да себеп болгон. Мисалы, 1999-жылы октябрда өз алдынча облус макамы берилгенден кийин деле жашоо-нун жалпы деңгээли жалпы республикадагыга салыштырмалуу кыйла төмөн, ал эми калктын жан башына эсептелген аймактык дүң продукт (АДП) республиканын орточо көрсөткүчүнөн дээрлик 2,9 эсе төмөн болгон (2007-ж. маалымат боюнча).20

Аскердик башкаруу тутумундагы олуттуу кемчиликтерКуралдуу Күчтөрдүн ошол кездеги өнүгүүсүндөгү негизги маселе мамлекеттин аскер саясатынын, Куралдуу Күчтөрдү куруу жана мамлекеттин коргонуусун уюштуруу ишинин өзөгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын Аскердик док-тринасынын жоктугу эле. Буга байланыштуу Коргоо министрлиги ал убакта өзүнүн ишмердигинде айрым кыйынчылыктарга кабылган, анткени аскерлерди күн му-рунтан даярдоодогу эң зарыл иш-чараларды аткарууга толук жетиштүү шарттар камсыздалбаган болчу. Бул иш-чаралардын негизгилери:

• аскер техникасы жана курал-жарак менен жабдуу (1992-жылдан тартып бул берене дайыма чала каржыланып келген);

19 КР ЖК ЭӨП жыйынын материалдары, 1996-ж. октябрь. 20 Баткен облусун 2008-2011-жж. өнүктүрүү программасы. Бул URLдан карап көрүүгө болот: http://gov.btour.kg/batken/?page_id=109 [10 июня 2014 г.]

Page 31: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

30 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

• КК үчүн согуш мезгилиндеги штат боюнча материалдык-техникалык кам-ды түзүү жана арбытуу;

• зарыл топтолмолорду түзүү, аларды максатка ылайык жайгаштыруу жана согушка жогорку деңгээлде даярдыгын, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын колдоп туруу;

• стратегиялык жана ыкчам пландоону жүргүзүп туруу;

• баштапкы коргонуу операцияларын даярдоо боюнча белгиленген иш- чараларды иш жүзүндө аткаруу;

• камсыздоонун жана башкаруунун бардык түрлөрүн уюштуруу;

• аскерлерди моралдык-психологиялык даярдоо;

• аскер илимин жана аскер өнөрүн өнүктүрүү.

Коргоо министрлиги багытында төмөндөгүдөй маселелер чечилбеген:

• көчмө башкаруу пункттарын курал-жарак жана заманбап команда-штаб машиналары менен камсыздоо;

• байланыш кызмат акысын өз убагында каржылап турбагандыктан, теле-фондор үзүлүп, аскерлерди ыкчам башкаруу үзгүлтүккө учурап, бузулат;

• аскерге чакыруу ресурстарын уюштуруу деңгээли кыйла төмөндөп кеткен-диктен, ички иштер органдары менен КР жарандарын каттоого жооптуу органдардын иштешүүсү бузулгандыктан, жергиликтүү мамлекеттик адми-нистрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каттоо жана эсепке алуу иштеринен качкандыгынан, армия сапаттуу ку-ралбай калган;

• күжүрмөн жана дөңгөлөктүү машинелердин паркы жаңыртылбаган, кол-донуудагы күжүрмөн техника жана курал-жарактар эски үлгүдө, булардын 80-90 пайызы оңдоо аралык мөөнөтү өтүп кеткен, оңдоо каражаттары жана бөлүмчөлөрү жок болгондуктан, калыбына келтирилбейт;

• аскерлердин жашоо-тиричилигиндеги КСМга муктаждыгы камсыздалбай келет. Күйүүчү-сыйпоочу майлардын жетишсиздигинен учуу курамын жана согушка жөндөмдүүлүктү аныктоочу аскерлердин башка түрлөрүнүн ади-стерин талаптагыдай деңгээлде даярдоону уюштуруу мүмкүн эмес. Уч-кучтардын көпчүлүгү 2-3 жыл бою учкан эмес, 5-7 жыл ичинде аэродром-дор жана учактар оңдоодон өткөрүлбөгөн;

• СССР аскерлерин камсыздаган бирдиктүү тутуму кыйрагандан кийин кал-ган материалдык камдар жана резервдер негизинен түгөнгөн, жаңылары түзүлбөгөн;

• бронетанк техникасынын 50 пайызынан ашуун бөлүгү кезектеги оңдоо-го муктаж. Окуу-күжүрмөн жана унаа топторунун техникасы иш жүзүндө моторесурстарын иштетип түгөткөн. Аккумулятордук батареялардын 96 пайызынын ресурсу түгөнгөн. Бардык автоунаалардын автомобиль шина-лары алмаштырылышы зарыл;

• Куралдуу Күчтөрдү куроонун (комплектөөнүн) негизги булагы – камдагы

Page 32: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

311999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫ

офицерлер менен прапорщиктерди чакыруу. Алардын кесипкөй деңгээли кадрлык офицерлердикинен төмөн;

• социалдык-экономикалык жана саясий маселелерге байланыштуу аскер кызматкерлеринин ишмердигин жөнгө салуучу мыйзамдар иштебейт. Офицерлер, прапорщиктер жана башка аскер кызматкерлери, жумушчу-лар жана кызматчылар базар экономикасынын шартында кароосуз ка-лышты;

• аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөсүнө турак жай аянты жана коммуналдык тейлөө акысын төлөөдөгү тийиштүү жеңилдиктер жокко чы-гарылды;

• аскердик эмгек акысынын азыркы деңгээли керектөө базарындагы улам жогорулап бараткан бааларга шайкеш келбей жаткандыгы оор маселе бойдон калууда;

• республиканын ар кайсы күч түзүмдөрүндөгү аскер кызматкерлеринин ак-чалай камсыздалышы жөнгө салынган эмес. Коргоо министрлигинин жана укук коргоо органдарынын аскер кызматкерлеринин кызматтык айлыкта-ры бири-биринен кыйла айырмаланып турат;

• турак жай маселеси татаалдашып баратат;

• социалдык-экономикалык жагдайларга байланыштуу армияда социалдык чыңалуу курчуп, аскерде кызмат өтөөгө болгон кызыгуу начарлап баратат. Аскерлерде өздүк курамдын бардык категорияларынын арасында кыл-мыш саны өсүп баратат».21

Өкмөттүн 1996-жыл, 17-декабрдагы жыйынында төрага Куралдуу Күчтөрдүн бар-дык орчундуу маселелерин Өкмөт мүчөлөрүнө айтып бермекчи болгон коргоо министри Эсен Топоевге беш мүнөт убакыт берди. Албетте, мындай аз убакыт-та бүтүндөй чоң тутумдун маселелерин айтып берүү мүмкүн эмес эле. Ошондо Эсен Топоев кийин офицерлердин баары кайталап жүргөн сөзүн айткан: «Эгер силер бизге кызматыбыз үчүн төлөп жатабыз деп эсептесеңер, анда бизди ошо-го жараша кызмат кылып жатат деп эсептей бергиле!». Бул мисал ошол кездеги Өкмөттүн өз армиясына мамилеси кандай болгондугун даана чагылдырып турат. Мунун айынан армиянын даярдыгы канчалык начар болуп калгандыгы Баткен окуяларынын жүрүшүндө орой ашкереленди. 1996-жылы мамлекеттик жогорку даражалуу кызмат адамдары өлкө коопсуздугу үчүн тийиштүү деңгээлде жооп-керчиликтүү болгондо, балким, кийин 1999-2000-жж. армия Өкмөттүн күнөөсү менен түзүлгөн «аскер кызматындагы оорчулуктарды жана азаптарды» ашыгы менен тартпайт эле. Калган үч жыл аралыгында өлкө жетекчилиги иш жүзүндө Ку-ралдуу Күчтөрүнө жардам берүү үчүн эч аракет кылган жок. Кырдаал 1999-жылы августта армия бүткүл өлкөнүн жана дүйнө жүзүнүн көз алдында даана көрүнгөн абалына жеткенде ого бетер оорлошту – ал атүгүл эл аралык террорчулардын аз эле сандагы жоочуларына туруштук бере албайт экен.

Ошондо Өкмөттүн катачылыгы үчүн Коргоо министрлигинин жетекчилиги жеме ук-кан. Анан мамлекет террордук коркунучту четтетүү үчүн өзгөчө чараларды көрүп, 21 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жыл, 17-декабрдагы жыйынындагы «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн өнүктүрүү жана социалдык-экономикалык корголуусун жакшыртуу чаралары жөнүндө» би-ринчи маселе боюнча маалым кат.

Page 33: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

32 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

чоң каражаттарды сарптоого аргасыз болду. Чындыгында, коргонуу жана өлкө коопсуздугу жаатында жетик иштелген саясаты жана саясий эрки бар мамлекет, ар кандай эле цивилдүү мамлекеттегидей, ушунча каражатты мурдараак ажыра-тышы керек болчу.

1999-ж. Баткен окуялары – Кыргызстандын улуттук коопсуздугунун бекемдигин сыноо

Буга чейин эле баса белгиленгендей, Баткен окуяларынан мурдараак Борбордук Азия регионундагы өлкөлөрдө (Ооганстан, Тажикстан жана Өзбекстанда) бир ка-тар орчундуу процесстер болуп жаткан. Бул өлкөлөрдө 1997-жылдан 1999-жыл-га чейинки мезгилде Кыргызстандын түштүгүндө 1999-2000-жж. жарылып чыккан согуштук-саясий чыңалуунун толгоосу бышып келген эле. Ошондо эл аралык тер-рорчу уюмдардын жана кыймылдардын бандиттик түзүмдөрү Кыргызстандын че-гарасы жакшы тосулбагандыгынан жана аскердик күч менен корголбогондугунан пайдаланып, чектеш мамлекеттерден сүрүлүп кирген эле. Муну Өзбекстан ислам кыймылынын 1999-жыл, 6-октябрдагы билдирүүсү да бир жагынан тастыктап ту-рат: «биздин ыйык согуш кыргыз элине каршы дегеле багытталган эмес… Биздин максат: каримовдук режимди … кулатуу».22

Ошол кезде Тажикстандын жетекчилиги улуттук элдешүү саясатынын алкагында ӨИК түзүмдөрүн куралсыздандыруу жана Тажикстандын чегинен сүрүп чыгаруу боюнча чара көрөт. ӨИКтин убактылуу чогулуу жайларынан жана башка жайгаш-кан жерлеринен кетишине 1999-жыл, 1-июлга чейинки мөөнөт коюлат.

1999-жылы КР мамлекеттик органдарынын жана аскердик башкаруу органдары-нын иш-аракеттери толугу менен мамлекеттин чалгындоо жана атайын кызматта-рынын маалымат тактоо мүмкүнчүлүгүнө көз каранды эле. Ошондуктан баштап-кы мезгилде террорго каршы операцияларды күн мурунтан пландоо жөнүндө сөз кылуунун да кажети жок. КР чалгындоо кызматтары Тажикстанда болуп жаткан окуялардын Кыргызстанга ыктымал таасирлерин толук аныктай албайт эле.

1999-жылы 25-майда Хайит айылында Каратегин өрөөнүндөгү талаа командирле-ри менен жолугушууда ӨИК жетекчиси Тахир Юлдашевге ТР аймагынан куралчан өзбек жоочуларын алып чыгып кетүү талабы коюлган. Ал ультиматумдун 8-пун-ктунда Тажикстандагы Ромит, Дарбанд, Тавилдара, Хайит, Жерге-Тал, Тажикабад сыяктуу чогулуу жайларынан өзбекстандыктар 1999-жыл, 1-июлга чейин чыгарып салынат деп белгиленген. 10-пунктунда ТР өкмөттүк күчтөрү 1999-жыл, 10-июлга чейин Тажикстан Президентинин ушул аймактарда куралсыздандыруу жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашырууга тийиш деп көрсөтүлгөн.

Ушул жана башка маалыматтарды КР Коопсуздук катчысы (КК) 1999-жылы 2-июл-да КР Өкмөтүнө «1999-жыл, июндун орто ченине карата ТРдагы жагдай жөнүн-дө» кызматтык кат аркылуу билдирген. Мындан тышкары, КР Коопсуздук катчысы Чоң-Алай, Баткен жана Лейлек багыттарындагы чегараларды бекемдөө сунушун киргизип, КР КК 1999-жыл, сентябрдагы жыйынында бул иш-чаралар боюнча иштин жагдайын карап чыгууну сунуштаган эле.

22 «Кабар» агенттиги факс аркылуу алган билдирүү, каттоо номуру – 746.

Page 34: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

331999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫ

КР Президенти КР КК БК «Террорчулуктун жана экстремизмдин алдын алуу бо-юнча кошумча чаралар жөнүндө» 1998-жыл, 27-июндагы №3 сс директивасына ылайык макулдашылган чараларды иштеп чыгуу тууралуу тескеме берет.23

Ошентип, кантсе да, республиканын түштүк чектерине жоочулардын кирип келүү ыктымалдыгын эртелеп алдын алуу боюнча айрым башкаруучулук чечимдер ка-был алынган эле. Бирок, 1998-жылдан тартып «Диверсия-бүлдүрүү ишмердигин, ошондой эле ыктымал диверсиялык актыларды алдын алуу жана болтурбоо бо-юнча уюштуруу-практикалык иш чаралар планы» бар болгондугуна карабастан, күн мурунтан эч кандай конкреттүү чаралар көрүлбөй калган. Аталган план КР КК 1998-жыл, 12-марттагы №15 сс чечими менен бекитилип, анын негизинде 1998-жылы 18-мартта Коргоо министрлигинин №012 буйругу чыгарылган жана Баш-ка күч түзүмдөрү менен иштешүүнү колдонуу планы түзүлгөн эле. Жалпысынан алганда, мамлекеттик башкаруу органдары кризис кырдаалын алдын алуу үчүн иштиктүү чаралар көрбөй, эч кандай аракет да жасаган жок.

Ошентип, буга чейин белгиленгендей, 1999-жылы 23-июлда ӨИКтин куралчан түзүмдөрү Кыргыз Республикасынын Баткен районунун аймагына кирип, жогор-ку Жылуу-Сууга 20дай жоочу, Коргонго 10, Жылуу-Сууга 21, Зардалыга 14 жоочу топтолушат.

1999-жылы 1-августта кечки саат 21.00дө Баткен РИИБине Зардалы айылынын башчысы Тагаев Акмурза жана Коргон айылынын тургуну Кошкеев Буркан кай-рылып, 31-июлда саат 11лерде тажик-өзбек улутундагы сакалчан, чачтары өсүп кеткен, аскердик ала кийимчен, ок атуучу куралдары бар бейтааныш 14 киши алардан тамак-аш сурагандыгын айтышты. Анан 100 кг буудай, 4 кой буйуртуп, акысына АКШнын 100 долларын беришкен, калган суммага азык-түлүк саткыла деп өтүнүшкөн да, азык-түлүк үчүн 2-августта дагы келебиз дешкен. Эч кимге опу-за, акаарат кылбай, жергиликтүү адамдарга тийишпей, жөн-жай кетишкен.

Алынган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Аскердик чалгындоо башкы башкармалыгы Баткен районунун милициясы менен биргеликте 1999-жылы 2-3-августта ыкчам иш чара өткөрүп, Зардалы айылынын мечитинде талаа командири Абдулазиз баштаган 21 жоочу токтогондугун аныкташты. Тигилер жергиликтүү тургундарга дооматыбыз жок, 200дөй киши келип кошуларын күтүп, анан Өзбекстанга анын өкмөтүнө каршы күрөш жүргүзүү үчүн өтүп кетебиз деп билдиришкен.

ӨИК жоочуларына каршы 1999-жылы жүргүзүлгөн операциянын өзүн үч баскычка бөлүүгө болот:

Биринчи – 1999-жылдын 4-9-августу. Күч түзүмдөрүнүн Ыкчам тобунун коюлган милдетти аткарууга жана күжүрмөн иш-аракеттерге кесипкөй эмес ык менен ки-ришкендиги менен мүнөздөлөт.

Экинчи – 1999-жылдын 10-23-августу. Баткен районунда түзүлгөн кырдаалдын олуттуу экендиги түшүнүктүү болуп калган. Ыкчам топтун жетекчиси алмашты-рылган. Жоочулар адамдарды барымтага алган. Жетекчилик түзүлгөн кырдаалга баа берүүдө олуттуу катачылыктарга жол койгон.

Аралык – 1999-жылдын 24-28-августу. ЫТ жетекчилиги дагы бир ирет алмашты-рылды, жаңы командачы дайыналды, күч жана каражат көбүрөөк топтолду.23 КР КК Баш колбашчысынын 1998-ж. 27.06 №3 сс директивасы.

Page 35: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

34 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Үчүнчү – 1999-жылдын 29-августунан октябрына чейин. ӨР КК авиациясы макул-дашпай туруп Кыргызстандын Кара-Тейит айылына сокку урду. Ыкчам топ КРнын Күч түзүмдөрүнүн бириктилинген топтолмосу деп аталып калды. Жаңы коргоо министри дайындалды. Командачынын макамы тастыкталды. КК БШ топтолмо-нун жумушчу органы деп дайындалды. Операция пландалып, даярдалып, ишке ашырылды.

Операциянын биринчи баскычына кыскача токтололу, анткени мында улуттук ко-опсуздукту камсыздоочу субъектилердин – республиканын күч түзүмдөрүнүн ор-чундуу катачылыктары, атүгүл кесипкөй эместиги даана көрүнгөн.

4-августта Кыргыз Республикасынын премьер-министри Амангелди Муралиев Баткен районунда түзүлгөн кырдаал боюнча чараларды иштеп чыгуу үчүн Кор-гоо министрлигинин (КМ), Улуттук коопсуздук министрлигинин (УКМ), ИИМ, ӨКЖ-КМ жетекчилери менен биргеликте кеңешме өткөрөт. Талкуунун жүрүшүндө КМ, УКМ, ИИМден атайын багыттагы бөлүмчөлөрү бар Ыкчам топ түзүү чечими кабыл алынат. Бул топко УКМдан ЫТнын жетекчиси кылып дайындалган генерал-майор Верчагин Валерий, ИИМден генерал-майор К.Садиев жана КМнен полковник М.Жумагулов офицерлер тобу менен кошо кирген. Ошентип, Ыкчам топ иш жүзүндө республиканын күч түзүмдөрүнүн ишин координациялоочу жумушчу орган катары аныкталган.

5-августта ЫТ Баткенге учуп барып, Кан жана Зардалы айылдарындагы жагдай-ды иликтей баштады. 26-ОБОН24 бөлүмчөсү жана ИИМден барган топ районду коргоо үчүн Зардалы жана Коргонго түшүрүлдү. Жоочулар жогорку Жылуу-Суу тарапка кетишти.

Кичи-Коргондун түштүк-чыгыш тарабында коргонуу чегин ээлеп жатканда, офи-церлер жана жарандык адамдардан турган төрт кишилик топ: подполковник Кур-манакун Матенов, подполковник Нурбек Калканбаев, Баткен районунун акими Абдрахман Маматалиев жана УКМдун Баткен району боюнча бөлүмүнүн башчысы Шамкеев өз алдынча коргонуу үчүн жаңы чектерди аныктоону чечип, Арча-Башы капчыгайынын төрүн карай алыстап барышкан. 1,5-2 км жол баскандан кийин жо-очулардын буктурмасына кабылып, барымтага кармалып калышкан да, Зарда-лыдан 11 км алыстыктагы төмөнкү Жети-Суу тарапка алып кетилген. Ошентип, жоочулар демилгени колго алып, ЫТнын иш-аракеттерин чидерлөө үчүн өздөрүнө ыңгайлуу шарт түзүүгө жетишти. Бул топтун колго түшүп калгандыгын 26-ОБОН-дун 1-тобундагы аскер кызматкерлери байкашкан, бирок туткунга түшкөндөрдүн коопсуздугу үчүн курал колдонбой эле, жоочулардын артынан төмөнкү Жети-Суу-дагы алардын базасына чейин из кууп барышкан.

Ошол эле күнү саат 15.00дө ЫТ өз сунуштарын премьер-министрге, Коопсуздук катчысына, коргонуу, улуттук коопсуздук жана ички иштер министрлерине теле-фон аркылуу баяндоо үчүн Баткенге учуп кеткен эле. Зардалыга кайтып барганда, ЫТ офицерлер менен Баткен районунун акими туткунга түшүп калгандыгын угуп, тегерене коргонууга даярданат жана сүйлөшүүлөрдү уюштуруу үчүн элчи-өкүлдөр менен байланышат.

6-августта жоочулар турган жерге алардын Кыргыз Республикасынын аймагын-да турушуна жана барымтадагыларды бошотууга байланышкан маселени чечүү

24 ОБОН – отдельный батальон особого назначения (өзгөчө багыттагы өзүнчө батальон)

Page 36: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

351999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫ

үчүн элчи-өкүлдөр жиберилет. Жоочулар ЫТга катаал талаптарды койот: Өзбек-стан Республикасына өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүк бергиле, эгер бизге каршы күч колдонсоңор, барымтадагылар жок кылынат дешет. Сүйлөшүүлөр оңунан чыккан жок. Сүйлөшүүгө баргандардан адегенде бир гана киши Коргонго кайтып келет, анан калган үчөө (Улуттук коопсуздук кызматынын Баткен бөлүмүнүн башчысы Акматов, Исфана шаарынын башчысы Ибраев, Баткен РИИБ башчысы Султанов) коё берилет.

ЫТ жетекчиликке баяндама бериш үчүн Баткенге учуп кетет да, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.

Баткенге Өзбекстан Республикасынын атайын багыттагы ротасы келип жайгашат.

ЫТ Исфарага барып, Тажикстан Республикасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзөт. Мунун жыйынтыгы тууралуу премьер-министр Амангелди Муралиевге баяндайт. Тажикстандан келген Ыкчам топ Баткен районунда иштей баштайт.

Бул убакытта, 6-августта Баткенге 25-ООСН25 17 киши жана УКМдин атайын ба-гыттагы «Калкан» тобунан 10 киши келип, Коргон районуна түшөт. 25-ООСН бөлү-гү Шудмандан түштүк-батыштагы 1,5 км аралыкта жайгашкан жогорку Жылуу-Суу тарапты ээлейт.

7-августта Коргоо министрлигинин министри Мырзакан Субанов баштаган ык-чам тобу 25-ООСН тобу жана АГС-17нин 2 расчету менен бирге Баткенге келди. Алар менен кошо коопсуздук катчысы Эсен Топоев, улуттук коопсуздук жана ички иштер министрлери (мындан ары – УК жана ИИ) келди. Алар генерал Верчагин жетектеген ЫТнын ишин текшерүү үчүн Зардалынын үстүнөн учуп өтүштү.

8-августта коопсуздук катчысы күч түзүмдөрүнүн министрлери, ӨР жана ТР өкүл-дөрү менен иштеди.

9-августта жоочуларга сүйлөшүүчүлөрдүн 13 кишилик жаңы тобу жиберилет. Бул топ коргоо министринин төмөндөгүдөй сунушу жазылган катын алып барат: ба-рымтадагыларды бошотушса, АКШнын 50 миң доллары төлөнөт. Бирок жоочу-лар дагы бир кишини – УКМБнын26 Ош облустук бөлүмүнүн башчысын барымтага алып калышат. Алар жаңы талап коюп, 10-август, саат 13.00гө чейин 200 АКШ долларын, ошондой эле азык-түлүк жеткирип берүүнү талап кылышты. Эгер бул талап аткарылбаса, барымтадагы кишилерди өлтүрөбүз деп опуза кылышты.

Кыргыз Республикасынын Президентине кабарлоосунда коопсуздук катчысы ЫТ-нын ишин текшерүүнүн жыйынтыгын маалымдайт:

1. 1999-жыл, 8-август, 12.00дө Ыкчам топтун башчысынын колунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш кол башчысынын №001 Дирек-тивасын аткаруу үчүн иштелип чыккан 1999-жыл, 7-августтагы жагдай боюнча тартылган күч түзүмдөрүнүн бирдиктүү иш-аракет планы (мерчеми), башкаруу үчүн зарыл документтер комплекти болгон эмес.

2. КМ, УКМ жана ИИМ бөлүмчөлөрүнө милдетте коюлган эмес эле, ошон-дуктан барымтага кишилер түшүп калды. Болгондо да жоочулардын колуна жашыруун карталар, күжүрмөн жана сандык курам (өздүк курамдын, курал-жа-

25 ООСН – отдельный отряд специального назначения (атайын багыттагы өзүнчө отряд) 26 УКМБ – Улуттук коопсуздук министрлигинин башкармалыгы

Page 37: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

36 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

рактын, техниканын жана башка каражаттардын саны) жөнүндөгү маалымат-тар да тийип калды.

3. КМ, УКМ жана ИИМ бөлүмчөлөрүнүн ортосунда, ошондой эле ӨР КМ бөлүмчлөрү менен да иштешүү жолго коюлбаган.

4. Зардалы аймагындагы бөлүмчөлөрдү башкаруу уюштурулбаган, Зардалы жана Баткенде жайгашкан бөлүмчөлөрдүн ортосунда байланыш жок. Төмөнкү тогоодо башкаруу тутуму уюштурулбаган: Зардалыдагы башкаруунын ал-дыңкы пункту (БАП) – Баткен команда пункту – министрликтер – Кыргыз Ре-спубликасынын Өкмөт аппараты жана Президентинин Администрациясы. Шашылыш кабарламаларды табелге ылайык жеткирүү тартиби аныкталган эмес.

5. Кыргыз Республикасынын Президенти белгилеген көрсөтмөлөр жана милдеттер генерал-майорлор Верчагин Валерийге, Садиев Калмуратка, пол-ковник Жумагуловго жеткирилди.27

Өз кезегинде коопсуздук катчысы буларды сунуштады: Кыргыз Республикасы-нын аймагынан куралдуу топтун чыгып кетишине жол бербөө үчүн Кыргыз Респу-бликасынын жана Өзбекстан Республикасынын күч министрликтеринин негизги күчтөрүн жана каражаттарын топтоштуруу керек.28

Ошентип, операциянын эң жооптуу болгон биринчи эле этабында күч түзүмдөрүнүн катачылыктары жана биргелешип аракет кылууга даяр эместиги оркоюп көрүнүп калды.

Улуттук коопсуздук күчтөрүн жана каражаттарын башкаруу боюнча мамлекеттик тутумдун ишиндеги ушул олуттуу кемчиликтер 1999-жылы июль-августта басты-рып кирип келген террорчуларга каршылыкты уюштуруу үчүн КР Өкмөтү түзгөн Күч түзүмдөрүнүн ыкчам тобунун кийинки иш-аракеттеринен да даана байкалды:

1. Ведомство аралык топтун мүчөлөрүнүн чечим кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктары болгон эмес. Ыкчам топтун (ЫТ) милдети эмне экендиги, аскер-дик операциялар боюнча чечимдерди ким кабыл алары да такталбаган. Бардык зарыл элементтерди башкаруу пункту уюштурулган эмес. Ыкчам топтун уюшпагандыгынын айынан ал Зардалыга жана Коргонго келген күнү эле ЫТнын төрт мүчөсү жоочулардын колуна түшүп калган. Ошен-тип, жоочулар кырдаалды каалагандай көзөмөлдөп, өздөрүнүн шартын таңуулаганга жетишти.

2. Күжүрмөн, материалдык-техникалык камсыздоо түрлөрү, башкаруу пун-ктун жана башка маанилүү объектилерди сактап-коргоо боюнча буйрук, тескеме, пландар сыяктуу мерчемдөө документтеринин жоктугу ведом-ство аралык Ыкчам топтун ишинин натыйжалуулугун кыйла төмөндөттү. Премьер-министрдин буйругу боюнча Ыкчам топко бириктирилген күч түзүмдөрүнүн кызмат адамдары бирдиктүү башчылык принциби менен бекитилбеген: ар бир башчы өздөрүн жиберген ведомствого тиешелүү че-немдик-укуктук актыларга карай иш жүргүзгөн.

27 КР коопсуздук катчысы Эсен Топоевдин генерал Валерий Верчагин жетектеген ЫТнын ишин текшрүүнүн жыйынтыгы боюнча КР Президентине баян жазмасы 28 Ошондо.

Page 38: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

371999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫ

3. Байланыш каражаттары жана кесипкөй даярдыктан өткөн адистер же-тиштүү санда болбогондуктан, радиожеле жана багыттар боюнча байла-ныш уюштурулган эмес, мунун айынан башкаруу начар жүргүзүлөн.

4. ЫТ, КМ, УКМ жана ИИМдин жетекчи жана өздүк курамы моралдык-психо-логиялык жактан бандиттик түзүмдөргө каршы күжүрмөн иш-аракеттерге даяр эмес болуп чыкты.

5. Күч түзүмдөрүндө чалгындоонун начардыгы, Өзбекстан Республикасы-нын, Тажикстан Республикасынын жана Казакстан Республикасынын чалгындоо органдарынын ортосунда карым-катыштын, ыкчам жана так-тикалык чалгындоо боюнча даярдалган органдардын, мунун ичинен аскер чалгын органдарынын жоктугу, зарыл, ишеничтүү байкоо, айрыкча түнкү байкоо алеттеринин, байланыш каражаттарынын, радиолокациялык жана радио-техникалык чалгындоо каражаттарынын жетишсиздиги чалгындоо маалыматынын 1-3 сутка кечигип жеткендигине, ал дагы туура эмес, тек-шерилбеген, карама-каршылыктуу жана кээде жалган болуп чыкканды-гына себеп болду. (Ар бир күч түзүмүндө өзүнүн чалгындоо маалыматы болуп, бири-биринен такыр айырмаланып турган).

6. Колдо бар көчмө радиобайланыш каражаттары УКТ диапазондуу ради-очордондор эле, анүстүнө моралдык жактан да эскирип калган, тоодо алып жүрүүгө формасы жана салмагы да өтө чоң, тоо шартында кол-донууга ылайыксыз болгон. Ошондуктан бөлүмчөлөрдү туруктуу жана үзгүлтүксүз башкарууну уюштурууга жарабай тургандыгы аныкталды. Ушул жана башка себептерден улам, ЫТ жетекчилиги жоочулардын аба-лын жана кандай иш-аракет кылып жаткандыгын толук биле алган эмес. Андыктан 1999-жылдагы операциянын биринчи этабында эле аскерлерди алып кетүү чечими такыр туура эмес кадам болгон.

7. Тынчтык мезгилде чыр-чатактардын алдын алуу үчүн улуттук коопсуздук маселелерин тескей турган мамлекеттик мекемелерди бир жерден баш-карылуучу органга күн мурунтан бириктирүүгө жол ачкыдай ченемдик- укуктук базанын жоктугу жагдай кескин өзгөргөндө ыкчам иш-аракет кылуу-га кедерги болду, күч түзүмдөрүнүн ортосундагы үзгүлтүксүз иштешүүнү жана бүтүндөй милдеттерди аткарууну оорлотту.

Куралдуу Күчтөрдүн ошол кездеги абалын толугураак талдаган анализ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жыл, 17-декабрдагы отурумунун биринчи ма-селесине карата даярдалган «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн өнүк-түрүү жана социалдык-укуктук корголуусун күчөтүү чаралары жөнүндө» маалым катта берилген эле. Ал маалым катта сүрөттөлгөн жагдай 1999-жылдагы Баткен окуяларына чейин өзгөрүүсүз кала берген эле. Анда, атап айтканда, төмөндө-гүлөр баяндалган:

«Коргоо министрлиги мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-рындагы айрым кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүн-дүгүн жана эгемендигин коргоого мамлекеттин даярдыгын камсыздоо боюнча өз милдеттерин түшүнбөстүгүн белгилейт. …Мунун себеби, азыркы кезге чейин мам-лекеттик бийлик органдары республиканын коргонуусун уюштуруу маселелерин чечүүгө жооптуу министрликтердин, комитеттердин, ведомстволордун ишинин

Page 39: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

38 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

аларга тийиштүү жагын талаптагыдай көзөмөлдөбөйт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана коргонуу маселелери боюнча өздөрүнүн милдеттерин бузган-дыгы (аткарбагандыгы) үчүн жоопко тартылбай келет».29

Республиканын күч түзүмдөрүнүн иштешүүсүнүн бирдиктүү жана жөндүү тутуму-нун жоктугу, мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бүтүндүктү коргоо бо-юнча иш-милдеттерин аткарууга шалаакы мамилеси 1999- жана 2000-жылдары Баткен окуяларындагы террорго каршы операциялардын ийгиликсиз жүрүшүн жана натыйжаларын шарттады.

2000-жылы жоочулардын кол салышы – 1999-жылдагы окуялардын кайталанышы

1999-жылдагы Баткен окуялары кайталанышы толук ыктымал эле, анткени Кыргызстандын аскер бөлүмчөлөрү ӨИК мүчөлөрүнө кыйратуучу сокку ура алган жок, тескерисинче, КР күч түзүмдөрүн координациялоодогу алсыз жактары душ-мандарга билинип калды. 1999-жылы жоочулар табигый шартка – кеч күздө күн сууй баштагандыгына байланыштуу гана чегинип кетишкен. Ошентип, аскердик операция аягына чыкпай калган деп эсептешке болот. Эки тарап үчүн убактылуу тыным гана болду.

2000-жылы республиканын түштүгүндөгү коопсуздукту камсыздоо иш-чаралары 1999-жылдагы каталарды жана алынган сабактарды эске алуу менен уюштурул-ду. Өлкөнүн аскердик-саясий жетекчилиги Куралдуу Күчтөрдүн алдына койгон не-гизги милдет Кыргызстандын түштүк аймагына ӨИКтин кайрадан кирип келишине каршы даярдыкты камсыздоо эле.

Ушул максат менен 2000-жылы кышында Коргоо министрлиги Түштүк топтолмону алдыдагы күжүрмөн иш-аракеттерге даярдады. Январда Баткен облусунун Лей-лек районундагы Айкөл деген жеринде жана апрелде Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Карамык айылына жакын жерде тактикалык машыгуулар өткөрүлүп, иштин жүрүшүн республиканын Президенти Аскар Акаев өзү барып көргөн. Бөлүмчөлөр бронетехника жана артиллерия менен күчтөндүрүлүп, авиация топ-толмосу түзүлдү.

2000-жылы 26-июнда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна тиешелүү маселелер боюнча эл аралык семинар өткөрүлдү. Анда коопсуздук кеңешинин катчысы Болот Жанузаков Кыргызстандын коопсуздугун эл аралык террорчулуктан коргоону камсыздоо үчүн мамлекеттик башкаруу орган-дары тийиштүү чараларды көрүшү зарыл деп билдирди. Семинардын катышуу-чулары Борбордук Азия регионунда улуттук мамлекеттердин салттуу жана жаңы миссиялары менен диний экстремисттик уюмдар, кыймылдар ортосунда саясий тирешүү стратегиялык жактан курчуп бараткандыгын, коопсуздук жана коркунучту жоюу маселелерин иликтөөгө концептуалдуу мамиле жасоо, Куралдуу Күчтөрдү түзүү жана аскер реформасын жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын реалдуу жана

29 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жыл, 17-декабрдагы отурумунун биринчи маселесине карата даярдалган «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн өнүктүрүү жана социалдык-укуктук корголуусун күчөтүү чаралары жөнүндө» маалым кат.

Page 40: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

391999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫ

ыктымал согуш коркунучтарынан корголушун камсыздоо үчүн каржылык, матери-алдык-техникалык каражаттарды бөлүү зарылдыгын белгилешти. Улуттук гварди-янын кол башчысы генерал Абдыгул Чотбаев Ооганстандагы аскердик кагылы-шуулардын жана кошуна Тажикстан Республикасынын тажрыйбасын үйрөнүү зарылдыгына көңүл бурду.

2000-жылы 15-марттан 22-мартка чейинки мезгилде Аскерлердин түштүк топтол-мосунун (АТТ) бөлүмчөлөрү күжүрмөн милдеттер орундала турган райондорго чыгарылды. АТТнын өздүк курамынын жалпы саны 6,675 киши, мунун ичинен: Коргоо министрлигинен – 6253 киши, булардын ичинен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Чегара сакчылыгынын башкы башкармалыгы-нын түштүк чегара отряддарынан 1915 киши болгон. АТТ курамына Кыргыз Ре-спубликасынын башка күч министрликтеринин өкүлдөрү да кирген.

Бирок, окуянын кийинки өнүгүшү көрсөткөндөй, операцияга даярдануу этабында өлкөнүн аскердик-саясий башкаруу органдары жана Куралдуу Күчтөрдүн коман-далык курамы операциянын биринчи баскычындагы күжүрмөн жоготууларга алып келген факторлордун жана жагдайлардын маанисин, таасирин эске алган жок.

«Террорго каршы согушка» жетиштүү даярданбагандыктын айынан өздүк курам бөөдө жоготууларга учурады, пайдаланылган мамлекеттин ресурстардын өлчөмү жоочулардын кол салуусунун мизин кайтарууга жеткидей өлчөмгө шайкеш эмес эле. Башкаруу органдарын жана аскерлерди даярдоо сапаты начар болушуна «чакырылбаган конокторду» татыктуу тосуп алууга даярданууга убакыт жетишпе-гендиги да себеп болду. Бул ушул каталар менен маселелерге өбөлгө түзгөн объ-ективдүү фактор эле.

Өздүк курамды даярдоонун кемчиликтери жөнүндө 2000-жылы 22-июнда АТТ командачысы Асылбек Ормокеев операцияны даярдоонун календардык планы кандай аткарылып жаткандыгы, башкаруу органдарынын, байланыш жана чал-гындоо тутумунун абалы тууралуу коргоо министрине жасаган баяндамасында айткан. Мисалы, ал төмөнкү жагдайларды белгилеген эле:

• батальондордун (дивизиондордун) командирлери күжүрмөн уставдарды жана күжүрмөн документтерди даярдоо боюнча жетектөөчү актылардын талаптарын начар билет;

• даярдыктын начардыгына байланыштуу, чечим кабыл алууга бөлүнгөн убакыт жетишсиз болуп чыкты;

• чийме жана текст документтерди иштеп чыгууда штаб маданияты начар экендиги көрүнүп калды;

• кабарлоо жана максат көрсөтүү боюнча белгилердин бирдиктүү тутуму иштелип чыкпаган;

• жүргүзүлүп жаткан бардык иш-чаралардын жашыруундугун жана чүмбөт-түүлүгүн камсыздоого жетиштүү көңүл бурулган эмес;

• күч түзүмдөрүнүн өз ара иштешүүсү өтө начар бойдон калууда;

• башкаруунун тактикалык тогоосундагы (айрыкча батальон-дивизион, ро-та-батарея, взводдо) уюштуруу иши солгун;

Page 41: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

40 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

• кошуундардын жана бөлүктөрдүн командирлери өз бөлүмчөлөрүн марштык даярдоого талаптагыдай маани беришкен жок;

• топтордун, взводдордун, роталардын, батареялардын командирлеринин көпчүлүгү запастан чакырылгандыктан, алардын кол алдындагы өздүк ку-рамды окутуп-тарбиялоодогу ролуна маани берилбей, алар команданын же топтун башчысын дайындоо менен гана чектелип калышкан;

• командирлердин көбү кол алдындагы мөөнөттүү жана контрактылык сол-даттар өз жаатында үйрөтүлгөн абалда келген, аларды өткөн жылдагы өнөктүктүн тажрыйбасын эске алуу менен тоо жеринде түнкүсүн күжүрмөн иш-аракеттерди жасоого үйрөтүүнүн кереги жок деп ойлошкон;

• аскердик тартиптин начардыгы, айрыкча жоокерлердин жаракат алып, курман болуп жаткандыгы катуу тынчсыздандырат;

• өздүк курам тоо шартындагы иш-аракеттерге даярдалган эмес;

• бөлүктөн өз башынча кете бермей адат дагы эле кала элек;

• кызмат акысын жана мөөнөтүн эсептөөдө бирдиктүү мамиле жасалбай жатат.

Ошентип, күчтөр менен каражаттарды жакшыртуу жана кайра орундаштыруу бо-юнча иш жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, жалпысынан күжүрмөн даярдык деңгээ-ли ойдогудай жогорулатылбай кала берген.

2000-жыл, 5-августка карата Тажикстандын Тавильдара аймагында 800гө жакын жоочу топтолгон. Мындан тышкары бул чөлкөмгө Шаартуз жана Ванч тараптар-дан 10-15 кишилик топтор келип жаткан, ошондой эле Кыргыз Республикасына чектеш райондордогу жоочулардын саны 600-800дөй деп болжолдонгон. Мунун ичинен төмөнкү багыттар боюнча:

• Баткен – 180дей жоочу, булардын 80ге жакын бөлүгү Төрө (Туро) жана Телбе ашуулары аркылуу өтүп келиши ыктымал;

• Лейлек – 250дөй жоочу;

• Чоң-Алай – 100дөй жоочу.

2000-жылы 8-августта ТР КК Башкы штабынын башчысы телефон аркылуу КР КК Башкы штабынын башчысына маалымат берип, Зеравшан дарыясына жакын Са-мождон деген жерде ӨИК жоочуларынын тобу (38дей киши) пайда болгондугун, алар КР аймагы аркылуу ӨРга өтүүнү көздөп жаткандыгын, КР аймагына Пирами-да чокусунун (бийиктиги 5509 м.) 5 км. батыш тарабындагы Төрө ашуусу аркылуу гана өтүшү мүмкүн экендигин кабарлаган.

Мындан тышкары, ТРда Комсомолабад районунда (талаа командири Мулло Аб-дулло баштаган 80дей жоочу) жана Пакшив ашуусуна жакын (40тай жоочу) түн-дүккө карай жылып бараткандыгы, ӨИКтин бул жоочуларын кысып, жок кылуу боюнча операция жүргүзүлүп жаткандыгы да айтылган. Бул топтор мурдагы Би-риккен тажик оппозициясынын базалык лагерлери жайгашкан Тавиль-Дара деген жерге чектеш райондордон жөнөп 33 Республикасынын КК БШБ 2000-ж. 7-август-та жоочулар тобунун Төрө ашуусу аркылуу чыгып бараткандыгы тууралуу маалы-маты» схемасын тиркемеден караңыз).

Page 42: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

411999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫ

2000-жылдын 8-августунан тартып жоочулар кыргыз аскердик бөлүмчөлөрүнүн блокпостторуна кайра-кайра кол салып, каршылык көрсөтүүгө үлгүрбөгөн аскер кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Альпинисттерди – АКШнын төрт жаранын барымтага алышкан. Барымтага түшкөндөр кийин бошотулган.

16-августта коргоо министри Эсен Топоев министрликтин жетекчилиги менен кеңешме өткөрүп, мындай милдет коет: Ак-Төбө багытында жана Орто-Чашма дарыясынын боюнда Ак-Төбөк, Өзгөрүш жана Ворух тарапка өтүүгө жулунган бандиттик түзүмдөрдү жок кылуу боюнча жигердүү иш-аракеттерди жасаш керек. Командирлерге төмөндөгүдөй милдет белгиленген: жоочуларды жайгашкан же-ринде жок кылып, тийиштүү жерлерди тазалап, биздин аймактан чыгып кеткенге чейин кууп баруу керек. Коргоо министри келип түшүп жаткан маалыматтарды кылдат текшерип турууну штаб офицерлеринен талап кылды.

Чалгындоо маалыматтарына ылайык, кыргыз-тажик чегарасына жакын жерде 150дөн ашуун жоочулардын түзүмү даяр турушкан. Дагы 800дөй жоочу Тажикстан-дын Тавильдарасында жана Жерге-Талында жайгашкан. Комсомолабадда болсо мыкты куралданган жана машыккан 10 жоочу бар эле.

Расмий билдирүүлөрдө айтылгандай, кыргыз-тажик чегарасындагы жагдай мур-дагыдай эле оор бойдон кала берген. 3,5-4 миң метр бийиктикте күжүрмөн иш- аракеттерди натыйжалуу жүргүзүү өтө кыйын эле. Аскер бөлүмчөлөрүндө бийик тоолуу шартта күжүрмөн иш-аракеттерди өздөштүрүү үчүн машыгуу катуу жүр-гүзүлө берди.

Борбордук Азиядагы басма сөздө айтылгандай, кошуна Өзбекстандын армиясы 12 аскер кызматкеринен айрылган. Өзбекстандын Куралдуу Күчтөрү Сурхандарья облусуна бастырып кирген жоочуларды ракета менен соккуга алып, вертолеттон аткылап, жок кылуу операциясын улантышты.

Ошентип, жоочулардын экинчи ирет бастырып кириши 1999-жылдагыга караган-да алда канча катуу болуп, эми үч мамлекеттин – Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын – аймагына жайылды.

20-августта Бишкекте жабык эшик артында Борбордук Азия регионундагы ко-опсуздук маселелери боюнча саммит болуп өттү. Ага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери катышты. Россиянын атынан РФ коопсуздук катчысы Сергей Иванов келди. Мамлекет башчыларынын талкуусу жергиликтүү убакыт боюнча саат 21.00гө чейин созулду. Президенттерге кыргыз бөлүмчөлөрү тарабынан талкаланган куралдуу террорчулар тарткан, кийин олжо-го түшүрүлгөн видеотасма көрсөтүлгөн. Тасмада куралчан террорчулардын тажик аймагынан Кыргызстанга кантип өтүп келгендиги тартылган эле. Президенттер эл аралык террорчулукка, диний экстремизмге жана уюшкан кылмыштуулукка кар-шы кыйла тыгыз кызматташуу керектиги жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Алар ошондой эле террорчуларга жана кылмышкерлерге каршы бирге-лешип күрөшүү жөнүндөгү Ташкент макулдашуусуна кошулуу өтүнүчү менен Рос-сияга кайрылышты. Мындан тышкары, БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылуу чечими да кабыл алынды.

2000-жылы 26-сентябрда ӨИК жоочуларына каршы күрөш жүргүзүү маселесин талкуулоо үчүн Бишкекке Өзбекстандын президенти Ислам Каримов эки күндүк визит менен келди. 1999-жылдагы Баткен аскердик өнөктүгүндө өзбек аскердик

Page 43: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

42 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

аба күчтөрү жаңылышып Кара-Тейитти бомбалап салгандыгы тууралуу тараптар дипломатиялык сыпайылыктан улам сөз кылышкан жок.30 Кыргыз Республикасы-нын жана Өзбекстан Республикасынын президенттери эки мамлекет ортосунда эл аралык террорчулукка каршы аскердик кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Ислам Каримов Кыргызстандын өкмөттүк телекамераларынын ал-дында сүйлөп: «Мен Кыргызстандын армиясы региондун бардык тургундарына бирдей коркунуч келтирип жаткан эл аралык экстремисттердин ар кандай кол салууларынын мизин кайтарууга даяр экендигине терең канааттангандыгымды билдиргим келет», - деди.

2000-жылдын октябрынын башында жоочулар чоң жоготууларга учурап, Кыргыз-стандын аймагынан кете баштады (толугураак маалыматты тиркемедеги матери-алдан караңыз).

2000-жылы 4-октябрда АТТ командачысы генерал-майор Асылбек Ормокоев жер-гиликтүү ЖМКга жакынкы мезгилде АТТ штабы өзгөчө максаттагы батальондун өздүк курамын пландуу түрдө туруктуу ордуна алып кете баштайт деп билдирди. Муну менен катар кышкы түйшүктөр жакындап калгандыгына байланыштуу чегара блокпосттору чыңдалат: жылуу казармалардын курулушу шашылыш бүткөрүлөт, жабдуулар, азык-түлүк, жылуу кийим, ок-дары ташып жеткирилет. Кыргызстандын түштүк борборуна айрым министрликтер, мисалы, ӨКМ көчүрүлөт, ошондой эле Коргоо министрлигинин бөлүмдөрү түзүлөт деп чечилди.

2000-жылы 7-октябрды республиканын түштүгүндөгү жагдай толугу менен АТТнын көзөмөлүнө өттү. Ашуулардын көпчүлүгүн кар баскан соң тосулуп калды. Аскер-дик бөлүктөр жана бөлүмчөлөр өздөрүнүн демейки иш-чараларын аткарууга ки-ришти. Аскерлерди пландуу түрдө кайра топтоштуруу башталды. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин маалыматына ылайык, Баткен окуялары убагында ошол жылы 120 жоочу жок кылынган, 200дөйү жарадар болгон. Жоочулардын көптөгөн жашырма жерлери, алар шашып чегинип баратканда таштап кеткен ок-дарысы табылды. «Быйыл Баткен өнөктүгүндөгү өкмөттүк аскерлердин иш-аракеттери биздин жоокерлердин күжүрмөн даярдыгы жогорку деңгээлде экендигин көрсөт-тү», - деп билдирди коопсуздук катчысы Болот Жанузаков.

2000-жылы 11-октябрда Бишкекте ЖККУ Кеңешинин кезектеги сессиясы болду. Ага Жамааттык коопсуздук келишимине (ЖКК) мүчө мамлекеттердин көпчүлү-гүнүн башчылары келишти. Кыргызстандын Президентинин Борбордук Азиядагы аскердик жана саясий туруктуулук маселелери боюнча Бишкекте сессия өткөрүү жөнүндө сунушу 2000-жылы октябрдын башында Москвада Келишимге мүчө мамлекеттердин коопсуздук катчылар комитетинин отурумунда талкууланган. Россиянын коопсуздук катчысы Сергей Ивановдун демилгеси менен өткөрүлгөн бул отурум ЖКК мүчөлөрүнүн экстремизм, террорчулук жана жикчилдиктин (се-паратизмдин) каалагандай түрүнө чогуу каршы туруу, ошондой эле агрессияга кабылган мамлекеттерге аскердик-саясий чөйрөдө дароо жардам көрсөтүү че-чимин протоколдоду. Жамааттык коопсуздук келишиминин кеңешинин кезектеги сессиясынын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык коомдошугунун алты президентинин билдирүүсүндө Борбордук Азиянын Келишимге катышуучу мам-лекеттеринин аймактык бүтүндүгүн бузууга жасалган каалагандай аракетке «биз-

30 Караңыз: тиркеме. КР жана ӨР ортосундагы иш-аракеттердин координацияланышы жөнүндө маалым кат.

Page 44: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

431999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫ

дин бирдиктүү күчүбүз менен чечкиндүү түрдө бөгөт коюлат» деп айтылган.31

1992-жылы бирдиктүү аскердик-саясий кошуун катары түзүлгөн ЖККУ өзү бир жолу да күжүрмөн операцияларга катыша элек болгондугун да белгилей кетүү за-рыл. Ал эми Баткен окуяларынан кийин соңку он жылдан ашуун мезгил бою ЖККУ Ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдүн (ЫАЖК) машыгууларын мүчө мамле-кеттердин аймагында үзгүлтүксүз өткөрүп, террор коркунучун жок кылуу боюнча операцияларды да бышыктап келет. Алсак, 2013-жылы 19-25-сентябрда Бела-руста Ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдүн курамынан «Иштешүү-2013» машыгуусу өткөрүлдү. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын ыкчам топтору жана аскер контингенттери, бардыгы болуп 600дөн ашуун киши, 60тай техника, 15 учак жана тикучак, мунун ичинен ИЛ-76 унаа учагы жана СУ-25 чабуулчулары, МИ-24 күжүрмөн тикучактар катышты.

Кыргызстан Баткен окуялары кайталангыдай болсо, ЖККУ өз дареметин көрсөтөт да, тийиштүү коопсуздукту камсыздайт деп үмүттөнөт.

Баткен окуяларынын сабактары жана тыянактары

1. Кыргызстандын улуттук коопсуздук тутуму террорчу агрессияга дароо жооп кылууга жана мизин кайтарууга даяр эмес болуп чыкты.

Баткен окуяларынан мурунку мезгилде Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрү эл аралык бандиттик түзүмдөрдүн канчалык корку-нучтуулугун, канчалык кеңири таралышы ыктымалдыгын өз убагында жана туура баалай алган жок, коркунучтун алдын алуу жана аны четтетүү боюн-ча өлкө жетекчилигинин чечим кабыл алышы үчүн нускамаларды да иштеп чыга албады. Ошондуктан террорчулук коркунучуна каршы туруу чараларын Куралдуу Күчтөрдүн аскердик-саясий жетекчилиги душман бастырып кирген кезде гана шашылыш көрдү, ошондуктан бул кадамдар кечигип жасалды да, өлкөнүн түштүгүн коргоо үчүн жетишсиз болуп чыкты.

Кыргызстандын улуттук коопсуздукту камсыздоо ишин стратегиялык башка-руу жаатындагы мамлекеттик аскердик саясаты Борбордук Азия регионун-дагы аскердик-саясий жагдайды дайыма объективдүү изилдөө, баалоо жана болжолдоо, аскер ишиндеги жана реформасындагы зарыл чараларды өз уба-гында иштеп чыгып кабыл алуу механизмине негизделиши керек.

2. Террорчулукка биргелешип каршы туруу тутуму түзүлбөгөн, ал эми коопсуз-дуктун бул жаатын караган түзүмдөрдүн анын камсыздалышын уюштуруу жа-гынан практикалык тажрыйбасы болгон эмес.

Улуттук коопсуздук тутумунун бардык түзүмдөрүнүн, элементтеринин макул-дашылган пландар жана документтер боюнча бирдиктүү иш-аракет жүргүзүү жагынан иштешүүсү, бирдиктүү башкаруу пунктунан бирдиктүү мамлекеттик катнаш жана байланыш, маалымат алмашуу тутумун колдонуу ырааттуу жүр-гүзүлгөн эмес, муну Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку башкаруу органдары жана күч ведомстволору иш жүзүндө уюштурбаган жана жөнгө сал-

31 ЖККУнун расмий сайты, http://www.odkb-csto.org

Page 45: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

44 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

баган. Бул тууралуу коргоо министри Эсен Топоев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешине мындай деп билдирген: «Олуттуу маселелерди бири – биргелешкен операциялар учурунда күч түзүмдөрүнүн бирикмелери менен бөлүктөрүнүн ортосунда иштешүүнүн жана бирдиктүү бүтүн башкаруунун жок-тугу».32

«Ыкчам жооп кылуу, иштешүү жана күжүрмөн милдеттерди чечүү максатында АТТнын ченемдик жактын бекемделген уюштуруу-штаттык түзүмүнө ылайык, командачынын улуттук коопсуздук, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, унаа жана катнаш боюнча орун басарларынын кызматы каралган. Бул кызмат адамда-рынын жоктугу операцияны уюштурууда, иштешүүдө, биргелешкен операция-лардын баарынын ийгиликтүү жүрүшүн камсыздоо максатында коюлган мил-деттерди орундатууда кошумча кыйынчылыктарда жаратат».33

Аскердик башкаруу тутумунда аскердик коопсуздукту камсыздоо чараларын пландап, жүзөгө ашыруу жагынан өзүмчүлдүккө, субъективизмге, өкүмзордук менен иш кылууга, башкаруу органдарында жана коргонуу ишине тартылуучу түзүмдөрүн кызмат адамдарынын коррупциялык иш-аракеттерине, жөнү жок, ойлонуштурбастан эле «реформа» кылышына, жигердүү иштегендей түр көр-сөтүүсүнө жол берилбеши керек. Бул тутумда мамлекеттик каражаттар менен ресурстардын сарамжалдуу пайдаланылышын, иштин реалдуу жана сапаттык жагынан бааланышын камсыздап, аскер кызматына баруучуларды кызыкты-рып түрткү берүү зарыл.

Башкаруу тутуму заманбап илимий-техникалык жетишкендиктерди жана ма-алымат технологияларды колдонгон натыйжалуу, туруктуу жана дайыма өр-күндөтүлүп туруучу материалдык-техникалык инфратүзүмгө таянышы керек. Куралдуу Күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн бул тутумду өнүктүрүү максатында тийиштүү изилдөөлөр жүргүзүлүп, бул ишти аткаруучу көз карандысыз талдоо борборлоруна колдоо көрсөтүп туруу керек.

Куралдуу Күчтөр менен башка аскердик түзүмдөрдү бирдиктүү мамлекеттик жана аскердик жетектөөчү орган башкарып, ал үчүн колдо бар мамлекеттик каражаттар менен ресурстар толук колдонулууга тийиш. Ушул ниет менен Президент Алмазбек Атамбаев КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабын түзүү жөнүндө чечимин чыгарган. Кыргызстандын шартында, мамлекеттик кара-жат тартыштыгын эске алганда – бул аскердик башкаруунун эң алгылыктуу жолу. Бул үчүн тийиштүү ченемдик-укуктук база иштелип чыгып, мамлекеттин аскердик реформасы даярдалышы жана жүргүзүлүшү керек.

Бирдиктүү бекем башчылык негизиндеги иреттелген ушундай башкаруу ту-туму түзүлсө, согуш учурунда эле эмес, каалагандай өзгөчө кырдаалдын, каатчылыктын тушунда маалыматка, каржылоого, материалдык жана адам ресурстарын тартууга, авиацияга, техникага, байланыш жана катнаш кара-жаттарына, уникалдуу жабдууларга, курал-жаракка, шаймандарга жана баш-каларга байланышкан жалпы мамлекеттик маанидеги милдеттерди кыска мөөнөт ичинде башка ведомстволордун да зарыл күчтөрү менен каражатта-рын комплекстүү иштетүүгө жол ачылат.

32 Эсен Топоев, КР коргоо министри. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарына бан-диттик түзүмдөрдүн бастырып келишине бөгөт коюу боюнча операция планынын кандай аткарылып жатканды-гы жөнүндө баяндама. 33 Ошондо.

Page 46: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

451999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫ

3. Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек араларды коргоо жана сактоо-нун талаптагыдай тутуму жок болгондуктан, жоочулар республиканын түштү-гүнө эч тоскоолдуксуз кирип келе алышкан. Чек ара коопсуздугун камсыздоо, карама-каршылыктарды жоюу жана жеңип өтүү, бул өлкөлөрдүн күч-аракет-тери менен ресурстарын жалпы регионго коркунуч келтирүүчү күчтөргө каршы бириктирип, координациялоо үчүн кошуна мамлекеттер менен аскердик-сая-сий мамилелерди жигердүү жүргүзүп туруу талап кылынат.

Экинчи жагынан алганда, 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынын тажрыйбасы көрсөткөндөй, кошуна мамлекеттердин жана жамааттык ко-опсуздук тутуму (ЖКК, азыр ЖККУ) боюнча өнөктөштөрдүн толук кандуу жар-дамына өтө ишене берүүгө болбойт экен. Келишим декларативдүү болгондук-тан жана биргелешкен аскердик иш-аракеттер, улуттук Куралдуу Күчтөрдүн өнөктөш мамлекеттердин чегинен тышкарыда катышуусу жөнүндө чечим кабыл алуу тартиби менен укуктук жол-жоболору иштелип чыкпагандыктан, жамааттык коопсуздук механизми керек учурда иштебей калышы ыктымал. Кыргызстан эл аралык террорчу бандиттик түзүмдөр бастырып киргенде, аларга каршы куралдуу соккуну өз алдынча урууга туура келген жагдайга да даяр болушу керек.

4. Куралдуу Күчтөр жана башка аскер түзүмдөр эл аралык бандиттик түзүмдөргө каршы бөтөнчөлүктүү салгылашууга даяр эмес эле. Аскердик башкаруу органдарынын жана аскерлерди даярдоо ыгы менен багыты тер-рорго каршы күрөштүн талаптарына жооп берген эмес. КР Куралдуу Күчтөрү классикалык схема боюнча даярдалып келген: алар ыктымал душмандын туруктуу аскерлерине каршы согушка гана даярданышкан. Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, туруктуу бөлүктөр менен бөлүмчөлөрдүн командачылыгы жана өздүк курамы бандиттик түзүмдөрдүн иш-аракет тактикасын билбегендиктен, 1999-2000-жылдардагы операциялар мезгилиндеги күжүрмөн иш-аракеттерге психологиялык жактан даяр эмес эле. Ошондуктан далай адамдар бөөдө кур-ман болуп, жогору даражалуу аскер кызматкерлери жана жарандык жактар барымтага түшүп калышты.

Куралдуу Күчтөрдүн моралдык-психологиялык даярдыгын камсыздоого, күжүрмөн иш-аракеттердин катышуучуларын, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсүн, согушта алган жаракатынан же аскер кызматын аткаруу учурунда ооруп калгандыгынан улам эмгекке жарамдуулугун жоготкон адамдарды со-циалдык коргоо жана камсыздоого өзгөчө көңүл бөлүү керек.

5. Куралдуу Күчтөрдүн жетишсиз каржылангандыгы зарыл курал-жарактын, чакан көлөмдүү заманбап байланыш жана чалгындоо каражаттарын, түнкүсүн көрүүчү жана мээлөөчү алеттер менен жабдууларды сатып алууга мүмкүн-дүк берген жок. Буларсыз аскерлердин эл аралык террорчулардын бандит-тик түзүмдөрүнө каршы жогорку деңгээлдеги натыйжалуу согушуусу мүмкүн эмес эле. Материалдык ресурстар зарыл өлчөмдө камдалбаган. Ошондуктан эл аралык коомчулукка жана өнөктөш өлкөлөргө аскердик-техникалык көмөк сурап кайрылууга жана чет өлкөлүк сүрөөнчүлөргө көз каранды болууга туура келген.

6. Кыргызстандын түштүк регионунда социалдык-экономикалык инфратүзүм, мунун ичинен жолдор, телекатнаш начар абалда кала берген. Ошондуктан

Page 47: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

46 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Куралдуу Күчтөрдүн чет өлкөлүк бандиттик түзүмдөрдү кысып, жок кылууга багытталган иш-аракеттери ойдогудай болбоду.

7. Террорчулукка каршы туруу үчүн өлкөдө атайын кесипкөй үйрөтүлгөн жана террорго каршы бардык түзүмдөр менен камсыздалган түзүмдөр жана күчтөр болушу керек. Кыргыз Республикасынын террорго каршы атайын түзүмдөрү Баткен окуялары башталган кезде талаптагыдай өнүктүрүлбөгөн (УКМдин террорго каршы «Калкан» бөлүмчөлөрү жоюлган болчу), алар эми гана ка-лыптана баштагандыктан, бандиттик түзүмдөргө каршы өз алдынча күрөшүү-гө даяр эмес эле.

8. Операцияны ар тараптуу камсыздоодогу мүчүлүштүктөр.

АТТны камсыздоо маселелери операциянын натыйжалуу даярдалышына жана жүргүзүлүшүнө кандай таасир эткендиги республиканын Коргоо кеңе-шинин мүчөлөрүнө коргоо министри жасаган баяндамасынан көрүнүп турат: «Маалыматтык камсыздоо максатында Коргоо министрлиги АТТ басма сөз борборун түзгөн эле, ал өзүнүн милдеттерин негизинен аткара алды. Улуттук, регионалдык жана чет өлкөлүк ЖМК операциянын жүрүшү жөнүндө маалы-матты өз убагында алып турушту».34

Бул отчетто белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын жана улуттук жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердигин талдаганда, бул түзүмдөр Куралдуу Күчтөрдүн АТТ иши жөнүндө КМШ, Борбордук Азия өлкөлөрүндө жана Кыргыз Республикасында коомдук оң пикирди жайылтуу, эл аралык террорчу уюмдардын маалыматтык терс таасирин жеттетүү, күжүрмөн иш-аракеттер зонасындагы калктын аскерлерге аң-сезимдүү түрдө көмөктөшүүсүн камсыздоо, АТТнын алдына коюлган милдеттерди орундоо үчүн жагымдуу шарт түзүү боюнча жигердүү чараларды көрбөй жаткандыгы аныкталган.

Бул жагдайдын негизги себеби – Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкарыда жүргүзүлүп жаткан маалымат-үгүт иштерин, ЖМКны тартуу менен, кылдат иштелген сценарий боюнча максат-милдетин, убактысын макулдаштырып уюштуруучу бирдиктүү мамлекеттик органдын жоктугу.

Алсак, 2000-жылы августта бандиттик түзүмдөрдү жок кылуу операциясынын жүрүшүндө ЖМКда аскер кызматкерлеринин курман болушун уу-дууга айлантууга аракеттенген макалалар жана жоготуусуз согушууну талап кылган саясатчылар-дын сөздөрү өтө көп чыгып кетти. Айрым россиялык жана батыш ЖМКларда Кы-ргызстандын армиясы өлкөнүн түштүк чегиндеги коопсуздукту камсыздоого жана жоочуларга каршы турууга жөндөмсүз деген пикир жайылтылып жатты. Телекат-наш инфратүзүмүнүн начардыгынан, күжүрмөн иш-аракеттер аймагында улуттук радио-теле, берүү каналдары кабылданбай турду.

Республиканын түштүгүндө коопсуздукту камсыздоонун чечүүчү шарты – бан-диттик түзүмдөрдү толугу менен жок кылууга багытталган операцияны жетиштүү жана өз убагында каржылоо эле.

Такталган планга ылайык, Коргоо министрлигине 2000-жылы 705 млн. 441 миң 500 сом каралган болсо, иш жүзүндө 520 млн. 038 миң сом гана бөлүнгөн (каржы-лоонун чаласы 185 млн. 402 миң 600 сомду түздү).34 Эсен Топоев, КР коргоо министри. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарына бан-диттик түзүмдөрдүн бастырып келишине бөгөт коюу боюнча операция планынын кандай аткарылып жатканды-гы жөнүндө баяндама.

Page 48: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

471999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫ

Коргоо кеңешинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Планга ылайык, 2000-жылы Коргоо министрлигинин түштүктөгү операцияны да-ярдоого жумшала турган акча каражаттарына муктаждыгы 145 млн. 429 миң 600 сом деп бааланган. 2000-жылы 1-сентябрга карата 115 млн. 421 миң 700 сом ажы-ратылган. Каржылоо чаласы 30 млн. 7 миң 900 сомду түзгөн.

Бирок жалпысынан Баткен окуяларын эртелеп алдын алуу боюнча айрым иштер кантсе да жүзөгө ашырылгандыгын белгилей кетүү зарыл. Ошол эле учурда:

• ыкчам маалымат жетишсиздик кылды. 1999-жылдагы Баткен аскердик өнөктүгүнүн ыкчам тобу жоочулардын канчалык ичкери кирип келиши ык-тымалдыгы жөнүндө маалыматка ээ эмес эле;

• кырдаалдан кабардарлык деңгээли да төмөн болгон, антпесе барымтага кишилер түшүп калгандай коркунучтуу жагдай түзүлмөк эмес;

• борбордук жана жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги (милдеттери) чындыгында так ажырымдалбаган (жергиликтүү бийликтегилер жөн гана борбордук бийликтин көрсөтмөлөрүн угуп, аткаруу керек деген эрежени эле билчү);

• чечим кабыл алуу процессинде мамлекеттик чек араны бузгандарга кара-та иш-аракет кылуу керектиги боюнча так көрсөтмөлөр иштелип чыкпаган, кандайдыр бир чектөөлөр белгиленбеген болчу. Негизги чечимдер прото-колдонуп, бирок конкреттүү эмес, жалпы чаралар гана көрсөтүлчү. Экинчи аскердик өнөктүктө гана жетиштүү түрдө түшүнүктүү, мисалы, жоочулар-ды аёосуз жок кылгыла дегендей, командалар бериле баштады.

• буга чейин белгиленгендей, Баткен окуяларына байланышкан маселелер-ди чечүү логистикасы да начар болгон. Мындай учурларда кошумча ре-сурстарды тартуу механизмдерин жакшыраак иштеп чыгуу керек.

Акырында, Борбордук Азия мамлекеттеринин бийликтери да Баткен окуяла-рынан тийиштүү сабактарды алышы керек: экстремизм жана террорчулуктун ре-алдуу коркунучу туулганда, чындап биригүү менен гана аны жеңип өтүүгө болот. 1999-2000-жылдары бул жаатта иштешүү координацияланбай, көбүнчө сөз жүзүн-дө кала берген же кошуналар четте көз салып гана турушту.

Корутунду

Баткен окуяларынан бери он беш жыл өттү. Бул мезгил аралыгында Борбордук Азия мамлекеттеринин кызматташуу форматтары жана мазмуну олуттуу өзгөрдү. Тажикстан менен Өзбекстандын, Кыргызстан менен Өзбекстандын, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын эл аралык мамилелери кыйла начарлап кетти. Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон мамилесинин начар-лашына чек аралардын белгиленбегендиги жана аныкталбагандыгы, чек арага жакын аймактардагы ондогон курмандыктар менен коштолгон дайымкы чыр-ча-тактар да кыйла түрткү берүүдө. Мындан тышкары Өзбекстандан Кыргызстандын түштүгүнө газдын 2014-жылы жаз айларынан тартып такыр эле токтоп калышы менен байланышкан пикир келишпестиктерди да белгилей кетүү керек. 1999-

Page 49: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

48 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

жылы Өзбекстандын президенти Ислам Каримов өзү ӨИК жоочуларына каршы туруу маселелерин талкуулоо үчүн келген болсо, азыр анын Кыргызстанга иш са-пар менен келиши жөнүндө сөз кылууга да мүмкүн эмес.

Бул региондогу геосаясий кырдаалга 2010-жылдагы Ош окуялары – кыргыздар менен өзбектердин улут аралык кырылышуусу (бир нече миң киши жабыр тарткан) да өзгөчө таасирин тийгизди. Мунун кесепетинен Кыргызстандын жүздөгөн этни-калык өзбектери радикал исламчыларга кошулуп, Пакистандагы, Ооганстандагы жоочуларды даярдай турган базаларга кетти. Алар Борбордук Азия мамлекетте-риндеги динден тыш режимдерге каршы согуштук иш-аракеттерге катышуу үчүн Фергана өрөөнүнө кайтып келүүгө даяр. Баткендегидей окуялардын кайталануу ыктымалдыгы кыйла эле чоң. 2014-жылы 9-июнда ӨИК жоочулары Пакистандын Карачи шаарындагы «Джинна» аэропортунда теракт уюштуруп, өздөрүнүн бар экендигин дагы бир ирет катуу жар салышты35. Борбордук Азия жана Пакистан боюнча немис эксперти Гюнтер Кнабенин (Günter Knabe) пикиринче, ушунчалык чоң аэропорт болгон «Джиннага» кол салуу – бул Исламабад эле эмес, Борбор-дук Азия республикалары үчүн, айрыкча ӨИК кастыгын тиккен Ташкент бийлиги үчүн да кооптуу коогалаң. Эксперт айткандай, бул кыймыл Карачиден тартып Оо-ганстандын түндүк провинцияларына чейинки орчундуу мейкиндикте, андан ары, балким, ушул республикалардын аймактарында да чуулган салууга даяр экенди-гин каңкуулады. «ӨИК региондун НАТОнун аскерлери Ооганстандан чыгарылып кеткенден кийин аныктала турган саясий жана аскердик келечегинде таасирдүү роль ойноорунан ишаарат кылды», - дейт Гюнтер Кнабе немистердин Deutsche Welle (DW) маалымат агенттигине берген маегинде. Ар кайсы эксперттердин, ми-салы, Россиянын Азыркы Ооганстанды изилдөө борборунун эксперти Андрей Се-ренконун пикиринче: «Соңку он жыл аралыгында ӨИК “террорчу интернационал” иерархиясындагы өз макамын кайрадан тикелегенге жетишти. ӨИКтин катарында 10-12 миңдей жоочу бар деп эсептелип жүрөт. Булардын көбү Сирияда согушуп келген».36

Кыргызстандын күжүрмөн даярдыгын жана аскердик коопсуздугунун камсызда-лышын баалаганда, маанилүү концепциялык документте – Кыргыз Республика-сынын 2013-2017-жылдарга мерчемделген улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясын-да белгиленген жетиштүү даражада туура берилген жоболорго таянууга болот: «Азыркы кезге чейин Кыргызстан коргонуу курулушунда олуттуу натыйжаларга жетише албай келди. Бүгүнкү күндө бул тутумдун дээрлик бардык компонентте-ри канааттандырарлык эмес абалда. Башкаруу тутумун да кайра карап чыгып, жакшыртуу жана коргонууну ар тараптуу камсыздоо үчүн түпкүлүктүү чараларды көрүү талап кылынат».37

Муну менен катар, азыркы учурда өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо жаа-тында айрым иштер жүргүзүлүп жатат. Мында Кыргыз Республикасынын Жогорку баш кол башчысынын – Президентинин Куралдуу Күчтөрдү башкарууну оптимал-даштыруу жана аны Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн башка бөлүмчөлөрү менен координациялоо – Башкы штабды түзүү максатында жакында чыгарылган чечим-

35 Исламское движение Узбекистана: возрождение угрозы – DW. Төмөнкү URL боюнча караңыз: http://korrespondent.net/world/3378530-yslamskoe-dvyzhenye-uzbekystana-vozrozhdenye-uhrozy-DW [2014-ж. 15-июнь] 36 Ошондо. 37 Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга мерчемделген улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясы. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жыл, 21-январдагы ПЖ № 11 Жарлыгы менен бекитилген.

Page 50: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

491999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫ

дерин эске салсак жетиштүү болот. Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жыл-дарга мерчемделген улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясында өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн бирдиктүү башкаруу борборун түзүү, ага төмөндөгүдөй милдеттерди жүктөө зарылдыгы белгиленген:

• армияны зарыл деңгээлге чейин кесипкөйлөштүрүү. Мунун натыйжасын-да бизде контракт боюнча жана чакыруу боюнча кызмат өтөгөн аскерлер оптималдуу катышта болушу керек;

• аймактык коргонуу күчтөрүн бекемдөө, буга мобилизациялоо-чакыруу ка-мынын эффективдүү тутумун түзүү аркылуу да жетилишет. Бул күчтөр өл-көнүн аскердик коопсуздугун камсыздоочу алгылыктуу каражат болуп ка-лууга тийиш, анткени өзүн-өзү коргоо принциптерине эң толук туура келет. Ушундай эле чараларды жарандык коргонуу жаатында да көрүү зарыл.

Куралдуу Күчтөрдү башкаруунун ушундай бирдиктүү борбору болуп 2014-жылы февралда түзүлгөн Башкы штаб саналат. КР Президентинин бул демилгеси кан-чалык оңунан чыгарын убакыт көрсөтөт. Башкы штабды түзүүгө Баткен окуялары-нын сабактары да түрткү болгондугу анык.

Булактар

1. Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга мерчемделген улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясы. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жыл, 21-январдагы ПЖ № 11 Жарлыгы менен бекитилген.

2. Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасы. Кыргыз Республикасы-нын Президентинин 2013-жыл, 15-июндагы ПЖ № 165 Жарлыгы менен бекитилген.

3. Алымбеков Мирлан, Чотбаев Абдыгул: «Исключать повторение Баткен-ских событий 1999 года нельзя». Төмөнкү URL боюнча караңыз: http://www.kabar.kg/rus/kabar/full/18967 [12 июня 2014 г.]

4. Амин Саид. Анализ Баткенских событий 1999-2000 г. Испытание на проч-ность. Баткен: 1999-2000 гг./ Институт Стратегического анализа и прогно-за при КРСУ/. – Бишкек, 2006.

5. Армия Кыргызстана сменила штаб. Төмөнкү URL боюнча караңыз: http://region.kg/index.php?Itemid=35&catid=28:bezopasnost&id=970:2014-02-26-17-55-07&option=com_content&view=article [7 июня 2014 г.]

6. Бибикова Ольга. Баткен: Наступление мусульманского экстремизма.// Центральная Азия жана Кавказ. Швеция, Стокгольм. - 2000. - № 1(7), с.36.

7. Исламское движение Узбекистана: возрождение угрозы – DW. Төмөнкү URL боюнча караңыз: http://korrespondent.net/world/3378530-yslamskoe-dvyzhenye-uzbekystana-vozrozhdenye-uhrozy-DW [15 июня 2014 г.]

8. Ким Александр. Испытание войной. Хроника. События. Факты. - Бишкек, 2004.

Page 51: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

50 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

9. Князев Александр. Афганистан как источник религиозного экстремизма и терроризма. - Бишкек, 2000.

10. Князев Александр. История афганской войны 1990-х гг. и превращение Аф-ганистана в источник угроз для Центральной Азии. – Бишкек: КРСУ, 2002.

11. Московские новости от 24 – 30.08.1999 г.

12. Манастын урпактары. КР Куралдуу Күчтөрү. - Бишкек, 2011.

13. Начальник Главного штаба КК КР: Баткенская война дала понять, что мы суверенное государство и должны сами себя защитить. Төмөнкү URL бо-юнча караңыз: http://news.bibo.kz/315085-nachalnik-glavnogo-shtaba-vs-kr-batkenskaja.html [4 июня 2014 г.]

14. Независимая газета от 19.10.1999 г.

15. Омуралиев Нурбек, Элебаева Айнура. Баткенские события в Кыргызста-не.// Центральная Азия и Кавказ. Швеция, Стокгольм. - 2000. - № 1(7), с.28.

16. Баткен облусун 2008-2011-жж. өнүктүрүү программасы. Төмөнкү URL бо-юнча караңыз: http://gov.btour.kg/batken/?page_id=109 [10 июня 2014 г.]

17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жыл, 17-декабрдагы отуру-мунун биринчи маселесине карата даярдалган «Кыргыз Республикасы-нын Куралдуу Күчтөрүн өнүктүрүү жана социалдык-укуктук корголуусун күчөтүү чаралары жөнүндө» маалымкат.

18. Уроки Баткенских событий. В сборнике «Международный терроризм». – Бишкек, 2000.

19. Хроника Баткенских событий 1999 г. Төмөнкү URL боюнча караңыз: http://ctaj.elcat.kg/tolstyi/c/c010.htm [1 июня 2014 г.]

20. Чотаева Чолпон. Роль ислама в общественно-политической жизни Кыргы-зстана. 2003 г. № 6.

Page 52: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

511999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫ

ТИРКЕМЕЛЕР 1999-2000-жылдардагы Баткен окуялары жөнүндө жалпы маалыматтар

1. Согуш аракеттери башталган:- 1999-жылы – 5-августта;- 2000-жылы – 11-августта.

2. Жоготуулар:а) орду толгус:- 1999-жылы – 20 киши, мунун ичинен КР КМ – 15 киши (офицерлер – 4, прапорщиктер – 1, солдат, сержанттар – 3 киши), жарандык жактар – 2 киши;- 2000-жылы – 31 киши, мунун ичинен КР КМ – 29 киши (офицерлер – 7, сол-дат, сержанттар – 21 киши, булардын ичинен дайынсыз жок болгону – 1), ИИМ – 2 киши.б) санитардык:- 1999-жылы – 43 киши (күжүрмөн – 33, күжүрмөн эмес –10);- 2000-жылы – 39 киши (күжүрмөн –18, күжүрмөн эмес – 21).

3. Эл аралык бандиттик түзүмдөр тараптан жоготуулар:- 1999-жылы – расмий маалымат болгон эмес;- 2000-жылы - 64 жок кылынган, 2өө туткунга алынган.

4. Барымтага түшкөндөр:- 1999-жылы – 9 киши, мунун ичинен Кыргыз Республикасынын жарандары – 5 киши, Япониянын жарандары – 4 киши;- 2000-жылы – 16 киши, мунун ичинен Россия Федерациясынан – 3 киши, Өзбекстан Республикасынан – 2 киши, ФРГ – 6 киши, Украинадан – 1 киши.

5. Сыйлангандар:- 1999-жылы – 264 киши, мунун ичинен «3-даражадагы Манас ордени» ме-нен – 29 киши, «Эрдик» медалы менен – 118 киши, Кыргыз Республикасы-нын Президентинин Ардак грамотасы менен – 117 киши;- 2000-жылы - 181 киши, мунун ичинен «2-даражадагы Манас ордени» менен – 2 киши, «3-даражадагы Манас ордени» менен – 22 киши, «Эрдик» медалы менен – 95 киши, «Даңк» медалы менен – 13 киши, Кыргыз Республикасы-нын Президентинин Ардак грамотасы менен – 46 киши;- 2001-жылы – 5 киши, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак гра-мотасы менен – 5 киши; Бардыгы болуп 1999 -2001-жылдары 447 киши сыйланган.

Page 53: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

52 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

№1 схема. Баткен окуяларындагы операциянын биринчи этабы

2-схема. Баткен окуяларындагы операциянын экинчи этабы

Page 54: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

531999-2000-ЖЫЛДАРДАГЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫ

3-схема. Баткен окуяларындагы операциянын үчүнчү этабы

Өзбекстандын ААК Кыргыз Республикасынын Курал-дуу Күчтөрүнүн ӨТ менен макулдашылган 1999-жылы 29-августта бомбалоо соккуларынын планы

Page 55: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

54 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Бул пландан Кара-Тейитке бомба таштоо мерчемделбе-гендиги көрүнүп турат. 2000-ж. 7-августта саат 13.00 жоочулар тобунун Төрө ашуусу аркылуу өтөөрү жөнүндө-гү Тажикстан Республикасынын КК УБШ берген маалымат

Page 56: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)
Page 57: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)
Page 58: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

2008-ЖЫЛДАГЫ НООКАТ ОКУЯЛАРЫНЫН МИСАЛЫНДАГЫ ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

Икбалжан Мирсайитов

Кыскача сереп

2008-жылы 1-октябрда болгон Ноокат окуяларынан жана расмий бийликтегилер-дин (Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, ИИМ, УКМК) ошол коога-лаңдан соң жасаган иш-аракеттеринен кийин мыйзамсыз экстремисттик Хизб ут-Тахрир38 партиясынын ишмердиги кыйла басаңдап калды. 2008-жылы 1-октябрда Ош облусунун Ноокат районунун борборунда бийликтин Курман айтты майрам-доого тыюу салганына каршы жергиликтүү калк жалпы козголду. Буга нааразы бо-луп, себебин түшүндүрүүнү талап кылып райондук мамлекеттик администрацияга келген ноокаттыктар (негизинен аялдар менен жаштар), бир нече активисттерин укук коргоо органдары кармап алган соң, администрациянын имаратын таш ба-раң кылып, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин сабай баштады. Ноокат ш.39 жапырт чыккан тургундарынын жергиликтүү мамлекеттик администрация ме-нен тирешүүсүнөн кийин бүткүл өлкөдө укук коргоо органдары Хизб ут-Тахрирдин ишмердигине бөгөт коюу жаатында жигердүү иш жүргүзө баштады.40

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары Хизб ут-Тахрирдин ишмердиги-не каршы катуу чараларды көргөндө, бул иш өз натыйжасын берди. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орунбасары Шакир Зулимов айткан-дай, «… бейбаштыкка каршы укук коргоо органдарынын көргөн чаралары бул партиянын айрым мүчөлөрүнүн андан чыгып кетишине түрткү берди. Алар Хизб ут-Тахрирдин катарынан чыккандыгын ачык айта башташты. Ноокат районунда, ошентип, Хизб ут-Тахрирдин 18 мүчөсү, Кара-Суу районунда 11 мүчөсү көз ка-рашын өзгөрттү. Жалал-Абад облусунан да 50дөй киши мындай чечимин ачык ай-тып чыгышты, - деди ал. – Ошентип, биздин катуу иш-аракеттерибиз алгылыктуу болду да, алгачкы натыйжалары көрүнө баштады. Бул партияга азгырылгандар эми мурдагыдай ачыктан ачык чыга албай калды».41

38 Хизб ут-Тахрир аль Ислами (Ислам боштондукка чыгаруу партиясы) 1956-жылы Иерусалимде шарият судья-сы Такыюддин Набханий тарабынан түзүлгөн. Кийинчерээк бул партиянын идеялары жана программасы пост-советтик мейкиндикке да жайылтыла баштаган. Көпчүлүк мусулман өлкөлөр Хизб ут-Тахрирди бөлүп-жаруучу жана исламга зыян келтирүүчү деп жактырбайт. КР Жогорку сотунун 2003-жыл, 20-августтагы чечими боюнча Хизб ут-Тахрир экстремисттик уюм деп таанылып, өлкөдө иш жүргүзүшүнө тыюу салынган. 39 Ноокат шаары Ош облусунун түндүк-чыгыш бөлүгүндө, облус борборунан – Ош шаарынан түштүк-батыш та-рапта 43 км алыстыкта жайгашкан. Жакынкы темир жол станциясы Ош шаарынан 46 км аралыкта жайгашкан. Ош шаарындагы жакынкы аэропортко чейин 48 км. Бул шаар аркылуу Ош — Баткен — Исфана автотрассасы өтөт. 40 Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүнүн тизмеси 4 баракта түзүлгөн эле // 2008-жыл, 1-октябрдага Ноокат шаарында болгон окуяларга байланыштуу түзүлгөн комиссиянын жүргүзгөн мониторингинин жыйынтыгында түзүлгөн (от-чет 2009-жылы 24-февралда КР Акыйкатчысынын алдында түзүлгөн Ноокат окуяларын мониторингдөө боюнча комиссия тарабынан даярдалган). 41 Султанова Венера, Рузадорова Дильбар, IWPR Online RCA №572, 2009-жыл, 8-апрель// http://stopdictatorkarimov.com/Citadel_zhestokosti.htm

Page 59: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

58 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Кыргызстанда Хизб ут-Тахрирдин идеологиясы жана программасы адегенде эт-никалык өзбектер арасында жайылтылып, Өзбекстан Республикасына каршы ба-ракчалар таратыла баштагандыгын белгилей кетүү керек.

1998-2007-жылдары бул мыйзамсыз уюм жергиликтүү калк арасында көп иштер-ди кылды: өлкө парламентине, жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордо өз талапкерлеринин пайдасына үгүт жүргүздү; Кыргызстандын Мусулмандарынын расмий дин башкармалыгы менен дин маселелери боюнча талаш-тартышка чы-гып, өздөрүнүн жүйөлөрүн туура деп далилдешке аракеттенип турду. Хизбутчулар ошондой эле мечит имамдарын да алмаштырууга, расмий дин лидерлеринин ка-дыр-баркын түшүрүүгө аракеттенип, өз идеяларын жаштар арасында баракчалар, китептер, дисктер аркылуу жигердүү таратышкан.

Ноокат окуяларынан жана укук коргоо органдарынын көргөн катуу чараларынан кийин Хизб ут-Тахрир42 лидерлери абдан жашыруун иштегенге өтүштү, алардын иши кыйла солгундады, бул мыйзамсыз партиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү чет өлкөгө кетип калышты.

Ошол эле учурда, 2008-жыл, 1-октябрдагы Ноокат окуяларына демилгечи бол-гон Хизб ут-Тахрир жетекчилеринин ордуна карапайым динчил кишилер соттолуп калды. Хизб ут-Тахрирдин бир гана мүчөсү соттолгондугун бул уюмдун жетекчи-лери кийинчерээк айтып чыккан.43 Бардыгы болуп 32 киши соттолуп, мунун ичи-нен экөө аял, дагы экөө жашы жете элек өспүрүм болгон.

Алгач ирет Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте экстремизмге каршы туруу боюнча ведомство аралык план да иштелип чыккан эле. Калк арасында Хизб ут-Тахрирдин идеологиясына жергиликтүү деңгээлде каршы туруу (алдын алуу жана бөгөт коюу) иштери жүргүзүлө баштады.

Укук коргоо органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бир-геликте алгач ирет Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрүнүн жалпы тизмесин түзүп, же-текчи курамы, саны, баш ийүүчүлүк ирети жөнүндө конкреттүү маалыматтарды такташты.44

Бирок, ошол эле учурда, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык эле кызматкерлери Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрүн айырма-лай билбейт.45

Көбүнчө «хизбутчу» же «вахаби» деген айып сакал коюп алган, ислам жөнүндө анча-мынча билими бар адамдардын баарына коюла берет. Ноокат окуяларынан кийинки жылдарда экстремисттик партиянын ишмердигин изилдөөнүн, анын түзүмүн жана өлкө ичиндеги жана сыртындагы мүмкүнчүлүктөрүн талдоонун на-тыйжасында укук коргоо органдары бул мыйзамсыз партияга карата иш жүргүзүү тактикасын өзгөрттү. Эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен бир-

42 Хизб ут-Тахрир легалдуу партия болууга умтулбайт. Анткени, биринчиден, КР Конституциясында диний не-гизде партия түзүүгө тыюу салынган, экинчиден, легалдуу болуп алган соң анын кысым көрсөтүү каражаты катары оппозициялык иши да маанисин жоготот. 43 Ошондо. 44 Пономарев Виталий. Кыргызстан: нарушения прав человека в связи с делом о «ноокатских событиях»// http://prava.kloop.kg/files. 45 2008-жылдагы Ноокат окуяларына байланыштуу түзүлгөн комиссия жүзөгө ашырган адам укуктарынын сак-талышын мониторингдөө боюнча отчет. (Бул отчет КР Акыйкатчысынын алдында Ноокат окуяларын монито-рингдөө боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан 2009-жылы 24-февралда даярдалган. 15-бет).

Page 60: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

59ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

геликте калк арасында да, дин кызматкерлеринин арасында да алдын алуу чара-лары жүргүзүлө баштады.

Репрессия жана жазалоо чаралары түрмөлөрдө Хизб ут-Тахрирдин (ХТ) жактоочуларынын камактагы карапайым адамдарды өз катарына тарта башташы-на алып келди. Соттоо, камоо усулдары ХТ ишмердигин убактылуу гана басаңдат-ты, бирок партиянын жетекчилиги толугу менен тымызын иштөөгө өттү да, бүтүн-дөй Борбордук Азиядагы башка мусулман жамааттарынан шериктештерин издей баштады.

2008-жылдагы Ноокат окуялары жана алардын натыйжалары экстремизм көрүнүшүнө экинчи жагынан кароого мүмкүндүк берди. Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү менен талашып-тартышуунун кажети жок, бирок аларды башка соттолгондор ме-нен чогуу түрмөгө отургузууга да болбойт. Анткени бул жайларда Хизб ут-Тахрир-дин идеялары тез жайылат. Азыркы учурда укук коргоо органдарынын жетекчили-ги жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы диний экстремизмге идеологияляк каршы туруу программасын иштеп чыгышы зарыл болуп калды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана ИИМ 10-башкы башкармалыгы сыяктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы бөлүмдөрү кризис кырдаалын эртелеп алдын алуу боюнча индика-торлорго ээ болгон эмес. Мамлекеттик органдар Ноокат окуяларынын себептерин жоюунун ордуна, натыйжалары менен гана алектенип калды.

Ноокаттагы калктын каршылык иш-чараларды өткөрүшү мүмкүндүгү тууралуу мамлекеттик органдардын утурумдук маалыматы жетиштүү болгон. Маалымат мүмкүн болгон булактардан: ИИМ, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, көз карандысыз эксперттерден – бардыгынан та-лаптагыдай чогултулган эле. Утурумдук маалыматтар иштелип, талданып чыккан, бирок диний экстремизмге каршы күрөшкө шылтоолоп, Хизб ут-Тахрирге катышы жок карапайым жарандар кысымга алынып калган.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү калк Орозо айттын майрамдалышы жөнүндө билген: жергиликтүү администрация иш-чараны уюштуруучулардан ка-барландырма алып, калктын майрамга чыкпай, айтты үйлөрүндө эле өткөрүшү үчүн чара көрүшкөн. Бирок тирешүү болуп кетерин, ал ырбап, калк менен жерги-ликтүү бийликтин ачыктан-ачык кагылышуусуна алып келерин эч ким алдын ала билбеген.46

Кагылышуудан кийин дароо эле райондук мамлекеттик администрациянын ал-дында ыкчам штаб уюштурулуп, ведомство аралык тергөө тобу да түзүлгөн. Укук коргоо органдарынын ар бири (ИИМ жана УКМК) өз иш-милдеттерин аткарышкан. Жалпы ишке Ош облусунун губернатору Аалы Карашев башчылык кылып, масе-ленин чечилишине борбордук бийликтен Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров көзөмөл жүргүзгөн.

Укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийликтегилер тикелей кагылышуудан кийин Ноокатка дароо милициянын кошумча контингентин алып келе баштады. Ош облусунун жетекчилиги облустун бүтүндөй милиция курамын: кайгуул-күзөт

46 Өлкөнүн коопсуздук тутумунда кризиске каршы белгилүү пландар жана иш-чаралар («жеткирбей кармап ка-луу», «коога») иштелип чыккан, бирок мунун баары борбордук бийликтин жана ведомство жетекчилеринин демилгесине көз каранды.

Page 61: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

60 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

кызматын (ККК), атайын отрядды (спецназды), ИИ башкармалыгын, ИИБ – баа-рын, булардан тышкары УКМКнын Ош облустук ыкчам топторун жана облустук прокуратураны да мобилизацияды. Бирок кошумча топтолгон күчтөр (кишилер да, мамлекеттик резерв да) колдонулган жок.

Каршы чыккандарга карата союлча, көздөн жаш агызуучу газ колдонулду. Каршы чыккандар жана башаламандыкты чыгаргандар кууп таратылды. Башаламандык учурунда видеого тартылып калгандар жана ИИМдин тизмесине киргендер кийин-черээк кармалып, айыпталышкан.

Ош облусунун жетекчилиги жана укук коргоо органдары калк арасында түшүн-дүрүү иштерин жүргүзүү үчүн эксперттерди, айыл аксакалдарын, кадыр-барктуу имамдарды тартты. Бирок мунун баары 1-октябрдан кийин гана уюштурулду. ИИМдин кара күчкө гана таянган усулдары, айып тагуу процесси жана соттук те-риштирүүлөр эл аралык уюмдардын, жергиликтүү БӨУлардын жана калктын наа-разылыгына алып келди.

Этнос аралык ыктымал кагылышуулардын алдын алууга аракет жасаган эмес деп, Ноокат районунун жетекчилигин алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бирок, укук коргоочулар айткандай, «суралган бийлик өкүлдөрүнүн эч кимиси күч түзүмдөрүнүн ишин ким координациялап, райондук администрациянын алдын-да чогулгандарды кууп таратуу буйругун бергендигин так айта алган жок. Ноокат районунун прокуратурасы гана мындай буйруктарды милициядан башка эч ким бербейт деп жооп кайтарды».47 Мамлекеттик органдар дүйнө жүзүнө 2008-жыл-дагы Ноокаттагы тополоңду мыйзамсыз Хизб ут-Тахрир партиясы чыгарды деп көрсөтүүгө далалат кылышты. Мамлекеттик органдардын жана укук тартибин сак-тоо күчтөрүнүн бул версиясын Россия, Казакстан, Өзбекстандын жана Кытайдын көптөгөн маалымат агенттиктери коштоп кетти48.

Ноокат окуяларына чейинки жана андан кийинки маалымат мейкиндиги эки жа-атка бөлүнүп калды. Мамлекеттик телерадио каналдар жана интернет порталдар Ноокат окуяларын «массалык башаламандыктар» жана диний касташууга чагым-чылдык кылуу, конституциялык түзүмдү күч менен кулатууга аракет катары көр-сөтүп жатышты. Көз карандысыз жана укук коргоо багытындагы интернет сайттар менен каналдар башаламандыкка катышкандарды кармоодо, айып тагууда жана соттук териштирүүлөрдө адам укуктары бузулгандыгын белгилешти. Ноокат оку-ялары болгонго чейин бир дагы ЖМК ал тууралуу маалымат жарыялаган жок, анткени эч ким алдын ала билген эмес: чагымчылдык жана кагылышуу майрам күнү күтүүсүз болду.

Укук коргоочу уюмдардан жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын ап-паратынан айтылгандай, укук коргоо органдарынын бардык иш-аракеттери жаза-лоочу, куугунтуктоочу мүнөздө болгон. Алар көрсөтмө алуу үчүн кармалгандарды кыйноого салышкан 49.

Кармалгандар өздөрү да адам укуктарын коргоо боюнча ченемдерди билишкен эмес. Мыйзамдуулуктун сакталышына натыйжалуу көзөмөлдү мамлекет да, укук коргоо органдары да жүргүзбөгөн.

47 Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кыскача отчету // Коомдук маалымат борбору: http://newcpi.wmtest.ru/2009/03/03/2560 стр. 11. Бул отчет КР Акыйкатчысынын расмий сайтында бар. 48 Заслон экстремизму//http://kp.kazpravda.kz/c/1274128991 ; Эхо Оша. № 43(152830) 11 июня 2011 года. 49 Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына караштуу комиссиянын кыскача отчету // Коомдук маалымат бор-бору http://newcpi.wmtest.ru/2009/03/03/2560 12-бет.

Page 62: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

61ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

2010-жылы 26-апрелде укук коргоочулар менен эл аралык эксперттерди күч-ара-кети менен «Ноокат иши» боюнча соттолгон 32 киши акталып чыкты.

Кризис кырдаалынын кыскача сыпаттамасы

2008-жылдагы Ноокат окуялары региондогу тургундардын көпчүлүгү үчүн күтүүсүздөн болду. Орозо айт жана Курман айт мамлекеттик майрамдар болуп саналат жана бардык жерлерде белгиленет. Эгер 1991-жылдан 2000-жылга чейин бул майрамдар үй шартында гана өткөрүлүп келген болсо, 2001-жылдан тартып массалык, ачык-айкын майрамдала баштады.

Бул майрамдарга тушташ өткөрүлгөн иш-чараларды даярдоодогу Хизб ут-Тахрир-дин ролу алар жарыялаган аудио жана видео материалдарда (2000-2006-жж.)50 чагылдырылган. Алар чыгарган «Коомго кирүү»51 деген жарыяда жазылгандай, Хизб ут-Тахрирдин жолунун тууралыгына калкты ынандыруу үчүн «коомдун эши-гин ачуу» же алар үчүн эшик «ачууга» мажбурлоо зарыл деп эсептешет.

2008-жылы 25-сентябрда Ош облусунун Ноокат районундагы тургундардын бир тобу райондук администрацияга орозо айт мусулман майрамын өткөрүүгө байла-ныштуу Ноокатта көчөлөрдө иш-чараларды уюштурууга уруксат сурап кайрылган52. Майрамга келгендерди акысыз тамактандырып (палоо таратып), акысыз лотерея өткөрмөкчү болушкан. Иш-чаранын чыгымдарын демилгечилер дайым өздөрү көтөрүп жүргөндүгүн белгилей кетүү керек.53

2003-2004-жж. тартып мындай иш-чаралар жыл сайын шаардын борбордук пар-кында райондун кызмат адамдарынын катышуусу менен өткөрүлүп келген. Ошол жылы өтүнмө берген демилгечи топ 30дай кишиден турган (мунун 25и аялдар болгон). Бийликке даректелген тийиштүү кайрылууга Ноокаттын жана ага жакын айылдардын 1300 тургуну кол коюшкан.

Райондун акими (администрация башчысы) Абдыганы Алиев жергиликтүү милици-янын жана УКМК жетекчилерин чакырып алып, демилгечи топту майрамда өздөрү болжолдогон иш-чараларды өткөрбөй эле койгула деп көндүрүүнү өтүндү. Алиев Кыргызстанда дин мамлекеттен ажыратылгандыгын, ошондуктан «каалагандар үйлөрүндө өткөрө беришсин» деген, ал эми РИИБ башчысы палоо менен лотерея байгелерин майыптарга таратып берүүнү сунуштаган. «Эл майрамдагысы келет» деген сөзгө Алиев: «Кол койгондор бүтүндөй эл эмес» деп жооп кайтарган.54 Дал ушул жолугушууда алдыдагы иш-чаранын уюштуруучулары да катышкан көрүнөт.

2008-ж. жергиликтүү бийликтегилер Ноокатта Орозо айтты өткөрүүгө саясий көз караштан улам жол бербешке аракет кылышкан. Хизб ут-Тахрир 2000-жылдан

50 Бул макаланын автору тыюу салынган партиянын ишмердиги боюнча бир катар эмгектерин жарыялаган, ошондуктан партиянын 2000-2008-жылдары чыгарган аудио жана видео материалдарын көрүп, изилдеп чык-кан. 51 Ошондо. 52 Орозо Айт (Йид-аль Фитр) – мусулмандардын ыйык Рамадан айындагы орозонун аякташына байланыштуу ооз ачуу майрамы. 53 ИИМ кызматкери айткандай, иш-чаралардын чыгымдарын Хизб ут-Тахрирдин казынасы көтөргөн. Бул казы-нага партиянын мүчөлөрү ай сайын өздөрүнүн кирешесинен салым кошуп турушат. 54 Караңыз: «Мемориал» укуктук борборунун отчету // http://prava.kloop.kg/

Page 63: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

62 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

тартып бул майрамдык иш-чараларды дайым өткөрүп келген. Бул мыйзамсыз уюмдун эң күчтүү жана кеңири тамыр жайган очогу Ноокатта да болгон. Хизб ут-Тахрирдин активисттери расмий дин башкармалыгына жарыш түрдө иш жүр-гүзүп, калк арасында тааныла баштаган. Алар ыйык майрамдардын башталышы менен аякташын аныктоо жагынан Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкар-малыгынын ишин ачык эле сындап турган. Белгилүү болгондой, мусулман жыл са-нагы ай календары боюнча жүргүзүлөт, ошондуктан КРда орозо менен курманайт майрамдарынын белгилениши борбордук мусулман мамлекеттериндеги (Сауд Аравия, Египеттеги) датага дал келбейт. Бир күндүк айырма чыгып турат. Дал ушул бир күн үчүн Хизб ут-Тахрир муфтиятты катуу сындап келет. 2000-2008-жылдары калк арасында төмөндөгүдөй мазмундагы баракчалар дайым таратылып келген:

«Айдын жаңырышын жана аякташын муфтий да, өлкөнүн башчысы да аныкта-байт. Айдын башы табигый көрсөткүчтөргө жараша аныкталат. Эгер өлкөнүн муфтийи жана жетекчиси айдын жаңырганын эске албаса, шарияттын мыйзамда-рына баш ийбесе, аларга ишенбей, баш ийбей коюуга болот. Эгер алар шарият мыйзамдарына баш ийбесе, аларды кетирип, ордуна шарияттын мыйзамдарына баш ийген башка адамдарды коюу зарыл. Кудайдын алдында ар ким өз күнөөсү үчүн өзү жооп берет деген мусулмандар катуу жаңылышат. Бул жерде өлкөнүн муф-тийи жана жетекчисинин айтканына макул болгондордун баары да күнөөгө ба-тат. Орозо айтта намазга өлкөнүн муфтийи жана жетекчиси башчылык кылууга тийиш. Эгер алар намаз окууну каалабаса, алардан башкалар аткарышы керек».55

Соңку жылдарда милиция кызматкерлери ишмердигине тыюу салынган Хизб ут-Тахрир ислам партиясы жигердүү катышат деп, айрым калктуу конуштар-да майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тоскоолдук кылууга аракеттенип жүрүштү. Бирок бул иш-чараларга карапайым динчилдер да катышкандыктан, бийликтегилер алардын иш-аракетин чектөө менен жарандык эркиндигин бузуп жатышат деп эсеп-тешет укук коргоочулар.56

Укук коргоо органдарынын ушундай иш-чараларга бөгөт коюу аракети мурунку жыл-дары (2006-2007-жж.) оңунан чыкпай келген. Мисалы, 2007-жылы милиция палоо демдей турган казандарды алып коюуга аракет кылганда, майрамга келген көп сан-даган адамдардын кыжырданган каршылыгынан кийин көчөдөгү иш-чараларды өт-көрүүгө уруксат берүүгө аргасыз болгон.57

Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын иш-аракеттери кризиске кар-шы ырааттуу жүргүзүлгөн эмес. Бир жагынан, Ноокаттын акими айттын алдыңкы күнү «маселени райондун активи менен талкуулайбыз» деп, жоопту кийинчерээк берүүнү убада кылган. Бирок 2008-жылы 27-сентябрда демилгечи топтун мүчөлөрүнө орозо айт райондо расмий майрамдалбай тургандыктан, аны өткөрүү маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу керек деп билдиришкен. Экинчи жагынан, ошол эле күнү Ноокат шаарынын бийликтери борбордук паркта айт майрымын өткөрүүгө тыюу салган токтом кабыл алышты.58 Бирок демилгечи-

55 Хизб ут-Тахрирдин жактоочулары айт намазын арап өлкөлөрү менен бир күндө окууну каалап, бирок бул муфтияттын планына туура келбегендиктен, ушундай баракчалар таратылып келген. 56 КР Конституциясынын 13-беренеси бардык адамдардын мыйзам алдындагы теңдигин кепилдейт, «эч ким дини, саясий жана диний көз карашы же башка жеке же коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир жагдайларга байла-ныштуу кандайдыр бир басмырлоого дуушар болушу, эркиндиги жана укуктары чектелиши мүмкүн эмес». 57 Караңыз: «Мемориал» УБ очету // http://prava.kloop.kg/files/ 58 Ошондо.

Page 64: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

63ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

лер экинчи ирет кайрылгандан кийин, райондун акими майрамды шаар сыртында (Ноокаттын борборунан бир нече жүз метр аралыкта), Гүлистан айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан стадиондо өткөрүүгө болот деп билдирген. Бул чечим туу-ралуу демилгечи топтун мүчөлөрүнө оозеки айтылган.59

Кийинчерээк, соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө, Абдыганы Алиев мындай деген: «Тийиштүү кызмат адамдары менен сүйлөшүп көргөн соң, мен шаардык паркта Карылар күнүн өткөрүүгө, ал эми демилгечи топко – стадиондо өткөрүүгө уруксат берүү чечимин чыгардым». 2008-жылы 29-сентябрда бийликтегилер рай-ондун «бардык имамдарын чогултуп», кабыл алынган чечимди аларга угузушту. Райондун акиминин көрсөтмөсүнө каршы анын орунбасары демилгечи топко айтканыңардан кайтпагыла деп кеңеш берген. Балким, орунбасар катары анын ушул позициясы митингчилердин жигердүү иш-аракеттерине шыкак болгондур.

2008-жылы 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Ноокат районунун акимин жана анын орунбасарын «башка ишке өткөндүгүнө бай-ланыштуу» кызматынан кетирди. Ошентип, өлкө жетекчилиги болуп өткөн чатак үчүн жергиликтүү администрациянын да күнөөсү бар экендигин кыйыр түрдө мо-юнга алды.

Окуялардын ырааты

2008-жылы 1-октябрда Ноокат районунун Ноокат шаарында «Гүлстан» стадио-нунда айт намаз өткөрүлгөндөн кийин майрамга 500дөй киши чогулду. Көпчүлүгү өспүрүмдөр, жаштар жана аялдар эле.

Айт намаздан кийин болжол менен саат 09.30да райондук администрациянын ал-дындагы аянтка адамдар чогула баштады. Алар эс алуу паркынын аймагында майрамдоого жана тамак бышырып таратууга тыюу салгандыгы60 үчүн райондун жетекчилигине нааразылык билдирип жатышты.

Чогулган 100-150дөй киши аламан митинг уюштуруп, майрамдык иш-чараны өт-көрүүгө тыюу салган жүйөсүн түшүндүрүүнү акимден талап кылышты. Чогулган-дардын көпчүлүгү 12-20 жаштардагы өспүрүмдөр менен жаштар эле, алар чыгып сүйлөгөндөрдүн ар биринин сөзүнөн кийин «Аллах акбар!» деп кыйкырып турушту. Хизб ут-Тахрирдин активисттери бул массалык иш-чарага жашы жете электерди, алардын ичинен мектеп окуучуларын тартышты. Кийин белгилүү болгондой, бул окуялардын активдүү катышуучуларынан экөө көп жылдар бою Ноокат районун-дагы орто мектептерде дене тарбия жана кыргыз тили сабактарынан мугалим бо-луп иштеген экен.

Бул окуялардын изи менен жазык жоопкерчилигине жашы жете элек үч өспүрүм тартылып, соттук караштыруунун жыйынтыгында соттолду.

Саат 10.45 болгондо чогулгандардын саны 400 кишиге жетти. Аламан топтун ичи-нен таш ыргытылып, райондук администрация имаратынын бир нече терезеси талкаланды. Ошондон кийин чогулгандардын алдына райондун акими Алиев

59 Ошондо. 60 Ноокат шаарынын мэринин 2008-ж. 27.09 №№ 116, 319 токтомдору.

Page 65: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

64 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Абдыганы чыгып, шаардагы паркта мындай иш-чараларды өткөрүүгө такыр тыюу салгандыгын айтты. Буга кыжырданган аламан топ кайрадан райондук админи-страциянын имаратына таш ыргыта баштады. Натыйжада биринчи, экинчи жана үчүнчү кабаттардагы айнектер талкаланды. Милиция кызматкерлери аламан топ-тун имаратка киришине мүмкүндүк бербеди.

Саат 11.00де районго Ош облусунун ИИБнан кошумча күчтөр келди. Аламан топ-тун бир бөлүгү 100дөй киши, мунун 23ү башына хиджаб жамынган аялдар жана калган жаштар Ноокат шаарынын борборундагы алкак жолго жөнөштү. Алар ми-лиция кызматкерлерин акаарат кылган сөздөрдү кыйкырып баратышты. Укукка каршы иш-аракеттерди токтоткула деген талапка алар кулак салбай, тескерисин-че, милиция кызматкерлерин ташбараңга алышты. Мунун айынан Ош облустук ИИБ КККнын эки автобусунун айнектери жана чырактары талкаланды. Ошондо Ош облусунун ИИБ жетекчилигинин буйругу боюнча атайын каражаттар колдо-нулду. Андан соң, ИИБ кызматкерлери Хизб ут-Тахрир лидерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин, саат 13.30да аламан топ тарап кетти.

ИИБ өздүк курамы кыргыздар менен өзбектер ортосунда чыгып кетиши ыктымал болгон чыр-чатактын алдын алууга атайын чара көрдү. Анткени башаламандык башталганда, жакынкы айылдардан кыргыз улутундагы тургундар келе баштады. Аларга таш ургандар да болду.

Массалык башаламандык учурунда райондук администрациянын имаратына, Ош облустук ИИБ эки автобусуна, «ВАЗ-2105» жана «Хундай-стрикс» жеке менчик автомашиналарына материалдык зыян келтирилди.

Бул тополоңдо райондук ИИБдин 5 кызматкери ар кандай даражадагы жаракат алышты.

Окуя болгон жерге Ош облусунун губернатору Карашев Аалы жана анын орун-басарлары, КР Ички иштер министринин орунбасары Жакыпов Жеңишбек, Ош облустук ИИБ башчысы Ташкараев Усуп, УККБнын Ош облусу жана Ош ш. бо-юнча башчысы Опунбаев Орозбек, Ноокат районунун прокурору, Ош облусунун тергөө-ыкчам топтору жана Ноокат районунун ИИБ барышты.

Саат 16.30да Ноокат районунун активинин чогулушу болуп, ага Ош облусунун гу-бернатору Аалы Карашев, анын биринчи орунбасары Айтмамат Кадырбаев, КР Ички иштер министринин орунбасары Жакыпов Жеңишбек, Ош облустук ИИБ башчысы Ташкараев Усуп, УККБнын Ош облусу жана Ош ш. боюнча башчысы Опунбаев Орозбек, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыла-ры, райондун аксакалдары жана кадыр-барктуу жарандары катышты. Чогулушта райондун калкынын арасында чыр-чатактын чыгышына жол бербөө, жер-жерлер-де тополоңдорду болтурбоо үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы бел-гиленди.

Бул факт боюнча КР Жазык кодексинин № 140-08-178 233-бер. 1,2,3-бөл. (Мас-салык башаламандыктар), 174-бер. 2,3-бөл. (Мүлктү атайылап жок кылуу жана зыянга учуратуу), 156-бер. 2-бөл. (Жашы жете электерди кылмышка азгыруу), 341-бер. 2-бөл. (Бийлик өкүлүнүн ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирүү менен ага зомбулук кылуу), 259-бер. 2-бөл. (Ишмердиги жарандардын өз милдет-терин аткаруудан баш тартууга же башка укукка каршы иш-аракеттерди жасоого түртүү менен коштолгон диний бирикмени түзүү, ошондой эле мындай бирикмени

Page 66: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

65ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

жетектөө, ошондой эле ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган жосундар-ды жасоого үгүт жүргүзүү), 295-бер. 1-бөл. (Кыргыз Республикасынын конституци-ялык түзүмүн күч менен өзгөртүү максатында бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу), 297-бер. 2-бөл. (Бийликти күч менен басып алууга же күч менен кармап турууга ачык чакыруу), 299-бер. 2-бөл. 3-п. (Диний касташууну чыгарууга, ошондой эле жарандарды динине карай башкалардан артык же кем деп үгүт жүргүзүү – эгер бул жосун уюшкан топ тарабынан жасалса) боюнча жазык иши козголду.

Чуулгандуу окуяны териштирүү үчүн Ош ш. жана Ош облусунун ИИБ, прокурату-расынын, УКМБ кызматкерлеринен ведомство аралык ыкчам тергөө тобу түзүлдү.

Башаламандык учурунда милиция кызматкерлери фото-видео тартып, баштапкы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык бейтартиптиктин уюштуруу-чулары жана катышуучуларын аныкташты. Мисалы, бул тополоңдун 32 уюшту-руучусу жана катышуучусу (мунун 10у – Хизб ут-Тахрирдин лидерлери» 5өө «накыб», калгандары «мушрифтер»61) жана 22 активдүү катышуучу (баары – Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрү) аныкталды. Кармалгандардан 6сы мурда диний-экстре-мисттик кылмыштары үчүн соттолгондор эле.

2008-жылы 27-ноябрда Ош шаарында Ноокат районундагы массалык бейбаштык фактыга байланышкан №140-08-178 жазык иши боюнча соттук процесс аяктады. 2010-жылы 26-апрелде болсо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн атайын декрети менен Ноокат иши боюнча соттолгондордун баарына мунапыс жарыяланды.62

Кризистик кырдаалдын булактары жана себептери жөнүндөгү басымдуулук кылган пикир

Ноокатта 2008-жылы 1-октябрда болгон окуялардын карама-каршылыктуу баян-далыштары бар.

Мамлекеттик органдардын расмий версиясына ылайык, бул окуя Ноокатта ошол күнү «массалык башаламандык» уюштуруу жөнүндө алдын ала макулдашып, «өздөрүнүн кылмыштуу мүдөөлөрүн ишке ашыруу максатында» оор кылмыштар-ды жасоого жашы жете электерди да тарткан Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүнүн куту-мунун натыйжасы болгон.63

2008-жылы 1-октябрда саат 9дан 30 мүнөт өткөнгө жакын алдоо менен чогул-тулган 100-150 киши «жергиликтүү бийлик тамак-аш таратууга жана лотерея ой-нотууга жүйөсүз тыюу салды деген жалган маалымат таратып, массалык баша-ламандык жасоого, конституциялык түзүмдү күч менен кулатууга чакырышты», сүрмө топко алдын ала даярдалган таштарды берди, бийлик өкүлдөрүнүн айтка-нына баш ийбей, райондук администрациянын имаратына жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине таш урушту.

61 Накыбдар жана мушрифтер – Хизб ут-Тахрирдин облустук жана райондук деңгээлдердеги тийиштүү очоктор-унун жетекчилери. 62 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жыл, 26-апрелдеги №32 декрети. 63 Ноокаттагы кагылышуунун алдын алууга катышкан укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон маектен.

Page 67: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

66 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Натыйжада милиция кызматкерлери Рустам Асанов, Хайрулла Султанов, Акжол Эгеналы уулу (Көк-Бел айылындагы участкалык кызматкер), Сатыбалды Абдыра-заков (видео тарткан), Өмүрбек Кыланов (Ноокат ш. участкалык кызматкер), Акыл-бек Саитов, Асилбек Бекназаров (Ош облусунун ИИБ кайгуул-күзөт кызматынын полкунун милиционери), Абдыш Турдукулов (Ноокат районунун МАИ башчысы), Оруналы Эргешов (Ош облусунун ИИБ 9-бөлүмүнүн башчысы), УКМК кызматке-ри Жеңиш Пратов, Ош облусунун казыятынын кеңешчиси Анарбек Жусупов ар кандай даражада жаракат алышты. Райондук администрациянын үч кабатында-гы терезелер, уюштуруу техникасы талкаланып, Ош облусунун ИИБ үч автобусу жана Караташ айылынын тургунуна таандык автомашина зыянга учурады. Жалпы материалдык зыян 535,592 сомду (13,400 USD жакын) түздү.64

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери айткандай, сүрмө топтун алдына рай-ондук администрациянын башчысы, райондук МАИнин башчысы, аксакалдар чы-гып сүйлөштү. Бирок сүрмө топ алардын сөзүн тыңшабай эле «аллах акбар» деп кыйкыра берди. Аким шаардын борборунда майрам өткөрүүгө тыюу салынган-дыгы жөнүндө айткандан кийин, көптөгөн өспүрүмдөр менен аялдар да катыш-кан сүрмө топ райондук администрациянын имаратына таш ура баштады. Алар ташты чөнтөктөрүнө сала келген дешет. Күч түзүмдөрүнүн 5тен кем эмес бөлүгү таш бараңдан жабыр тартты (Рустам Асановдун колу сынды), эки участкалык ми-лиционер жана ИИБ 9-бөлүмүнүн башчысы «топтун арасына сүйрөп киргизилген соң» сокку жешти. Администрация имаратынын алдындагы кагылышуу узакка со-зулган жок. Ташбараңдан сактануу үчүн милиционерлер имаратка чегинип, рай-ондук администрациянын абдаарып калган башчысын да ала киришти.65

Бир саатка жетпеген убакытта Оштон жетип келген атайын бөлүмчө 250-300 өспүрүмдөн турган сүрмө топту «туш тарапка» чачыратып таратты.66 Айрым өспүрүмдөр келген милиция автобустарына таш урушту.67 Оштон милиция менен чогуу келген казыяттын өкүлдөрүнө да жаштар таш уруп, «аларды «каапыр» жана «бийликтин куурчактары» деп акаарат кылышты. Казыяттын кеңешчиси Анарбек Жусуповдун башына таш тийди.

Кыйладан кийин казыяттын жана жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү, алар өздөрү айткандай, 300дөй өспүрүмдү стадионго ээрчитип кетүүгө жетишти. Ал жерде палоо жеген соң алар ата-энелеринин коштоосунда үйлөрүнө тарашты.68

Укук коргоочу уюмдардын («Мемориал», «Кылым Шамы» укук коргоо борборлору, КР Акыйкатчысынын аппараты) версиясына ылайык, «тыюу салынган майрам-дын» кагылышуу башталарда райондук администрациянын алдына келген каты-шуучуларынын саны 100-150 эмес, бир нече эсе көп болгон. Жазык ишин козгоо жөнүндөгү токтомдо 1000 демонстрант жөнүндө айтылган.69

64 Илгоржон Сайдариповго айып коюу жөнүндө 2008.06.10 токтом. 65 Ноокат райондук сотунун 2008.27.11 өкүмү, 7, 10-беттер (Алиев, Исмаилов, Тилеков ж.б. көрсөтмөлөрү). 66 Расмий эмес маалыматтарга ылайык, Ноокатка Ошто орношкон башаламандыктарга каршы күрөш боюнча атайын бөлүмчөнүн 105 кызматкеринен 35и алып барылган. Алар ЕККУнун катышуусунда машыктырылып, жабдылган. Ушундай дагы бир бөлүмчө Бишкекте орношкон. 67 Ноокат райондук сотунун 2008.27.11 өкүмү, 10-бет (Бекенов ж.б. көрсөтмөлөрү). 68 Ноокат райондук сотунун 2008.27.11 өкүмү, 7, 10, 11-беттер (Жусуповдун, Абиджановдун, Абдувахидовдун, Тешебаевдин көрсөтмөлөрү). 69 2008. 01.10 жазык ишин козгоо жөнүндө токтом. Бишкекте чыгуучу «Дело №» гезити жазгандай, сүрмө топтогу өспүрүмдөрдүн эле саны 300-400дөй болгон («Дело №», 2008.08.10). Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен күбө катары суралгандар 200-300 киши деп даана эле азайтылган санды айтышкан. Алар тыюу салынган майрамга катышып, райондук администрациянын имаратынын алдына келгендерди гана айткан болушу мүмкүн.

Page 68: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

67ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

Алардын бир бөлүгү имаратка кире бериште, калгандары бир аз алыста турган. Демонстранттардын санын азайтып көрсөтүү бийликтегилерге окуянын маанисин төмөндөтүп, райондун калкынын колдоосуна ээ болбогон «исламчыл кутумчулар-дын» бир ууч тобу катары көрсөтүү үчүн керек болгон окшойт.

Тергөөнүн жана соттун жүрүшүндө 100дөн ашуун күбө суракка алынганда, ошон-дой эле 6 видеожазмада чогулгандардын конституциялык түзүмдү күч менен өз-гөртүүгө умтулгандыгына же кандайдыр бир экстремисттик ураандарды чакыр-гандыгына эч кандай далил табылган жок.70

Ырас, адвокаттар айткандай, милиция кызматкерлеринен исламды жакшы бил-беген кээ бир күбөлөр райондук администрациянын башчысынын сөзүнөн кийин демонстранттардын «аллах акбар» деп кыйкырып тургандыгын «экстремисттик» чакырык катары мүнөздөшкөн. Майрамдын катышуучулары бул жерге чөнтөк-төрүнө таш сала келишкен деген сөз да ишеничсиз. Тергөөнүн жүрүшүндө ми-лиция кызматкерлери ушундай де ырастаганы менен, муну тастыктагыдай кан-дайдыр бир далилдер алынган жок.71 Көрүп тургандардын пикиринче, кагылышуу учурунда өспүрүмдөр жакын арадагы курулуштан алган таштарын милиционер-лерге урган.72

Расмий документтерде кагылышуу учурун тактап сүрөттөгөн зарыл маалымат-тардын жоктугу таң калтырат. Өкүмдө эске алынган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн райондук администрация башчысынын майрам өткөрүүгө уруксат бербей койго-нуна нааразы болгон демонстранттар анын сөзүнөн кийин таш ура баштаганын гана түшүнүүгө болот.

«Мемориал» укук коргоочу борбору сурамжылаган ноокаттыктардын пикиринче, кагылышуу күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери күтүүсүздө бир нече демонстрант-ты кармап, райондук администрацияга келген жолду бошотууга аракеттенгенден кийин башталган. Жергиликтүү активисттер «райондун акими чыгып, эмне үчүн шаардын борборунда мусулман майрамын өткөрүүгө болбостугун түшүндүрүп берсин, анткени мурда ээн-эркин эле майрамдап келбедик беле, Кыргызстандын башка шаарларында да майрамдалат» дегенден кийин МАИ башчысы сүйлөөгө аракеттенди. Бирок анын сөзүнө кулак салбастан, чогулгандар аким өзү чыксын деп туруп алышты.

15-20 мүнөттөн кийин аким чыгып, орозо айтты үйдө майрамдоо керек деп, жарым саат ичинде аянттан кетүүнү чогулгандардын баарынан талап кылды.

Бир нече мүнөттөн кийин ал милицияга аянтты бошоткула деп көрсөтмө берди. Атайын кызмат кызматкерлери бир нече активистти кармап, райондук админи-страциянын имаратына алып кирүүгө аракеттенди. Бардыгы болуп беш кишини кармашты. Чогулгандар каршылык билдире баштады. Милиция имараттын алдын бошотууга киришти. Ошондо топтун арасында турган аялдар менен кагылышуу болуп, алар кыйкырган соң, 15-17 жаштардагы көп сандаган өспүрүмдөр ташба-раңды баштады. Улуу курактагы адамдар аз эле. Милиционерлер менен админи-страция кызматкерлеринин бир бөлүгү имаратка жашынып, башкалары чегинип 70 «Мемориал» УБ адвокат Улугбек Усманов менен жүргүзгөн маегинен, Ош, 2008. 18.12. 71 Ноокат райондук сотунун 2008.27.11 өкүмү, 7-бет (Бекназаровдун көрсөтмөлөрү). 72 «Мемориал» УБ ноокаттык киши менен жүргүзгөн маегинен (аты-жөнү ачыкталбайт). Ноокат, 2008. 17.12. Окуя болгон жерге жакын арада президентти жактаган «Ак жол» партиясынын райондук бөлүмүнүн имараты курулуп жаткан.

Page 69: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

68 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

жатты. Мындайды күтпөгөн милиционерлер коркуп кетип, кармалгандарды бошо-тушту. МАИ башчысы: «Аким майрамды паркта өткөрүүгө уруксат берди», - деп жарыялады. Паркта палоо тарата башташты. «Бирок жарым саат боло электе Оштон жардамга милиция келип, көздөн жаш агызуучу газ менен атып, парктагы-лардын баарын кууп чыкты…».73

Райондун акими Абдыганы Алиев жана анын биринчи орунбасары Заиджан Абиджанов кырдаалдын туруктуулугуна ушунчалык ишенгендиктен, мечитте ак-сакалдарды куттуктап, таңкы саат 9дарда үйлөрүнө кетишкен эле.74

Ошол эле учурда жалпыга маалымдоо каражаттары болгон окуя жөнүндө так ма-алымат бере алган жок. Расмий ЖМКлардын Ноокатта диний экстремисттер мас-салык тополоң чыгарышты деген пикири басымдуулук кылды. Чет өлкөлүк ЖМК окуяны апыртып, ого бетер карама-каршылыктуу маалымат таратып жатышты.75

Ошентип, бири-бирин жокко чыгарган эки версияны талдаганда, төмөндөгүдөй жыйынтыкка келүүгө болот: биринчиден, жергиликтүү динчилдердин катарынан иш-чараны кантсе да дал шаардын борборунда өткөрүүнү каалаган активист-тер болгон. Эмне үчүн дал шаардын борборунда өткөрөбүз деп туруп алышкан-дыгы түшүнүксүз. Экинчиден, каршылык көрсөткөн негизги күч аялдар менен өспүрүмдөр болгондугу да таң калычтуу. Үчүнчүдөн, мамлекеттик органдар зомбу-лукка бөгөт коюу боюнча ырааттуу иш жүргүзбөгөн. Төртүнчүдөн, бийликтегилер бул иш-чараны Ноокатта өткөрүүгө тыюу салбаса деле, Хизб ут-Тахрирдин тарап-керлери менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу чыкпай коймок эмес, болгондо да кыйла катуу чыкмак. Анткени бул мыйзамсыз уюм каршылык акцияларын өткөргүдөй деңгээлге жетип калган эле. Ноокат окуялары акыбети ка-рапайым адамдар үчүн кандай болорун билбесе да, алардын калкты каршылыкка азгыруу мүмкүнчүлүгүн көрсөттү.

Толук талдооЭртелеп алдын алууАлдыдагы окуялар жөнүндө маалыматтарды чогултуп тутумдаштырууга иш жүзүндө аракет кылынган эмес. Укук коргоо органдары үчүн бул диний көз ка-раштарына байланыштуу каршылык көрсөткөн жергиликтүү калк менен алгачкы чыныгы кагылышуу эле. Кагылышуу жана башаламандык болот деп эч ким күткөн эмес. Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орунбасары Жеңишбек Жакыпов ошондо бул окуя мамлекеттик түзүмдөр менен аты аталбаган «ушул чагымчылыктын кожоюндарынын» күч сынашуусу болду», «мамлекет катуу чара көрөт», болгондо да жоопкерчиликке «бирөөнүн камчысын чапкан жаштар» эмес, «Хизб ут-Тахрир өзү» тартылат деп билдирген.76

Эртелеп алдын алуу тутуму жок эле. Көрсөткүчтөр иштелип чыккан эмес. Баары

73 «Мемориал» УБ ноокаттык киши менен жүргүзгөн маегинен (аты-жөнү ачыкталбайт). Ноокат, 2008. 17.12. 74 Ноокат райондук сотунун 2008.27.11 өкүмү, 7-бет (Абдыганы Алиевдин, Заиджан Абиджановдун көрсөт-мөлөрү). 75 «Кыргызстандын түштүгүндө Хизб ут-Тахрирдин 1,5 миң мүчөсү райадминистрациянын имаратын басып алды». «Казахстан сегодня» маалымат агенттиги, 2008. 01.10. 76 Исаев Артур «Зубы показала власть», газета «Дело №» (www.delo.ktnet.kg), 17.12.2008.

Page 70: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

69ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

өлкө жетекчилигинин саясий эркине көз каранды болгон. Белгилей кете турган жагдай – укук коргоо органдары дароо эле Ноокатта алдыдагы орозо айтты май-рамдоо иш чарасын Хизб ут-Тахрир мыйзамсыз партиясынын жактоочуларынын демилгеси катары баалап, бирок аларга каршы ар кандай иш-аракет өзбек улу-тундагы калкка каршы кысым катары кабылданышы ыктымал деп чоочулашкан, анткени Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү этникалык өзбектер болгон.

Укук коргоо органдары үчүн Ноокат окуялары жетилгендиктин жана антикризистик иш чараларды туура жүргүзө билгендиктин сынагы болуп калгандыгын белгилей кетүү керек. Ушул окуялардан кийин ИИМ кызматкерлери Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрү жөнүндө маалымат чогултуп, бул мыйзамсыз партиянын иерархиясын, түзүмүн жана социалдык базасын даана сыпаттай баштады. Маалымат чогултуу эки багытта жүрдү. Биринчиси – мыйзамсыз партияга катышы бар адамдардын жана балашаламандыкка катышкандардын тизмесин түзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү бөлүмдөрүнө көрсөтмө берилди. Экинчиси – тизмелерди милиция кызматкерлери өздөрү (ИИМ 9-бөлүмү) түзүү-гө киришти.77 Тизмелер кайсы критерийлер боюнча түзүлгөндүгү белгисиз. Кий-инчерээк тыюу салынган адабияттар тизмеги, мыйзамсыз партияга катышы бар адамдардын тизмелери такталгандыгы анык, анткени азыркы кезде укук коргоо органдарында маалымат көбүрөөк, аңдуу тутуму жана талаптагыдай көндүмдөр бар. 2008-жылдын башында КР ИИМ 9-бөлүмүнүн (азыр ИИМ 10-башкы башкар-малыгы болуп калды) катардагы кызматкери «хизбуттахрирчи» деген ким экен-дигин даана билбеген жана аны башка жигердүү мусулмандардан айырмалай албаган болсо, азыркы кезде ИИМ 10-башкы башкармалыгынын дээрлик ар бир кызматкери Хизб ут-Тахрирдин тыюу салынган адабияттары, алардын иш жүр-гүзүү тактикасы жана калк арасында иштөө усулу менен таанышып көргөн.

ИИМ 9-бөлүмүнүн кызматкерлеринин утурумдук маалыматтарына78 таянып, Ноо-кат окуяларында башаламандыктарды болтурбай коюу мүмкүн эле деген тыянак-ка келүүгө болот. Бул үчүн райондук мамлекеттик администрация майрам өткөрүү жөнүндө токтом чыгаргандан кийин калкка кайра жол берип койбошу, прокуратура иш чаранын демилгечилерине алдыңкы күнү эскертүү бериши керек эле.

Ноокат окуяларында кризистик кырдаалдын алдын алуу боюнча бирдиктүү так-тика колдонулган жок. ИИМ адегенде өзү жалгыз калды, регионалдык жана бор-бордук бийлик өкүлдөрү – Ош облусунун губернатору жана Коопсуздук кеңеши-нин катчысы кийлигишкенде гана жергиликтүү бийликтегилер митингчилер менен сүйлөшүүгө барышты. Бирок кеч болуп калган эле, жагдай опурталдуу болуп ба-раткан. Чыр-чатак болду, күнөөлүү деп башаламандыктын демилгечилери жана катышуучулары гана аталды, сүйлөшүү жолу менен кагылышуунун алдын алба-ган бийлик түзүмдөрүнүн күнөөсү айтылган жок.

Утурумдук маалыматКР ИИМ утурумдук маалыматтарына ылайык, 2000-2008-жылдар аралыгында Хизб ут-Тахрир жыл сайын орозо айт жана курман айт майрамдарын массалык

77 2011-жылы апрелде ИИМ министринин буйругу менен ИИМ 9-бөлүмү ИИМ 10башкы башкармалыгы кылып кайры түзүлгөн. Анын милдетине экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөшүү да кирди. 78 ИИМ 10-башкы башкармалыгынын кызматкери менен маектен.

Page 71: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

70 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

түрдө өткөрүп, калктын баарын тартууга умтулуп келет. Мындай иш-чаралар Кыргызстандын түштүк облустарындагы Ош, Өзгөн, Жалал-Абад, Кара-Суу, Ара-ван сыяктуу шаарларында демейки көрүнүшкө айланды. 2006-жылы Жалал-Абад шаарында Хизб ут-Тахрирдин активисттери айт майрамын, атүгүл, жалпы билим берүүчү мектептерде жана мугалимдер арасында да өткөрүшкөн.79

ИИМ 9-бөлүмүнүн (азыр ИИМ 10-башкы башкармалыгы болуп калды) иш-аракет-тери Ноокат районунда Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүнүн тизмелерин түзүүгө багыт-талган эле.

Ошол кездеги диний экстремизм тенденциясы:

ИИБ эсебинде бардыгы болуп диний экстремисттик уюмдардын 171 мүчөсү турган (булардан 115и – жумушсуздар, 43ү – мурда соттолгондор), мунун ичинен 142си Хизб ут-Тахрирдин, 22си вахабилердин, 7си акрамилердин мүчөлөрү.

Эскертүү: Ноокат районунун ИИБде 2 гана кызматкер экстремизмге каршы туруу боюнча иштейт.

2007-жылы 27-сентябрда Ноокат районунун мамлекеттик администрациясына райондун тургундарынын орозо айтты Ноокат шаарынын борборунда өткөрүү жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн. Ошол эле күнү райондун мамлекеттик адми-нистрациясы бул иш-чараны өткөрүүгө уруксат бербөө жөнүндө токтом чыгарган. Токтом Ноокат районунун ИИБне 1-октябрь күнү укук тартибин камсыздоо үчүн жиберилген. Анын чечимдик бөлүгү 5 пункттан турган:

1. Имамдар жана кварталдык комитет башчылары орозо айтты жер-жерлер-де уюшкандыкта өткөрүшсүн (бардыгына кабарландырылган).

2. Мыйзамга каршы иш-аракеттерге жол берилбесин.

3. Санкциясыз (уруксатсыз) кандайдыр бир иш-чаралар өткөрүлө турган болсо, РИИБ тийиштүү административдик чараларды көрсүн.

4. Белгиленген тартипте жарыялангандан башка кандайдыр бир баракча-ларды таратууга тыюу салынсын.

5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү милдети мэрияга жүктөлсүн.

2008-жылы 29-сентябрда райондун аксакалдары райондун акими Алиев Абдыганыга ушул иш-чараны өткөрүүгө уруксат сурап кайрылып, оозеки макул-дугун алышкан. Бул жагдай – акимдин чечкинсиздиги (мурда кабыл алынган ток-томго таянып уруксат бербей коюуга батынбагандыгы) 2008-жыл, 1-октябрдагы сүрмө топтун нааразылыгын жаратты.

Ноокат районунун ИИБ кызматкерлери бул иш-чараны Хизб ут-Тахрирдин жакто-очулары уюштуруп жатат деп бекем ишенишкендиктен, 2008-жылы 30-сентябрда ИИБ башчысы иш-чараны өткөрүүгө жол берилбестиги тууралуу Хизб ут-Тахрир-дин лидерлерине расмий эскертели деп сунуш кылган. Бирок прокуратура май-рамдык иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздук бузулса гана чара көрөбүз деп болбой койгон. Прокурор эскертүү берүүдөн баш тарткан соң, Хизб ут-Тахрирдин лидерлеринин иш-аракеттерине бөгөт коюу мүмкүн болбой калды. Түзүлгөн кы-рдаал жөнүндө Ош облусунун ИИБнын жетекчилигине кабарланып, районго ко-шумча күчтөр жиберилген болчу.79 Ошондо.

Page 72: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

71ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

Ноокат ш. тургундарынын айтканына караганда, 2008-жылы 29-сентябрдан тар-тып укук коргоо органдарынын кызматкерлери демилгечилердин жана иш-чара өткөрүү жөнүндө өтүнмө бергендердин үйлөрүн кыдырып чыккан. Алар майрамда иш-чара өткөрбөй эле койгула деп суранган. Бирок тигилер буга макул болгон жок. Демек, «зарыл шарт» катары бул иш-чараны өткөрүү аны уюштуруучулар үчүн өтө маанилүү болгондуктан, андан баш тартпай коюшкан. Кээде мындай су-роолор ойлонтот: Майрамды массалык түрдө өткөрүү эмне үчүн ушунчалык за-рыл болуп калган? Майрамды шаардын борборунда эмес, шаар сыртында өткөр-сө болот эле го?

Кырдаалды билгендикТүзүлүп калган кырдаал жөнүндө баары: жергиликтүү мамлекеттик органдар, укук коргоо органдары, атайын кызматтар, Кыргызстан мусулмандарынын дин баш-кармалыгы – билишкен. Бирок булардын ар бири өз кызыкчылыктарына жана ой пикирине, ошондой эле ошол окуяларга жана Хизб ут-Тахрирдин региондогу ишмердигине карата жасаган мамилесине окуяны жана түзүлгөн кырдаалды ар башкача кабылдаган.

Майрамды массалык түрдө, калктуу конуштардын (Ош, Кара-Суу, Өзгөн, Ара-ван) борборлорунда өткөрүү демилгеси Хизб ут-Тахрирдин жетекчилигине таан-дык. Бир нече жыл бою (2000-2008) Хизб ут-Тахрирдин жетекчилиги партиянын мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин шардана кылуу максатында өз ресурстарын (адамдарын, каржысын) айт майрамдарын уюштуруу үчүн жумшап келген. Көр-гөзмөлүү массалык майрамдарда бекер тамак-аш берип, лотерея ойнотуу менен Хизб ут-Тахрирдин кадыр-баркын көтөрүүгө, бийлик түзүмдөрүнө жана расмий дин башкармалыгына болгон элдин ишеничин жок кылууга умтулушкан. 2008-жылга чейин расмий дин башкармалыгы жана жергиликтүү бийликтегилер да бул май-рамдарга катышкан, бирок уюштуруучулар эмес, ардактуу меймандар катары гана. Массалык майрам Хизб ут-Тахрирге жаштардын көбүрөөк тартылышына мүмкүндүк берди, анткени калк бул партиянын жигердүүлүгүн жана таанымалды-гын көрүп турду.

ИИМ жана УКМК кабардар болгон, бирок алардын Хизб ут-Тахрирдин ишмерди-гине бөгөт коюу боюнча демилгесин жергиликтүү бийликтегилер колдогон эмес. Укук коргоо органдарынын алдында мындай суроолор турган: Адамдарды май-рамдагандыгы үчүн кантип жоопко тартууга болот? Атүгүл муну Хизб ут-Тахрир уюштуруп жаткан болсо да, майрам учурунда катышуучулардын конституцияга каршы ишмердигин кантип билүүгө болот? Укук коргоо органдары маалымат гана чогултуу менен чектелишти. Ноокат шаарында кризистик кырдаал түзүлүп калган-да, аларды бул үчүн жоопко тарта алышкан жок.

Мамлекеттик органдар (жергиликтүү бийликтегилер) Хизб ут-Тахрирдин ишмер-диги жөнүндө укук коргоо органдарынан маалымат алышкан, бирок алардын иши-не бөгөт коюп, массалык майрамдоого тыюу сала алышкан жок. Майрам учурунда мыйзам бузулган эмес, бирок элдин аң-сезиминде Хизб ут-Тахрирдин ишмердиги оң кабылданып жатты. Хизб ут-Тахрир уюштуруп жаткандыгы үчүн айт майрамын өткөрүүгө тыюу салынат деп жарыялай алышкан эмес, анткени бул органдардын өздөрү үчүн жаман: орозо айт мусулмандардын жалпы майрамы болгондуктан,

Page 73: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

72 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

ага тыюу салган жарабайт, эгер тыюу салса, коомчулуктун алдында мамлекеттин кадыры кетип калмак.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы да коомдук уюм жана мусул-ман коомчулугун башкаруу институту катары Хизб ут-Тахрирдин жактоочулары-нын бул иш-чараларга катышы барлыгы тууралуу кабардар болгон. Бирок аларга каршы иш жүргүзүү укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин гана иш-милдети деп эсептеген. Казыят райондун мамлекеттик органы менен бирге-ликте митингчилерди тарап, майрамды үйүңөрдө өткөргүлө деп үндөөгө аракет кылды. Ноокат окуяларын кылдат талдаганда, бул кырдаалдын келип чыгышына Хизб ут-Тахрирдин муфтият менен тирешүүсү себеп болгондугун көрүүгө болот. Анткени 2000-жылдын башында муфтият «Хизб ут-Тахрирдин ишмердигине тыюу салуу жөнүндө» атайын фатва (токтом) чыгарып, бардык имамдарды бул мыйзам-сыз партиянын мүчөлөрүнүн өлкөдөгү мечиттерге киришине катуу бөгөт коюуга милдеттендирген.

Ошентип, Ноокаттагы кризисте тараптардын ар кимиси бири-биринин иш-аракет-терин билген, бирок жагдайды жөнгө салуу үчүн эч ким утурлай кадам жасаган жок.

ЖоопкерчиликНоокат окуялары мамлекеттик органдардын ар бири өз ыйгарым укуктарына жара-ша жоопкерчиликке тартылбай калгандыгын көрсөттү.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы Абдыганы Алиев жана анын орунбасары Заиджан Абиджанов кызматтан кетүү менен эле кутулушту, ба-шаламандык үчүн административдик же жазык жоопкерчилигине тартылышкан жок. Чындыгында бейбаштык район жетекчилеринин жол берүүчүлүгүнөн гана чык-ты, алар жергиликтүү калк менен сүйлөшүп, чатактын алдын алса болмок.

Эксперттердин айтканына караганда, чыр-чатакты болтурбай коюу мүмкүн эле. «Баары палоо демдеген казандардан башталды, бирок, албетте, кеп аларда эмес. Кандайдыр бир чечим кабыл алуудан качкан майда жана ортоңку мансапкорлордун аракетсиздиги кооптуу. Алар түштүк калкынын 98-99%ы өзүн мусулман деп эсептей тургандыгын такыр эске алган жок. Эгер чоңдор майрамды алдын ала дин башкар-малыгынын катышуусу менен пландаганда, мындай чатак дегеле чыкмак эмес. Бул сүрмө топто Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрү өтө аз эле, балким, атайын чагымчылдык кылгандар болду. Калгандары өздөрүнүн мусулман майрамын белгилеш үчүн кел-ген. Тыюу салган кадамды алар жөнү жок кысым катары кабылдашты. Алар Хизб ут-Тахрирге жан тартып, ага тарапкер болуп калышы ыктымал эле».80

Укук коргоо органдары тараптан жоопкерчилик ИИМ 9-бөлүмүнө жүктөлдү. Ал бөлүм Хизб ут-Тахрирдин бардык мүчөлөрүн эсепке алып, 1-октябрда митинг учу-рунда демилгечи топко күч менен таасир этүүгө аракеттенген. Бирок кийинчерээк, укук коргоочулар айткандай, балашамандыктын активдүү катышуучуларын эмес, Хизб ут-Тахрирдин мүчөсү болгондорун камакка алышты.81

Борбордук бийлик 2008-жылдын 1-октябрынан 2010-жылдын апрелине чейин

80 В Киргизии амнистированы участники ноокатских событий//http://www.islamnews.ru/news-24210.html 81 Ошондо.

Page 74: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

73ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

ошол башаламандыктарга негизинен Хизб ут-Тахрирдин жактоочулары күнөөлү деп келген. 2010-жылы 26-апрелде гана соттолгон 32 кишинин баарына Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн атайын декрети менен мунапыс жарыя-ланды.

Бир жагынан жарандык коом жана укук коргоочу уюмдар Ноокаттагы 2008-жылы 1-октябрда болгон чыр-чатактын чыгышына жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары күнөөлү десе, экинчи жактан мамлекеттик органдар жана укук коргоо органдары Хизб ут-Тахрирдин жетекчилигин айыптап, жоопкерчиликти аларга оо-дарууда.

Ошол эле учурда азыр Хизб ут-Тахрирдин 2000-2008-жылдардагыдай жигердүүлү-гү байкалбайт. Азыркы кезде алардын идеясы жаңылыштуу экендигине адамдар улам көбүрөөк ынанып жатат. Дин башкармалыгы башка ислам уюмдары менен биргеликте демилгени колго алды. Калайык айт майрамдарын өз кварталдарын-да, мечиттерде жана уюмдарында өткөрүп келет.

Чечим кабыл алуу процессиЧечим кабыл алуу – ортоңку тогоодогу чиновниктердин көбүн этияттандыруучу маселе. Ар кандай эле чечимди кабыл алгандык үчүн жекече жооп бериш керек, ошондуктан район акимдери көбүнчө губернаторлорго, алар болсо борбордук бийликке кабар берип, ал жактан чечим чыгарылышын күтүшөт.

Ноокат районунда түзүлгөн кырдаал өлкөдөгү райондук акимдердин көпчүлүгүнө тааныш. Бир жагынан, эгер, аким майрамдык иш-чарага уруксат бергенде, бор-бордук бийлик тарабынан жазаланып калышы мүмкүн эле. Экинчи жагынан, иш чарага тыюу салса, бул дагы акимдин жергиликтүү калк алдындагы аброюна терс таасир этмек. Мындай кырдаалда аким борбордук бийликтен – губернатордон же КР премьер-министринен жана Президентинен чечимди күткөнү оң болот. Ант-кени жогору турган органдардын бири жоопкерчиликти көтөрүп, аким өйдөтөн кабыл алынган чечимдин аткаруучусу гана болуп калат.

2008-жыл, 27-сентябрдан 10-октябрга чейинки окуяларды талдаганда, иш-чараны өткөрүүгө уруксат кылбоо чечимин борбордук бийликтегилер кабыл алгандыгын, кризисти жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү да борбордук бийликтин – өлкөнүн коопсуз-дук катчысы Адахан Мадумаровдун колунда болгондугун көрөбүз. Күч түзүмдөрү жогор жактын чечимдерин аткаруучу болуп, кийинчерээк атүгүл сот органдары да бейформал жагдайда борбордук бийликке шылтай сүйлөп жүрүштү.

Жергиликтүү ИИБ кызматкерлери Хизб ут-Тахрирдин лидерлери менен сүйлөшүп түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү чечкен эле. Ошол эле учурда кыргыздар менен өзбектер ортосунда улут аралык чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн калк арасында алдын алуу иштерин да жүргүзүү чечими кабыл алынган болчу. Анткени баша-ламандык убагында жакынкы айылдардан кыргыз улутундагы тургундар келип, аларга таш урулган учурлар да болду.

Окуя болгондон кийин Ноокат районунун активинин чогулушун уюштуруу керек деп чечилди. Чогулушка Ош облусунун губернатору Аалы Карашев, анын бирин-чи орунбасары Айтмамат Кадырбаев, КР Ички иштер министринин орунбасары Жакыпов Жеңишбек, Ош облустук ИИБ башчысы Усуп Ташкараев, УККБнын Ош

Page 75: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

74 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

облусу жана Ош ш. боюнча башчысы Орозбек Опунбаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, райондун аксакалдары жана кадыр-бар-ктуу жарандары катышты. Чогулушта райондун калкынын арасында чыр-чатак-тын чыгышына жол бербөө, жер-жерлерде тополоңдорду болтурбоо үчүн түшүн-дүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.

Окуяны териштирүү үчүн Ош ш. жана Ош облусунун ИИБ, прокуратурасынын, УКМБ кызматкерлеринен турган ведомство аралык ыкчам тергөө тобу түзүлдү.

Башаламандык учурунда милиция кызматкерлери фото-видео тартып жүрүштү. Бирок эгер укук коргоо органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн болсо, эмне үчүн башаламандык токтоп калбай, кагылышууга чейин жетти? Укук коргоочулар-дын айтканына караганда, буга көпчүлүктүн алдында милиция кызматкерлеринин демилгечилерди имаратка алып кирип сабагандыгы шыкак болгон. Муну көргөн-дө, сүрмө топ имаратка чабуул жасады. Ошентип, чечим кабыл алуу процесси, бир жагынан, мамлекеттик органдары үчүн узакка созулуучу иш болот, бирок, экинчи жагынан, чечим үчүн жоопкерчилик бар. Азырынча чечим үчүн эч ким жо-опкерчиликти өзүнө алгысы келбейт.

Күч колдонууЖарандар алдыдагы иш-чараны өткөрүү жөнүндө өтүнмөнү райондук админи-страцияга берген учурдан тартып, ИИБ кызматкерлери аларды (демилгечилерди) бул ниетинен кайтарууга аракеттеништи. Бирок жыл сайын кайталанып келген иш чараны эмне үчүн өткөрүүгө болбостугун эч ким түшүндүрүп бере алган жок.

Адегенде башаламан митингде Ноокат РИИБ кызматкерлери гана катышып тур-ган, кийин Ош облусунан укук тартибин сактоочу кошумча күчтөрдү тартуу чечими кабыл алынды. Атайын максаттагы милиция отряды мобилизацияланды. Топ-тошкон адамдарды көздөн жаш агызуучу газ жана союлча менен кубалап тарата башташты. Күч андан ары да колдонулду.

Өзгөчө кырдаал режими киргизилбеди, бирок массалык камакка алуулар жана тинтүүлөр болду. Шектүү адамдар жана Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрү боюнча укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлери үчүн «атайын билдирүүлөр» жана «багыттамалар» уюштурулду. ИИМ, УКМК, прокуратура кызматкерлеринен турган ведомство аралык ыкчам издөө тобу түзүлдү.

Адегенде 70тей киши кармалган. Биринчи күндөрү 6 киши Ош ш. ИИБ убактылуу кармоо жайына (УКЖ), 7өө - Кара-Суу РИИБ УКЖна, 5өө - Араван РИИБ УКЖна, 22си УКМКнын Ош ш. жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөө камак жайына жайгаштырылган.82

Ошол эле учурда шектүүлөрдүн туугандарын да кармашкан. Мында, ноокатты-ктар айткандай, милициянын кээ бир кызматкерлери бул ыкчам иш чараларды байып алуу үчүн колдонушту. Ошол эле максат менен орозо айтты өткөрүү жөнүн-дө өтүнмөгө кол койгондордун кимисинин туугандары же үй-бүлөсү пара бере алгыдай болсо, ошолорго да кысым жасалды. Жазык тартибинде айыпталуудан

82 Ош шаарынан укук коргоочулар Садыкжан Махмудов («Луч Соломона» коомдук фонду) жана Иззатилла Рахматиллаев («Закон и порядок» укук коргоо борбору) берген маалымат, 2008. 20.10.

Page 76: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

75ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

кутулуу баасы 100 миң сомго (2,500 USDга жакын) чейин жетти.83

Расмий маалыматка ылайык, ведомство аралык ыкчам тергөө тобу Ноокаттагы орто мектептердин башаламандыкка катышкан 67 окуучусун аныктап, алар ме-нен «алдын алуу иштерин» жүргүзгөн.84 Ош облустук ИИБ басма сөз кызматы милиция тарабынан кагылышууга катышкан 23 аял кармалгандыгын кабарлаган (булардан экөө соттолду).85 Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппа-раты берген маалыматка ылайык, бул институттун алдында түзүлгөн комиссия кармалгандардын кыйноого кабылгандыгы тууралуу фактылар табылган. Бирок бийликтегилер мындай деп жатышты: «Кыргызстандын жетекчилигин мусулман-дардын душманы кылып көрсөтүүнүн кереги жок. Ноокатта адамдар динчил же «хизбутчу» болгондугу үчүн эмес, массалык башаламандыкты уюштургандыгы үчүн соттолду. Биз тийиштүү борборлор жана мусулман жамааттары аркылуу бул иш жөнүндө адамдарга маалымат беребиз, бул багытта иштер улантылууда».86

Бирок ошентсе да Ноокаттын тургундары ИИМ кызматкерлери кармап албасын деп октябрда саат 18.00дан кийин көчөгө чыгуудан коркуп калган учурлар да болду.

Ошентип, төмөнкү суроо орчундуу бойдон кала берүүдө: катаал чараларсыз, күч колдонбой эле чатакты басууга болот беле? Биздин оюбузча, маселени күч кол-донбой чечүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок бул үчүн бийликтин жергиликтүү ор-гандары муфтият жана милиция менен биргеликте жигердүү иштеши керек эле.

КатнашКабыл алынган чечимдер натыйжалуу ишке ашырылган жок. Процесске тартыл-ган күчтөр менен катышуучулардын баары эле кабыл алынган чечим жөнүндө кабардар болгон эмес. 2008-жылы 27-сентябрда райондук мамлекеттик админи-страциянын шаар борборунда майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө токтому чыкты. Токтом тууралуу кварталдык комитеттердин башчыла-рына жана ИИБге кабарланып, бирок аны кандайча аткаруу жана тыюу салынган-дыгын кантип түшүндүрүү керектиги тактап көрсөтүлгөн эмес эле. Кабыл алынган чечим негиздүү жана жүйөлүү болушу абзел, бирок бул чечимдин жүйөсүн эч ким уга алган жок.

Кабыл алынган чечимдин негиздемеси жок болгондуктан, аны калк арасында тегиз таратышкан жок. Уруксат берилбегендигин эл аянтка келгенден кийин гана укту. Калкка маалымат таратуу тутуму азыркы талаптарга жооп бербейт. Эл арасында имиш сөздөр тез тарап, дүрбөлөңдү күчөтүшү, башаламандыкка алып келиши мүм-күн. Туура маалыматтын жетишсиздиги жана райондун мамлекеттик администра-циясынын жүйөлүү позициясынын жоктугу тополоңдун чыгышына себеп болду.

Жергиликтүү калк менен байланыш көбүнчө мамлекеттик органдардын оюнча элге таасири бар деп эсептелген тандалма адамдар аркылуу жүргүзүлөт. Бирок кара-

83 Ошондо. 84 «Ош облусунун Ноокат районундагы башаламандыктар фактысы боюнча «Хизб ут-Тахрирдин» 32 мүчөсү кармалды, «24.kg» МА, 2008. 13.10. 85 «Кыргызстан. Бийликтегилер мусулман майрамдарын өткөрүү ордуна байланыштуу чатакташууда (Власти конфликтуют с населением из-за места проведения мусульманских праздников), www.ferghana.ru, 02.10.2008. 86 VoxPopuli” №08/2009 - По примеру Каримова.

Page 77: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

76 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

пайым калайык бийликти жактайт деп мындай адамдардан өзүн оолак кармайт. Бу-ларга кварталдык комитет башчылары, аксакалдар, мечит имамдары кирет.

Катнаш тутуму талаптагыдай түзүлбөгөн. Калайык жаңылыктарды базардагы, кварталдагы имиш кептерден угат да, мамлекеттик органдардын тараткан ма-алыматына анча ишенбейт, анткени алар маселени толук түшүндүрүп бербейт. Эл маалыматтын чаласын өзүнчө божомолдоп, толуктап айта баштап, акыры баштапкы маалыматтын маңызын такыр өзгөртүп ийиши мүмкүн. Бул адамдар-дын жүрүм-турумуна жана мамилелерине таасир этет.

Ноокат окуяларында жергиликтүү калк жана демилгечи топ майрам өткөрүүгө уруксат берилбегендигин толук түшүндүргөн маалымат ала албагандыктан, бий-ликтин бул кадамын жана берген маалыматын мусулмандардын намысына тийе турган акаарат катары кабылдады.

Жалпыга маалымдоо каражаттары башынан эле бул ишке тартылган эмес. Ка-рым-катыш жүргүзүүнүн так тутуму болбогондуктан, алгачкы күндөрү жана ка-гылышуудан кийин окуянын маңызына туура келбеген түркүн жоромолдору пайда болду. Биринчиден, мамлекеттик ЖМК диний экстремизм жөнүндө чуу көтөрүп, экинчиден, көз карандысыз ЖМК анык маалымат ала албагандыктан, мамлекет-тик ЖМКда айтылгандарды кайталап же дегеле бул окуя жөнүндө сөз кылбай ту-руп алды. Ошондуктан маалымат таратууда башаламандыкка жол берилип, бул эл арасында түшүнбөөчүлүккө алып келди. Алгачкы кабарлар Ноокат окуяларын терс ыңгайда чагылдырып, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик-тин карапайым динчилдерге кысым көрсөтүшүнө жол ачып койгонсуду.

Ошентип, 2008-жыл, 1-октябрдагы окуялар мамлекеттик органдардын кризистик кырдаалды тескөө мүмкүнчүлүгү жок экендигин көрсөттү. Мунун ордуна мамле-кеттик органдар митингчилерди кууп таратуу жана күч колдонуу менен алек бо-луп калды. Жергиликтүү бийликтегилер күч колдонуу ыкмасы менен маселелерди чечүүгө болот деп эсептейт. Бирок иш жүзүндө жергиликтүү калк менен катнаш түзө албаган жана сүйлөшө билбеген абалда бийлик элден алыстап, жергиликтүү калктын мамлекеттик органдарга болгон ишеними начарлап кетет.

Логистика2008-жылдын 27-сентябрынан 10-октябрына чейинки мезгилде Ноокат районун-да Ош облусунан алып келинген укук тартибин сактоочу кошумча күчтөр иштеди. Ноокат шаарынан Ош болусунун борборуна чейинки аралык 48 км.

Кризистик кырдаалды натыйжалуу басуу үчүн укук коргоо органдарынын атай-ын бөлүмчөлөрүнөн кошумча күчтөр тартылып, көздөн жаш агызуучу газ жана союлча колдонулду. Республиканын борбордук күчтөрүнөн материалдык жана коомдук ресурстарды кошумча мобилизациялоонун зарылдыгы жок эле. Мам-лекеттик жана укук коргоо органдарынын айтканына караганда, өзгөчө кырдаал киргизүүнүн жана кошумча резервдерди тартуунун кажети жок болчу.

Кризистык кырдаал көпкө созулбай, 2008-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейин өкүм сүрдү. Бул убакыт аралыгында Ноокат шаары укук коргоо органдары-нын блок-посттору курчап, паспорттук режим сакталып турду. Калкты текшерүү жана ыкчам издөө иш чараларын өткөрүү үчүн облустук түзүмдөрдүн: Ош облу-

Page 78: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

77ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

сунун ИИБ, Ош облусунун жана Ош шаарынын прокуратурасынын, Улуттук ко-опсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын – кызматкерлери тартылды.

2008-жыл, 1-октябрдагы кризистен кийин Ноокатта бул окуялардын чоо-жайын түшүнүүгө умтулган ЖМК жана коммерциялык эмес уюмдар көбөйдү. Көз каран-дысыз жарандык коомдун өкүлдөрү (эксперттер, журналисттер, БӨУ) болуп өткөн окуялар жөнүндө толугураак маалымат алууга аракеттеништи. «Мемориал» УБ (Москва), «Кылым шамы», «Открытая позиция» укук коргоо уюмдарынын иш-ара-кеттерин калк чоочулап, коркуу менен кабылдады.

Эл аралык мамилелерЭл аралык уюмдардын көбү (мисалы, ЕККУ) Ноокат окуяларын ЖМКдан угуп-бил-ди. Кыргыз Республикасы эл аралык коомчулук үчүн атайын билдирүү жана ди-пломатиялык ноталарды даярдаган жок, анкени бул өлкө ичиндеги иштерге тие-шелүү окуя эле.

Бирок ошол эле учурда адамдардын жана динге ишенгендердин укуктары бузул-гандыгын ЕККУ да, башка эл аралык уюмдар менен батыш өлкөлөрүнүн элчилик-тери да белгилешти.

Ноокат окуялары райондук сотто 2008-жыоы 21-ноябрда карала баштады. Оту-рум Ош облусунун имаратында, биринчи эле күнү зал тар деген шылтоо менен иш жүзүндө жабык түрдө өткөрүлдү. Залга кирүүгө бийликтегилер катуу чек коюп, жөнгө салып турду. Процесс ачылган күнү отурум залына ЕККУ, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле журналисттер (мамлекеттик телеканалда иштегендерден башкалары) киргизилген жок. Укук коргоочу Жеңиш Төрөев кирип кеткен экен, аны кайра алдап чыгарышты. Процессте соттолуучулардын бирден тууганына гана катышууга уруксат кылынды.

Сотттук угуулардын үчүнчү күнү (25-ноябрь) ортолоп калган кезде соттолуучулар судья ишеним көрсөтпөй, процессти ачык кылууну жана Ноокаттын борбордук аянтында өткөрүүнү талап кылышты. Ошондон кийин гана процесске «Азаттык» радиосунун журналистин, ЕККУ жана укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрүн кирги-зишти.

Ошентип, эл аралык коомчулук Ноокат окуяларын толук билбей калды. Кийин-черээк дал ушул эл аралык уюмдардын көмөгү 2010-жылы 26-апрелде соттолгон-дордун мунапыс алышына өбөлгө түздү.

Коомчулук менен байланышӨлкөнүн, ошондой эле Ноокат районунун калкына бул окуялар жөнүндө башала-мандык болгондон кийин гана мамлекеттик телеканалдар маалымат берип, аны экстремизм жана террорчулуктун көрүнүшү катары көрсөтүштү.

Окуя болгондон кийин негизинен расмий адамдардын айткандарына таянып, ЖМК дароо эле аны карама-каршылыктуу жана такыр так бүдөмүк баяндай баштады. Апыртуу жагынан Хизб ут-Тахрирдин 1500 мүчөсү райондук админи-

Page 79: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

78 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

страцияны басып алды деп жар салган «Казахстан сегодня» агенттиги алдына эч кимди чыгарган жок.87

Расмий бийлик жана ИИМ басма сөз кызматы кырдаалды массалык башаламан-дык эмес, Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүнүн тополоңу катары сүрөттөштү жана консти-туциялык түзүмгө коркунуч келтирди деп аларды айыпташты.

2008-жылы 16-октябрда «Кавказ-центр» сайтына октябрда Ноокаттын тургунда-рын кармоо учурунда Өзбекстандын атайын кызматтарынын кызматкерлери ка-тышып, айрымдарын кошуна республикага алып кетишти, ал эми жергиликтүү оорукананын врачтары окуяга катышып жабыркагандарды кабыл алуудан баш тартты деген мазмундагы анонимдүү кат жарыяланды.88

Ошол эле катта 2008-жылы 8-октябрда жергиликтүү өлүкканага кыйноодон каза болгон бир нече ноокаттык кишинин сөөгү жеткирилди деп айталган. Такталган ма-алыматтар боюнча өлгөн бир киши болгон. Адегенде милиция кармаган Холдоржон Исаковдун каза болгондугу жөнүндө имиш сөз чыккан. Бирок кийинчерээк тактал-гандай, өлгөн киши Өзбекстандын жараны болуп чыкты, ал жергиликтүү РИИБде сурак берип жаткан учурда жүрөк өксүгү илдетинен көз жумган экен. Үч күндөн соң белгисиз кишинин сөөгү көмүү үчүн Кара-Суу районуна алып кетилген.89

Жалпысынан, коомчулук менен байланыш бир беткей жана ыраатсыз болду. Калктын көпчүлүгү укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик бийликтин бил-дирүүлөрүнүн негизинде Ноокат окуяларын диний экстремисттердин тополоңу катары кабылдап, аларды катуу жазалоо зарыл деген көз карашты кабыл алды.

Мыйзамдуулук жана адам укуктарыУкук коргоочулардын версиясы боюнча, камакка алынгандардын баарына КП Жа-зык кодексинин үч беренеси боюнча күнөө тагылган: 174-бер. (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу), 233-бер. (Массалык башаламандык) жаа 341-бер. (Бийлик өкүлүнө зомбулук кылуу). Бирок 2008-жылы отябрдын аягында айыптоо Жазык кодексинин төрт «саясий» беренеси менен толукталды: 259-бер. (Жаран-дардын өздүгүнө жана укуктарына доо кетире турган уюмду уюштуруу), 295-1-бер. (Жикчил ишмердик), 297-бер. (Конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүүгө ачык чакыруу), 299-бер. (Улуттук, расалык, диний же регион аралык касташуу-ну козутуу). Ал эми 13 кишиге 156-бер. боюнча айып тагылган (Жашы жете элек адамды кылмыш жасоого тартуу).

Адвокаттардын айтканына караганда, акыркы беш берене боюнча козголгон жазык иштеринде дегеле далилдик база болгон эмес. Видеотасмаларда да, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө да конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүүгө, улуттук же диний касташууга, баарынан да – жикчилдикке (б.а. Ноокат районун Кыргызстан-дан бөлүү жөнүндө) эч кандай чакырык жок.

Соттолуучулардын эч кимиси тыюу салынган материалдарды таратып жаткан же-ринен 2008-жыл, 1-октябрдагы окуянын алдында же андан кийин кармалган эмес. 87 «Кыргызстандын түштүгүндө Хизб ут-Тахрирдин 1,5 миң мүчөсү райадминистрациянын имаратын басып алды», «Казахстан сегодня» маалымат агенттиги, 2008. 01.10. 88 Караңыз: «Мемориал» УБ отчету. 89 Караңыз: «Мемориал» УБ отчету. 10-бет.

Page 80: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

79ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

Соттолгондордун айрымдары чындыгында эле Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрү болушкан (алардын алтоо мурда КР ЖазК 299-бер. боюнча – ушул уюмдун ма-териалдарын тараткандыгы үчүн – жазык жоопкерчилигине тартылышкан), кал-гандары буга эч кандай тиешесиз болгон (кээ бирлери атүгүл намаз да окубай жүргөндөр эле). Бирок айыпталуучулардын тыюу салынган уюмга катышы барлы-гын тастыктаган кандайдыр бир мыйзамда каралган далилдер иште жок эле (да-лил күчү жок «утурумдук маалыматка» жасалган шилтемелерди эске албаганда). Айыпталуучулардын үчтөн биринен ашуун бөлүгүнүн жашы жете электерди кыл-мыш жасоого тартууга катышы барлыгын тастыктаган далилдер да жок.

Башаламандыктарга катышкандык боюнча айыптоого келсек, өкүмдө жазылган-дай, айыпталуучулардын 10дон кем эмеc бөлүгү милиция менен кагылышуу бол-гон учурда Ноокаттын борборунда болгондугун танышкан жок, бул күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен да бекемделет. 9дан кем эмес киши видеотасмадагы кадрлар боюнча таанылган. Бирок бул алардын кандайдыр бир зомбулук иш-ара-кеттерге катышкандыгын эмес, болбой калган майрамга келгендердин арасында жүргөндүгүн гана тастыктайт.

Мамлекеттик органдардын версиясына ылайык, бул фактыга карай Жазык кодек-синин төмөндөгүдөй беренелери боюнча №140-08-178 жазык иши козголгон: 233-бер. 1,2,3-бөл. (Массалык башаламандык), 174-бер. 2,3-бөл. (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу), 156-бер. 1-бөл. (Жашы жете элек адамды кылмыш жасоого тартуу), 341 ч.2 (Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу, муну менен киши-нин өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирүү), 259-бер. 2-бөл. (Ишмердиги жарандардын ден соолугуна зыян келтирүү менен коштолгон, алардын өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга же укукка каршы иш-аракеттер-ди жасоого түртүүчү диний уюмду түзүү, ошондой эле мындай уюмду жетектөө, мындай бирикмелердин ишмердигине катышуу, ошондой эле ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган жосундарды үгүттөө), 295-бер. 1-бөл. (Кыргыз Ре-спубликасынын конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүү максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу), 297-бер. 2-бөл. (Бийликти күч менен басып алууга же Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүүгө ачык чакыруу), 299-бер. 2-бөл. 3-п. (Диний касташууну козутууга багытталган иш-ара-кеттер, ошондой эле жарандарды динине карай өйдөсүнтүүчү же кемсинтүүчү үгүт жүргүзүү – эгер бул жосундарды уюшкан топ жасаган болсо).

2008-жылы 27-ноябрда Ош шаарында Ноокат районундагы массалык башала-мандык фактысына байланышкан №140-08-178 жазык иши боюнча сот процесси аяктады.

Ошондо соттолгондор кийинчерээк КР Убактылуу Өкмөтү тарабынан мунапыс кылынды. Эгер 2010-жылдагы белгилүү апрель окуялары болбогондо, соттолгон-дор мунапыс албай калышы толук ыктымал эле. Бирок Ноокат окуяларынан кий-ин Хизб ут-Тахрирдин жигердүүлүгү кыйла басаңдады. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери да, эксперттик коом жана мусулман дин кызматчы-лары да айтып жүрүшөт.

Бирок эксперттердин маалыматына караганда, азыркы кезде Хизб ут-Тахрирдин жактоочулары өлкөнүн түштүк облустарында жаштарды Сирияда жихадчылар-

Page 81: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

80 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

дын тарабында согушууга жөнөп жаткан топторго азгыруу менен алектенүүдө.90

Бул үчүн хизбутчулар «Асаддын солдаттарынын жексурдугу жөнүндө» атайын да-ярдалган фильмдерди интернеттен көчүрүп алып пайдаланышат.

Тыянак1. Бышып келаткан кризистик кырдаал боюнча эртелеп алдын алуу тутуму

түзүлгөн эмес эле. Укук коргоо органдарынын Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүнүн катышуусунда чыр чыгышы мүмкүн экендиги жөнүндө жергиликтүү мам-лекеттик органдарга жана прокуратурага кабарлоо аракети түшүнүксүз бойдон көңүл бурулбай калды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү арасат абалда: бир жагынан, окуя үчүн жоопкерчиликтен качып, экинчи жагынан, мусулман калктын көзүнө жаман көрүнгүсү келбей турушту.

2. Кризистик кырдаалга даярдык деңгээли төмөн эле. Массалык башала-мандык жана кагылышуу болот деп эч ким ойлобогондуктан, буга такыр даяр эмес эле. ИИМдин маалыматтарына ылайык, дал Хизб ут-Тахрирдин жактоочулары ушул окуяга шыкакчы болушкан, бирок муну кантип далил-деп, ага каршы күч колдонуудан башка кандай чара көрүүнү эч ким билген эмес.

3. Кризистик кырдаалда кабар берүү жана жооп кылуу тутуму бир гана улут-тук коопсуздук өңүтүнөн колдонулду, ошондуктан процесске атайын кыз-маттар тартылды.

4. Кыргызстанда биринчи ирет диний себептен чыккан массалык башала-мандык болду да, калк мусулман майрамын белгилөө жагынан өзүнүн мыйзамдуу укугун сактоону талап кыла баштады. Эгер жергиликтүү калк менен катнаш түзүү, ошондой эле данакерлик кылуу жана чыр-чатак чечүү көндүмдөрү бар болгондо, укук коргоо органдары тополоңго бөгөт коё ал-мак. Мамлекеттик органдардын көбү жана ИИМ Хизб ут-Тахрир жөнүндө, анын түзүмү жана ишмердиги жөнүндө анык маалыматка ээ эмес эле. Хизб ут-Тахрирди жактоочулардын колуна мынчалык каржы жана ресурс каяктан келип жаткандыгы азыркыга чейин белгисиз.

5. Кризистик кырдаалды чечүүдө чырдашкан тараптарды элдештире билген бейөкмөт уюмдар данакерлик кылса болмок. Бирок ошол кезде массалык данакерлик (медияция) жана элдик дипломатия жагынан көндүмдөргө са-налуу гана адамдар менен бейөкмөт уюмдар ээ болгон. Ошолорду окуя болгон жерге жеткирүү зарыл эле.

6. Кризистик кырдаалды токтотуу үчүн негизги фактор катары каршылык кылгандарга күч колдонуу ыкмасы тандалды. Күчкө салуу жолу убактылуу гана таасирдүү болду. Бара-бара бул жергиликтүү калктын дүрбөлөңгө түшүп, бийлик жана укук коргоочу түзүмдөр менен кызматташуудан качуу-суна алып келди. Хизб ут-Тахрир жетекчилеринин көпчүлүгү Кыргызстан-дан кетип, чет өлкөлөрдө качкын макамын суранышты.

7. Чыр-чатакты чечүүгө оң таасир эткен башка фактор – бул кризистен кийин жергиликтүү укук коргоочу уюмдар менен КР Акыйкатчысынын аппараты-

90 Эксперт Кадыр Маликов менен маектешүүдө Хизб ут-Тахрир жетекчилиги жана Сириядагы талаа командир-лери Башар Асаддын режимин жеңип чыккандан кийин Сирияда биргелешип халифат куруу жөнүндө келишип алышкандыгы маалым болду.

Page 82: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

81ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

нын кийлигишүүсү. Булар соттолгондордун күнөөсүз экендигин далилде-генге жетишип, аларга мунапыс берүүнү Убактылуу Өкмөттөн өтүнүштү.

Алынган сабактар1. Ноокат окуяларынан эң олуттуу сабактар алынды. Эксперттердин көпчүлү-

гү бул тополоңду чыгаргандар четте калып, күнөөсүз кишилер жабыр тарт-ты деп эсептешет. Ноокат окуялары боюнча соттолгон 32 кишинин баары 2010-жылы 26-апрелде КР Убактылуу Өкмөтүнүн Декрети менен мунапыс кылынды. Хизб ут-Тахрирдин жетекчилерине издөө жарыяланды.

2. Кагылышуу райондук бийликтегилердин макулдашуусуз иш жүргүзгөндү-гүнөн жана эмне кылууну билбей калгандыгынан келип чыккан. Бир жа-гынан райондук акими майрам өткөрүүгө тыюу салып, экинчи жагынан анын орунбасары уюштуруучуларга өз укугуңарды жактагыла деп көкүткөн.

3. 2008-жылы 1-октябрда Ноокатта болгон башаламандыктардын айрым катышуучулары өлкөдөн качып кетип, тастыкталбаган маалыматтарга ка-раганда, Сириядагы жана Ооганстандагы куралдуу кагылышууларга ка-тышкан.

4. Укук коргоо түзүмдөрү жана бийликтин жергиликтүү органдары өлкөдө Хизб ут-Тахрирдин иш жүргүзүшү кооптуу жана коркунучтуу экендигин түшүнүп, ага каршы ишин улантууда. Бирок ИИМ жетекчилигинде Хизб ут-Тахрирдин соттолгон мүчөлөрүн жалпы массадан обочо кармап, башка иштерге иштетүү керек, антпесе алар түрмөдө отургандарды ушул экстре-мисттик уюмга тартышы мүмкүн деген пикир да бар.

5. Укук коргоо органдары экстремизмге жана террорчулукка каршы туруу жа-атында жарандык жана эл аралык уюмдар менен иштеше баштады. Экс-тремизмге каршы күрөштө жана этнос аралык чыр-чатактардын алдын алууда жергиликтүү бийлик органдарынын укук коргоо органдары жана коомчулук менен иштешүүсү зор мааниге ээ.

6. Жер-жерлердеги бийлик түзүмдөрү – мамлекеттик администрациялар эт-но-диний кырдаал жөнүндө объективдүү маалыматка ээ эмес, диний ую-мдардын ишмердигин мониторингдөө тутуму жок91 жергиликтүү дин кыз-матчылары жана алардын лидерлери менен иш начар жүргүзүлүүдө.

7. Экстремизм жана террорчулуктун алдын алуу тутумунда бул жаатта иш жүргүзгөн субъектилердин иштешүүсүн өркүндөтүүгө байланышкан бир катар маселелер бар. Негизинен мындай терс көрүнүштөргө каршы күрөштү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүмдөрү натыйжалуу иштешүүсү керек.

8. Чет өлкөлүк радикалдуу багыттагы диний уюмдар жана борборлор жер-гиликтүү экстремисттик топторго тынымсыз каржылык жардам көрсөтүүнү улантып келет.

9. Экстремизмдин каржыланышына байланышкан кырдаалды компетенттүү

91 Каржылык жана материалдык ресурстардын жоктугунан мониторинг тутумун толугу менен киргизүү мүмкүн эмес. Каржылык жана материалдык ресурстардын жоктугунан мониторинг тутумун толугу менен киргизүү мүм-күн эмес.

Page 83: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

82 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

мамлекеттик органдар көзөмөлдөй албай жатат. Диний бирикмелердин, диний билим берүү мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары да диний билим алып жаткан адамдардын террорчулук жана экстремисттик ишмердик жүргүзүүчү адамдар менен уюмдарга катышы бар же жоктугун каржылык мониторингдөө талаптагыдай деңгээлде жүр-гүзүлбөй жатат. Мындай адамдар жана топтор жөнүндөгү маалыматтарды ыйгарым укуктуу органдар өз убагында берип турбайт.

10. Диндер аралык же мамлекеттик-диний ар кандай мамилелерди жөнгө салуу милдети негизинен Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жүктөлгөн. Бирок ал мамлекеттик органдар ме-нен диний чөйрөнүн карым-катыш маселелерин чечүүгө аракеттенбейт, анын аймактардагы түзүмдөрү диний уюмдардын ишмердигине пассивдүү гана көз салып турууда.

11. Диний билим алуу үчүн чет өлкөлөргө кетип жаткан адамдардын мони-торингдөө жана алар тууралуу маалымат базасын, чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринин негизги мүнөздөмөлөрү жана багыттары боюнча тизмекти түзүү иштери жүргүзбөй кала берүүдө. Атүгүл чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайларда окуп жаткан жаштарды эсепке алууда ырааттуулук жок. Көбүнчө теологиялык билим алгандын ордуна жаштар экстремисттик уюмдар менен радикалдык кыймылдардын идеяларын жайылтуучу болуп калышат. Жаштар чөйрөсүндө экстремизмге, террорчулукка каршы идео-логияны калыптандыруу үчүн мамлекеттик органдар, диний жана коомдук уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары биргелешип күч-аракет жумшоого тийиш.

12. Экстремизм идеологиясынын жаштар чөйрөсүндө жайылтылышына кар-шы иш жүргүзүү мамлекеттик органдарды, жарандык коомду маалымат камсыздоо, мамлекеттик түзүмдөр менен расмий дин кызматчыларынын кызматташуусу, бийлик органдарынын кызматкерлерин, билим берүү ме-кемелеринин окутуучуларын жана жарандык коом өкүлдөрүн атайын да-ярдыктан өткөрүү жаатында бирдиктүү тутум жок.

13. Билим берүү тутумунун мекемелери бүгүнкү күндө билимдер менен бил-гичтиктерди берүү менен гана чектелип, тарбия ишин үй-бүлөгө гана ар-тып коюшкан. Алар окуучулардын аң-сезимине таалимдик таасир этүү ка-ражаттарын колдонбой калды. Атүгүл окуу процессиде деле жаш муундун башка диндерге, башка улут өкүлдөрүнө сабырдуу мамиле кылуу боюнча интеллектуалдык жана жүрүм-турумдук көндүмдөрүн калыптандырууга эч кандай көңүл бурулбайт. Мында орто мектептеги сабырдуулук менен эт-но-диний баарлашуу маданиятына үйрөтүп тарбиялоо башка бардык нер-селерден жогору турарын, анткени инсандын аң-сезими негизинен окуу-чулук мезгилде калыптанарын белгилей кетүү керек. Бул иштин ийгилиги жана натыйжалуулугу балдарга, ата-энелерге жана мугалимдерге жардам уюштуруунун теориялык жана практикалык негиздерин иштеп чыгуу үчүн ар башка тармактардагы адистерди бириктире билүүгө жараша болот. Мындай интеграцияны билим берүү жана жаштар менен иштөө чөйрөсүн-дөгү компетенттүү органдар социалдык институттар жана укук коргоо ор-гандары менен тыгыз катнашта жүзөгө ашырышы керек.

Page 84: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

83ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

14. Азыркы учурда экстремисттик жана террордук түзүмдөр техникалык көрсөт-күчтөрү жогору заманбап каражаттар менен жабдылган. Алардын колунда мыкты компьютерлер, байланыш каражаттары, курал-жарак жаатындагы эң жаңы иштелмелер, атүгүл жардыруу курулмалары бар. Ошондуктан Кы-ргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана атайын кызматтары учурдагы материалдык-техникалык таянычы менен экстремизмге каршы турушу, террорчулукка бөгөт коюшу дегеле мүмкүн эмес.

Сунуштар1. Экстремизмге жана террорчулукка каршы туруу үчүн бардык мамлекеттик

институттардын күч-аракети, коомдук бирикмелердин мүмкүнчүлүктөрүн, колдонуп коомдогу ушул өтө орчундуу маселелерди чечүүгө кызыкдар ак ниет күчтөрдүн баарын бириктирүү зарыл. Бардык иш-чаралар ком-плекстүү түрдө, мамлекеттик органдар, коомдук жана башка бейөкмөт уюмдар, мекемелер, алардын өкүлдөрү жүргүзгөн жалпы социалдык ча-ралар менен катар жүзөгө ашырылышы керек.

2. Экстремизмге жана террорчулукка каршы турууда жаштар жана алар-дын уюмдары өзгөчө роль ойнойт. Соңку кезде диний экстремисттер жана эл аралык террорчу уюмдар жаңы күчтөргө ээ болууга аракетте-нип, бүлгүнчүл (ислам же христиан динине жамынган) уюмдардын баары жаштарды азгырып жатат. Ошондуктан адамдардын аң-сезимине жана жүрүм-турумуна экстремисттик, коомго жат көз караштардын сиңишине бөгөт коюп, жаратман баалуулуктарга, социалдык оң сапаттарга канык-кан, адеп-ахлактуу адамды калыптандыруу үчүн коомдо, айрыкча жаштар чөйрөсүндө жагымдуу маанай түзүү керек.

3. Биз жерде төмөндөгүдөй иш-чараларди жүргүзүү абзел: жаштардын эс алуусу менен бош убактысын түркүн түрдө, мазмундуу уюштуруу; кесип тандоо жана алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзүү; экстремизмге каршы мазмундагы үгүт материалдарын жана көркөм чыгармаларды жайылтуу; айрым диний жана улутчул топторду акаарат кылган маалы-маттардын ЖМК аркылуу таратылышына жол бербөө. Бул иш чаралар-ды күнүмдүк турмушта жүзөгө ашыруу экстремизм менен террорчулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алууга, жаштардын ушундай багыттагы ую-мдарга азгырылуудан сактандырууга өбөлгө түзөт.

4. Жалпы социалдык алдын алуу чараларынын натыйжалуулугу салттуу ди-ний уюмдардын колдоосуна ээ болгон шартта жогорулашы мүмкүн. Салт-туу диний уюмдар менен иштешкенде, диний жамааттардан экстремисттик кыймылдар оолактайт. Сабырдуулук (толеранттуулук) жана диндер аралык диалог тутумун ар тараптуу бекемдөө Кыргызстанды ар кайсы диндердеги түрдүү элдеринин биримдигин чыңдоонун зарыл шарты жана бул иштеги артыкчылыктуу багыт болууга тийиш. Бул экстремизмдин күч алышына жана идеологиясынын жайылышына бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүн жаратат.

5. Экстремизмдин алдын алуу ишине салттуу дин өкүлдөрүн тартса, ар кай-сы диндердин иштешүүсүнө жана динчилдердин билим деңгээлин жого-рулатууга шарт түзүлөт. Ошондо дин таануу жана укук таануу жаатындагы адабияттардын тартыштыгы жоюлуп, бул боштукту толтуруп жаткан чет

Page 85: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

84 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

өлкөлүк авторлордун экстремисттик жана террорчулук идеяларына шы-калган чыгармаларына чек коюлат эле. Мамлекет салтуу диний бирикме-лерден алыстабай, тескерисинче, алар менен мүмкүн болушунча жакын-дашууга тийиш.

6. Экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөштө мамлекеттик-диний мамилелер жаатындагы мыйзамдардын диний активисттер тарабынан сакталышына биргелешкен көзөмөл жүргүзүү боюнча жергиликтүү бийлик менен укук коргоо органдарынын иштешүүсү абдан маанилүү. Дал ушун-дай кызматташуу улут же динге байланышкан ар кандай чыр-чатактарды чечүүнү жеңилдетет. Ошондуктан мамлекеттик органдар менен, мунун ичинен укук коргоо органдары менен биргеликте улут аралык, диндер ара-лык жана башка чыр-чатактарды чечүүгө даяр эң кадыр-барктуу адамдар-ды тарта алгыдай уюмдарды түзүү керек. Диний негиздеги экстремизм көп кырдуу көрүнүш экендигин, анын ар бир багытына каршы тийиштүү ыйгарым укуктары бар өзүнчө мамлекеттик орган же органдар тобу иш жүргүзүшү керектигин эске алуу зарыл. Мисалы, антиконституциялык ба-гыты даана билинген, укук тартибин бузуучу жана коом үчүн коркунучтуу экстремисттик акцияларга каршы улуттук коопсуздук, прокуратура жана ички иштер органдары иш жүргүзүшү керек. Ар кандай диний же мамле-кеттик-диний мамилелерди жөнгө салуу милдети негизинен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жүктөлгөн.

7. Экстремизмдин бардык көрүнүштөрү көзөмөлдө болуп, аларга тийиштүү мамлекеттик түзүмдөр талаптагыдай чара көрүп турушу абзел. Муну уюштурууда мамлекеттик түзүмдөр комплекстүү иш-аракет жүргүзүшү ке-рек. Алар экстремизмге каршы туруу жаатындагы мамлекеттик саясатка туура келиши керек.

Акырында коомдогу туруктуулукту жаратуу жана сактоо, Кыргыз Республикасы-нын конституциялык түзүмүн жана диндер аралык ынтымакты бекемдөө, экстре-мизм менен террорчулукка жол бербөө жана алдын алуу максатында төмөндө-гүдөй милдеттер орчундуу деп тыянак чыгарууга болот:

• республикада экстремизм менен террорчулуктун пайда болуп, күч алышы-на өбөлгө түзгөн шарттарды жана себептерди ырааттуу түрдө жоюу;

• Кыргыз Республикасынын жарандарынын диний-экстремисттик жана тер-рорчу уюмдарга тартылышына каршы иш жүргүзүү;

• диндер аралык чыр-чатактардык чыгышына, башка диндеги адамдарды кемсинтүүгө багытталган маалыматтар менен адабияттарды таратууга каршы иш жүргүзүү;

• этникалык жана диний топтор ордосунда сабырдуу, ынтымак мамилени түзүү;

• мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-рынын экстремизмге каршы ишин координациялоону, алардын коомдук жана диний уюмдар менен ушул чөйрөдө иштешүү түрлөрүн жана ыкта-рын өркүндөтүү;

• өлкөдө саясий, улут аралык жана диндер аралык курч чыр-чатактардын чыгышына жол бербөө;

• теологиялык жана дин таануу экспертиза Кыргыз Республикасынын

Page 86: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

85ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

Өкмөтү бекиткен тийиштүү жобонун негизинде жүргүзүлүшү керек.

Экстремизмге жана эл аралык террорчулукка каршы туруу жаатында эл аралык иштешүүнү алкагында мамлекеттик түзүмдөрдүн, мунун ичинен укук коргоо орган-дарынын кызматкерлерин чет өлкөлүк эксперттерди тартуу менен даярдоо жана кайра даярдоо иши өзгөчө орунда турат. Бул иште мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуу жана кай-ра даярдоо боюнча кычка мөөнөттүк курстарды жакынкы жана алыскы чет өл-көлөрдүн окуу борборлорунун базасында тутумдуу, ырааттуу уюштуруу зарыл. Ушундай курстарды экстремизмге жана террорчулукка каршы ишмердик жаатын-да тажрыйба алмашуу тренингдерин өткөрүү үчүн чет мамлекеттердин террорчу-лукка жана экстремизмге каршы бөлүмчөлөрүнүн жана БУУ менен ЕККУнун тий-иштүү түзүмдөрүнүн жетектөөчү эксперттеринин катышуусунда уюштуруу керек.

Эл аралык тажрыйбаны үйрөнүп, ошондой эле биздин республикада экстремист-тик жана террордук коркунучтардын бөтөнчөлүктөрүн эске алып, бул жаатта иш жүргүзгөн субъектилер үчүн окуу-усулдук, маалымкат-маалыматтык колдонмо-лордун комплексин иштеп чыгуу зарыл.

Булактар:1. Кыргызстан: нарушения прав человека в связи с делом о «Ноокатских со-

бытиях». Доклад ПЦ “Мемориал” от 27 января 2009 года.

2. Исаев Артур «Зубы показала власть», газета «Дело №» (www.delo.ktnet.kg) от 17.12.2008.

3. Каримов Данияр. «Генеральная прокуратура Кыргызстана закончила следствие по факту массовых беспорядков в Ноокатском районе, устро-енных сторонниками ”Хизб ут-Тахрира”», ИА «24.kg», 03.11.2008.

4. «По факту массовых беспорядков в Ноокатском районе Ошской обла-сти Кыргызстана задержано 32 члена “Хизб ут-Тахрира”», ИА «24.kg», 13.10.2008.

5. «На юге Кыргызстана 1,5 тыс. членов партии Хизб ут-Тахрир захватили здание райадминистрации». ИА «Казахстан сегодня», 01.10.2008.

6. Груздев Юрий. «Массовые беспорядки в священный день», www.msn.kg, 03.10.2008.

7. «Кыргызстан. Власти конфликтуют с населением из-за места проведения мусульманских праздников, www.ferghana.ru, 02.10.2008.

8. Жертвы пыток в Кыргызстане: материалы мониторинга нарушения прав человека по обвинению в причастности к экстремизму. Фонд «Открытая позиция», Бишкек 2009.

9. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын 2008-жыл, 8-октябрдагы № 9-09/792 эксперттик тыянагы. Курбаналы Усуповдун колу коюлган.

10. Хизб ут-Тахрир мыйзамсыз саясий партиясынын материалдары жана до-кументтери – автордун өздүк архивинен.

Page 87: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)
Page 88: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

2010-ЖЫЛ, 7-АПРЕЛДЕГИ ОКУЯЛАР: САЯСИЙ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДЫ ТЕСКӨӨ

Эмил Джураев

Кыскача сереп

«Элдик революция» катары белгилүү болгон 2010-жыл, 7-апрелдеги окуялар – көз карандысыз Кыргызстандын тарыхындагы саясий өзгөчө кырдаалды тескөө маселесинин эң маанилүү мисалдарынын бири. Апрель окуялары Президент Кур-манбек Бакиевдин ошол кезде «үй-бүлөлүк башкаруу» деп аталып калган корруп-циялашкан жана экономикалык жактан талоончул92, саясий жактан өкүмчүл жана репрессивдүү режиминин аякташына алып келди.

Бирок бул отчет кулатылган режимди саясий талдоо жана апрель окуяларын ба-алоо максатында жазылган эмес. Бул иштин максаты – окуяларды өзгөчө кырда-алды тескөө өңүтүнөн талдоо. 7-апрелдеги окуялар кандайча болду? Кырдаалды көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жагынан бийлик кандай иш-аракет жасады? Мас-салык каршылык кандайча тескелгис болуп, ондогон адамдардын өлүмүнө алып келди да, бийликтин өзүнүн кулашы менен аяктады?

Колдо бар маалыматтарды, мунун ичинен ошол окуялар боюнча отчетторду, жаңылык макалаларды, соттук көрсөтмөлөрдү, ошондой эле окуяларга катышкан жана күбө болгон бир нече кишиден (алардын өтүнүчүн канааттандыруу үчүн аты-жөнүн атабай) автор өзү алган маекти талдоонун жыйынтыгында, объективдүүлүк принцибин карманып, саясий мүнөздөгү пикирлерден оолак болуу максатында бир нече тыянак чыгарууга болот.93 Бул тыянактар, бүтүндөй отчет сыяктуу эле, бийликтин 2010-жылы 7-апрелде кулап калганга чейинки иш-аракеттери менен чектелет. Ал кулагандан кийин өтө опурталдуу кырдаал ошол жылы июнь айында Ошто жана Жалал-Абадда болгон улут аралык чыр-чатактын басылышы менен аяктады деп эсептешет айрымдар. 92 «Талоончул» (= predatory) эмоциялык мааниде эмес, саясат таанууда кеңири колдонулган терминдин маа-нисинде. Мисалы, караңыз: Боаз Мозелл и Бенджамин Полак «Модель грабительского государства», Журнал Права, Экономики и Организации, 17/1 (2001). 93 Бул иштин методологиясы жөнүндө эки ооз сөз. 2010-жыл, 7-апрелдеги окуялар кризистик кырдаалды тескөө жагынан да изилдөө үчүн татаал тема бойдон калууда. Мунун бир катар объективдүү себептери бар: көптөгөн учурлар жана фактылар талаштуу: окуялардын жүрүшүндө коопсуздук күчтөрүнүн иш-аракеттерин эч кайда таризделбеген түрдө, бейформал башкаруу фактору бар; расмий түрдө «элдик революция» деп аталган бул окуянын өзү даана саясий түспөлгө ээ, ал эми окуянын катышуучулары, айрыкча бийлик өкүлдөрү өздөрү бил-ген нерселерди ачык айткысы келбейт. Атайын отряддардын («Альфа» жана «Арстан») кызматкерлеринин, бир нече жогорку кызмат адамдарынын, алардын ичинен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин өзүнүн жана эки инисинин үстүнөн жүргүзүлгөн сот процесси азыркыга чейин улантылып жаткандыгы да мааниге ээ. Ушул отчет жазылып жаткан кезде (2014-жылы апрелде) бул процесс аяктап калган болчу. Мындай татаал жагдайларды эске алып, бул иш ар түрдүү булактарды, мунун ичинен ошол окуяларга катышкандардын бир нече анонимдүү маегин, жаңылык макалаларды, маектерди, соттук көрсөтмөлөрдөн цитаталарды жана тийиштүү мыйзамдардын тексттерин колдонуу менен жүзөгө ашырылды. Ошондой эле автор бул окуялар боюнча өзүнүн көз карашына, тыянактарына да таянып, керек учурларда жалпы таанылган коомдук пикирге да шилтеме жасайт.

Page 89: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

88 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Кыскача төмөндөгүдөй жалпы үч тыянак чыгарууга болот.

Биринчиден, элдин толкуп чыгып, каршылык акциясына катышуусуна Бакиевдин башкаруусунун мүнөзү – мамлекеттик бийликти президенттин үй-бүлөсү ээлеп алгандыгы, оппозицияга жана бийликти сындагандарга каршы куугунтук, баа-рынан да, экономика жаатындагы саясат, атап айтканда, бир катар коммуналдык кызматтардын баасынын өсүшү, ошондой эле өлкөдөгү бир нече стратегиялык объектилердин менчиктештирилгендиги – түрткү болду. Бул жагдайлар элдин на-аразылыгын ачыкка чыгаруу үчүн зарыл шарт болду, бирок булар 7-апрелдеги окуялардын өнүгүшү үчүн жетиштүү эле дегенге болбойт.

Экинчиден, канчалык катаал болгондугуна жана күч түзүмдөрүнүн коркутуу кура-лы катары пайдаланылгандыгына карабастан, саясий мүнөздөгү өзгөчө кырда-алды тескөө жагынан Бакиевдин бийлигинин олуттуу кемчилиги бар эле. Тактап айтканда, кырдаалды талдоо, катнаш жүргүзүү жана ыкчам маалыматты колдо-нуу жагынан мүчүлүштүктөр байкалып, айрым түзүмдөр жана алардын жетекчи-леринин ортосунда иш-милдеттер менен жоопкерчилик бүдөмүк бөлүштүрүлгөн, ошондой эле бийлик соңку мүнөттөргө чейин кырдаалды жөнгө салуунун күчкө салуу ыкмаларына гана таянып туруп алып, башка жолдорду издеген жок. Бул маселелердин көбү Курманбек Бакиевдин бир тууганы, ошол кезде Мамлекеттик сакчылык кызматынын төрагасы Жаныш Бакиевдин бейформал түрдөгү күчтүү бийликке ээ болгондугу менен да байланыштырылышы мүмкүн. Ар кандай булак-тарга ылайык, ал иш жүзүндө күч түзүмдөрүн жетектеп, оппозиция менен бийлик-ке сын айткандарды кысымга алуу иш-чараларына башчылык кылган.

Үчүнчүдөн, кайсы бир даражада жогорудагы эки пункттарда айтылгандардын натыйжасы катары, кырдаал өтө тез курчуп кетти да, бийлик түзүмдөрү окуянын соңунан кечигип кыймылдап, көп өтпөй эле анын жүрүшүн көзөмөлдөй албай кал-ды. Ушул ыңгайдан алганда, «Ак үйдүн» алдында курал колдонууну (муну страте-гиялык объектини коргоонун мыйзамдуу усулу деп тааныган күндө деле) окуяны артка кайтара албай айла кеткендеги акыркы кадам катары кароого болот.

2010-жыл, 7-апрелдеги өзгөчө кырдаалды жөнгө салууга байланышкан траге-диялуу тажрыйбанын негизинде бир катар маанилүү сабактарды өкмөт жана, айрыкча, тийиштүү ведомстволор өздөштүрүшү керек. Кыргызстан үчүн эң баш-кы сабак – парламент башкы ролду ойногон түзүмгө негизделген конституцияны кабыл алуу үчүн өтө борборлошкон президенттик башкаруу формасынан баш тартуу зарылдыгы даана болду. Бирок конституциялык деңгээлдеги ушул бир ре-формадан тышкары Кыргызстандын жетекчилери өзгөчө кырдаалдарды тескөө боюнча ыкчам, функционалдык жана координациялык мүнөздөгү маселелерге көңүл бурушу зарыл, анткени булар 7-апрелдеги окуялардын жыйынтыгына кый-ла таасир эткен.

Page 90: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

892010-ЖЫЛДАГЫ АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫ

2010-жыл, 7-апрелдеги окуялардын кыскача баяндамасы

Бул талдоодо «экинчи революция», «апрель революциясы», «Бакиевдин ре-жиминин кулашы» деп аталып калган 2010-жыл, 7-апрелдеги окуялар каралат. 7-апрелдеги жалпы каршылыктын жана окуянын укмуштай тез ырбап кетиши-нин натыйжасында Президент Бакиев бийликтен кол жууду да, анын ордун ошол кезде Роза Отунбаева баштаган оппозиция жетекчилеринен куралган Убактылуу Өкмөт ээледи.

Эки суткага жетпеген убакыт ичинде – 6-апрелде Таласта башталып, 7-апрелде Бишкекте жана бүткүл республикада – өткөн окуя өлкөдөгү эң опурталдуу кыр-даалдардын бири болуп калды. «7-апрелге» байланышкан окуялардын бүтүндөй түрмөгүн ар тараптуу, толук кандуу талдоо үчүн бул тапшырманын алкагында изилденгенге салыштырмалуу бардык жагынан көп ресурстар талап кылынат. Азыркыга чейин бул окуялардын ар кайсы жагдайлары талаштуу жана такталба-ган бойдон калгандыгы94, төрт жылдан бери апрель окуялары боюнча сот процес-си улантылып жаткандыгы да ишти татаалдантат. Буга байланыштуу, ошондой эле кризис кырдаалынын бийлик тараптан тескелишин иликтөө үчүн бул талдоо-до мурдагы бийликтин 6-апрелдеги Таластагы тополоңдон баштап 7-апрелде ке-чинде кулаганга чейинки иш-аракеттерин кароо менен чектелебиз.

7-апрелдеги кризистик кырдаалды тескөө начар жана натыйжасыз болгондугу көрүнүп турат. Атүгүл соңку эки күн аралыгында деле окуянын такыр башкача аякташы үчүн бийликтин башкача иш-аракет кылууга ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Бирок 6-7-апрелдеги кризис Курманбек Бакиевдин өтө өкүмчүл, корруп-циялашып кеткен жана ошол кезде оппозицияны куугунтуктаган режиминин на-тыйжасында бышып жетилген. Ушул ыңгайдан алганда, 7-апрелдеги окуяларды Бакиевдин бийлигинин мыйзам ченемдүү аякташы деп кароого болот. Режимдин жалпы мүнөзүнө да, бийликтин 6-7-апрелдеги иш-аракеттерине да байланышкан маселелер биригип келип бул режимдин кулашына жана бийликке оппозициянын келишине жеткирди.

6-7-апрелдеги окуялар тез жана көп жагынан күтүүсүз нукка бурулуп кетти: 6-апрелде оппозиция лидерлеринин бири болгон Болот Шердин (Шерниязовдун) камакка алышына нааразы болгондордун Талас шаарында толкуп чыгышы менен башталды. Бийликтин бир катар катачылыктарынын айынан окуя ырбап, Таласта-гы, андан соң айрыкча Бишкектеги каршылыкка чыккандардын көзөмөлсүз иш- аракеттери менен уланды.

Атап айтканда, 6-апрелде кечке жуук укук коргоо органдары облус губернаторун барымтадан бошотуп, көп сандаган митингчилердин көзүнчө Болот Шерди экинчи ирет камакка алганда, Таласта бийлик көзөмөлдү колунан чыгарып ийди. Андан ары, 7-апрелде таңга маал каршылык кылгандар ушунчалык көбөйүп, жаалда-нып кеткенде, ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин буйругу менен башталган аларды кууп таратуу жана басып салуу операциясы оңунан чыкпай

94 Мисалы, демонстранттардын өлтүрүлгөндүгү боюнча төрт жылга жакын убакыт созулган сот процессинде аларды ким аткандыгы дагы эле тактала элек. Караңыз: «7-апрелде Ак үйгө жана элге ок аткан белгисиз ку-ралчандар кимдер?». «Жаңы агым» гезити. 2013. 22.11. Төмөнкү сайттан таанышып көрүүгө болот: http://www.gezitter.org/politic/25673/

Page 91: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

90 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

калды. Таласка кошумча күч катары Оштон жана Жалал-Абаддан бир нече от-ряддын алып келиниши отко май чачкандай эле болду, анткени Бакиев режими-нин адилетсиздиги катары жергиликтүү кадрларды эмес, көбүнчө түштүк тараптан келгендерди жетекчи кызматка даярдагандыгына таластыктардын нааразылыгы курч эле.95 Бишкекте ошол курултай96 чакырылган күнү таңга жуук оппозициянын негизги лидерлеринин камакка алынышы элдин жапырт митингге чыгышына түрт-кү берди. Андан ары митингчилерди коркутуу жолу менен кууп таратуу аракети каршылык кылгандардын ого бетер кыжырын келтирип, алардын милиция жана атайын отряддар менен кагылышуусуна, анан алардын курал-жарактарын тартып алышына себеп болду.97

7-апрелде Кыргызстандагы кризистин жыйынтыгында 80дей киши өлүп, 1000дей киши жарадар болду,98 көп сандаган курал-жарак уурдалды, мамлекетке жана жеке менчик ээлерине чоң зыян келтирилди, укук коргоо органдары толугу менен жеңилди, талоончулук жана зордук-зомбулук кеңири жайыла баштады. Президент Бакиевдин жана анын жакындарынын бийликтен кол жуушу мурдагы бийликтин кризистик кырдаалды жөнгө сала албастыгынын айынан болгон бардык жоготуу-лардын бири гана эле.

Окуянын себептери жөнүндө негизги божомолдор

6-7-апрелдеги окуялардын ыктымал жана аныкталган себептерин караштыр-ганда, жүйөлөрдү эки топко бөлүү зарыл. Биринчиден, 7-апрелдеги окуялардын чыгышына алып келген салыштырмалуу түрдө узак мөөнөттүү саясий өбөлгөлөр бар эле. Булар эң көп айтылып жүрөт, ошондуктан коомдо кеңири белгилүү. Экин-чиден, кырдаалды башкаруу же, башкача айтканда, көзөмөлдөө жагынан бийлик-тин иш-аракеттериндеги катачылыктардын тикелей, кыйла конкреттүү себептери да бар. Бул себептер анча белгилүү эмес болгондуктан, эң аз каралган.

Кризистин чыгышынин себептеринин биринчи топтогуларына буларды кошууга болот:

95 Таластагы окуялардын жүрүшү жана анда катышкандардын сөздөрү «2010-жыл, 6-7-апрелдеги окуялар-ды иликтөө боюнча көз карандысыз коомдук комиссиянын тыянагында» (мындан ары – «Коомдук комис-сиянын тыянагы») баяндалган. Төмөнкү сайттан таанышып көрүүгө болот: http://www.centrasia.ru/newsA.php?st=1272720300 96 Кыргыз тилинде «курултай» сөзү салттуу коомдук жыйынды билдирет. Аны оогандардын (жиргасы» же «шу-расы» менен салыштырууга болот. Азыркы кыргыз саясатында формалдуу, бирок коррупциялашкан инсти-туттардын алкагындагы талкуга караганда «курултайлар» көбүнчө мыйзамдуурактай көрүнөт. Бирок эгер оп-позиция үчүн курултай формалдуу талкуу аянты жеткиликсиз болгон шартта альтернатива катары өткөрүлсө, бийлик үчүн ал көбүнчө өзүнүн иш-аракеттерин легитимдештирүүнүн көзөмөлдөнүүчү жана маанилүү каража-ты гана болуп саналат. 97 7-апрелде Бишкекте болгон окуялар, айрыкча «Форум» имаратынын алдындагы УКМКнын «Альфа» атайын отрядынын кызматкерлери менен тирешүүсү Виталий Пономаревдун «Бишкекте (Кыргызстанда) 6-7-апрелде болгон окуялардагы «Альфа» атайын операциясын башкаруу ролу» деген отчетто кылдат жана жетиштүү даражада объективдүү баяндалган. «Мемориал» укук коргоо борбору. Москва, 2010, ноябрь. 98 Өлтүрүлгөндөрдүн (87 киши) жана жарадар болгондордун (1500гө жакын) так саны апрель окуялары боюн-ча созулуп кеткен сот процессинин талаштуу элементтеринин бири бойдон калууда. Дал ушул сан, мисалы, Убактылуу лепутаттык комиссиянын негизинен өтө саясатташтырылган отчетунда келтирилген (6-бет). Апрель окуялары боюнча сот процессинде жабырлануучулар катары 77 курман болгон жана 300дөн ашуун жарадар болгондор катышууда (мисалы, «Эртең 7-апрелде жабыр тарткандар…», 2014 01.04. караңыз: http://www.tushtuk.kg/society/16116/

Page 92: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

912010-ЖЫЛДАГЫ АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫ

1. Коррупция жана бийлик жүргүзүүдөгү үй-бүлөнүн ролу. Бакиевдин пре-зиденттик бийлигинин эң олуттуу кемчиликтеринин бири – анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамлекетти башкарууга каалашынча аралашкандыгы эле. Президенттин кичүү уулу Максим (ал үчүн атайын ведомство – Инвести-циялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттик түзүлгөн) өлкөнүн экономикалык турмушунда жырткычтай иш жүргүзгөн. Президенттин иниси Жаныш Бакиев ошол кезде Мамлекеттик сакчылык кызматынын башчысы болуп, коопсуздук сектору, күч түзүмдөрү, айрыкча бийликтин атаандаштарын жана сынчыларын көзөмөлдөө маселелеринде эң башкы адам деп эсептелген. Бийлик жүргүзүүгө президенттин улуу уулу Марат жана беш иниси да ар кайсы даражада катышты.

2. Режимдин өкүмчүлдүгү жана сындагандарды куугунтуктап тургандыгы. 2007-жылдын аягында жаңы конституцияны кабыл алуу жана колбала парламентти шайлатуу аркылуу Курманбек Бакиевдин режими эч ким кой дей албагыдай өкүмчүл бийликке айланды. Оппозициячыл саясатчылар-ды куугунтуктоо, көбүнчө саясий максатта жасалмаланган же оорлотул-ган сот иштерин колдонуу, жакпай калган айрым адамдарды өлтүрүү (бу-лардын эң белгилүү жана өтө ташбоордук менен жасалгандары – Медет Садыркулов жана Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшү) жана башка жазалоо чаралары бул бийликти элдин абдан жек көрүп калышына өбөлгө түздү.

3. Социалдык-экономикалык абалга нааразылык. Окуялар жакындап калган кезде электр жарыгы, ысык суу жана жылытуу бааларынын жогорула-тылгандыгы99, өлкөнүн энергетикалык жана телекатнаш секторлорундагы маанилүү инфратүзүм объектилеринин коррупциялык жол менен сатыл-гандыгы, ошондой эле мобилдик байланыш каражат операторлорунун кы-змат баасына ар бир чалуудагы кошкондук үчүн эле 60 тыйын кошумча төлөм киргизилгендиги100 элдин кыжырын ого бетер келтирди. 2010-жылы 1-апрелде, окуяларга бир жума калганда, Россиядан Кыргызстанга бен-зин экспорттоо алымы кошумчаланды – бул жаңылык жарандардын наа-разылыгын дагы күчөттү. Экономикалык турмуштагы бул көрүнүштөрдүн баары (атүгүл айрымдары туура эле жасалган болсо да), коррупциялык кадамдарды далилдөө мүмкүн эместиги элдин бийликке болгон мамиле-сине терс таасир этти да, башка факторлор менен кошул-ташыл болуп, каршылыктын абдан күч алышына алып келди.

4. Оппозицияны көзгө илбей, аны менен сүйлөшпөй коюу. Жогоруда санап көрсөтүлгөн себептер болгондо деле, эгер бийлик жагдайды сергек ба-амдаганда, туруктуулукту камсыздоонун таасирдүү жолдорунун бири ка-тары оппозициялык күчтөр менен ачык диалог жүргүзүү жана анын сында-ганына кулак салуу керек эле. Атүгүл оппозициянын талаптарынын көбүн аткарууга ниеттенбесе деле, маселелерди ачык-айкын талкуулоо, өзүнүн позицияларын жана чечимдеринин тууралыгын жактаса, саясий чыңалуу-ну кыйла бошоңдотууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

99 «Данияр Үсөнов: өкмөт электр жарыгы, ысык суу жана жылытуу боюнча белгиленген бааларды жокко чы-гарбайт », 2010-16-03: http://www.kp.ru/daily/24456/618787/?geo=61. Сергек талдап көргөндө, баалардын ушун-дайча жогорулатылышы туура эле болгондугун көрөбүз. Анткени экономикалык максатка ылайыктуулук жана энергосектордун туруктуулугун камсыздоо үчүн азыркы кезде деле талап кылынууда. Бирок ушундай чаралар-дын саясий натыйжасы өкмөт үчүн олуттуу коркунуч бойдон кала берүүдө. 100 «Кыргызстанда мобилдик байланыштын жаңы тарифтери иштей баштады », 2010- 01-02: http://www.azattyk.mobi/a/1944769.html

Page 93: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

92 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Жогоруда келтирилген жагдайлар 6-7-апрелдеги окуялардын эмне үчүн дал ошон-дой нукта болуп өткөндүгүн түшүндүрбөйт. Алар адамдардын көтөрүлүп, апрель окуяларына катышуусуна себеп болгон маанайды жараткан саясий жагымсыз ат-мосферанын түзүлүшүн түшүнүүгө гана мүмкүндүк берет. Бул себептерге Бакиев-дин Кыргызстандагы америкалык авиабазанын мөөнөтүн узарткандыгына Росси-янын жетекчилигинин нааразылыгын, калк арасында регионализм маанайынын күч алышын (Бакиевдин тушунда жетекчи кызматтарга түштүк тараптан чыккан көп дайындалгандыгына нааразылыктын), бийликтин басма сөздү куугунтуктаган-дыгын жана бир катар көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын жап-кандыгын ж.б.у.с. да кошууга болот. Бирок бул жана башка ушундай факторлор кризистин келип чыгышынын жогоруда санап көрсөтүлгөн төрт негизги себеби ме-нен тыгыз байланышкан же алардын курамдык бөлүгү болуп саналат.

Бирок ушундай саясий атмосферада деле жоготууларды азайтып, кризисти ий-гиликтүү жөнгө салуу мүмкүн эле. Кризисти ийгиликтүү жөнгө салуу үчүн сөзсүз эле өкмөт лидералдык демеократиялуу болушу шарт эмес, президент Бакиев өзү деле ушундай өкмөт түзүүгө умтулган эмес.101 Ошондуктан, жогоруда саналган жагдайлар каршылык маанайынын жаралышы үчүн зарыл болсо деле, алар өз-гөчө кырдаалдын мүнөзүн түшүндүрүү үчүн жетишсиздик кылат.

Бул иште кризистин жаралышынын түздөн-түз себептерин түшүндүрүүгө, ошон-дой эле ошол кризис болгон окуялардын өнүгүшүн окуялардын өнүгүшүн сүрөт-төөгө негизги көңүл бөлүнөт. Төмөндө кризистик кырдаалды тескөөнүн оңунан чыкпай калышынын бир катар ыктымал себептери келтирилди:

1. Бийликтин аймактардагы кырдаал жана калктын маанайы жөнүндө жак-шы билбегендиги. Мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн ошол окуялардан кийин айткандарына караганда, алар жагдай ушундай болуп кетерин дегеле би-лишкен эмес.102

2. Бийликтегилердин каршылыктын алдын алуу боюнча иш-аракеттернин ырааттуу уюшулбагандыгы. Каршылык кылуучулар менен сүйлөшүү ара-кети эки учурда гана болуп, экөөндө тең каршылыктын маңызына тиешеси болбой калган. Биринчисинде, Талас облусунун митингчилер тарабынан барымтага алынган губернаторун бошотуу боюнча сүйлөшүүнү Акылбек Жапаров жүргүзгөн. Ал эми окуялар аяктап калган кезде премьер-министр Данияр Үсөнов өкмөттүн дагы бир нече мүчөсү менен бирге өзүнүн ыйга-рым укуктарынан баш тартуусу жана Өкмөт үйүнөн кетиши үчүн коридор берилиши жөнүндө оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Кал-ган учурлардын баарында бийликтин оппозициялык митингдерге берген жообу аларды кууп таратуу жана басуу аракети гана болгон.

3. Оппозиция лидерлерин камакка алуу. Бийлик оппозиция уюштурган элдик жыйынды (курултайды) анын лидерлерин камакка алуу жолу менен бол-

101 Бирок «кеңешме демократия» идеясы Бакиевдин Ынтымак курултайына жолдогон кайрылуусундагы орчун-дуу идеялардын бири болгондугун айта кетүү керек. Мисалы, караңыз: «Совещательная демократия» Курман-бека Бакиева». Независимая Газета, 26.03.2010. На: http://www.ng.ru/cis/2010-03-26/6_bakiev.html Албетте, бул идея батыштагы Юрген Хабермас сыяктуу демократия теоретиктеринин «кеңешме демократиясы» (deliberative democracy) менен дегеле жакындашкан эмес. 102 «Эхо Москва» радиосуна окуядан кийинки күнү берген маегинде Курманбек Бакиев өзү окуянын ушунчалык күтүүсүз болгондугун улам баса белгилеп, эки жума эле мурун Ынтымак курултайы Президенттин рефор-маларын колдогондугун эскерген. Төмөнкү сайттан таанышып көрүүгө болот: http://www.echo.msk.ru/programs/beseda/670374-echo/

Page 94: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

932010-ЖЫЛДАГЫ АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫ

турбай коюуну чечкендиги маалым. Эң оболу 6-апрелде эртең менен Та-ласка келген Болот Шер кармалган. Аны камакка алуу аракети оппозиция жактоочуларынын кысымына кабылгандан кийин, ошондой эле Таласта 6-апрелде эртеден кечке чейин болгон окуядан кийин деле бийлик Биш-кекте оппозиция лидерлерин камакка алуудан баш тартуу мүмкүнчүлүгү жана ыңгайы бар эле. Бирок мындай кадам жасалган жок. 7-апрелге кара-ган түнү Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев жана Темир Сариев сыя-ктуу башкы оппозициячылар камакка алынды. Бийликтин бул иш-аракети кырдаалды тынч жол менен жөнгө салуунун эң натыйжалуу жолун – оппо-зиция лидерлери менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн жоюп салды.

4. «Форум» имаратынын алдындагы митингди кууп таратуу аракети103 Оппо-зициянын Бишкектеги митинги 7-апрелде «Форум» имаратынын алдында башталды. Оппозиция лидерлеринин камакка алынгандыгы жөнүндө ка-бар чогулгандардын талкуусунун биринчи темасы болду. Атамбаев анын көп сандаган жактоочуларынын көз алдында үйүнөн камакка алынганды-гын баса белгилөө керек. Алар таң эртең менен «Форумдун» алдына чогу-луп, окуялардын дилгир жана жигердүү катышуучулары болуп калышты. Бийликтегилердин митингди милиция отряддарынын жана кийинчерээк атайын каражаттарды колдонгон адистешкен отряддардын жардамы ме-нен кууп таратуу аракети окуяны ого бетер курчутуп жиберди.

5. Митингчилердин курал-жарак тартып алышы жана колдонушу. 104 «Фо-румдун» алдында митингчилер менен кагылышууда укук коргоо органда-ры жетекчилеринин105 буйругуна ылайык курал колдонбой, митингчилер алардын колундагы курал-жаракты тартып алган. Митингчилер кийин-черээк борбордук аянтта бул куралдарды колдонуп, ок атышуу башталып кеткен. «Форумдун» алдында башталган күч менен кагылышуунун, айры-кча митингчилердин курал-жаракты тартып алышынын айынан чыр-чатак-ты тынч жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгү колдон чыгып кеткен.

6. Кырдаалдын көзөмөлдөн чыгып кетиши. Кайсы бир убакка чейин окуяны башка нукка буруу мүмкүндүгү бар болсо, митингчилер «Форумдун» ал-дындагы кагылышууда «жеңишке» жеткенден кийин, ошондой эле каршы-лык кыймылы тез кулач жайып, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарын-да, Бишкекке жакын шаарлар менен райондордо бийлик басып алынган соң бийликтин кырдаалды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү жок болуп калды. Буга шаар сыртынан, ошондой эле Таластан да Бишкекке өтө толкунда-нып алган элдин агылып келиши, мас абалындагы айрым адамдардын

103 Азыркы президент, ошол кездеги оппозициянын негизги лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаевге таандык «Форум» же «Медиа Форум» имараты шаардын борборунан бир аз чыгыш тарапта жайгашкан. Анда Кыргыз-стан социал-демократиялык партиясынын (КСДП – СДПК) башкы кеңсеси орун алган. Бишкектин борборунда күч алганга чейин 7-апрелдеги окуялар адегенде ушул имараттын алдында башталган. 104 Окуялар тизиминдеги талаштуу жана маанилүү учурлардын бири – «Форумдун» алдына ар түрдүү ок атуучу көп сандаган курал-жарак жүктөлгөн кунга (УКМКнын атайын жүк машинеси) айдап келинип, митингчилердин колуна түшүп калгандыгы. Бул адамдарды укукка туура келбеген иш-аракет жасоого азгыруу үчүн атайылап жасалган деген версия бар (мисалы, Көз карандысыз коомдук комиссиянын отчетунда ушундай жазылган). Бирок муну төгүндөп, жүк түшүрүүгө убакыт жетишпей калган жана тийиштүү командирлер тополоң учурунда шалаакылык кылып койгон болушу ыктымал деп түшүндүргөн көз караш да бар. Пономаревдун отчетун ка-раңыз, 3 жана 4-беттер. 105 Атап айтканда, УКМК жетекчилиги ушундай буюрган (Пономаревдун отчетуна ылайык).

Page 95: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

94 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

да кошулуп жүрүшү106 (мастыктан коркуу сезими, акыл-эстүүлүк басаңдап калган болушу мүмкүн), «Форумдун» алдындагы окуядан жана өздөрүнүн министри жана кесиптештери Таласта сабалгандыгы жөнүндө жаңылык тарагандан кийин, митингге чыккан элдин катары өтө тез калыңдап ба-ратканын көргөндө, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коркуп калгандыгы да өбөлгө түздү.

7. Окуянын ыкчам курчуп кетиши. Акырында, жогоруда айтылган тактикалык каталар менен кырдаалдык жагдайлардын баарына кошумча, кайсы бир даражада дал ошол каталардын айынан, окуя өтө тез курчуп кетти да, анын жүрүшүндө бийликтин өз иш-аракеттерин ойлонуштурууга жана ий-кемдүү кадамдарды жасоого убактысы жетишкен жок.

Кылдат талдоо

Эртелеп алдын алууБүгүнкү күндө топтолгон маалыматтарга караганда, окуянын дал ушундай опур-талдуу нукта курчуп кетиши үчүн өбөлгө аз эле болгон экен. Эгер бийлик окуянын ар кайсы учурларында кыйла башкача иш кылганда, оппозициялык куралуу жана тынч каршылыктар барган сайын күчөгөн шартта деле, акыбети толугу менен баш-ка болмок. Окуя кан төгүүсүз уланышы мүмкүн эле. Бирок бийликтин оппозиция өкүлдөрүнө карата ошол кездеги калыптанып калган тактикасы, атап айтканда, аларга каршы сотту, күч колдонуу жана зомбулук кылуу ыкмалары башынан эле оппозиция менен мунаса кылуу, тынч жана сүйлөшүү жолдорун жокко чыгарып койгон окшойт.

Өлкөнүн 2010-жылдагы апрель окуяларына чейинки саясий турмушундагы эң маанилүү окуялар – оппозициялык күчтөр ошол жылы 17-мартта өткөргөн «Элдик курултай», ошондой эле Президент Курманбек Бакиевдин өздүк демилгеси боюн-ча бийлик 23-24-мартта уюштурган «Ынтымак курултайы».107 Оппозициянын ку-рултайы күч түзүмдөрү тарабынан катуу көзөмөлдөнүп, анча-мынча тоскоолдукка учураганы менен, ал бийликке койгон бир катар талаптар кийин жарандардын Бакиев режимине болгон нааразылыгы үчүн эң маанилүү негиз болуп чыкты. Ошол эле курултайда катышуучулар оппозицияны ал кезде парламенттеги Социал-де-мократиялык партиядан шайланган башкы оппозициячыл депутат Роза Отунбае-ваны оппозициянын аткаруу комитетинин лидери кылып шайлашты. Өздөрүнүн «альтернативдүү курултайында» (ал ушундай аталыш менен белгилүү болду)108

106 Муну тастыктаган мисалдар көп: тез жардам кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү, «апрель окуялары» боюнча сот процессинде чогултулган материалдар ж.б. Ырас, бул жагдайды эске салууну көбүнчө маскаралык жана революциячылардын арбагын сыйлабагандык деп айыптагандар да көп кездешет. 107 «Власть заинтересована в проведении народного курултая». Азаттык. Русская редакция. 01.02.2010. Төмөнкү сайттан таанышып көрүүгө болот: http://www.azattyk.org/archive/ky_domestic_News_in_Russian/20101218/3462/3462.html?id=2292878 Эки дата тең абдан символикалуу: 2002-жылы 17-мартта биринчи президент Аскар Акаевдин режиминин кулашынын башталышы деп эсептелүүчү Аксыдагы традегиялуу окуя болгон, ал эми андан үч жыл өткөндө, 24-мартта, Акаевге каршы оппозициялык акциялардын чечүүчү учуру – «жоогазын революциясы» болуп, бийликке Бакиев келген эле. 108 «Альтернативалуу», анткени бийлик уюштурган «Ынтымак курултайы» оппозицияныкынан кийин өткөрүлсө да, андан мурда жарыяланган эле.

Page 96: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

952010-ЖЫЛДАГЫ АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫ

оппозициячылар өз иш-аракеттерин тез эмес, ырааттуу түрдө, баскыч-баскычы менен, зордук-зомбулуксуз жана бийлик менен тикелей каршылашпастан жүр-гүзүү зарылдыгын жана максатка ылайыктыгын баса белгилешкендиги109 көңүл бурууга арзыйт.

Андан бир жума кийин Курманбек Бакиев демилгелеген эки күндүк «Ынтымак курултайы» өткөрүлдү. Ал ушул элдик жыйынды тике демократиянын дайымкы жөрөлгөсү катары институционалдаштырууга багытталган эле.110 «Ынтымак ку-рултайына» Кыргызстандын бардык райондорунан мамлекеттик жана муниципал-дык органдардан да, коомдук лидерлерден, катардагы жарандардан чакырылган 800дөй делегат катышты. Бирин-экин сынчыл маанайдагы сөз менен чыгып сүй-лөгөндөрдү айтпаганда, бийликчил курултай даярдалган сценарий боюнча өттү. Анын жыйынтыгында күн мурунтан камдалган жана ошондуктан жыйында козгол-гон көп маселелерди камтыбаган, президент башында турган бийликтин ишмер-дигин жактырып колдогон резолюция кабыл алынды.111

Россиялык ЖМКда Кыргызстандагы окуялар жагымсыз түрдө берилип жаткан-дыгы, Москва менен мамилеси жөнүндө Курманбек Бакиевдин сөздөрүн да ай-рымдар байкагандыгын да эске сала кетүү керек. Белгилүү болгондой, 2009-жылы Бакиев «Манас» аэропортунда Транзиттик ташуу борборун жайгаштыруу жөнүн-дө АКШ менен макулдашууга кол койгон. Бул чечим Бакиевдин ага чейин Рос-сиянын жетекчилиги менен болгон келишимдерине даана каршы келгендиктен, Москванын олуттуу нааразылыгын жаратты деп эсептеген көз караш да айтылып жүрдү.112 Марттагы курултайда чыгып сүйлөгөндө, Бакиев Кыргызстанда бийликти эл колдобойт деген тараптар бар, алар кыргыз-россиялык мамилелерди начарла-тууга умтулат деген эле.113

Ушул эки курултай 7-апрелге чейин Бишкекте болгон негизги саясий окуялар эле. Ошондуктан 7-апрелде бийликтин алмашуусуна алып келген окуялардын өнү-гүүсүн талдаганда, ушул эки жыйынды булардын башталышы катары караган оң. Биринчи курултайдын жыйынтыгында оппозиция өз ниетин туюнтуп, бийлик болсо анын талаптарын такыр көзгө илбей койгондо, оппозиция 2010-жылдын 7-апрелинде өлкөнүн бардык аймактарында курултайларды өткөрүүнү мерчемдеди. Бул тууралуу 30-мартта, б.а. бийлик уюштурган курултайдан бир жума кийин жарыяланды.114

109 «Кыргызстан: На курултае оппозиции принят пакет требований к властям (обновлено)». Фергана.ру. 17.03.2010. Төмөнкү сайттан таанышып көрүүгө болот: http://www.fergananews.com/news.php?id=14241&modeөsnews 110 «Каныбек Жороев: Реформа үчүн жакшы шарттар түзүлдү». Азаттык. 30.01.2010. Төмөнкү сайттан таа-нышып көрүүгө болот: http://www.azattyk.org/content/Kyrgyzstan_Reforms_Joroev/1943322.html 111 Резолюциянын бир добуштан колдоого алынгандыгы үчүн бийликти сындагандар «макул» курултай десе, Ба-киев өзү өзүнүн иш-аракеттерин эл толугу менен колдогондугунун белгиси деп түшүнгөн. Ошондой эле, Бакиев курултайдын биринчи күнү өтө курч, кээде «аша чапкан сынчыл» маанайда өткөн деп эсептейт экен. Башкалар мындай пикирди жактабайт. Караңыз: «Интервью» Бакиева Эху Москвы жана «Кыргызстан: Курултай «Согла-сия» во всем согласился с президентом»: http://www.fergananews.com/news.php?id=14290 112 ТТБ (Транзиттик ташуу борбору) боюнча макулдашуу түзүүнүн кээ бир жагдайлары, мунун ичинен Москва-нын мамилеси жөнүндөгү сөз, АКШнын Бишкектеги элчилигинин жашыруун телеграммасында келтирилген (кийинчерээк Викиликсте жарыяланган): «Sarbaev and Ambassador sign agreements; Sarbaev urges phone call from President Obama to Bakiyev». 13.05.2009. Төмөнкү сайттан таанышып көрүүгө болот: http://www.wikileaks.org/plusd/cables/09BISHKEK462_a.html 113 Мисалы, караңыз, «Кыргызстан: Курултай «Согласия» во всем согласился с президентом»: http://www.fergananews.com/news.php?id=14290 114 «Кыргызстан: 7 апреля оппозиция проведет курултаи во всех регионах страны». Фергана.ру. 31.03.2010. Төмөнкү сайттан таанышып көрүүгө болот: http://www.fergananews.com/news.php?id=14328

Page 97: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

96 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Оппозициянын аймактык жыйындары жана алардын натыйжалары анча деле чоң боло койбойт деп күткөн сыяктанат бийлик. Окуялардын кандайча өнүккөндүгүн эске алганда, мындай божомол башынан туура эле болгондой. Каршылыктын күтүүсүздөн күч алып кетишине биринчи кезекте окуялардын жүрүшүндөгү бий-ликтин өзүнүн иш-аракеттери түрткү берди. Кырдаалдын мындай курчушуна оп-позициячыл лидер Болот Шердин Таласта 6-апрелде камакка алынышы, андан соң жагдайдын ого бетер оорлошуна бийликтин экинчи кадамы – Бишкекте турган оппозиция лидерлеринин дээрлик баарынын камакка алынышы себеп болду.

Ошентип, 17-марттан тарта оппозициялык иш-аракеттер күчөп, бирок бийлик кырдаалдын ушундайча өзгөргөндүгүнө дагы эле көңүл бурбай койду. Оппозиция лидерлери менен сүйлөшүүгө баруу окуяларды башка нукка бурушу мүмкүн бол-чу, бирок өлкө жетекчилиги мындай кадамга даяр эмес экен. Бийлик 6-апрелде гана Таластагы курултайдын башкы уюштуруучусу Болот Шерди камакка алып, жигердүүлүгүн көрсөтө баштады да, муну менен митингчилердин көзөмөлдөнбөс иш-аракеттерине түрткү берип койду. Ошол күнү кетирген тактикалык катасын бий-лик эртеси Бишкекте дагы кайталады. Таластагыдай эле, Бишкектеги укук коргоо органдары да каршылыкка көп сандаган адамдардын жүрүм-турумун көзөмөл-дөй албай калды. Бийлик, тактап айтканда, коомдук тартип жана коопсуздук үчүн жооптуу түзүмдөр ушул каталарга жол бербегенде, окуянын бардык тараптар үчүн күтүүсүз кандуу бурулушу алдын ала болжолдонгон эмес эле.

Ыкчам маалыматЖогоруда сүрөттөлгөндөй, 6-7-апрелдеги окуялар кандайча жүрөрү жөнүндө маалымат күн мурунтан белгилүү болушу мүмкүн эмес эле, бирок ошол кезде жалпысынан сапаттуу ыкчам маалымат тутуму жок болгондугун белгилей кетүү керек. Бул ыңгайда диний экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш жүргүзүү үчүн түзүлгөн, бирок иш жүзүндө оппозициячыларды жана бий-ликке сын айткандарды куугунтуктоо менен алектенген 9-башкармалыгы коом-чулуктун көзүнө өөн учурап турган. Бул түзүмдү жаңы бийлик 2010-жылы июнь айында жоюп салды.

Окуя ырбап кеткен кезде, маалымат борбор (Өкмөт үйүндөгү өлкө жетекчилиги) менен окуя болгон жерлердеги жооптуу адамдар ортосунда телефондук сүй-лөшүүлөр аркылуу берилип турган көрүнөт. Албетте, ыкчам маалымат жана кат-наштын мындай формасы муктаж тараптардын баарына толук жеткиликсиз да, аны талдоо жана ыкчам чечимдерди ойлонуштуруп чыгаруу үчүн ыңгайсыз да болгон.

Ыкчам маалымат кайсы бир даражада берилип турган болсо да, дал окуя жүз берген күнү бийлик маалыматты талдоо жана пайдалануу, ошондой эле чечим чыгаруу жагынан чабалдык кылды. Жетекчилер, биринчи кезекте президент өзү, күбөлөр жана кийин айкындалган маалыматтар тастыктагандай, окуянын мүнөзүн жана тездеп бараткандыгын дээрлик такыр билбей калган. Ошондуктан алар акы-ркы учурга чейин каршылыкты баса алабыз, керек болсо күч менен майтарабыз деп ойлошкон.

Page 98: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

972010-ЖЫЛДАГЫ АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫ

Кырдаалды билгендикБиздеги маалыматтарга ылайык, бийлик кырдаалдын канчалык олуттуу экен-дигин жана кандай татаалдашып кетиши ыктымалдыгын билген эмес. Коомдо өкмөттүн айрым иш-аракеттерине, атап айтканда, электр жарыгын, ысык сууну жана жылуулук берүү кызматын кымбаттатканына, ошондой эле жеке менчик те-лекатнаш компанияларынын мобилдик байланышка туташтыргандык үчүн мурда болбогон төлөмдү киргизгендигине нааразылык бар эле. Бирок бийлик каршылык акцияларын көзөмөлдөө колдон келет, укук коргоо органдарынын күчү менен деле басып салууга болот деп өзүнө өтө ишенип алган эле.

Москванын Бишкекке жаман карагандыгынан, ЖМКда чагылдыруу аркылуу сая-сий маанайга таасир эте алат деп Кыргызстандын жетекчилиги анча-мынча чоо-чулап турган. Марттагы Курултайда сүйлөгөн сөзүндө Курманбек Бакиев өлкөдөгү саясий жагдайды россиялык ЖМК тескери чагылдырууда, бул иш-аракеттерди Москва менен Бишкектин мамилесин бузгусу келгендер жасап жатат деген. Ку-рултайдан көп өтпөй, тактап айтканда, 2010-жылы 1-апрелде Россия Кыргызстан-га ташылуучу бензинге алым киргизди, андан соң Кыргызстанда бензиндин сатык баасы жогорулады. Бул элдин каршылык маанайын күчөткөн жагдайлардан бири болгон окшойт.115

Албетте, бийлик оппозициянын 7-апрелде аймактарда өткөрүүгө болжолдонгон курултайлары жөнүндө да билген, бирок бул анча деле кооптуу болбойт деп ой-логон.116 Жаныш Бакиев кийинчерээк россиялык журналистке мындай дегени бар: «Билсеңиз, Таласта алардын иш жүргүзүшүнө мүмкүндүк берилген эле, иш-чара-ларыңарды башка аймактарда, Нарында деле өткөрө бергиле деп».117 Бийлик бул жыйындар ушунчалык коркунучтуу болот деп күткөн эместиги, бул иш-чараларды убагында жөнгө салууга күч жетет деп ишенген.

Бирок 6-апрелде Таласта окуя ушундай оожалып кетет деп тийиштүү кызматтар күткөн эмес, андыктан күн мурунтан даярдана алган да эмес. Муну ошол эле Жа-ныш Бакиевдин сөздөрү тастыктап турат: «УКМК, ИИМ бар, бирок, тилекке кар-шы, алар кечигип калышты. Алдын ала иштеш керек эле, бирок көпчүлүк кызмат-керлер жагдай ойдогудай, андыктан тынчсыздануунун кажети жок деп ойлогон»118. Таластагы окуяны болжолдоого болот беле? Артка кылчайып көз чаптырсак, жа-рандардын катуу нааразылыгын сезип, чечкиндүү кадамдарга барышы ыктымал-дыгын кайсы бир даражада болжолдоо мүмкүн болгондугун көрөбүз. Ошол кезде Таласта Курманбек Бакиевдин өз жердештерин бардык жерлерге, мунун ичинен Таласка да апкелип бийликке койду деген (кээде негизсиз болсо да) пикирлерге байланышкан «аймактык» адилетсиздик сезими күчтүү эле.

115 Мисалы, караңыз: «Россия восстановила пошлины на экспорт ГСМ в Кыргызстане». Общественный Рейтинг. 12.03.2010. Төмөнкү сайттан таанышып көрүүгө болот: http://www.pr.kg/news/kg/2011/03/12/19441/ 116 «Эльмурза Сатыбалдиев: Никто в Доме правительства к событиям 7 апреля не готовился», http://www.for.kg/news-193171-ru.html 117 «Глава Службы госохраны Киргизии: Моя совесть чиста». РИА Новости. 11.04.2010. Төмөнкү сайттан таа-нышып көрүүгө болот: http://ria.ru/interview/20100411/221016540.html 118 Ошондо. Басым кошумчаланган.

Page 99: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

98 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

ЖоопкерчиликБул жагдайга келгенде маселе эң принциптүү, ошол эле учурда эң татаал. Дал ушул маселе «апрель окуялары» боюнча азыркыга (2014-жыл, апрель) чейин бүт-пөй келаткан сот процессинде талкууланып жүрөт. 2010-жылдын башында Кур-манбек Бакиевдин режими «үй-бүлөлүк башкаруу» деген терминге туура келги-дей белгилерге ээ болуп калган эле.

«Ички иштер жөнүндө» мыйзамга ылайык, коомдук тартипти камсыздоо, мунун ичинен 6-7-апрелдеги окуяларды болтурбоо үчүн Ички иштер министрлиги жана министр өзү Молдомуса Конгантиев жооптуу эле.119 Ошондой эле милдеттин кый-ла кууш аныкталышы, тактап айтканда, экстремизм, террорчулук жана консти-туциялык түзүмгө келтирилүүчү коркунуч менен күрөш жүргүзүү боюнча кризи-стик кырдаалды тескөөгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана анын төрагасы Муратбек Суталинов тиешелүү болгон. Ушул эки түзүм, ошондой эле алардын атайын бөлүмчөлөрү – «Альфа» Атайын багыттагы башкармалы-гы (АББ) жана Мамлекеттик сакчылык кызматынын «Арстан» Атайын багыттагы башкармалыгы, алардын командирлери ушул окуялардын жигердүү катышуучу-ларынан болушту.120

Мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевдин берген көрсөтмөсүнө ылай-ык, мамлекеттик объектилердин коопсуздугун сактоо үчүн анын ведомствосу-нун күчтөрү (аскердик окуу жайдын 200 курсанты жана Коргоо министрлигинин «Скорпион» атайын багыттагы отрядынын 100 кызматчысы) да тартылган эле.121 Экс-министр белгилегендей, алар куралданган эмес, ок аткыла деп аларга эч кан-дай команда да берилген эмес.122 «Апрель окуялары» боюнча сот процессинде Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары эч кандай ыңгайда тартылбаган. Айыпталуучу – башка жогору турган чиновниктер менен катар министр Калыев өзү гана. Демек, 2010-жылы апрель окуяларында Коргоо министрлигинин ролу чектелүү болгон.

Таластагы окуяга мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун катышы бар. Ал каршылык кылуучулар менен сүйлөшүү үчүн Таласка вице-премьер-министр Акылбек Жапаровду жиберген. Бул сүйлөшүү бийлик үчүн натыйжасыз болуп, тез эле токтоп калган да, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткен.123

Бирок коопсуздук маселелери боюнча чечимдер жана иш-аракеттер иш жүзүндө президенттин жакынкы чөйрөсүндөгүлөрдүн карамагында болгон. Бул чөйрөдөн ошол кезде башкы адам деп Мамлекеттик сакчылык кызматынын төрагасы, пре-

119 Бул мыйзамдын 1-беренесинде мындай деп көрсөтүлгөн: «Кыргыз Республикасы ички иштер органдары – коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыздоо боюнча аткаруу-буйрук берүү иш-милдет-терин жүзөгө ашыруучу мамлекеттик куралданган укук коргоо органы». 120 Министр Конгантиев өзү Таласта катуу сабалгандан кийин 7-апрелде Бишкекте ишке чыга алган жок. 121 «Бактыбек Калыев: «Ак үйдү коргоого 200 курсант жана 100 атайын отрядчы келген». “Вечерний Бишкек” маалымат агенттиги (МА). 2012. 31.10. Төмөнкү сайттан таанышып көрүүгө болот: http://www.vb.kg/doc/204317_baktybek_kalyev:_ohraniat_belyy_dom_pribyli_200_kyrsantov_i_100_specnazovcev.html 122 «Бактыбек Калыев, экс-министр: «Мен Бакиевдин жердешимин, бирок аны менен жашыруун сүйлөшкөн эмесмин» “Супер-Инфо” МА. 02.11.2012. Көчүрмөсүн төмөнкү сайттан карап көрүүгө болот: http://www.gezitter.org/society/15599_baktyibek_kalyiev_eks-ministr_ya_zemlyak_bakieva_no_s_nim_tayno_ne_obschalsya/ 123 Бул жагдай боюнча – президенттин аппаратынын жетекчиси Каныбек Жороев менен телефон аркылуу сүй-лөшүүсүнөн анча-мынча маалыматты Акылбек Жапаров өзү жарыялаган. Жороев Жапаровго премьер-мини-стрдин көрсөтмөсүн жеткирген. Жапаров жашырынып, ички иштер министри катуу сабалып жаткан кооптуу зонадан дээрлик эч жабыр тартпай кутулуп кете алган.

Page 100: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

992010-ЖЫЛДАГЫ АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫ

зиденттин иниси Жаныш Бакиевди атоого болот. УКМК жетекчилик курамында ошол кезде президенттин улуу уулу Марат Бакиев да болгондуктан, бийликтин чечимдерине жана айрым иш-аракеттерине таасир этиши мүмкүн эле.

Төрт жылдан бери уланып келаткан сот процессинде Жаныш жана Марат Ба-киевдердин ролу далилдүү аныкталган жок. Ишти териштирүүдөгү айыптоонун көптөгөн кемчиликтеринен тышкары объективдүү кыйынчылыктар да бар. Колдо бар маалыматтын негизинде Жаныш Бакиев процессти оозеки гана түрдө баш-карган деп болжолдоого болот. Ал өзү 2010-жылы 11-апрелде «Новости» маалы-мат агенттигине берген маегинде айткандай, ал куралчан адамдарга, БТРге жана корголуучу объект режимин түздөн-түз бузгандарга карай ок аткыла деп команда берген.124 Анын атынан кандайдыр бир түрдө таризделген формалдуу көрсөт-мөлөр жана буйруктар жок.

Бул окуялардагы президенттин өзүнүн ролу да бүдөмүк бойдон калууда. Соңку мүнөттөрдө өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат режимин киргизүүгө дал-баса кылгандыгынан башка кризистик кырдаалды башкаруудагы президенттин иш-аракеттери жөнүндө эч кандай маалымат жок.

Ошол кезде каршылык акцияларына каршы туруу боюнча кандайдыр бир штаб иштеп, күч түзүмдөрүнүн иш-аракетин жетектеп турган, ал штабга президент, анын администрациясынын жетекчилери жана президенттин жакынкы чөйрөсүн-дөгү кишилер кирген деген да маалымат бар. Атап айтканда, баш тамга менен жазылган ушундай Штаб жөнүндө 2010-жылдагы апрель-июнь окуялары боюн-ча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын Тыянагында125 да, 2010-жылдагы апрель- июнь окуялары боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын Отчетунда126 да ише-нимдүү түрдө сөз кылынган. Бул документтердин саясий мүдөөсү даана сезилип турат.127 Бирок ушул күнгө чейин мындай штабдын болгондугуна эч кандай далил табыла элек. Штабга кирген делген адамдар өздөрү мындай штаб болгондугун жокко чыгарышат.128 Бир катар жетекчи адамдар бир күндө бир нече ирет чогулуп, кырдаалды жана ал боюнча көрүлүүчү чараларды талкуулаган болушу толук ык-тымал, муну эч ким жокко чыгарбайт. Бирок бул чогулуш чечимдерди кабыл алуу-га жөндөмдүү жана алар үчүн жооптуу өзгөчө институттун сапаттарына ээ эмес.129

124 «Кыргызстандын Мамлекеттик сакчылык кызматынын башчысы: менин абийирим таза ». http://ria.ru/interview/20100411/221016540.html Жаныш Бакиевдин буга байланыштуу айткандары: «Мен аткылап жаткан БТРге карай аткыла, ат, ат, ат деп команда бергенмин. Мен муну жашырбайм, бирок куралчандарды аткыла деп команда бергенмин. Менин абийирим таза. Мен рация аркылуу, кимдер куралчан чуркап келсе, ошолорду аёосуз аткыла деп турдум. Анткени алар да мээлеп атып турушту». 125 2010-жыл, апрель жана май айларында болгон трагедиялуу окуялардын себептерин жана шарттарын ар тараптуу иликтөө үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын тыянагы. Документтин экинчи бөлүгүн ка-раңыз. «Вести.кгде» жарыяланган. 07.04.2011. Төмөнкү сайттан таанышып көрүүгө болот: http://www.vesti.kg/index.php?option=com_k2&viewөitem&id=4422&Itemid=83 (биринчи жарымы) жана http://www.vesti.kg/index.php?option=com_k2&viewөitem&id=4425&Itemid=83 (экинчи жарымы). Бул документти азыркыга (2014-жылдын ортосуна) чейин өлкө бийликтери сөз кылбай, расмий жарыялабай жүргөндүгүн белгилей кетүү керек. Бул таң калычтуу жагдай жана документтин «Вести кг» МА чыкканга чейин жаап-жашырылып келгендиги жөнүндө таа-нымал «Дизель» форумунда талкууланып жатат: http://diesel.elcat.kg/lofiversion/index.php?t7081203.html 126 Убактылуу депутаттык комиссиянын отчету, 5-бет. 127 Эки комиссиянын тең курамында бир катар орчундуу катышуучулар бар: 7-апрелдеги революциячылар жана бакиевдик бийликти жалпысынан сындап жүргөндөр. 128 Мисалы: «Подсудимый: 7 апреля не было штаба по координации действий силовиков». «Вечерний Бишкек” . 16.10.2012. http://www.vb.kg/202904 129 Кыйла оңтойлуу шартта дал ушундай институт түзүлүп, кризистик кырдаалдагы иш-аракеттерди координа-циялап турууга тийиш эле. Кээ бир өлкөлөрдө «Кырдаал бөлмөсү» деп аталат.

Page 101: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

100 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Чечим кабыл алуу процессиОкуя чагылгандай тез курчуп кеткенде, 6-апрелде Таласта жана 7-апрелде кечке жуук Бишкекте бийлик ad hoc (дароо) тартибинде гана иштеп, көптөгөн чечимдер-ди учурунда жана оозеки кабыл алууга жетишип жатты.130 Бул окуялар аяктаган кезде, мунун баары үчүн жооп бергидей бийлик жок болуп калды.

Президент Бакиевдин кризистик кырдаалды жөнгө салууга жасаган акыркы жана оңунан чыкпай калган аракети Бишкекте өзгөчө кырдаал киргизүү чечими бол-гон. Өзгөчө кырдаал 7-апрелде түштөн кийин, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткен кезде «киргизилди». Өзгөчө кырдаалдын талаптарын аткаруу, мунун ичинен мас-салык чогулушка тыюу салуу үчүн укук коргоо органдары күчкө салуу усулдарын колдонушу керек эле. Аз кезде бул жарлыкты жүзөгө ашыргыдай эч ким жок бол-чу: коопсуздук күчтөрү каршылыкты басууга далбаса кылып, эч натыйжага жети-ше албай жаткан, а түштөн кийин алар такыр алсырап калган.

Кабыл алынган чечимдер, сценарийлер же ошол кырдаалды тескөө боюнча эре-желер жазылбагандыгы, ошондой эле өзгөчө кырдаалды киргизүү далбасасы да бул кризисти тескөөнүн мүмкүн болбой калгандыгын чагылдырып турат. Мунун баары процессти уюшулбагандыгынан, ушундай учурлардагы командалык ие-рархиянын даана эместигинен жана бейформалдыгынан, ошондой эле мындай кризистик кырдаалдарды тескөө жаатында так иштелип чыккан, алгылыктуу ну-скамалардын жоктугунан кабар берет.131

Күч колдонууКризисти тескөө жагынан апрель окуяларынын өзгөчө маанилүүлүгү андагы күч колдонулган фактыга байланыштуу. 6-7-апрелдеги оор күндөрдө – Таласта кыр-даалдын курчушунан тартып Курманбек Бакиевдин режиминин кулашына чейин – зордуктун ар кандай каражаттарынын колдонулушу кийин тергөөчүлөр үчүн да, талдоочулар үчүн да татаал маселеге айланды. 80ден ашуун киши өлүп, 1000ден ашуун кишинин жарадар болгондугу – зордук кылууга тиешелүү эң айкын фактылар гана. Азыраак талкууланып жүрсө да, каршылыкка чыккандарды коркутуп таратуу үчүн атайын каражаттардын колдонулгандыгы, акыры мунун оңунан чыкпай калган-дыгы, Таласта жана «Форум» имаратынын алдында укук коргоо органдары тара-бынан курал колдонулгандыгы, курал-жарактын жоготулгандыгы жана каршылык кылуучулардын колуна тийип калгандыгы сыяктуу жагдайлар да абдан маанилүү.

Коомдо бейпилдикти сактоо жана кыйла олуттуу зомбулуктун алдын алуу үчүн күч жана зордук каражаттарын колдонуу (use of force) укугу эл аралык практикада жана эл аралык укукта каралган.132 Маселе зордук каражаттарынын легитимдүү жана маанилүү максаттарда колдонулгандыгын, аларды колдонуу формасынын социалдык маанидеги максатка ылайыктуулугун жана шайкештигин аныктоодо турат.

130 Муну окуялардын бардык катышуучулары ырастайт. 131 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2007-жылдагы версиясынын 46-бер. 7-пунктунун негизинде. 132 Эл аралык ченемдердин кыскача сереби бул булакта камтылган “Зордук жана Күч колдонуу: Маалымдагыч”, Эл аралык Кызыл Крест (Violence and the Use of Force: Reference,International Committee of the Red Cross), 2-бап.

Page 102: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1012010-ЖЫЛДАГЫ АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫ

Ар түрдүү мыйзамдардын, нускамалардын, чечимдердин жана башка ЧУБ бир нечеси кырдаалды күч менен тескөө усулдарына негиз болмок. Булардын ката-рында Кыргыз Республикасынын «Өзгөчө кырдаал жөнүндө» конституциялык мыйзамын, «Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» мыйзамын, «Мамлекеттик сакчылык кызматы жөнүндө» мыйзамын, балким, Президенттин Бишкек шаарын-да жана айрым аймактарда өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндөгү Жарлыгын да атоого болот. Мындан тышкары улуттук коопсуздукту камсыздоочу органдардын баарында атайын каражаттар менен ок атуучу куралдарды колдонуу жана сактоо тартибин жөнгө салуучу нускамалар менен башка негиздемелер да бар.

Чечим кабыл алгандар кайсы мыйзамдар менен беренелерге таянгандыгы, ошон-дой эле зордук каражаттарын колдонуу жөнүндө чечимдерди кимдер кабыл ал-гандыгы азыркыга чейин аныктала элек. «Улуттук коопсуздук органдары жөнүн-дө» мыйзамга ылайык, мисалы, УКМК кызматкерлери «Форум» имаратынын жана Өкмөт үйүнүн алдындагыдай жагдайларда атайын каражаттар менен ок атуучу куралдарды укуктуу болгондугу түшүнүктүү. Мамлекеттик сакчылык кызматы да ушул кызмат жөнүндөгү мыйзам боюнча мамлекеттик сактоо объектилеринин (бул жерде – президенттин) жана сакталуучу объектинин (Өкмөт үйүнүн) коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл каражаттарды колдоно алмак. Бирок бул иш-аракеттердин баары кандайдыр бир түрдө таризделбегендиктен, кайсы мыйзам актыларына та-янылгандыгын айтуу кыйын.

Жалпысынан, 7-апрелде Бишкектегы кырдаалды көзөмөлдөө жана жөнгө са-луу багытындагы бардык операцияларга бир нече күч ведомстволорунун күчтөрү тартылган. Булар: Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, айрык-ча кайгуул-күзөт кызматкерлери (ККК) жана ИИМ Академиясынын курсанттары, УКМКнын «Альфа» жана МСКнын «Арстан» атайын бөлүмчөлөрү, чектелген сан-да Коргоо министрлигинин Аскердик окуу жайынын курсанттары, «Скорпион» атайын отрядынын кызматкерлери. Бул күчтөрдүн даярдык деңгээли да ар кандай эле. Окуялардын башталышынан тартып «Ак үйдүн» алдындагы ок атуу баштал-ганга чейин бул бөлүмчөлөрдүн баарынын кызматкерлери ок атуучу куралдарды «Форум» имаратынын алдында да, Ала-Тоо аянтында да – баарынын өмүрүнө коркунуч туулуп, ИИМдин көп кызматкерлери сабалып жатканда деле колдобо-гондугун белгилей кетүү керек.

Биринчилерден болуп ИИМ Академиясынын курсанттары Эдил Такырбашев ме-нен Никита Кущ каршылыктын белгисиз катышуучусу ыргыткан граната жарыл-ганда курман болушту.133 Курсанттар отряды жана Ала-Тоо аянтына апкелинген башка бөлүмчөлөрдүн көпчүлүгү куралсыз болушкан. Каршылык кылуучулардын катары теңдешсиз өлчөмдө калыңдап кеткенде, Өкмөттүк күчтөр аларга дегеле туруштук бере алмак эмес. Айрым учурларда алар башаламан качып, натыйжада бир нече кызматкер мүдүрүп кулады да, каршылык кылуучулардын курчоосунда калып, катуу сабалды.

Бул жагдайлардан өкмөттүк күчтөрдүн даярдык деңгээли талаптагыдай болбо-гондугун көрөбүз. Бирок башкы маселе бул эмес эле. Курал колдонуу эмне үчүн кыйын болгондугун, курал-жарактын кыйласын каршылыкка чыккандар тартып алгандыгын, атайын каражаттар ойдогудай натыйжага жеткирбегендигин, өл-133 «7 апрелде митингчилерге биринчилерден болуп милиция ок чыгаргандыгы аныкталган». «Вечерний Бишкек” . 18.11.2013. Төмөнкү сайттан таанышып көрүүгө болот: http://kyrgyz.vb.kg/doc/233849_7_aprelde_mitingchilerge_birinchilerden_bolyp_miliciia_ok_chygargandygy_anyktalgan.html

Page 103: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

102 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

түрүлгөндөр менен жаракат алгандар көп болгондугун түшүнүү үчүн каршы-лык акциясынын өтө тез күч алып кеткендигин, көзөмөлсүз жүргөндүгүн жана кырдаалды көзөмөлдөп жөнгө салуу операциясын жетектегендердин начар коор-динациялангандыгын эске алуу керек.

Кызматташуу жана координацияПрезидент Бакиевдин тушунда, 6-7-апрель окуяларында кырдаалды жөнгө салуу-га көмөктөшү үчүн мамлекеттик эмес түзүмдөр тартылган жок. Окуялар баштал-ганга эки жума калганда Бакиевдин демилгеси менен «Ынтымак курултайы» өткөрүлүп, ага бүткүл өлкөдөн коомдук лидерлердин өкүлдөрү чакырылды. Ку-рултай башка максаттар менен бирге президенттин бийлигинин жана жүргүзгөн саясатынын легитимдүүлүгүн бекемдөөгө, жалпы коомдо аны колдогон маанай жаратууга, тийиштүү түрдө, оппозициянын сындаганын төгүнгө чыгарууга багыт-талган эле. Бирок бул иш-чара өкмөт менен бейөкмөт уюмдардын кызматташты-гын күчөтүүгө багытталган эмес болгондуктан, апрель окуяларына курултайдын натыйжалары эч кандай таасир эткен жок.

7-апрель окуяларында кечки саат 6ларда Бакиевдин бийлиги кулаган учурга чейин бейөкмөт уюмдар дээрлик эч кандай катышкан жок. Бул сектордон айрым адамдар аралашып жүргөнү менен, алардын кырдаалды жөнгө салууга таасири сезилбеди. Мында бир гана Токтайым Үмөталиеваны бөлүп көрсөтүүгө болот – ал тээ башынан эле окуялардын чордонунда болуп134 , бийликтегилер менен байла-нышка чыгып, иш чаралардын мүнөзү жөнүндө маалымдаган жана камакка алын-ган оппозициячыларды дароо бошоткула деп кеңеш берген135. Бирок бейөкмөт уюмдар менен жакшыраак, ырааттуу уюштурулган кызматташуу болгон жок, кырдаалды өзү деле мындай кызматташууга ыңгайлуу эмес эле.

Бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун ролу 7-апрелде кечке жуук Ба-киевдин бийлиги кулагандан кийин абдан орчундуу болгондугун белгилей кетүү керек. Булардын биринчи катарында «революциядан» соң массалык талоончу-лук башталганда тартипти орнотууга чыккан ыктыярдуу элдик кошуунчулардын топтору эле. Коркуп үйлөрүнө качып кеткен милиция кызматкерлерин Убактылуу Өкмөт кайра жумушка чыгарууда кыйналып жаткан чакта ыктыярдуу кошуунчулар тынч жагдайды калыбына келтирүү жагынан өтө маанилүү роль ойноду.

Катнаш6-7-апрелдеги өзгөчө кырдаалды тескөө ишине байланыш жана катнашты кар-мап туруу жаатындагы айрым иш-аракеттер да камтылган. Биринчиден, бул калайыкка маалымат берип турууга тиешелүү эле. Интернет булактарынын жет-киликтүүлүгү боюнча карама-каршылыктуу ойлор айтылып келет. Окуялар болгон күндөрү интернет тосулган жок, балким, жүктөмдүн кескин оорлошуп турганды-134 Караңыз, мисалы, kloop.kgнин «Форумдун» алдынан тарткан «2010-жылдагы революция: kloop.kgнин толук архиви» видеотасмасын караңыз. Төмөнкү сайттан таанышып көрүүгө болот: http://kloop.kg/blog/2014/04/06/revolyutsiya-2010-polny-j-arhiv-video-ot-kloop-kg/ 135 «Каныбек Жороев: Кыргызстандын экс-президенти 7-апрелде элди провокаторлор аткан деп эсепте-ген» («Экс-президент Кыргызстана считал, что 7 апреля в людей стреляли провокаторы»). 24.кг. 16.10.2012. Төмөнкү сайттан таанышып көрүүгө болот: http://www.kyrgyzonline.com/content/723035

Page 104: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1032010-ЖЫЛДАГЫ АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫ

гынан кыска убакыт иштебей калган айрым учурлар болду.136 Толугу менен өкмөт-түн көзөмөлүндө турган телекөрсөтүү каналдары Таласта жана Бишкекте болгон окуяларды чыныгы масштабы жаап-жашырууга далалат кылып жатты. Мунун та-асын мисалы – улуттук теледен парламенттин 7-апрелде түшкө чейин улантылган шашылыш отурумунун көрсөтүлүшү. Анда депутаттар туруксуздукка түртүп жатат деп оппозицияны айыптап, ал эми премьер-министр Данияр Үсөнов депутаттар-дын алдында чыгып сүйлөгөндө кырдаал толугу менен көзөмөлдө деп ишендир-ген. Чындыгында ошол кезде бийлик кырдаалды көзөмөлдөй албай калган эле.

Экинчиден, башкы, чечүүчү жактар ортосундагы катнаш маселеси болгон. Эң жогорку деңгээлдеги катнаш президентке маалымат берүү жолу менен колдоо-го алынып турганы айкын. Биринчи булактардан белгилүү болгондой, эртең ме-нен жумушка келгенде президент Бакиев кырдаалды өзү көзөмөлдөөнү чечкен да, ошондуктан бардык жооптуу жетекчилерди баяндама жасагыла деп өтүнгөн. Ушуга байланыштуу кырдаалга мүнөт сайын көз салып, жөнгө салуу иштерин жетектөөгө милдеттүү башкы адамдар президентке баяндама жасайбыз деп көп убактысын коротушкан. Андан ары берилген маалыматтын негизинде президент ойлонуп, иш-аракеттер боюнча чечим кабыл алышы керек эле.137 Бул дээрлик жазмыштуу катачылык болгон – кырдаал тез өзгөрүп жаткан чакта маалымат ал-машуу процесси чыныгы кырдаалдан толугу менен артта калып жатты.

Андан ары, тизмектегидей болуп, коопсуздук күчтөрүнүн отряддары каршылык болгон жерге жиберилгенде, аларга максат-милдеттери даана түшүндүрүлгөн эмес. Виталий Пономаревдун отчетунда белгиленгендей, «Форум» имаратынын алдына жиберилип жатканда, УКМКнын «Альфа» атайын бөлүмчөсүнүн кызмат-керлерине эмне кылуу керектиги түшүндүрүлбөгөн.138 Мунун айынан отряддар жиберилген жерге талаптагыдай даярдыксыз келишти. Ар кайсы бөлүмчөлөрдүн отряддарынын ортосунда да катнаш болгон эмес көрүнөт, анткени милициянын, ССК «Арстан» жана УКМК «Альфа» атайын отряддары ар башкача куралданып, макулдашуусуз иш-аракет кылышты.139

Окуялардын жүрүшүндөгү катнашка тиешелүү айрым учурлар төмөндө, 3чү-пун-ктта келтирилет.

136 Айрым маалымат булактарынын, мисалы, «Азаттык» радиосунун, берилиши өзгөчө кырдаал башталалекте эле чектелген эле. Маалыматтын чектелгендигин билдирген кыстырмаларды жана айрым анча такталбаган болушу ыктымал жагдайларды бул жерден караңыз: «Кыргызстандын бардык эркин жарандарына! (Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитетинин кайрылуусу) «Ко всем свободным гражданам свободного Кыр-гызстана! (Обращение Центрисполкома Народного Курултая)». Эдиль Байсалов. ИА Фергана.ру. 07.04.2010. Төмөнкү сайттан таанышып көрүүгө болот: http://www.fergananews.com/news.php?id=14377&modeөsnews, ошондой эле Мамлекеттик комиссиянын тыянагы (биринчи жарымы). ИА Вести.кг: http://www.vesti.kg/index.php?option=com_k2&viewөitem&id=4422&Itemid=83 137 Президент, албетте, күч түзүмдөрүнө караштуу командирлерди жана жетекчилерди алмаштырчу эмес, бирок принциптүү маселелерди, мисалы, Бишкекте өзгөчө кырдаал киргизүү маселесин, ал өзү чечиши керек эле. Өз-гөчө кырдаалды киргизүүгө бул сунушту парламент биринчи ирет айткандан дээрлик эки саат өткөндөн кийин батынды. Ушул 1-2 саат убакыт деле чечүүчү мааниге ээ болушу ыктымал эле. 138 Мисалы, Пономарев, 3-бет. «Альфа» СКБ кызматкерлеринин бири менен болгон маектен: «Жөнөп кетери-бизде бизди тизип, биздин милдет сүрмө топту тосуп, бир жакка өткөрбөй коюу жагынан ички иштер органдары-на жардам берүү дешти… Бишка эч нерсе айтышкан жок. Биз да ашыкча суроо бербедик… Кырдаалды такыр билген жокпуз ». 139 Ошондо, 4-5-бет.

Page 105: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

104 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

ЛогистикаБийликтегилердин кырдаалды көзөмөлдөө үчүн киши жагынан да, материалдык жактан да ресурстары жетишсиз болгон. Бул кемчиликтер 6-апрелде Таласта ор-коюп көрүнүп, кийинки күнү Бишкекте толугу менен ачыкка чыкты. Бирок Таласта-гы жана Бишкектеги каршылык масштабы күтүүсүз чоң болуп, өтө тез күчөп кет-кендиктен көзөмөлдөө мүмкүн болбой калгандыгын да эске алуу зарыл.

Алсак, окуялардын эң башында, Болот Шер кармалгандан соң Таластагы кар-шылыкка чыккандар облустук администрацияны ээлеп, облус губернаторун ба-рымтага алганда, укук коргоо органдарынын күчү имаратты жана губернаторду бошотуп алууга аздык кылган эле140. Андан аркы иш-аракеттердин жүрүшүндө каршылыкка чыккандарды кууп таратууга керектелүүчү кам түгөнүп калган болчу.

Күчтү бекемдөө үчүн Бишкектен Таласка ар кайсы башкармалыктардан чогултул-ган 200дөй киши, Оштон 135, Жалал-Абаддан 69 киши жиберилген. Ал эми Та-ласта эртең менен каршылыкка бир нече миң киши чыккан эле!141

Киши күчү жана башка ресурстар жетишсиздигине байланышкан ушундай эле жагдай Бишкекте «Форум» имаратынын» алдында эртең менен болгон. Таң эртең менен чогулган адамдар аз кезде милиция отряддары өзүнө ишенип, кырдаалды көзөмөлдөп турган болсо, көп өтпөй элдин саны улам артып баратты. Ошондо милициянын каршылыкка чыккандарды тосуп, айрым катышуучуларды кармоо аракети көп сандаган сүрмө топту кыйла агрессиялуу кадамдарга түрткөн чагым эле болуп калды.

Ала-Тоо аянтында кырдаал курчуп кеткен кезде аз сандагы укук коргоо орган-дарынын, алардын ичинен милиция коркуп калган кызматкерлери «Форумдун» алдындагы тирешүүдөн соң кызууланып келген миңдеген аламанга бетме-бет туруп калды. Каршылыкка чыккандар аянтка чогула баштаганда эле мынчалык көп сандаган сүрмө топту көзөмөлдөгөнгө өкмөттүк күчтөрдүн алы келбестигин болжолдоо мүмкүн эле.

Ушундай оор жагдайда ИИМ Академиясынын курсанттарын – жапжаш, даярдыгы жетишсиз студенттерди Таласка тартипке келтирүүгө жиберилген жыйынды от-рядга кошкон фактыны да өзгөчө белгилеп коюу керек. Кагылышуу учурунда эки курсант өлтүрүлгөн бул кадамдын катачылык болгондугу анык.

Эл аралык өңүт6-7-апрелде эл аралык уюмдарга жана башка өлкөлөргө жардам сурап кайрылуу жасалган жок. Биринчиден, бул мамлекеттин өзү чечүүгө тийиш болгон ички кыр-даал эле. Экинчиден, кырдаал өтө тез курчуп кеткендиктен, аларга кайрылуу жана эл аралык жактардан кандайдыр бир жардам алуу мүмкүнчүлүгү болбой калды.

Курманбек Бакиев Бишкектен кеткенден кийинки күнү “Эхо Москвы” радиостанци-ясына берген маегинде айткандай, 7-апрелде аны менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Николай Бордюжа байланышкан, бирок «ал кезде кеч болуп калган эле». 7-апрелге чейин Казакстан менен Өзбекстандын 140 «7 апрелде митингчилерге биринчилерден болуп милиция ок чыгаргандыгы аныкталган». «Вечерний Бишкек” 141 Көз карандысыз коомдук комиссиянын тыянагы. http://www.centrasia.ru/newsA.php?st=1272720300

Page 106: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1052010-ЖЫЛДАГЫ АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫ

президенттери да байлынышып, «кандай жардам керек болсо айтыңыз, биз да-ярбыз» дешкен. Буга Бакиев ички маселелерди чечүү жагынан жардамга муктаж эмесмин деп жооп кайтарганмын дейт.142

Эл аралык өнөктөштөрдүн (өлкөлөрдүн да, уюмдардын да) ролу Бакиевдин ре-жими кулап, анын ордуна оппозиция лидерлеринен турган Убактылуу Өкмөт кел-генден кийин маанилүү болду. Биринчи кезекте кырдаалды турукташтыруу жана Бакиев менен оппозициянын ортосунда арачылык кылуу жагынан Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана ошол кезде Казакстан төрагасы болуп турган ЕККУ чоң роль ойноду. Россия менен АКШ да жигердүүлүгүн көрсөттү. Би-рок бул мамилелер ушул отчеттун алкагына сыйбайт.

Коомчулук менен байланышОкуялардын ыкчам курчуп кеткендигин эске алганда, кырдаалды тескөөнүн ма-алымат жана катнаш жагын да түшүндүрүү кыйын. Ырас, аны жакшыраак жүр-гүзүлүшү мүмкүн эле, бирок ушундай мүмкүнчүлүк болгонбу? Бакиев башкарган мезгилдин ошол кезинде басма сөз жана маалымат эркиндиги камсыздалбай, журналисттер кысымга алынып, куугунтукталып жаткандыгын белгилей кетүү ке-рек.

Окуялардын жүрүшүндө маалымат таратууну атайылап чектөө аракети да бол-гон. Бул жарандар арасында жалпы тополоң жана дүрбөлөң башталып кетпеши үчүн, ошондой эле Талас, Бишкек, Нарындагы жагдайдын оорлошуп жаткандыгы башка аймактарга да таралбашы үчүн жасалган. Мисалы, түшкө чейин улуттук те-леканалдан парламенттин Таластагы жана бүткүл өлкөдөгү жагдайды талкуула-ган кезексиз сессиясын көрсөттү. Анда премьер-министр Данияр Үсөнов кырдаал-ды өтө жымсалдап баяндаган. Парламенттин сессия жүрүп турган кезде «Форум» имаратынын алдында каршылыкка чыккандар менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп жаткан эле.

Калкка маалымат берүүдөгү орчундуу кемчилик президент Бакиевдин өзгөчө кырдаал киргизүү аракетинде байкалды. Кийинчерээк УТРКнын (Улуттук телера-диокомпаниянын) ошол кездеги баш деректири Катя Урумканова айткандай, жар-лыкка кол коюлган учур менен УТРКнын имаратына чабуул жасалган учур дал ке-лип калгандыктан, өзгөчө кырдаал киргизилгендиги тууралуу эфирде бир ирет гана жарыялоого үлгүрүшкөн. Ал ошондой эле каршылыкка чыккандар журналисттерге кол салып, аппараттарын тартып алып, репортаж жүргүзүүгө мүмкүндүк бербей ко-юшкандыктан, УТРК «Форумдун» алдындагы окуяны чагылдыра алган жок деди.143

Көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары окуяларды чагылдыруу жа-гынан көбүрөөк эркиндикке ээ болушкан: эл аралык жана жергиликтүү ЖМК журналисттери абдан көп эле. Жергиликтүүлөрдүн ичинен маалыматты жандуу репортаж түрүндө берип турган Kloop.kg порталынын жаш журналисттери айы-142 Курманбек Бакиевдин “Эхо Москвы” радиосуна берген маеги. 2010. 08.04. www.echo.msk.ru/programs/beseda/670374-echo/ 143 Караңыз: «Катя Урумканова: 2010-жылы 7-апрелде УТРК митингди көрсөткөн жок, анткени …». К-Ньюс. 2011.07.09. Төмөнкү сайттан таанышып көрүүгө болот: http://www.knews.kg/action/2707/. Бул объективдүү жаг-дай орун алгандыгы чын, бирок эфирде окуялар болгон жерден тартылган видеосуз деле маалымат берүүгө болот эле. УТРК акыркы мүнөткө чейин жетекчилигинин саясий жана тактикалык ой-пикирине байланыштуу маалыматты толук көлөмдө эркин бере алган эмес болушу ыктымал.

Page 107: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

106 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

рмаланууга жетишти. Бирок бул ЖМКлардын баарынын элге кеңири маалымат берүү мүмкүнчүлүгү кыйла чектелүү болгон. Мисалы, интернеттин жеткиликтүүлү-гү ошол күнү эл ашыкча көп киргендигине байланыштуу үзгүлтүккө учурап жатты. Ошондуктан эң маанилүү маалымат каражаты мобилдик телефон эле, бирок жа-рыша чалгандар абдан арбын болгондуктан, ал да иштебей калган учурлар болду.

Мыйзамдуулук жана милдеттенмелерОшол кездеги мыйзамдарды даана түшүнүү жана аларга баш ийүү жагдайы 2010-жыл, апрелдеги окуялардын эң аз иликтенген өңүтү бойдон кала бериши көбүрөөк ыктымал. Биринчи кезекте, дагы эле окуялар өтө тез курчуп кеткен шартта ар кай-сы иш-аракеттердин мыйзамдуулугун аңдап билүү жана, айрыкча, мыйзамдарды бардык катышуучулар түшүнүп, толугу менен так аткарышы мүмкүн эмес эле.

Бул ыңгайдан алганда, Коргоо министрлигинин куралдуу күчтөрүн колдонуу азыр-кыга чейин эң талаштуу жагдайлардан болуп кала берүүдө. Айрым сынчылардын пикиринде, ички саясий кырдаалдарды чечүү үчүн коргонуу күчтөрүн колдонууга 2009-жылы февралда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдети жөнүндө» мыйзамы негиз болушу мүмкүн эле.144 Бирок армиялык бөлүмчөлөргө кирбеген аз сандагы куралсыз күчтү – Аскердик окуу жайдын курсанттары менен Коргоо министрлигинин атайын отрядынын 100 кыз-маткерин145 колдонуунун мыйзамдуулугу бери эле дегенде ачык бойдон калууда.

Ошентсе да, жогоруда (3.е) айтылгандай, кырдаалды тескөөдө колдонулган же иш жүзүндө туура келген бир катар мыйзамдар жана мыйзам актылары бар эле. Бирок ар бир иш-аракеттин мыйзамдарга шайкештигин адамдар катуу эске алышы же кимдир бирөөнүн бул жоопкерчиликти көзөмөлдөшү ушул кырдаалдын шартында, албетте, мүмкүн эмес болгон.

Адам укуктарыКризистик кырдаалдарда, мунун ичинен күч усулдары колдонулган учурларда, адамдын түпкүлүктүү укуктары сакталууга тийиш. Эл аралык актылардын жана мамлекет милдеттеринин талабы ушундай.146

Кризистик кырдаалды тескөө иши оңунан чыкпай калган шартта адам укуктары-нын сакталышы, мындан мурунку пункттар сыяктуу эле, экинчи орундагы масе-ледей көрүнөт. Мурда белгиленгендей, Курманбек Бакиевдин режими ошо кезде либералдык эмес, авторитардык бийликке айланып, адам укуктарына анча маани

144 Караңыз: «Армия демонстрация жана митингдерди кууп таратуу үчүн колдонулушу мүмкүн деген коопто-нуу бар» («Опасения, что армия может быть использована для разгона демонстраций и митингов»). IWPR МА. 2009.03.02). Бул мыйзам 2012 жана 2014-жылдары өзгөртүлгөндөгү негизги жүйөлөрдүн бири – куралдуу күчтөрдү ички саясий кырдаалдарды жөнгө салуу максатында колдонуу жаатында ар түрдүүчө чечмелөөгө жол бербөө. Ошентсе да, атүгүл жакында кабыл алынган КР аскердик доктринасынын деле айрым жерлери, мисалы, III.17, ушундайча чечмелешини мүмкүн. Караңыз: http://www.centrasia.ru/newsA.php?st=1374474180 145 Бактыбек Калыев: «Ак үйдү коргоого 200 курсант жана 100 атайын отрядчы келген». “Вечерний Бишкек” маалымат агенттиги (МА). 2012. 31.10. Төмөнкү сайттан таанышып көрүүгө болот: http://www.vb.kg/doc/204317_baktybek_kalyev:_ohraniat_belyy_dom_pribyli_200_kyrsantov_i_100_specnazovcev.html 146 Эл аралык Кызыл Крест комитети (ЭККК), 2011. «Зордук жана күч колдонуу: Маалымдагыч». Женева, Швейцария.

Page 108: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1072010-ЖЫЛДАГЫ АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫ

бербей калган болчу. Бийликтин демейки ишинде бул окуялардан алда канча му-рун деле адам укуктары одоно бузулуп келген. Ошондуктан окуялар болгон күнү буга өлкө жетекчилиги тынчсызданышы дегеле мүмкүн эмес эле.

Бирок укук коргоо жана коопсуздук органдарынын ошол күнкү Өкмөт үйүнүн ал-дындагы мээлеп атуу башталганга чейинки иш-аракеттерин ошол эле эл аралык стандарттар боюнча жол берилгидей деп баалоого болорун эске сала кетүү керек. Биринчиден, ок атуу куралдарын колдонбоо жөнүндө нускама болгон жана ал же-текчиликке алынган. Экинчиден, адамга зыян келтирүүгө байланышпаган атайын техника жана атайын каражаттар колдонулган. Өкмөт үйүнүн алдында адамдар-дын өлүмүнө алып келген мээлеп атуунун мыйзамдуулугу тийиштүү (3.е-де санап көрсөтүлгөн) мыйзамдардын алкагында, «апрель окуялары» боюнча сот процес-синин жүрүшүндө да, аныкталууга тийиш.

Анализ

Эмне үчүн эртелеп алдын алуу жана бөгөт коюу тутуму иштебей калды?Жогорудагы серептен көрүнүп тургандай, 7-апрелдеги окуяларды эртелеп алдын алуу жана бөгөт коюу иши бир нече себептен улам оңунан чыкпай калган. Бул себептерди кеңири мааниде саясий, ал эми кууш мааниде тактикалык жана кыр-даалдык деп бөлүүгө болот.

Биринчи топтогу себептерге эң оболу ошол кездеги бийликтин мүнөзүн кошуу керек: репрессиячылдык; оппозициялык көз караштарга сабырсыз мамиле; пре-зиденттин үй-бүлөсүнүн мамлекетти башкарууга өтө көп аралашып кеткендиги. Экинчиден, бийликтин 6-7-апрель окуялары болор алдында оппозиция менен кандайдыр бир сүйлөшүүгө даяр эместиги. Мындай диалогго өбөлгө – 17-мартта оппозиция көтөрүп чыккан маселелерден тартып экономикалык жана саясий жаг-дайларга коомдун нааразылыгына чейин – жетиштүү эле болгон.

Экинчи топтогу себептерге кризистик кырдаалды тескөөгө түздөн-түз байланыш-кан көп каталар жана кемчиликтерди, ошондой эле белгилүү учурдан тартып оку-яларга бөгөт коюу мүмкүн болбой калгандыгын да кошуу керек. Биринчиден, бул себептерге элдин маанайы жана нааразылык деңгээли жөнүндө өкмөттүн жакшы билбегендиги. 7-апрелге курултайлар белгиленгендигинен бийлик чындыгын-да элдин канчалык козголуп калгандыгын, ырайы кандай экендигин сезе алган жок. Экинчиден, курултайларды жана аларга катышуучуларды анча таасирдүү болбойт деп ойлогондуктан, бийлик оппозициянын дээрлик бардык башчыларын камакка алганда катуу жаңылды. Биринчи ирет Болот Шерниязовду кармаган ка-дам оңунан чыкпай калганда эле бийлик мындай тактикадан баш тартса болмок, бирок ал ушундай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып, камакка алууну 7-апрелге ка-раган түнү да улантты.

Камакка алуу чарасы менен каршылыкка чыккандардын нааразылыгын ого бетер күчөткөн бийлик акыркы мүнөттөрдө деле оппозиция лидерлерин бошотуп, диа-лог жүргүзүүгө аракеттенсе болмок. Бирок бийлик тескерисинче акыркы каталы-гын жасады – каршылыкка чыккандарды укук коргоо органдарынын күчү менен

Page 109: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

108 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

кууп таратууга далбаса кылды. Натыйжада түшкө жуук шаардын башкы аянтта чогулган калктын катары барган сайын калыңдап, бийлик бардык мүмкүнчүлүк-төрдү колдон чыгарып ийген эле. Окуяны көзөмөлдөө мүмкүн болбой калган эле. Бакиевдин бир гана мүмкүнчүлүгү – бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү ка-дамы гана калган болчу. Бирок минтүүнү Бакиев дегеле ойлогон эмес.

Өзгөчө кырдаалга даярдык деңгээли кандай эле?Болуп өткөн окуяларга кылчая карап, мамлекеттин саясий апааттарга начар да-ярдангандыгын белгилей кетүү зарыл. Эң башкы кемчилик окуялардын жүрүшүн-дө маалыматты, айрыкча утурумдук маалыматты чогултуу жана иштеп чыгуунун натыйжалуу механизми болбогондугу эле. Ошол күндөрү «Ак үйдө» болгон бий-лик адамдарынын көбү белгилегендей, кырдаалды тескөөнүн оңунан чыкпай ка-лышына биринчи кезекте маалыматтын президентке өтө жай, дайыма убагынан кечиктирилип берилиши себеп болгон. Президент Бакиев тийиштүү жетекчилерди болуп жаткан окуялар жөнүндө баяндама жасап турууга милдеттендирген. Мунун айынан орчундуу кызматтагы бир нече адам анын кабылдамасында убактысын текке коротуп, андан соң президентке эскирип калган маалыматтарды баяндап турушкан.

Бийликтин иш-аракеттери эмне үчүн окуялардын өнүгүү ылдамдыгынан артта кала бергендигин болжолдуу түрдө чечмелеген, бирок азыркыга чейин тактала элек бир катар түшүндүрмөлөр бар. Кырдаалды өз көзү менен көрүп, сергек ба-амдаган жетекчилер болбогон болушу ыктымал. УКМК төрагасы Мурат Сутали-нов «Форумга» жөнөп кеткен эле деген маалымат бар, бирок саат канчада жөнө-гөндүгү, ал жерде канча убакыт болгондугу белгисиз.147 Окуя болгон жерде турган ортоңку тогоодогу жетекчилер, балким, көзөмөлдөө мүмкүн болбой калгандыгын, иш-аракеттердин баары курулай убарачылык экендигин айтууга батынбаган. Ми-салы, Ала-Тоо аянтынан тартылган видеодон эле көрүнүп тургандай, адегенде чакан топтор болуп аянтты тосуп, бир нече эсе көптүк кылган, катуу ачууланып алган адамдарды өткөрбөй турушкан. Бир учурда, мисалы, суу чачкыч колдонул-ган да, сүрмө топ бир нече метрге чегинип, бирок суу түгөнгөндө, кайра алдыга жылышкан. Эгер ушундай иш-аракеттер боюнча чечим кабыл алуучу жетекчинин колунда аянттагы чыныгы жагдай жөнүндө маалымат бар болсо, ал мындай баш-кача кыла алат беле? Балким.

Жогорку бийликтеги адамдардын бирөө, мисалы, Жаныш Бакиев, кырдаал жөнүн-дө толук маалыматка ээ болгон күндө деле, кандайдыр бир түп тамырынан баш-кача чечимди кабыл алууда ойлонуу, пайда-зыянын таразалоо үчүн убакыт та-лап кылынмак. Мисалы, окуя ушундай башаламан болуп кеткен чакта президент Бакиев каршылыкка чыккандардын талаптарынын бирин орундоо үчүн өзүнүн инилерин жана уулдарын кызматтан кетире алат беле? Же кайсы бир экономи-калык орчундуу чечимдерди жокко чыгара алат беле? Бул иштер анын колунан келбестиги түшүнүктүү. Ошондуктан бийликтегилердин оңунан чыкпастыгы анык бул иш-аракеттери кандайдыр бир инерция менен эле жасалып жатты.

Ушул жагдайларды талдаганда, 7-апрель окуяларын тескөөнүн эң начар жагы маалыматты координациялоо жана чечим кабыл алуу болгондугун көрүүгө бо-лот. Башкача айтканда, мындай кырдаалдарды тескөөчү алгылыктуу институттун

147 Пономарев, отчет. 3-бет.

Page 110: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1092010-ЖЫЛДАГЫ АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫ

жоктугу президенттин жайбаракат чечим кабыл алуу чордонунда турууга далба-са кылып, коопсуздук маселелери жана кырдаалды тескөө үчүн жооптуулар бир нече киши болуп калышына алып келди. Натыйжада бирдиктүү институт катары бийлик окуялардын чаңында калда. Ок атуучу куралды колдонуудан148 эч майнап чыкпагандан соң багынып бериши жана башаламандык менен талоончулукка жол ачышы керек эле.

Зарыл ченемдер менен эрежелер бар беле жана аларды улуттук коопсуздукту камсыздоо органдарына натыйжа-луу киргизилген беле?Мамлекеттик жана жарандык коопсуздукту камсыздоо үчүн жооптуу ведомство-лордун баары өз ишмердигин жүргүзүшү үчүн зарыл ченемдик-укуктук негиздер жана нускамалар бар эле. Маселе мыйзамдардын же башка ченемдердин жокту-гунда же жетишсиздигинде эмес, жогоруда даана көрсөтүлгөндөй, иш-аракеттер-ди координациялоодо, утурумдук маалымат менен камсыздоо тутумунда жана, балким, ар кайсы жооптуу кызмат адамдары өздөрү көрүп турган жагдайга ка-рабай, Курманбек жана Жаныш Бакиевдердин кабак-кашына карай иш кылууга аргасыз болгондугунда эле. Ошол кезде башкаруучу режим укуктук тартип прин-цибинен алыс болгондугун, ошондогудай кырдаалдарда иштин бейформал усул-дарын колдонууга ыктап тургандыгын эске алуу керек.

Зарыл ресурстар жана көндүмдөр бар беле?Жогоруда айтылгандар көбүнчө кырдаалды көзөмөлдөө үчүн зарыл ресурстар жана таянычтар начар болгондугун тастыктайт. Мисалы, маалымат жагы начар болуп, мунун айынан окуялардын ургаалдуу агымынан бийлик дайым бир кадам артта калып жүргөн.

Калайыкка маалымат жеткирүүчү башкы ресурсту – УТРКны – толугу менен көзөмөлдөгөн бийлик кризис жөнүндө элге билдирбеш үчүн жаап-жашыруу са-ясатын карманып, бирок кайсы бир даражада ал өзү ушундай чындыкка туура келбеген жана эскирип калган маалыматтын барымтасында калды.

Ошол учурда болгон материалдык-техникалык каражаттар колдонулду, бирок же-тиштүү жана натыйжалуу даражада эмес. Мисалы, «Форум» имаратынын алдын-да атайын каражаттардын колдонулушу ойдогудай натыйжа берген жок. Ошондой эле шашылыш жиберилгендиктен УКМКнын «Альфа» атайын отряды кырдаалга жараша талаптагыдай жабдылбаган болчу.149

Ошентип, бийликтин колунда кырдаалды жөнгө салуу үчүн таянычтар жана кара-жаттар бар болсо да, талаптагыдай, өз убагында колдонулбады. Анан кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткен соң, бул таянычтар менен каражаттардын кажети деле болбой калды.

148 Дагы эле, ок атуучу куралдардын кандайча колдонулгандыгы өтө бүдөмүк жана талаштуу бойдон калып жаткандыгын айта кетүү керек. 149 Пономарев, 3-4-бб.

Page 111: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

110 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Кайсы күчтөр кырдаалды тескөөгө таасирдүү катыша алмак, бирок катышпай калды?Өзүнүн олдоксон иш-аракеттери (Таластагы окуялардан баштап Бишкектеги ка-макка алууларга чейинки кадамдары) менен бийлик 7-апрелде өтө олуттуу жана чоң саясий иш-аракет жасалышына өбөлгө түзгөнүн билген жок. Ошол күн таң эртең менен кырдаалдын кыйла алгылыктуу нукка бурулушуна таасир эткидей адамдар бар беле? Ооба, бул ошол күнү элди курултайларга чакырган, бирок камакка алынып калган оппозиция лидерлери эле. Аларды камап салуу менен, бийлик кырдаалды жөнгө салууга пайда тийиши мүмкүн болгон негизги жактар-ды четтетип салган болчу. Эгер президент Бакиев «Форумдан» Ала-Тоо аянтына карай калайман көпчүлүк менен бараткан Токтайым Үмөталиеванын «Атамбаев менен Текебаевди бошоткула» деген шашылыш кеңешине кулак салганда, ошол учурда кырдаалды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү жаралышы ыктымал эле150. Бирок кырдаалды начар же бурмаланган түрдө билгендиктен, бийлик бул кеңешке кулак салган жок.

Кайсы жагдайлар өзгөчө кырдаалды токтотууга орчундуу таасир этти?Кырдаалды көзөмөлдөөгө жооптуу болгон Курманбек Бакиев жана анын өкмөтү үчүн бул кырдаал 7-апрелде түн ортосунда бийликти биротоло оппозицияга өт-көрүп берип, «Ак үйдөн» кетүү менен аяктады. Ар кайсы булактардан маалым болгондой, Өкмөт үйүнүн имаратынан акыркы болуп премьер-министр Данияр Үсөнов жана президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев кеткен.151 Башкача айтканда, бийлик үчүн кризис толук жеңилүү менен аяктаган.

Бирок кризистин өзү ушуну менен эле бүтүп калмак эмес.152 Кырдаалды жөнгө са-луу боюнча формалдуу жоопкерчилик Убактылуу Өкмөткө өткөрүп берилди. Бул өкмөттүн кырдаалды көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгү абдан чектелүү болгон.

Кийинки эки күн ичинде чыр-чатакты чечүү жана жагдайды жайгаруу керек эле. 8-апрель күнү эртеден кечке чейин талоончулар дуулдап жүрүштү: каракчы сүрмө топтор бардык дүкөндөргө кол салып, терезелерин талкалап, товарларды алып кетип жатышты. Бакиевдерге таандык объектилерге, биринчи кезекте алардын менчик үйлөрүнө да кол салышты. Бүткүл өлкөдө мамлекеттик администрация-лардын жетекчилерин алмаштырып, «элдик бийлик» орнотула баштады. Козгол-гус мүлктү, айрыкча жер участкаларын мыйзамсыз ээлеп алган көрүнүштөр көп кездеше баштады.

150 «Каныбек Жороев: Кыргызстандын экс-президенти 7-апрелде элди провокаторлор аткан деп эсепте-ген» («Экс-президент Кыргызстана считал, что 7 апреля в людей стреляли провокаторы»). 24.кг. 16.10.2012. Төмөнкү сайттан таанышып көрүүгө болот: http://www.kyrgyzonline.com/content/723035 151 «Темир Сариев: 2010-жылы 7-апрелде адамдарды өлтүргөндөр…» («7 апреля 2010 года людей убива-ли…)». 24.кг. 06.09.2011. Көчүрмөсү бул сайтта: http://diesel.kg/forums/topic/68245-%D1%81%D1%83%D0%B4-7-%D0%B0%D0%BF%D1%80%D0%B5%D0%BB%D1%8F-2010-%D0%B3%D0%BE%D0%B4%D0%B0/ Элмурза Сатыбалдиев: «Мындан ары Кыргызстан саясий туруктуулукта жакшы жашашы үчүн…». “Жаңы ордо» гезитине берген маеги. 2012. 02.11. Көчүрмөсү бул сайтта:http://www.gezitter.org/interviews/29019/ 152 Убактылуу депутаттык деп аталган комиссиянын билдиргени боюнча, 7-апрелдеги кризис жай ортосуна, так-тап айтканда, 2010-жылдын 10-14-июнундагы трагедияга – өлкөнүн түштүгүндөгү улут аралык кагылышууга – чейин уланган.

Page 112: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1112010-ЖЫЛДАГЫ АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫ

Ошол оор жана кыйла узакка созулган кризис ар кайсы жагдайлардын тааси-ри менен бара-бара турукташа берди. Мында биринчи кезекте жарандардын өздөрүнүн ар башка топторунун кылмыштуу толкундарга каршы туруусу, мунун ичинен тартипти сактоо жана талоончулукту токтотуу максатында уюшулган ык-тыярдуу кошуундардын пайдасы зор болду. Кризистин натыйжасында жаңы эле бийликке келген Убактылуу Өкмөт тартипти камсыздоого чамасы келбей жатты.

Өзгөчө кырдаалга орчундуу таасир эткен башка маселе-лер жана жагдайларКыргызстан эгемендикке жетишкен мезгил аралыгында саясий же башка маселе-лер боюнча уюштурулган митинг жана каршылык иш-чараларын өткөрүү мада-ниятын кыйла өздөштүрдү. Мындай көрүнүштөр негизги үч окуянын ар биринен: 2002-жылдагы Аксы окуядан (анда мамлекет жарандарга алгач ирет курал кол-донгон), 2005-жылдагы март окуясынан жана 2010-жылдагы апрель окуясынан – кийин тез-тез болуп турду. Мындай саясий иш-аракеттер (курултайлар, жөө жүрүштөр, катышуучуларды Бишкекке алыскы айылдардан ташып келүү, админи-страциялык имараттарды басып алуу ж.б.у.с.) көп ирет кайталанып, жарандардын чогулуусунун салттуу көрүнүшүнө же мүнөздүү репертуарга153 айланды.

Бирок 2010-жылдагы апрель окуяларында башка ушундай окуяларда болбогон бир катар акциялар жана көрүнүштөр кездешти. Булар негизинен кырдаалдын өзгөчө татаалдыгына жана ошол учурдагы бийлик жүргүзүүнүн өтө кыйындыгы менен байланышкан. Бул өзгөчөлүктөргө окуянын дээрлик табышмактуудай тез өнүгүп, баштагы тынч курултайлардан өрчүп отуруп каршылыкка чыккандардын коопсуздук күчтөрү менен кагылышуусуна, андан ары башкаруучу режимге каршы жапырт көтөрүлүшкө өтүп кетишин кошууга болот. Мунун баары бир эле күндө болуп өттү. Окуянын ушундай тез өнүгүшүнө бийликтин оппозиция лидерлерин камакка алуу, Таластагы кырдаалды тизгиндөөгө багытталган өтө жөнү жок иш- аракеттер сыяктуу одоно катачылыктары түрткү берди. Бирок ошол окуялардын бөтөнчөлүктүү ыраатында чечүүчү ролду элдин психологиялык өзгөчө абалы ой-ноду окшойт. Бул «Форум» ишканасынын алдындагы кагылышууда атайын кара-жаттар колдонулгандан кийин абдан кызууланып, кыжырданып алган абал эле. Мындай абалда кыска убакыт ичинде Ала-Тоо аянтына жетип барган ошол сүрмө топ ачуусун баса албай, ого бетер ээликтирген жаңы кагылышууларга аралашып кетти. Келечекте сабак болушу үчүн психикалык ушундай жагдайды өзүнчө изил-деп чыгуу зарыл.

7-апрель окуяларындагы дагы бир өзгөчө учур – бул ок атуучу куралдардын, бол-гондо да, бийлик тараптан да, «Форумдун» алдындагы тирешүү маалында ку-рал-жарак тартып алып каршылыкка чыккандар тараптан да колдонулгандыгы. Бакиев кайсы бир сөзүндө Акаевден өзүнүн айырмасын баса белгилеп, ага окшоп качып кетпейм, акырына чейин бекем турам деген. Анын бул сөзүн «бийлигимди сактап калыш үчүн курал колдонууга даярмын» дегендей чечмелегендер болду. Кантсе да, ок атуу куралдары мээлеп колдонулду да, ондогон кишилер окко учту.

153 «Репертуар» деп жамааттык саясий иш-чараларды изилдеген адистер ушундай акицияларда байкалуучу мүнөздүү иш-аракеттерди аташат. Бул түшүнүктү илимге көрүнүктүү саясат таануучу Чарльз Тилли киргизген. Караңыз: Д. Делла Порта, «Каршылык репертуарлары », Социалдык жана саясий кыймылдар энциклопедиясы, Уайли Блэкуэлл, 2013.

Page 113: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

112 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Курал колдонуу жагдайы – мунун туура же туура эместигинен тартып, каршылы-кка чыккандардын айрымдары куралданып алгандыгына чейин – 7-апрель окуя-ларындагы эң татаал жана талаштуу учурлардын бири бойдон калууда. Бул жаг-дайды терең изилдөө ушундай кырдаалдарды тескөө жагынан маанилүү сабак болмокчу.

7-апрелдин ушуга окшош башка окуялардын дээрлик баарынан дагы бир айыр-масы – бийликтин таң каларлыктай начар болуп чыккандыгы. Ошол кезде бийлик күч-кубаттуу, баары жокту толук көзөмөлдөгөндөй, кебелгис болуп көрүнгөн эле, бирок бир күндө эле күтүүсүздөн кулап калды. Албетте, бийликтин кулашы көп сандаган курмандыктар менен коштолду. Мындай чабалдыктын негизги себепте-ринин бири – башкарууга үй-бүлөнүн өтө аралашып кеткендиги, уулдары менен бир туугандарынын аларга ишенген президентке үстөмдүк кыла баштагандыгы. Бул жагдай бийлик институттарынын тайыздалып, өтө жекелештирилип калышы-на алып келген.

Алынган сабактар

Кыргызстан көз карандысыз мамлекет катары жашап жаткан жыйырма жылдан ашык мезгил ичинде башынан көптөгөн өзгөчө кырдаалдарды жана окуяларды өткөрдү. Алардын ичинен саясий мүнөздөгү орчундуу окуя катары биринчи кезек-те 2005-жылдын март айындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги эки революци-яны атасак болот. 2002-жылдын мартындагы Аксы окуялары жана 2010-жылдын июнундагы Ош шаары менен анын тегерегиндеги окуялар сыяктуу бөлөк окуя-лардын дагы мааниси чоң. Саясий курч мүнөздөгү мындай ири жана көп санда-ган майдараак окуялардын баары сабак алуу үчүн бай тажрыйба болорунан жана Кыргызстандын саясий кризиске жакын экендигинен кабар берет.

Ушул жана ушуга окшош өзгөчө кырдаалдардан кандай сабактар алынган?2010-жылдын апрелиндеги жана 2005-жылдын март айындагы окуялардан алын-ган эң негизги сабак катары президенттин колуна бийликтин өтө ашыкча топ-толушу авторитардык жана репрессиялуу режимге алып келип, бул өз кезегинде жарандарынын каршылыгын туудурарын аңдап билүү болду. Кыргызстандагы конституциялык түзүлүштүн президенттик-парламенттиктен (маңызы супер-пре-зиденттик) парламенттик-президенттикке өтүшү154 – эки революциядан алынган эң зор сабак.

Өлкөнүн парламентин саясий турмуштун башкы секисине айландырып, формал-дуу түрдө – мыйзамдар менен Конституциянын негизинде – өлкө саясатында-гы артыкчылыктарды аныктоого оппозициянын добуш менен салмакка ээ болуу

154 Салыштырма саясат таанууда буга окшош терминдердин айырмачылыгы тууралуу талаш эч качан тынчы-байт окшойт. Бирок бул учурда кеп президент менен парламенттин ыйгарым укуктарын салыштыруу тууралуу болуп жатат. Жаңылыш айтылып жүргөндөй, жаңы Конституция боюнча Кыргызстан накта парламенттик өлкө болгон жок, бирок Конституциянын мурдагы версиясына караганда учурдагы парламент бир кыйла кеңири ыйгарым укуктарды алгандыгы чын.

Page 114: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1132010-ЖЫЛДАГЫ АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫ

мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берүү менен, жаңы Конституция алдыда мурдагы сая-сий башаламандыктарга бөгөт коё алат. Эми оппозицияга өзүнүн жашоосу жана ишмердиги үчүн (ошондой эле жаамы акциялардын жардамында) күрөшүүнүн кажети болбойт. Жаңы саясий тартиптин «келечектеги» жашоо жөндөмдүүлүгү формалдуу мыйзамга гана эмес, эң биринчи кезекте оппозициянын дагы, бийлик-те тургандардын дагы башкы саясий күчтөрүнүн жүрүм-турумуна жараша болот. Президент менен анын аппаратынын таасиринин улам өсүп жатышы, парламент-теги партиялык фракциялардын ишмердигиндеги жиктелүү, өкмөттүн парламент менен президенттен толук көз карандысыз эместиги жана башка тараптар апрель окуяларынан төрт жыл өткөн соң жаңы Конституциянын алдында олуттуу тоско-олдуктар тургандыгын көрсөттү.

Алынган сабактар расмий иликтене баштаганбы, алар кантип таризделген жана кайсы негизги тыянактар чыгарылган?Конституциялык өзгөртүүлөр саясий мүнөздөгү сабак болгон. Тилекке каршы, 2010-жылдын апрелиндеги окуялардын (ошого окшош бөлөк окуялар сыяктуу эле) сабактары кризисти тескөө тутумун уюштурууда иш жүзүндө эске алына элек.

7-апрелден кийин жүрө баштаган негизги формалдуу процесс – бул аталган оку-ялар боюнча башталган сот процесси. Анан сот процессинин предмети бир эле убакта ашкере кеңири дагы, толук эмес дагы болду. Процесстин башкы предмети – митингге чыккандардын атылгандыгы жана жарадар кылынгандыгы. Ар кайсы айыпталуучуларга ар кандай кылмыштары үчүн күнөө коюлууда, алардын кай-сы бирлери 7-апрель окуялары менен тике байланышкан эмес. Мисалы, «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» айыбы мурдагы бир нече кызмат ада-мына 7-апрелге чейинки жүргүзгөн иши үчүн тагылган. Сот процессинде Таласта болуп өткөн окуялар, ошондой эле коопсуздук күчтөрүнүн көптөгөн кызматкерле-рин уруп-сабоо (мунун ичинен ички иштер министри Конгантиевдин сабалганы жана ИИМ Академиясынын курсанттары Кущ менен Такырбашевдин өлтүрүлгөн-дүгү) окуялары каралбайт.

Бул сот процесси бир кыйла сапаттуу жүргөн күндө деле конкреттүү, практикалык сабак алуу үчүн ошол кризистик окуяларды жөнгө салуудагы кемчиликтер менен мүчүлүштүктөрдүн формалдуу анализин алмаштыра албайт болчу. Бул айтыл-гандар орчундуу коомдук-саясий кырдаалды талдоону, кризистик кырдаалдарда тийиштүү кызматтар менен ведомстволордун ишин, ыкчам маалыматтык колдоо-нун натыйжалуугун, айрым негизги адамдардын ролун жана түздөн-түз окуя бол-гон жерде мындай кырдаалдарды натыйжалуу тескөө үчүн коопсуздук күчтөрүнүн даярдыгын уюштуруу маселелерине да тиешелүү. Тилекке каршы, колдо бар маалыматка ылайык, болуп өткөн окуяларды иликтөө жана алардан сабак алуу иштери жүргөн эмес, ал эми 7-апрель окуясына карата айтылган кийинки сөздөр көбүнчө саясий ураандар жана айыптоолор мүнөзүндө гана болгон.

Page 115: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

114 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Алар коопсуздук секторлору, анын көзөмөл органда-ры, жергиликтүү бийликтегилер, коомдук ишмерлер тарабынан таанылганбы?Конституциялык реформадан сырткары башка да институционалдык жана жүрүм-турумдук өзгөртүүлөрдү саясий сабактардын натыйжасы деп эсептесек болот. Мисалы, ачык-айкындыкты жана отчеттуулукту киргизүү максатында ми-нистрликтер менен ведомстволордун (алардын ичинен улуттук коопсуздукту кам-сыздоо органдарынын да) алдында Коомдук байкоочу кеңештер (КБК) түзүлгөн. КБКлар негизинен жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган, мамлекеттик орган-дардын ишин көзөмөлдөөчү жарандык институт болуп саналат.

Акыркы жылдарда ИИМ менен куралдуу күчтөрдү реформалоо, мунун ичинен Президент Атамбаев 2013-жылы июлда кол койгон Кыргыз Республикасынын жаңы «Аскердик доктринасын» кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу менен, жүрүп жа-тат.155 «Аскердик доктринага» ылайык, куралдуу күчтөрдүн бардык ведомстволору менен органдарынын бирдиктүү органы катары Куралдуу күчтөрдүн Башкы шта-бы түзүлгөн.156

Бирок реформалар менен жаңылануулардын көпчүлүк элементтерин 2010-жыл-дагы 7-апрель окуяларынан эле чыккан тыянак дегенге болбойт. Реформаларды негизинен жалпы көптөгөн сабактар менен көйгөйлөр талап кылууда. Алардын ичинен өзгөчө орунду Ош шаары жана ага чектеш жайгашкан жерлердеги 2010-жылы июнда болгон кайгылуу окуялар ээлейт.

Алар эске алынып, өзгөчө кырдаалдарга даярдануу боюнча иш-чараларда талаптагыдай колдонулганбы?Кыргызстандын учурдагы бийлигинин 7-апрелге салыштырмалуу саясий мүнөздө-гү кырдаалдарга даярдыгын баалоо кыйын. 2010-жылдын июнь айындагы кай-гылуу окуялардан кийинки турукташуу мезгилине, Бакиевден кийинки мезгилге салыштырмалуу өлкөнүн укуктук тартип жана коопсуздук күчтөрүнүн абалы жакшы.

Акыркы эки жылдын ичинде саясий маанайдагы бир нече кырдаал орун алды: 2013-жылы майында Күмтөр долбоорун сындагандар уюштуруп, Ысык-Көл облу-сунун Жети-Өгүз районунда башталган өтө орчундуу нааразылык акциялар түр-мөгү; оппозиция лидерлери Камчыбек Ташиев менен анын эки кесиптешин, анан Ахматбек Келдибековду кармап, соттоонун айланасындагы окуялардын тизмеги, ошондой эле эң акыркы окуя – 2014-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Улуттук оппозициялык кыймылдын (УОК) курултайы.

Бул окуялардын эч кайсынысы курчтугу боюнча 6 жана 7-апрелдеги сцена-рийлерге жетпеди. Бир топ кыйналса да, укук коргоо органдары азырынча кырдаалды көзөмөлдөп жатат. Аталган кырдаалдар кеңири кулач жайбай, жер-гиликтүү деңгээлде болуп, нааразылыкка чектелүү сандагы адамдар катышып 155 «Президент А. Атамбаев Кыргызстандын Аскер доктринасын бекитти». Кабар МА. 15.07.2013. Бул сайт-та: http://kabar.kg/rus/politics/full/59317; жана «Кыргыз Республикасынын Аскер доктринасы». Текст бул сайтта: http://www.centrasia.ru/newsA.php?st=1374474180 156 «Атамбаев Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабын түзүү тууралуу мыйзамга кол койду» КирТАГ МА. 04.02.2014. Бул сайтта: http://www.kyrtag.kg/news/detail.php?ID=3142

Page 116: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1152010-ЖЫЛДАГЫ АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫ

жаткандыгынын маанилүү үч себеби бар. Биринчиден, калктын басымдуу бөлүгү саясий башаламандыктардан «чарчагандыгы» байкалат. Экинчиден, 2010-жыл-дагы жалпы элдин нааразылыгын туудурган ал кездегидей саясий-экономика-лык маанай жок, үчүнчүдөн, салмагы жана жөндөмдүүлүгү боюнча 2010-жылдын апрелиндеги оппозицияга тең келген саясий биримдик түзүлгөн эмес.

2010-жылдын апрели менен Бакиевден кийинки мезгилдин ортосундагы объек-тивдүү айырмачылыктарды эске алганда, бийликтин саясий мүнөздөгү татаал кырдаалдарды, тактап айтканда, нааразылыктын жаамы акцияларын тескөө жөн-дөмдүүлүк деңгээли аз текшерилген, бирок азыркы учурга чейин салыштырма-луу ийгиликтүү факт бойдон калууда деп тыянак чыгарууга болот. Кризисти жөнгө салууда зомбулуксуз усулдарды колдонуп, жергиликтүү коомдоштуктар менен кез-кезде, көбүнчө кечигип болсо да баарлашып тургандыгы жакшы. Жаныш Ба-киев сыяктуу көшөгө артындагы авторитеттер эмес, расмий жетекчилер кырда-алды жөнгө салуунун каражаттары менен чараларын аныктап жаткандыгын бул жааттагы иштердин абалынын жакшыруу белгиси катары карасак болот.

Кайсы алынган сабактар өзгөчө кырдаалдарды тескөө боюнча иш-чаралардын талаптагыдай өзгөрүшүнө алып келбеди?7-апрелдеги өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салуунун оңунан чыкпай калган тажрый-басынан маалыматтарды координациялоо, чечим кабыл алуу жана иш-аракет жа-соо боюнча коопсуздук күчтөрүнүн саналуу гана, негизги жетекчилеринен турган, ыйгарым укуктары так сыпатталган иштиктүү штабдын зарылдыгы айкын болду. 7-апрелдеги ушуга окшош штабдын түзүлгөндүгү жөнүндө тастыкталбаган маа-лымат ар кайсы булактардан айтылган эле.157 Бирок мындай институтка чыныгы зарылдык 7-апрелде дагы, андан кийин дагы болгон.

«Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» мыйзамдын акыркы редакциясына ылайык, өзгөчө кырдаалдарды киргизүүдө жергиликтүү комендант менен комендатуранын ролу күчөтүлгөндүгү координациялоо маселесин жарым-жартылай чечиши мүмкүн. Би-рок аталган институт өлкө жетекчилигинин деңгээлинде жалпы координациялык органды түзүү зарылдыгын жокко чыгарбайт. Бул багытта айрым кадамдар жа-салгандыгына (мисалы, куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы түзүлгөн, «күч блогун» тескеген вице-премьер-министр кызматы бекитилгендигине) карабастан, маселе аягына чейин чечилбеген бойдон калууда.

Сунуштар

Кандай ченемдер иштелип чыгууга же өзгөртүлүүгө тийиш?2010-жылдын 7-апрелиндеги кризисти талдоонун негизинде кырдаалды көзөмөл-дөөнү камсыз кылууда ченемдик база маселе жаратпаган же тоскоол болгон эмес деп айтууга болот. Ошого карабастан, ченемдик базада жаңы Конституцияны,

157 Караңыз, айрыкча «Мамлекеттик комиссиянын тыянагы жана Убактылуу депутаттык комиссиянын отчету».

Page 117: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

116 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

«Тынч жыйындар жөнүндө» жаңы мыйзамды кабыл алуу менен башталып, «Өз-гөчө кырдаалдар жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен аяктаган бир катар жакшы өзгөрүштөр болду.

Мыйзамдардагы мындан аркы өзгөртүүлөр өзгөчө кырдаалдарды натыйжалуу те-скөөнү камсыздоо максатында болушу мүмкүн. Мисалы, мурдагы талкууну (5.е) улантып, АКШдагы «кырдаалдык бөлмөнүн» мисалында (бирок бир катар айыр-мачылыктар менен, мисалы, эл аралык маселелерге караганда ички тартип ме-нен бейпилдикти сактоого көбүрөөк басым жасаган) өзгөчө кырдаалдарды тескөө боюнча туруктуу жамааттык координациялык орган түзүү сунуш кылынат. Мындай түзүмдү ачуу үчүн ар кандай мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү же анын иш-мердиги жөнүндө өзүнчө мыйзамды кабыл алуу талап кылынышы мүмкүн.

Ыкчам ишмердикке жана ыкчам жол-жоболорго тиешелүү зарыл өзгөртүүлөрКризис болор алдындагы жана кризис учурундагы кырдаалдарды баалоонун, алар боюнча маалыматтарды талкуулоонун жана 7-апрелдегидей кыйын кезеңдер ме-нен кризистик кырдаалдарда чечим кабыл алуунун туруктуу, натыйжалуу тутумун түзүү өтө зарыл. Жооптуу кызмат адамдары так аныкталышы абзел: өзгөчө кыр-даалдарды жөнгө салууну жетектөө милдети президентке же премьер-министрге эле оодара салынбашы керек, бирок алардын вазийпасы ачык жазылууга тийиш.

7-апрелдин тажрыйбасы көрсөткөндөй, өзгөчө абалды киргизүү жана ишке ашы-руу жол-жобосу узак жана татаал болушу мүмкүн, ал эми кырдаал кечиктирилгис, а кээде көз ирмемдик иш-аракеттерди талап кылышы ыктымал. Ошондуктан өлкө ичиндеги өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салуу үчүн, айрыкча өзгөчө абал киргизил-беген, бирок абал өзгөчөгө жакын болгон кырдаалдарда, ички иштер күчтөрү ме-нен улуттук коопсуздукту камсыздоо органдарын тескөөнүн бирдиктүү институтун (Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы үлгүсүндө) жайылтуу керек.

Зарыл көндүмдөрКР Өкмөтү, мунун ичинен өзгөчө кырдаалдарга жооп кылуу жана коомдук тар-типти жөнгө салуу маселелерине жоопкерчиликтүү мамлекеттик ведомстволор менен түзүмдөр болуп өткөн кризистик кырдаалдардын, атап айтканда, 1990 жана 2010-жылдардагы Ош, 2002-жылдагы Аксы окуялары, 2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги окуялардын тажрыйбасын толук иликтеп, алар боюнча тыянак чыгарышы зарыл.

Коргоо кеңешинин алдында өткөндүн сабактарын түздөн-түз иликтеп, өзгөчө кырдаалдарды тескөө боюнча практикалык сунуштарды жана саясатты иштеп чыгуу менен алектене турган өзүнчө талдоо жана сереп институтун түзүү сунуш кылынат.

Ички иштер органдарын колдоо боюнча ЕККУнун көп жылдык программасынын натыйжалуулугун баалап, анын тынч дагы, зордук-зомбулуктуу дагы демонстра-цияларды тескөөдөгү милициянын жөндөмдүүлүгүн өстүрүүгө багытталган тааси-рин күчөтүү керек.

Page 118: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1172010-ЖЫЛДАГЫ АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫ

Бөлөк сунуштарКР Өкмөтү менен президенти иш жүзүндө мамлекет көзөмөлдөөчү (мунун ичинен КТРК) жалпыга маалымдоо каражаттарын оппозицияны каралоо жана элге жаман көрсөтүү үчүн пайдалануудан сактанышы абзел. Мындай жосун бир аз мурдараак Улуттук оппозициялык кыймылдын (УОК) мүчөлөрүнө карата жасалган.

Өкмөт мүчөлөрүнө жана айрыкча президентке орчундуу маселелерди талкуулоо менен жана мамлекет менен өкмөттүн аларга карата позициясын түшүндүрүү аркылуу жергиликтүү коомдоштуктар жана жалпы эле калк менен көргөзмөлүү эмес, иш жүзүндө баарлашып туруу сунуш кылынат. Бул Кумтөр маселесине да, энергетикадагы иштердин абалына да жана чек арага чектеш коомдоштуктардын көйгөйлөрүнө жана тышкы мамилелер (мисалы, КРнын Бажы союзуна кириши) менен байланышкан маселелерге да тиешелүү.

Өкмөт, көзөмөл органдары, КР Президенти болуп өткөн окуялардын бардык эле-менттерин толук кандуу, ошондой эле мыйзам алкагында баалоону камсыздоо менен келечекте да ушул принциптерди колдонушу керек. Айрыкча апрель оку-яларынын мисалынан алганда, бул бардык укук бузууларга, атап айтканда, ку-рал-жаракты уурдап алуу жана мыйзамсыз алып жүрүү, мамлекеттик жана жеке менчикке материалдык зыян келтирүү жана башкаларды камтыган жоопкерчилик-ти аныктоого тиешеси бар. Президент жана бөлөк тийиштүү органдар аракетте-ги мыйзамдардын алкагында коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп, коррупцияны аныктоонун жана аны менен күрөшүүнүн мыйзамсыз жана шектүү усулдарынын өнүгүшүнө жол койбошу керек.

Булактар:

1. «Бактыбек Калыев: Охранять «Белый дом» прибыли 200 курсантов и 100 спецназовцев». ИА «Вечерний Бишкек». 31.10.2012. Бул сайтта: http://www.vb.kg/doc/204317_baktybek_kalyev:_ohraniat_belyy_dom_pribyli_200_kyrsantov_i_100_specnazovcev.html (24.06.2014)

2. «Бактыбек Калыев, экс-министр: «Мен Бакиевдин жердешимин, бирок аны менен жашыруун сүйлөшкөн эмесмин». Супер-Инфо МА. 2012.02.11. Көчүрмөсү бул сайтта: http://www.gezitter.org/society/15599_baktyibek_kalyiev_eks-ministr_ya_zemlyak_bakieva_no_s_nim_tayno_ne_obschalsya/ (2014.24.06.)

3. «Кыргызстанда уюк байланышка жаңы тарифтер колдонула баштады», 2010-01-02: http://www.azattyk.mobi/a/1944769.html (2014.25.06.)

4. «Власть заинтересована в проведении народного курултая». Азаттык. Русская редакция. 01.02.2010. Бул сайтта: http://www.azattyk.org/archive/ky_domestic_News_in_Russian/20101218/3462/3462.html?id=2292878 (25.06.2014)

5. «Кыргыз Республикасынын Аскер доктринасы»». Текст бул сайтта: http://www.centrasia.ru/newsA.php?st=1374474180 (25.06.2014)

6. «Глава Службы госохраны Киргизии: Моя совесть чиста». РИА Новости.

Page 119: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

118 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

11.04.2010. Бул сайтта: http://ria.ru/interview/20100411/221016540.html (25.06.2014)

7. «Данияр Усенов: правительство не отменит установленных тарифов на электричество, горячую воду и отопление», 16-03-2010: http://www.kp.ru/daily/24456/618787/?geo=61

8. Делла Порта, Донателла, 2013. «Каршылык репертуарлары», Социалдык жана саясий кыймылдар энциклопедиясы. Уайли Блэкуэлл. (Donatella della Porta, 2013. “Repertoires of Contention”, The Wiley Blackwell Encyclopedia of Social and Political Movements. Wiley Blackwell.)

9. «Эртең 7-апрелде жабыркагандар каза болгондордун эстелигинин жанын-да жолугушат». Түштүк.кг МА 2014.01.04. Бул сайтта: http://www.tushtuk.kg/society/16116/ (02.04.2014)

10. 6-8-апрелде Кыргызстанда болуп өткөн окуяларды териштирүү боюнча Көз карандысыз комиссиянын корутундусу. 29.04.2010-ж. жарыяланган. Бул сайтта: http://www.centrasia.ru/newsA.php?st=1272720300 (25.06.2014)

11. Себептер менен шарттарды ар тараптуу иликтөө, ошондой эле 2010-жыл-дын апрель-майында болуп өткөн кайгылуу окуяларга саясий баа берүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусу. Вести.кг. 2011-ж. 07.04. жарыяланган. Бул сайтта: http://www.vesti.kg/index.php?option=com_k2&view=item&id=4422&Itemid=83 (биринчи жарымы) жана http://www.vesti.kg/index.php?option=com_k2&view=item&id=4425&Itemid=83 (экинчи жарымы) (25.06.2014)

12. «Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзам

13. «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» мый-зам

14. «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо кызматы жөнүндө» мыйзам

15. «Тынч жыйындар жөнүндө» мыйзам

16. «Интервью» с Курманбеком Бакиевым. Радио «Эхо Москвы». 08.04.2010. Бул сайтта: http://www.echo.msk.ru/programs/beseda/670374-echo/ (25.06.2014)

17. «Каныбек Жороев: Реформа үчүн жакшы шарттар түзүлдү». «Азаттык». 2010.30.01. Бул сайтта: http://www.azattyk.org/content/Kyrgyzstan_Reforms_Joroev/1943322.html (2014.25.06.)

18. «Каныбек Жороев: «Кыргызстандын экс-президенти 7-апрелде элди ча-гымчылар атты деп эсептеген». 24.кг. 2012.16.10. Бул сайтта: http://www.kyrgyzonline.com/content/723035 (25.06.2014)

19. «Катя Урумканова: 7 апреля 2010 года НТРК не транслировал митин-ги, потому что…». К-Ньюс. 07.09.2011. Бул сайтта: http://www.knews.kg/action/2707/ (25.06.2014)

20. «Ко всем свободным гражданам свободного Кыргызстана! (Обраще-ние Центрисполкома Народного Курултая)». Эдиль Байсалов. ИА Фер-

Page 120: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1192010-ЖЫЛДАГЫ АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫ

гана.ру. 07.04.2010. Бул сайтта: http://www.fergananews.com/news.php?id=14377&mode=snews (25.06.2014)

21. КР «Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» конституциялык мыйзамы

22. Кыргыз Республикасынын Конституциясы (2010-жылы июндагы референ-думда кабыл алынган)

23. Кыргыз Республикасынын Конституциясы (2007-жылы октябрдагы рефе-рендумда кабыл алынган)

24. «Кто и зачем скрывает отчет комиссии по апрельским событиям?». Стра-ница в интернет-форуме Дизель.кг: http://diesel.elcat.kg/lofiversion/index.php?t7081203.html (25.06.2014)

25. «7-апрелде Ак үйгө жана элге ок аткан ал белгисиз адамдар кимдер?». «Жаңы агым» гезити. 2013.22.11. Бул сайтта: http://www.gezitter.org/politic/25673/ (25.06.2014)

26. «Кыргызстан: 7 апреля оппозиция проведет курултаи во всех регионах страны». Фергана.ру. 31.03.2010. Бул сайтта: http://www.fergananews.com/news.php?id=14328 (25.06.2014)

27. «Кыргызстан: Курултай «Согласия» во всем согласился с президентом»: http://www.fergananews.com/news.php?id=14290 (25.06.2014)

28. «Кыргызстан: На курултае оппозиции принят пакет требований к властям (обновлено)». Фергана.ру. 17.03.2010. Бул сайтта: http://www.fergananews.com/news.php?id=14241&mode=snews (25.06.2014)

29. Эл аралык Кызыл крест комитети (ЭККК), 2011. «Зомбулук жана күч кол-донуу»: Маалымдама. Женева, Швейцария. (International Committee of the Red Cross (ICRC), 2001. “Violence and the Use of Force”. Reference. Geneva, Switzerland.)

30. Мозелл Б. жана Полак Б. 2001. «Талоончул мамлекет үлгүсү», «Укук, эконо-мика жана уюм» журналы, 17/1. (Boaz Moselle and Benjamin Polak, 2001. “A Model of a Predatory State”, Journal of Law, Economics and Organization, 17/1.)

31. «Опасения, что армия может быть использована для разгона демонстра-ций и митингов». ИА IWPR.net. 03.02.2009.

32. 2010-жылдын апрель-июнь окуялары боюнча КР ЖКнын Убактылуу депу-таттык комиссиясынын отчету. Бишкек, 2011. Бул сайтта: http://novdocs.ru/docs/index-16788.html (07.04.2014)

33. «Подсудимый: 7 апреля не было штаба по координации действий силови-ков», «Вечерний Бишкек». 16.10.2012. http://www.vb.kg/202904 (25.06.2014)

34. Пономарев, Виталий. «Роль управления специальных операций «Альфа» в событиях 6-7 апреля в Бишкеке (Киргизия)». Отчет. Правозащитный центр «Мемориал». Москва, ноябрь 2010.

35. «Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Аскердик доктринасын бекитти». Кабар МА. 2013.15.07. Бул сайтта: http://kabar.kg/rus/politics/full/59317 (25.06.2014)

Page 121: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

120 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

36. «Революция 2010: «Клооп.кг» видеолорунун толук архиви. Бул сайтта: http://kloop.kg/blog/2014/04/06/revolyutsiya-2010-polny-j-arhiv-video-ot-kloop-kg/ (25.06.2014)

37. «Россия восстановила пошлины на экспорт ГСМ в Кыргызстане». Об-щественный Рейтинг. 12.03.2010. Бул сайтта: http://www.pr.kg/news/kg/2011/03/12/19441/ (25.06.2014)

38. «”Совещательная демократия” Курманбека Бакиева». «Независимая га-зета». 26.03.2010. Бул сайтта: http://www.ng.ru/cis/2010-03-26/6_bakiev.html (25.06.2014)

39. «Эльмурза Сатыбалдиев: Никто в Доме правительства к событиям 7 апреля не готовился», ИА 24.кг. 17.10.2012. Бул сайтта: http://www.for.kg/news-193171-ru.html (25.06.14)

40. Элмурза Сатыбалдиев: «Кыргызстан мындан ары саясий туруктуулукта жакшы жашасын үчүн…». «Жаңы ордо» гезитиндеги маек. 02.11.2012. Бул сайтта: http://www.gezitter.org/interviews/29019/ (25.06.14)

41. «7-апрелде митингчилерге биринчилерден болуп милиция ок чыгарганды-гы аныкталган». «Вечерний Бишкек». 18.11.2013. Бул сайтта: http://kyrgyz.vb.kg/doc/233849_7_aprelde_mitingchilerge_birinchilerden_bolyp_miliciia_ok_chygargandygy_anyktalgan.html (25.06.2014)

42. «Sarbaev and Ambassador sign agreements; Sarbaev urges phone call from President Obama to Bakiyev». 13.05.2009. Бул сайтта: http://www.wikileaks.org/plusd/cables/09BISHKEK462_a.html (25.06.2014)

Page 122: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)
Page 123: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)
Page 124: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

2010-ЖЫЛДАГЫ ОШ ОКУЯЛАРЫ: КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН САБАКТАР

Асель Мурзакулова жана Абдираим Жорокулов

Кыскача кириш сөз

2010-жылдын 10-14-июнунда Кыргыз Республикасынын Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында талкалап-бүлүндүрүү, өрттөө, талоончулукка ай-ланып, 423 кишинин өлүмүнө,158 2,500 кишинин жаракат алуусуна алып келген кыргыз жана өзбек коомдоштуктарынын ортосунда жаамы кагылышуулар болуп өттү. Чыр-чатак учурунда ошондой эле 400,000 киши убактылуу үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду. Кийин бул кагылышуулар 2010-жылдагы Ош окуялары де-ген аталыш белгилүү болуп калды. Кыргызстандын тарыхында бул жабыркаган-дар менен кыйроолордун саны жана эл аралык деңгээлде жарыя болушу боюнча да эң ири чыр-чатак эле. Аталган кайгылуу окуялардын учурунда Женевада БУУ-нун кезектеги Кеңеши болуп өтүп, Кыргызстанды Ош шаарындагы, Ош жана Жа-лал-Абад облустарындагы кишилердин өлүмү менен байланышкан фактыларды ар тараптуу иликтөөгө, күнөөлүлөрдү жоопкерчиликке тартууга чакырган резолю-ция кабыл алган.

Трагедия жүз бергенден бери төрт жыл өттү, бирок, коомчулук ал окуяларды ар кандай баалап келет. Мамлекеттик, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар тарабынан даярдалган көп сандаган отчеттор чыр-чатактын себептерин баалоодо бири-бири-не дал келбей тургандыгы да өзүнө көңүлдү бурат. Чыр-чатактын негизги очогу ка-тары ар кандай себептер айтылат: өзбек лидерлеринин жикчилдиги; мурдагы пре-зидент Курманбек Бакиевдин тарапташтарынын кайра утушка ээ болуу аракети; Убактылуу Өкмөттүн түштүктөгү бийлик үчүн болгон күрөшү; «үчүнчү күчтөрдүн» катышуусу жана алардын Борбордук Азияда кырдаалды туруксуздаштыруу ние-ти, ошондой эле Кыргызстандагы этникалык өзбектерди узак мезгилден бери ба-сынтуу көрүнүшү. Окуяларды баалоодогу мындай көп түрдүү көз караштарга ка-рабастан, отчеттордун бири дагы коомчулуктун кеңири колдоосуна ээ болгон жок.

Бул чыр-чатактын себептерин караштырууда Советтер Союзу мезгилинен бери келе жаткан маселени иликтөө зарыл, анткени эки коомдоштуктун ортосундагы чыңалуунун өсүшүнүн түпкү себептери тарыхтын дал ошол мезгилинен баштал-ган. ХХ кылымдын 80-жылдарынын экинчи жарымындагы кайра куруу менен маа-лымдуулук саясаты кыргыздардын дагы, өзбектердин дагы улуттук аң-сезиминин ойгонушуна түрткү болду. Бул мезгилдерде социалдык-экономикалык көйгөйлөр тереңдеп, кыргыз жаштарынын арасында турак-жай жана жер иштетүү маселеси өтө курч турган. Ошондуктан Ош облусунун жаштары жергиликтүү бийликтеги-

158 Курман болгондордун саны боюнча расмий маалыматтар менен дал келбестиктер бар, мында укук коргоочу “Кылым Шамы” борбору 492 киши деп көрсөтөт. Г.Абдирасулов менен болгон маектин материалдарынан. 2014-ж. 28-апрель. Бишкек.

Page 125: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

124 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

лерден турак-жай куруу үчүн жер участкасын ажыратып берүүнү өтүнөт жана өз талаптарын канааттандыруу үчүн 1990-жылы «Ош аймагы» деген бейформал би-рикмени түзөт. Ушуга жарыш эле өзбектердин «Адолат» бейформал бирикмеси өз ишмердигин жандандырат. Анын ишмердигинин алкагында Жалал-Абад облу-сунан өзбек аксакалдар тобу 1990-жылы мартта СССРдин Жогорку Кеңешинин Улуттар кеңешине жана Кыргыз ССРинин Биринчи катчысына Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек калкына автономия берүү жөнүндө кайрылышат. Коюлган та-лаптардын негизгилеринин бири – өз алдынча башкаруу формасы бар Ош авто-номиясын түзүү жана өзбек тилине мамлекеттик тилдердин бири катары макам берүү. Мындан тышкары, өзбек тургундары өзбек маданий борборун түзүүнү, Ош педагогикалык институттун алдында өзбек факультетин ачууну, партиянын обкомунун катчысы Үсөн Сыдыковду (алардын айтуусунда кыргыздардын гана таламын талашкан) алмаштырууну талап кылышты. Өзбектердин арасында наа-разылыктардын өсүшүнө өлкөнүн жетекчилеринин басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзгөндүгү да себеп болгон.159 Жер иштетүү жана кадр саясатындагы олуттуу мүчүлүштүктөрдүн айынан ырбаган нааразылыктар 1990-жылдагы кыргыздар ме-нен өзбектердин ортосундагы улут аралык чыр-чатакка өсүп жетип, натыйжада 282 киши каза болду.160

Тилекке каршы, 1990-жылдагы окуялардан сабак алынбаган, алар себеп-натый-жалуу толук талдоонун предмети болбогон, эң башкысы, аракетсиздиги же туура эмес чечимдери үчүн кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылган эмес. Убакыт көрсөткөндөй, окуяларга тийиштүү көңүл бурулбай калган. Республиканын Жо-горку Кеңешинде жогорку кызматтарды ээлеп турган Абсамат Масалиев менен Ренат Кулматов отставкага кетишти. Ошол кайгылуу окуяларда түздөн-түз туура эмес чечимди кабыл алышкан бөлөк жетекчилер жакынкы мезгилге чейин жогор-ку мамлекеттик кызматтарда турушту (Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков ж.б.)161. Алардын эч кимиси эл аралык мамилелер жаатындагы кырдаалды өзгөртүү боюнча тутумдуу жана практикалык чараларды көрбөй, бул келечекте чыр-чатактын кайталанышына негиз түзгөн. Мындан тышкары, мам-лекеттик деңгээлде чыр-чатактарды эртелеп алдын алуу тутуму түзүлбөй кала берген.

2010-жылы 7-апрелден кийин түзүлгөн коомдук-саясий жагдайга байланыштуу республиканын Бишкек шаарында (Маевка айылы) жана Чүй облусунда (Токмок шаары), Ошто, Жалал-Абад шаарынын аймагында жана анын тегерегинде улут аралык мамилелер кескин курчуган. Убактылуу Өкмөт (УӨ) менен Жалал-Абад шаарында турган президент Курманбек Бакиевдин тирешүүсү коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна алып келген. Убактылуу Өкмөт коомдун бир бөлүгү та-рабынан мыйзамдуу бийлик катары таанылбагандыктан, бул реваншисттик кый-мылдардын кеңири кулач жайышына мүмкүндүк берди. Ушундай кырдаалда жаңы 159 Толугураак кар. 2010-жылдын июнь айындагы республиканын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептери менен кесепеттерин ар тараптуу изилдөө, сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссиянын отчету. Бул сайтта:

http://inkg.info/dokumenty/otchety/1554-otchet-natsionalnoj-komissii-abdygany-erkebaeva-o-mezhetnicheskom-konflikte-2010-goda-na-yuge-kyrgyzstana 160 Талант Разаков. 1990-жылдагы Ош окуялары - Бишкек, 2011. – 128-б. 161 Толугураак кар. 2010-жылдын июнь айындагы республиканын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептери менен кесепеттерин ар тараптуу изилдөө, сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссиянын отчету. Бул сайтта: http://inkg.info/dokumenty/otchety/1554-otchet-natsionalnoj-komissii-abdygany-erkebaeva-o-mezhetnicheskom-konflikte-2010-goda-na-yuge-kyrgyzstana

Page 126: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1252010-ЖЫЛДАГЫ ОШ ОКУЯЛАРЫ

бийликтегилерге Курманбек Бакиевдин туулган жери болгон түштүк тараптан кол-доо табуу зарыл эле. Чындыгында жаңы бийлик менен өзбек коомдоштугунун же-текчилеринин кызыкчылыктары да негизги пунктта (Курманбек Бакиевдин тарап-таштарынын күч алышына жол койбоо) тогошкон.

Татаал саясий кырдаалдын шарттарында өзбек коомдоштуктарынын жетекчи-леринин бир бөлүгү өлкөдө түзүлгөн жагдай алардын алдыга койгон максатта-рына жетүү мүмкүнчүлүгүнө жагымдуу таасир этет деп эсептешип, көп сандаган адамдарды тартуу менен, өз талаптарын коё башташты. Ош шаарында болуп өткөн кайгылуу июнь окуяларына чейин уюштуруучулары улуттук-маданий бор-борлордун лидерлери (Кадыржан Батыров, Инамжон Абдрасулов, Жалалидин Салахутдинов, Карамат Абдуллаева) болгон өзбек диаспорасынын көп сандаган чогулуштары өтүп турду. Алсак, 2010-жылдын апрель айынын аягынан баштап, 10-июнга чейин укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык Ош жана анын айланасында 25тен ашуун жыйын жана чогулуш болуп өтүп, аларда 100дөн 500-600гө чейин киши катышкан жана эреже катары улут аралык мамилелер талкуу-ланган.162 “Инамжон Абдрасуловдун мойнуна алганына караганда, өзбек калкы жашаган маалалар менен кичи райондордун коопсуздугун камсыз кылымыш бо-луп, штабдар менен атайын дружиналарды түзүү иштерин жарыш жүргүзүшкөн. Кээде кыргыз жана өзбек жаштарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы чыр-чатактуу кырдаал атайын жаратылган».163

Өзбек коомдоштугунун башчыларынын талаптары УӨгө белгилүү болгон. Көп сан-даган маалыматтарга ылайык, жаңы бийликтегилер алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Бул фактор кийин чыр-чатак чөлкөмүнө тартылган элдин жаңы бийликке болгон ишенимин жоготкон. Ошентип, Нил Мелвиндин «улут аралык чыр-чатак – 2010-жылдын 7-апрелиндеги кыргыздар ортосунда күч алган бийлик үчүн күрөштүн натыйжасы» деген аныктамасына ынанууга болот. Июнь окуялары түздөн-түз 7-апрелдин уландысы болуп, Убактылуу Өкмөт менен кулатылган пре-зидент Курманбек Бакиевдин тарапташтарынын ортосундагы күрөштүн аяктоочу этабын түздү.164

Аталган анализдин негизги булагы көп сандаган мамлекеттик, бейөкмөт жана эл аралык комиссиялардын отчеттору, изилдөө материалдары, ошондой эле бул талдоонун алкагында жүргүзүлгөн олуттуу маектер саналат.

162 Толугураак кар. 2010-жылдын июнь айындагы республиканын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептери менен кесепеттерин ар тараптуу изилдөө, сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссиянын отчету. Бул сайтта: http://inkg.info/dokumenty/otchety/1554-otchet-natsionalnoj-komissii-abdygany-erkebaeva-o-mezhetnicheskom-konflikte-2010-goda-na-yuge-kyrgyzstana 163 2010-жылдын июнь айындагы республиканын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептери ме-нен кесепеттерин ар тараптуу изилдөө, сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссиянын отчету. Бул сайт-та: http://inkg.info/dokumenty/otchety/1554-otchet-natsionalnoj-komissii-abdygany-erkebaeva-o-mezhetnicheskom-konflikte-2010-goda-na-yuge-kyrgyzstana 164 Нил Мэлвин. На пути к стабильному многонациональному Кыргызстану: как устранить причины и разорвать порочный круг насилия. Проект “Центральная Евразия”. Непериодическая серия. Выпуск 3. 2011. Бул сайтта: http://www.opensocietyfoundations.org/sites/default/files/stable-kyrgyzstan-20110405-ru_0.pdf

Page 127: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

126 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Кырдаалды талдоо: жооп кылуу, басаңдатуу жана жөнгө салуу

2010-жылдын июнь айындагы республиканын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептери менен кесепеттерин ар тараптуу изилдөө, сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссиянын (Улкомиссия) отчетунда жарыялан-ган маалыматтарга ылайык, Убактылуу Өкмөт, күч түзүмдөрү, түштүк облуста-ры менен Ош жана Жалал-Абад шаарларынын жергиликтүү бийлик органдары улут аралык мамилелердин улам ырбап баратканы тууралуу күн мурун кабардар болушкан. Мунун ичинен УКМК тарабынан түзүлүп жаткан кырдаал жөнүндө 9 кат берилген, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов кырдаал тууралуу маалы-маттарды УӨнүн мүчөлөрүнө жөнөтүп турган, жергиликтүү жигердүү жарандар да чыңалуунун өсүшү жөнүндө кабарлашкан. Бирок чыр-чатакты өтө тездикте, бир нече күндүн аралыгында басып, токтотушканы менен, чоң трагедияны болтурбай коё алышкан жок.

Өткөн окуяларга, ошондой эле бул чыр-чатакка алып келген өбөлгөлөргө баам са-луу менен, төмөнкүдөй тыянак чыгарууга болот: чыр-чатактарды эртелеп алдын алуунун бирдиктүү тутуму укук коргоо органдары менен бийликтин жергиликтүү органдарында болгон эмес.

Узак жылдардан бери эл аралык уюмдар, мунун ичинен БУУӨПтүн Алдын алуу-ну өнүктүрүү программасы тарабынан эртелеп алдын алуу тутумунун мониторинг желеси түзүлгөндүгүнө карабастан, чыр-чатак учурунда алар иштебей калган. БУУӨПтүн Алдын алууну өнүктүрүү программасы тарабынан иштелип чыккан эртелеп алдын алуу тутуму кризистик кырдаалдарды аныктоо, болжолдоо жана алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды камтыган аналитикалык механизми болгон. Бирок, тилекке каршы, бул тутум долбоордун деңгээлинде эле жайыл-тылып, аталган аракеттердин маанилүүлүгүнө мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү көңүл бурулган эмес. Иштин мындай абалына бийлик органдарындагы кадрлардын тез-тез алмашып турушу, анын уланмалуулугунун жоктугу жана эң башкысы – тийиштүү даражада каржыланбагандыгы таасир этти.

Чыр-чатактарды эртелеп алдын алуунун жакшы жолго коюлган тутумунун бол-богондугуна Убактылуу Өкмөт тарабынан 2010-жылы 19-майда киргизилген Жа-лал-Абад шаарындагы өзгөчө абал 1-июнда жокко чыгарылгандыгы далил. Ош жана Жалал-Абад шаарларында жана аларга чектеш аймактарда улут аралык коркунучтар ырбап жаткандыгы тууралуу кабарлар келип түшүп жаткандыгына карабастан ушундай кадамга барышкан.165

Аталган кырдаалда күч түзүмдөрүнүн регионалдык бөлүмчөлөрүнүн өкүлдөрү бийлик органдарын өзгөчө абалды жокко чыгарбоого, зарылчылык туулса анын аракет таасирин Ош облусунун аймагына да жайылтууга ынандыра алышкан жок. Ушунун баары атайын кызматтардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин өздөрүнүн иш-милдеттик кызматтарын начар аткаргандыгын көрсөтөт. Анан УКМКнын, ИИМ менен проку-

165 2010-жылдын июнь айындагы республиканын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептери менен кесепеттерин ар тараптуу изилдөө, сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссиянын отчету. Бул сайт-та: http://inkg.info/dokumenty/otchety/1554-otchet-natsionalnoj-komissii-abdygany-erkebaeva-o-mezhetnicheskom-konflikte-2010-goda-na-yuge-kyrgyzstana

Page 128: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1272010-ЖЫЛДАГЫ ОШ ОКУЯЛАРЫ

ратуранын жана алардын аймактык органдарынын кызмат адамдары, ошондой эле бийликтин жергиликтүү органдарынын башчылары өздөрүнүн аз гана мезгил-дик ишмердигинде (2010-жылдын апрель-майы) жана тынчыбаган тирешүүлөрдүн шарттарында (бүткүл өлкөдө жүрүп жаткан митингдер, пикеттер жана админи-стративдик имараттарды күчтөп басып алуулар) кайсы бир даражада коркуп ка-лышып, коомдук-саясий кырдаал менен улут аралык чыр-чатактарды болжолдоо боюнча тийиштүү иштерди уюштуруп, аларды алдын алуу, жоюу жана басаңдатуу боюнча чараларды иштеп чыга алышпаган.166

Эгер Убактылуу Өкмөт тууралуу айта турган болсок, ал ошол убакта өзүнө ал-ган жоопкерчиликти (биринчи кезекте, өлкө жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууну) моюндай алган жок. Убактылуу Өкмөт Кыргызстандын түштүгүндөгү улут аралык мамилелердеги кырдаалдын татаалдашып баратканын же тааныган жок, же жеткире баалаган эмес деп бир кыйла өкүнүч менен тыянак чыгарууга болот. Мунун баары эртелеп алдын алуунун бирдиктүү тутумунун жоктугуна бай-ланыштуу Убактылуу Өкмөт, айрыкча бийликтин жергиликтүү органдары менен күч түзүмдөрү өлкөдөгү кырдаалды так түшүнгөн эмес дегендикти билдирет. Зом-булук ашкере кеңири кулач жайгандыктан, Убактылуу Өкмөт аны ооздуктай алган жок деген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын келтирген далилде-ри жогоруда көрсөтүлгөн божомолдорду ырастап гана турат.167

Өлкөнүн түштүгүндө 2010-жылы жүз берген улут аралык чыр-чатактардын се-бептерин изилдөө боюнча эл аралык көз карандысыз комиссия менен убактылуу депутаттык комиссиянын отчеттору көрсөткөндөй, күтүлүп жаткан толкундоолор тууралуу кабарлар тийиштүү түзүмдөр менен бийликтин жогору турган орган-дарына байма-бай келип турган. Тилекке каршы, алар иреттүү мүнөздө болгон эмес: түшүп турган маалыматты чогултуп талдап, кечиктирилгис иш-чараларды координациялоочу жана чечим кабыл алуучу бирдиктүү борбор болгон эмес. Эки комиссиянын отчетторунун айрым пункттары жана өкмөттүн 2010-жылдын июнь окуяларын изилдөө боюнча эл аралык көз карандысыз комиссиянын отчетуна берген түшүндүрмөсү ушуну көрсөтөт.168 ЖМКда чагылдырылган жана эки ко-миссиянын отчетторунан маалымат ашыгы менен келип түшкөнүн көрүүгө болот, бирок Убактылуу Өкмөт аларга ыкчам жооп кыла алган жок. Мурда айтылып өт-көндөй, чыр-чатактарды болтурбоонун, ыкчам маалыматты иштеп чыгуунун жана конкреттүү алдын алуучу иш-чараларды даярдоонун так жолго коюлган тутуму болбогон.

Калыстык үчүн айта турган нерсе, бийликти күчтөп алмаштыруу шарттарында мамлекеттик институттар толук кандуу иштеген эмес, ошондуктан Убактылуу Өкмөттүн чечимдери кечигүү менен кабыл алынган же мамлекеттик бөлүм-чөлөрдүн айрым жетекчилери тарабынан мыйзамсыз деп табылган. 2010-жылдын 7-апрелинде өлкөдө «бийлик вакууму» түзүлгөн: президент Курманбек Бакиев ме-нен анын чөйрөсүндөгүлөр өз тарапкерлерин чогултуу үчүн өлкөнүн түштүгүнө

166 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Убактылуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын апрель-июнь айларында республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарт-тарды аныктоо жана иликтөө, аларга саясий баа берүү боюнча отчету. Бул сайтта: http://inkg.info/literature/Parlament.doc 167 2010-жылдын июнь окуяларын изилдөө боюнча эл аралык көз карандысыз комиссиянын отчету. Бул сайтта: www.fergananews.com/archive/2011/kic_report_russian_final.pdf 168 2010-жылдын июнь окуяларын изилдөө боюнча эл аралык көз карандысыз комиссиянын отчетун өкмөттүн чечмелөөсү. Бул сайтта: http://botschaft-kirgisien.de/files/comment_osh.pdf

Page 129: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

128 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

ооп кетишти, өкмөт отставкага кетүү жөнүндө жарыя кылды, жер-жерлерде өз башынча эл бийлиги орноду, райондор менен шаарларды башкарууну ар кайсы саясий жана коомдук уюмдардын, кыймылдардын, ошондой эле жигердүү жаран-дардын өкүлдөрүнөн турган Координациялык кеңештер өз колуна алды. Өлкөнүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган Убактылуу Өкмөттүн алдында ошол бир калыпта турбаган мезгилде мурдагы режимдин каршылыгын басуу, өлкөдөгү социалдык-саясий абалды турукташтыруу, мамлекеттик бийликтин вертикалын калыбына келтирүү жана мамлекеттик тутумду укуктук талаага кайтаруу милдети турду. Мына ушул жагдайга байланыштуу, б.а. өлкө саясий жактан өткөөл кырда-алда тургандыктан, бийликтин бардык тармактарына көзөмөл орнотуу процесси аяктаган эмес. Бийлик бутактарынын ортосунда маалымат алмашуу механизмде-ри, ал турсун шайкеш чечим кабыл алуу боюнча аракеттерди координациялоо жолго коюлбаган.169

Кырдаалды билгендикҮч отчетко жана убактылуу көз карандысыз депутаттык, эл аралык жана улуттук комиссиялардын маалыматтарына таянсак, бийликтегилер региондордогу болуп жаткан окуялар тууралуу толугу менен маалыматка ээ болгону даана көрүнүп ту-рат. Башаламандыктар менен алардын ыктымал мөөнөттөрү жөнүндөгү маалымат анык эле. Мелис Мырзакматов өз китебинде ыктымал чыр-чатактарды болтурбай коюу боюнча катышуучулардын кеңири курамы менен бир нече жолу кеңешме өткөргөндүгүн белгилейт. Андан ары ал бул жыйындардын протоколдору Прези-дент Роза Отунбаеванын өзүнө жөнөтүлүп тургандыгын жазат.170 Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын, прокуратуранын, улуттук коопсуздук комитетинин башчылары өз кызматтык каттарында да улут аралык чыр-чатак каалаган учурда чыгып кетиши мүмкүндүгүн белгилешкен. Демек, ошол мезгил аралыгында ыкты-мал чыр-чатактар тууралуу маалыматтар жетишерлик даражада бийликтегилерге байма-бай түшүп турган.

Өзбек диаспорасынын лидерлери Кадыржан Батыров менен Инамжан Абдрасулов 2010-жылдын апрелинен май айынын аягына чейин Ош жана Жалал- Абад шаарларында кыска мөөнөттүү башаламан митингдерди өткөрүп турушту. 2010-жылдын 13-14-майындагы зомбулук көрүнүштөр жана андан кийинки 19-майдагы Жалал-Абад облусуна өзгөчө абал киргизүүгө себеп болгон окуялар өзүнө көңүл бурдурат. Ошол күндөрү, 2010-жылы 13-14-майда Курманбек Баки-евдин тарапташтары Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясын басып алышкан. «Бир тараптан Курманбек Бакиевдин жактоочулары, экинчи тараптан «Ата-Мекен» партиясы менен учурда иштеп турган губернатор Бектур Асановдун жактоочуларынын ортосундагы кагылышуунун айынан 2 киши каза бо-луп, 65 киши жаракат алды».171 5 күндөн кийин, 19-майда, Жалал-Абад шаарында 169 КР Өкмөтүнүн 2010-жылы июнда Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн окуялар боюнча Эл аралык көз карандысыз комиссиянын отчетуна берген түшүндүрмөсү. http://botschaft-kirgisien.de/files/comment_osh.pdf 170 Мелис Мырзакматов. В поисках истины. Ошская трагедия: документы, факты, интервью, обращения и заяв-ления, «Турар» Бишкек, 2011, стр.34. 171 Ош, Жалал-Абад шаарларындагы, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорундагы 2010-жыл, май-июндагы кайгылуу окуялардын жагдайлары жана хронологиясы тууралуу. Бул документ Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырыгы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратурасынын жумушчу тобу тарабынан Президенттик Аппараттын адистеринин, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгынын катышуу-сунда 2012-жылы 17-февралда даярдалган. Бул сайтта: http://www.fergananews.com/article.php?id=7389

Page 130: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1292010-ЖЫЛДАГЫ ОШ ОКУЯЛАРЫ

Кадыржан Батыров менен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тарапташта-рынын ортосундагы кагылышууда төрт адам набыт болду.172 Бирок Кыргызстан-дын түштүгүндө кырдаал чукул бойдон калгандыгына карабастан, 19-майда киргизилген өзгөчө абал көп өтпөй, 1-июнда жокко чыгарылган. Ушул отчеттун ав-торуна берген маегинде 2010-жылы 19-майда Жалал-Абад облусуна комендант болуп дайындалып, кийин 2010-жылы июнда Ош облусуна комендант болуп дай-ындалган ИИМдин министринин орун басары, милициянын генерал-майору Бак-тыбек Алымбеков мындай деди: «Биз Батыровдун тополоң чыгарганы, кишилер-дин топтолуп жаткандыгы тууралуу маалымат алып турдук, бирок ал кезде жалпы республикада абал ушундай болчу, бүткүл өлкө боюнча ӨК киргизсе болмок. Улут аралык чыр-чатак болот деп эч ким ал кезде ойлогон эмес».173

Жергиликтүү ЖМКларда мезгил-мезгили менен тараптарды кайсы бир даража-да бири-бирине кайрап, чыңалуунуун өсүшүнө алып келген материалдар жары-яланып турган. Мисалы, МезонТВ менен ОшТВ каналдарынын берүүлөрү кара-ма-каршылыктуу мүнөздө болгондуктан, «кыргыз коомдоштуктары алардан ачык жикчилдикке чакырууну көрүшкөн».174 Калыбы, ЖМК аркылуу берилип жаткан мын-дай шыкактуу кабарлар укук коргоо органдары жана Убактылуу Өкмөт тарабынан кылдат көзөмөлдөнгөн эмес. Улуттук комиссиянын отчетунда берилген матери-алдарга ылайык, «Ош жана Жалал-Абад шаарларынын бийлик органдарынын жетекчилери шаардык бардык кызматтар менен күч түзүмдөрүнүн катышуусунда байма-бай кеңешме өткөрүшүп, анда ЖМКнын мындай материалдарынан жана сыналгы берүүлөрдөн кийин ыктымал ачык кагылышууларды болтурбоо үчүн ча-ралар көрүлгөн. Ошол эле кеңешмелерде укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кыргыз жана өзбек улутундагы жаштардын ортосунда мушташ, жаңжалдардын күчөп жаткандыгы тууралуу айтышкан. Бул кеңешмелердин протоколдору Убак-тылуу Өкмөткө (УӨ) жөнөтүлүп турган. Алардын көпчүлүгү чыңалууну жумшар-тууга багытталган сунуштарды камтыган. Бирок мындай маалыматтардан кийин да Убактылуу Өкмөт тийиштүү тыянак чыгарып, түштүк региондогу кырдаалды көзөмөлдөй алган жок».175

УКМК органдарынын улут аралык жаңжалдын алдын алуу жана жеринде чектөө боюнча чара көрбөгөндүгүнүн себеби 2010-жылдагы апрель окуяларына чейин УКМК органдарынын көңүлү саясий тыңчылыкка, оппозицияны куугунтуктоого жана бийлик башында тургандардын коопсуздугун камсыз кылууга бурулганды-гында эле. Мында атайын кызматка тиешелүү ыйгарым укуктар иш жүзүндө экинчи планда калган. 2010-жылдын апрелине чейин жүргүзүлгөн кадр саясаты аталган кызматтын курамын олуттуу өзгөрүүлөргө алып келди. 2007-жылдан 2010-жыл-га чейинки аралыкта 330 аскер кызматкери кызматынан бошотулган. Негизинен булар институционалдык эс-тутуму күчтүү УКМКнын кызматкерлери болушкан.176 172 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Убактылуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын апрель-июнь айларында республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарт-тарды аныктоо жана иликтөө боюнча отчету. Бишкек, 2011. Бул сайтта: http://inkg.info/literature/Parlament.doc 173 Ош облусунун коменданты Бактыбек Алымбеков менен болгон маектен, 2014-ж. 9-март, Бишкек 174 Ошондо. 175 2010-жылдын июнь айындагы республиканын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептери ме-нен кесепеттерин ар тараптуу изилдөө, сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссиянын отчету. http://inkg.info/dokumenty/otchety/1554-otchet-natsionalnoj-komissii-abdygany-erkebaeva-o-mezhetnicheskom-konflikte-2010-goda-na-yuge-kyrgyzstana 176 2010-жылдын апрель-июнь айларында аткарылган иштер тууралуу УКМКнын отчету. http://www.regnum.ru/news/fd-abroad/1411821.html

Page 131: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

130 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Натыйжада, 2010-жылдын башында УКМК жаңыдан эле кабыл алынган тийиштүү билими менен тажрыйбасы жок жаш кызматкерлерден турган.177 Муну менен ка-тар «Ош ш. ИИБ башчысы кызматына тажрыйбалуу Курсан Асановдун ордуна Болот Нышановду алып келүү укук коргоо органдарынын чыр-чатакты баштапкы баскычында жөнгө салуу жана шайкеш баалоо жөндөмүнө терс таасир эткен».178

Жоопкерчилик жана милдеттерди бөлүштүрүүУӨнүн шашылыш иш-милдеттерине байланыштуу мамлекеттик институттар-дын ортосундагы координациялоо иштери өтө чабал болуп, атүгүл айрым учур-ларда такыр эле жүргүзүлгөн эмес. 2010-жылдагы Ош чыр-чатагын тескөө бо-юнча борбордук жана жергиликтүү бийликтегилер ортосунда жоопкерчилик так бөлүштүрүлбөгөн, анткени чечимдер убактылуу иштеген органдар, ал эми чыр-чатак мезгилинде облустун комендатурасы тарабынан кабыл алынган. Ко-менданттар толук бийликке ээ болуп, УӨнүн макулдугусуз же жактыруусуз деле өз алдынча чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу болгон.

10-июндан 11рине караган түнү Убактылуу Өкмөттүн шашылыш жыйынында Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Ош, Өзгөн шаарларына, Ка-расуу жана Араван райондоруна Өзгөчө абал киргизүү тууралуу Декрет кабыл алынган. Өзгөчө абал 2010-жылы 11-июнда саат 02.00дөн баштап, коменданттык саатты 20.00дөн 06.00гө чейин белгилөө менен киргизилген. Облустун комендан-ты болуп КР ички иштер министринин орун басары генерал Бакытбек Алымбе-ков дайындалган. Аталган декреттин негизинде бардык бийлик коменданттын колуна өткөн. Күч түзүмдөрүнүн баары, муниципалдык бийликтегилер менен ша-ардык башкаруу органдары да өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында ко-мендант макулдук бергенден кийин гана ишмердик жүргүзүшкөн. Бир күндөн соң, 2010-жылы 12-июнда Убактылуу Өкмөттүн декрети менен коменданттык саатты 18.00дөн 06.00гө чейин белгилөө аркылуу Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусуна өзгөчө абал киргизилген. Жалал-Абад облусунун коменданты болуп КР-нын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орунбасары Ку-батбек Байболов дайындалган.

Мамлекеттик кызматтардын иши жөнүндө сөз кылганда, чечим кабыл алуунун бирдиктүү борбору болбогондугун белгилей кетүү керек. Буга көп жагынан Убак-тылуу Өкмөттүн өлкөнүн түштүк элинен анчалык колдоо таппагандыгы, респу-бликадагы экинчи чоң шаар Оштун мэри Мелис Мырзакматов менен тил табыша албагандыгы себеп болгон. Мындан тышкары, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн өздөрүнүн ортосунда көп маселелер боюнча пикир келишпестиктер бар эле. «Анүстүнө Убактылуу Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын түштүк облустары боюнча 2010-жылдын 13-майында эле атайын өкүлү болуп дайындалган гене-рал-лейтенант Исмаил Исаковго атайын ыйгарым укуктардын жетишерлик берил-гендигине карабастан, ал кырдаалды толук бойдон көзөмөлдөй алган жок. Кийин-черээк тынчтанууга, мыйзамсыз аракеттерге барбоого көндүрүүгө аракет кылган

177 Толугураак караңыз: 2010-жылдын апрель-июнь айларында аткарылган иштер тууралуу УКМКнын отчету. http://www.regnum.ru/news/fd-abroad/1411821.html178 «Мемориал» укук коргоо борборунун Борбордук Азия боюнча пограммасынын деректири Виталий Понома-рев менен болгон маектен, 29-апрель, Бишкек 2014-ж.

Page 132: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1312010-ЖЫЛДАГЫ ОШ ОКУЯЛАРЫ

Исмаил Исаковдун сөзүн албууттанган аламан эл укпай койду».179 Трагедиянын алгачкы күндөрүндө чыр-чатакты чектөө боюнча аракеттерди координациялоо на-тыйжасыз болгондуктан, айрым тынчтык орнотуучу аракеттер кайгылуу аяктады. Алсак, өз милдеттерин аткарып жүргөндө Ош жана Жалал-Абад шаарларынын шаардык кеңешинин депутаттары Аскар Шакиров, Эрмек Мурзабеков жана Элли-нам Арапбаевдер өлтүрүлгөн.

Чечим кабыл алуу процессиЧыр-чатактын чыгып кетүү мүмкүндүгү тууралуу көптөгөн маалыматтар болгон-дугуна карабастан, Убактылуу Өкмөттө чыр-чатак учурунда кырдаалды жөн-гө салуу боюнча иш-аракеттердин бирдиктүү планы түзүлгөн эмес. Ошол эле учурда жергиликтүү деңгээлде Ош жана Жалал-Абад шаарларын өзүнчө алып салыштырганда муниципалдык жетекчилердин жасаган кадамы канчалык айыр-малана тургандыгын көрүүгө болот. Мисалы, Ош шаарынын мэринин ишмердигин талдоодо кан төгүүнү болтурбоо үчүн тынымсыз аракеттер көрүлгөндүгүн байкоо-го болот, анан калыстык үчүн шаардын мэри Мелис Мырзакматовдун ошол учур-дагы иш-аракетинин жогорку ыкчамдыгы менен шайкештигин белгилеп өтүшүбүз шарт. Мисалы, Ош шаарынын мэриясынын чогулуштарынын көп сандаган про-токолдору Убактылуу Өкмөттүн жетекчилерине жөнөтүлүп турган. Ал эми Жа-лал-Абад шаарынын ошол кездеги мэри Максат Жээнбеков тууралуу мындай деп айтууга болбойт. Бул жерде биз толук карама-каршылыкты байкайбыз, анткени Жалал-Абад шаарындагы окуялар учурунда мэрдин турган жери жөнүндө дагы маалымат болгон эмес. Кырдаалдын оордугуна карабай, канааттандырарлык да-ражада иш жүргүзүшкөн Ош шаарынын муниципалдык кызматтарынан айырма-ланып, Жалал-Абад шаарынын муниципалдык кызматтары өз казанында кайна-ган же такыр эле аракетсиз калган.

Чыр-чатакты басууга чыр-чатак жүрүп жаткан учурдагы колдо бар күчтүн баа-ры жумшалган. Кырдаалды турукташтыруу, чыр-чатакты басаңдатууну жетектөө милдети комендатурага жүктөлгөн. Ош жана Жалал-Абад облустарынын комен-данттарынын маалыматтарына ылайык, алар түзүлгөн кырдаалга жараша аракет кылышкан, бирок иш-аракеттердин макулдашылган планы болгон эмес. Комен-данттар «өрт өчүрүүчүдөй» шашып иштегендиктен, алардын чечимдерин прото-колдоого дайым эле мүмкүн боло бербеген.180

Ош облусунун коменданты Бактыбек Алымбеков өз маегинде мындай деп бел-гилеген: «Чечим кабыл алууда менин укугум чектелген эмес, тактап айтканда, ар бир чечимди УӨнүн мүчөлөрү менен макулдаштырып туруу менден талап кылынбаган. Ал кезде биз баарыбыз колдо бар тажрыйбага таянганбыз. Ошто күч түзүмдөрүнүн 500 кызматкери бар эле, 11-июнь күнү кечинде 2000 кызматкер алдык: биз ооганчыларды, ыктыярдууларды, бажы жана салык кызматкерлерин,

179 2010-жылдын июнь айындагы республиканын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептери менен кесепеттерин ар тараптуу изилдөө, сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссиянын отчету. http://inkg.info/dokumenty/otchety/1554-otchet-natsionalnoj-komissii-abdygany-erkebaeva-o-mezhetnicheskom-konflikte-2010-goda-na-yuge-kyrgyzstana 180 Жалал-Абад облусунун коменданты Кубатбек Байболов өз маегинде комендатуранын бардык чечимдери протоколдонгонун жана Жалал-Абад шаарынын ИИБсынын архивинде сакталып турганын айткан. Бул изил-дөөлөрдүн алкагында аталган архивдин бары-жогун териштирүүгө мүмкүн болбоду.

Page 133: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

132 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

камдагы жоокерлерди, кошуунчуларды, курсанттарды тарта баштадык. Ош ша-арына келерибиз менен биз блокпостторду коюу боюнча иштей баштадык жана бул бизге аймакты натыйжалуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берди. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин болуп өткөн ИИМдеги текши «тазалоолор», «өз» жана «өгөй» деп жиктешүүгө алып келген. Мына ушундай шарттарда, тактикалык милдеттерди аткаруу менен бир катарда кызматкерлерди да тарбиялоого туура келди».181

Жалал-Абад облусунун ошол кездеги коменданты Кубатбек Байболов мындай деп белгилейт: «Мен келгенде шаарда нааразылыкка чыккан 6-7 миң кишиге кар-шы 120 гана кызматкер бар эле. Калгандарынын баары Бишкек же Ош шаарла-рына которулган болчу. Ошол учурда бир бронетранспортер козголоңчулардын колунда экен. Бирок алар аны колдоно алышпаптыр. Ок-дарысы менен күйүүчү майы түгөнөр замат аны таштап салышыптыр. Мен келген учурда өздүк курам кайратынан тайып калган экен. Борбордук бийликтегилердин аракетсиздигинен күч түзүмдөрү эсеңгиреп, тескөөгө болбой турган абалга алып келген. Менин ба-гыттоом жана күч-аракетим менен 5-6 саатын ичинде кырдаалды басаңдата ал-дык. Биз шаардык ИИБнын курал кампасын басып алуудан сактап калдык. Менин көшөкөрлөнгөн талабым менен облуска кошумча күчтөр жөнөтүлдү. Мен Бишкек-те экенимде эле ИИМдин Академиясынын 250 курсанты менен беленгерлерди (резервисттерди) кошумча багыттоо тууралуу маселени чечкен болчумун».182

Кыргыз Республикасынын «Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» мыйзамына ылайык, мамлекеттик бийликтин бардык органдары ӨК учурунда комендантка баш иет. ӨК учурунда чечим кабыл алуунун төмөнкү схемасы иштеген:

1-таблица. ӨК учурундагы Ош жана Жалал-Абад облустарындагы чечим кабыл алуу схемасы

Күч колдонууМурда белгиленгендей, чыр-чатак чыккан учурда өлкөдө бийлик вакууму түзүл-гөн эле. Бийликти жетектеген жалгыз орган Убактылуу Өкмөт болду. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү тарабынан чыгарылган чечимдерди калк жана бийликтин өз алдынча башкаруу органдары толук колдогон жок. Бирок буга карабастан элдин

181 Ош облусунун коменданты Бактыбек Алымбеков менен болгон маектен. 2014-ж. 9-март. Бишкек. 182 Жалал-Абад облусунун коменданты Кубатбек Байболов менен болгон маектен. 2014-ж. 20-март. Бишкек.

Page 134: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1332010-ЖЫЛДАГЫ ОШ ОКУЯЛАРЫ

жана бийликтин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көпчүлүк бөлү-гү Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн мыйзамдуу деп тааныган. Убактылуу Өкмөттүн бардык чечимдери декреттер жана токтомдор менен бекитилген. Алсак, Ош жана Жалал-Абад шаарларында жана аларга чектеш райондордо өзгөчө абал киргизүү тууралуу декреттерден бир нече күндөн кийин: «Кыргыз Республикасында жа-рым-жартылай мобилизациялоону жарыялоо жөнүндө», «Уруштук курал-жаракты мээлеп атуу үчүн колдонууга уруксат берүү жөнүндө», «Өзгөчө абал киргизилген аймакта коменданттын мыйзамдуу тескемесине же талабына баш ийбегендиги үчүн укук коргоо органдары менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрли-гинин кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу жөнүндө» декреттери чыгарылган. Албетте, өзгөчө абал киргизилгенден кийин кырдаалды дароо көзөмөлгө алууга мүмкүн болду. Ушундан кийин калыс суроо туулат: эмне үчүн Жалал-Абад облу-сунда өзгөчө абал Ош облусунда киргизилгенден эки күн өткөн соң гана киргизил-ди? Балким, эки облуска тең өзгөчө абал бир убакта киргизилгенде, Жалал-Абад шаарындагы, Базар-Коргон районундагы жана «Санпа» заводунун жанындагы адам курмандыктары болбойт беле? Тилекке каршы, кайгылуу окуяларды изил-дөө боюнча көз карандысыз отчеттордун бири да буга жооп бере албайт.

Эгер тартип сакчылары менен туруктуу аскердин күжүрмөн даярдыгын карасак, мурда айтылып өткөндөй, алардын абалы жакшы эмес болчу. Анткени 2010-жыл, апрель окуяларынан кийин алар толугу менен кайратынан тайыган эле. Тажрый-балуу көптөгөн офицерлер кызматтан бошотулуп, ал эми жаңы келгендер мындай өзгөчө кырдаалдарда ыкчам аракет кылуу көндүмдөрүнө ээ болгон эмес. Анан укук коргоо органдарына элдин ишеним деңгээли өтө төмөн болгондугун да айта кетишибиз шарт. Бул калктын кыргыз тарабына эле эмес, өзбек тарапка да тие-шелүү болчу. Тартип сакчыларынын күжүрмөн маанайынын төмөндүгүнө далил катары күч түзүмдөрүнөн сырткары түштүккө генерал Мирослав Ниязовдун же-текчилигинде Ооган согушунун ардагерлеринен турган тынчтык орнотуучулардын ыктыярдуу тобу жиберилгендигин да белгилей кеткенибиз оң. Алар негизинен Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы кырдаалды турукташтырууга салым кошушту.183

Коргоо министрлигинин (КМ) куралдуу күчтөрүнүн катышуусу ар кандай бааланып келет. Бир тараптан, КМ күч түзүмдөрүн тартуу терс таасир тийгизди деген да пикир бар. Дегинкиси, кызматынын мүнөзү боюнча КМнын бөлүмчөлөрү тышкы баскынчылыктын мизин майтарууга багытталган, ал эми жарандык ички чыр-ча-тактарды басуу боюнча көндүмдөрү менен даярдыгы жоктугунан, нааразы та-раптар көптөгөн ок-дары жана курал-жарактарды тартып алып, чыр-чатак ырбай берди. Экинчи тараптан, ошол учурда ИИМдин кызматкерлери коркуп калганды-ктан, алар өз күчтөрү менен чыр-чатакты жөнгө салышы кыйын эле. Мында бул анализдин авторуна суралгандар, эгер ИИМ натыйжалуу иштегенде, чыр-чатакты ички иштер органдары өз күчү менен эле жөнгө салат эле деген пикирге макул болушту.

Өтө талуу маселелердин бири аталган чыр-чатактардын учурунда курал-жарак-тарды тартып алуу көйгөйү болуп калууда. Курал-жарактарды тартып алууну

183 2010-жылдын июнь айындагы республиканын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептери ме-нен кесепеттерин ар тараптуу изилдөө, сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссиянын отчету. http://inkg.info/dokumenty/otchety/1554-otchet-natsionalnoj-komissii-abdygany-erkebaeva-o-mezhetnicheskom-konflikte-2010-goda-na-yuge-kyrgyzstana

Page 135: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

134 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

иликтөө жана документтештирүү боюнча жумушчу топтун отчетунда келтирилген маалыматтарда төмөнкү сандар көрсөтүлөт:

2-таблица. Облустар боюнча тартып алынган/берип коюлган ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана уруш техникасы184

Облус Ош облусу Жалал-Абад облусу Жыйынтыгы

Ок атуучу курал тартып алынган 159 123 282

Кайтарылган 51 85 136

Кайтарылган эмес 108 38 146

Тартып алынган (ок-дарылар) 18 136 24 879 43 045

Кайтарылган 1280 15 409 16 701

Кайтарылган эмес 16 856 9 470 26 344

Тартып алынган көмөкчү уруш жабдыгы

47 177 224

Кайтарылган 0 146 146

Кайтарылган эмес 47 31 78

3-таблица. Бөлүмчөлөрүнөн ок атуучу курал, ок-дарылар жана уруш тех-никасы тартып алынган/берип коюлган мамлекеттик түзүмдөрдүн аталышы

Мамлекеттик түзүм КР ИИМ КР КМ Чек ара

кызматы Жыйынтыгы

Тартып алынган (ок атуучу курал) 95 104 83 282

1842010-жылдын июнь айындагы республиканын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептери ме-нен кесепеттерин ар тараптуу изилдөө, сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссиянын отчету . http://inkg.info/dokumenty/otchety/1554-otchet-natsionalnoj-komissii-abdygany-erkebaeva-o-mezhetnicheskom-konflikte-2010-goda-na-yuge-kyrgyzstana

№1,2 таблица «Массалык башаламандык учурунда ок атуучу куралдардын, уруш техникасынын жана ок-дары-лардын мамлекет тарабынан коопсуздугун камсыз кылуу: изилдөөлөр, тыянактар, сунуштар» отчетунда келти-рилет. «Кылым шамы” коомдук фонду. Бишкек. 2011

Page 136: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1352010-ЖЫЛДАГЫ ОШ ОКУЯЛАРЫ

Кайтарылган 59 37 40 136

Кайтарылган эмес 36 67 43 146

Тартып алынган (ок-дарылар) 20 935 14 486 7 594 43 045

Кайтарылган 14 412 1 117 1 160 16 701

Кайтарылган эмес 6 523 13 369 6 434 26 344

Тартып алынган көмөкчү уруш жабдыгы

158 0 66 224

Кайтарылган 146 0 0 146

Кайтарылган эмес 12 0 66 78

Кайра кайтарылган курал-жарактын көпчүлүгү чыр-чатактан кийинки эки жылга туура келет. Бирок жумушчу топтун маалыматынан көрүнгөндөй, чыр-чатак учурунда тартып алынган курал-жарактын жарымы ушул мезгилге чейин (2014, июль) кайтарылып берилген эмес. Жалпысынан, мамлекеттик түзүмдөр тарабынан бул багытта көрүлгөн аракеттер натыйжасыз болду.185 Тилекке кар-шы, ал курал-жарактардын элдин колунда сакталышы коомдун коопсуздугу үчүн коркунуч жаратууда. Ошол эле учурда, укук коргоочу уюмдар келтирген маалы-маттарга ылайык, курал-жарактарды тартып алуу жана тартып алууга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилик фактысы боюнча азыркыга чейин тийиштүү иликтөө жүргүзүлө элек.

Кызматташуу жана координациялооЧыр-чатактарды чектөөгө, чырдашкан тараптарды кабарландырууга, гуманитар-дык жардамды бөлүштүрүүгө жана адамдык ресурстарды мобилизациялоого бейөкмөт уюмдардын, волонтерлордун, жергиликтүү жетекчилердин катышуусу жогорку деңгээлде болду. Мында чыр-чатактын алгачкы күндөрүндө бул тарап-тардын катышуусун координациялоо иши начар деңгээлде калды. Жалпысынан, бейөкмөт жааттын мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуусу көрүлүп жаткан иш-аракеттердин бардык чек-ченемдери боюнча кеңири таралган. Мамлекеттик институттарга адам ресурстары жетишкен эмес, бирок алар бейөкмөт уюмдар-дын, волонтерлордун жардамы менен толукталган. Чыр-чатакка чейин региондо мамлекеттик, эл аралык жана коомдук уюмдардын ортосунда кызматташуунун ар түрдүү механизмдери болгон. Макаланын автору суроо салгандардын көпчүлүгү

185 Гулшайыр Абдирасулова. Кыргызстандагы курал-жарак коопсуздугу: азыркы абал жана маселелер. Аль-манах 2012: мамлекеттик башкаруу жана Кыргызстандын коопсуздук тармагын реформалоо. (Безопасность оружия в Кыргызстане: современное состояние и вызовы. Альманах 2012: государственное управление и ре-формирование сектора безопасности Кыргызстана). 8-бап, 106-120-бб.

Page 137: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

136 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

негизинен биргелешкен иш-аракеттерди координациялоонун чыр-чатактын ал-гачкы күндөрүндө начар болгондугуна же такыр эле болбогондугуна басым жа-сашкандыктан, бүгүн ал механизмдер чыр-чатактын биринчи күндөрүндө кантип иштегендиги тууралуу айтуу кыйын. Ошол эле учурда, биринчи күндөн баштап эле чыр-чатакка чейинки каналдарды өзүнө камтып, бирок жаңы конфигурация-лардагы байланыштын кырдаалдык каналдары түзүлө баштады. Мында кырдаал-ды жөнгө салууга тартылган жактын жеке тааныштары чоң роль ойноду. Мисалы, чыр-чатакка чейин Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУ) кол-доосунда региондо данакерлердин желеси түзүлгөн. Ошол эле учурда аталган желенин айрым катышуучулары Ош жана Жалал-Абад облустарынын ар кайсы бөлүктөрүндө түзүлгөн жарандык иштешүүнүн башка кырдаалдык каналдарына кошулушту.

Бул убактылуу механизмдер натыйжалуу маалымат алмашууну камсыз кылып, чыр-чатакты басаңдатуу, гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жаатында да, ан-дан кийинки этаптарда качкындарга көмөк көрсөтүү аракеттеринде да кырдаалга ылайыктуу чечим кабыл алууга таасир этти. Мисалы, гуманитардык жардамды бөлүштүрүү төмөнкүдөй бир нече каналдар боюнча уюштурулган:

• Расмий, Төрага Айгүл Рыскулованын атайын өкүлү, ал чыр-чатактын алгачкы күндөрүндө көп жагынан бейөкмөт уюмдар секторуна жана муниципалдык кызматтарга таянган;

• Эл аралык, эл аралык уюмдар өз ишмердигин бул багытта 2010-жылы 20-июндан кийин жүргүзө баштаган;

• Бейформал – чыр-чатактын башынан аягына чейин аракеттенген жер-гиликтүү эл арасындагы өз ара жардамдашуу жана колдоо көрсөтүү каналдары.

Эгер чыр-чатактын үч баскычын – баштапкы, чокусун жана басаңдоосун – анык-тай турган болсок, анда биринчи эки баскыч муктаж болгондордун даректүү мук-таждыктарын аныктоо кыйын, ошол эле учурда негизги муктаждыктары айкын болгондугун айгинелейт. Муну КРнын Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад об-лустарында болуп өткөн окуялардын айынан жабыркагандар менен качкындарга жардам берүү маселелери боюнча төрагасынын атайын өкүлү Айгүл Рыскулова-нын сөздөрү ырастайт: «Ош шаарында суу, газ, электр жарыгы жана кишилерде эң зарыл болгон азык-түлүк жок эле. Эң оболу социалдык жактан аялуу топторго жардам жеткирүү керек болчу, бирок кызматкерлер өз коопсуздугунан чочулап жу-мушка чыкпагандыктан, бизде социалдык кызматтардан келген тизме жок эле. Биз мүмкүн болгон жерлерде жергиликтүү калктын өзү менен түз иштедик. Ай-рым кыдырма топтор обочолонуп калган аймактарга барышты. Жергиликтүү ли-дерлер, жигердүү жарандар, бейөкмөт уюмдар биз менен иштешип, көмөк көр-сөтүштү: алар түшүп жаткан жардамды жеринде бөлүштүрүштү. Кызматташуунун дагы бир мисалы – жеке ишкерлер жардамга келип, Ош шаары үчүн нан бышыр-ганы болду».186

186 Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн окуялардын айынан жабыркагандар менен качкындарга жардам берүү маселелери боюнча КР Төрагасынын атайын өкүлү Айгүл Рыскулова менен болгон маектен: 2014-ж., 16-апрель, Бишкек.

Page 138: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1372010-ЖЫЛДАГЫ ОШ ОКУЯЛАРЫ

КатнашУбактылуу Өкмөт тарабынан кабыл алынган бардык чечимдер декрет жана ток-томдор түрүндө таризделген. Өкмөттүн жергиликтүү органдары жаңы чыгып жаткан декреттер тууралуу өз убагында маалымат алып турган. Ал эми бул маа-лыматтар элге жеткиликсиз болгон. Кайгылуу окуялар учурунда борбордук сынал-гылар түшүнүксүз себептерден улам өлкөнүн түштүгүндөгү болуп жаткан окуялар-дын чыныгы жагдайын чагылдырган эмес. Бүткүл өлкө боюнча көрсөтүп жаткан жалгыз канал КТРде (Кыргыз телевидениеси жана радиосу) жаңылыктарды элге кантип жеткирип, коомдук пикирди кандай калыптандыруу керектигин билишкен эмес, ошондуктан негизги катнаш каражаты менен калктын ортосундагы байла-ныш начар түзүлгөн.

Ал эми регионалдык сыналгы каналдары тууралуу айта турган болсок, алар мындай кризистик кырдаалда толук кандуу иштеп, өз иш-милдеттерин атка-ра алышкан эмес, тактап айтканда, көпчүлүк кызматкерлер шаардын ар кайсы маалаларында жолдор башаламан тосулгануп, өрткө байланыштуу электр куба-ты үзгүлтүккө учурагандыктан, ошондой эле өз өмүрлөрүнөн чочулап иш жайла-рына бара алышкан жок. Регионалдык «ОшТВ» менен «МезонТВ» аталган окуя-лар башталар замат өз ишмердигин токтоткон.

Мына ушуларга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын калкы болуп жаткан окуялар тууралуу өз убагында жана толук маалымат ала алышкан эмес. Ыкчам маалымат алуунун жалгыз булагы интернет менен имиш кептер болгон. Көбүнесе адамдардын басымдуу бөлүгү уюк интернетти пайдаланышкан, бирок уюк байланыш акысынын кошумча жогорулатылгандыктан, бул мүмкүнчүлүк да өтө чектелүү болгон. Ишеничтүү булактарга кол жеткирүү мүмкүн болбогон мын-дай шарттарда маалымат алуу жана анын чындыгын текшерүү кыйын эле. Аль-тернативдүү маалыматтын жоктугу имиш сөздөрдүн көп таралышына алып келди. Ошонун натыйжасында эл арасында чагымчыл сөздөр тез таралып, эл чыр-чатак-тан кийин да далай ирет дүрбөлөңгө түшкөн187.

ЛогистикаЧыр-чатактын алгачкы этабында жана курчуган мезгилинде адамдык, каржылык жана материалдык ресурстардын жетишсиздиги кошумча ресурстарды жумшоону талап кылды. Ресурстарды бөлүштүрүү логистикасы түзүлгөн кырдаалга, муктаж-дыктарга жана колдо болгон каражаттарга жараша чыр-чатактын баскычтары-на ылайык уюштурулган. Логистика – ресурстарды издеп табуу, жеткирүү жана бөлүштүрүү – чыр-чатактын алгачкы баскычында начар уюштурулган, бирок курч тирешүү басаңдаган учурдан тартып, бара-бара жөнгө салынган. Ресурстарды бөлүштүрүү милдети ишмердиктин тармагына ылайык: коопсуздук – облустун ко-мендатурасына, гуманитардык чөйрө – УӨ ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, ӨКМга караштуу координациялоочу штабга, жарандык уюмдарга жана кийин эл аралык уюмдарга жүктөлгөн.

Чыр-чатактын оту тутанган учурда жана кийинки, чыр-чатак күч алган күнү укук коргоо органдарында адамдык ресурстардын жетишсиздиги ашкере байкалды. 187 Толугураак кар.: Мырзакматов Мелис. В поисках истины. Ошская трагедия: документы, факты, интервью, обращения и заявления, «Турар», Бишкек 2011.

Page 139: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

138 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Жөнөкөй тил менен айтканда, көчөлөрдө милиция, ЖКК кызматкерлери, мамле-кеттик мекемелердин куралчан кызматкерлери жок болчу. Укук коргоо органдары-нын кызматкерлерин мобилизациялоо тийиштүү деңгээлде жолго коюлган эмес. Мунун негизги себептеринин бири Убактылуу Өкмөт тарабынан чыр-чатакты ба-сууга бөлүнгөн материалдык каражаттардын жетишсиздиги эле. Материалдык каражаттардын жетишсиздиги чыр-чатакты жөнгө салууга тартылган күчтөрдүн (каттоочу унаалардын, колдо бар техника үчүн күйүүчү майлардын, байланыш каражаттарынын) жүрүүсүнө да таасир эткен. Милиционерлерден, Ички иштер министрлигинин курсанттарынан, түндүк облустар менен борбордун атайын мак-саттагы бөлүктөрүнөн куралган кошумча күчтөр келгенден кийин гана кырдаал көзөмөлгө алынды.

Чыр-чатактын үчүнчү күнү эле Ош жана Жалал-Абад шаарларында азык-түлүктүн тартыштыгы байкала баштады. Айрым кичи райондордо ач калгандар болду. Бор-бордук базар иштеген жок, дүкөндөр жана башка соода түйүндөрү жарым-жарты-лай тонолгон, ал эми бүтүн калгандары иштеген эмес. Өлкөнүн булуң-бурчунан гуманитардык жардам келе баштаганда гана чыңалууну жумшартуу мүмкүн болду.

Мамлекеттик түзүмдөргө караганда бир кыйла ийкемдүү иштеген жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын (БӨУ) мааниси зор болгондугун белгилей кеткенибиз оң. Жигердүү жарандар менен БӨУлар өтө тездик менен уюшулуп, калкка гумани-тардык жардамдарды тарата башташты. Өз батирлеринен чыга албай калган кишилер азык-түлүктөрдү ошолордон ала баштады. Азык-түлүктөрдү таратууда жарандык сектор маалымдуулукту камсыз кыла алды жана гуманитардык жардам адамдардын улутуна карабай, муктаж болгондордун баарына тең берилди. Азык-түлүк эл аралык уюмдардан, БӨУлардан, саясий партиялардан, айрым коомдук жана саясий ишмерлерден, соода түзүмдөрүнөн, ишкерлерден жана бейтарап калбаган өлкөнүн карапайым кишилеринен келип жатты.188

Суралгандардын басымдуу бөлүгүнүн пикири боюнча, зарыл ресурстарды мобили-зациялоо жана бөлүштүрүү төмөнкү себептерден улам натыйжасыз уюштурулган:

• ӨК пайда болгондо колдонулуучу купуя нускамалар менен пландар жо-горку тогоодогу жетекчилердин милдетине гана тийиштүү болуп, мындай учурда социалдык фонд же медициналык мекемелер сыяктуу орто жана кенже тогоолордун кызматкерлери жетекчиликтин тескемесине ылайык аракет кылышат. Жетекчилик компетентсиз болсо, бүтүндөй ведомство иштебей калат. ӨК пайда болгондогу пландар орто жана кенже тогоодо-гу кызматкерлердин милдеттерин камтыбайт – алар мындай маалымат менен тааныш эмес. Катардагы кызматкерлер кимге баяндама жасоону, ресурстарды мобилизациялоого ким жооптуу экендигин, белгилүү иш- аракеттерди аткарууга ким кабар берерин жана ар кандай маселелерди чечүү кимдин компетенциясына кирерин билишпейт. Мисалы, мамле-кеттик мекемелердеги кампа башчыда мындай нускамалар жок. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, бул адам ресурстарды бөлүштүрүүдө маанилүү болуп калат.189

• Бул кризистик кырдаал учурундагы азык-түлүктүн ашкере жетишсиздиги

188 2010-жылдагы Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды изилдөө боюнча Эл аралык көз карандысыз комис-сиянын отчету. Бул сайтта: www.fergananews.com/archive/2011/kic_report_russian_final.pdf 189 Мисалы, чыр-чатак учурундагы биринчи гуманитардык жардам кызматкерлери гуманитардык жардамды бөлүштүрүү-уюштуруу көндүмдөрүнө ээ болбогон Ош мамлекеттик газдын кампасына жөнөтүлгөн.

Page 140: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1392010-ЖЫЛДАГЫ ОШ ОКУЯЛАРЫ

мамлекеттик камдын каржы менен өтө начар камсыздалгандыгын ашке-реледи. Чыр-чатак мезгилинде мамлекеттик камды пайдалануу тууралуу токтом кабыл алынган. Бирок азык-түлүктөрдөн ун гана бар болуп чыкты.

• Социалдык фонддун кызматкерлери менен почточулар өз коопсузду-гун сактоо максатында ишке чыкпагандыктан, калктын социалдык аялуу катмары боюнча жергиликтүү маалыматтар базасына кол жеткен эмес. Калктын аталган тобуна жардам жеткирүү чыр-чатактын алгачкы күн-дөрүндө кыйын болду.

Эл аралык мамилелерУбактылуу Өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева Россия Федерациясынын (РФ) Президентине тынчтык орнотуучу күчтөрдү киргизүү тууралуу өтүнүч менен кай-рылды. Орус тарап аскерлерин киргизбестен, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) катышуучу өлкөлөр менен биргеликте аракет кылуу чечимин ка-был алды. Мунун артынан эле Роза Отунбаеванын атынан Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган ЖККУнун жетекчилигине кайрылуу жөнөтүлдү. Бирок ЖККУ салыштырмалуу жаңы уюм болуп эсептелгендиктен, анын тажрыйбасында мын-дай түрдөгү чыр-чатактарда аракет кылуунун усулдары жана ирети жок болчу. Де-мек, уюмдун уставы менен мандатында эл аралык ченемдерге каршы келбеген кийлигишүүнүн так шарттары, иштешүүнүн механизмдери, иш-аракеттердин тар-тиби караштырылган эмес. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасына биргелеш-кен аскерди жөнөтпөө жөнүндө чечим кабыл алынган.

Кийин төрага Роза Отунбаева талаш жагдайларды жөнгө салуу, чыр-чатактын себептерин калыс териштирүү жана аны тынч жол менен чечүү максатында ЕККУнун жетекчилигине өлкөгө кеңеш берүүчү полицейлердин миссиясын жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылган. ЕККУнун жетекчилиги Кыргыз Республикасы-нын түштүгүнө 50 куралсыз кеңеш берүүчү полицейди жиберүүгө даяр болгон, би-рок кийинчерээк Убактылуу Өкмөт анын мүчөлөрүнүн коопсуздугуна кепил боло албай тургандыгын шылтоолоп, миссиядан баш тарткан.

Өлкөгө БУУнун атайын өкүлү Мирослав Енча да келип, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен үзгүлтүксүз сүйлөшүү жүргүзүп, аларды Кыргыз Республика-сы тарабынан бекитилген эл аралык ченемдер менен конвенцияларга ылайык аракет кылууга, тактап айтканда, гуманитардык жардамды бөлүштүрүү учурунда бардык калкка бирдей мамилени камсыз кылууга, чыр-чатак учурунда орун алган башаламандыктар менен укук бузуулардын тике катышуучуларын таап, кармоого чакырган.190

Коомчулук менен байланышКоомдогу маалыматтарды бурмалоодо имиш сөздөрдүн мааниси чоң болду. Расмий маалыматтарга караганда имиш сөздөргө ишенүү Убактылуу Өкмөттүн эл арасындагы кадыр-баркынын төмөндүгүн ашкереледи. Калкты кабарландыруу үчүн укук коргоо органдары тарабынан бир катар чаралар көрүлгөн, муну ичинде

190 2010-жылдагы Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды изилдөө боюнча Эл аралык көз карандысыз комис-сиянын отчету. Бул сайтта: www.fergananews.com/archive/2011/kic_report_russian_final.pdf

Page 141: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

140 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

уюк операторлор аркылуу СМС кабарлама жөнөтүлүп, калкка кабар берүү тутуму жолго коюлган.

Бийликтегилер менен жергиликтүү жана чет элдик ЖМКлардын ортосунда ма-алымат алмашуу натыйжасыз болгон. Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен президент Роза Отунбаева гана басма сөз менен байма-бай баарлашып турган. Убактылуу Өкмөттүн басма сөз-кызматынын аппараты үч институттун: өкмөт, пре-зидент жана парламенттин аппараттарынан турган. Маалыматты коштоо УӨнүн маалыматтык-координациялык борбору (МКБ) тарабынан уюштурулган. Убак-тылуу Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгү тийиштүү деңгээ-лде болгон, бирок иштин жөнгө салынбагандыгы, координациялоонун чабалдыгы ишмердиктин таасирин азайткан. «Иш жүзүндө аппарат УӨ мүчөлөрүнүн орто-сунда бөлүштүрүлгөн, УӨнүн мүчөлөрүн колдогон топ болгон, бирок багыттуу иш жүргөн эмес. Биз жергиликтүү журналисттерге иштин абалы тууралуу кабарлоого араң жетишип жаттык. Көпчүлүгү кечигип жетип турду. Координациялоо маселеси оор болчу».191

3 жумадан кийин гана МКБнын кызматкерлери коменданттардын ишмердигин ча-гылдыруу үчүн чыр-чатак чөлкөмүнө жиберилген. 1 айдан кийин Ош шаарында МКБнын түштүк бөлүмү ачылган. Эл аралык журналисттер Ош шаарынан репор-таждарын өз алдынча уюштурду. Жергиликтүү тараптардын пикири боюнча, ошол кезде «маалымат согушунун» күч алышына басма сөз кызматы менен жергилик-түү бийликтин начар иштегендиги себеп болгон. «Биз Ошто болуп жаткан окуялар тууралуу Игорь Коваленконун, Наташа Любезнованын, Марлес Мырзакан уулунун жана башкалардын фото сүрөттөрүнөн көрүп-билдик. Эл аралык агенттиктердин өз кабарчылары чыр-чатактын биринчи күнүнөн тартып эле Ошто болушкан, ал эми МКБнын кызматкерлери маалыматты алардан билишкен. Эл аралык журна-листтердин ишин координациялоо болгон эмес».192

Мыйзамдуулук жана милдеттенмелерӨК пайда болгондо укуктук шайкештик 7-апрелге чейинки мыйзамдар базасы ме-нен да, УӨнүн декреттери жана токтомдору менен да камсыз болгон. Буга ка-рабастан 7-апрелден кийин мыйзамдуулукту сактоо маселе УӨ үчүн эң негизги милдеттердин бири болуп калды. Убактылуу бийликтин алгачкы чечимдеринин бири «КРнын Конституциялык сотун жоюу жөнүндө» жана «КР Сот адилеттиги боюнча улуттук кеңештин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» Декреттер бол-ду. Муну менен бирге негизги максаттардын бири катары сот реформасы алдыга коюлган. Бирок бийликтин сот органдарына жаңы кызматкерлер агылып келген жок. Мындай арсар кырдаалда сот жана көзөмөл тутумунун кызматчылары укук коргоо органдарынын кызматкерлери сыяктуу эле кайратынан тайып калгандык-тан, кесиптик милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткара албады.

Июнь окуялары боюнча иш алып барып жаткан жактоочуларга чыр-чатактан кий-инки мезгилде жүз берген көптөгөн кол салуулар акыйкаттыка жетүү маселесин курчутту. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2012-жылдын 26-апре-лине карата Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын

191 УӨ аппаратынын кызматчысы менен болгон купуя маектен, 2014-ж. 27 март, Бишкек 192 УӨ аппаратынын кызматчысы менен болгон купуя маектен, 2014-ж. 27 март, Бишкек

Page 142: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1412010-ЖЫЛДАГЫ ОШ ОКУЯЛАРЫ

июнь айында жүз берген окуяларга байланыштуу 5,640 жазык иши козголуп, му-нун ичинен Ош шаары боюнча – 3,341, Ош облусу боюнча – 1,301, Жалал-Абад облусу боюнча – 961 жана Аскер прокуратурасы боюнча – 37 иш козголгон. Мын-дай көлөмдө козголгон иштердин 288 гана сотко жөнөтүлүп, алардын ичинен 253ү каралган.193

Чыр-чатакты жөнгө салуудагы чечим кабыл алуучу кишилердин укуктук сабаттуу-лугу да көңүлдү бурат. Алсак, Жалал-Абад облусунун коменданты Кубатбек Бай-болов өз маегинде буларды белгиледи: «Мүчөлөр мыйзам жагынан тааныштыгы начар эле жана курал-жарак колдонууга уруксат берүү үчүн укуктук негиздерди ойлоп табууга аракеттеништи, ал эми тийиштүү ченемдер биздин мыйзамдарда эбак эле бар болчу».194 Ошол эле учурда бул кырдаалга карата кайчы пикирлер да айтылып келет: «Курал-жарак колдонууга уруксат берүү тууралуу өзүнчө мый-зам бир нече себептерге байланыштуу зарыл болгон. Биринчиден, аракеттеги мыйзамдар өзгөчө кырдаалдар учурунда курал-жарак колдонуу маселесин толук даражада жөнгө салбайт. Экинчиден, Убактылуу Өкмөт тарабынан адеп-ахлактык колдоо жана муну укуктук мыйзамдаштыруу керек эле»195. Калыбы, ӨК жаатында-гы аракеттеги ченемдер 2010-жылдагы Ош окуяларынын тажрыйбасын эске алуу менен чечмелөөлөрдү жана толуктоолорду талап кылат.

Адам укуктарыКайгылуу окуялар жүз бергенден бери арадан төрт жыл өтсө да, чыр-чатакты жөнгө салууга тартылган тараптар адам укуктарын канчалык билгендигин баалоо кыйын. Албетте, укук коргоо органдарынын кызматкерлери эл аралык уюмдар та-рабынан жана улуттук мыйзамдарга ылайык алардын кесиптик окуусунун тигил же бул баскычындагы адам укуктары жөнүндө маалыматтарды алышкан. Ыкты-ярдуулар, кошуунчулар, беленгерлер жана ооганчы жоокерлер укук коргоо орган-дарынын кызматкерлерине караганда бул жагынан азыраак кабардар болгонду-гу тууралуу айтса болот, анткени алар жарандык чыр-чатактарды басуу боюнча атайын окуудан өтүшкөн эмес. Ооганчы жоокерлер – булар СССдин туруктуу аскеринин солдаттары. СССРдин туруктуу аскеринде адам укуктарынын ченем-дерин окуп-үйрөнүшкөн эмес. Беленгерлер менен кошуунчулар адистештирилген аскердик даярдыктын ар кандай деңгээлинде болушкан. Алардын ичинен кандай-дыр бир окуп-үйрөнүүдөн өтпөгөн же ашкере начар даярдыктагылары да болгон. Мисалы, мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөндөр же аскер адистиги берилбеген университеттердин аскер кафедраларында окуган беленгерлер. Ошол эле учурда ички иштер министрлигинин кызматкерлери канчалык даражада адам укуктарын билүү менен аракет кылгандыгы чоң суроо жаратат.

Башаламандыктар убагына кылмышка шектүү деп кармалгандардын укуктары бузулгандыгы тууралуу укук коргоо уюмдарынын көп сандаган билдирүүлөрүнөн 193 Баш прокуратуранын материалдары Кыргыз Республикасынын Ош шаарында жана Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылы июнь айында болуп өткөн жалпы башаламандыктар убагында жабыркагандарга бийлик органдары көрсөткөн колдоо чаралары жөнүндөгү серепте келтирилет. “Кылым шамы” КФ, Борбордук Азия боюнча БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (БУУ АУЖКБ) жана Европа Биримдигинин «Адам укуктарын коргоо жана чыр-чатакты болтурбоо үчүн жарандык мониторинг» дол-боорунун алкагындагы техникалык колдоосунда 194 Жалал-Абад облусунун коменданты Кубатбек Байболов менен болгон маектен. 2014-ж. 23-март, Бишкек 195 Ош облусунун коменданты Бактыбек Алымбеков менен болгон маектен. 2014-ж., 9-апрель, Бишкек

Page 143: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

142 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

улам адам укуктарын коргоо боюнча ченемдердин аткарылышын натыйжалуу контролдоо жана көзөмөлдөө начар камсыздалган деп тыянак чыгарууга болот. Мисалы, чыр-чатактын биринчи күндөрүнөн баштап эле сот акыйкаттыгынын бу-зулушу көңүлдү бурган: «Жалал-Абад шаарынын прокуроруна менин сөгүш бери-шиме башкаларын айтпаганда да, июнь айынын аягында камалган 40тан ашуун кишинин 5өө гана кыргыз, ал эми калгандары өзбек улутундагылар дайындалган-дыгы себеп болду. Курман болгондордун катышы буга шайкеш келбей, калыс ма-милени талап кылды».196 Укук коргоочу уюмдардын биринин өкүлүнүн сөзү мын-дай кырдаалдын себебин ачыкка чыгарат: «Сот акыйкаттыгы бирдей жеткиликтүү болбогон, укук коргоо органдары жалпы адамдардан опузалап акча талап кылган июнь айынан кийинки кырдаал – бул бакиевдик таасирдин эмес, жаңы бийликтин эрки жоктугунун натыйжасы».197

Адам укуктарын сактоо менен калыс сот акыйкаттыгы маселеси жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочу уюмдардын отчетторунда бир нече жолу көтөрүлүп, кырдаалды оңдоо боюнча бир катар сунуштарды беришкен. Бирок бул сунуштар колдонулган эмес.

Тыянактар

2010-жылы Ош шаарында жана Ош менен Жалал-Абад облустарында болуп өт-көн жалпы баш аламандыктар УӨ чыр-чатакты басууга даяр эмес экендигин көр-сөттү. Мындайча айтканда, УӨ ӨК пайда болгондогу иш-аракеттердин планын иштеп чыккан эмес. Биздин анализ көрсөткөндөй, чатакты басаңдатуу жана чатак-тан кийинки калыбына келтирүү иштери кырдаалдын өнүгүшүнө жараша жүргөн. Жабырлануучуларга көмөк көрсөтүү жана каражаттарды бөлүштүрүү аракеттери да чатактын алгачкы күндөрү чаржайыт жүргүзүлгөн. Адам укуктарынын сактоо боюнча зарыл ченемдерин болгондугуна карабастан, ал ченемдер коопсуздукту камсыздоо органдарынын ишинде натыйжалуу пайдаланылган эмес. Чыр-чатак учурунда чечим кабыл алуу деңгээлинде да (маалыматты талдоо көндүмдөрү, багыт берүү жол-жоболору, маалымат-талдоо колдоо көрсөтүү), техникалык дең-гээлде да (унаа, техникалык кызмат көрсөтүү, материалдык камдар) зарыл кара-жаттардын жетишсиздиги өзгөчө сезилди.

Ушул талдоонун алкагында суралгандардын көпчүлүгүнүн пикири боюнча кагылы-шуунун токтошуна өзгөчө таасир тийгизген негизги фактор калайык үчүн күтүүсүз болуп, жаатташкан тараптардын эсин учурган зомбулуктун кеңири кулач жайышы болду. Ошол эле учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жарандык коомдоштуктардын натыйжалуу иш-аракеттери чыр-чатакты жөнгө са-лууда маанилүү роль ойноду. Албетте, ӨКны тескөө жана кошумча ресурстарды чегерүү боюнча УӨ көргөн чаралар кырдаалды турукташтырууда орчундуу са-лым кошту. Качкындарды кайтаруу жана калыбына келтирүү боюнча УӨ менен эл аралык уюмдардын биргелешкен аракеттеринин натыйжасы чоң гуманитардык кырсыктан сактап калды. Жаңжалдын жайылышын алдын алууга оң таасир тий-гизген негизги себептердин дагы бири – чыр-чатакка болгон туруктуулук, б.а. анын 196 Жалал-Абад облусунун коменданты Кубатбек Байболов менен болгон маектен. 2014-ж. 23-март, Бишкек 197 «Реформа үчүн» жарандык союзунун мүчөсү Тимур Шайхутдинов менен болгон маектен. 2014-ж., 30-апрель, Бишкек

Page 144: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1432010-ЖЫЛДАГЫ ОШ ОКУЯЛАРЫ

жайылышын алдын-алуучу коомдук тажрыйбанын барлыгы болду (мисалы, жал-пы кагылышуу жүз бербеген райондордогу кыргыздар менен өзбектердин чогуу жашоо салты).

Кыргызстанда бийликти эки жолу күчтөп алмаштыруудан (2005 жана 2010-жж.), коррупциянын кулач жайышынан жана социалдык-экономикалык мамилелердин дээрлик бардык тармагындагы натыйжасыз реформалардан кийин мамлекеттик институттар ак ниетсиз башкаруунун жүрүшүндө дээрлик өз таасирин жоготкон деген бүтүм чыгарууга болот. Бул фактор чыр-чатактарды алдын-алуунун жана чечүүнүн сапаттуу тутумун өнүктүрүүнү татаалдантат.

Эртелеп алдын алуу тутумун түзүү келип түшкөн кабарларга шайкеш жооп кылуу жана ар түрдүү чыр-чатактарды алдын алуу мүмкүнчүлүгү үчүн таяныч болуп ка-лат. Мындай тутумдардын варианттарынын бири катары кырдаалдык бөлмөлөрдү атоого болот. Бирок аталган кырдаалдык бөлмөлөрдү мурда алынган сабактарды эске алуу менен, өтө терең ойлонуп түзүү керек. Эртелеп алдын алуу тутумун түзүүнүн мурдагы аракеттери менен байланышкан тажрыйбаларды кайра карап чыгуу милдети орчундуу бойдон калууда. Бул ыкманы толугу менен кайра карап чыгып, эмне үчүн тутум күтүлгөндөй иштебей калды деген суроого жооп берүү за-рыл. Эртелеп алдын алуу тутумунун жарамсыздыгына биздин пикирибизче себеп болгон айрым негизги орчундуу учурларды бөлүп көрсөтөлү:

- Эртелеп алдын алуу тутумун түзүү демилгесин эл аралык уюмдар көтөргөн. Ушул жагдайдын өзү эле мамлекеттик бийликтин ага болгон мамилесин түп тамы-рынан өзгөртөт: аталган тутумга бийлик көңүл бурган эмес жана жоопкерчилиги да болбогон. Көз карандысыздык жылдарында Кыргызстандын бийлиги ар түрдүү жардамдарын сунуш кылып, ордуна эч нерсе талап этпеген эл аралык демөөр-чүлөргө көнүп бүткөн. Эртелеп алдын алуу тутуму да ошол туундулардын бири болгон. Муну жайылтуу зарыл экендигин баары түшүнгөн, бирок мамлекеттик бийлик тутумдун андан ары жашашы жана сыналып жаткан чөлкөмдөрдөн өл-көнүн бардык аймагына жайылтуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган эмес.

- Тийиштүү каржылоонун жоктугу. Жогоруда көрсөтүлгөндөй, эртелеп алдын алуу тутуму эл аралык уюмдардын долбоору болгон, демек, убактысы да, аймагы да жана каражаты да чектелген. Долбоорду жүзөгө ашыруу мөөнөтү бүтөр замат дай-ыма каржылык колдоону талап кылып турган желени (тажрыйба иликтөөчүлөрдү, серепчилерди камтыган) каржылоо токтоду.

- Бийликтеги уланмалуулуктун жоктугу. Борбордук аппараттан тартып, жергилик-түү өз алдынча башкаруу органдарына чейинки адистердин тез-тез алмашып ту-рушу орчундуу көйгөй болуп саналат. Эл аралык уюмдардын көп убактысы бийлик өкүлдөрүн (көп өтпөй башкалар менен алмашкан) окутуп-үйрөтүүгө жумшалат. Мындан тышкары, мурдагы жетекчи баштаган иштердин көбүн жаңы жетекчи жак-шы улантпай, кээде такыр токтотуп салат.

- Укук коргоо органдарындагы, жалпы эле бийлик органдарындагы адистик да-реметтин төмөндүгү. Эгер эртелеп алдын алуунун натыйжалуу тутуму түзүлө турган болсо, анда аны турмушка ашыруу процессине түздөн-түз тартыла турган жана эртелеп алдын алуу тутумунун иштеши менен туруктуу жашап калышы үчүн жооптуу болгон бийлик органдарынын кызматкерлеринин дареметине өзгөчө көңүл бурулушу абзел.

Page 145: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

144 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Жогоруда көрсөтүлгөн себептерге таянып, эртелеп алдын алуу тутумун куруу де-милгеси расмий бийлик органдарынан келип чыгууга тийиш деген корутунду чы-гарууга болот. Аталган институтту түзүүнү мамлекеттик бийлик колго алып, анын аткарылышын тийиштүү көзөмөлдөөнү жана каржылоону мамлекет камсыздоого милдеттүү. Эл аралык уюмдар техникалык көмөк көрсөтүп, окуп-үйрөтүүчү, эл аралык тажрыйбаны өлкөнүн шартына ыңгайлаштыруучу өнөктөш болушу шарт. Мына ушул учурда гана эртелеп алдын алуу жана жөнгө салуу тутумунан жакшы иштеп, тийиштүү деңгээлде өнүгөт.

Алынган сабактар

2010-жылдагы Ош окуясынан кийин мамлекет, коомдук укук коргоочу уюмдар, эл аралык институттар, академиялык изилдөөчүлөр бул чатакты талдап, ага баа берүү ишин жүргүзүп келет. Бирок ошол көптөгөн отчеттордун бири да коомдун кеңири колдоосуна ээ болгон жок. Бул ыңгайда «Мемориал» укук коргоо борбору-нун Борбордук Азия боюнча программасынын деректири Виталий Пономаревдун төмөнкү пикирине кошулууга туура келет: «Окуядан бери убакыт өткөн сайын ал тууралуу калыс тыянак чыгарууга негиз болгудай фактыларларды табуу кыйын-дай берет».198 Алынган сабактарды иликтөө процесси бийликтегилердин иш-ара-кеттерине 2010-жылдагы кайгылуу июнь окуяларынын кесепеттерин ар тараптуу изилдөө боюнча улуттук комиссиянын саясий баа бериши менен эле чектелип калгандыгын да белгилей кетүү керек. Бул иликтөөлөрдүн тыянактары ӨК чыккан-да колдонулуучу эрежелерге, нускамалар менен пландарга негизделбей, өзбек жамаатынын лидерлеринин иш-аракеттерин баяндоо менен чектелген.

Негизги сабактардын бири – алдыда чыр-чатактарды болтурбоо үчүн улут аралык мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты калыптандыруу зарылдыгы. Бул жаатта мамлекет этникалык көп түрдүүлүктү тескөө тармагында саясатты калып-тандыруу ишин жүргүзө баштады. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин Аппаратында этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара алака-катыш бөлүмү түзүлдү, ал эми 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улут аралык ма-милелер боюнча Мамлекеттик агенттик ачылып, жергиликтүү өз алдынча башка-руу органдарында этникалык кеңештер уюшулду. Бул түзүмдөрдүн максаты улут аралык мамилелер тармагында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу болуп саналат.

2013-жылы Кыргыз Республикасында Элдин ынтымагы менен улут аралык ма-милелерди бекемдөө концепциясы кабыл алынып, ал ушул жааттагы стратеги-ялык алгачкы документ болуп калды. Ошол эле 2013-жылы «Өзгөчө жана кризи-стик кырдаалдарда КР калкынын жана аймагынын комплекстүү коопсуздугунун 2020-жылга чейинки стратегиясы» кабыл алынган. Өкмөттүк жана укук коргоо түзүмдөрүнүн деңгээлинде ӨК чыгышына тиешелүү бир катар жабык документ-терге өзгөртүүлөр киргизилген. Аталган өзгөртүүлөр 2010-жылдагы июнь окуяла-рынын тажрыйбасынан келип чыгып, бул документтер жашыруундук макамга ээ болгондуктан, аларды окуп-үйрөнүүгө мүмкүн болбоду.198 «Мемориал» УБнын Борбордук Азия боюнча программасынын деректири Виталий Пономарев менен болгон маектен, 2014-ж. 29-апрель, Бишкек.

Page 146: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1452010-ЖЫЛДАГЫ ОШ ОКУЯЛАРЫ

Бирок өткөөл мезгилдин Президенти Роза Отунбаеванын учурунда жүргүзүлө баштаган сот реформасы менен ИИМ реформасы көңүлдөгүдөй ийгиликтүү бол-боду. Демек, укук коргоо органдарын реформалабай, кадр саясатында атаан-даштык принциптерин жайылтпай жана укук коргоочу мамлекеттик органдардагы коррупция менен күрөшпөй туруп ар кандай концептуалдык документтер менен бийликтин адистешкен органдары натыйжалуу иштеши мүмкүн эмес. Мамлекет-тик органдардын акыйкат чечимдерди иштеп чыгуу маселеси коомдук мамиле-лердеги чыр-чатактуулук деңгээли менен түздөн-түз байланышкан. Тилекке кар-шы, мамлекет сабак алды деп айтууга али эрте.

Июнь окуясынан кийин коомдук уюмдар тарабынан чыр-чатактарды эртелеп алдын алуунун жарандык желесин түзүү процесси жүрө баштады. Бул багытта жергиликтүү тирешүүлөрдү аныктоого жана аларды жөнгө салууга көңүл бурул-ду. Андай демилгечилердин катарында – БУУнун тынчтык орнотуучу аялдар же-леси, «Тынчтык жарчылары» данакерлеринин желеси ж.б.у.с. бар. Аталган же-лелер пайда болгон чыңалууну жайгаруу боюнча чара көрүү менен бир катарда жер-жерлердеги кырдаалдар тууралуу маалымат алышып, мамлекеттик органдар менен өз ара жигердүү кызматташат.

Куралданууну көзөмөлдөө жаатында иш жүргүзгөн укук коргоо уюмдары негизги ыкты өзгөртүү багытындагы – мамлекеттик коопсуздуктан коомдук коопсуздукка басым жасаган – ИИМ реформасын өнүктүрүүнү сунушташты. Жогоруда айтыл-гандай, реформа тийиштүү деңгээлде өнүкпөгөндүктөн, алынган сабактар ӨКга даярдануу боюнча иш-чаралардын өзгөрүшүнө алып келди деп айтууга болбойт.

Эл аралык уюмдарга келсек, ЖККУ өзүнүн уставдык документтерине өзгөртүүлөр киргизип, анын ишмердик мандаты ички жарандык чыр-чатактарга катышууга чей-ин (расмий бийликтин өтүнмөсү боюнча) кеңейтилди. Мындан тышкары аталган уюмдун алкагында шашылыш документтерди өткөрүп берүүгө, ошондой эле пре-зиденттердин ыкчам режимде чечим кабыл алынуучу жабык видеокеңешмелерин өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү кризисти жөнгө салуу тутуму түзүлгөн.199

БУУӨП КР өкмөтүнө «КР өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүгүүгө өтүү программасы менен планын» ишке ашыруунун алкагында көмөк көрсөтүүдө. Ал эми кызматташуунун күтүлүүчү натыйжасы КРнын «Жарандык коргоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү болуп эсептелет.

КР Өкмөтүнө сунуштар:

• Мамлекеттик органдардын орто жана кенже кызматкерлеринин ӨК чык-кандагы иш-аракеттеринин планын түзүү, ошондой эле ыкчам аракеттер-ди макулдашып көрүү боюнча ведомство аралык жумушчу топ түзүү керек;

• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ӨК пайда болгондогу колдонулуучу нускамаларын бардык деңгээлдеги кызмат адамдары ӨК жаралганда өз ордунда болушу милдеттүү экендиги тууралуу жобо менен алардын кризистик кырдаалдагы аракеттеринин тартибин жазуу аркылуу толуктоо, ошондой эле тийиштүү жоопкерчиликти караштыруу керек;

199 ЖККУнун расмий сайты, www.odkb-csto.org/news/detail.php?ELEMENT_ID=1746&SECTION_ID=92

Page 147: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

146 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

• ӨК чыкканда иштей турган ӨКМ кызматкерлеринен эле эмес, социалдык фонддун, муниципалдык жана инфратүзүмдүк мекемелердин кызматчы-ларынан турган туруктуу штаб түзүү керек;

• Кырсык медицинасын өнүктүрүү керек, анткени медиктер 2010-жылда-гы июнь окуясы учурунда медициналык мекемелердин имаратында гана жардам бере алышкан, бирок чыр-чатак көрсөткөндөй, көп кишилер жар-дамдан куру калып, аларга өлкөдө уюштурулбаган көчмө жардам талап кылынган;

• Ар бир регион үчүн 200 миң киши деп эсептеп, азык-түлүктүн эң зарыл 10 түрүнүн негизинде мамлекеттик камдын тизмесин бекитүү менен ӨК пай-да болгон учурдун туруктуу ресурстук базасын түзүү керек;

• Чыр-чатактуу кырдаалда элге психологиялык жардам көрсөтүү кызматын өнүктүрүү керек;

• Сот органдары менен ИИМде реформаны алга жылдыруу жана аягына чыгаруу керек;

• Коргоо министрлигинин, УКМКнын чегара кызматынын, ИИМдин курал-жа-рактарын, ок-дарылары менен согуштук техникаларын тартып алууга жол берген кызмат адамдары менен жарандарды катуу жоопкерчиликке тар-туу, аларды тийиштүү органдардарга кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү керек;

• Курал-жарактарды сактоочу, кабыл алуучу, берүүчү жана эвакуация кылуучу имараттарга коюлуучу техникалык талаптарды кайра карап чыгуу керек;

• Коопсуздук күчтөр жарандык башаламандык шарттарында адам укукта-рын бузбай аракет кылышы үчүн аларды тийиштүү окуу менен камсыз кылуу керек;

• ӨК пайда болгондогу маалыматтык саясат программасын иштеп чыгуу керек.

Коомдук уюмдарга:

• Коомдук коопсуздук концепциясын иштеп чыгуу процессин жүргүзүү ке-рек. Анын бөлүмдөрүнүн биринде курал-жарак коопсуздугу менен байла-нышкан жагдайларды караштыруу зарыл;

• Кайсы гана кызмат адамы же жарандык лидер болбосун улутчул маанай-дагы пикири байкалса, жалпы элдин айыптоосуна коюу керек;

• УКМК, Башкы прокуратура жана ИИМ менен биргеликте мыйзамсыз сак-талган курал-жаракты тапшырууну камсыздоо үчүн куралсыздандыруу өнөктүгүн уюштуруу керек;

• Коргоо министрлиги жана ИИМ кызматкерлеринин арасында жарандык агартуу долбоорлорун жүргүзүү керек;

• Укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн данакерлик көндүмдөрү боюнча (бул ишке коомдук-алдын алуучу борборлордун, ЖӨБ өкүлдөрүн тартуу менен) тренингдерди уюштуруу.

Page 148: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1472010-ЖЫЛДАГЫ ОШ ОКУЯЛАРЫ

Эл аралык уюмдарга:

• Туурап калбоо жана региондордун талаптарына дал келбей калбаш үчүн программалар менен долбоорлордун ишмердигин натыйжалуу багыттоо максатында демөөрчүлөр ортосундагы өз ара карым-катнашты жакшыр-туу керек;

• Бир улуттагы калк жашаган райондорго өзгөчө көңүл буруп, сабырдуулук менен чыр-чатакка сезимталдыкты калыптандыруу боюнча иш-чаралар-ды көбүрөөк өткөрүү керек;

• Долбоорлордун туруктуулугуна кызыкдарлыгын бекемдөө максатында улуттук өнөктөштөрдүн катышуу даражасын жогорулатуу керек;

• Баарлашуу үчүн аянтчаны камсыздоо жолу менен, ошондой эле укук кор-гоо органдарынын кызматкерлеринин дареметин күчөтүү аркылуу укук коргоо органдарына элдин ишеним деңгээлин жогорулатуу керек.

Булактар:

1. 2010-жылдын июнь айындагы республиканын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуялардын себептери менен кесепеттерин ар тараптуу изил-дөө, сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссиянын отчету. Бул сайтта: http://inkg.info/dokumenty/otchety/1554-otchet-natsionalnoj-komissii-abdygany-erkebaeva-o-mezhetnicheskom-konflikte-2010-goda-na-yuge-kyrgyzstana

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Убактылуу депутаттык ко-миссиясынын 2010-жылдын апрель-июнь айларында республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды аны-ктоо жана иликтөө, аларга саясий баа берүү боюнча отчету. Бул сайтта: http://inkg.info/literature/Parlament.doc

3. 2010-жылдын июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө жүз берген окуя-ны иликтөө боюнча Эл аралык көз карандысыз комиссиянын отчету. Бул шилтеме боюнча: www.fergananews.com/archive/2011/kic_report_russian_final.pdf

4. Гулшайыр Абдирасулова. Кыргызстандагы курал-жарак коопсуздугу: азыркы абал жана маселелер. Альманах 2012: Кыргызстандагы мамле-кеттик башкаруу жана коопсуздук секторун реформалоо. Бишкек, 2013-ж., 8-бап, 106-120-бб.

5. 2010-жылдын июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө жүз берген оку-яны иликтөө боюнча Эл аралык көз каранды эмес комиссиянын отчету-на Кыргыз өкмөтүнүн берген түшүндүрмөсү. Бул сайтта: http://botschaft-kirgisien.de/files/comment_osh.pdf

6. Нил Мэлвин. Туруктуу жана көп улуттуу Кыргызстанды куруу жолунда: зом-булук айлампасынын себептерин кантип четтетип, жоюу керек (На пути к стабильному многонациональному Кыргызстану: как устранить причины и разорвать порочный круг насилия). Борбордук Европа долбоору, Мезгил-

Page 149: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

148 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

дүү эмес серия, 3-чыгарылышы, 2011. Бул сайтта:

7. www.opensocietyfoundations.org/sites/default/files/stable-kyrgyzstan-20110405-ru_0.pdf

8. Мелис Мырзакматов. Чындык издеп. Ош трагедиясы: документтер, фак-тылар, интервьюлар, кайрылуулар жана арыздар. (В поисках истины. Ошская трагедия: документы, факты, интервью, обращения и заявления). «Турар», Бишкек 2011-ж.

9. 2010-ж. апрель-июнь айларындагы аткарылган иштер тууралуу УКМК от-чету.

10. Жалпы башаламандык учурунда ок атуучу куралдардын, согуштук техника менен ок-дарылардын коопсуздугун мамлекет тарабынан камсыз кылуу: изилдөөлөр, тыянактар, сунуштар. “Кылым шамы” КФ. Бишкек, 2011-ж.

11. Кыргыз Республикасынын Ош шаарында, Ош жана Джалал-Абад облуста-рында 2010-жылы июнда жүз берген жалпы башаламандыктар учурунда жабырлануучуларды колдоо боюнча бийлик органдары тарабынан көрүл-гөн чаралардын сереби. «Адам укуктарын коргоо жана чыр-чатактарды алдын алуу үчүн жарандык мониторинг» долбоорунун алкагындагы Бор-бордук Азия жана Европа Биримдиги боюнча БУУнун адам укуктарынын Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын (АУЖКБ) техникалык колдоо-су менен “Кылым шамы” КФ.

12. ЖККУнун расмий сайты: http://www.odkb-csto.org

13. Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда 2010-жылы май-июнь айларында жүз берген кай-гылуу окуялардын жагдайлары жана хронологиясы жөнүндө. Документ Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2012-жыл-дын 17-февралындагы тапшырыгы боюнча Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгынын адистеринин катышуусунда УКМК, ИИМ жана Кыргыз Республикасынын Башкы про-куратурасынын жумушчу тобу тарабынан даярдалган. Бул сайтта: www.fergananews.com/article.php?id=7389

14. Талант Разаков. 1990-жылдагы Ош окуялары. / КРСУнун гуманитардык факультети. Бишкек, 2011-ж.

15. «Мемориал» УБнын Борбордук Азия боюнча программасынын деректи-ри Виталий Пономарев менен болгон маектин материалдары. 2014-ж. 29-апрель. Бишкек

16. Жалал-Абад облусунун коменданты Кубатбек Байболов менен болгон ма-ектин материалдары. 2014-ж. 23-март. Бишкек

17. Ош облусунун коменданты Бактыбек Алымбеков менен болгон маектин материалдары, 9 апрель 2014 г., Бишкек

18. «Реформа жана натыйжа үчүн» жарандык кошуунунун мүчөсү Тимур Шайхутдинов менен болгон маектин материалдары. 2014-ж., 30-апрель. Бишкек

Page 150: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

1492010-ЖЫЛДАГЫ ОШ ОКУЯЛАРЫ

19. «Кылым Шамы” КФ кызматкери Гулшайыр Абдирасулова менен болгон маектин материалдары

20. Өнүн аппаратынын кызматкери менен болгон маектин материалдары (ку-пуя). 2014-жыл, 27-март. Бишкек

21. КР УӨ Төрагасынын Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында жүз берген окуялардын кесепетинен жабыркагандарга көмөк көрсөтүү ма-селелери боюнча атайын өкүлү Айгүл Рыскулова менен болгон маектин материалдары. 2014-жыл, 16-апрель. Бишкек ш.

Page 151: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)
Page 152: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

ЧЕК АРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКА МАМЛЕКЕТТЕР МЕНЕН ЧЕКТЕШ МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ ЧЫР-ЧАТАКТАРГА СЕРЕП

Саламат Аламанов жана Айнура Уметалиева

Кыскача кириш сөз

Акыркы жылдардагы Кыргызстандын башка мамлекеттер менен чектеш чек ара-ларындагы чыр-чатактуу кырдаалдардын негизги себеби мамлекеттик чегара сы-зыгынын аныкталбагандыгы (Өзбекстан жана Тажикстан Республикалары менен) жана юридикалык жактан таризделген чек араны (Кытай Эл Республикасы жана Казакстан Республикасы менен) коргоо тутумунун начардыгы болуп саналат. Кыргызстан ушул төрт мамлекет менен чектешет.

Кыргызстан Кытай менен мамлекеттик чек ара тууралуу эки жолу келишим түздү: биринчи келишим 1996-жылы, Бедел ашуусундагы макулдашылбаган участка кыргыз-кытай чегарасы жөнүндөгү келишимге кирбей калганда түзүлүп, экинчи жолу 1999-жылы Бедел участкасы боюнча кыргыз-кытай чек арасы тууралуу кошумча ке-лишимге кол коюлган.200 2001-жылы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы тууралуу келишимге кол коюлган, бирок Кыргызстандагы саясий ички татаал жагдайлардан улам, ошондой эле бул келишимди бекитүүгө оппозициянын каршы чыккандыгына байланыштуу келишим Кыргызстан менен 2008-жылы гана бекитилген.201

Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өтө та-таал жүрүп жатат. Кыргыз Эл Республикасы (1084,4 км) жана Казакстан Республи-касы (1241,6 км) менен чек ара сызыгын юридикалык тариздөө процесси толук бүткөндүгүнө карабай, Тажикстан (450 км ашуун) жана Өзбекстан Республикала-ры (350 км ашуун) менен чектешкен чек ара сызыктарынын бир кыйла бөлүгү такталбаган бойдон калууда. Эгер Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдө айрым участкалар аймак талашуу по-зициясынан туруп талкууланса, башкалары өз ара аймактык доолор болуп сана-лат. Кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларында учурда түзүлгөн кырдаал талаш аймакты көзөмөлдөгөн мамлекет иш жүзүндө аны тике же кыйыр түрдө

200 Владимир Парамонов, Олег Столковский. Кытай-борбор азия мамилелериндеги чек ара-аймактык масе-лелер (Погранично-территориальные проблемы в китайско-центральноазиатских отношениях). 2009-жыл, 17-февраль, http://www.easttime.ru/analitic/3/8/575.html 201 Курманбек Бакиев «Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара тууралуу Келишимди бекитүү жөнүндө» мыйзамга кол койду (Курманбек Бакиев подписал Закон «О ратификации Договора о границе между Кыргызстаном и Казахстаном»). http://www.consulkg.kz/news/main/536/

Page 153: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

152 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

ээлеп алууга же пайдаланууга бардык каражаттарды колдонууга умтулуп жаткан-дыгын көрсөтүүдө. Ал эми бул көрүнүш мамлекеттер ортосундагы жана чек арага жакын турган калктын мамилесинин курчушуна түрткү болуп жатат.

Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара сызыктары маселесин чечүүдө негизги көйгөй анклавдар, тагыраагы, алар жайгашкан жерлердеги чек ара сызыктарын аныктоо болуп эсептелет. Белгилүү болгондой, Кыргызстандын ичинде Өзбек-стандын төрт (Сох, Шахимардан, Чоңкара-Галча, Таш-Тепа), Тажикстандын эки анклавы (Ворух, Курук-Сай) орун алган. Өзбекстандын чегинде Кыргызстандын Барак анклавы, Тажикстандын Сарваксай анклавы жайгашкан. Тараптардын дооматтарындагы башкы карама-каршылыкты Сох (Өзбекстан) жана Ворух (Та-жикстан) анклавдарынын төмөн жагында жайгашкан аймактар туудуруп жатат. Бул участкалар боюнча сүйлөшүүлөрдөгү тараптардын далилдери ар башка жылдардагы документтерге негизделген, ошондуктан бири-бири үчүн ынанымсыз болууда. Анткени Өзбекстан менен Тажикстан мамлекеттик чегара сызыктарын 1924-27-жылдардагы улуттук чек бөлүштүрүү документтери боюнча аныктоону сунушташат. Ошол эле учурда Кыргызстан чегара сызыктарын Өзбекстан үчүн 1995-жылдагы, Тажикстан үчүн 1958-1959 жана 1989-жылдардагы эки тараптуу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча аныктоону талап кылып жатат. Маселе жогорку деңгээлде, саясий чечим кабыл алуу менен гана чечилиши мүмкүн.

Сох районунда жайгашкан Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекет-тик чек аралары чектешкен жерди тактоо бир топ кыйын болуп жатат. Мында чек аралар чектешкен аймактагы 20 гектар жерге доо артышкан Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактык кызыкчылыктары кагылышууда. Өзбекстан сунуш кылган вариант кабыл алынса, Кыргызстан бул аймактан ажырайт, же тескерисинче болот.

«Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, биздикине окшош талаш чек ара маселеле-рин чечүүнүн эң ылайыктуу жолу өз ара сыйлашуунун, тең укуктуу кеңешүүлөрдүн жана өз ара эпке келүүлөрдүн негизиндеги сүйлөшүүлөр болуп саналат».202 Бул маселелердин баарын тараптардын бири-бирине жакшы санаалаштыгы менен сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечүүгө болот. «Мамлекет жетекчилери кечээ жакын-да гана Орто Азия элдери бул чек араларсыз эле (тигил жана бул тарапта да кылымдар бою туз-нанды бөлүп жеп, отун-сууну тең бөлүшүп келген боордош эл-дердин жашагандыгына карабастан учурда катуу корголуп, чек араны бузгандар аёосуз жазаланып, айрым кездерде киши өлтүрүүгө чейин барган) жашап туруш-канын эстерине түшүрүшү керек».203

Чек ара чыр-чатактарынын кулач жайышынан кабар берген билги кишилер кел-тирген статистика Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн коогалаңдуу коңгуроо болуп кагылууга тийиш. Алсак, эгер акыркы үч жыл аралыгында кыргыз-өзбек чек ара-сында курал колдонулган 31 кагылышуу жүз берип, 5 адам каза болсо (10 кыр-гызстандык жараланган)204, ал эми Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан

202 Саламат Аламанов: «Аталган маселени эң жогорку деңгээлде предметтик талкуулоонун мезгили бышып жетилди», 2013.01.07. 203 Кыргызстандын түштүгү боюнча КР ИИМнын мурдагы өкүлү, 2014-жыл, 23 – 27-январда Баткен облусунда болуп өткөн чек ара сүйлөшүүлөрүндөгү делегациянын мүчөсү Бактыбек Юсупов менен болгон маектен. 204 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) мурдагы башчысы Курманакун Матенов менен болгон маектен. 2014-жыл, январь.

Page 154: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

153ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

райондорунда 41 чыр-чатак катталган.205 Мунун ичинен Тажикстан менен болгон чек арада 28, Өзбекстан менен – 12, Казакстан менен 1 чыр-чатак жүз берип, алар боюнча 7 жазык иши козголгон.

1999-жылдын аягында Кыргызстандын Баткен районунун аймагына ислам экстре-мисттеринин радикалдуу бөлүгүнүн бандиттик түзүмдөрү кирип келген белгилүү баткен окуяларынан кийин өзбек тарап Сох жана Шахимардан анклавдарынын тегерегиндеги Кыргызстандын аймагына, чек аранын шарттуу сызыгынан 150-200 метр бери (бир катар жерлеринде демаркациялоочу зымдар менен тосулган) та-лаага мина орноткон. Кыргызстан жарандарынын ошол миналарга жарылган учур-лары жана мал өлгөн фактылар өтө көп болду. 2000-2003-жылдары гана аталган миналарга жарылып, 13 бейпил тургун каза болгон. Кыргыз тараптын макулдугу-суз мина орнотуу фактысынын өзүн Бишкек Өзбекстандын аскерий кийлигишүүсү катары баалады. Бирок Ташкент түрдүү шылтоолор менен кыргыз тарапка алар сураган мина талааларынын картасын берүүдөн баш тарткан. Баткен районунда-гы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ошол мезгилдеги чегараларды тактоо боюнча кыргыз тараптын делегациясынын өкүлүнүн сөзүнө караганда кы-рдаалды көп участкаларга өзбек саперлору орноткон миналар татаалданткан.206

Кыргызстандын Баткен облусунун жетекчилиги Бишкектеги ЕККУнун өкүлчүлүгүнө расмий кайрылуу жөнөтүүгө мажбур болгон. Аталган кайрылууда бул эл аралык уюмдун башкы катчысына жогоруда айтылган картаны өткөрүп берүүгө Өзбек-станды ынандырууну өтүнгөн. Бирок Өзбекстан 2004-жылы августта гана Сох менен Шахимардан анклавдарындагы чегараны минадан тазалоону баштаган.207 Анткен менен минанын толук тазалангандыгы тууралуу так маалымат жок.

Ошентип, бул отчеттун максаты кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларын-дагы чек ара чыр-чатактары тууралуу маалымат топтоо, алардын очогун анык-тоо, ошондой эле аларды жоюу жана алдын алуу үчүн бийликтегилер тарабынан көрүлүп жаткан чараларды (мындай иш-чаралардын натыйжалуулугун баалоо менен) талдоо болду. Маалыматтын булагы катары тараптардын расмий адамда-рынын сүйлөгөн сөздөрү менен маектери, чек арага чектеш жерлер маселелери менен шугулданган серепчилер менен болгон маектер, ЖМКнын материалдарын талдоо, Өзбекстан жана Тажикстандын чегарага жакын коомдоштуктарында эл аралык уюмдар жүзөгө ашырган долбоорлор боюнча отчетторду иликтөө, мони-торингдик отчеттор, чегарага чектеш чөлкөмдөрдө иштешкен БӨУлардын жарчы баракчалары жана КРнын ченемдик-укуктук актылары пайдаланылды. Маселени тереңирээк иликтөө максатында авторлор Баткен облусунун чыр-чатактуу район-доруна барышып, чыр-чатактарды жөнгө салууга түздөн-түз катышкан кишилер менен жолугушту. Талкууланып жаткан маселенин өтө кылдат экендигине бай-ланыштуу баарлашкандардын баары эле ачык сүйлөшкөн жок, бирок бул татаал процесстерди бир кыйла терең түшүнүүгө бизге көмөк көрсөткөндөрдүн баарына ыраазылык билдиребиз.

205 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен болгон маектен. 2014-жыл, январь 206 Кыргызстандын түштүгү боюнча КР ИИМдин мурдагы өкүлү, 2014-жыл, 23 – 27-январда Баткен облусунда болуп өткөн чек ара сүйлөшүүлөрүндөгү делегациянын мүчөсү Бактыбек Юсупов менен болгон маектен. 207 К вопросу об этнотерриториальных и пограничных проблемах в Центральной Азии. Дмитрий Трофимов, старший научный сотрудник Центра международных исследований МГИМО (у) (Российская Федерация)

Page 155: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

154 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Чыр-чатак очоктору

Анализ көрсөткөндөй, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы чек ара чыр-чатактарынын негизги булагы чек арага чектеш чөлкөмдөгү табигый ресурстар (жер, суу, отун) тартыш болгон шарттагы дыйканчылык иштерине бай-ланышкан көйгөйлөр болуп саналат. Мисалы:

• совет доорунан калган суу бөлүштүрүү схемалары жана тутумдары ме-нен шартталган чек аралык суу пайдалануу маселелери. Алар мурда эле Кыргыз ССРинин кызыкчылыктарын басынтып келген болсо, эгемендик мезгилдеги чектеш мамлекеттердин жаңы мамилелерине дегеле шайкеш келген жок208. Аларда катылган карама-каршылыктар совет мезгилиндеги чыр-чатактардын очогу болуп келсе, азыркы учурдагы чыр-чатактарга да себеп болуп жатат. Эгер карама-каршылыктар бардык тараптардын кы-зыкчылыктарын эске алуу менен сүйлөшүү жолу аркылуу жөнгө салын-баса, мындан ары да курч бойдон кала берет. Исфара, Кожо-Бакырган (Тажикстан менен), Көк-Сай, Каркыра (Казакстан менен) дарыяларынын боюндагы, Сырдарыя дарыясынын гидрографикалык тутумундагы – атап айтканда, Сох анклавынын чек арасындагы (Өзбекстан менен) Чечме ири булактын кимге таандык экендиги тууралуу маселе – суу пайдалануу ме-нен байланышкан кырдаалдар айрыкча жаңжалдуу;209

• чегаралык унаа байланыштарын пайдалануу маселелери. Республика-лар аралык жолдор катары совет мезгилинде курулган автомобиль жана темир жол желелери учурда көз каранды эмес ар кайсы мамлекеттерге таандык участкаларга бөлүнгөн. Кыйынчылыктар чек ара сызыктарынан жарандар жана жүк унаалары өтүп жатканда чек ара жана бажы текшерүү эрежелеринин күчөтүлгөндүгү (көбүнчө адам укуктарын бузуу менен коштолгондугу) менен байланышкан. Макулдашылган жерлердеги чегара өткөөлдөрүнүн мезгил-мезгил менен жаап коюу жаман адатка айланды. Бул ар бир өлкөгө сезилерлик экономикалык зыян алып келет да, өз ара ишенбөөчүлүктү күчөтөт;

• мезгил өткөн сайын чырдын чыгышына өзгөчө себеп болуп жаткан орчун-дуу маселе – жер ресурстарынын (чек арага чектеш жашаган, саны үзгүл-түксүз өсүп жаткан калктын муктаждыгын азык-түлүк менен камсыздоочу айдоо жерлердин, жайыттардын, токойлордун, отундун, жолдорду жана сугат каналдары менен арыктарды куруучу, электр чубалгыларын тартуу-чу жерлердин) жетишсиздиги. Акыркы жылдардагы чыр-чатактар тарап-тардын чек ара сызыгындаги чеги аныктала элек жерлерди өздөштүрүүгө болгон дооматтары менен байланышкан. Алсак, 2011-жылы Баткен рай-онунун Кара участкасында кыргыз тарап тажиктер отургузган 400 өрүк көчөтүн тамыры менен жулуп салган. Бул участканы ар бир тарап өзүнүкү

208 Маматканов Дуйшон, Бажанова Лариса, Романовский Владимир, Водные ресурсы Кыргызстана на совре-менном этапе. Бишкек. 2006, 266 стр.; Касымова Валентина Махмудовна, Аламанов Саламат, Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич, Архангельская Анна Валерьевна, Мониторинг позиций стран Центральной Азии по вопросу использования трансграничных водных ресурсов. Отчет для Национального института стратегических исследований (УСИИ) Кыргызской Республики, 2013 209 ИА-Nooruzkg.com. КР МЧКнын төрагасы Курманакун Матеновдун пресс-конференциясы, 31.07.2013; K-News.kg, События. КР ИИМ орун басары Курсан Асановдун чек ара маселелер боюнча комиссиянын отурумундагы билдирүүсү. 12 октября 2013 г.

Page 156: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

155ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

деп эсептейт. 2010-жылдын май айынан тартып кыргыз чегарачылары Со-хтун тургундарынын малын алар мурдатан пайдаланып келген жайыттар-га өткөрбөй койгондуктан, Сох анклавындагы чек ара тирешүүсү токтобой келет.210 Ворух анклавынын тургундары менен Кыргызстандын чек ара жана экологиялык кызматтарынын ортосундагы жайыт жана арча токой-лорундагы дарактарды кыюуга байланышкан мамиле орчундуу бойдон калууда.211 Кыргызстандын чегаранын такталбаган участкалары аркылуу жол салуу боюнча ар бир аракети тирешүү менен коштолуп, акыркы учур-да куралдуу кагылышууларга өсүп жетип жатат;

• мыйзамдар менен эрежелерди атайылап бузуу. Буга төмөнкүлөр кирет: 2014-жылдын февралындагы КЭР жарандарынын мамлекеттик чек араны бузуп кириши, Исфара өзөнүндөгү КРнын токойлорунан Тажикстан жаран-дарынын бир канча ирет отун алгандыгы ж.б.;

• чек арачылар менен жарандардын мамлекеттик чегара сызыгы өткөн жер-лерди билбегендиги жана алардын чегарага чектеш аймактын режимин сактабагандыгы.

Ошондуктан алардын чек ара сызыгын байкоостон бузушу чыр-чатактарга себеп болууда. Алсак, 2013-жылы 11-июлда Кыргызстандын 8 жараны Казакстандын жайытында оттоп жүргөн малдарын издеп жүрүп бул өлкөнүн чек арачылары та-рабынан кармалган. Өзбекстандын Хушьяр айылы менен Кыргызстандын Чарбак айылынын чегинде 2013-жылы январда кыргыз чек арачылары чек араны буз-ганда (Хушьяр айылына тийиштүү аймакка электр мамыларын орноткондо) чатак чыккан. 2013-жылы 23-июлда Өзбекстандын чек арачылары Аксы районунда Кы-ргызстандын аймагына кирип келгендиктен, эки өлкөнүн чегарачылары ортосунда жаңжал чыгып, Өзбекстандын эки чек арачысынын өлүмүнө алып келген куралдуу чыр-чатакка айланган. Тараптар али да болсо чатак болуп өткөн аймактын кимге таандык экендиги боюнча талашып келишет.

ЖМК үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү тараткан маалыматка ылайык, чегара сызыгынын аныкталбаган абалы дагы көпкө созулушу мүмкүн. Мисалы, 2011-жылы кайрадан башталып, 2013-жылга чейин созулган Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өкмөттүк делегациялар деңгээлинде 8 отурум болуп өтүп, алардын жыйынтыгы боюнча бир чакырым дагы мамлекеттик чегара такталып, бекитилген эмес. Мамлекеттик чек арада тараптар тактай элек талаш участка бар.

Мамлекеттик чек араны тактоо боюнча Тажикстан менен соңку эки жылдын ичинде өкмөттүк делегациялардын 7 жолугушуусу, топография-жер орноштуруу жумушчу тобунун 14 жолугушуусу жана укуктук маселелер боюнча 5 жолугушуу болгон. Аталган мезгил аралыгында 64,2 км макулдашылган жана белгиленген, мунун ичинен өкмөттүк делегациянын деңгээлинде болгону 15,8 км бекитилген. Топография-жер орноштуруу жумушчу тобунун деңгээлинде 48,4 км чиймеге түшүрүлгөн.212

210 КР МЧКнын төрагасы Курманакун Матеновдун пресс-конференциясы, 31.07.2013, ИА-Nooruzkg.com; Сафар Тохир. “Весна тревоги на кыргызско-таджикской границе”, 28.03.2011,http://rus.azattyk.kg/content/kyrgyzstan_tajikistan_conflict/4726510.html 211 КРнын Баткен району менен ТРнын Исфара районунун чек аралары, 2013-жыл апрель, 2014-ж. январь 212 Kyrtag.kg, Кыргызстанга чек араларды тактоо жана белгилөө боюнча тактика менен стратегия зарыл. Ша-миль Атаханов. 2013-ж ., 13-апрель.

Page 157: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

156 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

“Чек арага чектеш жерлердин маселесин өз убагында чечүү – кошуналар ортосун-дагы жакшы мамилелердин милдеттүү шарты», - деп эсептейт Эксперттик жумуш-чу топтун жана Ташкенттеги (Өзбекстандын борбору) аналитикалык борбордун жетекчиси Сухробжон Исмаилов, чыр-чатак жөнгө салынбагандыгын эскертип. «Азыр да, убактылуу тынчтык орун алгандыгына карабастан, мен маселе чечилди деп ойлобойм. Келечекте ачууга алдырган ушундай жагдайларды эки тараптан да күтүүгө болот», - дейт ал.

Кайсы тараптан болбосун тез жооп кылуу Кыргызстан менен Өзбекстан чектеш-кен Сохтун айланасында эле эмес, бөлөк кошуналар менен да чек ара сызыкта-рын тескөө кандай кыйын болуп жатканын көрсөтөт.

Жаңы мамлекеттердин пайда болушу жана көбүнчө бүдөмүк чек араларды бел-гилөө жана тактоо иштеринин созулушу Фергана өрөөнүндөгү чек арага танапташ элди суу менен камсыздоонун жана жайыттардын салттуу булактарынан ажы-ратып, алар мурдагыдай ээн-эркин каттоо мүмкүнчүлүнөн кол жуушту. Мындан тышкары, расмий чек ара тосотторунан өтүп жатышкан жолоочулар адатта кем-синтүүлөргө, талап-тоноолорго тушугушат. Ал эми белгиленбеген участкалардан өткөн кишилер өмүрүн тобокелге салышат.213

Ошентип, чек ара чыр-чатактары чектеш мамлекеттердин чек ара танабында жашаган калкынын табигый тартыш ресурстарды, байланыш жана суу чарба ин-фратүзүмүн пайдалануу укугун өз ара дагы, чек арада аракеттенген мамлекеттик кызматтар менен дагы талашуусунан чыгат. Юридикалык жактан таризделбеген мамлекеттик чек ара сызыктары көп болгондуктан, тараптардын чек ара чөлкөмүн-дө чарба иштерин жүргүзүүгө аракет кылуу чыр-чатактын чыгышына түрткү болот.

Өзбекстан Республикасынын Сох анклавындагы чек ара чыр-чатактары

Көз карандысыздык жылдарындагы кыргыз-өзбек мамилесинин өнүгүшү ар түрдүү маселелер боюнча убактылуу чечимдерге жетишүү менен аргасыз катнаш түзүү мүнөзүндө болду. Өзбекстан Республикасы (ӨР) менен Кыргыз Республи-касынын (КР) ортосунда жаралган негизги көйгөйлөрдүн басымдуу бөлүгү дале болсо чечиле элек.

Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара сызыктарын аныктоо этабындагы пикир ке-лишпестиктерге негизинен сүйлөшүүлөрдө укуктук негиз катары ар түрдүү мате-риалдарды пайдалангандык себеп болууда. Өзбекстан 1924-1927-жылдардагы, Борбордук Азия элдери СССРдин курамына киргенден кийин аныкталган улут-тук-аймактык бөлүштүрүү документтерине таянып келет.214 Кыргыз Республикасы 1955-жылдагы республика өкмөттөрүнүн тең укуктуу комиссиясы аткарган (доку-ментке ошол учурда иш жүзүндө иштетилип жаткан жерлердин негизинде респу-бликалар ортосундагы чек ара сызыгы бекитилген) иштин жыйынтыгын пайдала-нуу туура деп эсептейт.213 Беспорядки в анклаве на территории Кыргызстана. Алтынай Мырзабекова, Инга Сикорская, Анвар Халда-ров,www.iwpr.net/ru/ report-news/беспорядки-в-анклаве-на-территории-кыргызстана, 11 января 2013-жыл 214 Дмитриев Алексей. Узбекистан и Киргизия поссорились из-за 27 километров границы// Новые известия, 19.02.2004.

Page 158: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

157ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

Кыргыз ССРи менен Өзбек ССРинин ортосундагы административдик чек ара сызыктарынын айрым участкаларындагы өзгөртүүлөр мындай жол-жоболорго компетенциясы жана укугу жок органдар тарабынан жүргүзүлүп, ошол учурдагы мыйзамдарга ылайык таризделбегендиктен, азыркы кезде чек араларды аныктоо кыйын болууда. Мисалы, жерлер алмашылып же алар кошуна колхоздор менен совхоздор ортосунда убактылуу пайдаланууга берилип турган. Алмашуу маселе-си ушул чарбалардын же райондордун деңгээлинде чечилип, буга мыйзам боюн-ча жол коюлбаган. Кыязы, Советтер Союзунун тутумунун өзү мындай мыйзамсыз алмашууларга жол коюп, кийин ал жерлер чек арага танапташ жашаган элдин аң-сезиминде мыйзамдуу бүтүм катары кабыл алына баштаган окшойт. Бирок мамлекеттик чек араны тактоо боюнча иштер жүрө баштаганда мындай бүтүмдөр ачыкка чыгып, алардын мыйзамсыздыгы аныктала баштады. Бул документтердин мыйзамдуулугун аныктоо маселеси келип чыкты.215

КР Президентинин администрациясынын маалыматы боюнча 2011-жылдын башында делегациялардын деңгээлинде 1378,44 км чек ара сызыгынан узундугу 1058,83 км болгон бөлүгү макулдашылган. Бирок тараптардын позициясы жалпы узундугу 320,3 км болгон 61 участка боюнча айырмаланат.216

Төмөндө Кыргыз Республикасынын чегинде жайгашкан Өзбекстан менен Та-жикстандын анклавдарынын чегинде акыркы эки жыл аралыгында орун алып, мамлекеттер аралык мамилелерде жана ар бир өлкө ичинде уу-дуу жараткан өтө орчундуу этно-аймактык чыр жаратуучу кырдаалдарды караштырабыз. Алар чыр-чатактардын очогу бүгүнкү күнгө чейин сакталын жатканы жана кырдаалдын курчуп кетүү ыктымалдыгы менен да кызыгуу туудурат.

1-сүрөт: Кыргыз Республикасынын аймагындагы Өзбекстандын Сох анклавы

Булак: www.kg.akipress.org

215 Аламанов Саламат. Кыргызско-узбекские границы: http://www.24.kg. 20.07.09. Мындай документтерге негиз-делген чек аралар макулдашууда кыйынчылыктарды жаратты. 216 КР Президенти администрациясынын басма сөз кызматы.10.02.2011: http://www.аkipress.kg.

Page 159: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

158 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Сох анклавында Өзбекстандын Фергана облусунун Сох административдик райо-ну орун алып, чыгыштан Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай району, ал эми батыштан Баткен району менен чектешет. Маал-маалы менен курчуп жаткан чыр-чатактуу кырдаалдар тараптардын калктуу конуштары менен чарба жерлери аралашып калып, чегараны тактоо жана белгилөө иштери аткарылбагандыгы ме-нен байланышкан.

Кадамжай районундагы чек ара маселеси

Кадамжай менен Сох райондорундагы чек аранын чектеш сызыгынын негизги бөлүгү өлкө делегацияларынын сүйлөшүүлөрүндө макулдашылгандыгына ка-рабастан, ири чатактын очогу катылып жаткан «Чечме» участкасынын маселе-си али да чечилбей калууда. Бул участкадагы талаштын объектиси Чечме (КР) жана Чашма (ӨР) конуштарынын калкын суу менен камсыз кылуучу агымынын саны 400л/сек жакын «Чечме» булагы болуп эсептелет. Акыркы жылдардагы суу бөлүшүүгө байланышкан кырдаалды Чечме айылынын тургуну Абдусалам Сайпидинов жакшы баяндап берди. Анын айтканына караганда, булак суусунун 95%ы Сох районуна карай акса, ал эми 2 арык менен келүүчү суунун калган бөлү-гү «көптөгөн жер-жемиштерди, мөмөлүү бактарды өстүргөн кыргыз айылы үчүн дайыма жетиштүү болчу. Бирок кошуналар акыркы 2-3 жылдын ичинде бул эки арыктагы сууну башынан бекитип салууну адатка айлантышты».217

Сугат суусунун айынан пайда болгон талаштар ар бир жазда кайталанып, жай бою улантылганы табигый иш. Чек ара танабындагы талаштар, суу жана аталган булак менен шартталган эки тараптын тең жаштарынын тирешүү фактылары бир нече жолу байкалган. Аймакта талаштарды күчкө салып чечүү усулун пайдалануу оожалып жаткандыгын жана Чечме айылында 1,000, ал эми Чашма айылында 17,000 киши жашагандыгын, ошондой эле суу пайдалануу маселеси али да жөн-гө салынбагандыгын эске алганда, бул жерде чыр-чатак деңгээли жогору бойдон калып жатат. Этно-аймактык чыр-чатактарды жылдар бою чечкенден көрө алдын алган оңой болорун дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүүдө.

Баткен районунун чек арасындагы маселелер

Баткен району менен Сох анклавынын чектеш чек арасында мамлекеттик чек ара сызыгы боюнча тараптар жалпы чечимге келе элек 7 участка бар. Аларга эки өл-көнүн калктуу конуштары жана алардын айыл чарба жерлери танапташ жайгаш-кан. Ал эми чек ара сызыгы боюнча бир пикирге келүү кыйынчылыгы бул айыл калкынын чарба жүргүзүүдөгү пикир келишпестиктери менен байланышкан.

Аталган чек ара танабындагы аймактарда болуп өткөн окуялар кайсы гана та-раптын болбосун калпыс аракети адам курмандыктары жана материалдык ба-алуулуктарды жок кылуу менен коштолгон этно-аймактык чыр-чатактарга түрткү болорун көрсөттү.

217 Биздин сууларды эмне үчүн өзбек аскерлери коргошот? Булак: «Defacto» гезити, № 19 2012.15.03. / 9-б.

Page 160: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

159ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

Улуттар ортосундагы эл аралык мүнөздөгү чыр-чатак дайым чыгып турган участ-калар – кыргыз айылдары Согмент менен Чарбак (Кыштуу айыл округуна ка-раштуу) жана өзбек айылы Хушьярдын аймактары чектешкен Сох анклавынын түштүк-батыш булуңу.

Анклавда жашаган өзбек жана кыргыз чек арачыларынын ортосундагы биринчи кагылышуу 2010-жылы 26-майда, кыргыз чек арачылары Сохтун тургундарынын малын алар мурдатан пайдаланып жүргөн Кыргызстандын жайыттарына (ошон-до ижара акысы төлөнбөгөн) өткөрбөй койгондо башталган. Хушьяр айылынын тургундары өз көйгөйлөрүнө күч менен көңүл бурдурууга аракеттенип, 2010-жылы 26-майда Хушьяр аркылуу Согмент кыргыз айылына төрт автоунаада өтүп ба-раткан жүргүнчүлөрдү – Кыргызстандын жарандарын сабап салышкан. Кийинки күнү өзбектерди кызыктырган жайыт жайгашкан Хушьяр менен Согмент айылда-рынын чегинде ар бир тараптан 300-500дөн киши чогулду.

2010-жылы 29-майда Хушьярдын тургундары автоунаа жолу менен Чарбак ай-ылына баруучу суу түтүктөрүн бузуп салышты. Буга жооп кылып Баткен облусу-нун тургундары Жаш-Тилек айылына жакын жерде өзбектердин Риштан шаарына кетүүчү жолду таш менен тосушту.

2010-жылы 30-майдагы сүйлөшүүлөрдө өзбек анклавынын башчылары кыргыз жайыттарын акысыз өткөрүп берүү талабын коюшту, ал эми кыргыз айылы Сог-менттин калкы буга такыр каршы болгондуктан, сүйлөшүүлөр натыйжа берген жок. Кыргызстандын чек ара кызматы Баткен облусунда жайгашкан Өзбекстан менен болгон чек арадагы өткөөл пункттарын жаап салды. Ошентип, бүтүндөй Сох анклавы бөлүнүп калды.

2010-жылы 31-майда Баткен облусунун тургундары кайрадан Өзбекстандын Риштан шаарына кеткен жолду бууп салышты. Өзбекстан чатак жүз берген жерге республиканын беш районунан 1,000 жакын атайын даярдыктагы жоокерлер ме-нен милиция кызматкерлерин тарткан. ЖМКнын маалыматы боюнча өзбек тарап-та бронетехника байкалган.

2010-жылдын 1-июнунда Кыргызстандын Баткен облусунун губернатору Султан-бай Айжигитов менен Өзбекстандын Фергана облусунун губернатору Хатимжон Мусаевдин, эки өлкөнүн чек ара кызматынын жетекчилеринин, чек арага чектеш райондордун милиция башчыларынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрдү. Өзбек та-рап аскерлери менен оор бронетехниканы Сохтон чыгарып кетүүгө даяр экенди-гин билдирди, ал эми кыргыз бийликтегилери өзбектерге жайыт берүүнүн жол-жо-босун иштеп чыгууга макул болду.

2010-жылдын 2-июнунда Өзбекстан 1999-жылкы Баткен окуяларынан бери анклавда турган бронетехникасын чыгарууга киришти. Баткен чек ара отрядынын Чечме күзөтүндө 42 бирдиктеги брондолгон техника чогулуп, Кыргызстандын Бат-кен облусунун аймагы аркылуу Өзбекстандын Фергана облусуна өтүп кетти. Бул чатак басылды, бирок убактылуу гана.

Эки тарап үчүн тең кесепети оор болгон кезектеги чыр-чатак 2013-жылдын 5-9-ян-варь күндөрү болуп өттү. Жаңжалга Баткен чек ара черүүсүнө караштуу кыргыз чек арачыларынын «Чарбак» чек ара тосотун электр кубаты менен камсыздоо максатында өзбек айылы Хушьярдын аймагында бир катар электр мамыларын орнотуусу себеп болду. Алардын 5өө жогоруда аталган айылдын чегинде орно-

Page 161: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

160 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

тулуп, кагылышууга себеп болду. Жаңжалга жүздөгөн жарандар менен ондогон аскер кызматкелери катышып, эки тараптан тең көп киши жабыр тартып, ири көлөмдөгү материалдык чыгаша болду.

Кырдаалды билгендик2013-жылдын 5-январында чек арачыларга Чарбак айылынын жергиликтүү тур-гунунан чегара тосотунун жанында Сохтон 50-60 киши чогулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жыйындын себебин аныктоо үчүн алар менен жолугушууга чек ара тосотунун башчысы зардалы келгенде Сохтун тургундары мамылар Өз-бекстандын аймагына орнотулгандыгын айтышты. Чек ара тосотунун зардалы Сохтук тургундар тобунун башчыларына 6-январда бул участкага мамы орнотуу сызыгын тактоо үчүн КРнын чек ара кызматы менен Мамкаттоонун өкүлдөрү ке-лерин жана өзбек тараптын дооматына жооп бериле тургандыгын кабарлады. Ки-шилер кыжырданып, коркутууга киришти. Чек арачылар эки жолу эскертүүчү ок аткандан кийин тарап кетишти.

Кийинки күнү, 6-январда, ал жерге Сох айылынын жарандары чогулду. Алгач 200 киши топтолуп, өз дооматтарын коё башташты. Адамдар мамылар бул жерден алынат деген сөзгө кулак салбастан, кыргыз тараптан катышып жаткан мили-ционерди ур-токмокко алышты. Кишилерди токтотуу үчүн чек арачылар абага эскертүүчү ок чыгарды. Адамдар бир аз тынчтангандан кийин, милиционерди ажыратып алышты. Бир канча убакыт өткөндөн кийин чек арадагы кишилердин саны көбөйө баштады. Бул учурда өзбек чек арачылары жетип келишти, бирок аламан мамыларды жыгыта баштаганда, алар токтото алган жок. Бир эле убакта кыргыз жарандары менен унаалардын барымтага алынгандыгы, айнектердин ча-гылгандыгы жөнүндө маалымат келип түшө баштады.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Сох анклавындагы кырдаал тууралуу түшүндүрмө берген жок. Анын кызматкери Kloop.kgнын кабарчысына: «Басма сөз катчысы азыр жок», - деп койду.

7-январь, саат 11лерде чыр чыккан жерге өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйга-рым укуктуу өкүлү Жеңиш Раззаков, Кадамжай районунун бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн башчылары келишти. Саат 11:15 КРнын мамлекеттик «Кабар» маалымат агенттиги Кыргызстандын 22 жа-раны барымтага алынгандыгы тууралуу кабарлады. «Кыргызстандын Мамлекет-тик чек ара кызматынын төрагасы Закир Тиленов, Баткен облусунун губернатору Жеңишбек Разаков жана Баткен районунун акими өзбек анклавы Сохтун айма-гында барымтага алынган 22 кыргызстандыкты бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрлөр жүрүп жатат», - деп маалымдайт «Кабар».218

7-январда саат 12:15те «Киртаг» маалымат агенттиги жергиликтүү тургундарга шилтеме жасап, Сох анклавынын аймагында кыргыз жана өзбек жарандары-нын ортосунда атышуу болгондугун маалымдады. Такталбаган маалыматтарга ылайык, эки адам каза болгондугу кабарланган. Саат 12:32де Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Маматжан Бердишев Сох анклавындагы атышуу тууралуу «Киртаг» маалымат агенттигинин маалыматын

218 www.kabar.kg/rus/incident/full/47209

Page 162: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

161ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

четке какты. «Атышуу болгон эмес. Биздин чегарачылар чек ара тосотуна миңден ашуун адам (өзбектер) жакындап келгенде эскертишип, жөн эле асманга атышты. Жабыркагандар жок», - деди ал.219 Ошол эле учурда «Азаттык» радиосу Өзбек-стандын аймагында Кыргызстандын 13 жараны барымтага алынгандыгы туура-луу маалымдады. Ошол күнү Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлү-гүнүн басма сөз катчысы Маматжан Бердишев Kloop.kgге берген маегинде 20га жакын киши барымтага алынганын билдирип, бирок адамдардын так санын айта албады. Анын сөзүнө ылайык, алгач Кыргызстандын 40 жараны кармалып, Сох анклавынын жергиликтүү бийликтегилери менен Кыргызстандын Баткен облусу-на караштуу Кадамжай районунун бийликтегилери катышкан сүйлөшүүлөрдөн кийин 14 киши бошотулган (негизинен аялдар менен балдар). Бердишевдин айтымында, барымтада жалаң эркектер, аскер эмес жарандар калган. Кармал-гандардын баары – өзбек Сох анклавы менен чектешкен жерде жайгашкан Чар-бак айылынын тургундары.

Эртелеп алдын алуу тутумуЭртелеп алдын алуу жана эрте жооп кылуу чек ара танабындагы көйгөйлөрдү өз убагында жана натыйжалуу чечүү үчүн маанилүү шарт болуп эсептелет. Бардык чыр-чатактардын өнүгүшү мамлекеттик башкаруунун вертикалдык тутуму эртелеп алдын алуу тутумун ар түрдүү деңгээлдеги мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосунда ушундай тутумдун зарылдыгын тастыктап турат. Ошол эле учурда чыр-чатактар-ды жөнгө салуу процессине кеч аралашканда, бул тутумдун ишинин натыйжасыз болору байкалат. Бул чыр-чатактуу кырдаалдарга бийлик түзүмдөрүнүн аракет стратегиясы жана тактикасы иштелип чыкпагандыгы менен байланышкан. Анан жогоруда айтылгандай, чыр-чатактуу кырдаалдар мезгил-мезгили менен чыгып турат.

2010-жылы майда Согмент (КР) жана Хушьяр (ӨР) айылдарынын тургундарынын ортосунда жүз берген чатактын чыкпай калбастыгын болжолдосо болот эле, ант-кени мал жайыты боюнча өз дооматтарын койгон Сохтун тургундарынын бул ор-чундуу маселелерди чечүүнүн башка мүмкүнчүлүгү жок болчу. Ошондуктан чечил-беген маселенин негизинде тынымсыз ырбап жаткан чыр-чатактардын шартында тараптардын жергиликтүү бийликтегилеринин аракетсиздигин түшүндүрүү кыйын.

2013-жылдын январында болуп өткөн чыр-чатакка байланыштуу митингге чык-кандар Бишкекте Ак үйдүн алдына чогулушкан. Алар бийликтегилердин Сохтун айланасындагы чыр-чатакка кечигип (ал башталгандан бир күндөн кийин) жооп кылгандыгына нааразылык билдиришкен. Бул тууралуу окуя болуп жаткан жерден Kloop.kg кабарчысы Алексей Ким минтип кабарлайт:220 «Митингчилердин алдына парламенттин «Ата-Журт» оппозициялык партиясынын депутаттары Улугбек Коч-коров менен Курманбек Осмонов чыгышты. Экөө тең митингчилердин талапта-рын парламенттин отурумунда угузууну убада кылышты».

219 http://hronika.kloop.kg/category/bez-rubriki/page/143/ 220 http://kloop.kg/blog/2013/01/07/hronika-13-ky-rgy-zstantsev-v-zalozhnikah-posle-konflikta-u-anklava-soh/

Page 163: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

162 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Чечим кабыл алуу процесси2013-жылы январда чыккан даги бир чыр-чатак учурунда Коргоо Кеңешинин кат-чылыгын жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органда-ры тарабынан төмөнкүдөй чаралар көрүлгөн:

• 7-январда таң эрте КР чек ара ведомствосунун жетекчиси Закир Тиленов менен ӨР чек ара аскер башчысынын ортосунда телефондук сүйлөшүү болуп өттү. Алар жагдайды турукташтыруу боюнча чогуу чара көрүү үчүн жолугушууга макулдашты.

• ӨР Фергана облусунун хокими өзү менен Фергана облусунун ИИБсынын башчысы экөөн КР МЧКсынын «Кайтпас» өткөөл пункту аркылуу Сох анклавына өткөрүүнү суранышкан. Алардын өтүнүчү канааттандырылган.

• Чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу маселеси боюнча КРнын Баткен облусунун губернаторуна ӨРнын Фергана облусунун хокими менен жолу-гушуу, эки тараптын калкынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды.

• Сох анклавынын тегерегиндеги чек араны көзөмөлдөө пункттары абал ту-рукташканга чейин убактылуу жабык бойдон калды.

• КРнын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин тапшырыгы боюнча КРнын ички иштер министри Баткен облусуна жөнөтүлдү.221

7-январда саат 16:00дө Өзбекстандын чек ара аскеринин маалымат баракчасы таратылып, анда «Чарбак» чек ара тосотунун аскер кызматкерлери өзбек тарапты кабарландырбай туруп өз алдынча электр мамыларын орното баштаганы маа-лымдалат.222 Бирок Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Маматжан Бердишев мурдараак Kloop.kg кыргыз чек арачылары өзбек тарап менен мурда баарын макулдашканын билдир-ген эле.223

ӨР чек ара аскеринин маалыматы боюнча Өзбекстандын чек арачылары кыр-гыз аскерлерин токтотууга жана чатакты алдын алууга аракет кылышкан. «Бирок кыргыз тарап макулдашпай эле, бул аймак Өзбекстан Республикасына таандык экендигин биле туруп, мамыларды орнотуу боюнча ишин уланта берди, натый-жада Хушьярдын тургундары менен Кыргызстандын аскер кызматкерлерлеринин ортосунда чатак чыкты»224 » , — деп жазылган маалыматта. Маалымат баракча-сы боюнча жаңжалдын натыйжасында кыргыз чек арачылары курал колдонушуп, Өзбекстандын беш жаранын жаралаган. Алардын абалы өтө оор деп айтылган. Ошондой эле Өзбекстандын укук коргоо органдары жазык ишин козгоп, иликтөө жүрүп жатканы да көрсөтүлгөн.

Саат 16:07де МЧКнын башкы штабынын зардалы Искендербек Мамбеталиев өз-бек бийлигинин Өзбекстандын жарат алган жарандары тууралуу билдирүүсүн тө-гүнгө чыгарды. Анын айтканына караганда, кыргыз чек арачылары эскертүү үчүн абага гана ок чыгарышып, кишилер тарапка аткан эмес. Ал Kloop.kgнын кабарчы-

221 www.president.kg/ru/apparat_prezidenta/sovety_pri_prezidente/sovet_oborony/informatsija_soveta_oborony/ 222 http://kloop.kg/blog/2013/01/07/hronika-13-ky-rgy-zstantsev-v-zalozhnikah-posle-konflikta-u-anklava-soh/ 223 Ошондо. 224 Ошондо.

Page 164: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

163ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

сына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укук-туу өкүлү менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы жана эки өлкөнүн че-гара кызматтарынын жетекчилери бүгүн жолугуша тургандыктарын тастыктады.

16:13тө МЧКнын башкы штабынын башчысы Искендербек Мамбеталиев Kloop.kgнин кабарчысына барымтага алынгандарды жакын арада бошотушарын айтты. Анын сөзүнө караганда, алар 150 чамалуу киши. Өзбекстандын укук коргоо орган-дары аларды Хушьяр айылынын айылдык ооруканасына алып барышкан жана жергиликтүү элден коргоп турушат. «Хушьяр калктуу конушунда кырдаал өтө курч, 15-20 чамалуу биздин жарандар ооруканада, аларды Өзбекстандын Сох району-нун укук коргоо органдарынын күч түзүмдөрү кайтарып жатышат»225, — деди ал.

2013-жылдын 7-январында саат 16:20да барымтадагылар бошотулду. МЧКнын башкы штабынын башчысы Искендербек Мамбеталиев алардын 16 киши болгон-дугун кабарлады. Ушундан кийин Бишкекте мурдараак башталган митинг токтоду.

Ошентип, чыр-чатак эки тараптын тең борбордук бийлигинин (чек ара кызматы-нын, ИИМ, ТИМдин жетекчилери) кийлигишүүсү менен токтотулду. Бул окуяда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн иш-аракеттеринен майнап чыкпай калган соң эки тараптын бийлигинин борбордук органдарынын өкүлдөрү чыр-чатакты ток-тотууга катышууга аргасыз болушту.

Эл аралык мамилелерЧек ара чыр-чатактарын тынчтык жолу менен чечүүдөгү эл аралык уюмдардын ролу жөнүндө айта турган болсок, ЕККУнун ал кездеги төрагасы, Украинанын тышкы иштер министри Леонид Кожар 2013-жылы Кыргызстан менен Өзбекстан-дын ортосунда чыккан Сохтогу чек ара чатагына өзгөчө кабатыр болгондугун билдирди. «Мен кармалган адамдардын бошотулгандыгын колдойм. Көйгөйлөр тынч жол менен, баарлашуунун негизинде чечилиши керек. ЕККУ өтүнүч менен кайрылуу болгон учурда өз мандатына ылайык мындай процесстерге көмөк көр-сөтүүгө даяр»226 , - деп белгиледи Кожар. ЕККУ жана башка эл аралык уюмдар Сох анклавынын айланасында чыккан чыр-чатактарды жөнгө салууга түздөн-түз тартылышкан эмес.

Кызматташуу жана координациялооБул жана төмөндө айтыла турган чыр-чатактарды тескөөгө бейөкмөт уюмдар (БӨУ), ыктыярдуулар, эл аралык уюмдар кыйыр түрдө гана катышкандыгын бел-гилей кеткенибиз оң. Чек ара танабындагы маселелерди түздөн-түз мамлекет-тик түзүмдөр, т.а. эки өлкөнүн укук коргоо органдары менен чек ара кызматтары тескөөгө жетишти.

Бирок бир нече жылдан бери бир канча эл аралык уюмдар менен жергиликтүү бейөкмөт уюмдар чыр-чатактарды болтурбоо үчүн эртелеп алдын алуу тутумун түзүү аракетин көрүштү. Облустун жана райондун бийликтегилери бул жаатта-гы эл аралык уюмдар менен БӨУлардын долбоорун ишке ашырууга жигердүү 225 Ошондо. 226 www.turmush.kg/ru/news:39615

Page 165: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

164 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

катышты. Демөөрчүлөрдүн төмөндө аталган долбоорлорун турмушка ашырууда мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлерини даремети чабал экендиги көрүнүп калды. Тилекке каршы, айлык акынын аздыгы жана социалдык кепилдиктердин начардыгы мыкты кесипкөй адистердин облустук жана райондук администраци-яларга, айыл округдарына тартылуусуна бөгөт болууда. Даремети начар кызмат-керлер маселелерге талдоо жүргүзүп, аларды жөнгө салуу боюнча чараларды иштеп чыга алышпайт. Мамлекеттик түзүмдөрдөгү жана жергиликтүү өз алдын-ча башкаруу органдарындагы (ЖӨБО) аталган тармак боюнча окуп-үйрөтүлгөн адистердин башка ишке өтүп кетиши же мамлекеттик кызматтан такыр эле кетип калышы эртелеп алдын алуу ишмердигине терс таасирин тийгизип жатат.227

«Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдун фонду (ЭТКФ) чек арага чектеш рай-ондордо жигердүү иштеген бейөкмөт уюмдардын бири болду. 2005-жылдын июлу-нан баштап 2008-жылдын январына чейин ЭТКФ чыр-чатактарды болжолдоо жана иликтөө механизмдерин түзүү, алдын алуу чараларын көрүү аркылуу саясий чыр-чатактардагы зомбулукту алдын алуу максатында демилгеленген «Зомбулук-ту болтурбоо үчүн эртелеп алдын алуу» долбоорун жүзөгө ашырды. Долбоордун демилгечиси ЭТКФ менен Шайлоо тутумдарынын эл аралык фонду (International Foundation for Electoral Systems) болуп, ЕККУ, БУУӨП ошондой эле Швейцария жана АКШ өкмөттөрү тарабынан каржыланган. Өкмөттөгү кырдаалды тыкыр бай-коо үчүн аталган долбоор тарабынан жарандык коомдун жигердүүлөрүнөн, ака-демиялык сектордун, ЖМК жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган байкоочулардын («мониторчулардын») улуттук желеси түзүлгөн. 36 «мониторчу» бүткүл өлкө боюнча байкоо жүргүзүп, эртелеп алдын алуу борбору (ЭАБ) менен тынымсыз байланышта болуп турду.

Алынган маалыматтар ЭАБда иштелип чыгып, зомбулукту болтурбоо боюнча сунуштар даярдалган жана “Еженедельные вестники” басылмасына жарыялан-ган. Ошондой эле ЭТКФнын Баткен облусундагы кеңсеси тарабынан чыр-чатак-туу кырдаалдарды талдоо, чатактардын андан ары өрчүү сценарийинин жана аларды чечүү тууралуу сунуштарынан турган отчету даярдалып,228 мамлекеттик түзүмдөргө жөнөтүлгөн.

Чек ара танабындагы маселелерге арналган Эл аралык уюмдардын (БУУӨП, ЕККУ, Эл аралык кризистик топ) отчеттору көп учурда маалыматтык материал ка-тары окуп-үйрөнүлбөстөн, мамлекеттик органдардын текчелеринде жата берген.

Айрым чыр-чатактуу кырдаалдар тууралуу борбордук бийликтегилер жакшы ка-бардар болгондугуна карабастан КРнын чек ара кызматындагы адистер жана анын жетекчилери тез-тез алмашып тургандыктан, алар чыр-чатактарды учурун-да жана алдын ала жөнгө салуу боюнча тийиштүү усулдар менен көндүмдөргө ээ болгон эмес. Мындан тышкары, кээ бир маселелерди чечүүгө бийликтегилердин саясий эрки жеткен эмес. Чынында, жергиликтүү бийлик менен укук коргоо ор-гандары мындай чыр-чатактарда өрт өчүрүүчүлөр сыяктуу шашкалактап аракет кылышкан.

227 Мисалы, БУУӨП отчеттук мезгил аралыгында Баткен облусунун губернаторлорунун 14 орунбасары менен кызматташкан 228 “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондунун Баткен филиалынын КРнын Баткен районундагы Чарбак айылы менен ӨРнын Сох районундагы Хушьяр айылынын тургундарынын ортосундагы чырдуу окуя тууралуу анали-тикалык отчету.

Page 166: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

165ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

Ошентип, чек ара маселелерин эртелеп алдын алуу тутумун (ЭАТ) жана эрте жөнгө салуу тутумун түзүү жана ишке киргизүү аталган мезгил аралыгында жак-шы натыйжаларды берди, бирок муну менен бир катар кыйынчылыктар да болду. ЭАТты түзүү бардык кызыкдар тараптардын – мамлекеттик түзүмдөр, эл аралык уюмдар, жарандык коом, жергиликтүү эл, соода коомдоштуктары жана ЖМК – жалпы жана координациялуу аракеттерин талап кылат. Мындан тышкары, анын ийгиликтүү иштеши үчүн процесстин бардык катышуучуларынын ишеними, ат-карылып жаткан ишмердиктин ачык-айрымдыгы жана бардык тараптардын жи-гердүү катышуусу зарыл.

Мурда чек ара чыр-чатактары эреже катары жылдын жылуу мезгилинде гана, жаз-дан күзгө чейин чыгып турчу. Акыркы эки-үч жыл ичинде чыр-чатактар жыл айлана турган мүнөзгө ээ болуп калды. Ушуга байланыштуу Фергана өрөөнүнүн чегарага чектеш коомдоштуктарындагы чыр-чатактарга бөгөт коюу жана аларды жөнгө са-луу үчүн эртелеп алдын алуу болуп көрбөгөндөй орчундуу болуп турат.

ЖоопкерчиликЧек ара танабындагы болуп турган ӨКны жөнгө салуу үчүн райондук мамле-кеттик акимчиликтин башчылары,229 жана облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү жооптуу болот.230 Өзбекстан Республикасынын Сох анклавында жүз берген чыр-чатактарды жөнгө салууга негизинен жергиликтүү бийликтегилер: Баткен об-лусунун ыйгарым укуктуу өкүлү менен Кадамжай жана Баткен райондук мамле-кеттик акимчилигинин башчылары, ошондой эле укук коргоо органдары: КР УКМК-сы, КРнын чегара кызматы жана Баткен облусунун ИИБсы тартылган. Борбордук бийликтегилерден КРнын ички иштер министри Шамиль Атаханов жана КРнын тышкы иштер министрлиги катышкан.

Чыр-чатактарды жөнгө салуудагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү (мисалы, Бат-кен облусундагы) менен райондук мамлекеттик акимчиликтин башчыларынын (мисалы, Кадамжай менен Баткен райондорунун) ортосундагы жоопкерчилигин так айырмалап көрсөткөн документ жок, бирок мыйзамдарга ылайык аларга баш ийген чек арага чектеш аймактардагы чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу мил-дети ошолорго жүктөлөт.

2012-жылдын 18-июндагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мый-замга ылайык, КР өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү облустун айма-гында укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле мамлекет-тик чек араны коргоо боюнча укук коргоо органдарынын ишмердигин багыттайт жана көзөмөлдөйт.231

КРнын коргоо, укуктук тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-ми-нистри Токон Мамытовдун сөзүнө караганда, «2010-жылдагы июнь окуялары-нын айынан жана 2010-2011-жылдардагы парламенттик жана президенттик шайлоолорго байланыштуу жаңы бийликтегилер чек араларга көңүл бурган эмес.

229 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамы, 2011-жыл, 14-июль, №96, Бишкек ш. 230 Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамы, 2012-жыл, 18-июнь, №85, Бишкек ш. 231 Ошондо.

Page 167: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

166 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Чек араларга 2012-жылдан баштап көңүл бура башташты. Парламент чек ара та-набындагы айылдарга өзгөчө макам берүү менен байланышкан мыйзам долбоорун кабыл алды. Чек ара кызматы президентке баш ийген өзүнчө орган болуп УКМКдан бөлүнүп чыкты. Өкмөт чек арачылардын айлык акысын көбөйттү. Экономиканын оор абалына карабастан, өкмөт чегара кызматын колдоо үчүн 340 млн. сом тапты».232

КР Өкмөтүнүн кийинки аракеттери облустардагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүл-дөрүнүн вазийпасына чек араны аныктоо менен бир катарда социалдык мекеме-лер үчүн имараттарды, жолдорду куруу, чегараны коргоо үчүн инженердик курулма-ларды тургузуу ж.б.у.с. чек ара танабындагы айылдардын социалдык көйгөйлөрүн чечүү маселеси да кирерин көрсөттү.

Мыйзамдуулук жана милдеттенмелерКыргыз-өзбек чек арасын тактоо жана белгилөө маселесинин айланасында түзүл-гөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстан менен Өзбекстандын бийликтегиле-ри таянууга тийиш болгон (КР менен ӨР катышуучусу саналган) эл аралык кели-шимдер төмөнкүлөр:

• 1991-жылдын 8-декабрындагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктеш-тигин түзүү жөнүндөгү Келишим.233 Келишимде Шериктештик алкагында-гы чек аралардын кол тийбестиги баса көрсөтүлүп, жарандарынын бул мамлекеттердин ичинде жүрүү эркиндиги кепилдикке алынган. Аталган Келишимдин алкагында үч Декларация кабыл алынган: 1991-жылдын 1-декабрындагы Алма-Ата Декларациясы, 1992-жылдын 14-февралын-дагы Минск Декларациясы жана 1994-жылдын 15-апрелиндеги Москва Декларациясы. Бул Декларацияларда КМШ өз ара карым-катнашында көз карандысыздык принциптеринин аткарылышын, аймактык бүтүндүктү жана мамлекеттик чегаралардын бузулбастыгын камсыз кылат деп айты-лат. Ошондой эле күч колдонуп аймакты басып алууга жол коюлбайт, ал эми бөлөк мамлекеттин аймагын ээлеп алуу же аймактын укуктук макамын өзгөртүүнү таңуулоо эл аралык жааттан таанылбайт.234

• 1996-жылдын 23-майындагы эл аралык келишимдердин укугу тууралуу Вена конвенциясы235

• КР менен ӨР ортосундагы эки тараптуу келишимдер:

• 1997-жылдын 5-июлунда КР Мыйзамы бекиткен Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук тууралуу №48 келишим. Келишимде кол койгон тараптар көз карандысыздыкты, эгемендикти, аймактык бүтүндүктү жана эки мамлекеттин чегараларынын

232 Токон Мамытов: «Эгер Кудай деп карап отура берсек, жерибизден айрылып калабыз» http://m.gezitter.org/interviews/17216_tokon_mamyitov_deputat_fraktsii_ar-namyis_esli_budem_otlejivatsya_upovaya_na_boga_myi_mojem_lishitsya_svoey_zemli/#messages_comment_list 233 Өзбекстан Республикасы үчүн 1992-жылдын 4-январынан, Кыргыз Республикасы үчүн 1992-жылдын 6-мар-тынан тартып иштейт. 234 Депутат Исмаил Исаковдун КР Президенти Алмазбек Атамбаевге жазган ачык каты 235 Эл аралык келишимдердин укугу жөнүндө Вена конвенциясынын 25-беренесинде жарыяланган белгилүү Рaсtаsuntservanda принциби. Ал ар бир аракеттеги келишимди кол койгондор үчүн милдеттүү түрдө, ак ниеттен аткарылууга тийиштигин да аныктайт.

Page 168: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

167ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

бузулбастыгын сыйлоонун негизинде жана бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө, тең укуктуулук жана өз ара пайда принциптеринде карым-кат-нашты жигердүү өнүктүрүүгө даяр экендигин ырасташары белгиленген;

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын бири-бирине каттап турушу жөнүн-дө 2006-жылдын 3-октябрдагы келишими.

Адам укуктарыБУУ, ШКУ жана КМШнын алкагында келишимге кол койгон бардык катышуучу өл-көлөр келишимдердин бардык пункттарын сактоого, т.а. аймактык бүтүндүк менен чек аралардын бузулгустугуна доо келтирбеши керек. Бирок бул кабыл алынган жана кол коюлган эл аралык келишимдерге карабастан, Сох анклавы аймагын-дагы чыр-чатактарда ӨРнын Хушьяр айылынын тургундары тарабынан адам укуктары бузулган. Башкача айтканда, КР жарандарынын мал-мүлкүн жок кылып, кишилерди барымтага алышкан, алардын ден соолугуна атайылап оор жаракат келтиришкен, ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүшүп, чек ара ченемдерин бузушкан.236

Чек арада жүз берип жаткан кырдаал жөнүндө КРнын мурдагы Акыйкатчысы Тур-сунбек Акун мындай деди: «Өзбекстан тарап эл аралык укуктарды одоно бузуп жатат. Мен буга каршымын. Ар нерсенин чеги бар! Мага укук коргоочу катары бул окуя оор тийгенинин себеби ал эл аралык мүнөзгө ээ болууда. Эмне үчүн Кыр-гызстандын чек ара жана башка күч түзүмдөрү биздин жарандардын ар-намысы менен кадыр-баркын бөлөк мамлекеттин жарандарынын кордоп маскаралашына жол беришти? Мындай ээн баштыкка чектеш мамлекеттин чек ара кызматтары да, жөнөкөй жарандары да биринчи ирет эле жол берип жатканы жок, мындай көрүнүш 30 жылдан бери кайталанып келет».237

Турсунбек Акун кыргыз бийликтегилеринин камырабастыгы дагы мында чыр-ча-тактарга себеп болуп жаткандыгын белгиледи. «Мамлекеттик органдар өлкөнүн аймактык кол тийбестигин, мекендештерибиздин эгемен укуктарын коргоого мил-деттүү, ошондой эле чек арага чектеш аймактын шартында жашагандарга түшүн-дүрүү иштерин жүргүзүшү абзел»,238 - деди ал. Турсунбек Акун бул окуя боюнча Өзбекстандын Акыйкатчысы менен сүйлөшкөндүгүн кошумчалады.

ӨКга даярдык деңгээлиЧек ара кызматынын (ЧК) ӨКга даярдыгы «КРнын чегара кызматы жөнүндө» мый-замга жана Жобого,239 ошондой эле «КРнын чек ара кызматы жөнүндө» жобого240

236 Коргоо, укуктук тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов менен бол-гон маектен. 237 www.knews.kg/action/26201_tursunbek_akun_pochemu_pogranichnyie_i_drugie_silovyie_strukturyi_kyirgyizstana_dopustili_nadrugatelstvo_nad_nashimi_grajdanami/ 238 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2012-жылы 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы тууралуу Жобону бекитти. 239 Ошондо. 240 ТР менен КРнын ортосундагы чек араларды тактоо жана белгилөө маселелери менен тең укуктуу негизде иштеген атайын биргелешкен комиссия

Page 169: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

168 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

ылайык жүрүшү керек. Аталган ведомствого төмөнкү милдеттер жүктөлгөн: чек ара кызматынын ишмердигин маалымат-талдоо жана илимий жактан камсыз кылууну уюштуруу; мамлекеттик чек араны сактоо жана коргоо жаатында анали-тикалык изилдөөлөр жүргүзүү; аталган маселелер боюнча маалымат-талдоо ма-териалдарды Президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар органдарына берүү.

Түзүлгөн кырдаал кызматкерлердин дареметин жеринде күчөтүүнү талап кыл-гандыктан, КР ЧКнын ӨКга даярдыгын «канааттандырарлык» деп бааласа болот. Укук коргоо органдарын координациялоону жакшыруу максатында 2013-жылы 28-февралда КР өкмөтүнө жаңы кызмат – коргоо, коопсуздук жана чегара масе-лелери боюнча вице-премьер-министр кызматы киргизилгендигин белгилеп кет-кибиз келет.

Коомчулук менен байланышИликтенип жаткан учурлардагы чыр-чатактардын өзгөчөлүгү алардын демил-гечилери менен катышуучулары эки тараптын жергиликтүү эли экендиги болуп эсептелет. Конкреттүү маселелер боюнча чыр-чатак чыгышы мүмкүндүгү жөнүн-дө алгачкы кабар бергендер да ошолор. Карама-каршылыктардын очогу чегарага чектеш аймактардагы жер, суу, күйүүчү май жана башка ресурстарды пайдалануу боюнча эки элдин ортосундагы маселелердин жөнгө салынбагандыгы болуп сана-лат. Совет мезгилинде кабыл алынган пайдалануунун салттуу схемасы өлкөлөр эгемендик алгандан кийин бузулган болчу. Чыр-чатак ырбап жаткан жагдайда КР бийликтегилери журналисттерге толук мазмундуу маек берип, чатак болгон чөл-көмдөгү чыныгы кырдаалды ЖМКдан жашырган жок.

Бийликтегилер менен ЖМКнын ортосунда маалымат алмашуу жүрүп, региондун жана жалпы эле өлкөнүн калкы ӨК тууралуу жетишерлик кабардар болуп турду. ЖМКдагы жана интернет басмалардагы маалыматтар (айрыкча 24.kg, turmush.kg, kloop.kg, kabar.kg сайттарындагы) Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Мамажан Бердишовдун маалыматтары менен дал келип жатты.

Тыянактар

Ошентип, кырдаалды талдоонун негизинде региондун аталган участкасындагы төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү белгилөөгө болот:

1. Кырдаал курчуган жерге дароо жетип келип, аны заматта чыр-чатакка айлантууга жөндөмдүү болгон эки тараптын тең чек арага танапташ ай-ылдардын жүздөгөн тургундарынын тез топтолуу коркунучу. Элди мындай психологиялык абалга айрым күмөндүү кишилер тараткан бийликтегилер жең ичинен сүйлөшүп алып жерлерди, жайыттар менен булактарды тиги та-рапка берип жатат деген имиш-имиштери, ушак сөздөрү тушуктуруп жатат.

2. Эки тараптын тең чек арачыларынын бири-бирине салкын мамилеси. Би-ри-бирин эле эмес, жөнөкөй жарандарды да жактырбагандыктары байка-лат. Ар бир тараптын чек арачылары чегара тууралуу мыйзамды бузду

Page 170: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

169ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

деп шектелген кандай адам болбосун (мыйзам бузуунун оор-жеңилдигине карабай) атып салышы мүмкүн.

3. Өзбек анклавы Сохтун тегерегиндеги эки элдин жерлеринин чаташып ка-лышы ар бир чектеш мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө коркунуч ката-ры кабыл алына баштады. Калктын тынымсыз өсүп жаткандыгы, жер-суу ресурстарынын таңсыктыгы мында келечекте да чыр-чатактардын болуу мүмкүнчүлүгү жогору экендигин шарттайт.

4. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы тууралуу келишимден кийин ишке ашырылууга тийиш болгон Сох анклавынын чек араларынын режими жөнүндө келишимдер менен бир катарда чек араларды тактоо жана бел-гилөө иш-чаралары аяктаган соң бул региондогу этно-аймактык чыр-чатак чыңалуусу жумшарышы мүмкүн.

5. Жерге жайгаштыруу боюнча жергиликтүү кызмат өкүлдөрүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү деген бар, ошол чек ара кызматтарында жок болуп жатат.

6. Тараптардын чек ара кызматтарынын ортосунда өз ара аракеттешүү жол-жоболорун түзүп, чек ара чөлкөмүн (күзөттөр жана тосоттор менен бирге) куруу боюнча иштерди жүргүзүүдө жерге жайгаштыруу органдары менен чек арачылардын тыгыз кызматташуусун камсыздоо зарыл.

Тажикстан Республикасынын Ворух анклавы аймагындагы чек аралык чыр-чатактар

Бул участкада чыр-чатактын даремети өтө жогору. Республика аралык кыргыз-та-жик административдик чек араны түзүүнүн негизинде пайда болгон бул анклав-дын тегерегиндеги жер-суу мамилелерине байланышкан чыр-чатактардын өр-чүшү жана тереңдеши 1920-жылдардан башталып, азырка чейин уланып келе жатат. 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык бөлүштүрүүнүн жүрүшүндө ке-лип чыккан карама-каршылыктар бүгүнкү күндө да кез-кез пайда болуп, эки мам-лекеттин тургундарын адеп-ахлактык дагы, материалдык дагы жактан бир топ чыгашаларга учуратып жатат. 1958-1959-жылдары чек арага танапташ отурукташ-кан коомдоштуктар тургундарынын ортосундагы жерди пайдалануу маселесине байланышкан пикир келишпестиктин айынан Тең укуктуу биргелешкен комиссия тарабынан241 административдик чек аралардын сызыгын кайра аныктоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. Тилекке каршы, алардын жыйынтыктары СССРдин ошол мез-гилдеги мыйзамдарына ылайык бекитилген эмес.

Постсоветтик мезгилден башталып (1997-жыл), бүгүнкү күнгө чейин созулуп жаткан чек ара сүйлөшүүлөрүндө кыргыз тарап 1958, 1959 жана 1989-жылдарда-гы документтерди пайдаланууну сунуштап келет.242 Ошол жылдары тараптардын тең укуктуу комиссиялары чек араларды жерлердин иш жүзүндө пайдаланылып жаткандыгы боюнча аныктаган, б.а. жерлерди кыргыз жана тажик колхоз-совхоз-

241 Талаш жер участкаларынын таандыгы менен байланышкан чыр-чатактарды териштирүүдө тараптар шилтеме жасаган бир нече карталардын барлыгы, аймактык талаштар, маселелер тууралуу макалалар жыйнагын кар. 242 «Кыргызстан-Таджикистан: курс на укрепление партнерства в контексте региональных связей», Обществен-ный Фонд Турдакуна Усубалиева и Фонд им Фридриха Эберта в КР, Бишкек, 2010-ж.

Page 171: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

170 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

дору иштетип жаткандыгына карай картага чиймесин түшүрүшүп, белгилешкен. Өз учурунда тең укуктуу комиссиянын ишинин жыйынтыгына макул болгон та-жик тарап бүгүнкү күнү аталган документтердин мыйзамдуулугун тааныбай жа-тат. Алардын пикири боюнча бул документтер Тажикстандын аймактарды ээлөө укугун кемсинтет. Тажикстан 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык документ-терди негиз катары алууну сунуштайт. Алардын пикири боюнча бул документтер СССРдин Борбордук аткаруу комитетинин бардык укуктук жол-жоболорунан өт-көн, ошондуктан аларды эки тарап тең таанууга тийиш.

1980-жылдардан тартып Кыргызстандын Баткен районунун аймагы кыргыздар менен Тажикстандын коңшу Исфара районунун тажиктеринин ортосундагы узак-ка созулган чыр-чатактардын орду болуп калды. Чыр-чатактын негизин жер-суу ресурстарына болгон талаштар түзүп жатат. Кыргыздар менен тажиктердин орто-сундагы тирешүүлөр 1982-жылы Ворух-Танги, ал эми 1988-жылы Матч-Актатыр айылдарында жүз берген. 1989-жылы пикир келишпестиктер улут аралык чыр-ча-такка айланып, жөнгө салууга болгон ийгиликсиз аракеттер кийинки жылдын аягына чейин созулду. 1991-жылдын жазында тирешүүлөр кайра кайталанып, та-жик тарап туруктуу пайдалануу үчүн Кыргызстандын 10 га жерин аларга өткөрүп берүү талабын койду. Чатактын жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын пре-зиденттери бири-бирин күнөөлөшкөн чыр-чатак мамлекет аралык деңгээлге өттү. Аны пайда кылган себептер бүгүнкү күнгө чейин жоюла элек.

Алсак, 1990-жылдардагы кыргыз-тажик кагылышууларынын учурунда мамлекет-тик чек ара сызыгы боюнча Кыргызстан менен Тажикстан бийликтегилеринин по-зицияларында бир топ дал келбестиктер табылган. Эки республиканын тең пре-зиденттери жаралган маселени чечүүнү каалабагандыгы үчүн бири-бирин расмий күнөөлөшүп, дарегине сын тагышкан. Тажикстандын ошондогу жетекчиси Каххар Махкамов «эзелки тажик жерлерин зордук менен ээлеп алган» деп атүгүл Бишкек-ке боло турган сапарынан баш тарткан.

Ал тарыхый мезгилде (1990-жылдардын башталышы) кырдаал жергиликтүү чыр-чатактын алкагынан чыгып, бир кыйла жогорку деңгээлдеги пикир келишпе-стикти жарата баштаган. Эми кеп иш жүзүндө республикалар аралык чегаралар-ды кайра кароо жөнүндө жүргөн. Акыркы убактарда кыргыз-тажик мамилелеринде алдыңкы планга чек аралардын коопсуздугу маселеси чыккан. Белгилүү болгон-дой, 1999 жана 2000-жылдардагы Өзбекстандын Ислам кыймылынын (ӨИК) ку-ралдуу экстремисттери Кыргызстандын Баткен районуна так ошол Тажикстан-дын аймагынан кирип келишкен. Мындан тышкары, Кыргызстандын расмий бийликтегилери кошуна өлкөнүн кээ бир райондорунда ӨИКтин согушчандарды даярдоочу базалары жайгашып, аракеттенип жаткандыгы тууралуу бир нече жолу билдирүү жасашып, тажик ккесиптештерин аракетсиздиги жана экстремисттер менен күрөшүүдө колдоо көрсөтпөгөндүгү үчүн түздөн-түз күнөөлөшкөн.

2010-2013-жылдардагы чек ара чыр-чатактарынын хронологиясы

2010-жылдын ичинде чек арага чектеш аймактарда жалпы эсепте 50 чатак жүз бе-рип, анын 24ү кыргыз-тажик участкасында болуп өткөн. 2011-жылдын мартынан

Page 172: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

171ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

июнь айына чейин Чоркух жамаатынын чек арага чектеш аймагында аздыр-көптүр талаш аймактарга тиешеси бар 4 ири чыр-чатак болуп өткөн. 2012-жылы 18 ка-гылышуу болуп өтсө, ал эми 2013-жылы кыргыз-тажик чек арасында 19 чыр-чатак жүз берген.

2-сүрөт: Кыргыз Республикасынын аймагындагы Тажикстандын Ворух анклавы

Булак: Эртелеп алдын алуу боюнча отчет. БУУӨПтүн Алдын ала өнүктүрүү программасы.

Жаштарды кескин аракеттерге түрткөн негизги себептердин бири кыргыз чек арачылары менен Чоркух жамаатынын тургундарынын ортосундагы тирешүү болду. УКМК Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү кабарлагандай «8-апрелде, болжол менен саат 13.00дө (жаңжал чыккан жерден 15 км алыста эки райондун жетекчилеринин жолугушуусу улантылып жаткан кезде – автор эскер.) «Капчыгай» чек ара тосотунун сарбаздары Кыргызстан-дын аймагынан Тажикстандын 20 чактыдай жараны «КАМАЗ» маркасындагы сегиз автоунаага мыйзамсыз шагыл жүктөп жатышканын байкашкан. Кыргыз чек арачыларынын жүктөгөндү токтоткула деген талабына Тажикстандын жарандары тескери жооп берип, чек арачылардын ырастоосу боюнча атүгүл аларга кол сала баштап, куралдарын тартып алууга ниеттенишкен. Курал-дарын тарттырып жибербөө максатында чек арачылар абага эскертүүчү ок атышкандан кийин Тажикстандын жарандары качып кетишкен. Андан ары эки тарап тең бири-бирине карата мыйзамсыз аракеттерге бара башташкан. Тажиктердин Ходжаи Аъло айылынын кыргыз чек арачыларынын аракетине нааразы болгон 200гө жакын тургуну Баткен - Ак-Сай автоунаа жолун бөгөп, милициянын «Аксай» айылдык бөлүмүнүн автоунаасын таш бараңга алышкан. Өз кезегинде тажик жаштарынын аракеттерине нааразылык белгиси ката-ры Аксай айылынын 100 жакын тургуну Кыргызстандын аймагы менен өтүүчү

Page 173: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

172 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Исфара – Ворух кан жолун тосуп, Ходжаи Аълонун жашоочусуна таандык авто унаага зыян келтиришти. Эки тараптан 200дөн ашык машине топтолду. 7 саатка созулган тирешүүнүн жүрүшүндө эки тараптын күч түзүмдөрү би-ри-бирине карата зомбулук аракеттерди болтурбай адамдарды араң кармап турушту. Кишилер жаңжал болгон жерге эки райондун жетекчилери келгенден кийин гана тарашты».243

2013-2014-жылдардагы окуялар чыр-чатактардын жөнү жок ырбатылган улут аралык «себептери» бар экендигин көрсөттү. Тирешүүнүн негизги предмети Кыргызстандын Ворух анклавын айланып өтүүчү Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу болуп саналат. Аталган жолду куруу Кыргызстандын Аксай, Самаркан-дек жана Актатыр айыл округ тургундарынын жайыттарга эч тоскоолдуксуз жана ээн-эркин Ворух анклавын айланып өтүшүн камсыз кылат. Учурда Ворух аркылуу өткөн жол пайдаланылып, ал аркылуу айдаганда малдар жоголгондуктан, жыл сайын чатак чыгат. Адатта малдардын жоголушуна тажиктерди күнөөлөшөт. Ошол эле учурда Ворухтун тургундары кыргыз жайыттарын эркин пайдаланып келишкен.

Тажик калкы кимге таандык экендиги өкмөттөр ортосундагы келишим менен аны-кталбаган жана эзелтен бери талаштын предмети болуп келе жаткан аймакта жол курулуп жаткандыгына нааразы. Муну менен бирге алардын негизги кооптонуусу көз карандысыз жолдун курулушу жайыттарды пайдаланууну татаалдантат, ант-кени эми кыргыз тарап Ворухтун тургундарына көз каранды болбой калып, аларга Кыргызстандын жайыттарында мал багууга мүмкүндүк бербей коёт деген божо-молдору болуп саналат. Аталган жерлердеги тажик калкынын коомдоштуктарын-да жол курулуп бүткөндөн кийин Кыргызстан Исфара дарыясынын баш жактары-на суу сактагыч менен чакан ГЭС куруп алып, элди суунун жалгыз булагынан куру кол калтырат деген да имиштер айтылып жатат.

Жол куруу аракети 2013-жылдын апрелинде башталып, Ворух айылынын тургун-дары катуу каршылык көрсөткөндөн кийин убактылуу токтотулган. Эки өлкөнүн чегара кызматтарынын, жергиликтүү бийликтегилеринин жана дин уламалары-нын иштешүүсүнөн кийин чыр-чатак теске салынды, бирок бул убактылуу гана болду.244 Акыркы кездердеги окуялар көрсөткөндөй, бул жерлердеги ар бир жа-гымсыз окуя жол бөгөө менен коштолгон чыр-чатакка айланат.

2013-жылдын 15-декабрында, болжол менен түнкү саат бирлерде Көк-Таш-Ор-тобоз (КР) менен Чоркух–Ворух (ТР) жолдорунун кесилишиндеги Чоркух жамаатынын Зарафшон төрт көчөсүндөгү Тажикстандын жараны Нозим аттуу ки-шиге (Чоркух айылынан) таандык автопокрышкалар дүкөнүн белгисиз бирөөлөр өрттөп кетишкен. Бул өрттө кыргызстандыктардан шектенишкен.

2013-жылдын 17-декабрына караган түнү Аксай айылынын түндүк тарабында-гы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Ак-Шагыл деген жерде белгисиз кишилер тарабынан Аксай айылынын тургуну Жаныбек Орозокуловго таандык 6 бөлмөлүү (жарымы чайкана катары пайдаланылган) үй өрттөлгөн. Өрттү 40-50гө жакын киши, «Капчыгай» тосотунун чек ара черүүсү менен Аксай айылынын тургундары чогуу өчүрүшкөн. Өрткө шектүү катары Тажикстандын жарандары са-налган. Саат 22.00дөн кийин катуу кыжырданган кыргызстандык жарандар тобу

243 Эртелеп алдын алуунун отчету. БУУӨПтүн Эртелеп алдын алууну өнүктүрүү программасы, Баткен 2004-ж. 244 АКИpress-Ош. Кыргызстандын жана Тажикстандын муфтийлери Ворух анклавына барып, жума намазына катышып, калк менен жолугушту, 03-05-2013.

Page 174: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

173ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

(30-35 кишиге жакын) Исфара-Ворух унаа жолун торогон. Ушул эле түнү 23.00 чамасында Тажикстандын жарандары Исфара районунун Ходжаи Аъло (Матчаи) айыл аймагындагы Баткен-Исфана унаа жолунун Аксай айылы тарапка кеткен бөлүгүн тосушту.

Кырдаалды билгендик2013-жылы 18-декабрда күндүзгү саат 12.20ларда Аксай айылынан Ворух анкла-вына кеткен унаа жолдо 100гө жакын кыргызстандык чогулуп, өздөрү талап кыл-ган маселелер (айланма жолду куруу; өрткө катышы бар кишилерди жоопкерчи-ликке тартып, зыяндын ордун толтуруу) жөнгө салынганга чейин аталган жолду бөгөп турууну чечишти.

13.20да Кыргызстан менен Тажикстандын бийлик өкүлдөрү кырдаалды турук-таштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Маалыматта айтылгандай, тараптар «түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга кызыкдар экендиктерин билдиришип, укук коргоо органдарына өрткө күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга тапшырма беришти».245

14.35 чамасында Исфара - Ворух унаа жолунун Ворух анклавына кире бериш участкасына жарандар шагыл, таш төгүп бөгөштү. Ошол эле учурда Аксай ай-ылынын тургундары Баткен районунун мамкаттоо башкармалыгынын башчысы Алишер Эргешов менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусунда-гы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Бакир Жолчиевди ур-токмокко алууга аракеттенишкен. Бирок укук коргоо органдары менен чек арачылар кылмышка жол коюшпай, кызматкерлерди «Капчыгай» тосотунун аймагынан чыгарып ке-тишти.

18-декабрда 20.00 чамасында тажик жарандары Жака-Өрүк деген жердеги Бат-кен – Исфана унаа жолун тосууга аракет жасашкан. Бирок жыйылып келген кыр-гызстандыктар (400 кишиге жакын) аларга бөгөт болушту. 21.50дө Кыргызстандын жарандары Жака-Өрүк деген жердеги тажик кишинин үйүнүн короосундагы чөп-канасын өрттөшкөн.

19-декабрда 00.30 чамасында Кыргызстандын чогулган жарандары тарап кетти. Болгону 10 кишиге жакын киши калды. Ошентсе да, эки тараптан тең бузуку ара-кеттердин ыктымалдуулугу жогору бойдон калган.

19-декабрда эрте менен Баткен облусундагы кырдаал өзгөрүүсүз калды. Баткен – Исфана жолу ачык эле. Исфара-Ворух унаа жолу ачылбады. КР Өкмөтү тара-бынан чатак чыккан жерге Мамлекеттик чеr ара кызматынын төрагасынын бирин-чи орун басары Искендер Мамбеталиев жөнөтүлдү.

20-декабрда саат 9.00дө унаа жолунун Исфара - Ворух (Тажикстан) жана Ак-Сай-Ворух (Кыргызстан) участкасы жабык эле. Жергиликтүү эл менен сүйлөшүүлөр жүрүп, укук коргоо органдары кырдаалды толугу менен көзөмөлдөөгө алышты жана алдыда дагы чыр-чатактуу кырдаалдын жаралышына жол койбоо үчүн тий-иштүү чараларды көрүштү.

245 http://www.vb.kg/doc/255799_hronologiia_konflikta_na_ychastke_kyrgyzsko_tadjikskoy_granicy.html

Page 175: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

174 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Күч колдонууАкыркы жылдардагы жер талаштарында талаш аймактар боюнча жаңжалдын салттуу өсүшү менен бир катарда аймактык талаштарга күч түзүмдөрүн тартуу адатка айланды. Эгер мурда жер талаштары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, жерге жайгаштыруунун адистери жана коомдоштук-тардын башчылары тарабынан чечилсе, ал эми азыркы учурда мындай чыр-ча-тактарга чек арачылар менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери тартылып жатат. Күч түзүмдөрүнүн аймактык талаштарга кийлигишүү адаты, айрыкча алар-га куралдуу чегарачылардын катышуусу кырдаалды курчутат, ал эми окуялардын айрым ыңгайда өнүгүшүндө куралдуу чыр-чатактарга да шыкак болот.

Тараптардын чек арачылары курал колдонууга чейин барган 2014-жылдын 11-ян-варындагы чыр-чатак Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу менен байла-нышкан. Саат 13.15те Баткен облусунун Баткен районунун суу дубалынын ай-магындагы кыргыз-тажик чегарасында Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлери менен Тажикстандын УКМКсынын Чегара кызматынын аскерлеринин ортосунда атышуу болду. Талашка айланма жол курулуп жаткан аймактын участкасы шылтоо болуп, ал жерге чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн Та-жикстандын жүзгө жакын чек арачысы келди. Тажик тарап жумуш ТР аймагын-да жүрүп жаткандыгын айтса, кыргыз тарап курулуш иштери жүрүп жаткан аймак КРга таандык деп талашып турду. Алгач эки тараптын чегарачылары жайынча эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Кийин кайым айтыша кетишип, Тажикстандын Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы черүүнүнүн командири полковник Ха-нифов биринчи болуп КР МЧКнын лейтенантынын ичине атты. Жаңжалдын кесе-петинен Кыргызстандын чек арачыларынан кеминде үчөө жабыр тартты.246

«Тирешүүнүн натыйжасында коңушу өлкөнүн атайын даярдыктагы черүүнү биз-дин чегарачыларга карата биринчи болуп курал колдоно баштаган, кийин атышуу жүз берген», - деп кабарлады КР вице-премьер-министри Токон Мамытов247 .

Аталган кырдаалдардын ар бири чек аранын эки тарабында жакын жайгашкан айылдардан катуу кыжырданган калктын тез топтолушу менен коштолот. Ар бир чыр-чатакта адат катары Тажикстандын жарандарынын Көк-Таш-Ак-Сай жолун, ал эми Кыргызстандын жарандарынын Исфара-Ворух жолун тосушту.

Чакан жана ири калибрдеги курал колдонулуп, натыйжада эки тараптан тең жа-ракат алгандар болгон 2014-жылдын январындагы чыр-чатактын өзгөчөлүгүн эске алганыбыз оң. Бул жагдай мамлекеттер аралык мамилелерге жагымсыз таасирин тийгизди. Кыргызстан Тажикстан менен болгон чек араларды бир беткей жапты. Вице-премьер-министрлердин деңгээлиндеги жаңжалды чогуу иликтөө тууралуу кабыл алынган келишим аткарылбай келет. Тажикстан чек арага брон-долгон оор техника менен кошумча аскерлерин алып келгенден кийин кырдаал өтө курчуду. Алдыда кандай гана аракеттер (аскерлерди алып кетүү, атышууда-гы күнөөлүлөрдү аныктап, жазалоо) болбосун, бул чөлкөмдөгү эки өлкөнүн кал-кы менен чек арачыларынын ортосундагы ишенимди калыбына келтире албайт. Эң башкысы, чыр-чатактын себеби жоюлган эмес – мамлекеттик чек ара сызыгы аныкталбаган.

246 www.knews.kg/action/42926_perestrelka_na_kyirgyizsko-tadjikskoy_granitse/ 247 www.vb.kg/doc/257576_tokon_mamytov_nazval_prichiny_konflikta_na_granice.html

Page 176: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

175ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

«Эгер мурда кайсы бир чек ара жаңжалы тиричилик жана чарбалык мүнөздө болуп (мисалы, «малды айдата койбоду», «сууну, айдоо аянттарын туура эмес бөлүштү» сыяктуу), эч качан саясий мүдөөсү болгон эмес. Бүгүнкү чыр-чатактар-дын опурталдуулугу кандай гана чатак болбосун дароо эле саясий боёк алганды-гында», - деди вице-премьер-министр Токон Мамытов.248

Чек ара маселелерин мамлекеттик деңгээлде саясатташтырууга кошумча чек аранын такталбагандыгы жергиликтүү деңгээлдеги өтө талаш маселе бойдон калууда. Албетте, Фергана өрөөнүндө чек араларды тактоо бардык жагынан ал-ганда көп эмгек талап кылат, анткени бул анда жашаган коомдоштуктардын жа-рым-жартылай же толук бөлүнүп-жарылышына алып келет. Демек, регионалдык жетекчилердин дымагы, облустук деңгээлдеги бийлик талашуу тоскоолдуктарды жаратары турган иш. Жергиликтүү деңгээлде чек аралар менен жер мамлекет көзөмөлдөөчү тармак катары каралбастан, конкреттүү облуска таандык матери-алдык менчик катары кабылданат.249

Эртелеп алдын алуу тутумуТажик журналисти Негматулло Мирсаидов белгилегендей, «чыр-чатактарга көбүнчө чек арага чектеш аймактарды мамлекеттик түзүмдөрдүн натыйжасыз башкаруусу себеп болууда. Жүз берип жаткан бардык чыр-чатактар менен жаң-жалдарда мамлекеттик мекемелер менен күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышып, алардын аракеттери тирешүүлөрдү этибарга албоо же аларга түрткү болуу ме-нен мүнөздөлөт. Мындай кырдаалда бийликтегилердин аракетинин ачык жана от-четтуу эместиги, ошондой эле так маалыматтын жоктугу «бийликтегилердин биз менен да, көйгөйлөрүбүз менен таптакыр иши жок» деген ынанымын ого бетер бекемдейт».250

Ошол эле учурда 2013-2014-жылдардагы акыркы окуялар көрсөткөндөй, бардык деңгээлдеги бийликтегилер чыр-чатактардын очогу жашап жаткандыгын биле туруп, мамлекеттер аралык жана жергиликтүү деңгээлде алдын алуучу чара-ларды көрбөстөн, чегарага чектеш коомдоштуктарда кезектеги тирешүүлөрдүн мезгил-мезгили менен кайталанышына жол коюп келишкен. Ошентип, борбор-дук бийликтегилер кырдаал тууралуу жетишерлик кабардар болгондугуна кара-бастан, чыр-чатактарга учурунда жана эрте жооп кылуу боюнча тийиштүү тая-нычтары жок эле.

Мыйзамдуулук жана милдеттенмелер2014-жылдагы январь чатагы эл аралык деңгээлде сөзгө алынып, кесепети жал-пы регион үчүн алыска кете турган болду. Азыр чыр-чатактын ар бир катышуучусу жана кошуна мамлекеттер тарабынан кырдаал улуттук кызыкчылыктардын дең-

248 http://iwpr.net/ru/report-news 249 2007-жыл, 5-декабрда «Комсомольская правда» гезитине жарыяланган «Чек араларды аныктоо – интел-лектуалдык милдет» деген Саламат Аламанов (ошол учурдагы Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек ара маселелери боюнча КР өкмөтүнүн делегация башчысы) менен маек. 250 «Тынчтык даремети жана чыр-чатактардын коркунучу» отчету, Тажикстандын Исфара районунун (Ворух, Чоркух, Сурх жана Шураб жам.) жана Кыргызстандын Баткен районунун (Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек) чек арага чектеш коомдоштуктарынын өнүгүү анализи. Норвегия өкмөтүнүн каржылык колдоосунда «БУУӨПтүн «Фергана өрөөнүндө чыр-чатактарды алдын алуу жана азайтуу» долбоорунун алкагында Ворух ЖКБ» КБсы.

Page 177: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

176 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

гээлинде кабылданып жаткандыгына карабастан, аны жөнгө салууда учурдагы регионалдык коопсуздук тутумунун туруктуулугун камсыздоо кызыкчылыктары башкы мааниге ээ болууга тийиш.

Биринчиден, аталган эки тараптуу чыр-чатак тутум ичиндеги мүнөзгө ээ болгон-дуктан, түзүлгөн регионалдык коопсуздук тутумун бүлүндүрөт. Ал канчалык ыр-баган сайын бир эле учурда ШКУ, ЖККУ, АТБ жана КМШнын КОЖК Регионалдык антитеррористтик түзүмүн да алсыратат. Анүстүнө мунун баары Ооганстан тарап-тан коркунуч менен дүйнөлүк державалардын туруксуздукту жаратуучу ар түрдүү геосаясий айла-амалдары оожалып жатканда болуп өтүп, бардык Борбордук Азия өлкөлөрүнөн жана алардын өнөктөштөрүнөн эң чоң биргелешкен аракетти талап кылат. Демек, улуттук жана регионалдык коопсуздукка жаралган коркунучту өз убагында жок кылуу үчүн ыкчам түрдө макулдашылган чараларды көрүү кый-ындай берет.251

Кыргызстандын чек арага чектеш райондорунун калкы «Жайыттар жөнүндө»252 мыйзамдын ченемдерин, анын ичинде, Кыргызстандын жайыттарын чет эл жа-рандарынын пайдалануу тартибине тиешелүү бөлүгүн (аталган процесстин чыр-чатактуулугун жана улуттук коопсуздукту эске алуу менен) аткарылышын камсыз кылууну талап кылат.

«Жайыттар жөнүндө» мыйзамдын 13-беренесине ылайык, жайыттарды чет элдик юридикалык жана жеке жактардын пайдалануусуна берүү Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык келишимдердин негизинде жана пайдаланылбай жаткан жайыттар бар болгон учурда ишке ашырылышы мүмкүн. Бирок тажик фермерлерине жайыт берүү (баасы, мөөнөтү, малдын саны) боюнча белгилүү келишимдин болгонду-гуна карабастан, Баткен облусунун жигердүүсү Таалайбек Ибраимовдун айты-мында, учурда Баткен районунун Аксай айылынын тургундары Тажикстандын тургундарынын малын Кыргызстандын аймагында багышына караманча каршы. Жергиликтүү эл буга тажик тургундары Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык айланма жолунун курулушуна тоскоолдук кылбаса гана макул болот.253

Мамлекеттик органдардын ӨКга даярдык деңгээлиВорухтагы (Тажикстан) окуялар январда Сохто (Өзбекстан) болуп өткөн кагылы-шуулар сыяктууга окшош ырбады. Анда да маселе анклавдын тургундары кыр-гыз чегарачыларынын электр өткөргүч чубалгыларын тартууга каршы чыкканда пайда болгон эле. Тажикстанга салыштырганда Кыргызстан менен Өзбекстан-дын ортосундагы өкмөттүк мамилелер бир кыйла татаал болгондуктан, Сохтогу окуяларга жооп кылып өзбек тарап чегара өткөөлдөрүнүн баарын бекиткен, ал чектөөлөр бүгүнкү күнгө чейин толугу менен алына элек. Анткен менен 2014-жыл-дагы кыргыз-тажик жаңжалынан кийин эки өлкөнүн кызматкерлери көзөмөл-дөөчү-өткөөл пункттары ачылып, транспорттун кедергисиз каттап турушуна көп күч жумшашты.254

251 Региональное партнерство как фактор урегулирования кыргызско-таджикского конфликта. - Карим.Довудов, 22:33 16.01.2014, ЦентрАзия, http://www.centrasia.ru/newsA.php?st=1389897180 252 КРнын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» мыйзамы, 2011-жылы 24-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 253 Баткен районунун Аксай айылынын жигердүүсү Таалайбек Ибраимов менен болгон маектен, май 2014 254 Enclave Issues Challenge Uzbek and Kyrgyz Leaders, IWPR, www.iwpr.org

Page 178: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

177ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

Чыр-чатак болгондо бийлик органдарынын жооп кылуу аракетинин ыкчамдыгы тууралуу суроого Баткен районунун Мамкаттоо башкармалыгынын башчысы Эр-гешов Алишер мындай деди: «Мен эки тараптын тең борбордук жана жергиликтүү бийликтегилери чек арадагы кырдаал боюнча дайыма сүйлөшүп турушу абзел деп эсептейм, анткени алар чегарага чектеш тургундардын негизинен чарбалык иштерге байланыштуу тирешүүлөрүнөн ар дайым кабардар болуп турушат. Чек арага чектеш чөлкөмдөгү ар кандай аракеттер эки тараптын тең калкынын такай байкоосунда турат жана ал аракеттер тууралуу кабар район менен облуска өтө тез жетет».255

Баткен облусу менен борбордук бийликтин мамлекеттик органдарынын ӨКга да-ярдык деңгээли канааттандырарлык болгон эмес. Биринчиден, бийликтегилер мурдагы чыр-чатактуу кырдаалдын өсүү тездигин жана хронологиясын талдоого тийиш эле. Экинчиден, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде мамлекеттик чега-раны биргеликте кайтаруу маселеси чечилиши керек болчу. Үчүнчүдөн, мамлекет-тик органдар 2013-жылы декабрда чыккан жаңжалды эске алуу менен коопсуздук чарасын күчөтүшү зарыл эле.

ЖоопкерчиликЧек арага чектеш аймактардагы мурдагы чыр-чатактуу кырдаалдар көрсөткөн-дөй, кошуна мамлекеттин тийиштүү түзүмдөрү менен өз ара аракеттешүү көн-дүмдөрүнүн жоктугунан, ошондой эле чыр-чатактардын өрчүшүн алгачкы белгиле-ри боюнча шайкеш баалай албагандыктан, мамлекеттик органдар чыр-чатактарга ыкчам жооп кылууга дайым эле жөндөмдүү эмес. Айрым учурларда жергиликтүү бийлик органдары чек арага жакын жашаган коомдоштуктар арасында чыңа-лууну жумшартуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзө албайт. Мындан тышка-ры, башталып бараткан же болуп жаткан жаңжалдар жөнүндө тигинен маалы-мат ыкчам жеткирилбейт. Бул бийликтин төмөнкү деңгээлдеги өкүлдөрү бийлик түзүмдөрүнүн учурдагы иштешүү механизмдерин пайдаланууга даяр эместиги менен байланышкан болушу мүмкүн.

Чечим кабыл алуу процесси2013-жылы декабрда Ворухта жүз берген акыркы толкундоолордон кийин та-жик-кыргыз чек арасын тактоо жана белгилөө боюнча Өкмөттөр аралык комис-сия түзүлдү. 2014-жылдын 9-январында комиссия талаш участкаларды толук тактоо жана белгилөөгө чейин эки тараптын чегарага чектеш райондордундагы иш жүргүзүү тартибин аныктоочу документти кабыл алды. Тажикстандын ТИМи 2014-жылы 7-январда кыргыз жана тажик тарап Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун токтотуу тууралуу макулдашкандыгын кабарлады. Бирок «ошого кара-бай 2014-жылдын 11-январында болжол менен 12.20да кыргыз тарап куралдуу калкалоону колдонуу менен ТРнын аймагы аркылуу өтүүчү унаа жолун курууга аракет жасаган. Мамлекеттик чек аранын бузулгандыгын байкап, Тажикстандын чек ара сарбаздары мыйзам бузгандардан курулуш иштерин токтотууну талап кылышкан»,256 – деп билдирет 24kg маалымат агенттиги.

255 Баткен районунун Мамкаттоо башкармалыгынын башчысы Эргешов Алишер менен болгон маектен, 2014-жыл, 23- 27 январь, Баткен облусу. 256 http://www.24kg.org/community/169169-vlasti-tadzhikistana-obvinili-v-razzhiganii.html

Page 179: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

178 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Ошол эле күнү 12.20лар чамасында Тажикстандын Согд облусунун Бобожон Га-фуров районундагы Овчи-Калъача жамаатынын аймагында башка чатак чыкты. «Чектеш кыргыз чек ара тосотунун өкүлдөрү ТРнын мамлекеттик чегара сызыгы-на жакын келишип, тажик кесиптештеринен аймакты коргоо үчүн коюлган чега-рачыларды алып кетүүнү талап кыла башташты. Кыргыз тарап Кулунду - Максат унаа жолун курууну макулдашпай туруп баштоону көздөйт»,257 - деп билдирет Та-жикстандын ТИМи. Кыргыз тарап тескерисинче, 2014-жылдын 7-январында Ду-шанбе шаарында жүргөн сүйлөшүүлөрдө тараптар «бир пикирге келишип, өз ара аракеттенишүүнү» чечишти дейт.258 КРнын чек ара кызматынын айтымында, бул чатакты кыргыз чек арачылары эмес, тажик аскерлери баштаган. КР МЧКда мын-дай маалымат жергиликтүү тургундардан да алынгандыгын жана ал кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө тыкыр текшериле тургандыгын белгиледи.

«Кыргыз-тажик чек арасындагы эң чыр-чатактуу участкаларды биргеликте кай-гуулдоо тууралуу макулдашууга жетишилген Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери Токон Мамытов жана Муродали Алимардондун орто-сунда жүргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин эле тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келишип, ок атуучу курал колдонгону таң калтырат», - деп түшүн-дүрүштү тармактык ведомстводогулар.259

2014-жылдын 14-январында Кыргызстан Душанбедеги өз элчиси Урмат Сарала-евди кеп-кеңеш үчүн чакыртып алды. Кийинки күнү Тажикстандын шаары Исфа-рада КР менен ТРнын делегацияларынын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу коргоо жана укук-тук тартип бөлүмүнүн башчысы, генерал-майор Алик Мамыркулов, Мамлекеттик чегара кызматынын Башкы штабынын зардалы полковник Искендер Мамбетали-ев жана Баткен облусу боюнча КР МЧКнын регионалдык чек ара башкармасы-нын жетекчилиги катышты. Тажикстан тараптан Тажикстан Республикасынын Ко-опсуздук кеңешинин катчысы Абдурахим, ички иштер министринин орун басары генерал-майор Искандар Ражабов жана Согд облусу боюнча регионалдык чек ара башкармасынын жетекчилиги катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө төмөнкүдөй чечим кабыл алынды: чыр-чатакты болтурбоо максатында атайын түзүмдөр ме-нен кошумча бөлүмчөлөрдү чек аранын жанынан алып кетүү жана биринчи ке-лишимге ылайык чек араны бирге кайгуулдоо керек. Бирок экспертик комиссия акыркы бүтүмдү чыгарган жок.

2014-жылы 14-февралда Бишкекте ТРнын вице-премьер-министри Муродали Алимардон менен анын кесиптеши Токон Мамытовдун ортосунда жолугушуу бо-луп, анда чек арага чектеш чөлкөмдөрдөгү жолдор менен жерлерди пайдалануу маселелери жана көзөмөлдөөчү-өткөөл пункттары менен байланышкан көйгөйлөр да талкууланган. Биринчи кезекте Тажикстан чек ара пункттарын ачууну суранган, анткени чек аралардын жабылгандыгына байланыштуу азык-түлүк менен күйүүчү май кымбаттап, анын айынан Тажикстан миллиондогон чыгашага учураган. Чек араларды кайгуулдоо үчүн кошумча куралдуу күчтөрдү тартуу маселеси каралган. Чегаралардын кооптуу сызыктарын биргелешип кайтаруу жөнүндө макулдашыл-ган. Кыргыз тарап жол кура баштаган талаштуу жер участкасына тиешелүү ма-селени аягына чыгара турган комиссия түзүү тууралуу чечимге келишкен. Кыр-257 Граница.kg. Покой нам только снится. Махинур Ниязова,10:25 16.01.2014, stoletie.ru 258 Ошондо. 259 Ошондо.

Page 180: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

179ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

гызстан ага чейин жолду аталган участкадан 5-10 метр алыс курат. Кыргыз тарап 2014-жылдын 11-январындагы атышууда келтирилген зыяндын ордун толтурууну жана жөнөтүлгөн ноталарга жооп кылууну тажик тараптан талап кылды.

Тажикстан Ворух анклавына кетүүчү жолду ачууну сунуш кылып, Аксай айылы ар-кылуу өтпөгөн Хожолудан Ворухка барчу 10 километр жолду бөлүп берүүнү суран-ды. Бирок кыргыз тарап тажик жарандары эгер жергиликтүү элге тоскоолдуктарды жаратпаса пайдалана ала турган Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык – Хожолу жолу бар экендигин айтып, мындай сунушту четке какты. Эгер мындай болбой калса, жол жабылып калат.260

2014-жылы 3-мартта Душанбеде эки өлкөнүн мамлекеттик чегарасынын талаш сызыктарын тактоо жана белгилөө боюнча КР менен ТРнын өкмөттөр аралык комиссиясынын отуруму аяктады. Тараптар тажик-кыргыз чегарасындагы кырда-алды жөнгө салуу боюнча тийиштүү комиссиянын ишин улантуу тууралуу прото-колго кол коюшту. Протоколго Кыргызстандын вице-премьери Токон Мамытов ме-нен Тажикстандын вице-премьери Муродали Алимардон кол коюшту. «Тажикстан өкмөтүнүн маалыматы боюнча, жабык эшик артында өткөн отурумда тараптар Исфара багытындагы мамлекеттик чек аранын талаш аймактарында эки көпүрө куруу жөнүндө келишимге келишти. Бир көпүрөнү Тажикстан, экинчисин Кыргыз-стан курат. Тараптар ошондой эле кезектеги сүйлөшүүлөрдү 2014-жылдын март айынын аягында Тажикстанда өткөрүү жөнүндө макулдашты.261

Бирок чек арага чектеш мамилелерди жөнгө салуу боюнча эки тараптын ви-це-премьер-министрлери кол коюп бекиткен келишимден кийин чек аранын атал-ган участкасында бир нече жолу чатак чыкканы байкалган. Жогорку деңгээлде жетишилген келишимдер дайым эле жеринде аткарыла бербейт жана жергилик-түү эл тарабынан кошуналар менен мамилелерди жакшыртуучу колдонмо катары кабылданбайт.

Кызматташуу жана координацияКыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Тынчтык жана Өнүк-түрүү программасы аркылуу чек арага чектеш коомдоштуктарда эртелеп алдын алуу тутумун (ЭАТ) түзүү демилгесин көтөрдү. Аталган демилге 2003-2007-жыл-дарда Баткен облусунда ишке ашырылган жана Тажикстандын Согд облусунуна жакын чегарага чектеш коомдоштуктары менен Өзбекстандын Сох анклавын жа-рым-жартылай камтыган. Программанын алкагында өзүнө төмөнкүлөрдү камты-ган эртелеп алдын алуу боюнча отчеттор даярдалган:262

• чек аралык көйгөйлөр боюнча кооптуу факторлорду талдоо;

• чек арага чектеш коомдоштуктардагы маселелер менен чыр-чатактардын негизги себептерин аныктоо;

• чек аралык көйгөйлөргө көңүл бурулбаган болсо, алардын кесепеттерин сыпаттоо;

260 Т. Мамытов менен болгон маек, «Фабула» гезити, № 9, 11.02.14 / 5 жана 11-бб. 261 Аваз Юлдашев, 03.03.2014 http://www.centrasia.ru/news.php?CRө3 262 Эртелеп алдын алуу боюнча отчету кар., БУУӨПтүн Эртелеп алдын алууну өнүктүрүү программасы, Баткен 2004-ж.

Page 181: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

180 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

• бардык негизги тараптар үчүн мамлекеттик түзүмдөр, жарандык коом, эл аралык уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктарды камтыган тыянактар ме-нен сунуштарды даярдоо.

Муну менен бир катарда БУУӨП Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда райондук деңгээлде бирдиктүү жумушчу топ түзүү демилгесин көтөрдү. Бул жу-мушчу топтор тең укуктуу негизде түзүлүп, райондук мамлекеттик органдар ме-нен муниципиалитеттин, күч түзүмдөрүнүн, соода тармагы, суу, жер жана токой кызматтарынын, ошондой эле жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү катышкан 10-12 кишиден турду. Жумушчу топтун башкы максаты аныкталган чегаралык көй-гөйлөрдү чогуу талкуулоо, ошондой эле аларды биргелешип чечүү жана/же бул маселелерди жогору турган инстанцияларга жиберүү болду.263

Жолугушуулар учурунда жумушчу топтун мүчөлөрү ЭАТтын алкагында даярдал-ган эртелеп алдын алуу боюнча отчетторду да талкуулашты. Буга 2008-жылы тажик малчыларынын кыргыз жайыттарын пайдалануу маселесин талкуулоо көрүнүктүү мисал боло алат. Жумушчу топтун отурумунун учурунда тажик тарап Баткен жана Лейлек райондорунда жайгашкан жайыттарды пайдаланууга алар өтө муктаж экендигин белгиледи. 2007-жылга чейин кыргыз жайыттары тажик малчыларына 1992-жылдагы келишимге ылайык берилип келген. Бул келишим-дин мөөнөтү 2007-жылы 31-декабрда бүткөн. Жумушчу топтун мүчөлөрү бирге-лешкен талкуунун натыйжасында Баткен жана Согд облустарынын жетекчилери-не аталган маселени Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн деңгээлинде чечүү демилгесин көтөрүү өтүнүчү менен кайрылууну чечишти. Натыйжада, КР Өкмөтүнүн аппараты тарабынан жайыттарды пайдалануу тууралуу өкмөттөр ара-лык келишимдин жаңы долбоору даярдалып, 2009-жылы Жогорку Кеңештин тар-мактык комитетине кароого жөнөтүлдү.

Эрте алдын алуу тутумунун дагы бир механизми БУУӨПтүн “Борбордук Азияда суу ресурстарын биргелешип тескөөгө жана чек аралык баарлашууга колдоо көр-сөтүү” менен GIZтин (Эл аралык кызматташуунун герман коому) «БАда суу ре-сурстарын чек аралык тескөө» долбоорлорунун ишмердиги болуп саналат. Бул эки долбоор тең чек аралык дарыялардын (тактап айтканда, Баткен (КР) жана Исфара (РТ) райондорунун ортосундагы Исфаринка дарыясынын) суу ресурста-рын бөлүштүрүү менен байланышкан. Аталган долбоорлордун алкагында Бат-кен жана Исфара райондорунун суу кызматтарынын өкүлдөрүнөн байкоочулар командалары түзүлүп, кыргыз жана тажик коомдоштуктарынын ортосунда сууну тең бөлүштүрүүнү камсыздоо менен мониторинг жүргүзүү процессине жооптуу болушкан.264 Суу бөлүштүрүүгө байланыштуу талаш же чыр-чатак чыкканда бай-коочулар командалары талаш, чыр-чатактарды жөнгө салуу же болтурбоо үчүн зарыл чараларды көрүшү үчүн жергиликтүү бийликтегилерди же башка тараптар-ды кабардар кылып турушкан.

Ошентип, БУУӨП жана GIZтин колдоосунда түзүлгөн эртелеп алдын алуу тутуму чегаралык маселелер боюнча маалымат топтоону жана аны талдоону, жаралган көйгөйлөрдү чогуу талкуулоону, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн чегаралык ма-селелерди чечүүнү же тийиштүү мамлекеттик түзүмдөргө даректөөнү камтыган.263 КРнын Баткен районунун жана ТРнын Исфара районунун биргелешкен жумушчу тобунун отурумунун прото-колун карагыла. Баткен, 2011-ж . 264 Баткен жана Исфара райондорунун суу кызматтарынын ведомство аралык топторунун отурумунун протоко-лу, Баткен, 2011-ж.

Page 182: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

181ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

Эл аралык мамилелерКыргызстан менен Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) мүчөлөрү экендигине жана экөөнүн ортосундагы чыр-чатак бири-бирине каршы курал колдонбоо тууралуу жобого карама-каршы келе тургандыгына карабай, ЖККУ 2013-жылдын декабрында Ворухта жүз берген толкундоолор жаатында өз пикирин билдирген жок. ЖККУнун басма сөз катчысынын сөзүнө караганда, баш-кы катчы Николай Бордюжа КР жана ТРнын жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөшкөн, бирок расмий билдирүү болгон эмес. Тараптардын башчыларынын аракети алар түзүлгөн кырдаалды ортомчуларды катыштырбай туруп, эки жактуу тартипте жөнгө салуу мүмкүн деп эсептешкендиктерин көрсөтөт.

КатнашЧек араларды тактоо жана белгилөө процесси тууралуу маалымат көп мезгил-ден бери «жабык» калып, Баткен районунун калкынын арасында ар түрдүү имиш сөздөрдү жаратып жатат. Тургундар зарыл маалыматты алып турушса, бара-ба-ра кабыл алынган чечимдерге даяр болушмак. Кандай учурда болбосун коомдо-штуктар маалымат алууга укуктуу, ал эми өтө зарыл көйгөйлөрүн мамлекеттик түзүмдөр кантип чечип жаткандыгы тууралуу жарандар билгиси келерин бийлик-тегилер унутпоого тийиш.

Дагы бир маселе – кабыл алынган эки тараптуу келишимдер менен макулдашуу-лар тууралуу калктын жакшы билбегендиги. Учурдагы процесстердин өңүтүнөн караганда, жарандарды өз убагында кабардар кылып туруу абдан керек. Зарыл маалыматтын жоктугу жарандардын кырдаалды түшүнбөй калышына алып келет. Жалпысынан, чек арага чектеш райондордун калкынын күнүмдүк турмуш-тиричи-лигине түздөн-түз тиешеси бар эки өлкөнүн мыйзамдары менен мыйзам актыла-ры жөнүндө калктын кабардар болушун тутумдуу жакшыртууга аракет жасалбай жатат.

Коомчулук менен байланышКөз карандысыз ЖМК басылмаларынын жетпегендиги, кымбаттыгы жана аларды таратуучу түйүндөрдүн жоктугуна байланыштуу Исфара районунун (ТР) чегарага чектеш коомдоштуктары чектелүү гана маалымат алышат. Ырас, ЖМКнын мамле-кеттик басылмаларын жайылтуу (борбордук дагы, жергиликтүү дагы мамлекеттик басылмалардын белгилүү тизмегине милдеттүү жазылуу аркылуу) жакшы жолго коюлган. Бирок аларда чек арага чектеш коомдоштуктар муктаж болгон керектүү маалымат берилбейт.

Аксай айылындагы жаңжал Баткен районунда (КР) ЖМК жана интернет басыл-малар аркылуу ыкчам чагылдырылды. Бийликтегилер менен ЖМКнын маалымат алмашуусу натыйжалуу болду. Чыр-чатактуу кырдаал өрчүп жаткан мезгилде чөл-көмдөгү чыныгы жагдайды бийликтегилер журналисттерге көлөмдүү маектерди куруу менен ЖМКдан жашырган жок. Ошентип, Баткен районунун калкы ӨК туу-ралуу жетишерлик кабардар болуп турду.

Эл аралык уюмдардын (ЮНИСЕФ, Интерньюс, АКШ элчилигинин Демократиялык

Page 183: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

182 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

программасы) колдоосунда жергиликтүү өнөктөштөр аркылуу (мисалы, ЭТКФ) укук коргоо органдары менен кызматташуу жана адам укуктарын коргоо жолдору жөнүндө калкка маалымат берүү боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылган. Маалымат жергиликтүү «Салам» үналгысы аркылуу берилип, ошондой эле ата-лыштагы маалыматтык бюллетень басылып чыгып турган. Уктуруу дагы, басылма дагы эки тилде – кыргыз жана орус тилдеринде жүзөгө ашырылган. Ошондой эле өнүгүү жана кызматташуу боюнча Швейцария агенттигинин каржылык колдоо-сунда «Медиатор» («Данакер») кыргыз-тажик биргелешкен маалыматтык-билим берүүчү бюллетени жарык көрүп, ЕККУ менен Кайрымдуулук корпусунун колдоо-сунда «Тироз» үналгысында биргелешкен берүүлөрдүн түрмөгү уюштурулган.

БУУӨПтүн колдоосу менен чек арага чектеш коомдоштуктарда Жамааттарды колдоо борборлору (Jamoat Resource Centers) түзүлгөн. Алардын ишмердигинин артыкчылыктуу багыты – жергиликтүү калкты маалымат менен жеткиликтүү кам-сыз кылуу, ошондой эле максаттык коомдоштуктарда маалымат өксүктүгүн жоюу. БУУӨПтүн учурдагы «Фергана өрөөнүндө чыр-чатактарды азайтуу жана алдын алуу» долбоорунун алкагында чыр-чатактарды тескөө жана алдын алуу, ишеним жаратуу менен сабырдуулукка тарбиялоо маселелери боюнча чегарага чектеш айылдарды жакшы кабардар кылуу ишмердиги улантылып жатат.

Ошентип, демөөрчүлөрдүн иш-аракеттери Баткен районунун чек арага чектеш коомдоштуктарынын калкын жакшы кабардар кылууга зор таасир этти.

Корутунду жана тыянактар

Кырдаалды талдоо көрсөткөндөй, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Та-жикстандын чек арага чектеш аймактарында чек ара чыр-чатактары ыктымалды-гы жогору. Алардын очоктору төмөнкүлөр:

• мамлекеттик чек ара сызыгынын юридикалык жактан таризделбегендиги;

• табигый ресурстардын жетишсиздиги жана мурдагы союздук республика-лардын эгемен макамын эске алуучу жаңы шарттарда бул ресурстарды жөнгө салуучу эки тараптуу документтердин жоктугу;

• чектеш тараптардын жергиликтүү коомдоштуктарынын деңгээлиндеги ка-рым-катнаштардын саясатташкандыгы.

Аталган регион үчүн мүнөздүү болгон төмөнкү жагдайларга көңүл буруу зарыл:

1. Үч өлкөнүн тең чек арага чектеш айыл тургундарынын тез топтолуу кор-кунучу, б.а. кырдаал курчуган жерге жүздөгөн адамдардын дароо жетип келип, аны чатакка айлантып жибериши мүмкүн. Эки тараптын калкынын мындай психологиялык абалы алардын өз бийлик башындагыларды ал-сыздыгы, суу жана жер маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдө бир беткей ыкка көнүүчүлүгү үчүн күнөөлөгөндүгү менен чыңалат. Жол, көпүрө, ка-нал жана башка инфратүзүмдүк объектилерди куруу иштерин тараптар өлкөнүн эгемендигине жана региондун экономикасына зыян алып келүүчү кас аракеттер катары чечмелешет.

2. Улут аралык кас мамилелерди пайда кылууда расмий кишилердин чек ара

Page 184: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

183ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

боюнча сүйлөшүүлөрдө ыкка көнбөй тургандыгы тууралуу «мекенчил» билдирүүлөрү өзгөчө роль ойнойт. Алар мамлекеттик чегара сызыгын юридикалык тариздөө маселеси боюнча эл арасында жалган түшүнүк-тү жаратат. 2014-жылдын 11-январында Чоркух айылында Согд облусу-нун төрагасынын биринчи орун басары Жумабой Сангинов Тажикстан өз аймагынан 1см да жерди берип койбойт деп билдирди. Мындай бил-дирүүлөр Кыргызстан менен Өзбекстандын жооптуу кызматчылары тара-бынан да айтылып келет. Талаш маселелер өз ара өтүүнүн негизинде гана чечилиши мүмкүн.

3. Тажик анклавы Ворух менен өзбек анклавы Сохтун тегерегинде ар башка улут өкүлдөрү жанаша жашайт. Бул жагдайды региондун калкы ар бир чек-теш мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө коркунуч катары кабылдайт. Кыр-гыз Республикасынын чек арасынын бул тилкесинде калктын тез көбөйүп, жер-суу ресурстары ашкере жетишсиз болуп жаткандыктан, чыр-чатак ык-тымалдуулугу жогору бойдон кала берүүдө.

4. Чек аралар менен анклавдардын режими жөнүндөгү келишимдер менен бирге кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек аралары туура-луу келишимдерге кол коюлуп жана бекитилип, чек араларды тактоо жана белгилөө аяктаган соң аталган региондогу этно-аймактык чыр-чатактар азайышы мүмкүн.

Алынган сабактар

• чек арага чектеш аймактардын маселесин чечүүдө жана чек аралык коом-доштуктардын өнүгүүсүндө мамлекеттик органдардын даремети (чыр-ча-тактарды талдоо, тескөө жана алдын алуудагы билгилиги) маанилүү роль ойнойт. Чегара танабындагы жаңжалдардын тез-тез кайталана башташы чыр-чатактуу кырдаалды аныктоо, болжолдоо жана алдын алууда, сүй-лөшүүлөр жүргүзүүдө, ошондой эле чыр-чатактарды жөнгө салууда рай-ондук деңгээлде да, жергиликтүү деңгээлде да бийликтегилердин даре-метинин начардыгынан кабар берет;

• учурдагы чек ара чыр-чатактары чек араларды тактоо жана белгилөө бо-юнча делегациялардын өтө начар иштеп жаткандыгы да себеп болууда. Акыркы үч жыл ичинде көптөгөн жолугушуулардын жүрүшүндө чек ара сы-зыгы өткөн жерлердин бир дагы километри макулдашылган эмес. «Кыргыз, Өзбек жана Тажик ССРлеринин өкмөттөрүнүн Тең укуктуу комиссиясынын иштеринин тарыхынан белгилүү болгондой, 1955, 1958, 1959-жылдары административдик чек ара сызыктарын тактоо боюнча сапаты жагынан жакшы чечимдерге жетишилген. Балким, азыркы сүйлөшүүлөрдүн на-тыйжасыздыгы өлкө үчүн ашкере маанилүү болгон бул милдет тапшы-рылган кишилердин кесипкөйлүк деңгээли менен байланышкан чыгар. Чек араны тактоодон баштап, чегарага чектеш калктын чарбалык өз ара карым-катнашын камтыган жана чек ара чыр-чатактарынын очогу болуп саналган аталган көйгөйлөрдүн көптүгүн эске алуу менен КР өкмөтү чек ара сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн делегация түзүүдө анын мүчөлөрүнүн

Page 185: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

184 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

кесипкөй билимине жана чек ара маселелерине катышы бар мамлекеттик түзүмдөрдөгү иш тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурушу абзел»;265

• эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде чегарага чектеш региондордун өнүгүшүнө кызыгуу жогору болгону менен райондук деңгээлде дагы, му-нициципалдык деңгээлде дагы өнүктүрүүнүн жергиликтүү стратегиялык пландары менен программаларында чыр-чатактарды болтурбоо жана азайтуу жагдайларына жакшы көңүл бурулбайт. Мындай кырдаалда чыр-чатактын очогун азайтууга багытталган ар кандай демилге анын сы-рткы көрүнүшүнө гана таасир этип, өтө орчундуу маселелерди чечпейт. Ошол себептүү жергиликтүү бийлик менен коомдоштуктардын ортосунда-гы байланышты жолго койгон механизмдерди иштеп чыгуу абзел;

• тигил же бул талаш кырдаалга туш келүү менен мамлекеттик түзүмдүн өкүлдөрү менен комиссиянын мүчөлөрү адатта алардын пайда болуу се-бептерин эмес, тышкы көрүнүшүн жоюуга аракет кылышат. Натыйжада оңой эле чечилгидей көйгөйлөр көмүскөдө кала берип, акыры көбүнесе социалдык чыңалууну алып келген олуттуу коркунучка айланат;

• жолугушуулардын жүрүшүндө чыр-чатактуу кырдаалдарды талдоого аз көңүл бурулат. Бул бир жагынан мамлекеттик түзүмдүн кызматкерлеринин мында талдоо жүргүзүүгө билгилиги менен көндүмдөрү жоктугуна, экинчи жагынан мындай жолугушуулар өтө кыска убакытта (демейде бир жумуш күн гана) өтүп жаткандыгына байланышкан;

• кабыл алынган чечимдердин аткарылышын мониторингдөө механизми-нин жоктугу. Кабыл алынган чечимдердин аткарылышын ар бир тарап өз алдынча көзөмөлдөп, тараптар иштин натыйжасы тууралуу бири-бирине маалымат бербейт;

• кабыл алынган чечимдерди милдеттүү аткаруу принциптеринин жоктугу. Бул же тигил чечимдин аткарылбагандыгы үчүн жооп берген киши жок;

• мамлекеттик органдардын жетекчилеринин тез-тез алмашып турушу жал-пысынан бийликтегилердин туруктуу диалогуна жана маселелерди чогуу чечүүнүн натыйжасына терс таасир этет. Жетекчилер ортосундагы бел-гилүү бир убакыт ичинде түзүлгөн өз ара ишенүүчүлүк мамилеси жана кы-зматташуу, талаш кырдаалдарды чечүү жана жөнгө салуу экспертизасы, оозеки макулдашуулар, келишимдер жана канатташ жашоо принциптери жаңы кызматка келген жетекчи тарабынан сынга кабылып, бийликтеги-лердин кызматташуусуна залакасын тийгизбей койбойт. Мурдагы жетекчи түзгөн институттар менен кабыл алынган чечимдердин «укук улантуучу» механизми жок. Бирдей эле комиссия менен жумушчу топтор бир канча жолу түзүлөт. КРда эреже катары бир жетекчинин алмашуусу мамлекеттик органдын бүтүндөй администрациясынын алмашуусу менен коштолот;

• жарандык коомдун өкүлдөрүнүн чыр-чатактуу кырдаал учурунда байкоочу катары жакшы катышпагандыгы.

265 Чек ара көйгөйлөрүн иликтеп жүргөн Ош мамлекеттик университетинин профессору Адилбаев Жумали ме-нен болгон маектен, 2014-жыл, 23 – 27-январь, Баткен облусу

Page 186: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

185ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

Сунуштар

Ченемдер (эрежелер, стандарттар, ченемдик-укуктук ак-тылар) өзгөрүлүүгө, толукталууга жана кайрадан иште-лип чыгуу тийиш:

• Чек араларды тактоо жана белгилөө процессинин бүтүшүн тездетүү, ошондой эле алардын натыйжаларын мамлекет ичиндеги жана мамле-кеттер аралык жол-жоболор менен бекитүү зарыл;

• КРнын «Кыргыз Республикасынын айрым чек арага чектеш аймактарына жана аларды өнүктүрүүгө өзгөчө макам берүү жөнүндө» мыйзамынын ат-карылышын (өзгөчө атайын мамлекеттик программаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу бөлүгүн жана аны тийиштүү каржылоо менен камсыз кылууну) тездетүү керек;

• КРнын «Жайыттар жөнүндөгү» мыйзамынын талаптарын, мунун ичинен КРнын жайыттарын чет эл жарандарынын пайдаланыш тартибинин тий-иштүү бөлүгүнүн – улуттук коопсуздукту эске алуу, ошондой эле жайыт-тарды ижарага берүүдөгү бийликтин жергиликтүү органдарына кошумча укуктарды берүү аркылуу – аткарылышын камсыз кылуу.

Ыкчам ишмердик жана ыкчам жол-жоболор боюнча зарыл өзгөртүүлөр:

• Чек ара жана жерге жайгаштыруу кызматтарынын, чек арага чектеш рай-ондордун, муниципалитеттердин суу департаменттеринин кызматташуу-сун күчөтүү;

• Кыргызстандагы БУУӨПтүн колдоосу жана демилгеси менен чек арага чектеш коомдоштуктардагы кырдаалды талкуулоо жана алдын ала жооп кылуу максатындагы иш-чаралардын бирдиктүү планын түзүү үчүн түзүл-гөн Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чегаралык жумушчу топтун ишин жандандыруу;

• Тараптардын чек ара кызматтарынын ортосунда иштешүү механизмин түзүү, күзөттөр жана тосотторду камтыган чегара чөлкөмдөрүн, тилкеле-рин жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүүдө алар менен жерге жайгашты-руу кызматтарынын ортосунда тыгыз кызматташууну камсыз кылуу.

Талап кылынуучу көндүмдөр (маалымат базасы, катнаш, чечим кабыл алуу процессиндеги аналитикалык колдоо, коомдук байланыш)

• Чыр-чатактын географиясы, катышуучу тараптар, чыр-чатактын себе-би, мамлекеттик түзүмдөр көргөн аракеттер, алынган сабактар жөнүндө кыскача маалыматты камтыган чыр-чатактардын картасын түзүү керек. Аталган карта чыр-чатактардын өсүшүн талдоого, чыгышы мүмкүн бол-

Page 187: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

186 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

гон чыр-чатактарды алдын алуу максатында алардын ырбашынын жакшы жана жаман сценарийлерин иштеп чыгууга жардам берет;

• Укук коргоо органдарынын ишин күчөтүү аркылуу чыр-чатактуу кырдаал-дарды дайыма мониторингдеп, талдап туруу тутумун түзүү керек;

• Мамлекеттик чек ара сызыгын бойлото кеткен аймактардагы кырдаалды болжолдоо үчүн чек арага чектеш жерлерде оперативдүү жана чалгындоо иштерин жүргүзүү керек;

• Парламенттин депутаттарынын жана тийиштүү мамлекеттик органдардын чек ара тарнабындагы маселелерди талкуулоо жана чечүү боюнча эл ме-нен байма-бай жолугушуп туруусун салтка айлантуу;

• Мамлекеттик түзүмдөрдүн чек арага чектеш аймактардын кызматташуусу жана чыр-чатактарды алдын алуу тармагында иш алып барган эл аралык уюмдар жана жергиликтүү БӨУлар менен (БУУӨП, ТКӨА, ЕККУ, Сэйфэ-ворлд (Safeworld), Евразия фонду, Сорос-Кыргызстан фонду, «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонду, «Фергана өрөөнүнүн тынч өнүгүү» фонду) өз ара карым-катнашын күчөтүү керек;

• Бийликтин жергиликтүү органдары, эл аралык уюмдар менен БӨУлар кал-ктын ар түрдүү топторун көйгөйлөрдү тынч жол менен чечүү тажрыйбасы менен тааныштырган билим берүү программасын жүзөгө ашырууну улан-тышы зарыл;

• Чек ара ишинде мыйзамдар менен эрежелердин, мунун ичинен эл аралык укуктар менен милдеттердин чегинде аракеттенүү;

• ӨР менен ТРнын чек араларынан өтүүнүн эрежелери жана жол-жоболору, чек арага чектеш чөлкөмдө экономикалык ишмердик жүргүзүү тартиби туу-ралуу калк арасында кабарлоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү;

• Болуп өткөн жаңжалдарга адам укуктарынын бузулушу жаатында укуктук баа берүү.

Булактар:

Мыйзамдар жана келишимдер1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө”

мыйзамы, 2012-жыл, 18-июнь, №85, Бишкек ш.

2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамы, 2011-жыл, 14-июль, №96, Бишкек ш.

3. Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамы, 2009-жыл, 26-ян-варь, №30

4. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүн-дө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамы, 2011-жыл, 24-ноябрь

Page 188: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

187ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

5. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин түзүү тууралуу Келишим, 1991-жыл, 8-декабрь

6. КМШны түзүү боюнча Алма-Ата Декларациясы, 1991-жыл, 1-декабрь

7. Минск Декларациясы, 1992-жыл, 14-февраль

8. Москва Декларациясы, 1994-жыл, 15-апрель

9. Эл аралык келишимдердин укугу тууралуу Вена конвенциясы, 1969-жыл, 23-май

10. КР мыйзамы бекиткен Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Респу-бликасынын ортосундагы түбөлүк достук тууралуу Келишим, 1997-жыл, 5-июль, №48

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара катташуусу тууралуу Кели-шим, 2006-жыл, 3-октябрь

Макалалар жана отчеттор1. Владимир Парамонов, Олег Столковский. Погранично-территориальные

проблемы в китайско-центральноазиатских отношениях. 17 февраля 2009 года. http://www.easttime.ru/analitic/3/8/575.html

2. Курманбек Бакиев «Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чек ара тууралуу Келишимди бекитүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. http://www.consulkg.kz/news/main/536/

3. Саламат Аламанов: «Назрела необходимость предметного обсуждения данного вопроса на самом высоком уровне». 01.07.2013

4. КР МЧК төрагасы полковник Курманакун Матеновдун пресс-конферен-циясы 31.07.2013, ИА-Nooruzkg.com; Сафар Тохир. “Весна тревоги на кыргызско-таджикской границе”, 28.03.2011,http://rus.azattyk.kg/content/kyrgyzstan_tajikistan_conflict/4726510.html

5. Депутат Исмаил Исаковдун КР Президенти Алмазбек Атамбаевге ачык каты, http://kyrgyztoday.kg/makala/37560/joltudey-atambaevge-ksdp-fraktsiyasının-akıykatçıl-deputatı-da-joloy-albay-kalganın

6. КР МЧКнын мурдагы башчысы Курманакун Матенов менен болгон маек-тен. 2014-ж., январь

7. Ички иштер министринин орунбасары Курсан Асанов менен болгон маек-тен. 2014-ж., январь

8. К вопросу об этно-территориальных и пограничных проблемах в Цен-тральной Азии. Дмитрий Трофимов, старший научный сотрудник Центра международных исследований МГИМО (у) (Российская Федерация)

9. Маматканов Дуйшон, Бажанова Лариса, Романовский Владимир. Водные ресурсы Кыргызстана на современном этапе. Бишкек, 2006, 266 стр.; Ка-сымова Валентина Махмудовна, Аламанов Саламат, Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич, Архангельская Анна Валерьевна, Мониторинг позиций

Page 189: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

188 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

стран Центральной Азии по вопросу использования трансграничных во-дных ресурсов. Отчет для УСИИКР, 2013

10. ИА-Nooruzkg.com. КР МЧК төрагасы полковник Курманакун Матеновдун пресс-конференциясы. 31.07.2013; K-News.kg, События. КР ИИ министри-нин орунбасары Курсан Асановдун чегара маселелери боюнча комиссия-нын отурумундагы билдирүүсү. 2013-ж., 12-октябрь

11. «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фондунун Баткен филиалынын КРнын Баткен районунун Чарбак айылы менен ӨРнын Сох районунун Хушьяр айылынын тургундарынын ортосундагы чыр-чатактуу жаңжал жөнүндө аналитикалык отчету.

12. Региональное партнерство как фактор урегулирования кыргызско-таджик-ского конфликта. Карим Довудов. 22:33 16.01.2014, ЦентрАзия, http://www.centrasia.ru/newsA.php?st=1389897180)

13. Enclave Issues Challenge Uzbek, Kyrgyz Leaders, IWPR, www.iwpr.org

14. Аваз Юлдашев. 03.03.2014 http://www.centrasia.ru/news.php?CRө3

15. Т. Мамытов менен болгон маек. «Фабула» гезити, № 9, 11.02.14 / 5 жана 11-бб.

16. Граница.kg. Покой нам только снится. Махинур Ниязова.10:25 16.01.2014, stoletie.ru

17. Саламат Аламанов (ошол учурдагы Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек ара маселелери боюнча КР өкмөтүнүн де-легация башчысы) менен маек. 2007-жыл, 5-декабрда «Комсомольская правда» гезитине жарыяланган «Чек араларды аныктоо – интеллектуал-дык милдет» («Определение границ – задача интеллектуальная»).

18. КР УКМКсынын Чек ара аскерлеринин расмий сайтынын маалыматы, http://www.granica.kg/index.php?option=com_frontpage&Itemid=1&limit=10&limitstart=20

19. «Тынчтык даремети жана чыр-чатактардын коркунучу» отчету: Тажикстан-дын Исфара районунун (Ворух, Чоркух, Сурх жана Шураб жам.) жана Кы-ргызстандын Баткен районунун (Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек) че-гарага чектеш коомдоштуктарынын өнүгүү анализи. Норвегия өкмөтүнүн каржылык колдоосунда «БУУӨПтүн «Фергана өрөөнүндө чыр-чатактарды алдын алуу жана азайтуу» долбоорунун алкагында Ворух ЖКБ» КБсы.

Интернет булактар1. http://iwpr.net/ru/report-newshttp://www.knews.kg/action/42926_perestrelka_

na_kyirgyizsko-tadjikskoy_granitse/

2. http://www.vb.kg/doc/257576_tokon_mamytov_nazval_prichiny_konflikta_na_granice.html

3. http://www.president.kg/ru/apparat_prezidenta/sovety_pri_prezidente/sovet_oborony/informatsija_soveta_oborony/

4. www.kabar.kg/rus/incident/full/47209

Page 190: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

189ЧЕГАРАЛЫК ЧЫР-ЧАТАКТАР

5. http://hronika.kloop.kg/category/bez-rubriki/page/143/

6. http://kloop.kg/blog/2013/01/07/hronika-13-ky-rgy-zstantsev-v-zalozhnikah-posle-konflikta-u-anklava-soh/

7. http://www.vb.kg/doc/250678_pogranslyjba_rasskazala_o_prichinah_incidenta_na_granice_s_yzbekistanom.html

8. http://www.24kg.org/community/169169-vlasti-tadzhikistana-obvinili-v-razzhiganii.html

Page 191: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)
Page 192: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

Жер титирөө коркунучтарын тескөөдөгү Кыр-гызстандын тажрыйбасы: 2008-жылдагы Ну-радагы (Алай) жер титирөө

Жергалбек Укашев жана Чынара Бербаева

Кыскача кириш сөз

Кыргызстан өзүнүн географиялык жайгашуусу жагынан бир кыйла даражада таби-гый кырсыктар менен апааттардын таасир коркунучунда турган өлкө болуп саналат.

Калк жана анын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу объектилерге эң ири кооп туудурган кырсыктар: жер титирөөлөр, жер көчкү, кар көчкү, сел, үйөр суу, таш-кындар, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү, бийик тоолордогу ачылып кетүү коркунучу бар көлдөр, калдык жайлар, бороон-чапкындар.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин толук эмес ма-алыматына ылайык, Кыргызстанда 14 миңден азыраак кооптуу жана 4 миңден ашуун өзгөчө кооптуу участкалар, райондор жана чөлкөмдөр – ар түрдүү таби-гый кырсыктар, авариялар жана алааматтардын булактары бар. Алар бир кылка эмес, Кыргызстандын административдик жети облусунда ар кайсы даражада бо-луп турат. Алардын кыйратуучу таасири бар айрымдары чек аралык мүнөзгө ээ.

80 ашуун ири калктуу конуштар жер титирөөлөрдүн ыктымалдуу очогу орун алган чөлкөмдө жайгашкан. Алардын тездиги 9 жана андан ашык баллга жетиши мүм-күн. Аталган калктуу конуштарда республика калкынын 75%га жакыны жашайт (болжол менен 4,332,450 киши).

Божомолдуу баалоолор боюнча 3,3 млн. киши (республика калкынын 66%га жакыны) ыктымалдуу катуу жер титирөөлөргө такыр туруштук бере албай турган үйлөрдө жашайт.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында:

• 5000 ашуун жер көчкү коркунучу бар участка саналган;

• 160 млн. м3 уулуу жана радиоактивдүү калдыктар камтылган 60тан ашуун калдык жай, ошондой эле ачык, аралашпаган тектер менен кондицияга туура келбеген кендердин – жалпы салмагы 2 млрд. тоннадан көп ради-оактивдүү калдыктардын 100 ашуун таштандылары бар. Радиоактивдүү жактан булганышы мүмкүн болгон чөлкөмгө жалпы саны 5 млн. жакын Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын айма-гы туш келет;

• Бийик тоолордо калкка жана эл чарба объектилерине олуттуу коркунучу бар, ачылып кетиши мүмкүн болгон 300дөн ашуун көл жайгашкан. Эгер

Page 193: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

192 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

алар ачылып кетсе, ири селдер менен үйөр суулардын агымын пайда кылып, калк жыш жайгашкан өрөөндөргө чоң апааттарды алып келиши ыктымал.

Жер титиресе жогоруда айтылган коркунучтардын кесепети аябай чоң болушу мүмкүн.

Статистика боюнча республиканын аймагында жыл сайын ар кандай мүнөздө-гү 200 өзгөчө кырдаал катталып, алар келтирген тике зыян эле 30-35 миллион АКШ долларын түзөт. Ал эми материалдык жана экономикалык чыгашалардын, кырсыктардан жабыркаган нерселердин баарын калыбына келтирүү жана реконструк-циялоого керектеле турган чыгымдын жалпы көлөмү иш жүзүндө ондогон эсе көп.

Кыргыз Республикасынын аймагындагы узак мезгилден бери жүз берип жаткан өзгөчө жана кризистик кырдаалдар (мындан ары – ӨК) инвестициялардын натый-жаларына катуу зыян келтирип, өлкөнүн туруктуу өнүгүшү жана калктын жакыр-чылык деңгээлин төмөндөтүү үчүн жылдан-жылга олуттуу тоскоолдуктарды жара-тып жатат.

КРнын 2013-2017-жылдар аралыгындагы Туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратеги-ясында табигый жана техногендик мүнөздөгү коркунучтардан калк менен аймак-тардын комплекстүү коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыр-туу каралган.

Ушунун баары КР Өкмөтүн эл аралык топтолгон тажрыйбага таянып, улуттук жана жергиликтүү деңгээлде кырсыктардын коркунучун азайтуунун артыкчылыктуу ро-лун камсыздоо боюнча эл аралык коомдоштуктардын сунуштарын колдонуу ар-кылуу (аларды ишке ашыруу үчүн күчтүү институционалдык база түзүү менен) кырсыктардын коркунучун азайтуунун, калк менен аймактарды өзгөчө кырдаал-дардан сактоонун жаңы жолдорун издөөгө мажбур кылат.266

2008-жылы Нурада (Алай) болгон жер титирөөнүн кыскача сыпаттамасы

Кыскача тактама маалымат:

Кризистик кырдаал – КРнын 1998-жыл, 24-октябрдагы «Өзгөчө кырдаал-дар жөнүндө» N 135 конституциялык мыйзамынын 3-беренесинде анык-талган (табигый кырсыктар, ири авариялар же апааттар, эпидемиялар, эпизоотиялар, конституциялык түзүлүшкө келген тике коркунучтар, зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч туулуу менен коштолгон жалпы башаламандыктар) өзгөчө мүнөздөгү жагдайлар.266

Өзгөчө кырдаал – Кыргыз Республикасынын белгилүү аймагында кооп-туу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, апааттын, табигый же башка кырсыктын, кыйратуучу заманбап каражаттардын айынан түзүлүүчү, адамдарды өлүмгө, жаракаттанууга, айлана чөйрөнү,

266 КР Өкмөтүнүн «Кыргызстан калкы жана аймагынын комплекстүү коопсуздук концепциясы менен стратегия-сын бекитүү жөнүндө» 2012-жыл, 2-июндагы №357 токтому

Page 194: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

193НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

материалдык байлыктарды зыянга учуратып, адамдардын жашоо-тири-чилик шартын бузушу ыктымал болгон турган жагдай.267

Жер титирөө - жер кыртышынын же мантиянын жогорку бөлүгүнүн күтүүсүздөн жылышуусунун жана жарылуусунун айынан пайда болуп, серпилгич термелүүлөр түрүндө таасири алыскы аралыкка кетүүчү жер астында болуучу силкинүүлөр жана жер бетиндеги термелүүлөр.268 Адатта жер титирөөлөрдүн магнитудасы сейсмографтардын жазганда-рына негизделип, ар түрдүү шкалалар боюнча аныкталат. Шкалалардын бири Рихтердин шкаласы деген ат менен белгилүү. Жер титирөөнүн магнитудасы – аталган жер титирөөнүн жана айрым бар стандарттык жер титирөөнүн толкундарынын белгилүү тибинин эң чоң амплитудала-рынын катышынын логарифмине пропорционалдуу өлчөмсүз чоңдук. Жер бетиндеги жер титирөөнүн тездиги балл менен өлчөнүп, анын кубатын ченей турган очогунун тереңдигине жана магнитудасына жараша болот. Кыргызстанда МSК-64 шкаласы (Медведев, Шпонхойтер, Карник шкаласы) кабыл алынган жана ага ылайык жер титирөөлөр жер бетиндеги бүлүн-дүрүү күчү боюнча 12 баллга бөлүнөт.

Нура айылы өткөн кылымдын ортосунда пайда болуп, облустун борбору Ош ша-арынан 275 километр, райондун борбору Гүлчөдөн 180 километр жана Кытай менен чектешкен Эркештам чек ара жана бажы өткөрмө пунктунан 8 километр түштүк-батышта жайгашкан. Нура айылына тик учак же жол унаасы менен жетсе болот.267268

Нурадагы 2008-жылга чейинки үйлөр пайдубалы жана сынчы жок болуп, негизи-нен кам кыштан курулган. Жер көчкү, жер кыртышынын анча-мынча силкинүүлөрү сыяктуу табигый апааттар айылды четтеп өткөн. Атүгүл бир жолу жер титиреп, айылдын жанынан өткөн сууга салынган көпүрө кыйшайып калганда, айылдагы-лар жердин силкингенин туйган эмес. Бирок бул ирет кырсык кыйгап өткөн жок.

Кыргызстанда 2008-жылдын 5-октябрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 21ден 53 мүнөт өткөндө адамдарга, айрыкча түштүк региондун тургундарына ка-туу сезилген жер силкинүү (жер титирөө) болуп өттү.

Укуктук ченемдерге ылайык, жер титирегенде ар түрдүү булактардын бардык ма-алыматтары биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар ми-нистрлигине (мындан ары - КР ӨКМ) келип түшөт. Анткени ал жарандык коргонуу (мындан ары – ЖК), өрт, радиация коопсуздугу, суу жана гидрометеорология объ-ектилериндеги кишилердин коопсуздугу тармагындагы КРнын аткаруу бийлиги-нин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп эсептелет. Мында болуп өткөн жер титирөөлөрдүн ордун, убактысын, магнитудасын, күчүн жана башка чек-че-немдерин толук аныктоодо КР ӨКМ Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту (мындан ары – КР УИА СИ) өз убагында берүүгө тийиш болгон расмий маалыматтарга таянат.

267 КРнын «Жарандык коргоо жөнүндө» 2009-жыл, 20-июлдагы N 239 мыйзамы 268 КР Өкмөтүнүн «Өзгөчө кырдаалдарды классификациялоо жана аларды Кыргыз Республикасында баалоо критерийлери тууралуу » 2011-жыл, 17-ноябрындагы N 733 токтому

Page 195: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

194 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Ошентип, Ош облусунун Алай районундагы Нура айылында жүз берген жер ти-тирөө боюнча КР УИА СИнен төмөнкүдөй маалымат келип түштү:

• 05.10.08-ж. жергиликтүү убакыт боюнча саат 21, 53 мүн. очогунун кубат-туулугу МСК-64 боюнча 8 балл болгон жер титирөө катталды.

• Жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан түштүк-чыгышка 220 км, Сопу-Кор-гон айылынан түштүккө карай 150 км алыстыкта жайгашкан.

• Очоктун координаттары: 39º38 мин. түндүк кеңдик, 73º52 мин. чыгыш узактык.

• Жер титирөө Нура айылында 8,0 балл, Ош ш. -5,0 балл, Баткен ш. – 4,5 балл, Бишкек ш. – 3,0 балл байкалган.

Мындан тышкары, КР ӨКМынын ыкчам кызматтары тарабынан Американын өкмөттүк Жер тууралуу илимдерге адистешкен илим изилдөө уюму болуп са-налган (Рестон шаары, Виргиния штаты) Геологиялык кызматынын сайтынан төмөнкүдөй мазмундагы маалымат алынган:269

• Magnitude: mb 6.3, Region Kyrgyzstan

• Date time: 2008-10-05 at 15:52:49.7 UTC

• Local time: 21:52 2008-10-05

• Location: 39.6 N; 73.82 EDepth 40 km

• Distances: 136 km SE Osн, 139 km S Özgön.

Булак: U.S. Geological Survey (USGS), www.usgs.gov

Кийин КР ӨКМнын ыкчам кызматтары тарабынан тийиштүү белгилер менен жер титирөөнүн очогу жана Ош облусуна караштуу Алай районунун Нура айылынын жайгашкан жерлери боюнча төмөнкүдөй картографиялык маалыматтар алынып иштелип чыккан.

Жергиликтүү тургундардын ырастоосу боюнча бир нече эле силкинүү болгон: би-ринчи жолку өтө катуу силкинүүдөн кийин жер көпкө чейин тынчый албай, сил-кинүүлөр кудум толкун сыяктуу бут алдында түрүлүп турган. КР УИА СИнин дерек-тири Канатбек Абдрахматов 2008-жылдын 5-октябрындагы 8 баллдык уратуучу силкинүүдөн (5-октябрда, дем алыш күнү кечки саат ондор чамасында катталган) эки сааттан кийин сейсмологдор 6 баллдык силкинүүнү катташканын билдирди. Бул күндөрү өлкө аймагы боюнча жалпысы 100 силкинүү катталып, анын ичинен 15и катуу жана орточо магнитудада болгон.

Ош облусунун Алай районундагы Нура айылы дээрлик толугу менен кыйрап, 924 тургундан 75 киши (8%га жакын) каза болгон. Каза болгондордун ичинен – отуз экиси мектепке жашы жете элек балдар, он экиси окуучулар, отузу чоң кишилер. Мындан тышкары, 140тай киши (айыл калкынын 16%га жакыны) ар кандай дара-жадагы жаракат алышып, Ош облусу менен Алай районунун ооруканаларында жатып дарыланышты. Ошондой эле 200 баштан ашык мал өлдү.

269 http://earthquake.usgs.gov

Page 196: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

195НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

1-карта. Алай ойдуңун жана ага чектеш аймактарды камтыган космос-тук сүрөт

Булак: КР УИА СИнин «Нура жер титирөөсү» боюнча отчёту, УДК 550.348 (575.2)(04)

Жер титирөөнүн натыйжасында Нура айылында имараттардын 95%дан көбү то-лук кыйраган. Бүтүн бойдон болгону төрт үй, негизинен аштап куралган клуб жана фельдшердик-акушердик пункт сакталып калган. Бирок алар да урай турган абал-га келген. Бир гана КЧЭни сактоо менен курулган жаңы мектеп байкаларлык зыян тарткан эмес.

КР ӨКМна караштуу Өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө жана болжолдоо де-партаментинин маалыматы боюнча, Нура-Алай жер титирөөсүнүн натыйжасын-да Алай жана Чоң-Алай райондорундагы (Нура айылын кошкондо) баары болуп

Page 197: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

196 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

998 турак-жай зыян тартып, алардын ичинен 152и толук кыйрап, 38и урай турган абалга келсе, 94ү олуттуу зыян тарткан.

Кыргызстанда табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө жана болжолдоо департаменти (мындан ары – ӨКМБД КР ӨКМ) мониторингдейт жана болжолдойт.

КР ӨКМ БДсынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

• кооптуу табигый жана техногендик процесстерден калк менен аймактар-ды сактоого багытталган мониторинг жүргүзүү, божомолдоо, өзгөчө кыр-даалдардан алдын алуу;

• Кыргыз Республикасынын аймагындагы кооптуу табигый процесстер менен кубулуштардын өрчүшүн жана активдешүүсүнүн божомолун иштеп чыгуу.

№1 Фотография: Нура айылы жер титирегенге чейин

2008-жыл, октябрь. Жер титирөөдөн кыйраган Нура айылынын жалпы көрүнүшү

Булак: КР ӨКМнын фото архиви

Төмөнкү фотолордон Ош облусунун Нура айылындагыдай жер титирөө кандай кесепеттерге алып келери даана көрүнүп турат:

Page 198: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

197НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

№2 Фотография: Нура айылы жер титирегенден кийин

Нура айылында олуттуу зыян тартпаган бир гана имарат, КЧЭ ылайык курулган айылдык мектеп

калган

Нура айылынан 3 км ыраак турган бажы терминалынын кыш дубалы менен имараты эч зыянга учураган эмес

Булак: КР ӨКМнын фото архиви

Нура а. жол тилкеси Нура а. жакын көпүрө

Page 199: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

198 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Өзгөчө кырдаалдардын очоктору жана себептери тууралуу басымдуулук кылган көз караш

Эчактан бери эле жер титирөөлөрдүн пайда болуу себептерин аныктоо боюнча көптөгөн изилдөөлөр жүрүп келгендигине карабай, алар толугу менен иликтенип бүттү деп айтууга мүмкүн эмес. Жер титирөөлөр бир нече түргө бөлүнүп, алардын негизгилери тектоникалык, вулкандык жана техногендик болуп саналат.

Тектоникалык жер титирөөлөр чыңалуу кокусунан жумшарганда, мисалы, жер кыртышы жарылып, кыймылга келгенде, пайда болот. Акыркы жылдардагы изил-дөөлөр көрсөткөндөй, тереңдиктеги жер титирөөлөргө белгилүү температура менен басымда жүз берүүчү Жердин мантиясындагы фазалык өтүүлөр да себеп болушу мүмкүн. Кээде тереңдиктеги жарылуулар жер бетине чыгат. 2008-жылда-гы Нура-Алай жер титирөөсүнүн келип чыгышы тектоникалык мүнөздө болгон.

Жер титирөөлөр Жердин түпкүрүндө бизге көрүнбөгөн процесстер: жер астындагы силкинүүлөр, термелүүлөр, жер кыртышынын жарылуулары менен жылышуулары жүргөндө пайда болот. Тереңдиктеги процесстер бир кыйла активдүү жүрүүчү жер кыртышы дагы дале калыптанып жаткан сейсмоактивдүү аймактар бар.

Жер титирөөлөрдү иликтөө менен сейсмология (сейсмологиялык кызматтар) алектенет.

Кыскача тактама маалымат:

Кыргызстанда улуттук сейсмологиялык кызматтын ролун 6 илим изилдөө лабораториясы, Сейсмикалык мониторингдөө борбору (24 сейсмикалык, 5 гидрогеохимиялык, 2 геодинамикалык жана 5 геомагниттик станцияны бириктирген), Маалыматтар борбору менен Калкты табигый кыйратуучу кубулуштарга даярдоо борбору бар КР УИА СИси аткарат.

КР УИА СИ ишмердигинин негизги багыттары:

• сейсмикалык коркунучту баалоо жана сейсмикалык аймактын ар кандай масштабдагы кондициялык картасын түзүү;

• сейсмикалык жагдайды болжолдоо жана жер титирөө күтүлүүчү аймактар-дын картасын түзүү;

• жер титирөөлөрдүн жер кыртышы менен курулмаларга таасир этүү чек-ченемдерин сандык жактан баалоо, ошондой эле курулуш жүрүп жаткан аянттардагы сейсмикалык кооптуулук даражасын баалоо;

• сейсмикалык апааттардын зыянын азайтуу жана курулмалардын жер ти-тирөөлөргө туруктуулугун жогорулатуу боюнча практикалык сунуштар-ды иштеп чыгуу;

• жер титиреши мүмкүн болгон жерди же аймакты алдын ала айтуу; • күтүлүүчү жер титирөөнүн ыктымал магнитудасын болжолдоо;• күтүлүүчү сейсмикалык апааттын ыктымал убактысын аныктоо;• өлкөнүн аймагында болуп өткөн жер титирөөлөрдүн орду, убагы, магниту-

дасы, күчү менен башка чек-ченемдери жөнүндө расмий маалыматтарды аныктоо жана КР ӨКМга жана башка кызыкдар тараптарга берүү.

Page 200: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

199НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

Кооптуу табигый процесстерди мониторингдөө жана алардын активдешүүсүн болжолдоо – КР ӨКМ иш-милдети. ӨКМ аларды уюштурат жана бардык кызыкдар тараптар: министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администра-циялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илим-изилдөө, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар менен өз ара тыгыз байланышта жүзөгө ашырат.

КР ӨКМ ӨКМБ департаменти тарабынан жалпы кооптуулук, коркунучтуу табигый процесстердин мониторинги жана алардын активдешүүсүн болжолдоо боюнча бардык негизги материалдар жыл сайын бир жайнакка киргизилип, дээрлик 700 беттен турган китеп форматында, ошондой эле кошумча материалдар түрүндө (илимий макалалар, маалымат жыйнактары, брошюралар, атлас карталар, фото сүрөттөр жана видеоматериалдар) чыгарылып турат.

Китеп түрүндөгү аталган болжолдоо материалдары (2009-жылдан тартып элек-трондук форматта да даярдала баштаган) дээрлик бардык кызыкдар тараптар-га: министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына, адисте-рине, серепчилерине таратып берилет. Аталган материалдар менен эл дагы та-анышса болот, анткени 2008-жылдан баштап алар КР ӨКМ расмий сайтына жай-гаштырыла баштады (www.mes.kg).

Ошентип, КР ӨКМ менен КР УИА СИнин кооптуу табигый процесстер жана ку-булуштардын очоктору, себептери тууралуу расмий пикири, ошондой эле Кыр-гызстандын бүткүл аймагы сейсмикалык таасирге кабылышы мүмкүн экенди-ги, негизинен 8 жана 9 баллдуу сейсмикалуулук менен мүнөздөлүүчү жогорку сейсмикалык активдүүлүктөгү чөлкөмгө кире тургандыгы, КР аймагында кыйра-туучу катуу жер титирөөлөрдүн коркунучу барлыгы объективдүү чындык экендиги жөнүндөгү расмий маалыматы менен узак мөөнөттүү божомолу калктын калың катмарына бийликтин аткаруу органдарынын аракети жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жеткирилип турат.

Катуу жер титирөөлөрдүн узак мөөнөттүү көрсөт-күчүнүн барлыгы

Геологиялык, геофизикалык жана жаңы тектоникалык комплекстүү маалыматтар боюнча КР УИА СИ тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагындагы сейсми-калык кооптуу жерлердин карта-схемалары түзүлүп, анда Кыргызстандын чеги жана бардык региондор боюнча өзүнчө (мунун ичинен Ош облусу боюнча да) сейсмикалык апааттардын активдешүүсү күтүлүүчү аймактардын узак мөөнөттүү жайгашуусу (15 жыл жана андан көп) көрсөтүлөт.

Ошентип, Кыргызстандын ар бир жараны бүткүл өлкө аймагындагы сейсмикалуу-луктун жогорулугу жана бузуп-кыйратуучу катуу жер титирөөлөрдүн болуу корку-нучу барлыгы тууралуу иш жүзүндө кабардар десек болот.

2006-жылдан баштап КР ӨКМнын базасында Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору (мындан ары – ЖКАДКБ) иштеп, Кыргыз Республикасынын калкын жарандык коргонууну уюштуруудагы жана алып ба-руудагы иш-аракеттерге үйрөтүүнүн бирдиктүү мамлекеттик саясаттын жүргүзүп

Page 201: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

200 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

келет. Аталган борбордун базасында жыл сайын КРнын жарандык коргонуу жа-атындагы, министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары жана адистери окуудан өтүшөт.

2-карта. Кыргыз Республикасынын сейсмикалык кооптуулук картасы

3-карта. Ош облусунун аймагындагы сейсмикалык кооптуулукту болжол-доо картасы

8 баллI даражадагы кооптуу аймактар

9 баллдан ашуун9 балл

I даражадагы кооптуу аймактар

Булак: «2007-2008-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кооптуу табигый процесстер ме-нен кубулуштардын ыктымалдуу активдешүүсүн мониторингдөө, болжолдоо жана аларга жооп кылууга даяр-дык көрүү» китеби

Page 202: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

201НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

ЖКАДКБнын негизги милдеттери:

• Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуусунун, министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдын-ча башкаруу органдарынын кызмат адамдары менен адистерин даярдоо жана кайра даярдоо;

• орто жана жогорку окуу жайлардын окутуучуларына, мамлекеттик эмес уюмдардын кызматкерлерине «Жашоо-тиричилик коопсуздугунун негиз-дери» курсун окутуу, ошондой эле калкты өзгөчө кырдаалдарда жүрүм-ту-рум эрежелери менен сактануу ыкмаларына үйрөтүү;

• «Өзгөчө кырдаалдарда сактануу» адистиги боюнча окуу-усулдук колдон-мону иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун профес-сордук-окутуучулук курамы менен түздөн-түз иштешүүнү жолго коюу;

• жарандык коргонуу (ЖК) үчүн орчундуу болгон темалар жана чөйрөлөр боюнча тармактык кафедралардын студенттери менен (студенттер менен илим-изилдөө иштерин жүргүзүү) илим-изилдөө иштерин уюштуруу;

• ЖК жаатында билимдерди жайылтуу, окуу жана усулдук материалдарды даярдоо жана басып чыгаруу, жарандык коргонуу маселелери боюнча се-минарларды жана конференцияларды өткөрүү.

• Ошондой эле КР ӨКМ дайыма ӨКнын ыктымалдуу коркунучтары жана аларга жооп кылуу тууралуу социалдык роликтерди сыналгы компания-ларынан жана жалпыга маалымдоонун башка каражаттарынан элге жет-кирүүнү уюштуруп, ал эми 2011-жылдан бери Коомдук сыналгы-үналгы корпорациясы жума сайын «Өзгөчө кырдаалдар» программасын көрсөтүп келүүдө.

Page 203: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

202 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Жер титирөө коркунучтарын тескөөнүн тыкыр анализи

Нура-Алай жер титирөөсү

Эртелеп алдын алуу: катуу жер титирөөлөрдүн орточо мөөнөттүү көрсөткүчтөрүнүн болушуКөп жылдык тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргызстандын сейсмикалык станцияла-рынын заманбап аппараттардын жардамы менен сейсмикалык апааттарды 0.6 ыктымалында 1-3 жыл мурда айтууга болот. КР УИА СИнин болжолдомо изил-дөөлөрүнүн жыйынтыктары иштиктүү сунуштар менен бирге КР ӨКМ ӨКМБДга берилип турат.

Ошондуктан узак мөөнөттүү болжолдоодон тышкары, КР УИА СИ тарабынан өзүнчө региондор боюнча өлкө аймагындагы коркунучтарды сейсмикалык кичи аймактарга бөлүштүрүү деңгээлин 2008-2010-жылдарга карата такталган орточо мөөнөттүү божомолу иштелип чыгып, КР ӨКМга сунушталган. Мунун ичинен Нура айылы жайгашкан чөлкөмдөгү орточо мөөнөттүү такталган болжолдоо боюнча КР ӨКМнын Болжолдоо китебинде 2008-жылга төмөнкү мазмундагы маалымат расмий көрсөтүлгөн:

Жакынкы үч жыл ичиндеги (2008-2010) жер титирөө коркунучу бар жерлер – бул Баткен жана Ош облустарынын аймактары. Тажикстан жана Кытай менен чектешкен чегара танабындагы жер титирөөлөр күтүлүүчү аймак-тардын (ЖКА) чегиндеги аянттарда күчү 0,7 – 0,8 ыктымал үлүшүндөгү 8-9 баллдык катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүн.

Мында жер титирөөлөр күтүлүүчү аймактар (ЖКА) АК-2 (Нура айылы жайгашкан чөлкөм) коркунучтун биринчи категориясына киргизилген.

Мындан тышкары, 2001-2009-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы жер титирөөлөрдүн божомолунун жалпы өлкө боюнча дагы, 2007-2009-жылдарга карата бардык региондор боюнча (мунун ичинен Ош облусу да камтылып) өзүнчө дагы карта-схемасы түзүлгөн.

Ошентип, катуу жер титирөөлөрдүн орточо мөөнөттүү божомолунун көрсөткүчтөрү бар болгон деп негиздүү айтса болот, анткени КР ӨКМы КР УИА СИнен белгилен-ген жер титирөөлөр күтүлүүчү аймактардын (ЖКА) чегинде ыктымалдуулук үлүшү 0,7 – 0,8, күчү 8-9 баллдык катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүндүгүн ырастаган расмий маалымат күн мурун алынган.

Page 204: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

203НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

4-карта: 2001-2009-жж. карата КР аймагындагы жер титирөөлөрдүн бо-жомол картасы

2.2-сүрөт. 2001-2009-жылдарга карата Кыргызстандын аймагындагы жана Борбордук Азия мамлекет-тери менен чектеш аймактардагы жер титирөөлөрдүн божомол карта-схемасы

Булак: КР УИА СИ

Эртелеп алдын алуу тутуму ишке киргизилген беле?Жер титирөөлөрдү болтурбай коюуга же токтотууга мүмкүн эмес. Бирок алдын алуучу комплекстүү чараларды көрүү менен апааттын кесепеттерин: кыйроолор-ду, адам курмандыктарын, материалдык чыгашаларды азайтууга болот.

Жер титирөөлөрдүн эртелеп алдын алуу тутуму бүткүл дүйнөдө азырынча орточо мөөнөттө такталган божомолдордун маалыматтарына гана таянат, анткени:

• жер титирөөлөрдү илимий жактан алдын ала так айтууга азырынча мүм-күн боло элек;

• белгилүү техникалык чек-ченемдер боюнча окумуштуулар кайсы бир ай-макта жер титирөө болушу мүмкүндүгү тууралуу болжолдоп айтып, бирок конкреттүү так мөөнөтүн алдын ала айта алышпайт;

• бүткүл дүйнө жүзүндөгүдөй эле Кыргызстанда да жер титирөөлөрдүн ордун, убагын жана күчүн күн мурун, бир нече күн же саат мурда так аныктай турган, кийин алдыдагы кырсык жөнүндө конкреттүү алдын алуу-чу чараларды көрүү жана адам курмандыктарын болтурбоо, зыянды кол-дон келишинче азайтуу үчүн негиз катары кызмат кыла турган эч кандай жабдуу ойлоп табыла элек;

• КР УИА СИ тарабынан иштелип чыккан орточо мөөнөттөгү божомол-дордун усулу күтүлүүчү жер титирөөлөрдүн аймактарын болжолдуу гана

Page 205: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

204 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

аныктоого мүмкүндүк берет. Мындай учурда божомолдордун башкы мак-саты жер титирөөгө туруктуу курулуштун принциптерин кармануу менен жерлерди жер титирөөлөрдүн орточо мөөнөттөгү картасынын негизинде пайдалануу аркылуу курулуш ченемдери менен эрежелерине (мындан ары - КЧЭ) ылайык бардык имараттар менен курулмаларды куруунун акылга сыярлык саясатын жүргүзүү, күтүлүүчү апааттарга күн мурун даяр-дануу болуп эсептелет;

• бардык өлкөлөрдүн кайсы деңгээлдеги бийликтегилери болбосун адам курмандыктары менен материалдык зыяндарды азайтуу боюнча бардык чаралар көрүлгөндөн кийин алдын ала айтылган катуу жер титирөө бол-бой калгандагы «жалган айгайлардан» чочулашат;

• иш жүзүндө бүткүл дүйнөдөгү апаат алып келүүчү жер титирөөлөрдүн баары бүгүнгө чейин күтпөгөн жерден болуп келген.

Мына ошондуктан КР ӨКМ эртелеп алдын алуу тутумун ишке киргизди, т.а. КР УИА СИден алынган катуу жер титирөөлөрдүн орточо мөөнөттөгү божомолун бардык кызыкдар тараптарга: министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же-текчилери менен кызмат адамдарына, адистерине, серепчилерине, ошондой эле эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө расмий түрдө жеткирип турат.

Мындан тышкары, КР ӨКМнын алдында Кризистик кырдаалдарды тескөө борбо-ру (мындан ары - ККТБ) иштеп, өз ишин өркүндөтүп жатат. Ал кризистик жана өзгөчө кырдаалдарды ыкчам тескөө максатында жарандык коргонуунун мамле-кеттик тутумунун функционалдык жана аймактык тутумчаларынын маалыматтык ресурстары менен мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүүнү көздөгөн бирдиктүү маалы-маттык-тескөөчү тутумду күнүмдүк тескөөчү орган болуп саналат. Аталган борбор Бишкек, Ош шаарларында, облус борборлору Каракол, Нарын, Жалал-Абад, Бат-кен, Талас шаарларында жайгашкан ККТБлардан, ошондой эле тескөөнүн көчмө пункттарынан тургандыктан, ӨКны алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды онлайн режиминде ыкчам тескөөнү бир кыйла жакшыртты. Анан Бирдиктүү мам-лекеттик нөөмөтчү-диспетчерлик кызмат 122 (мындан ары - БМНДК - 112) өзгөчө жана кризистик кырдаалдарга жооп кылуу менен алектенген өлкөдөгү бардык нөөмөтчү-диспетчерлик кызматтарды тескеп, маалыматты кабыл алуучу-берүүчү бирдиктүү «шашылыш байланыш» да түзүлүп жатат.

Акыркы жылдарда КР ӨКМ жана айрым министрликтер, жарандык коргонуу кы-зматтары тарабынан куткаруучу кызматтар менен бөлүмчөлөрдүн дареметин арттыруу боюнча бир кыйла иштер жүргүзүлдү. Мисалы, КР ӨКМ өрт өчүрүүчү бөлүмчөлөрдүн базасында өрт өчүрүүчү-куткаруучу кызматтарды түзүү аркылуу издөөчү-куткаруучу күчтөрдү реформалоону жүргүзүп жатат. Салыштыруу үчүн: Германиянын өрттөн сактоо кызматынын 96%ы ыктыярдуу өрт өчүрүүчүлөрдөн турса, 25 миң ыктыярдуу өрт өчүрүүчү бөлүмчө (1.3 млн. ыктыярдуу өрт өчүрүүчү) жана 100 кесипкөй өрт өчүрүүчү бөлүмчө (27,600 кесипкөй өрт өчүрүүчү), ошон-дой эле 261,000 жаш өрт өчүрүүчү (10-17 жаш курактагы) бар.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында суучул-куткаруучулардын кызматы түзүлгөн. Эл аралык уюмдардын техникалык колдоосунда айыл аймактарында жүздөгөн ыктыярдуу-куткаруучу командалар (мындан ары - ЫКК) түзүлүп, иш-

Page 206: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

205НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ 205

аракеттерге даярдалган. Алсак, КР ӨКМынын маалыматына ылайык, расмий кут-каруучу макамын ыйгаруу менен КР ӨКМнын куткаруучуларды даярдоочу түндүк жана түштүк региондордогу Мамлекеттик борборунда куткаруучулардын алгачкы даярдыгы программасы боюнча окуу курсунан өтүшкөн 350 ашуун ЫКК бар.

Жыл сайын эл аралык уюмдардын колдоосу менен материалдык-техникалык ка-ражаттарды, өрт өчүрүүчү-куткаруучу техника менен жабдууларды чогултуу, жай-гаштыруу, сактоо жана өз убагында жаңыртуу иштери жүрүп жатат.

2007-жылы жарык көрүп, бардык кызыккандарга расмий түрдө таратылып берил-ген «2007-2008-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кооп-туу табигый процесстер менен кубулуштардын ыктымалдуу активдешүүсүн мо-ниторингдөө, болжолдоо жана аларга жооп кылууга даярдык көрүү» китебинин «Сейсмикалык коркунучтарды божомолдоо» деген бөлүмүндө төмөнкүдөй негиз-ги маалыматтар жазылган:

• сейсмикалык коркунучтун узак мөөнөттүү жана орточо мөөнөтүү божомо-лу боюнча маалымат (тексттик маалымат жана карта-схемалар);

• жер титирөөлөрдүн убактысы менен орду боюнча шашылыш так божомол алууга мүмкүн болбогондуктан, бардык кызыкдар тараптар курулуштун, жер иштетүүнүн жөндүү саясаттын сактап, күтүлүүчү кырсыктарга күн му-рун даярдануусу тууралуу милдеттендирмелер;

• учурда Кыргызстандын аймагында алдын ала баалоолор боюнча 3.3 млн. киши күтүлүүчү катуу жер титирөөлөргө такыр туруштук бере албаган үй-лөрдө жашап, республика калкынын 65% түзөт, ал эми жеке менчик ту-рак-жайлардын 70%ы сейсмикалык жактан туруксуз эсептелерин эскер-тип туруу.

Апааттардын мүмкүн болуучу чыгаша менен зыяндарын азайтуу максатында КР ӨКМ тарабынан облустук мамлекеттик администрация органдары менен жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкү иш-аракеттерди аткаруу су-нушталган:

• күтүлүүчү сейсмикалык коркунучтун орду, күчү, убактысы тууралуу ыкчам байкап, болжолдуу маалыматтарды тактоо, жер титирөөлөрдүн орточо мөөнөттөгү божомолунун картасынын негизинде курулушту пландоо жана жерди пайдалануу;

• иштелип чыккан сценарийлер боюнча окуу өткөрүү жана калкты сейсми-калык кырсыктар жүз берген шарттагы туура жүрүм-турумга даярдоо;

• турак-жайлардын, өзгөчө кооптуу чарба объектилеринин, инженердик ку-рулмалардын жер титирөөлөргө туруктуулугун аныктоо;

• жер титирөөлөрдүн коркунучун азайтуу маселелери боюнча калкты ка-бардар кылууга багытталган ченемдик-укуктук документтерди иштеп чы-гуу, атайын видео роликтерди, окуу куралдарын, плакаттарды, брошюра-ларды даярдоо, басып чыгаруу;

• төмөндө Нура айылынын мисалында катуу жер титирөөлөрдүн орточо мөөнөттүү божомолу боюнча көрсөтмө маалымат камтылган атайын та-блицалар келтирилди:

Page 207: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

206 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

№6 таблица. Жер титирөөлөрдүн орточо мөөнөттүк болжолдонушу бо-юнча маалымат

№ Админи-стративдик

район-дордун

аталышы

Жер ти-тирөөлөр күтүлүүчү райондун аталышы

(ЖКА)

ЖКАнын карта-дагы

индекси

ЖКА-нын че-гиндеги калктуу

ко-нуштар

Жер ти-тирөө

лөрдүн классы

Кооп-тонуу деңгэ-

эли

Коркунуч-категори-

ясы

2 Алай Кызыл-Агын АК -2Нура,

Эркеш-там

14-15 Жети-шерлик Биринчи

Ишке киргизилген эртелеп алдын алуу тутуму канчалык натыйжалуу иштеди?КР ӨКМ жер титирөөлөр күтүлүүчү аймактардын (мындан ары – ЖКА) (алар баа-ры болуп Кыргызстан боюнча 50гө жакын белгиленип, анын ичинен 10го жакыны «биринчи» категориядары коркунучтуу) чегинде күчү 8-9 баллдык, ыктымалдуу-лук даражасы өтө жогору (0,7 – 0,8) катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүндүгү туу-ралуу илимий негиздеги орточо мөөнөттүү божомол алуу менен эртелеп алдын алуу тутумун ишке киргизди.

Эртелеп алдын алуу тутумунун алкагында аткарылган иш-чаралар төмөнкүлөр менен чектелди:

• КР УИА СИден алынган катуу жер титирөөлөрдүн орто мөөнөттүү божомо-лун бардык кызыкдар тараптарга: министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башка-руу органдарынын жетекчилери менен кызмат адамдарына, адистерине, серепчилерине, ошондой эле эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүл-дөрүнө расмий түрдө жеткирүү;

• катуу жер титирөөлөрдүн орто мөөнөттүү божомолун «КР аймагындагы кооптуу табигый процесстер менен кубулуштардын ыктымалдуу актив-дешүүсүн мониторингдөө, болжолдоо жана аларга жооп кылууга даярдык көрүү» китебинде жарыялоо;

• курулуштун, жер пайдалануунун жөндүү саясаттын сактап, күтүлүүчү кыр-сыктарга күн мурун даярдануу тууралуу милдеттендирме берүү.

Бирок Алай районундагы Нура айылында жүз берген кырсыктын жана башка бо-луп өткөн көптөгөн табигый апааттардын конкреттүү мисалына кайрылсак, тилек-ке каршы, ишке киргизилген эртелеп алдын алуу тутуму ойдогудай иштеген жок. Буга төмөндөгүдөй далилдерди келтирүүгө болот:

• иш жүзүндө мамлекеттик түзүмдөрдүн бири дагы орточо мөөнөттүү бо-жомол жана ыктымалдуулук даражасы өтө жогору болгон (0,7 – 0,8), күчү 8-9 баллды түзгөн катуу жер титирөөнүн реалдуу коркунучу барлыгы туу-ралуу так, түшүнүктүү кылып, элди дүрбөлөңгө салбай Нура айылынын

Page 208: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

207НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

тургундарына тийиштүү түрдө маалымат берген эмес. Ал эми «Жарандык сактануу жөнүндө» мыйзамда калк КР аймагындагы жашап турган белгилүү жеринде өзү кабылышы мүмкүн болгон кырсыктар тууралуу жана зарыл бол-гон коопсуздук чаралары жөнүндө кабардар болууга укуктуу деп жазылган270 ;

• аталган жердин аймагы менен калкынын аялуулук даражасын кошумча изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Мисалы, турак-жайлар менен социалдык ба-гыттагы объектилердин жер титирөөгө туруктуулугу, элдин катуу жер ти-тирөөгө чейинки, жер титирөө учурундагы жана андан кийинки (медицина-лык алгачкы жардам берүү менен бирге) аракеттерге үйрөтүлгөндүгү жана даярдыгы текшерилген эмес;

• катуу жер титирөөлөр пайда болгондо күтүлүүчү кесепеттерди болжолдоо боюнча иштер уюштурулбаган, кырсыкка туруктуулукту жогорулатуучу жана алдын ала сактануучу иш-чаралар боюнча талап кылынган чаралар көрүлгөн эмес;

• өзгөчө кырдаалдардын пайда болушуна жергиликтүү элдин даярдыгын жогорулатуучу тийиштүү эскертүүчү, алдын алуучу иш-чаралар уюштуру-луп, жүргүзүлгөн эмес;

• өзгөчө кырдаалдар (бул учурда катуу жер титирөөлөрдүн коркунучу) пайда болгондо тез маалымат берүү, жардам суроо, авариялык-куткаруучу жана башка шашылыш иштерди уюштуруу, жүргүзүү маселелери караштырыл-ган иш-аракеттердин так планы иштелип чыкпаган;

• сактануучу-алдын алуучу иш-чараларды, түзүмдүк жана түзүмдүк эмес митигациялык иштерди жүргүзүү үчүн аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарына тийиштүү милдеттендирмелер берилген эмес:

• элди жер титирөөгө чейинки, жер титирөө учурундагы жана андан кийинки аракеттерге, медициналык алгачкы жардам берүүгө үйрөтүүчү тийиштүү иштер жүргүзүлгөн эмес. Машыгуулар, окуулар жүргүзүлбөгөн, жергилик-түү тургундардан ыктыярдуу куткаруучу командалар түзүлбөгөн.

Бул аткарылууга тийиш болгон уюштуруу-практикалык иш-чаралардын толук эмес тизмеги. Аталган иш-чараларды орундоо үчүн материалдык жана каржылык каражат анча деле талап кылынбай тургандыгын белгилей кеткенибиз оң.

Анүстүнө Нура айылынын тургундары өздөрү жеке коопсуздугун, өз жакында-ры менен туугандарынын, мал-мүлкүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн төмөнкү жөнөкөй чараларды көрүүгө тийиш болчу:

• күнүмдүк турмушта коопсуздук чараларын көрүүгө, турак-жай куруунун жана башка ченемдер менен эрежелерди бузууга жол бербөөгө;

• калк менен аймактарды өзгөчө кырдаалдардан сактоо жана алгачкы ме-дициналык жардам көрсөтүү ыкмаларын үйрөнүүгө.

Эгер алдын алуу мүнөзүндөгү жогоруда саналып өткөн уюштуруу-практикалык иш-чаралар бийликтегилер жана эл тарабынан толугу менен же жарым-жартылай аткарылганда, кайсы бир даражада Нура айылында орун алган жер титирөөнүн

270 КРнын «Жарандык сактануу жөнүндө» 2009-жыл, 20-июлдагы N 239 мыйзамы, 12-берене. Кыргыз Республи-касынын калкынын Жарандык коргонуу жаатындагы укуктары менен милдеттери

Page 209: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

208 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

кыйратуучу оор кесепеттерин, адам курмандыктары менен материалдык чыгаша-ларды азайтууга мүмкүн болмок.

Катуу жер титирөө болгондо шашылыш жооп кылуунун кыскача анализиЫкчам маалымат жана кырдаалды билгендикМындан ары кийинки окуялардын кыскача сереби, ошондой эле Нура айылында жүз берген жер титирөөгө мамлекеттик түзүмдөрдүн шашылыш жооп кылуу ара-кеттерин хронологиялык тартипте талдоо жүргүзүлөт.

КР ӨКМде жана башка бардык күч түзүмдөрүндө да өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурдан, т.а. убактысы такталган мезгилден (С) баштап андан аркы окуя-лардын убактысын санап бөлүштүрүү кабыл алынган. Ошентип, аталган өзгөчө кырдаал үчүн такталган санап бөлүштүрүү убактысы (С) – бул 22 саат 00 мүнөт (тагыраагы 21 саат 53 мүнөт, бирок санап бөлүштүрүүнүн ыңгайлуулугу үчүн 22 саат 00 мүнөткө чейин тегеректейбиз).

С+10-20 мүнөт: КР ӨКМнын күнү-түнү иштеп, ар дайым даярдыкта турган, атал-ган учурда республиканын түштүк региондорунда (Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларында) жайгашкан ыкчам кызматтары жер силкинүүнү даана сезишти. Өздөрүнө тагылган милдеттерге ылайык жана күтүлүүчү олуттуу кесепеттерди, мунун ичинен кыйроолорду, адам курмандыктары менен материалдык чыгаша-ларды болжолдошуп, байланыштын бардык каналдары боюнча маалымат чо-гултууга киришишти жана жер титирөө фактысы боюнча тийиштүү жетекчилерге кабарлашты.

Анан да иш-милдетине кызматтан тышкаркы убактында да өзгөчө кырдаалдар-га шашылыш жооп кылуу боюнча чараларды көрүү кирген КР ӨКМнын ыкчам кызматтарынын жетекчилери менен адистеринин көпчүлүгү өзгөчө кырдаалдар болушу ыктымал чөлкөмдөргө баруу үчүн маалымат тактоо, башкармалыкка баш ийген кызматкерлердин даярдыгын күчөтүү, каражат жана күч топтоо боюнча өз алдынча, атүгүл кызматтан тышкаркы убакытта да, аракет кыла башташты.

С+20-25 мүнөт: Ош шаарынын ККТБсынын ыкчам нөөмөтчүлөрү интернеттен АКШнын Геологиялык кызматынын жер титирөөлөрдүн чек-ченемдери тууралуу алгачкы маалыматты ала алышты.

КР ӨКМ жетекчилиги жетекчилик курамдын, ыкчам кызматтардын жана шашылыш жооп кылуунун бөлүмчөлөрүнүн шашылыш топтолушун жарыялап, ыкчам топтор-дун, издөөчү-куткаруучу бөлүмчөлөрдүн өзгөчө кырдаалдар күтүлүп жаткан чөл-көмдөргө жөнөөгө даяр болушу тууралуу чечим кабыл алат.

С+30 мүнөт: КР УИА СИнин деректиринин ырастоосу боюнча нөөмөтчү сейсмо-логдор жер астынан болгон катуу силкинүү фактысын белгилешкен жана алын-ган маалыматтарды даярдашкандан кийин, болжол менен саат 22:30да жер ти-тирөөлөрдүн алдын ала орду, убактысы, координаттары, магнитудасы жана күчү жөнүндө алдын ала расмий маалыматты шашылыш билдирүү түрүндө ККТБга жана башка инстанцияларга - Президент менен өкмөт аппаратына жөнөтүшкөн.

Page 210: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

209НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

Мында КР УИА СИнин жер титирөөлөр тууралуу алгачкы негизги параметрлери Кыргызстандын, ЦОМЭ ГС РАН (Обнинск) жана IRIS (International Seismological Centre) сейсмикалык станцияларынын маалыматтары менен аныкталган. Жер титирөөлөрдүн координаттары жөнүндөгү алдын ала маалыматтар кийин 1,5 саа-тын ичинде кайра текшерилип, такталып, дагы КР ӨКМга берилген.

Бул учурда КР ӨКМнын ыкчам кызматына региондордон, жергиликтүү өз алдын-ча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн шаарлар менен ири калктуу конуштар-да кыйроолор болбогондугу жана адам курмандыктары жоктугу тууралуу алдын ала маалыматтар келип түшө баштады. Бирок жер титирөөлөрдүн очогуна жакын жайгашкан айылдардан, мунун ичинен Нура айылынан эч кандай маалымат бол-гон жок.

КР ӨКМнын серепчилери болжолдогондой эле, эгер кайсы бир жерде кырсык ке-сепеттүү болсо, байланыш үзүлүп, электр кубаты өчүп калгандыктан өз убагында маалымат бере алышпайт.

С+40 мүнөт: күч түзүмдөрүнүн ортосунда аныкталган өз ара иштешүү тартибине ылайык КР ӨКМы Ош шаарында жайгашкан Чегара кызматынын борбордук ык-чам түзүмдөрүнөн Нура айылында жүз берген катуу жер титирөөнүн оор кесепет-тери тууралуу өтө орчундуу жана так маалымат алат.

Бул ыкчам маалыматта Эркештам чек ара жана бажы пунктуна (Нура айылынан 3-5 км аралыктагы) Нура айылынын тургундары атчан келишип, турак-жайлардын түгөл кыйрагандыгы, адамдардын өлүмү жөнүндө айтып, жардам сурагандыгы тууралуу кабарлар камтылган.

Болжол менен ошол эле убакта, кызмат аткаруудан бош болгон бардык чек арачылар менен бажычылар (25-30 чамалуу киши) шашылыш түрдө Нура айылы-на жөнөтүлгөн.

С+1 саат: Ош шаарынан ӨК болгон жерге КР ӨКМнын өзгөчө кырдаалдарга жооп кылуу боюнча алдыңкы күчтөрү жана каражаттары катары атайын автоунаалар-да бардык зарыл болгон куткаруучу жабдуулар, байланыш каражаттары менен камсыз болгон ыкчам топ жана издөөчү-куткаруучу бөлүмчөлөр (баары 40 киши-ге жакын) жөнөтүлгөн. Алар ошондой эле электр кубатынын автономдуу булак-тарын, кышкы чатырларды, жылуу жууркандарды, жылыткычтарды, чоңдордун жана балдардын кийим-кечелерин ала кетишти.

С+1-2 саат: КР ӨК министри Алай районунун Нура айылында түзүлгөн апаат кыр-даал тууралуу КРнын Жарандык коргонуу жетекчиси саналган премьер-министр-ге жана КР Президентине билдирди.

КРнын Жарандык коргонуу жетекчиси катары премьер-министр ЖК тармагындагы өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарга ылайык КР ӨК министрин Ош облусунун Алай районундагы өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча республикалык штабдын башчысы кылып дайындоо тууралуу чечим кабыл алат жана жарандык коргонуунун мамле-кеттик тутуму үчүн өзгөчө кырдаал режимин белгилейт.

Page 211: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

210 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Кыскача тактама маалымат

Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму – тынчтык жана согуш учурундагы өзгөчө кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкы менен аймагын сактоо жаатындагы иш-милдеттерди аткаруучу Кыргыз Респу-бликасынын башкаруу органдары, мамлекеттик органдарынын күчү менен каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, коомдук бирикмелери менен ыктыярдуу уюмдарын камтыган жалпы мамлекеттик тутум.

Жарандык коргонуу - тынчтык жана согуш учурунда Кыргыз Республика-сынын калкы менен аймагын техногендик, табигый жана биологиялык-со-циалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардардан сактоону, ал эми согуш учу-рунда согуш аракеттеринин жүрүшүндө же бул аракеттердин айынан пайда болуучу коркунучтардан сактоону камсыз кылуучу жалпы мамлекет-тик жана коргонуу иш-чаралары тутумунун курамдык бөлүгү.

Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун тынчтык мезгилде-ги иш-милдет режимдери:

• күндөлүк ишмердик режими: – өндүрүштүк, радиациялык, химиялык, биологиялык (бактериологиялык), сейсмикалык, гидрометеорологи-ялык демейки жагдайда;

• күчөтүлгөн даярдык режими - өндүрүштүк, радиациялык, химиялык, биологиялык (бактериологиялык), сейсмикалык жана гидрометеоро-логиялык жагдай начарлаганда же өзгөчө кырдаалдар пайда болушу мүмкүндүгү тууралуу божомол алынганда;

• өзгөчө кырдаалдар режими – өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо жана алардын кесепеттерин жоюу учурунда.271

КР271 ӨК министри 5-октябрда болжол менен 23:30да издөөчү-куткаруучу, авари-ялык-калыбына келтирүүчү жана башка кечиктирилгис иштерди уюштуруу, жүр-гүзүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, анын көлөмүн аныктоо үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердигин координациялоо жана тескөө бо-юнча бардык зарыл чараларды уюштуруу үчүн жетекчиликти тике өз колуна алды.

Премьер-министрдин – ЖК ВАКтын төрагасынын № 3 Буйругу 08-ж. 06.10. да-ярдалып жана кол коюлуп, ЖКнын тийиштүү башкаруу органдарын, күчү менен каражаттарын даярдыкка келтирүү, өзгөчө кырдаалдар пайда болгон чөлкөмдө авариялык-калыбына келтирүүчү жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү боюнча практикалык иш-чараларды орундоо үчүн аткаруучуларга жеткирилген.

С+1–6 саат: (5-октябрдын түнү саат 23:00дөн 6-октябрь, эрте мененки 04:00гө чейин Эркештам чегара жана бажы кызматтары пунктунун кызматкерлери эмгек-ке жарамдуу жергиликтүү тургундар менен чогуу караңгы түндө биринчи кезектеги издөөчү-куткаруучу жана кечиктирилгис иштерди аткарышат. Башкача айтканда, КР ӨКМнын издөөчү-куткаруучу бөлүмчөлөрү менен башка кызматтар келгенче

271 КРнын «Жарандык сактануу жөнүндө» 2009-жыл, 20-июлдагы N 239 Мыйзамы

Page 212: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

211НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

урандылардын астынан жабырлануучуларды, ошондой эле каза болгондор менен тирүү калгандарды казып алышат.

Медициналык каражат менен байлап-таңуучу материалдар жок болгондуктан, урандылардын астынан өздөрү чыккан же казылып алынган ар түрдүү жаракат алган жабырлануучуларга колдо болгон каражаттар менен бузулбай калган мек-тепте жана фельдшердик-акушердик пунктта (ФАП) алгачкы медициналык жар-дам көрсөтүлдү.

Кийин жабырлануучулардын жарымы, аялдар менен улгайгандар, балдар (оор жаракат алгандар менен ташууга мүмкүн эместерден башкасы) Эркештам чек ара жана бажы өткөрүү пунктундагы жылуу имараттарга бөлүп-бөлүп жеткирилди.

С+7 саат: (жергиликтүү убакыт - 05:00, 6-октябрдын таң эртеси) ӨК болуп өткөн жерге КР ӨКМнын алдыңкы күчтөрү менен каражаттары – КР ӨК министринин орун басары башында турган ыкчам топ менен издөөчү-куткаруучу бөлүмчөлөрү (баары 40 кишиден ашуун) жетип келди. Алар өздөрү менен кошо куткаруучу за-рыл жабдуулар менен байланыш каражаттарын, электр кубатынын автономдуу булактарын, кышкы чатырларды, жылуу жууркандарды, жылыткычтарды, чоңдор-дун жана балдардын кийим-кечелерин ала келишти.

КР ӨКМнын келген күчтөрү менен тез жардамдын дарыгерлер бригадасы кырсык-тын көлөмүн тез арада баалашып, өздөрүнүн иш-аракеттерин ыкчам багытташты жана эң биринчи кезекте издөөчү-куткаруучу, авариялык-калыбына келтирүүчү жана башка кечиктирилгис иштерди аткарууга киришти.

Болжол менен ошол эле учурда ӨК болгон жерге анча көп эмес дары-дармектер, таңып-байлоочу материалдар камдаган Алай районунун тез жардамынын дары-герлеринин дагы бир бригадасы жетип келип, КР ӨКМнын куткаруучулары менен бирге дароо эле жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтө баштады.

С+7 саат 30 мүнөт (жергиликтүү убакыт 05:30, 6-октябрдын таң эртеси): КР ӨКМ ыкчам тобу КР ӨКМ министри менен радиотелефондук байланыш түзүп, ошол учурдан баштан кырсык болгон чөлкөмдөн ыкчам маалымат топтоо, кабыл алуу жана берүү процесси толук жолго коюлду. Бул КР ӨКМ менен бардык кызыкдар мамлекеттик түзүмдөргө апааттын көлөмүн реалдуу баалоого, өзгөчө кырдаал-дардын кесепеттерин жоюу жана жабыркаган элге гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча өздөрүнүн андан аркы иш-аракеттерин багыттоого мүмкүндүк берди.

С+11 саат: ӨК болгон жерге тик учак менен КР ӨК министри Камчыбек Ташиев жана 10 куткаруучу кошумча куткаруучу жабдыктарды ала келишти. Эң оор жара-кат алгандар ушул эле тик учакка дароо жүктөлүп, жакын аралыктагы райондук ооруканага жөнөтүлдү.

Болжол менен ушул убактан тартып ӨК болгон жерге КР ӨКМнын, министирлик-тер менен ведомстволордун: ЖК кызматтарынын, облустук, райондук мамле-кеттик түзүмдөрдүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кошумча күчтөрү жана каражаттары келе баштады жана КР ӨК министринин түздөн-түз жетекчилигинде өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерге жана иш-милдеттерге ылайык дароо ӨКнын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүүгө киришти.272

272 КРнын «Жарандык сактануу жөнүндө» 2009-жыл, 20-июлдагы N 239 мыйзамы, 15-берене. Жарандык коргоо кызматтары

Page 213: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

212 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Кыскача тактама маалымат

Тынчтык жана согуш учурунда жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн Жарандык коргонуунун республикалык, облустук, райондук жана шаардык кызматтары жана уюмдардын да Жарандык коргонуу кыз-маттары түзүлөт.

Жарандык коргонуу кызматтары жарандык коргонуунун инженер-дик-техникалык, медициналык жана башка атайын иш-чараларын аткаруу-га, өзүнүн күчтөрү менен каражаттарын даярдоого, авариялык-куткаруу-чу жана башка кечиктирилгис иштердин жүрүшүндө жарандык коргонуунун иш-аракеттерин камсыз кылууга багытталган.272

Президент – КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы менен макулда-шуу боюнча жана өз ара аракеттешүү планына ылайык КРнын Коргоо министрли-ги куткаруучуларды жеткирүү жана шашылыш жардам берүү, жабыркагандарды медициналык мекемелерге алып келүү үчүн Ми-8 үч тик учагын жана куткаруучу иш-чараларга көмөк көрсөтүү үчүн 100 аскер кызматкерин да бөлүп берди.273

Кыскача тактама маалымат

Кыргыз Республикасынын Президенти зарыл болгон учурда Кыргыз Ре-спубликасынын Куралдуу Күчтөрүн өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга тартуу тууралуу чечим кабыл алат.273

С+12 саат (жергиликтүү убакыт 10:00, 6-октябрь): Кыргызстандын Өзгөчө кырда-алдар министри Камчыбек Ташиев ӨК чөлкөмүнүн өзүндө туруп өлкө башчысына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына Ош облусуна караштуу Алай районун-дагы Нура айылы катуу жер титирөөнүн айынан дээрлик бүт бойдон кыйроого учурагандыгын жана алдын ала маалыматтарга караганда алтымыш киши каза болгондугун, жүздөн ашуун жергиликтүү тургун ар кандай даражадагы жаракат алгандыгын маалымдады.

Тик учактар жабырлануучуларды бейтапканага жаткыруу үчүн облустун борбору Ош шаарына жеткиришет. Камчыбек Ташиевдин сөзүнө караганда, «издөөчү-кут-каруучу иш-чаралар улантылып жатат жана каза болгондор менен жарадарлар-дын так саны тууралуу айтуу али эрте».274

Дал ушул учурдан тартып жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу бүткүл өлкө жана дээрлик дүйнө жүзү Ош облусуна караштуу Алай районундагы Нура айылында жүз берген жер титирөөнүн оор кесепеттери жөнүндө билет.

Жүз берген өзгөчө кырдаалдын масштабын эске алуу менен ЖМК өкүлдөрү мам-лекеттик органдар менен байланыш түзүүгө катуу аракеттеништи. ӨК болгон жер-ден алгачкы маалыматты ӨКМ басма сөз кызматы берип, өз кезегинде маалы-матты бардык улуттук каналдар боюнча таратып, кызыкдар тараптардын баары менен байланышта болуп турду.

273 КРнын «Жарандык сактануу жөнүндө» 2009-жыл, 20-июлдагы N 239 мыйзамы, 5-берене. Кыргыз Республи-касынын Президентинин Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктары 274 http://www.fergananews.com

Page 214: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

213НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

Нура-Алай жер титирөөсүнүн кесепеттерин жоюу боюнча КР ӨКМ ККТБ тара-бынан уюштурулган координациялык кеңешмелерге ЖМК өкүлдөрү кызыкдар болуп, түздөн-түз катышкандыгын да белгилей кетишибиз керек. Анан кеңешме-лердин жүрүшүндө ЖМКнын өкүлдөрү так маалыматтарды «биринчи колдон алып турушту». Ошондой эле алар расмий бийлик өкүлдөрү менен кырдаалды талкуу-лоого катышып, бул аларга Нура айылында болуп жаткан окуялар жөнүндө анык жана кеңири чагылдырууга мүмкүнчүлүк берди.

ЖК тармагындагы ыйгарым укуктуу орган катары КР ӨКМ жардам сурап эл аралык уюмдарга кайрылды. Бул жерде 2008-жылы Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдарга жооп кылуу жаатында кызматташуу жана координациялоону бекемдөө максатын-да КР Өкмөтү менен БУУнун өлкөлүк командасы, Кызыл крест жана Кызыл жарым ай коому жана башка негизги катышуучу уюмдардын ортосунда өзгөчө кырдаал-дарга жооп кылуу боюнча координациялоо механизми түзүлгөн.

Төмөндө берилген сүрөттө КРнын 2008-жылдын октярбь айына карата өзгөчө кы-рдаалдарга жооп кылуу боюнча координациялоо механизминин түзүмү көрсөт-мөлүү чагылдырылган:

1-схема: КРнын 2008-жылдын октярбь айына карата ӨКга жооп кылуу бо-юнча координациялоо механизминин түзүмү

2008-жылдан тартып Өлкөлүк деңгээлде координациялоо

механизминин түзүмүКыргыз Республикасынын Өкмөтү

Жарандык коргонуу боюнча ведомство аралык комиссия (ЖК

ВАК)

КР ӨКМ – ЖК ВАКнын жумушчу органы (ишмердикти

координациялоо)

Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын мамлекеттик администрациялары

1.Саламаттыкты сактоо (ДСУ – Дъйн=лък саламаттык сактоо уюму)

2. Шашылыш баш калка жана лагерлерди тескөө

3. Суу менен камсыздоо жана санитария (ЮНИСЕФ)

4. Эрте калыбына келтирүү (БУУӨП)

5. Билим берүү жана балдарды коргоо (ЮНИСЕФ)

6. Азык-түлүк коопсуздугу (ДАП – Дүйнүлүк азык-түлүк программасы)

7. Коргоо (БУУ ӨКЖК)

Координациялоо жана тез баалоо боюнча Түштүк жана Түндүк командалары (КТБК-REACT)

Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволору (КР ЖК ВАКтын курамына кирет)

Каржы мин.

Саламаттыкты сактоо мин.

Айыл чарба мин.

Табигый ресурстар мин.

Мамархкурулуш

КР ӨКМнын ыкчам тобу Ведомстволук жана аймактык ЖКК

Энергетика мин. Экономикалык жөнгө салуу мин.

Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо

мамагенттиги

Унаа жана байланыш мин.

Мамлекеттик материал-дык кам фондусу

Түздөн-түз ӨК чөлкөмүндө

Секторлук топтор (Секторлук топтордун агенттиктери-башчылары)

ИИМ

«Кыргыз телеком» ААК

«Улэлектржелеси» ААК

Ошентип, ӨКга жооп кылуучу координациялык топ (мындан ары - ӨКЖКТ) БУУнун КРдагы Туруктуу координаторунун жетекчилигинде чоң кырсык тууралуу маалы-мат таратып, гуманитардык жардам сурады. Андан ары ӨКЖКТ эл аралык гума-нитардык жардамды жеткирүү жана таратып берүү маселелерин багыттоо боюнча иш-милдеттерди өз колуна алды.

БУУнун өлкөлүк командасы, эл аралык уюмдар, БӨУлар,

негизги өнөктөр

Page 215: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

214 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Мындан тышкары, ӨКЖКТнын чечими менен ӨК болгон жерге координациялоо жана тез баалоо командалары (КТБК) жөнөтүлүп, алар ӨК чөлкөмүнүн дал өзүн-дө эл аралык гуманитардык жардам көрсөтүү иштерин жолго коюшту.

Бул учурда урандылардын астынан 50 киши тирүү казылып алынып (анын ичинен 20сы оор жарадар болчу), тик учактар менен Ош облусунун клиникалык оорукана-сына, ал эми 15тей жеңил жаракат алгандары Алайдын райондук ооруканасына бөлүп-бөлүп жеткирилди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги (КРнын жарандык коргонуусунун медицина-лык кызматы) тик учактар менен медициналык тез жардамдын бир нече бригада-сын Нура айылына жөнөтүп, алар өздөрү менен кошо операция жасоочу шайман-дарды, кычкылтек концентраторлорун, Саламаттыкты сактоонун бүткүл дүйнөлүк уюмунун гуманитардык жардамын да ала келишти. Сары-Таш айылындагы (Нура айылынан 75 километр алыс турган) жакыныраак орун алган медициналык пункт-тун аймагында талаа госпиталын жайгаштыруу чечилди.

Нура-Алай жер титирөөсүнүн кесепеттерин жоюуда, ошондой эле кырсыктан кий-инки иш-чараларды уюштурууда эл аралык коомдоштуктардын ролу менен салы-мы аябай зор болду. Азык-түлүк, таза суу, чатырлар, дары-дармектер жана башка нерселер түрүндө берилген гуманитардык жардам ӨКнын кесепеттеринен сакта-нууга мүмкүндүк берсе, ал эми курулуш материалдары менен каржы каражатта-ры түрүндө алынган колдоо кийин мамлекетке «жаңы» Нура айылын курууга ири жардам болду.

Бирок белгилей кетчү нерсе, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында ӨК пайда болгондо гуманитардык жардамды алып келүүнүн жол-жобосу тийиштүү түрдө жолго коюлган эмес. Гуманитардык жардамдарды алып келүү маселелерин жөн-гө салуучу аракеттеги жалгыз документ Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана таратуу тартиби тууралуу КР Өкмөтүнүн 2007-жыл-дын 10-октябрдагы N 459 токтому бекиткен Жобо болуп саналат. Ал эми КРнын Калкты социалдык жактан коргоо министрлиги гуманитардык жардамды кабыл алуу, таратуу жана эсепке алуу тартибин жалпы багыттоону жүзөгө ашырат.

Нурадагы жер титирөөнүн тажрыйбасынан көрүнгөндөй, аталган жобонун гумани-тардык жардамды кабыл алуу тартиби тууралуу бөлүгүндөгү пунктту кайра иштеп чыгуу зарыл (ӨК пайда болгондо гуманитардык жүктү тариздөө маселесин канча керек жөнөкөйлөтүү аркылуу).

С+12+24 саат (1-күн, 6-октябрь): Нура айылындагы ӨК пайда болгон жерге күн-дүзгү саат 10:00дөн тартып түнкү саат 22:00 чейин КР ӨКМнын, министрликтер менен ведомстволордун (облустук, райондук мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык коргонуу кызматтары) кошумча күчтөрү менен каражаттары, ошондой эле жабырлануучулардын туу-гандары, республиканын башка айылдары менен региондорунан ыктыярдуулар улам келип жатышты.

КР ӨК министри Ташиев Камчыбектин түздөн-түз жетекчилигинде жаңы келген күчтөр менен каражаттар издөөчү-куткаруучу, авариялык-калыбына келтирүүчү жана башка кечиктирилгис иштерге чегерилип турду.

Ушуга удаа эле гуманитардык жардам жүктөгөн биринчи авто кербендер келе

Page 216: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

215НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

баштады. Алар негизинен азык-түлүктөр менен биринчи зарылдыктагы нерселер (ун азыктарын бышыруучу жайда бышкан азыктар, ун, күрүч, кант, башка дан азы-ктары, минерал суулар, чай, өсүмдүк майы, консерваланган тамак-аш, кийим-ке-че, жууркандар, жылуу чатырлар, төшөнчүлөр, дары-дармектер, таңып-байлоочу материалдар) болуп, шашылыш түрдө жергиликтүү мамлекеттик администрация-лар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле эл аралык жана бейөкмөт уюмдар чогулткан эле.

Ош облустук жана Алай райондук мамлекеттик администрациялардын алдында жана Нура айылындагы ӨК пайда болгон жерде гуманитардык жардамдарды ка-был алуу жана бөлүштүрүү боюнча коомдук комиссиялар түзүлүп, иштей башта-ды. Ошондой эле жер титирөөдөн жабыркагандарга акча каражаттарын чогултуу үчүн банктарда эсептер ачылган.

БУУӨПтүн Ош шаарында жайгашкан кампаларынан Нура айылына жылуу жуур-кандар, жылытылган чатырлар жана жабыркагандар үчүн зарыл болгон башка буюмдар менен тамак-аштар келип түштү.

КРнын аракеттеги мыйзамдарына ылайык, ЖКга караштуу мамлекеттик бийлик-тин жана башкармалыктын бардык деңгээлиндеги уюмдары ЖК башкармалыгы органдарынын ыкчамдыгын күчөтүү, даярдык деңгээлин бекемдөө, күч-дареме-тин жана каражаттарын арттыруу жаатындагы иш-чараларды так аткарып, ӨК пайда болгондо керектелүүчү материалдык-техникалык, азык-түлүктүк, медици-налык, жекече жана жамааттык сактануунун каражаттарын камдоого тийиш эле. Бирок чындыгында жер-жерлерде гуманитардын жардамдын камы такыр жок бо-луп чыкты.

Бул мамлекеттик органдардын жер-жерлерде эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар менен начар иштешкендиги, КРнын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан багыт берүүнүн натыйжасыз болгондугу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралардын жетишерлик каржыланбагандыгы ме-нен шартталган.

Кыргызстандын Президенти бул күнү «2008-жылдын 7-октябрын Ош облусунун Алай районунда 2008-жылдын 5-октябрында болуп өткөн жер титирөөнүн натый-жасында каза болгондорго аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.275

С+48 саат (экинчи күн, 7-октябрь): Нура айылындагы кырсык болгон жерде мам-лекеттик жарандык коргонуу тутумунун күчтөрү жана каражаттары менен ошон-дой эле эл аралык уюмдардын колдоосунда төмөнкүдөй негизги иш-чаралар уюштурулган жана аткарылган:

• бардык ураган имараттарды текшерип көрүү боюнча издөө-куткаруу иште-ри дээрлик толугу менен аяктап, урандылардын астынан тирүү калгандар менен каза болгондор казылып алынган;

• бул учурда 75 кишинин каза болгону белгилүү болгон, башкача айткан-да, урандылардын астынан 74 өлүк, жана 19.30да ооруканада оор жара-каттан көз жумган 1991-жылкы Темирбек кызы Фарида казылып алынган.

275 КР Президентинин «2008-жылдын 7-октябрын Ош облусунун Алай районунда 2008-жылдын 5-октябрын-да болуп өткөн жер титирөөнүн натыйжасында каза болгондорго аза күтүү күнү деп жарыялоо тууралуу» 2008-жылдын 1-октябрдагы Жарлыгы

Page 217: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

216 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Каза болгондордун баары таанылып, сөөктөр далма-дал келтирилип, аты-жөндөрү боюнча тизме түзүлгөн;

• иликтөө жүргүзүлүп, турак-жайлар менен башка курулмалардын жалпы саны жана бузулуу даражасы такталган. Иликтөөнүн натыйжасында 998 үй аныкталып, Ош облусунун Алай районунда 5-октябрда болуп өткөн жер титирөөнүн айынан 152 турак-жай жана башка курулма кыйраса, 38и ава-риялык, ал эми 94ү капиталдык оңдоп-түзөө талап кылынган абалга келген;

• каза болгондор менен жаракат алгандардын аты-жөнүнүн тизмеси, ошон-дой эле турак-жайлар менен башка курулмалардын кыйроого учураган-дыгы тууралуу (аталган кырсык боюнча дагы бөлөк маалыматтар менен бирге) маалыматтар ошол эле күнү жарыялоо жана жалпыга маалымдоо үчүн ЖМКга берилген;

• ар кандай даражада жаракат алган жүздөн ашуун жабырлануучу тик учак менен Ош облустук клиникалык ооруканага, облустук балдар ооруканасы-на жана Алай райондук аймактык ооруканага жеткирилип жаткырылган;

• аялдардын бир бөлүгү балдары менен, ата-энеси каза болуп жетим кал-ган балдар, айылдын кары-картаңдары өздөрүнүн каалоосу жана макул-дугу менен кошуна айылдардагы өздөрүнүн туугандарына же балдардын жатак үйлөрүнө жеткирилген;

• кыйроолор болгон жерден бир аз ыраакта бардык зарыл нерселер менен камсыз болгон чатыр шаарча курулган;

• чатыр шаарчанын аймагында жабыркаган жергиликтүү тургундар үчүн дагы, ӨКны жоюуга катышкандар үчүн дагы үч маал ысык тамак уюшту-рулган;

• чубалгылуу телефон байланыш сызыгы орнотулган, электр кубатын берүү калыбына келтирилип, чатыр шаарча да жарык менен камсыз болгон;

• жол-курулуш техникасын тартуу менен чоң жолдор жана үйлөрдүн орто-сундагы жолдор тазаланган;

• жергиликтүү тургундарга аман калган мүлкүн жана курулуш материалда-рын иреттеп-жыюу үчүн чатырлар берилген.

Ошол эле учурда ЖК башкармалыгы органдарынын, мамлекеттик органдар ме-нен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрү менен каражатта-рынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын коркунучуна жана алар пайда бол-гондогу аракеттерге даярдыгын камсыздоо маселелеринде, издөөчү-куткаруучу жана авариялык-калыбына келтирүүчү иштерди жүргүзүүдө орчундуу кемчилик-тер бар экендигин айтуу зарыл. Мисалы, КР ӨКМнын издөөчү-куткаруучу бөлүм-чөлөрүнүн жана жарандык коргонуунун башка кызматтарынын даярдыгынын азыркы абалы жөнүндө алар Нура айылына канча убакта жардамга келе алыш-каны менен таразаласа болот. Жер титирөө 5-октябрда, саат 22лер чамасында болгон. Ал эми КР ӨКМнын алдыңкы күчтөрү ӨК болгон жерге 6-октябрда, этең мененки саат 05те, мындайча айтканда, ӨК пайда болгондон 7 сааттан кийин кел-ген. Бактыга жараша, бажы жана чек ара кызматтарынын бөлүмчөлөрү бул айыл-га жакын жайгашып, алардын өздүк курамы бир саатын ичинде жардамга келген.

Page 218: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

217НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

Сарбаздар эмгекке жарамдуу жергиликтүү тургундар менен эч кандай куткаруучу жабдыгы жок, көөдөй караңгы түндө биринчи кезекте издөөчү-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзө башташкан.

Ал эми Нура сыяктуу калктуу конуштар Кыргызстанда миңдеп саналат, алардын ичинде өтө алыстагылары, бийин тоолор арасында жайгашканы жана жетүүгө жолу кыйындары бир канча. Алардын ичинде жолу узак мөөнөткө (айрыкча кыш айларында) жабылып калгандары да жок эмес. Эгер ири шаарларда жана калктуу конуштарда алааматтуу ӨК болсочу? Бул учурда кесипкөй куткаруучу түзүмдөр жетишеби?

С+72 саат (үчүнчү күн, 8-октябрь): Нура айылына КР Президенти кызмат адамда-рынын коштоосунда учуп келет. Алар жергиликтүү эл менен жолугушуп, көңүл ай-тышат жана кыйроолордун масштабы менен таанышат.

Айылдан анчалык алыс эмес жердеги дөңсөөдө аза митинги, коштошуу салтана-ты болуп өтүп, каза болгон 74 кишинин сөөгүн жаңы бейитке коюшту.

КР Президенти табигый кырсыктан жабыркагандарга өзгөчө кырдаалдардын ке-сепеттерин жоюу жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча пландалып жаткан иш-чаралар, т.а. төмөнкүлөр тууралуу айтып берди:

• турак-жайсыз калган ар бир жабыркаган үй-бүлөгө узак мөөнөттүү жеңилде-тилген ссуда катары 200.000 сом (5.4 миң АКШ $ жакын) бөлүнүп берилет;

• президент менен премьер-министрдин резервдик фонддорунан ӨК кесе-петтерин жоюу боюнча биринчи кезектеги иш-чараларга жана эң көп жа-быркаган үй-бүлөлөргө жардам берүүгө 4 миллион сом (77.200 миң АКШ $); бөлүнөт;

• республикалык бюджеттен 17 миллион сом (328.104 миң АКШ $на жакын) аларга ылайык келбеген милдеттерди аткарууга (каза болгондорду акыркы сапарга узатуу, өлүк көмүлө турган жайды даярдоо, жана башка кечиктирилгис иштер) туура келген ӨКМ кызматкерлерине бөлүнүп бери-лет;

• октябрдын аягына чейин айылда убактылуу турак-жайлар курулат: адамдар кыштап чыгышы үчүн жеңил конструкциядагы 130 үй тургузулат;

• 2009-жылдын эрте жазында табигый кырсыктан бузулган үйлөрдүн орду-на сейсмикалык туруктуу жаңы турак-жайлар, мончо, спорттук зал, жол куруу, суу түтүктөрүн тартуу, жаңы көмөк чордон орнотуу менен электр менен камсыздоо боюнча иштер башталат, ошондой эле 2009-жылдын сентябрь айынын аягында жер титирөөдөн курман болгондор көмүлгөн жерге эстелик комплекси тургузулат;

• ар бир жабыркаган үй-бүлөгө да зарылдыгына жараша материалдык жана гуманитардык жардам берилет, мында балдарга, аялдарга жана ка-ры-картаңдарга (айрыкча ата-энесиз жана багуусуз калгандарга) өзгөчө кам көрүлөт.

Жогоруда айтылгандардан көрүнгөндөй, КР Өкмөтү жабыркаган элге жаңы үй-лөөрдү куруу милдетин мойнуна алган. Мындагы эң урунтуу учур - Нура айылын курууда КЧЭ талаптары катуу сакталгандыгы.

Page 219: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

218 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

С+3-10 күн (08-15-октябрь): Нура айылындагы ӨК болгон жерде кечиктирилгис авариялык-куткаруучу иштер, жабыркаган калктын күндөлүк турмуш-тиричилигин өз ыңгайына салуу боюнча иш-чаралар улантылып жатты.

Кырсыкка чейин 205 бала окуган Нура айылындагы орто мектепте убактылуу жа-былган, ал эми мектеп курагындагы балдар окууларын улантуу үчүн Ош шаарын-дагы, Гүлчө, Сарымогол, Сарыташ айылдарындагы ж.б. окуу жайларга же жатак мектептерге которулган.

Медициналык кызматтын, ошондой эле жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү коргоо кызматтарынын күчтөрү жана каражаттары менен санитардык-гигиеналык, эпиде-мияга каршы, эпизоотияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүп, кишилер менен жаны-барлардын өлүмүнүн санитардык кесепеттери жоюлат.

Ал учурда республиканын бардык региондорунан, эл аралык уюмдардан жана жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн каржы каражатын бөлүп берүү түрүндө да, материалдык ресурс түрүндө да гуманитардык жардам келе баштады.

Бул баскычта белгилей кетчү нерсе, көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жардамдын көлөмү Нура айылынын жабыркаган аз сандуу калкынын тикелей керектөөсүнөн бир кыйла ашып түштү, андыктан гуманитардык жардамдардын көп бөлүгүн бөлөк өзгөчө жана кризистик кырдаалдардагы муктаждыктарга пайдалануу үчүн өзгөчө камылганын кампаларына жайгаштырылды.

КР ӨКМ 40 футтук темир жол контейнерлеринин базасында күн-түндүк режим-де 1-2-3 бөлмөлүү көчмө турак-жайларды (КТЖ) өндүрүүнү уюштурду. Эл аралык «Кумтор Оперейтинг Компани» компаниясы гуманитардык жардам катары 75 кон-тейнер берди. 15-октябрда Нура айылына алгачкы көчмө турак-жайлар жеткирип, тургузулган. Мындай үйлөргө өтө муктаж, жабыркаган үй-бүлөлөр киргизилген.

С+30 күн (2008-жыл, 05-ноябрь): Нура айылындагы ӨК болгон жерде авари-ялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштер жана жабыркаган калктын кыш мезгилиндеги кадимки турмуш-тиричилигин камсыздоо боюнча иш-чаралар дээрдик аягына чыгып, электр кубатын үзгүлтүксүз берүү, телефондук жана уюк байланыш жолго коюлган, ошондой эле ташылып келме таза суу менен камсыз кылынган.

Бул баскычта бардык жабыркаган тургундар биринчи кезектеги керектөөлөрүнө жараша материалдык жана гуманитардык жардам алышты, мунун ичинен азык-түлүк, кийим-кече, төшөнчү, идиш-аяк, отун, көмүр, малдарына жем-чөп берилди. Өздүгүн тастыктаган документи жок калгандарга, аларды калыбына келтирүү бо-юнча чаралар көрүлдү.

Бул учурда ӨК болгон жерге убактылуу жашоо үчүн бардык зарыл нерселер ме-нен жабдылган жана жылууланган 1-2-3 бөлмөлүү көчмө үйлөрдүн 115 комплекти жеткирилип, курулган. Аларга баш паанексиз калгандардын баары кирген.

40 футтук темир жол контейнеринен курулган көчмө турак-жайлардын (КТЖ) жана кыйраган үйлөрдүн жанына тигилген кышкы чатырлардын (аман калган мүлкү ме-нен курулуш материалдарын иреттеп-жыюу үчүн жабыркаган үй-бүлөлөргө бе-рилген) фотографиядан көрүнүшү.

Page 220: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

219НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

2- фотография: Нура айылынын жабыркаган калкы үчүн көчмө турак-жайлар

Аман калган мүлк менен курулуш материалдарын иреттеп-жыюу үчүн кышкы чатырлар

Нура айылы, 2008-жыл, ноябрь, 40 футтук контейнерлерден курулган көчмө турак-жайлар (КТЖ)

Булак: КР ӨКМнын фото архиви.

Жабыркагандардын өздөрүнүн катышуусунда КР ӨКМ күчтөрү тарабынан бузул-ган үйлөрдүн урандылары толугу менен бир катар шиленип, чарба муктаждыгына экинчи ирет пайдаланууга жарактуу материалдар иргелип алынды, ал эми калга-ны белгиленген жайга чыгарылып ташталды.

Андан ары КР Өкмөтүнүн чечимине ылайык (КРӨнүн 10.01. 2009-ж. N1Токтому, КРӨнүн 5.06.2009-ж. N 277 жана башка Буйруктары) 2009-жылдын ноябрь айы-нын аягына чейин аткаруу бийлигинин тийиштүү органдары тарабынан эл аралык коомдоштуктардын колдоосунда Алай районунун Нура айылында өзгөчө кырда-алдардын кесепеттерин жоюу жана демейки жашоо-тиричиликти калыбына кел-тирүү боюнча төмөнкүдөй негизги чаралар көрүлгөн:

• аталган жер экологиялык, инженердик-геологиялык жактан иликтенген, Нура айылынын башкы планы долбоорлонгон, турак-жайлардын, соци-алдык-маданий багыттагы объектилердин, инженердик коммуникаци-ялардын курулуш пландары иштелип чыккан, объектилерди тургузууга жооптуу түзүмдөр жана алардын мөөнөтү аныкталган, каржы каражатта-рын табуу маселеси да чечилген;

• Нура айылында жабыркаган ар бир абонентке 2008-жылдын ноябрь-де-кабрь, 2009-жылдын январь-март айлары үчүн 150 кВтс электр кубаты бекер берилген.

• 52 турак-жай, мунун ичинен 26 эки бөлмөлүү жана 126 үч бөлмөлүү үй курулуп бүткөн. Мыкты жылуулатылган кытай өндүрүшүндөгү мындай ашталма-кураштырма үйлөр 9 баллдан кем эмес сейсмикалык туруктуу-лукту эске алып, электр жана көмүр жагылуучу (атүгүл кээ бирлеринин ичинде суу түтүктөрү да бар) буу жылыткыч менен камсыз болгон. Ырас, үйлөр курулуп жаткан жана пайдаланууга берилген учурда жабыркаган-

Page 221: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

220 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

дар тарабынан мөөнөтүнөн кечиктирилгендиги үчүн же айрым жерлери бүтпөй калгандыгы үчүн нааразы болгондор да чыкты;

• электр чубалгыларынын жаңы мамылары тургузулуп, 250 кВт кубаттуу- лук, айыл арасына жол, суу дубал курулмасы, суу куурлары, эстелик ком-плекси, мончо, дүкөн, коомдук тамактануучу жай, спорттук зал курулган.

Андан ары, 2010-жылдын ноябрь айынын аягына чейин 50 орундуу бала бакча, 200 орундуу клуб, жашоо-тиричилик жактан тейлөөчү комплекс, мечит, автоунаа оңдоочу жай, стадион, эки көпүрө курулуп пайдаланууга берилген жана Нура суу-сунун жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Ошентип, Нура айылында өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана демейки жашоо-тиричиликти калыбына келтирүү боюнча негизги иш-чаралар аяктаган.

3-фотография: Калыбына келтирилген Нура айылы, 2012-жыл

Жер титирөөдөн кийин калыбына келтирилген Нура айылы. 2012-жыл, 21-март

Булак: КР ӨКМнын фото архиви.

Кыргызстандагы жер титирөө коркунучтарын тескөө маселелерин талдооAзыркы абалы, жетишкендиктери жана кемчиликтери (2008-жылдагы Нура-Алай жер титирөөсүнүн мисалында )Кыргызстандагы жер титирөө коркунучтарын тескөө маселелерин талдоо өлкөдө-гү инсан менен коомдун кызыкчылыктарын, аймактар менен инфратүзүмдүн ко-опсуздугун катуу жер титирөөлөрдүн айынан пайда болуучу кесепеттерден коргоо жана сактоону камсыздоо менен байланышкан иштердин учурдагы чыныгы аба-лын иликтөөнүн негизинде иштелип чыкты.

Мында жер титирөөлөрдү тескөөдөгү бүтүндөй процесстин натыйжалуулугуна таасир эте турган эки негизги маселе, тактап айтканда, ыктымалдуу өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу маселелеринин учурдагы чыныгы абалы талданат.

Жаңы турак үйлөр

Page 222: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

221НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

Бул талдоо төмөнкү негизги маалыматты чечмелөөгө негизделет:

А) Кыргызстан үчүн катуу жер титирөөлөрдүн коркунучу объективдүү чындык болуп эсептелет. Узак жана орточо мөөнөттөгү божомолдор даяр-далууда, бирок кыска мөөнөттүү ыкчам божомол берүүгө мүмкүн болбой жатат. Демек, катуу жер титирөөлөрдү жана алар менен шартталган өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга же токтотуп калууга мүмкүн эмес.

Кыргызстандын дээрлик бардык аймагы жогорку сейсмикалык (8-9 баллдык) ак-тивдүү чөлкөмдө турат.

Кыргызстандын сейсмологдору белгилүү чек-ченемдер боюнча мезгил-мезгили менен жаңыртылып турган узак мөөнөттүү жана орточо мөөнөттөгү божомолдор-ду иштеп чыгуу менен, кайсы бир аймакта жер титирөө болушу мүмкүндүгүн бо-жомолдой гана алышат.

Азыркы учурда КР УИАнын сейсмологдору тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагын сейсмикалык чакан аймактарга бөлүштүрүүнүн жаңы картасы жана Кыр-гызстандын аймагынын 2011-2020-жылдарга карата сейсмикалык ыктымал корку-нучунун жаңы картасы даярдалган.

Бүткүл дүйнө жүзүндөгүдөй эле, Кыргызстандагы бардык апаат жер титирөөлөр жер астындагы силкинүүлөр кайда, качан жана кандай кубаттуулукта болорун аныктоого мүмкүн эместигинен болуп келген жана мындан ары да көптөгөн жыл-дарга чейин күтүлбөгөн жерден боло бермекчи.

Башка көптөгөн өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстандын бийликтегилери дагы орто-чо мөөнөттөгү божомолдордун негизинде катуу жер титирөөлөр күтүлүүчү аймак-тардан калкты көчүрүү боюнча күн мурун иш-чараларды аткарбайт, анткени бул калк жайгашкан райондун же шаардын белгисиз бир убакытка турмуш-тиричили-гинин токтошуна байланышкан чоң кыйынчылыктар менен коштолот.

Бийликтин борбордук органдары божомолдоо, пландоо, күчтөр менен каражат-тарды бөлүү иштерин жүргүзөт, коргонуучу курулмаларды куруу жаатындагы, ошондой эле атайын алдын алуучу жана жоючу иш-чараларды (ААЖИ) жана да ӨК пайда болгондогу иш-чараларды аткарат. ӨКнын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды да ошолор көрөт.

Б) Кыргызстандын калкы менен аймагы үчүн жер титирөөлөрдүн коркунучу өтө жогорку даражада, демек, ар бир 8-9 баллдык катуу жер титирөө кесепе-ти оор болгон өзгөчө кырдаалдарга алып келиши мүмкүн.

Өлкөнүн калкы менен аймагынын мындай аялуулугу коркунуч фактысынын өзү же катуу жер титирөөнүн пайда болушу менен эмес, турак-жайлардын, коомдук имараттар менен курулмалардын бекемдиги, сейсмикалык туруктуулугу менен аныкталат. Адамдарды жер титирөөлөр эмес, жер титирегенде кулап түшкөн жер титирөөгө туруксуз имараттар менен курулмалар өлтүрөт жана майып кылат.

КР ӨКМнын алдын ала баалоолору боюнча 3,3 млн. киши жер титирөөлөргө өтө туруксуз үйлөрдө жашап, республиканын 60%дан ашуун калкын түзөт. Учурда пайдаланылып жаткан жана жаңы курулуп жаткан турак-жайлардын, имараттар менен курулмалардын кыйласы сейсмикалык жактан туруксуз. Эгер кокус жер ти-тирөө болсо, мына ошол имараттар кыйрап, кишилердин өлүмүнө, материалдык чыгашаларга алып келиши мүмкүн.

Page 223: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

222 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Мисал үчүн турак-жайлардын сейсмикалык туруктуулугун карап көрөлү. КРнын Улуттук статистикалык комитетинин расмий маалыматтарына ылайык, түрү, ка-баттуулугу жана сырткы дубалынын материалы боюнча өлкөдө төмөнкүдөй ту-рак-жайлар бар:

№ 1 таблица: Түрү жана кабаттуулугу боюнча турак-жайлар

2009-жылдагы калкты каттоонун жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын турак-жай фон-дунун маалыматы боюнча

бар-дыгы, бирдик

мунун ичинен кабаттуулугу боюнча:

бир кабаттуу

эки кабаттуу

3-5 кабаттуу

6-9 кабаттуу

10 жана андан көп кабаттуу

кабаттуу-лугу көрсөтүл-гөн эмес

КР 905 002 887 349 11 523 4 316 494 5 1 315

Шаарларда 235 091 223 193 6 672 3 892 492 5 837

Айылдарда 669 911 664 156 4 851 424 2 - 478

№ 2 таблица: Түрү жана сырткы дубалынын материалы боюнча турак-жайлар

2009-жылдагы калкты каттоонун жана Кыргыз Республикасынын турак-жай фондунун маалы-маты боюнча

мунун ичинен сырткы дубалынын материалы боюнча:

Бар- дыгы бирдик

кыш

бетон, темир

бетон, панель

шлак-туублок жыгач саман,

ылай

аралаш мате-риал

дагы баш-ка-лар

көр-сөтүл-гөн эмес

КР 905003 161992 2727 14551 31897 615774 76367 380 1315

Шаарлар-да 235092 59399 2158 6049 7982 140204 18283 180 837

Айылдар-да 669911 102593 569 8502 23915 475570 58084 200 478

Булак: КР УИА СИ.

Айыл жерлери боюнча: Бир кабаттуу турак-жайлар эле 660 миңден ашуун. Ади-стердин эң эле оптимисттик баа берүүлөрү боюнча жок дегенде алардын 30-40% же 300 миңге жакыны (эгер Нура сыяктуу калктуу конушту ала турган болсок, дээрлик 80-90%ы) пайдубалсыз жана сынчы жок, кам кыштан курулган. Демек, алар сейсмикалык туруктуу эмес жана катуу жер титирөө болгондо «карта үйлөр» сыяктуу толугу менен урап калышы мүмкүн.

Page 224: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

223НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

2013-жылдын февралындагы басма сөздөгү талаш-тартыштан үзүндү:

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университе-тинин архитектура кафедрасынын доценти Юсуф Тагиров Бишкектеги көп кабаттуу жаңы үйлөр коркунучтун очогу болуп саналары тууралуу жар салып, көп кабаттуу турак-жайларды «киши өлтүргүч үйлөр» деп атады.

Мындай катуу айтылган сөзгө эртеси күнү эле курулушчулар жооп кылышып, шашылыш маалымат жыйынын өткөрүштү. Тармактык кошун-дун төрагасы Аскарбек Молдобаев чатыры менен сынчы туташ конструк-циядагы бул үйлөрдү 14 кабатка чейин курса болоруна, алар 8-9 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере тургандыгына журналисттерди ишендирди.

Эки тарап тең «темир бетондуу» далилин бетке кармап жатышат, бирок алардын кимисиники туура?

КР УИА сейсмология институнун деректири Канатбек Абдрахматов мын-дай деди: «Азыркы учурда Кыргызстанда иштеп жаткан көптөгөн курулуш компаниялары, мунун ичинен чет элдик компаниялар, курулуштун совет-тик эмес, эл аралык ченемдери менен принциптерин колдонушат. Эл ара-лык стандарттардын талабы да аябай катуу. Ошондуктан мен жаңы имараттардын 90%ы сейсмикалык жактан туруктуу деп ойлойм. Бирок кептин баары иштин кандай аткарылганында. Мисалы, эгер эрежедеги 8 арматурдун ордуна 4тү салып коюшса, бул албетте имараттын турук-туулугуна таасир этет».

Сейсмикалык туруктуу курулуш институтунун деректири Сейитбек Иманбеков Юсуф Тагировдун чатыры менен сынчы туташ конструкция-дагы үйлөрдүн кооптуулугу тууралуу айтканын сандырактык деп атады. «Курулуш ченемдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнүн үч түрү бар: би-ринчиси – автордук көзөмөл, аны долбоордун автору ишке ашырат жана ченемди бузгандыгы үчүн ал жазык жоопкерчилигине тартылат. Көзөмөл-дүн экинчи түрүн техкөзөмөл ишке ашырат: ал курулуш материалдары-нын сапаты менен санына (алар ченемдерге туура келсин үчүн) көзөмөл жүргүзөт. Үчүнчү орган – техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция», - деп кабарлады С. Иманбеков. Ал көзөмөлдөөчү органдардын баары эмес, кайсы бири курулуш ченемдердин бузушу мүмкүн экендигине ишенет.277

Кыргыз илим-изилдөө жана сейсмикалык туруктуу курулушту долбоорлоо инсти-тутунун деректири Сейитбек Иманбековдун сөзүнө караганда, Кыргызстанда 2,5 миң калктуу конуш болсо, анын дээрлик 80 %ы айылда орун алган. Ал эми айыл жериндеги турак-жайлардын 95%ы сейсмикалык туруктуулуктун ченемдерине жооп бербейт.276

Шаарларда: айыл жерлерине караганда кырдаал жакшыраак, бирок аларда да өткөн кылымдын 40-60 жылдарында курулган эски, сейсмикалык туруксуз бир ка-баттуу дагы, көп кабаттуу дагы (сталинкалар, хрущевкалар) көп турак-жай бар. 276 www.knews.kg

Page 225: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

224 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Анүстүнө кээ бир серепчилер айткандай, жеке компаниялар учурда куруп жаткан көп кабаттуу айрым үйлөр дагы КЧЭ сакталбай тургузулуп жаткан болушу мүмкүн.

Кээ бир көп кабаттуу үйлөрдө турак-жай ээлеринин өздөрү өз алдынча планын өзгөртүшүп, батирлерди реконструкциялашат, биринчи кабатында түрдүү дүкөн-дөрдү, кеңселерди ачышат, үйдүн чатыры, суу түтүктөрү өз убагында пландуу оң-долбогондуктан, имараты тез эскирип, сейсмикалык туруксуз абалга келет.

Бишкектеги көп кабаттуу жаңы үйлөрдүн коопсуздук даражасы тууралуу бир жак-туу бүтүм чыгаруу кыйын, анткени алардын сейсмикалык туруктуулугуна көп жаг-дайлар таасир этет.

Анүстүнө эгер шаарларда же ири калктуу конуштарда катуу жер титирөөлөр бол-со, чоң кесепеттерге алып келерин фактылар тастыктайт.

В) Өлкөдө башкаруу органдары тарабынан Жарандык коргонуунун мамле-кеттик тутуму түзүлүп, алардын күчтөрү жана каражаттары менен калк ме-нен аймакты табигый кырсыктардан, авариялар жана апааттардан сактоо боюнча мүмкүн болгон ар түрдүү чаралар көрүлүп келет. Улуттук коопсуз-дукту камсыздоо – бул мамлекеттин эң маанилүү иш-милдеттеринин бири.

№5 карта: 2011-2020-жылдарга карата КРдагы сейсмикалык коркунучтун карта-схемасы

КР УИАнын сейсмология институту – 2010 Масштабы 1:1 000 000

Түзүүчүлөр: Мамыров Э., Маханькова В.А.

2011-2020-жылдарга карата Кыргызстандын аймагындагы ыктымал сейсмикалык коркунучтун

КАРТА-СХЕМАСЫ

ШАРТТУУ БЕЛГИЛЕР

Жер титирөө күтүлүүчү аймактар (ЖТА)ЖТАнын кыска аталышы

Балл менен алгандагы күчү

Булак: КР УИА СИнин архиви.

Кыргызстан эгемен мамлекет жана БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын мүчөсү катары жарандык коргонуу жаатында улуттук коопсуздукту камсыздоо кызыкчылыктарына негизденип жана кырсыктардын коркунучун азайтуу үчүн иш-мердикти күчөтүү боюнча эл аралык милдеттенмелерди, базалык принциптерди жетекчиликке алып, постсоветтик мамлекеттердин ичинен дээрлик биринчи болуп жарандык коргонуу (негизинен калкты согуш учурунда коргоону көздөгөн) тутуму-нан жарандык сактануу тутумуна өтүүнү ишке ашырды. Ушуну менен Кыргызстан

Page 226: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

225НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

улуттук жана жергиликтүү артыкчылык милдет катары калк менен аймакты таби-гый, техногендик жана биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨКдан сактоо маселе-син алдына койду.

2009-жылы КРнын «Жарандык сактануу жөнүндө» мыйзамы кабыл алынып, анда Жарандык коргонуунун милдеттери жана аны алып баруунун уюштуруучулук- укуктук негиздери аныкталган. КР Өкмөтүнүн, мамлекеттик органдардын, жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдар менен калктын жарандык коргонуу маселелерин чечүүдөгү ыйгарым укуктары, укуктары менен милдеттери да белгиленген.

2011-жылы Кыргызстанда кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча Улуттук платформа түзүлүп, өлкөдөгү бардык кызыкдар тараптардын (мамлекеттик түзүмдөр, жеке сектор, жарандык коом жана эл аралык уюмдар кирген) катышуу-сун караштырган кырсыктардын коркунучун азайтуу тармагын координациялоо-нун улуттук механизмин менен стратегиялык жетекчиликти түзүүдө маанилүү ка-дам жасалган.

2012-жылы «КРнын калкы менен аймагын 2005-2015-жж. карата өзгөчө жана кризистик кырдаалдардагы коопсуздугун комплекстүү камсыз кылуунун улуттук стратегиясы» кабыл алынган. Ошондой эле аны ишке ашыруунун 2005-2015-жж. карата иш-аракеттердин: «Мамлекеттер менен коомдоштуктардын деңгээлин-де кырсыктарга каршы туруу дареметин түзүү» Хиог Алкактык программасынын артыкчылыктарына ылайык келген аракеттеринин тийиштүү пландары иштелип чыккан.

2013-жылы кырсыктардын коркунучун азайтуу маселелери «Кыргыз Республика-сынын 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясына» бириктирилген. «Кырсыктардын коркунучун азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жакшыртуу» деген атайын бөлүмүндө жарандык коом менен кызмат-ташкан мамлекеттик органдардын ишин жакшыртууга, табигый жана техногендик кырсыктардын коркунучунан калк менен аймактардын комплекстүү коопсуздугун камсыз кылууга багытталган бир катар уюштуруучулук жана иштиктүү иш-чара-ларды жүзөгө ашыруу маселелери караштырылган.

Кырсыктардын коркунучун азайтууну бекем институционалдык негизи бар улут-тук жана жергиликтүү артыкчылык маселесине айландырууга жылдан жылга көбүрөөк көңүл бурулууда. Бүгүнкү күндө өлкөдө тийиштүү мыйзамдык жана че-немдик-укуктук база түзүлгөн жана ал жоопкерчилик чөйрөсүн аткаруу бийлиги менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ар кайсы деңгээлинде бөлүштүрүү аркылуу калк менен аймакты өзгөчө кырдаалдардан сактоо боюн-ча саясий, мыйзам чыгаруучу жана институционалдык алкактарды бир кыйла так аныктоо максатында дайыма өркүндөтүлүп турат.

Мисалы, мыйзам деңгээлинде Жарандык сактануу кызматынын башчысы так аны-кталган: республикалык деңгээлде – КР Премьер-министри; облустук, райондук жана жергиликтүү деңгээлдерде – аймактык республикалык администрациялар-дын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары; объек-тилик деңгээлде – менчигинин формасына карабай уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин жетекчилери. КР ӨКМга жөнгө салуу боюнча тийиштүү ченемдик милдеттерди, ошондой эле атайын көзөмөлдөөчү, контролдоочу иш-милдеттерди

Page 227: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

226 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

аткаруу менен жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары ЖК тармагындагы иш-аракеттерди координациялоону ишке ашы-руу жүктөлгөн. Мыйзамда КРнын кызмат адамдары менен калкы ЖК тармагын-дагы милдеттенмелерди аткарбаганда КРнын аракеттеги мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылары жазылган.

Өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга жана өзгөчө кырдаалдарда өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объектилердин иш-милдеттеринин туруктуулугун жогорула-тууга багытталган максаттык жана илимий-техникалык программалар, долбоор-лор, пландар колго алынып, ишке ашырылып жатат.

Кырсыктардын коркунуч факторлорун аныктоо, баалоо жана мониторингдөө, ошондой эле эртелеп алдын алуу тутумун жакшыртуу боюнча ишмердиктин на-тыйжасын жогорулатуу боюнча бир топ жылыштар бар.

Колдо бар мүмкүнчүлүктөргө таянып, кырсык коркунучунун негизги факторлорун азайтуу, аларга бардык деңгээлде натыйжалуу жооп кылуу максатында уюшту-руучу жана практикалык чаралар көрүлүүдө. Кырсыктарга даярдыкты күчөтүү, бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органдарынын жетекчилери менен кызматкерлеринин даярдыгын жана ке-сипкөйлүгүн жогорулатуу, өзгөчө же кризистик кырдаалдардын коркунучу же өзү пайда болгондо кабар кылууга же иш-аракеттерге элди үйрөтүү боюнча иштер да жүргүзүлүп жатат.

Жыл өткөн сайын кырсык коркунучун азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга жооп кылуу жаатында биргелешкен стратегияларды, концепцияларды, макулдашуу-ларды, келишимдерди, программалар менен долбоорлорду колго алуу жана жүзөгө ашыруу жолу менен эл аралык кызматташууну бекемдөө маселесине көп көңүл бурулууда.

Алсак, азыркы учурда төмөнкүлөргө багытталган бир катар өтө орчундуу програм-малар менен долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар аяктап жатат же аяктоо алдында турат:

• калкка маалымат берүүнүн жана кабарлоонун жалпы республикалык ком-плекстүү тутумун (мындан ары – КМКЖКТ) түзүү жана колдонууга кир-гизүү, БМНДК – 112;

• ККТБны - кризистик жана өзгөчө кырдаалдарды ыкчам тескөө тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү максатында жарандык коргонуунун мамлекет-тик тутумунун функционалдык жана аймактык тутумчаларынын маалы-маттык ресурстары менен мүмкүнчүлүктөрүн бириктирген бирдиктүү маа-лыматтык-тескөөчү тутумду - күнүмдүк тескөөчү органды өркүндөтүү;

• маалымат-талдоо ишмердигин, маалыматтар базасы платформасын, өз-гөчө кырдаалдарды моделдөө тутумун, гидрометеорологиялык монито-рингди жана суу ресурстарын тескөөнү өркүндөтүү;

• радиоактивдүү калдык жайлар менен табигый мүнөздөгү (селдер, жер көчкүлөр, көчкүлөр) кырсыктардын бир кыйла орчундуу коркунучтарын алдын алуу;

• аймактык ӨКМ башкармалыктары менен Мамлекеттик өрткө каршы кыз-

Page 228: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

227НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

мат агенттигин реформалоо жолу аркылуу көчмө, көп иш-милдеттүү өрт өчүрүүчү-куткаруучу кызматтарды түзүү;

• сыналгы, үналгы, интернет, гезит-журналдар жана бардык уюк оператор-лор менен акысыз жөнөтүлүүчү СМС-кабарламалар аркылуу ӨК корку-нучтары тууралуу калкты кабардар кылуу процессин турмушка ашыруу;

• ӨК коркунучу же өзү пайда болгондо КР ӨКМ менен ЖК кызматтарынын штаттагы куткаруучу бөлүмчөлөрү жетип келгенче өз алдынча биринчи кезектеги издөөчү-куткаруучу иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө жөн-дөмдүү ыктыярдуу өрт өчүрүүчү-куткаруучу командаларды түзүү;

• мектеп программасына «Жашоо-тиричилик коопсуздугунун негиздери» сабагын киргизүү, электрондук окуу куралдарын, усулдук жана маалымат-тык материалдарды иштеп чыгуу;

• жээктерди бекемдөөчү жана башка коргоочу курулмаларды куруу, ошон-дой эле митигациялык жана авариялык-калыбына келтирүүчү иштерди аткаруу жолу аркылуу комплекстүү алдын алуучу жана жоюучу иш-чара-ларды жүзөгө ашыруу.

Кырсыктардын (мунун ичинен жер титирөөлөрдүн) коркунучтарын тескөө жаатындагы негизги маселелер

Кырсыктардын коркунучтарын тескөөдөгү, айрыкча аялуулук факторун азайтуу, алдын алуучу иш-чараларды аткаруу, ошондой эле шайкеш жооп кылууга даяр-дыкты күчөтүү боюнча күн мурун чара көрүү жаатындагы бардык көрүлүп жаткан комплекстүү иш-чаралардын натыйжалуулугу менен таасирдүүлүгү жетишерлик деңгээлде болбой жатат. Мындай абалга төмөнкүлөр себеп болууда:

1. Аялуулук факторун азайтуу, алдын алуучу иш-чараларды аткаруу, ошон-дой эле улуттук дагы, жергиликтүү дагы деңгээлде ӨКга шайкеш жооп кылуу-га даярдыкты күчөтүү боюнча күн мурун чара көрүүгө бөлүнүүчү каржылык жана материалдык ресурстардын ашкере чектелгендиги.

КР ӨКМ маалыматына ылайык, жыл сайын республиканын аймагында табигый жана техногендик мүнөздөгү 200дөй өзгөчө кырдаал катталып, анын тике чыга-шасы гана 30-35 миллион АКШ долларын түзөт. Ошол эле учурда аларды алдын алууга жана жоюуга мамлекеттик казынадан эле жылына 6 млн. АКШ доллары бөлүнөт. Мисалы, бир гана Нура-Алай жер титирөөсүнүн тике материалдык чыга-шасы 10 млн. АКШ долларын түзсө, ал эми кырсыктын кесепеттерин жоюу менен калыбына келтирүүчү иштерге 40 млн. ашуун АКШ доллары жумшалган.

Жер титирөөлөрдөн аялуулукту азайтуу, жер көчкүдөн, ташкындан, сел менен үйөр суулардан, ошондой эле башка табигый жана техногендик кубулуштардан сактоо боюнча иш-чаралар өтө кымбат туруп, олуттуу материалдык, каржылык жана адам ресурстарын талап кылгандыктан, калк менен аймактарды өзгөчө кырдаалдардан толугу менен комплекстүү сактоо мүмкүн эмес.

Өлкөдөгү жыл сайын болуп турган ӨКнын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирил-

Page 229: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

228 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

гис иш-чараларга, өндүрүштүк жана социалдык багыттагы кыйраган объектилер-ди жарым-жартылай же толук калыбына келтирүүгө (жок дегенде алардын кыр-сыкка чейинки абалына) болжол менен келтирилген материалдык чыгым канчага бааланса, дал ошончо каражат, башкача айтканда, жыл сайын 35 миллион АКШ доллары сарпталарын эсептеп чыгуу кыйын эмес.

Ал эми өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объектилер кырсык болгон мез-гилде имараты начарлап, туруксуз абалга келип калгандыгы үчүн жемирилип ка-лат. Демек, аларды реконструкциялоодо жана калыбына келтирүүдө «мурдагыга караганда жакшы, бекем куруу» концепциясын сактоо зарыл. Мындайча айткан-да, ӨКдан жабыркаган объектилер келечекте ыктымал кырсыктарга абдан турук-туулугу эске алынып, заманбап талаптарга туура келиши, сапаты жакшы, ал эми айрым учурларда стратегиялык объектилер коопсузураак аймактарга көчүрүлүүгө ылайыктуу болушу керек. Бул үчүн каражаттарга болгон жылдык муктаждык 35 миллион АКШ долларын эмес, бир нече эсе көп – кеминде 70-100 миллион АКШ долларын түзөт. Кыргызстандын мындай каражаты жок, чет өлкөлөр менен эл аралык каржы институттарына эле мамлекеттин карызы 2014-жылдын 1-январы-на карата 3 млрд 241 млн АКШ долларын түздү.

3-фотография: Бишкек шаарынын айланасындагы конуштар

Булак: www.vb.kg

Ошентип, Кыргызстанда каржылык жана материалдык ресурстардын жетишсиз-дигинен жылдан жылга ӨКнын айынан жарым-жартылай же толук кыйраган өн-дүрүштүк жана социалдык багыттагы объектилердин басымдуу бөлүгү тийиштүү даражада калыбына келтирилбей тургандыгы тууралуу тыянак чыгарса болот. Мында алдын алуучу иш-чаралардын талап кылынган комплекси тууралуу сөз кылуунун да кажети жок.

Page 230: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

229НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

2-схема: КРнын Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун башкармалыгы

Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун башкармалыгынын СХЕМАСЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомство аралык комиссиясы

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

КР ӨКМнын күчтөрү жана каражаттары

Каржы жана материалдык ресурстар

Аткаруу бийлигинин республикалык органда-ры, уюмдар, коомдук бирикмелер, ыктыярдуу

уюмдар

Жарандык сактануу боюнча комиссиялар

Жарандык сактануу кызматтары

Жарандык сактануунун түзүмдөрү

Каржылык жана материалдык ресурстар

Күчтөр жана каражаттар Күчтөр жана каражаттар

Каржылык жана материалдык ресурстар

Жарандык сактануу боюнча комиссиялар

Жергиликтүү мамлекеттик администрация-лар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдары

Ведомстволук тутумчалар Аймактык тутумчалар

2011-жылы Кыргызстан 25 шаардан жана 459 айыл аймагынан турган эки деңгэ-элдүү – республикалык жана жергиликтүү – бюджетке өттү. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн табигый жана техноген-дик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралардын таасирдүү механизми иштелип чыга элек. Демек, алардын өздөрүнө баш ийген аймактардагы өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө каржы каражаттарын бөлүүгө укугу жок.

Мисалы, Кыргызстанда акыркы он жылдын (2002-2012-жж.) ичинде эле табигый кырсыктардын, авариялар менен апааттардын таасиринен 36 миңден ашуун үй-бүлө (ар бир үй-бүлөдө орто эсеп менен 5 киши десек, болжол менен 180 миң киши) үйсүз калган же ыктымал коркунучтуу участкалардан көчүрүлгөн. Алардын

Page 231: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

230 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

ичинен: жер титирөөлөрдөн 13,7 миң үй-бүлө (38%); жер көчкүдөн 3,5 миң үй-бүлө (10%); селдер менен топурактын эрозиясынан 5,2 миң үй-бүлө (14%); жер астын-дагы суулардын деңгээлинин көтөрүлгөндүгүнөн 9,3 миң үй-бүлө (26%); башка ӨКлардан 4,5 миң үй-бүлө (12%) жабыркаган.

Азыркы учурда кырсыктардан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү калктын өтө аялуу катмарына кире тургандыгын эске алуу менен эски турак-жайларын калы-бына келтириши же жаңысын курушу үчүн мамлекет аларга 50 миң сом (1 миң-ден азыраак АКШ доллары) же 200 миң сом (3,750 миңге жакын АКШ доллары) өлчөмүндөгү жеңилдетилген (пайызы жок) узак мөөнөттүү ссуда берүү жолу ар-кылуу материалдык жардам көрсөтүүдө.

Ал эми эскисин калыбына келтирүү же жаңысын куруу үчүн каралган каражаттар такыр эле жетишсиз. Анүстүнө мамлекет көбүнесе узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды өз убагында төлөп бере албайт. Табигый кырсыктардан жабыркаган-дардын саны дайыма өсүп тургандыктан жана бюджеттик каражаттардын жетиш-сиздигинен, жеңилдетилген ссуда менен камсыз болбогондордун саны көбөйүп жатат, демек, баш паанексиз калган көптөгөн үй-бүлөлөр айлап-жылдап өз ту-рак-жайларын калыбына келтире алышпайт.

Азыркы учурда республика боюнча 36,423 үй-бүлөдөн 17,052 үй-бүлө гана (47%) жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссуданы толук алышты, ал эми калган 19,371 үй-бүлө (53%) жарым-жартылай алышкан же такыр алыша элек. Жогоруда көр-сөтүлгөн себептер боюнча ар кандай кырсыктардан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү турак-жайларын калыбына келтире албайт, ал эми узак мөөнөттүү ссу-да алган бөлүгүнүн каражаты сейсмикалык туруктуулукту камсыз кылуучу КЧЭ-нин заманбап талаптарына толук жооп берген турак-жай курганга жетпейт деп айтсак болот.

Бул Нарын облусундагы Кочкор районунун мисалынан көрүнгөндөй абалга алып келет: 2007-2010-жж. жер титирөөнүн айынан жабыркап, жаңыдан курулган үй-лөрдүн 40%ы кайра ар кандай даражада кыйроого учураган, демек, аталган объ-ектилерди дагы башынан калыбына келтирүү талап кылынат.

Өлкө боюнча мындай мисалдарды көп келтирсе болот. «Мурдагыга караганда жакшы жана бекемирээк куруу» концепциясы сакталбай кайра курулган жаңы турак-жайлар менен өндүрүштүк жана социалдык багыттагы башка объектилер кийинки кырсыктардын кесепетинен дагы кулап калат.

Анүстүнө КР ӨКМнын буйруктарына ылайык, мындай үй-бүлөлөрдүн айрымдары келечеги кооптуу участкалардан жаңы жер бөлүнүп берилүүчү коопсуз чөлкөмдөр-гө көчүрүлүүгө тийиш болгон. Бирок жаңы жер участкаларын бөлүп берүү маселеси көп учурда жерлерди жаңы конуш үчүн ажыратуу кыйынчылыгынан улам жергилик-түү бийликтегилер тарабынан өз убагында чечилбейт. Демек, жаңы кырсыктарга кабылуу коркунучу менен адамдар кооптуу чөлкөмдөрдө жашай беришет.

Калктын аялуулук деңгээлин төмөндөтүү менен байланышкан маселелерди чечүү эски, сейсмикалык жактан туруксуз турак-жайлардын ээлери кандай коркунучка кабыларын аңдап-билип, аларды бекемдөө боюнча чара көрүү зарыл экендигин түшүнгөнү менен, үй-бүлөлүк бюджетте акчанын жоктугунан муну жасай албаган-дыгы менен да татаалданат.

Page 232: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

231НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

Мындан тышкары, калктын бүгүн жаңы үй салып жаткан бөлүгү да дагы эле ошол каражаттын тартыштыгынан КЧЭни одоно бузуу менен турак-жай тургузуп жатат. Буга Бишкектин түштүк тарабындагы конуштардын бир бөлүгү тектоникалык ай-рык кеткен жерде, ал эми түндүгүндөгүлөр жер астындагы суулардын деңгээли жогору чөлкөмдө жайгашкандыгы ачык далил болот. Анүстүнө «Бишкектин айла-насындагы саман алкактын» турак-жайларынын 40-50%ы белгиленген курулуш ченемдери менен эрежелерин сактабай тургузулган.

Бишкектин айланасында жайгашкан 47 конушта акыркы жылдардын ичинде гана 30,000 менчик үй салынып, анын 60%ы жактырылган долбоору жана уруксат бе-рилген документи жок, КЧЭ менен сейсмикалык туруктуулуктун талаптары сактал-бай курулган. Бул үй салып жаткандардын капчыгынын жукалыгы жана курулуш материалдарынын кымбаттыгы менен байланышкан. Жетишерлик каражаты жок болгондуктан, алар үйлөрүн КЧЭ талаптарын бузуу менен саман кыштан ж.б.у.с. тургузушат. Ушунун баары бүтүндөй көрксүз конуштардын жана жер титирөөлөргө туруксуз турак-жайлардын көбөйүшүнө себеп болууда.

Катуу жер титирөөлөр болгондо фотографияларда чагылдырылган үйлөр Нура айылындагыдай кыйрап калышы мүмкүн.

Материалдык жана каржы ресурстарынын ашкере тартыштыгынан улам жылдан жылга ЖКнын көптөгөн кечиктирилгис стратегиялары, программалары, планда-ры, мисалы, төмөндөгүдөй практикалык иш-чаралары жакшы деңгээлде орундал-бай келет:

• ЖКнын материалдык жана каржы камын түзүү, радиациялык, химиялык, медико-биологиялык, жарылгыч, өрттүк, сейсмикалык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;

• ЖК башкармалык органдары менен күчтөрүнүн, айрыкча авиациялык, инженердик, өрт өчүрүүчү жана издөөчү-куткаруучу бөлүмдөрүнүн техни-калык жабдылышын өркүндөтүү. Мисалы, КР ӨКМнын авиация департа-ментинин азыркы учурда бир гана тик учагы бар, ал дагы оңдоону талап кылгандыктан колдонулбай турат. Бул КР ӨКМ тик учагы жоктугуна бай-ланыштуу пландуу чалгындоо жүргүзүүгө же шашылыш учурда ӨК болгон жетүүгө кыйын же алыскы чөлкөмдөргө барууга мүмкүнчүлүгү жок дегенди билдирет. Мындан тышкары, издөөчү-куткаруучу бөлүмчөлөрдүн дээрлик баары – пландуу оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдөгү, күйүүчү-сыйпоочу материалдардын (КММ) камып толтуруудагы жана башка утурумдук мук-таждыктарды канааттандыруудагы каражаттардын жетишсиздигине бай-ланышкан көйгөйлөрдү айтпаганда да – атайын авто унааларды, шайман-дар менен жабдыктарды жаңылоого муктаж;

• Өндүрүштүк-социалдык багыттагы объектилердин (имараттардын, курул-малардын, коммуникациялардын, инфратүзүмдүн, техникалык каражат-тардын, жабдуулардын ж.б.) катуу жер титирөөлөрдүн жана башка кооп-туу табигый процесстер менен кубулуштардын таасирине туруктуулугун жогорулатуу. Мисалы, Кыргызстанда 2012-жылы ЮСАИД (USAID) жана ЮНИСЕФтин (UNIСEF) колдоосунда бардык мектептер менен мектепке чейинки мекемелердин имараттардын коопсуздугун баалоо долбоору ишке ашырылган. 2222 мектеп мекемеси (5583 имарат) жана 806 мектепке

Page 233: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

232 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

чейинки мекеме (1198 имарат) текшерилген. Текшерүүнүн натыйжасында 3,625 мектеп, мектепке чейинки мекемелердин имараттарынын 869 бир-диги тез арада толугу менен оңдоп-түзөөнү жана бекемдөөнү талап кыла тургандыгы, ал эми 1,167 мектеп, мектепке чейинки мекемелердин има-раттарынын 196 бирдиги бузуп салууну же кайра курууну талап кыла тур-ган авариялык кооптуу абалда экендиги аныкталды. Илим-изилдөө жана сейсмикалык туруктуу курулушту долбоорлоо институтунун деректиринин маалыматына ылайык, 7 жылга эсептелген мектептер менен бала бакча-лардын коопсуздугун калыбына келтирүү жана жогорулатуу программа-сын жүзөгө ашыруу үчүн 237 миллиард сом (5 млрд. ашуун АКШ доллары) талап кылынат. Ал эми өлкө бюджетинен болгону 100 миллиард сом, та-лап кылынуучу сумманын жарымынан азын гана бөлүүгө мүмкүн, ошон-дуктан каржылоонун башка булактарын издөө зарыл;

• Мамлекеттик башкаруу органдары менен тийиштүү адистердин кесип-көйлүк даярдыгын жана деңгээлин, жергиликтүү коомдоштуктар менен калктын кабардарлыгы менен маалыматтуулугун жогорулатуу, аларды окуп-үйрөтүү. Мисалы, мамлекеттик башкаруу органдары менен тийиштүү адистердин кесипкөй даярдыгын жана деңгээлин жогорулатууга багыттал-ган көп программалар (семинарлар, тренингдер, машыгуулар ж.у.с.) эл аралык уюмдардын техникалык жана каржылык колдоосу болгондо гана ишке ашат.

2. Институционалдык жана уюштуруу-административдик мүнөздөгү, ошон-дой эле адам фактору менен байланышкан – кызмат адамдары (чиновник-тер) жарандык коргонуу жаатындагы өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди тий-иштүү түрдө аткарбагандагы (көбүнчө шалаакылыктын айынан) - олуттуу мүчүлүштүктөр жана милдеттердин жеткире аткарылбагандыгы. Буга объ-ективдүү дагы, субъективдүү дагы себептерден жол берилүүдө.

Министрликтер менен ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администра-циялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары КРнын «Жарандык сактануу жөнүндө» мыйзамына ылайык өздөрүнө баш ийген аймактарда өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө, өн-дүрүштүк-социалдык багыттагы объектилердин иштөө туруктуулугун жогорулатуу боюнча уюштуруучу жана инженердик-техникалык иш-чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга, турак-жай, административдик жана өндүрүштүк имараттар менен курулмаларды куруу үчүн жер участкаларын бөлүп берүү жөнүндөгү чечим-ди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдаштырууга милдеттүү.

Бирок Кыргызстан боюнча айрым башкаруу органдары менен кызмат адамдары көбүнчө шалаакы, кайдыгер жана жоопкерчиликсиз болушуп, жарандык коргонуу жаатындагы өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбаган учурлар көп кездешет. Мунун айынан калк менен аймактын табигый кырсыктарга туруктуу-лугу ого бетер начарлайт.

Кызмат адамдарынын кайдыгерлигинен тектоникалык айрык кеткен жерлерден же жер астындагы суулардын деңгээли жогору «Бишкектин айланасындагы саман алкак» деп аталган чөлкөмдөн он миңдеген тамарка бөлүнүп берилип, 40-50% турак-жайлар белгиленген КЧЭ сакталбай курулуп жатат.

Page 234: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

233НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

Институционалдык жана уюштуруучу-административдик мүнөздөгү мүчүлүштүк-төр менен кемчиликтердин айынан калктын белгилүү бөлүгү өздөрү жашап турган жердеги кооптуу жагдайлар жана коопсуздуктун зарыл чаралары тууралуу кабар-дар болушпайт. Тилекке каршы, азыркы учурда бийлик түзүмдөрү көрүлүп жаткан чараларга карабастан эл арасында коопсуз жашоо-тиричилик маданиятын тий-иштүү деңгээлде калыптандыра алган жок.

Бардык эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты өзгөчө кырдаалдардан (мунун ичинен жер титирөөлөрдөн) сактануу ыкмаларына үйрөтүүгө, өзгөчө кырдаалдардын корку-нучу же пайда болушу тууралуу өз убагында кабардар кылууга тийиштүү көңүл бурушайт; сактануунун материалдык-техникалык, азык-түлүктүк, медициналык, жекече жана жамааттык каражаттарын камдоо үчүн бюджеттен каражат карашты-рышпайт.

Азыркы учурда Кыргызстанда тике материалдык чыгаша гана эсепке алынат. Ал эми өзгөчө кырдаалдардын чыгымдары менен керектөөлөрүн баалоо иш жүзүндө жүргүзүлбөйт. Бул өлкөдө ӨКнын экономикалык көрсөткүчтөргө, макроэкономика-лык бейтеңдемге (дисбаланска), жумуштуулуктун кыскарышына, кирешелердин азайышына жана жабыркаган жарандар менен үй чарбаларына, жалпы эле өл-көнүн экономикасына, ИДПга, экспорт менен импорттун деңгээлине, кирешелер-ге, жакырчылыкка жана башка социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө тийгиз-ген таасири тийиштүү даражада талданбай жатат дегенди билдирет.

Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо тий-иштүү мамлекеттик түзүмдөр тарабынан алардын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү менен бир катарда көбүнесе мындай кесепеттер-ге алып келген себептер тыкыр талданбайт, аткаруу бийлиги менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана ээлик кылуучу субъек-тилердин аларга жүктөлгөн иш-милдеттерди өз убагында аткарбагандыгы жана өздөрүнө баш ийген объектилер менен аймактарда өзгөчө кырдаалдарды болжол-доо жана алдын алуу боюнча күн мурун иш-чараларды орундабагандыгы үчүн за-рыл учурда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу боюнча чара көрүлбөйт.

Кырсык коркунучун тескөө маселесиндеги эң жаман жагдай – өзгөчө кырдаалдар келтирген зыян менен чыгымдардын көп учурда «баарына кырсык күнөөлүү» де-ген шилтеме менен жылдан жылга чыгашага жазылып жаткандыгы. ЖК жаатын-дагы КР мыйзамдарын жана ошондой эле белгиленген ченемдерди, эрежелер менен стандарттарды бузгандыгы үчүн кызмат адамдары менен жарандардын кандайдыр жоопко тартылган учурлар сейрек учурайт. Мына ошондуктан мини-стрликтер менен ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабай бардык уюмдар үчүн аткарылууга милдеттүү болгон КР ӨКМнын буйруктары ме-нен жарлыктары этибарга алынбайт жана аткарылбайт.

Кыргызстанда катуу жер титирөөлөрдүн сейсмикалык коркунучу жогору болгон-дугуна карабай, ушуга чейин аткаруу бийлиги органдарынын, жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдары менен ээлик кылуучу субъектилердин (менчигинин түрүнө карабай), ошондой эле жарандардын КРнын аймагында сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча ишмердигин кайсы бир даражада тартипке сала алган сейсмикалык коопсуздук тууралуу мыйзам кабыл алынган эмес.

Page 235: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

234 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

2009-жылы КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин Кыргыз илим-изилдөө жана сейсмикалык туруктуу курулушту дол-боорлоо институту тарабынан КРнын «Сейсмикалык коопсуздук жөнүндө» мый-замынын долбоору демилгеленген. Бирок бул мыйзам долбоору «апрель окуясы» деп аталган 2010-жылдагы окуяларга байланыштуу кабыл алынбай калган.

3. Коомдо айрым жарандардын тийиштүү жашоо-тиричилик коопсуздугу ма-даниятынын жоктугу, өзүнүн ден соолугу жана өмүрү, ошондой эле тууган-дарынын, жакындары менен курчап турган кишилердин өмүрү, материал-дык жана маданий баалуулуктардын сакталышы үчүн жеке жоопкерчиликти сезбегендиги Кыргызстандын калкы менен аймагынын аялуулугу жогорку даражада экендигине негизги себептерден болуп эсептелет.

Коопсуздук маданияты – жеке жана социалдык баалуулуктар тутумундагы жашоо-тиричилик коопсуздугун камсыздоо милдетинин маанилүүлүгү, күнүмдүк турмушта анан да кооптуу жана өзгөчө кырдаалдардын шартында коопсуз жүрүм-турум эрежесинин таралгандыгы, жашоо-тиричиликтин бардык чөй-рөсүндөгү коркунучтар менен кооптуу жагдайлардан сактануу даражасы ме-нен мүнөздөлүүчү адам менен коомдун өнүгүү деңгээли. Башкача айтканда, жашоо-тиричиликтеги коопсуздук маданияты – бул турмуш менен эмгек ишмерди-гинин коопсуздугун камсыздоо маселесине карата жана, эң башкысы, кооптуулук деңгээлин азайтуу боюнча жигердүү турмуштук ишмердик менен мүнөздөлүүчү адамдын, социалдык топтун, коомдун өнүгүү абалы.

Эгер жарандардын жашоо-тиричилик коопсуздугу маданияты жок болсо, алар өзүнүн, туугандарынын, жакындары менен курчап турган кишилердин өмүрү жана ден соолугу, материалдык жана маданий баалуулуктардын сакталышы үчүн жеке жоопкерчиликти сезбесе, эң бир катуу административдик чаралар менен мый-замдар дагы адамдарды, коомду, мамлекетти кырсыкка кабылуудан, жоготуулар-дан сактап кала албайт.

Эл жарандык коргонуу жаатындагы мыйзамдар менен башка ченемдик-укуктук ак-тыларды сактоого, күнүмдүк ишмердикте коопсуздук эрежелерин колдонууга, калк менен аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, жеке жана жамааттык сактануу каражаттарын пайдалануу эрежелерин үйрөнүүгө, өзгөчө кырдаал коркунучу жана кырдаалдын өзү пайда болгондо бел-гиленген жүрүм-турум эрежелерин аткарууга, өзгөчө кырдаалдардын кесепетте-рин жоюуда мамлекеттик бийлик органдары менен уюмдарга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Өзгөчө кырдаалдардын коркунучтарын тескөөнүн дагы бир очундуу жагдайларынын бири өзгөчө кырдаалдар пайда болгондогу калктын жүрүм-турум маданияты болуп эсептелет. Биздин эл ӨК пайда болгондо жооп кылууга канча-лык даяр?

Балдар эле эмес, Кыргызстандагы көпчүлүк чоң кишилер да өзгөчө кырдаалдар учурундагы жүрүм-турумдун эң жөнөкөй эрежелерин дагы, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү дагы билишпейт. Бул бизде «коопсуз жүрүм-турум мадания-ты» жок деп айтууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан өзгөчө кырдаалдар убагын-да кишилер өз алдынча жооп кылуу, кыйын шарттарда өздөрүн-өздөрү уюштуруу көндүмдөрүнөн ажырап, бечара болуп калышат.

Көп учурда өлкө жарандары аларды ӨКнын пайда болуу мүмкүндүгү тууралуу эскертишсе да, коркунуч жөнүндөгү мындай эскертүүлөрдү этибарга алышпайт,

Page 236: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

235НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

сактанууга жардам бере турган жана табигый кырсыктардын курмандыгы болуу коркунучун азайта турган чараларды күн мурун көрүшпөйт.

ӨКга жооп кылуу маселесинде «адам факторун» баса белгилеш керек. Келечеги коркунучтуу участкаларда жашаган КР жарандары жаңы жер участкасын жана турак-жай куруш үчүн узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссуда түрүндө мамлекеттик жардам алганы менен, жараксыз деп табылган (сейсмологдордун эскертүүсүнө жана КР ӨКМнын буйруктарына карабастан) участкаларды пайдаланууну уланта беришкен учурлар бар.

Бүгүн биздин коомдун өнүгүүсү көпчүлүк кишилер үчүн өзүн жана үй-бүлөсүн кан-тип ичиндирип-кийиндирип, эң зарыл нерселер менен кантип камсыздоо деген маселе биринчи планда туруп, ал эми коопсуздукту камсыздоо маселелерине көбүнчө «көз жумуп» койгон арасат этапта турат.

2008-жылдагы Нура-Алай жер титирөөсүнүн мисалында Кыргызстандагы жер ти-тирөөнүн коркунучтарын тескөөнүн учурдагы абалына жүргүзүлгөн анализ жаран-дык сактануунун мамлекеттик тутумун андан ары өркүндөтүү жана калк менен аймактарды өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан сактоо боюнча жүргүзүлүүчү чаралардын таасирин күчөтүү үчүн орчундуу чараларды көрүү зарылдыгын тастыктап турат.

Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун өркүндөтүүгө, жер титирөөлөрдүн жана башка кырсыктардын коркунучтарын тескөөнүн натыйжалуулугун арттыруу-га, калк менен аймактарды сактоо боюнча жүргүзүлүүчү чаралардын таасирин күчөтүүгө, жер титирөөлөр жана башка өзгөчө жана кризистик кырдаалдар алып келүүчү адам курмандыктары менен материалдык жоготууларды, аялуулукту азайтууда жакшы натыйжаларга жетишүүгө багытталган иштиктүү сунуштар: 1. Учурдагы жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун негизги милдети кырсыктар коркунучунун жана күтүлүүчү кесепеттердин негизги факторло-рун комплекстүү аныктоо, баалоо, мониторингдөө, талдоо боюнча уюшту-руу-практикалык ишмердик болууга тийиш.

Бул үчүн төрт негизги милдеттин аткарылышын камсыздоо зарыл:

Коркунучтарды, кооптуу жагдайлар менен аялуулукту, ошондой эле социалдык- экономикалык кесепеттерди, бардык кырсыктардан алдын алууга жана рекон-струкциялап, калыбына келтирүүгө болгон муктаждыктарды аныктоо.

1-милдет: Бүгүн Кыргызстандын калкы менен аймагы кабылышы мүмкүн болгон жер титирөөлөр менен башка кырсыктардын (табигый кырсыктар, ири көлөмдө-гү авариялар, апааттар) учурдагы коркунучтарынын кооптуу жагдайларын түрү, орун алган жери, күчү, жыштыгы, ыктымалдуулугу жана башка чек-ченемдери бо-юнча аныктоо, болжолдоо, тутумга салуу. Мында ыктымалдуу синергетикалык, башкача айтканда, көп баскычтуу табигый жана табигый-техногендик апааттар-ды болжолдоого өзгөчө көңүл буруу абзел. Тоолуу аймактардагы мындай апаат-тардын синергетикалык мүнөзү кооптуу бир табигый кубулуштуг (мисалы, жер титирөө жана/же жер көчкү) бөлөк кооптуу кубулуштардын тизмегин (каскадын) алып келеринен көрүнөт. Көбүнесе кийин пайда болгон табигый кубулуш өзүнүн кыйратуучу күчү менен мурдагыдан кем калбайт, ал эми бир катар учурларда өтүп да кетет.

Page 237: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

236 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

2-милдет: Аялуулукту талдоо, бул табигый кырсыктардын, ири көлөмдөгү ава-риялар менен апааттардын (атап айтканда, физикалык, социалдык, экономика-лык, экологиялык көрсөткүчтөр, чыгымдар жана чыгашалар, кыйроолор, адамдык жана материалдык жоготуулар) ыктымал кесепеттери жөнүндөгү маалыматтарды тутумга салуу.

Бүгүнкү күндө биринчи эки негизги милдет көп жагынан 60-80 пайызга аткарылды, бирок бардык чек-ченемдери боюнча жана тийиштүү түрдө аткарылган жок. Бул толук картинаны бере албайт жана кырсыктардын учурдагы коркунучтарын толук кандуу тескөөгө мүмкүнчүлүк бербейт. Демек, жетишерлик каржы караштырып. өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана алдын алуу боюнча бардык зарыл иш-ча-раларды аткаруу абзел.

3-милдет: Ыктымал өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо үчүн алдын алуучу кандай иш-чаралар зарылдыгын жана канчалык өлчөмдөгү материалдык жана каржылык ресурстар талап кылынарын аныктоо.

4-милдет: Кырсык пайда болгондо бузулган нерселердин баарын «мурдагыга караганда жакшы жана бекемирээк куруу” концепциясын сактоо менен толук ка-лыбына келтирүүнү жана реконструкциялоону камсыздоо үчүн талап кылынуучу ресурстар менен каржы каражаттарына болгон муктаждыктарды аныктоо зарыл. Жогоруда белгиленген төрт негизги милдетти орундоонун негизинде кандай кор-кунучтар бар экендигин, ӨК пайда болгондо алар кандай кесепеттерге алып келе-рин, калк менен аймактарды коргоо, адамдык жана материалдык жоготууларды азайтуу боюнча кандай алдын алуучу иштерди жүргүзүү талап кылынарын толук талдоого болот. Ошондой эле ыктымал ӨКны алдын алуу боюнча өз убагында чаралар көрүлбөй калганда керек боло турган ресурстар менен каржы каражат-тарын издөөгө туура келет.

Ушул иштин натыйжасынан өзгөчө жана кризистик кырдаалдарын кесепеттерин жоюуга, реконструкциялоого жана зыян менен чыгашаларды калыбына келтирүү-гө кийин он эсе чыгым болгондон көрө, алдын алууга жана коркунучтарды азай-тууга бүгүн көбүрөөк каражат жумшоо оңой экендиги анык болот.

2. Келечеги кооптуу объектилер менен участкаларды түгөлдөө (инвента-ризация) жана паспорттоштуруу боюнча ишти уюштуруу жана тыянактуу аягына чыгаруу, алардын ведомстволук жана аймактык таандыгын анык-тоо, ар бири үчүн туруктуу коопсуз иштөөнү камсыз кылуучу, өзгөчө кырда-алдардын коркунучуна же келип чыгышына бөгөт боло турган практикалык иш-чаралардын планын (тармактык жана аймактык таандыгы боюнча жооп-туу аткаруучуларын артыкчылыктарын, мөөнөтүн, каржылык жана матери-алдык ресурстарын көрсөтүү менен) иштеп чыгуу зарыл.

Азыркы учурда аталган иш жалпысынан жүрүп жатат, бирок аягына чыга элек: толук жана бардык жерде аткарылган эмес. Келечеги коркунучтуу көптөгөн объек-тилердин кайсы ведомствого же аймакка таандык экендиги аныктала элек. Алар ээсиз калгандыктан, учурдагы абалы үчүн эч ким жооп бербейт. Эреже катары, дал мына ушундай ээсиз объектилер менен участкалар кооптуу абалда, алардын кесепети үчүн эч кимди жоопко тарта албайсың.

3. Жарандык сактануунун мамлекеттик тутуму жер титирөөлөрдүн жана башка кырсыктардын коркунучтарын натыйжалуу тескөө, калк менен ай-мактарды ыктымал өзгөчө кырдаалдардан сактоо боюнча иш-чараларды

Page 238: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

237НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

ар тараптуу пландап, жүргүзүү боюнча андан аркы уюштуруу-практикалык ишмердигин түзөтүп, жүзөгө ашырышы абзел.

Бул ишмердикти жүзөгө ашырууда «эң майда жана жөнөкөйдөн бир кыйла чоң жана татаалга» принцибин колдонуу шарт. Мындай ыкта жер титирөөлөрдүн жана башка кырсыктардын коркунучтарын натыйжалуу тескөө боюнча уюштуруу-прак-тикалык ишмердик ар тараптуу пландалат, калк менен аймактарды ыктымал өзгөчө кырдаалдардан сактоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү жергиликтүү дең-гээлдеги кичинеден/жөнөкөйдөн – өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объ-ектилерден, айылдан, айыл округунан (шаар маалаларынан, кичи райондордон) бир кыйла чоңго/татаалга – айылдык райондорго, шаардык райондорго, чакан ша-арларга, облустарга, Бишкек менен Ошко, республикага өткөрүлөт.

Кыргызстанда көп жылдардан бери кырсыктардын коркунучтарын тескөө ыкмасы турмушта колдонулуп келе жатат. КР ӨКМ, башка мамлекеттик органдар, жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдары эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын колдоосунда долбоорду ишке ашыруу жолу менен ар түрдүү объектилердин деңгээлинде (бала бакчалар, мектептер, келечеги кооптуу объектилер) да, ай-ылдардын, айыл округдарынын, райондордун жергиликтүү коомдоштуктарынын деңгээлинде да кырсыктардын коркунучтарын азайтып жатат. Эгер бул ишти ту-тумдаштырып, кеңири жайылтса жана бардык объектилер менен жергиликтүү коомдоштуктарды камтыса, анда жер титирөөлөрдүн жана башка кырсыктардын коркунучтарын натыйжалуу тескөөгө, калк менен аймактарды сактоо боюнча иш-чаралардын таасирин күчөтүүгө, райондук, шаардык, облустук, жалпы эле ре-спубликалык деңгээлде жер титирөөлөр жана башка өзгөчө жана кризистик кыр-даалдар алып келүүчү адам курмандыктары менен материалдык жоготууларды, аялуулукту азайтууда жакшы натыйжаларга жетишсе болот.

4. Ченемдик-укуктук актыларды кайра иштеп чыгуу, жергиликтүү өз алдын-ча башкаруу органдарынын өздөрүнө баш ийген аймактарда жарандык кор-гонуу, өзгөчө кырдаалдардан алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу жаатындагы макамын, ролу менен жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу жана таасирдүү уюштуруу-практикалык чара-ларды жүзөгө ашыруу.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу түшүнүгүнүн өзү жергиликтүү маанидеги бар-дык маселелерди, мунун ичинен калк жана аймактарды кырсыктардан сактоо ма-селесин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү коомдоштук-тар тарабынан өз алдынча, жеке кызыкчылыктарына ылайык, өзү жооптуу болуп, айыл округдарынын, шаарлардын өкүлчүлүк жана аткаруу органдары аркылуу, ошондой эле жарандарынын тике катышуу жолу менен чечүү дегенди билдирет.

КРнын 2011-жылы 15-июлда кабыл алынган, азыр күчүндө турган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №101 мыйзамынын «Жергиликтүү маанидеги масе-лелер» деген 18-беренесинде минтип жазылган: «Аймактын турмуш-тиричилигин камсыздоо тутумунун өнүгүшүн жана иш-милдеттерин уюштуруу, социалдык-эко-номикалык пландоо жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдетине жергиликтүү маа-нидеги төмөнкү маселелер кирет: 22-пункт – өзгөчө кырдаалдардан алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү».

Page 239: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

238 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Мындан тышкары, «Жарандык сактануу жөнүндө» 2009-жылы 20-июлда кабыл алынган №239 мыйзамдын «Жергиликтүү мамлекеттик органдар менен жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык коргонуу жаатындагы мил-деттери» деген 10-беренесинде дээрлик 9 пункт жазылат. Булардын катарында ЖӨОлорду өздөрүнө баш ийген аймакта өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө, Жарандык коргонууну алып баруу үчүн зарыл каражаттар менен күчтөрдү даярдоого жана даярдыкта кармоого, өз-гөчө жана башка кырдаалдарда элге сактануу ыкмаларын үйрөтүүнү уюштурууга милдеттендирген пункттар да бар. Мындан келип чыккандай, КРнын 2011-жылдын 15-июлунда кабыл алынган №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» аракеттеги Мыйзамынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мил-деттери менен жоопкерчилигин күчөтүү бөлүгүнө зарыл толуктоолорду киргизүү талап кылынат.

5. Ченемдик-укуктук актыларды кайра иштөө, ишканалардын, уюмдар менен мекемелердин менчигинин түрүнө карабай өздөрүнө баш ийген объектилер-деги жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардан алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу жаатындагы ролу менен жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгып, таасирдүү уюштуруу-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу.

Менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого баш ийгендигине карабай ишкана-лар, уюмдар менен мекемелердин өз кызматкерлеринин, калктын жана өздөрүнө чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардан алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды пландап, аткаруу-га, аларды каржылоону караштырууга, ӨК коркунучу же өзү пайда болгондо кыз-матчыларды тийиштүү иш-аракеттерге үйрөтүүгө жетишүүсү зарыл. Мындан тыш-кары, алар зарылчылык туулганда кабарлоонун жергиликтүү тутумдарын жана объектилик адистешкен авариялык-куткаруучу кошундарды да түзүүгө тийиш.

Өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышына күнөөлүү болгон ишканалар, уюмдар менен мекемелер, менчигинин түрүнө карабай, юридикалык жана жеке жактарга, курчап турган табигый чөйрөгө, өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объекти-лерге келтирген зыянынын ордун толтурууга милдеттүү. Бул түзөтүүлөрдү КРнын «Жарандык сактануу жөнүндө» мыйзамынын ЖК жаатындагы уюмдардын мил-деттерин күчөтүү бөлүгүнө киргизүү абзел.

6. Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдар менен калктын жарандык коргонуу, архитектура, шаар куруу, өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объектилерди куруу жаатындагы мыйзамдар менен башка ченемдик-укуктук актылардын талап-тарын милдеттүү сактоосун ар тараптуу жана бардык жерде көзөмөлдөө ме-нен контролдоону күчөтүү.

Адамдардын өлүмүнө, турак-жайлардын, өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объектилердин кыйрашына, экономикалык ири зыян менен чыгаша алып келген бардык өзгөчө кырдаалдарда табигый кырсыктарды, апааттар менен авариялар-ды «күнөөлөп», «чыгашага чыгарган» адатыбызды ташташыбыз керек. Демек:

• Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча белгиленген ченемдерди, стандарттар менен эрежелерди аткарбаган же

Page 240: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

239НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

тийиштүү түрдө аткарбаган, калкты, айлана-чөйрөнү, ошондой эле өн-дүрүштүк жана социалдык объектилерди, инфратүзүмдү өзгөчө кырдаал-дардан коргоо боюнча чара көрбөгөн, өзүнүн аракети же аракетсиздиги менен авариялар менен апааттардын пайда болушуна шарт же өбөлгө түзгөн күнөөлүү кызмат адамдарын тийиштүү жоопко тартууну талап кылуучу жоболор мыйзам негизинде иштеши керек.

• табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар пайда болгон-до алардын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү менен бир катарда милдеттүү түрдө ар бир окуя боюнча кесепеттердин күчөшүнө алып келген себептер тыкыр иликтенип, зарыл болгон учурда аткаруу бийлиги органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, ээлик кылуучу субъектилерди аларга жүк-төлгөн иш-милдеттерди өз убагында аткарбагандыгы жана өздөрүнө баш ийген объектилер менен аймактарда өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо, алдын алуу боюнча күн мурун иш-чараларды орундабагандыгы үчүн за-рыл учурда, белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу боюнча чара көрө турган КР Өкмөтүнүн тийиштүү чечимдери иштей башташы керек.

• ченемдик-укуктук актыларга толуктоолор киргизүү, өндүрүштүк жана со-циалдык багыттагы объектилерге чыгаша, адамдардын ден соолугуна зыян же аларды өлүмгө алып келген өзгөчө жана кризистик кырдаалдар-дын келип чыгышына күнөөлүү юридикалык жана жеке жактардын адми-нистративдик, жазык жана материалдык жоопкерчилигин караштырган (мунун ичинен адеп-ахлактык жана материалдык зыяндын ордун толтур-туу жолу менен) жол-жоболорду иштеп чыгып турмушка ашыруу зарыл. Атап айтканда, КРнын «Кыргыз Республикасынын шаар куруусу жана архитектурасы жөнүндө» мыйзамына шаар куруу, архитектура ишмер-дигиндеги субъектилердин айрым түрдөгү эреже бузуулары үчүн (мунун ичинен имараттар менен курулмалардын белгиленген бекемдик, ише-ничтүүлүк, бышыктык, сейсмикалык туруктуулук менен эксплуатациялык көрсөткүчтөрүнүн деңгээлин камсыз кылбагандыгы, имараттар менен ку-рулмаларды өз алдынча реконструкция кылгандыгы, архитектуралык ку-рулмаларды, башка деталдарды жана шөкөттөөчү-көркөм элементтерди өзгөрткөндүгү, курулуш учаскаларына жер бөлүп берүү тартибин, курулуш-ка уруксат берүү эрежелерин бузгандыгы, ар кайсы багыттагы объектилер-ди өз башынча кургандыгы, долбоор-курулуш ишмердигин лицензиясыз жана сертификатсыз жүргүзгөндүгү, архитектура жана курулуш иштери бо-юнча мамлекеттик органдардын буйруктарын аткаруудан баш тарткандыгы үчүн) жоопкерчилигин күчөтүүчү толуктоолорду киргизүү абзел.

Жүргүзүлгөн көзөмөлдөөчү иш-чаралардын натыйжасында аныкталган эреже бу-зууларды өз убагында жоюу жана чечим кабыл алуу боюнча көзөмөл органдары-нын ролун күчөтүп, алар менен Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары-нын ортосундагы өз ара тыгыз байланышты жолго коюу абзел.

7. Өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан келип чыгуучу чыныгы жана ык-тымал социалдык-экономикалык чыгашаларды, зыяндарды, муктаждык-тарды калыс жана бирдей баалоо жүргүзүү боюнча чараларды турмушка ашырууга киришүү.

Page 241: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

240 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Бул максатта табигый кырсыктардан келип чыгуучу чыгаша, зыяндар жана мук-таждыктарды баалоо боюнча Кыргызстан үчүн ыңгайлаштырылган Ааламдык ме-тодологияны төмөндөгүдөй максаттарда колдонуу шарт:

• ӨКнын экономикалык көрсөткүчтөргө ыктымал таасирин - макроэкономи-калык оош-кыйышты, жумуштуулуктун убактылуу кыскарышын, жабырка-ган жарандар менен үй чарбаларынын материалдык береке деңгээлинин төмөндөшүн жана кирешелеринин азайышын баалоону камтыган социал-дык-экономикалык кесепеттерге талдоо жүргүзүү үчүн;

• «мурдагыга караганда жакшы жана бекемирээк куруу» концепциясын милдеттүү сактоо менен толук калыбына келтирүү жана реконструкция-лоону камсыздоо үчүн зарыл болгон каржы каражаттарына муктаждыкты аныктоо үчүн. «Мурдагыга караганда жакшы жана бекемирээк куруу» кон-цепциясы ӨКнын кесепетинен жабыркаган объектилер милдеттүү түрдө ыктымал кырсыктарга туруштук бере тургандыгын эске алуу менен рекон-струкциялоого жана калыбына келтирүүгө багытталат;

• КР Өкмөтүнүн чечими менен өлкөнүн жеке мүмкүнчүлүгү жетпеген эл ара-лык зарыл жардамды суроо жана алуу процессин демилгелөө, табигый кырсыктар алып келген чыгашалар менен зыянды жана муктаждыктарды баалоо боюнча дүйнөгү Ааламдык методологияны колдонуу тажрыйбасын үйрөнүү үчүн. Аталган методологияны колдонуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдар менен ишкана-ларга, жеке адамдарга ар кайсы өзүнчө алынган өзгөчө кырдаалдан ке-лип чыгуучу ыктымал (ӨКга чейин болжолдоо) жана чыныгы (ӨК пайда болгондон кийинки) чыгашаларды, зыянды, муктаждыктарды, ошондой эле өзүнчө алынган объектилер менен экономиканын тармактары менен секторлорунун кирешесине ыктымал жана чыныгы таасирине бирдиктүү жалпы ыкманы пайдаланууга мүмкүнчүлүк бермек.

Баа берүүнүн түпкү максаты ӨКнын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралардын программалары менен пландарын иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу, кырсыктардан жабыркаган өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объектилерди реконструкци-ялап, калыбына келтирүү жана келечекте күтүлүшү мүмкүн болгон кырсыктардын коркунучтарын алдын алуу, азайтуу боюнча чара көрүү болуп саналат.

8. Орчундуу чечим кабыл алып, табигый кырсыктардын айынан үйлөрү бу-зулган кишилерге менчик турак-жай куруу үчүн узак мөөнөттүү жеңилдетил-ген ссудаларды (200 миң сом (4 миң АКШ долларына жакын) өлчөмүндөгү ипотекалык насыяларды) берүү механизмин токтото туруу.

Бөлүнүп жаткан каржы каражаттары сейсмикалык туруктуу жана сапаты жаңы үй-лөрдү курууга жетишпейт, ал эми кээде мамлекет жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларды өз убагында бөлүп бере албайт. Табигый кырсыктардын айынан жа-быркагандардын саны улам көбөйүп тургандыктан жана бюджеттик каражаттар-дын жетишсиздигинен жылдан жылга жеңилдетилген ссуда менен камсыз болбо-гон үй-бүлөлөрдүн саны арбып баратат.

Чындыгында мамлекет, биринчиден, жарандар тарабынан көбүнчө курулуштун жөнөкөй ченемдери менен эрежелери сакталбай калыбына келтирилген ту-рак-жай үчүн жооп берүүгө тийиш эмес, экинчиден, ал республикалык бюджеттен

Page 242: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

241НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

«мурдагыга караганда жакшы жана бекемирээк куруу» концепциясын сактоо ме-нен (ыктымал кырсыктарга туруктуулугун камсыздоо үчүн) турак-жай тургузууга зарыл каражаттарды бөлүп берүүгө кудурети жетпейт. Көбүнчө жабыркаган элди коопсуз турак-жай менен камсыздоо маселесин тийиштүү деңгээлде чече албаган механизмдер жарандардын жеке коопсуздугун камсыз кылууга жоопкерчиликсиз мамилени «жакташат», анүстүнө мамлекеттик казына үчүн «оор жүк» болуп эсеп-телет. Ошондуктан, алар токтотулуп, башка чечимдер табылышы абзел.

Мында КЧЭни сактоо менен курулуп, кырсыктардын таасиринин натыйжасында бир аз же жарым-жартылай залал тарткан турак-жайларды оңдоо-калыбына кел-тирүү иштерине республикалык бюджеттен 50 миң сом (1 миң АКШ долларына жакын) суммасындагы ипотекалык насыяларды берүү жолу менен каражат бөлүп берүү тажрыйбасын улантуу керек.

Анан «мурдагыга караганда жакшы жана бекемирээк куруу» концепциясын сак-тоо менен (ыктымал кырсыктарга туруктуулугун камсыздоо максатында) өз күчү менен жаңы турак-жай тургузууну каалаган жабырлануучуларга бир жолку кайта-рымсыз 50 миң сом (1 миң АКШ долларына жакын) суммасындагы жардам көр-сөтүү тажрыйбасын да улантуу керек.

9.Турак-жай менен материалдык баалуулуктарды камсыздандыруу меха-низмин иштеп чыгып, аракетке киргизүү.

Бул үчүн көп жылдардан бери камсыздандыруу тутуму ийгиликтүү колдонулуп келе жаткан бөлөк мамлекеттердин тажрыйбасын өздөштүрүү абзел. Өлкөнүн жарандары, биринчиден, турак-жайларын пайдалуу камсыздандырып, эгер камсыздандырылбаса кандай кыйынчылыкка тушугарын билүүгө тийиш. Ту-рак-жайды ыктыярдуу камсыздандыруу калктын өзүнөн жана бюджеттен тыш-каркы бөлөк булактардан өзгөчө жана кризистик кырдаалдар пайда болгондо ту-рак-жай фондуна келтирилген зыяндын ордун толтурууга мүмкүнчүлүк берет.

Турак-жайларды жаамы камсыздандыруу буга катышуучу айрым турак-жай ээле-ри менен пайдалануучуларына келтирилген чыгашаны бардык камсыздандырыл-гандардын ортосунда тең бөлүүгө мүмкүнчүлүк берип, зыяндын ордун толтурууга сарпталган чыгымды бир кыйла азайтат. Мындай шартта натыйжалуу камсыздан-дыруу аркылуу сактанууну камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берүүчү камсыздандыруу камдарын түзүү жана кеңири жайылтууну камсыздоо менен камсыздандыруу ан-чалык чоң эмес мүчөлүк акыны мөөнөттөргө бөлүштүрүп төлөтүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Мисалы, аймагынын 98 %ы сейсмикалык кооптуу чөлкөмдөрдө турган Түркияда кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу өнүккөн жана жер титирөөлөрдөн жабыркаган үйлөрдү реконструкциялоо жана калыбына келтирүү иштери негизи-нен ошонун эсебинен кажыланат.

10.Табигый кырсыктардын айынан жабыркаган элге бир жолку кайтарым-сыз жардам берүү жана салыктан жеңилдетүү түрүндө жарым-жартылай мамлекеттик колдоо көрсөтүү аркылуу эң төмөнкү пайыздык коюм менен узак мөөнөттүү (20-30 жылдан ашуун) ипотекалык насыя берүү механизмде-рин иштеп чыгып, жайылтуу.

Аталган механизмди ишке киргизүү үчүн кырсыктардын коркунучун жана жакыр-чылыкты азайтууга, туруктуу өнүгүүгө багытталган программаларды каржылаган эл аралык демөөрчү уюмдардын колдоосуна таянуу абзел. Камсыздандыруучу

Page 243: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

242 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

компаниялар эскилиги жеткен жана жер титирөөлөөргө туруксуз турак-жайды камсыздандырбайт. Мындай турак-жайлардын ээлери алардын кыйрап калуусу-нан же күтүлүүчү коркунучтардан чочулашып, турак-жайларын жакшыртуу макса-тында эң төмөнкү пайыздык коюмдагы узак мөөнөттүү (20-30-жылга) ипотекалык насыя алуу (30 миң жана андан ашуун АКШ доллары) кызматынан пайдаланышат. Ошентип, алар эски турак-жайынын ордуна жаңы, коопсуз үй же батир курат же сатып алат.

11.Кыска мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын «Сейсмикалык ко-опсуздук жөнүндө» мыйзамын иштеп чыгуу, кабыл алуу жана күчүнө кир-гизүү, сейсмикалык коркунучту азайтуу боюнча Программаны да иштеп чы-гып, аны жүзөгө ашыруунун механизмдерин түзүү.

«Сейсмикалык коопсуздук жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана ка-был алуу, сейсмикалык коркунучту азайтуу боюнча Программалар менен алар-ды жүзөгө ашыруу механизмдери сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуунун уюштуруу-укуктук ченемдерин аныктоого, мамлекеттик органдардын, жергилик-түү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын (менчигинин түрүнө кара-бай) жер титирөөлөрдөн жарандарды сактоо, социалдык-экономикалык чыгаша-лар менен зыянды азайтуу максатында сейсмикалык коркунучту, сейсмикалык жактан туруктуу курулушту жана калкты эрте кабарландырууну баалоо жаатын-дагы ишмердиктерин тартипке салууга мүмкүнчүлүк берет.

Жер титирөөдөн жабыркагандарга буга чейинкидей мамлекеттин колдоо көрсөтүү ыгы жарандарды сактоого ойдогудай пайда келтирбейт. Акчаны калкты жер ти-тирөөлөргө даярдоого жана үйлөрдү күн мурун бекемдөөгө жумшса, бир кыйла натыйжалуураак болот.

12.Жарандык коргонуу, кырсыктардын коркунучтарын тескөө, күнүмдүк ишмердиктеги коопсуздук чараларын сактоо, өзгөчө жана кризистик кыр-даалдардын пайда болушуна алып келүүчү эрежелерди бузууга жол койбоо маселелери боюнча жергиликтүү коомдоштуктар менен калктын маалы-маттуулук, кабардарлык, үйрөнүү деңгээлин жогорулатуу боюнча уюшту-руу-практикалык чараларды көрүүнү күчөтүү.

Эгер жергиликтүү коомдоштуктар жана калк кырсыктарды алдын алуу, аларга кар-шы туруу ыкмалары жөнүндө жакшы кабардар болсо, кырсыктын алдын алуу да-реметин түзүүгө кызыкса, кырсыктардын көлөмүн бир кыйла азайтууга болот. Бул үчүн коркунучтар, аялуулук жана колдо бар мүмкүнчүлүктөр жөнүндө тийиштүү билимдер менен маалыматтарды таратуу зарыл. Жергиликтүү коомдоштуктар менен жарандар КРнын аймагындагы белгилүү жерлерде кабылышы ыктымал коркунучтар, коопсуздуктун зарыл чаралары тууралуу билгенде, жергиликтүү коомдоштуктардын деңгээлинде өзгөчө жана кризистик кырдаалдарга даярдык дареметин түзүү жана аялуулукту азайтуу боюнча чара көрүүгө да кызыкдар бо-лот. Ушул максатта кырсык коркунучтары менен аялуулукту азайтуу жана жер-гиликтүү коомдоштуктардын деңгээлинде Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарга даярдык дареметин түзүү боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгуу абзел.

Тескөө жагдайларын бириктирүү жана жергиликтүү эл менен коомдоштуктар-дын деңгээлинде кырсыктардын коркунучун азайтуу ишине КР ӨКМнын серепчи адистерин жана атайын тренингдерде алдын ала окутуу талап кылынуучу жер-

Page 244: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

243НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен адистерин да тартуу шарт. Кырсыктардын коркунучун азайтуу тармагында иштеген эл аралык жана бейөкмөт уюмдар техникалык жактан орчундуу жардам көрсөтө алат.

Ошондой эле жергиликтүү коомдоштуктардын деңгээлинде ыктыярдуу куткаруу-чу командаларды түзүү боюнча ишмердикти улантып, кеңири жайылтуу, алардын окуп-үйрөнүүсү жана техникалык жактан жабдылышы үчүн зарыл жардам берүү абзел. Аталган ишмердикке жалпыга маалымдоо каражаттарын да тартып, алар аркылуу кырсыктардын коркунучун азайтуу жаатындагы пайдалуу маалыматтар-ды таратуу, билимдерди жайылтып, жергиликтүү деңгээлде кырсыктарга каршы туруу боюнча жүрүп жаткан иштерди үгүттөө керек. Жер титирөөлөр менен дагы башка кырсыктардын кесепеттерин азайтуу үчүн тургундар эмне кыла ала тур-гандыгы жөнүндө (айрыкча имараттарды, үйдүн ичиндеги эмеректерди бекемдөө, суу, азык-түлүк жана дары-дармектерди камдоо, ошондой эле турак-жайды кам-сыздандыруу жаатында) маалыматты таратууга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. «Жер титирөөлөр болгондо эмне кылуу керек?» деген сүрөттүү буклеттер дүкөн-дөрдө, бекеттерде же башка коомдук жайларда бекер таратылышы керек.

Жарандык коргонуу ыкмаларын кичинекей кезден, бала бакчалардан үйрөтө баштап, ал эми машыгууларды тынымсыз өткөрүп туруу зарыл.

Кырсыктардын коркунучун азайтуудагы, өзгөчө кырдаалдардын коркунучу же өзү пайда болгон шарттардагы, жооп кылуу күчтөрү менен каражаттарын түзүүдөгү, эртелеп алдын алуу тутумун куруудагы, адамдык жана материалдык жоготуу-ларды азайтуу боюнча чара көрүүдөгү стратегиялар, программалар, пландарды иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу иштеринин баары ушул баштапкы деңгээл-ден башталууга тийиш. Аталган ишмердикти жүзөгө ашыруу үчүн бул жаатта топ-толгон эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүү абзел.

13.Эртелеп алдын алуу (кабарлоо) өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын коркунучу же өзү пайда болгондугу тууралуу шашылыш маалымат чогул-туу, берүү тутумдарын өркүндөтүү боюнча аракеттерди күчөтүү зарыл.

Учурда Кыргызстанда 2014-жылы КМКЖКТду аракетке киргизүү боюнча Програм-ма иштелип чыккан. Аталган программа төмөнкү негизги милдеттерди чечүүгө багытталган: ЖС мамлекеттик тутумунун башкаруу органдары менен калкты өз-гөчө кырдаалдар тууралуу кепилденген кабарландыруу мөөнөтүн кыскартуу; өз-гөчө кырдаалдардын коркунучу жана өзү пайда болгондо жүрүм-турум эрежелери жөнүндө элге маалымат берүүнүн ыкчамдыгын, жашоо-тиричилик коопсуздугу жаатында калктын даярдык деңгээлин, жашоо-тиричилик коопсуздугу мадания-тынын деңгээлин жогорулатуу; өзгөчө кырдаалдардын айынан жабыркагандарды тез калыбына келтирүү максатында маалымат таасирин күчөтүү; кишилер көп топтолгон жерлерде радиациялык жана химиялык жагдайды, укуктук тартиптин абалын мониторингдөөнүн натыйжалуулугун арттыруу.

Кыргызстанда 2014-жылы КМКЖКТду түзүү жана аракетке киргизүү үчүн иштелип чыккан Программа менен БМНДК – 112 - өзгөчө жана кризистик кырдаалдарга жооп кылуу менен алектенген өлкөдөгү бардык нөөмөтчү-диспетчерлик кызмат-тарды тескеп, маалыматты кабыл алуучу-берүүчү бирдиктүү «шашылыш байла-ныш» да турмушта натыйжалуу иштеши шарт. Анан өлкөнүн ар бир тургуну бул тутумдар жөнүндө кабардар болуп, зарыл учурда алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалана билиши абзел.

Page 245: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

244 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Бардык жарандар, атүгүл эң алыскы, жолу кыйын калктуу конуштар дагы өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын коркунучу же пайда болушу тууралуу шашылыш кабарды өз убагында алышы же билдириши керек. Ошондой эле эрте кабарлоо тутумунун бекемдигин камсыздоо зарыл, анткени ӨК пайда болгондо көпчүлүк баарлашуу каражаттары иштен чыгып, электр кубатын берүү менен байланыш тутумунун иши үзгүлтүккө учурайт.

14. Жарандык коргонуу мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрү менен ка-ражаттарынын өзгөчө жана кризистик кырдаал коркунучу жана өзү пайда болгондогу иш-аракеттерге, издөөчү-куткаруучу жана авариялык-калыбына келтирүүчү иштерди жүргүзүүгө даярдыгын күчөтүү.

Аталган сунуш ар бир коомдоштукта, калктуу конушта жергиликтүү тургундардан ыктыярдуу өрт өчүрүүчү жана куткаруучу командаларды түзүү боюнча уюшту-руу-практикалык чараларды көрүүгө багытталган. Куткаруучулардан ӨК болгон жерге «алтын сааттан» кечикпей – жабырлануучуларга эң таасирдүү жардам берүүгө мүмкүн болгон убакта жетүүгө умтулуу талап кылынат.

Кыргызстанда тийиштүү ченемдик-укуктук база түзүлгөн – КР «Авариялык-кутка-руучу кызматтар жана алардын макамы жөнүндө» 2000-жыл, 21-январдагы №35 мыйзамы (КР мыйзамынын 2011-жыл, 25-октябрдагы №182 редакциясы), ошон-дой эле КР Өкмөтүнүн 2002-жыл, 14-январдагы «Кыргыз Республикасындагы кут-каруучулар жана ыктыярдуу куткаруучулар жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» токтому кабыл алынган. Бирок аталган токтомдогу ыйгарым укуктарды кеңейтүү бөлүмүнө өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизип, ыктыярдуу өрт өчүрүүчү жана куткаруучу командаларды каржылоо маселесин да караштыруу зарыл.

Көп иш жасоо керек, мунун ичинен өрт өчүрүүчү-куткаруучу бөлүмчөлөрдү түзүү жана каржылоо маселеси менен жергиликтүү коомдоштуктар жана жергилик-түү өз алдынча башкаруу органдары алектенип, ал эми улуттук деңгээлде тек ар түрдүү колдоо көрсөтүлүп турушуна жетишүү абзел. Дегинкиси бул жаатта иш жүрүп жатат, Анүстүнө эл аралык уюмдардын техникалык жана методологиялык колдоосунда андан ары жайылта турган жакшы тажрыйба бар.

КР «Жарандык сактануу жөнүндө» мыйзамында КРнын калкы ыктыярдуу (коом-дук) куткаруучу түзүмдөрдүн курамына кирүүгө укуктуу жана калк менен аймак-тарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ык-маларын, сактануунун коомдук жана жекече каражаттарын колдонуу эрежелерин үйрөнүүгө, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда мамлекеттик бийлик ор-гандары менен уюмдарга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү деп жазылган.

Стратегиялык маанидеги (ГЭС ж.у.с.) жана келечеги коркунучтуу, айрыкча өз өн-дүрүшүндө катуу таасир этүүчү уулуу заттарды пайдаланган объектилер да жа-рандык сактануунун адистешкен түзүмдөрүнө ээ болуп, алардын өзгөчө жана кри-зистик кырдаалдардын коркунучу же өзү пайда болгондогу иш-аракеттерге даяр турушун камсыз кылышы керек.

15.Өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан калктын айрыкча корголбогон жана эң аялуу катмарынын: аялдардын, балдардын, улгайгандардын, май-ыптардын, оор кеселдердин жана ашкере жакырчылыкка кабылгандардын

Page 246: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

245НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

аялуулугун азайтууга багытталган атайын программаларды иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу зарыл.

Өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын бүлүндүрүүчү кесепеттеринен, экологи-ялык жана антропогендик апааттардан калктын бир дагы тобу корголгон эмес, бирок тигил же бул топтун чыныгы аялуулугу анын социалдык-экономикалык аба-лы, жарандык жана социалдык укуктарынын көлөмү, анан да кырсыктын кесе-петтерин азайтуу үчүн ресурстарга кол жеткизүү жана жардам алуу мүмкүнчүлүгү менен аныкталат.

Практика көрсөткөндөй, кырсык дал ошол аялдар, балдар, улгайгандар, майып-тар, оор кеселдер жана ашкере жакырчылыкка кабылгандарды тулкулук дагы, адеп-ахлактык-психологиялык дагы өлчөөсүз чоң соккуга кабылтып, азапка салат.

Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө жана өз-гөчө жана кризистик кырдаалдарга жооп кылууда биринчи кезекте мектеп жана мектепке чейинки мекемелердин, адистештирилген оорукана мекемелеринин (балдар ооруканалары, төрөт үйлөр, психоневрологиялык бейтапканалар, со-гуштун жана эмгектин ардагерлери үчүн ооруканалар жана башкалар), балдар үйлөрүнүн, жатак мектептердин, карылар үйлөрүнүн, майыптар үйлөрүнүн, ошон-дой эле көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер, майыптары бар үй-бүлөлөр, өтө жакыр үй-бүлөлөр жашаган үйлөр менен батирлердин коопсуздугун камсыз-доо керек.

Ар бир куткаруучу издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө биринчи кезекте калктын эң аялуу катмарына жардам көрсөтүп, анын өзгөчө муктаждыктарын эске алуу зарылдыгын билиши шарт. Куткаруучу кызматтарда адис психологдор, куткаруучу аялдар сөзсүз болушун камсыздоо абзел.

16.Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун өркүндөтүү, кырсыктар-дын коркунучтарын тескөөдөгү натыйжалуулукту жогорулатуу, калк менен аймактарды сактоо боюнча иш-чаралардын таасирин күчөтүү боюнча бар-дык уюштуруу-практикалык иш-чараларды климаттын өзгөрүшүнө ыңгай-лаштыруу жаатында Кыргызстанда иштелип чыгып, жүзөгө ашырылып жаткан стратегияларды, программаларды, долбоорлор менен пландарды эске алуу менен аткаруу шарт.

Кырсыктардын тобокелдигин натыйжалуу тескөөдө ансыз деле кооптуу табигый процесстер менен кубулуштарга кабылуу коркунучунда турган (өзгөчө жана кри-зистик кырдаалдарды алып келүүчү) Кыргызстандын калкы менен аймагына учур-да өтө терс таасири тийиши мүмкүн болгон климаттын өзгөрүшүнөн улам күчөп бараткан коркунучтарды сөзсүз эске алуу зарыл.

Page 247: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

246 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарды тескөөдөгү топтолгон тажрыйба келечекте Кыргызстан үчүн жакшы сабак болуп, калк менен аймактары өзгөчө жана кризистик кырдаалдардан сактоо, кырсыктардын коркунучун жана адамдык жана материалдык жоготууларды азайтуу маселелерин на-тыйжалуу чечүүгө, аңдап-баамдалган жаңы жолдорду издөөгө алып келүүгө тийиш.

Өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын коркунучтарын тескөөдө эл ара-лык топтолгон тажрыйбаны эске алып, улуттук жана жергиликтүү деңгэ-элде кырсыктардын коркунучтарын азайтуунунун артыкчылыктуу ролун камсыздоо боюнча жүзөгө ашыруу үчүн күчтүү институционалдык базасы бар эл аралык коомдоштуктардын сунуштарын да колдонгон оң.

Булактар:

1. Книги «Мониторинг, прогноз и подготовка к реагированию на возможные активизации опасных процессов и явлений на территории Кыргызской Ре-спублики». МЧС КР, 2007-2013 годы.

2. КР УИА СИнин «Нура жер титирөөсү» отчету. УДК 550.348 (575.2)(04) К.Е. Абдрахматов - геол.- мин. илим. докт., М. Өмүралиев - геол.-мин. илим. канд., Ч. Ормуков - геол.-мин. илим. канд..

3. «Снижение риска катастроф: задача развития». Глобальный доклад - 2004, ПРООН, Бюро по предотвращению кризисов и восстановлению, www.undp.org/bcpr/disred/rdr.htm

4. Кыргыз Республикасынын «Жарандык сактануу жөнүндө» мыйзамы, 2009-жыл, 20-июль, № 239.

5. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамы, 2011-жыл, 15-июль, N 101.

6. Кыргыз Республикасынын «Сейсмикалык коопсуздук жөнүндө» мыйзамы-нын долбоору.

7. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республи-касынын коргонуусу жана Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» мыйзамына өз-гөртүүлөр менен толуктоолор киргизүү жөнүндө» мыйзамынын долбоору.

8. Кыргыз Республикасынын «Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» конституция-лык мыйзамы, 1998-жыл, 24-октябрь, N 135.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Өзгөчө жана кризистик кырдаал-дарда Кыргыз Республикасынын калкы менен аймагынын 2020-жылга чейинки комплекстүү коопсуздук Концепциясы менен Стратегиясын бе-китүү жөнүндө» токтому, 2012-жыл, 2-июнь, №357.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Прези-

Page 248: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

247НУРА-АЛАЙ ЖЕР ТИТИРӨӨСҮ

дентинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагын таби-гый кырсыктардан алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» токтому 2004-жыл, 23-апрель, N 289.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Өзгөчө жана кризистик кырдаал-дарда Кыргыз Республикасынын калкы менен аймагынын 2020-жылга чейинки комплекстүү коопсуздук Концепциясы менен Стратегиясын бе-китүү жөнүндө» токтому, 2012-жыл, 2-июнь, №357.

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тууралуу жобо жөнүндө» токтому 2012-жыл, 20-февраль, N 115.

13. «Международные соглашения в области реагирования на чрезвычайные ситуации с участием стран Центральной Азии». Брошюра – Алматы 2008;

14. «Учебно-методическое пособие по митигации», разработанное в рамках проекта инициированного и финансируемого Европейским департамен-том Гуманитарной помощи и Миссией Международной Организации по Миграции в Туркменистане, город Ашхабад 2009 г..

15. «Алгоритм действий при ЧС мирного и военного времени». Методические рекомендации, НовГУ. – Великий Новгород.- 2010. – 76 с.;

16. Статья Директора института Сейсмологии КР УИА Канатбека Абдрахмато-ва: «В Кыргызстане крайне необходимо создать государственную програм-му по снижению сейсмического риска», http://bpc.kg/news/5480-20-02-09.

17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ош об-лусуна караштуу Алай районунун аймагында болуп өткөн жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» токтому, 2009-жыл, 10-ян-варь, №1.

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусунун Алай районуна ка-раштуу Нура айылындагы социалдык-маданий багыттагы объектилерди жана инженердик коммуникацияларды өз убагында куруу маселелери бо-юнча буйругу, 2009-жыл, 5-июнь № 277.

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюунун жүрүшү жөнүндө» токтому, 2012-жыл, 15-июнь № 421.

20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы 2017-жылга чейинки климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуунун артыкчылы-ктуу багыттарын бекитүү жөнүндө» токтому, 2013-жыл, 02-октябрь № 549.

21. КР ӨКМнын Нура-Алай жер титирөөсү жана Жарандык сактануунун башка маселелери боюнча тактама маалыматтары жана материалдары (папка-сы – КР ӨКМ тактама маалыматтары).

Page 249: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)
Page 250: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

РЕДАКТОРЛОРДУН ЖАНА АВТОРЛОРДУН КЫСКАЧА ӨМҮР БАЯНДАРЫ

Аламанов Саламат Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, М. Ломоно-сов атындагы ММУнун география бөлүмүнүн «гидрология» адистиги боюн-ча бүтүрүүчүсү. География илимдеринин кандидаты, профессор. География, геоэкология, аймактык коопсуздук, чек ара жөнгө салуу, табигый ресурстарды пайдалануу, мамлекеттер ортосундагы чек аралык мамилелер маселелери боюн-ча 90дон ашуун илимий макалалары (монографиялары менен макалалары) бар. КУУнун метеорология жана гидрология кафедрасын жетектеген. Өзгөчө тапшы-рыктарда элчи катары КР ТИМинин чегара сүйлөшүүлөрү боюнча тобун жетек-теген (1995-1997-жж.). Өкмөт Аппаратынын регионалдык маселелер бөлүмүнүн башчысы болгон (1997-2010-жж.) 1995-2010-жылдары Кытай, Казакстан, Өзбек-стан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек араларды тактоо жана белгилөө боюнча сүйлөшүүлөрдө өкмөттүк делегацияны жетектеген. Учурда КР УИАнын Геология институтунун география бөлүмүнө башчылык кылат.

Алымбаева АидаАида Алымбаева – Гете институтунун (Германия) саясат таануу боюнча доктордук программасынын аспиранты. Аида АКШда Рочестер Технологиялык Институтун (Rochester Institute of Technology) аяктап, мамлекеттик саясат адистиги боюнча магистр даражасына ээ болгон. Ал АКШ мамлекеттик департаментинин Эдмунд Маски/Эркиндикти колдоо актысы (FREEDOM Support Act Fellowship) программа-сынын бүтүрүүчүсү болуп саналат. Аида 6 жыл бою (2005-2011-жж.) Борбордук Азиядагы Америка университетинин Социалдык изилдөөлөр институтун жетекте-ди жана башка илимий борборлордо иштеди. Изилдөөчүлүк жактан чоң тажрыйба топтоп, Норвегиянын Эл аралык мамилелер институтунун, АКШдагы Дьюк уни-верситетинин Мамлекеттик саясат институтунун программаларынын стипендиа-ты болду. Аида – эки монографиянын жана бир катар илимий макалалардын ав-тору. Анын изилдөө кызыкчылыктарынын чөйрөсү: жарандык коом, саясий элита, саясий институттар, мамлекеттик кызматтардын ишмердигин көзөмөлдөө.

Бейшенов МуратКР Коргоо министрлигинин полковниги, Ростовдогу ракета окуу жайынын жана Москвадагы Аскердик-саясий академиянын бүтүрүүчүсү. Философия илимдери-нин кандидаты. Эл аралык жана аскердик коопсуздук маселелери боюнча 40тан ашуун илимий эмгеги (монографиялары жана макалалары) бар. 1974-жылдан 2008-жылга чейин аскер кызматында болду, топтун командиринен Кыргыз Респу-бликасынын коргоо министринин биринчи орунбасарына чейинки кызматтарды аркалады. Мамлекеттик жана өкмөттүк сыйлыктарды алган. Азыркы учурда Жу-

Page 251: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

250 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

суп Баласагын ат. Кыргыз Улуттук университетине караштуу Юридикалык инсти-тутта иштейт.

Бербаева Чынара Чынара Бербаева Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн. Универ-ситети аяктагандан кийин өзүнүн эмгек жолун КРнын Өзгөчө кырдаалдар мини-стрлигинин эл аралык башкармалыгында баштап, аталган тармакта 10 жыл иште-ген (2001-2011-жж.). Андан аркы эмгек ишмердигин КРнын кырсык коркунучтарын азайтуу боюнча Улуттук платформасынын катчылыгында улантып (2011-2013-жж.), аталган институттун калыптанышына түздөн-түз салым кошкон. Ошондой эле Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү Программасы менен Эл аралык кызмат-ташуу боюнча КРдагы германиялык коомго (GIZ) кырсыктардын коркунучун азай-туу боюнча серепчи-кеңеш берүүчү катары тартылган (2011-2013-жж.). Казакстан-дын Алматы шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардын коркунучтарын азайтуу борборунда КР ӨКМнын Ыйгарым укуктуу өкүлү (2013-2014жж.) болгон. Изилдөө иштеринде жана коммерциялык эмес уюмдар менен иштөө жаатында чоң тажрыйбасы бар. Ошондой эле өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда КРнын калкы менен аймагынын 2020-жылга чейинки комплекстүү коопсуздугунун Кон-цепциясы менен стратегиясынын авторлорунун бири жана Жарандык коргонуу жаатындагы көптөгөн мыйзам долбоорлорунун иштеп чыгуучуларынан болуп эсептелет.

Жураев Эмил Эмил Жураев Борбордук Азиядагы Америка университетинде саясат таануу жана эл аралык мамилелер сабактары боюнча окутуучу болуп эмгектенет. Мерилен-да университетинде (АКШ) саясат таануу боюнча доктор даражасын (PhD) алган. Анын илимий кызыкчылыктар чөйрөсүнө төмөнкү темалар кирет: конституцио-нализм жана конституциялык өнүгүү, институционалдык теория жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү демократиялашуу көйгөйлөрү жана саясат. Ал айрым мака-лаларында Ооганстандын коопсуздук жана өнүгүү маселелерин да козгогон.

Жорокулов АбдираимСаясий илимдердин кандидаты, Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн дин таануу каффедрасынын доценти, юриспруденциянын магистри. Коопсуздук жана улут аралык мамилелер жаатындагы ондон ашуун ма-калалардын жана монографиянын автору. БУУӨПтүн тынчтык жана өнүгүү тарма-гында 10 жылдан ашык иштеген. Азыркы учурда Ош шаарынын шаардык мэрия-сынын алдындагы Өнүктүрүү агенттигинин деректири.

Мирсайитов Икбалжан Саясий илимдердин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук уни-верситетинин Эл аралык билим берүү программасы институтунун эл аралык ма-милелер бөлүмүнүн доценти. 30дан ашуун макаланын жана бир монографиянын

Page 252: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

251РЕДАКТОРЛОРДУН ЖАНА АВТОРЛОРДУН КЫСКАЧА ӨМҮР БАЯНДАРЫ

автору. Азыркы учурда исламдагы ар түрдүүлүктү изилдеп жүрөт. 2004-2010-жыл-дарда КР Президентинин алдындагы Стратегиялык талдоо жана баалоо институ-тунда серепчи, бөлүм башчы болуп иштеген. Учурда «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» (Search for Common Ground) эл аралык бейөкмөт корпорациясында ага серепчи болуп иштейт.

Мурзакулова Асел Бишкек гуманитардык университетинин (БГУ) доценти, саясий илимдердин кан-дидаты, “Полис Азия” аналитикалык борбордун серепчиси. Бир нече моногра-фиянын жана эл аралык мамилелер, улут аралык чыр-чатактар, регионалдык коопсуздук, улуттук курулуш, миграция маселелери боюнча 30дан ашуун или-мий макаланын автору. 2012-жылы «КМШнын парламент аралык институттары: постсоветтик мейкиндиктеги туруктуулук жана интеграция маселелери» (Бишкек, 2012) монографиясы – интеграция маселелери боюнча мыкты изилдөө иши үчүн Евразия өнүгүү банкынын атайын сыйлыгына татыктуу болгон. 2008-жылы Гар-вард университетинин Дэвис борборуна, ал эми 2013-жылы Калифорния Беркли университетине изилдөөчү катары чакырылган. 2006-2008-жылдары КР Прези-дентинин алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунда сереп-чи болуп иштеген. БГУнун Академиялык өнүгүү борборунун деректири (2012-ж.), БУУӨПтүн улуттук серепчиси (2011 жана 2012-ж.) болуп да эмгектенген.

Осмоналиев КайратЮридикалык илимдердин доктору, профессор, КР ТИМинин Дикамбаев ат. Дипло-матиялык академиясынын проректору, Шанхайдагы Саясий илимдер жана укук университетинин штаттан тышкаркы профессору, милициянын запастагы подпол-ковниги. КР ички иштер органдарында жана баңгизатты көзөмөлдөө органдарын-да 17 жыл кызмат өтөгөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коомдук байкоочу кеңешке төрагалык кылган (2011-2013-жж.). РФ Ом-скидеги Милициянын жогорку мектебин (1994-ж.), Россиянын ИИМ Башкаруу ака-демиясынын күндүзгү аспирантурасын (Москва ш., 1997-ж.) артыкчылык менен бүтүргөн. 2004-жылы Упсала университетине (Швеция) сыйлуу изилдөөчү катары, БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгына кеп-кеңешчи ка-тары чакырылган (Вена ш., Австрия, 2005-ж.). Россияда, Германияда, Швецияда жана Кыргызстанда жарыяланган криминология, конституциялык, жазык жана эл аралык укук боюнча, ошондой эле коопсуздук чөйрөсүнө да тиешелүү 100дөн ашуун илимий эмгеги бар.

Тодор ТагаревПрофессор Тодор Тагарев Болгариянын Илимдер академиясынын Маалымат-кат-наш технологиялар институтуна караштуу «Коопсуздук үчүн маалымат технологи-ялары» департаментинин жана Коопсуздук жана коргонуу менеджменти борбору-нун жетекчиси болгон. Ал ошондой эле Женевадагы Куралдуу Күчтөргө жарандык көзөмөл борборунун (ККДК) улук илимий кызматкери болуп саналат. Коопсуздук

Page 253: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

252 АЛЬМАНАХ № 2: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ ТЕСКӨӨДӨГҮ ТАЖРЫЙБАСЫ»

жана коргонуу саясатын иштеп чыгуу, өкмөттүк түзүмдөрдө иштеп жүзөгө ашыруу жагынан бай тажрыйбасы, кибернетика жана коопсуздук чөйрөсүндө теориялык терең билими, изилдөөчүлүк тажрыйбасы бар. Коопсуздук секторун реформалоо маселелерин негизинен уюштуруу менеджменти жагынан изилдеген адис.

Профессор Тагарев 2013-жылы март айынан майга чейин Болгария Республика-сынын коргоо министри болгон, Болгариянын Коргоо министрлигинде коргонууну пландоо маселелери боюнча деректир, куралдануу башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. 2004-жылдан 2008-жылга чейин Софиядагы Гергий Раковский ат. Аскердик академияда «Коопсуздук менеджменти» кафедрасын жетектеген. «Ма-алымат жана коопсуздук» эл аралык журналынын (http://procon.bg/view-volumes), ошондой эле ККДК «Коопсуздук жана коргонуу менеджменти» боюнча чыгарып жаткан монографиялар түрмөгүнүн редколлегиясынын төрагасы болуп саналат. Профессор Тагарев Аскердик академиялар консорциумунун жана «Тынчтык үчүн кызматташуу» программасынын коопсуздук маселелерин изилдөө институттары-нын, алардын ичинен «Коргонуу менеджменти» жана «Connections» журналда-рынын редколлегияларынын мүчөсү да болуп саналат.

Укашев Жергалбек Жергалбек Укашев Москва жогорку командалык жол жана инженердик аскер-лер окуу жайын аяктаган, Жарандык коргонуу адистиги боюнча диплому бар. 40 жылдан ашкан бүткүл эмгек ишмердиги КРнын өзгөчө кырдаалдар министрлиги тутумундагы кырсыктардын коркунучтарын тескөө, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу маселелери менен байланышкан. Өзүнүн кесиптик деңгээлин СССРдин Жарандык коргонуусунун Жогорку борбордук офицердик курстарында, АКШнын, Германиянын, Швейцариянын, Швециянын, Бельгиянын, Россиянын курстарында жана тренингдеринде кошумча жогорулаткан. Казакстандын Алматы шаарында-гы Өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктардын коркунучун азайтуу борборунда КР ӨКМнын Ыйгарым укуктуу өкүлү (2013-2014-жж.) болгон. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун тутумунда (БУУ) КР Өкмөтү менен БУУнун биргелешкен «КРда-гы өзгөчө кырдаалдарга жооп кылуу боюнча координациялоону күчөтүү» долбоо-рун координатору катары эмгектенген (2008-2010-жж.). Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча көптөгөн эл аралык долбоорлордо (Бүткүл дүйнөлүк банк, ЮНИ-СЕФ, Миграция боюнча эл аралык уюм) серепчи-кеңеш берүүчү болуп иштеген. Жергалбек Укашев кырсыктардын коркунучтарын тескөө жаатында серепчи ка-тары мыкты даремети бар жана педагогикалык, чечендик жана нускоочулук жа-гынан жакшы тажрыйба менен көндүмдөргө ээ. Жарандык коргонуу жаатындагы көптөгөн мыйзамдык жана ченемдик-укуктук актыларды (КРнын «Жарандык сак-тануу жөнүндө» мыйзамы сыяктуу) иштеп чыгууга катышкан. Алган мамлекеттик сыйлыктары: «СССРдин ККсында Мекенге кызмат кылгандыгы үчүн 3-даражада-гы» орден, «Күжүрмөн эмгеги үчүн» медаль, КР Президентинин ардак грамотасы.

Үмөталиева Айнура “Channel Research” БӨУнун (Бельгия) мониторинг жана баалоо боюнча серепчиси жана кеңеш берүүчүсү болуп эсептелет. Айнура Ханс Зайдель фондунун (Герма-

Page 254: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

253РЕДАКТОРЛОРДУН ЖАНА АВТОРЛОРДУН КЫСКАЧА ӨМҮР БАЯНДАРЫ

ния) колдоосунда КР Президентине караштуу Башкаруу академиясынын маги-стратурасын бүтүргөн жана коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу тармагында магистр даражасына ээ. Ал Ош мамлекеттик университетин бүтүрүүчүсү болуп эсептелет жана ал дароо эки жогорку билим (чет тилдери жана менеджмент) ал-ган. Айнура Оштогу БУУнун Өнүктүрүү программасында (БУУӨП) 14 жыл иштеп, 3 жыл БУУӨПтүн Тынчтык жана Өнүктүрүү программасын башкарган. Анын чыр-ча-тактарды алдын алуу жаатында чоң иш тажрыйбасы бар. Өзбекстан жана Та-жикстан менен чегара жаатындагы кызматташууну бекемдөө боюнча долбоорго катышкан. Айнура 2005-жылы БУУӨПтүн Кыргызстандагы юбилейинин урматына БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлүнөн БУУӨПтө узак жылдар бою жана натыйжалуу иштегендиги үчүн мактоо баракчасын алган. Ал «Баткен району бо-юнча эртелеп алдын алууну талдоо» (2002-ж.), «Баткен облусу боюнча эртелеп алдын алууну талдоо» (2003-ж.) жана «Дара айыл өкмөтү боюнча аялуулукту тал-доо» (2001-ж.) сыяктуу эмгектердин автору да болуп саналат.

Page 255: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

Бардык укуктар корголуу. Бул басылманын каалагандай бөлүгүн көчүрмөлөп, каала-гандай онлайн-издөө тутумуна жайгаштыруу же каалагандай түрдө жана каалагандай каражаттардын, курулмалардын (электрондук, механикалык, фотокөчүрүүчү, жазып алуучу ж.б.у.с.) жардамы менен таратуу үчүн Женевадагы Куралдуу күчтөргө демо-кратиялык көзөмөл борборунун алдын ала макулдашылган уруксаты талап кылынат.

Бул басылманы мындан ары басып чыгаруучунун алдын ала макулдугусуз утурум-дук колдонууга тапшырууга же каалагандай башка ыкма менен жайылтылбай турган шартта гана таратууга уруксат кылынат. Улам кийинки басып чыгаруучулардын да жо-горудагы талаптарды сактап, түпнускадагыдай тариздеп жана мукабасын жасалгалап, ушундай талаптарды эске алуу менен бул басылманы чыгарышына уруксат берилет.

«Кыргыз Республикасынын кризистик кырдаалдарды тескөөдөгү тажрыйбасы: келе-чек үчүн сабак». Альманах №2. Аида Алымбаева менен Тодор Тагаревдин редакци-ясында (Женева - Бишкек - Рига - София: Женевадагы Куралдуу күчтөргө жарандык көзөмөл борбору жана Болгариянын Илимдер академиясынын Маалымат-катнаш тех-нологиялары институтуна караштуу Коопсуздук жана коргонуу менеджменти борбору, 2014-ж.).

«Коопсуздук жана коргонуу менеджменти» сериясы № 6.KG

Бул басылма Латвия менен Швейцариянын Коргоо министрликтеринин каржылык кол-доосу менен даярдалды.

Женевадагы Куралдуу күчтөргө жарандык көзөмөл борбору

<www.dcaf.ch>

P.O.Box 1360, CH-1211 Geneva 1, Switzerland

Мукабаны жасалгалаган: «Принтхаус» ЖЧК Формат: 6.25 x 9

ISBN 978-9967-27-485-3

Page 256: Альманах № 2: «Кыргыз Республикасынын кризистик …льманах_кыр... · Бул басылмада чыр-чатак (конфликт)

a centre for security,development andthe rule of law

DCAF

Женевадагы Куралдуу күчтөргө демократиялык көзөмөл борбору (ККДК) 2000-жылы Швейцариянын өкмөтүнүн демилгеси боюнча түзүлгөн эл аралык фонд болуп саналат. ККДК мамлекеттик башкаруунун натыйжа-луулугун арттырууга жана коопсуздук секторун реформалоого көмөктөшөт. Бул борбор укук маданияты өнүгүп, коомдо укук, мыйзам үстөмдүк кылганда гана тынчтык бекемделерин эске алып, мамлекеттин жана анын жарандарынын көзөмөлүндө туруучу, натыйжалуу жана сарам-жалдуу иштеген коопсуздук секторлорун түзүүгө колдоо көрсөтөт. ККДК бейтараптык, кас эместик, гендерлик жагдайларга этияттык жана жерги-ликтүү уюмдар менен кызматташуу деген принциптерди реформалардын мыйзамдуу (легитимдүү) жана максаттуу жүргүзүлүшүнүн негизи катары жетекчиликке алат. ККДКнын башкы кеңсеси Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан. Бул борбордун туруктуу өкүлчүлүктөрү Бейрутта, Брюсселде, Люблянда, Рамаллахта жана Тунисте ачылган. Анын штатында дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндө иштеген 100дөн ашуун кызматкер бар.

ISBN 978-9967-27-485-3

www.dcaf.ch

a centre for security,development andthe rule of law

DCAF

«Коопсуздук жана коргонуу менеджменти» сериясы № 6.KG

АЛЬМАНАХ АЛЬМАНАХ №2№2

Кыргыз Республикасынын

кризистик кырдаалдарды

тескөөдөгү тажрыйбасы:

келечек үчүн сабак

Кыргыз Республикасынын

кризистик кырдаалдарды

тескөөдөгү тажрыйбасы:

келечек үчүн сабакАида Алымбаева менен Тодор Тагаревдин редакциясында

Кы

ргы

з Р

есп

убл

ик

асы

ны

н к

ри

зист

ик

кы

рд

аал

дар

ды

тес

көө

дө

гү т

аж

ры

йб

асы