ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

83
ЫЙМАН АКЫЙКАТТАРЫНЫН МААНИЛҮҮЛҮГҮ İMAN HAKİKATLERİNİN ÖNEMİ ХАРУН ЯХЬЯ- АДНАН ОКТАР HARUN YAHYA

Transcript of ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Page 1: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

ЫЙМАН АКЫЙКАТТАРЫНЫН

МААНИЛҮҮЛҮГҮ

İMANHAKİKATLERİNİN

ÖNEMİ

ХАРУН ЯХЬЯ- АДНАН ОКТАРHARUN YAHYA

Page 2: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Bu kitapta kullanılan ayetler Ali Bulaç'ın hazırladığı"Kur'an-ı Kerim ve Türkçe Anlamı" isimli mealden alınmıştır.

1. Baskı: Ağustos 20012. Baskı: Temmuz 2006

3. Baskı: Mayıs 2009

ARAŞTIRMAYAYINCILIK

Talatpaşa Mah. Emirgazi Caddesiİbrahim Elmas İşmerkezi

A Blok Kat 4 Okmeydanı - İstanbulTel: (0 212) 222 00 88

Baskı:Seçil Ofset100 Yıl Mahallesi MAS-SİT Matbaacılar Sitesi

4. Cadde No: 77 Bağcılar-İstanbulTel: (0 212) 629 06 15

w w w . h a r u n y a h y a . o r g - w w w . h a r u n y a h y a . c o mw w w . h a r u n y a h y a . n e t

Page 3: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

МАЗМУНУ

КИРИШҮҮ

КУРАНДА ЫЙМАН АКЫЙКАТТАРЫ

ЫЙМАН АКЫЙКАТТАРЫЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

ИСЛАМ ААЛЫМДАРЫНЫН ЫЙМАН АКЫЙКАТТАРЫНЫНМААНИЛҮҮЛҮГҮ ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОРУ

БУЛ ЗАМАНДЫН АЛДАМЧЫЛЫГЫНА ЭҢ НАТЫЙЖАЛУУ ЧЕЧҮҮ ЖОЛУ:ЫЙМАН АКЫЙКАТТАРЫ

ЫЙМАН АКЫЙКАТТАРЫ МИСАЛДАРЫ

ЖЫЙЫНТЫК

КОШУМЧА БӨЛҮМ: ЭВОЛЮЦИЯ АЛДАМЧЫЛЫГЫ

Page 4: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

ОКУРМАНГА

Автордун эмгектеринде эволюция теориясынын кыйрашына атайын орун беришинин себеби – бул теориянын ар түрдүү динге каршы бир философиянын негизин түзүгөндүгүндө. Жаратылуу жана натыйжада Аллахтын бар экендигинен баш тарткан дарвинизм 140 жылдан бери көптөгөн адамдардын ыйманын жоготушуна же жүрөктөрүндө күмөн жаралышына себеп болуп келди. Ошондуктан, бул теориянын бир калп экендигин ачык далилдөө - абдан маанилүү ыймандык милдет. Бул маанилүү кызматтын бардык адамдарга жеткирилиши зарыл.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай – бул китептердин мазмуну менен байланыштуу. Автордун бардык китептеринде ыйман темалары Куран аяттары негизинде түшүндүрүлүүдө, адамдар Аллахтын аяттарын үйрөнүүгө жана жашоого чакырылууда. Аллахтын аяттары менен байланыштуу бардык темалар окурмандын акылында эч кандай күмөн же суроо белгиси жаралбай турган негизде түшүндүрүлүүдө.

Түшүндүрүүдө колдонулган чынчыл, жөнөкөй баян китептердин жаш-кары дебей бүт адамдардын оңой түшүнүшүнө шарт түзүүдө. Таасирдүү жана жөнөкөй баян колдонулган китептер - «бир токтобой окулчу» китеп өзгөчөлүгүнө ээ. Динден баш тартуу бойунча өжөрлүк көрсөткөн адамдар да бул китептерде түшүндүрүлгөн чындыктардан таасирленүүдө жана түшүндүрүлгөндөрдү калпка чыгара албай келет.

Бул китеп жана автордун башка эмгектерин окурмандар жалгыз окуса да, маектешүү чөйрөсүндө окушса да болот. Бул китептенден пайдаланууну каалагандардын чогуу маек курушу, тажрыйба жана пикирлерин ортого койушу пайдалуу болот.

Ошондой эле, жалаң гана Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жазылган бул китептердин таанылышы жана окулушуна себепчи болуу да чоң кызмат болмокчу. Себеби автордун бардык китептеринде далил жана ишендирүү тарабы абдан күчтүү. Ушул себептен динди түшүндүрүүнү каалагандар үчүн эң эффективдүү ыкма – бул китептерди окууга башка адамдарды да үндөө болмокчу.

Бул эмгектерде башка кээ бир эмгектерде байкалчу жазуучунун жекече ойлору, шектүү булактарга таянган сөздөрү, ыйык нерселерге болгон керектүү адеп жана урматка көңүл бурбаган баяндар, үмүтсүз, күмөн жаратуучу сөздөрдү жолуктурбайсыз.

Page 5: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

АВТОР ЖАНА ЭМГЕКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

Эмгектеринде Харун Яхья атын колдонгон автор (Аднан Октар) 1956-жылы Анкарада (Түркия) төрөлдү. Башталгыч, орто мектеп жана лицейди Анкарада бүтүрдү. Андан соң Стамбул Мимар Синан университетинин Көркөм өнөр факультетинде жана Стамбул университети Философия бөлүмүндө билим алды. 1980-жылдардан бери ыйман, илимий жана саясий темаларда көптөгөн эмгектер даярдады. Мындан тышкары, автордун эволюция теориясынын жактоочуларынын алдамчылык ыкмаларын, алардын жактаган нерселеринин (эволюция теориясынын) туура эместигин жана Дарвинизмдин кандуу идеологиялар менен болгон караңгы (жашыруун) байланыштарын ортого койгон абдан маанилүү эмгектери бар.

Харун Яхьянын эмгектери дээрлик 30000 сүрөттү камтыган жалпысы 45000 беттик бир эмгектер жыйнагынан турат жана бул эмгектер жыйнагы дүйнөнүн 60 тилине которулган.

Автордун эмгектеринде колдонгон аты чындыктан баш тартуучу пикирлерге каршы күрөшкөн эки пайгамбардын урматына, алардын атын эскерүү үчүн Харун (Муса пайгамбардын жардамчысы) жана Яхья (Иса пайгамбардын жардамчысы) аттарынан куралган. Автор тарабынан китептеринин сыртында колдонулган Расулуллахтын мөөрүнүн колдонулушунун символикалык мааниси – китептердин мазмуну менен байланыштуу. Бул мөөр Курани Керимдин Аллахтын акыркы китеби жана акыркы сөзү, Пайгамбарыбыз (С.А.В.)дын да хатем-ул анбия экендигин көрсөтөт. Автор жарыкка чыккан бардык эмгектеринде Куранды жана Расулуллахтын (С.А.В.) сүннөтүн өзүнө жол көрсөткүч кылууда. Ушундай жол менен баш тартуучу философия системаларынын бардык негизги жактаган нерселерин бир бирден жыгууну жана динге каршы багытталган каршы пикирлерди толугу менен оозун жабуучу «акыркы сөздү» айтууна максат кылууда. Абдан терең акыл (хикмат) ээси жана идеалдуу инсан Расулуллахтын (С.А.В.) мөөрү бул акыркы сөздү айтуу ниетинин бир дубасы катары колдонулуп келүүдө.

Автордун бардык эмгектериндеги орток, негизги максат – Куранга чакырууну бүт дүйнөгө жеткирүү, мындай жол менен адамдардын Аллахтын бар экендиги, жалгыздыгы жана акырет сыяктуу негизги ыйман темалары жөнүндө ой жүгүртүүлөрүнө түрткү болуу жана чындыктан (Аллахтан) баш тартуучу системалардын чирик фундаменттерин жана туура эмес иш-аракеттерин ачыкка чыгарып, адамзатка көрсөтүү.

Харун Яхьянын эмгектери Индиядан Америкага, Англиядан Индонезияга, Польшадан Босния-Герцоговинага, Испаниядан Бразилияга чейин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жактырылуу менен окулууда. Англис, француз, немец, италия, испан, португалия, урду, арап, албания, орус, босния, уйгур, индонезия тилдери сыяктуу көптөгөн тилге которулган бул эмгектер Түркия сыртында да көптөгөн китеп окуучулар тарабынан окулуп келүүдө.

Дүйнөнүн бардык тараптарында окурмандардын көңүлүнөн орун алган бул эмгектер көптөгөн адамдардын ыйманга келишине, башкаларынын ыйманынын тереңдешине себепчи болууда. Китептерди окуп, анализдеген ар бир адам бул эмгектердин терең акыл, кыска-нуска, оңой түшүнүлө турган жана

Page 6: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

чын жүрөктөн чыккан сөздөр экендигин, акыл жана илимге таянгандыгын байкашууда. Бул эмгектер – ылдам таасир берүү, так натыйжа жаратуу, талашсыз жана толук илимий болуу өзгөчөлүктөрүнө ээ. Бул эмгектерди окуган жана булар жөнүндө терең ойлонгон адамдар материалисттик философия, атеизм жана ар кандай адашкан ой-пикир жана философиялардын чындыктан алыс экенин байкай алышат. Муну түшүнгөндөн кийин материализмди жактагандар ызалык, өжөрлүктөрү айынан гана жакташат, себеби илимий тараптан материализм жокко чыгарылды. Заманыбызда бардык чындыктан баш тартуучу агымдар Харун Яхья эмгектеринен илимий, идеялык жактан толук жеңилген абалда.

Шек жок, мындай өзгөчөлүктөр – Курандын терең мазмундуулугу жана өзгөчө баяндоосунун натыйжасы. Автор бул эмгектери менен мактанууну максат кылбайт, жалаң гана Аллахтын адамдарды туура жолго салуусуна себепчи болуу ниетинде. Мындан тышкары, бул эмгектердин жарыкка чыгып, таралышында акча табуу максат кылынбайт.

Бул чындыктарды эске алсак, адамдардын байкабаган чындыктарды байкашын камсыз кылган, алардын туура жолду табышына жардамчы болгон бул эмгектерди окууга үндөөнүн абдан маанилүү бир кызмат экендиги жакшы түшүнүктүү болот.

Бул баалуу эмгектерди таанытуу ордуна, адамдардын башын айланткан, пикирлерде кайчылаштыктар, күмөндөр жараткан, ыйманды куткарууда күчтүү жана так бир таасири болбогон демейки, монотондуу китептерди жайылтуу эмгек жана убакыт жоготуусуна алып келет. Негизги максат ыйманды куткаруу эмес, автордун адабий күчүн көрсөтүү болгон эмгектердин күчтүү таасирдүүлүккө жетиши кыйын. Бул бойунча шектенүү жаралгандар бар болсо, Харун Яхьянын эмгектеринин максатынын динсиздик менен күрөшүү жана Куран ахлагын жайуу гана экендигин бул кызматтын таасири, ийгиликтери жана окурмандардын ыраазы болгонунан байкашса болот.

Дүйнөдөгү зулум жана баш аламандыктар, Мусулмандар көрүп жаткан азаптардын негизги себебинин динсиздик пикирлеринин дүйнөдөгү өкүмчүлүгүнүн натыйжасы экендигин билүү зарыл. Бул абалдан кутулуу үчүн динсиздикти илим менен жеңүү, ыйман акыйкаттарын, чындыктарын ортого койуу жана Куран ахлагын адамдар түшүнө ала турган деңгээлде түшүндүрүү зарыл. Зулумдук, согуштар күчөгөн азыркы күндө бул кызматтын колдон келишинче ылдам болушу айдан ачык. Болбосо кеч болуп калышы мүмкүн.

Бул маанилүү кызматта алдыңкы ролду аркалаган Харун Яхья эмгектери, Аллахтын буйругу менен, XXI кылымда дүйнө инсандарын Куранда сүрөттөлгөн бейпилдик жана тынчтыкка, чынчылдык жана адилеттүүлүккө, сулуулук жана бактылуулукка жеткирүүгө бир себепчи болмокчу.

Page 7: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

КИРИШҮҮ

Бир жерде көпкө эс алып кайтып келгенде, үйүнүн өтө тартиптүү жана кооз болуп жаңы эмеректер менен төшөлүп калганын, ага керектүү бүт нерселер эске алынып, анын баарынын жасалып калганын көргөн бир адам бул көрүнүшкө өтө таң калып, таасирленет. Анан мага бул сюрпризди даярдаган киши ким болду экен деп кызыгып баштайт. Албетте, мындай керемет сюрпризге кайдыгер мамиле кылышы мүмкүн эмес. Мисалы, «кандай болсо да болуптур да иши кылып, бул мени кызыктырбайт» дей албайт. «Бүт нерсе өзүнөн-өзү же кокустан пайда болгон, буюмдар өздөрү эле үйгө келип, өз ордуна жайгашып калган» деп эч качан ойлобойт. Себеби булардын баары белгилүү бир акыл, аң-сезим жана күч талап кылат. Ошондуктан, бүт баарын ойлонгон жана пландап жасалгалаган бирөөнүн бар экени апачык көрүнүп турат.

Бул мисалдагы жагдай бүт аалам, дүйнөбүз жана жандуу-жансыз бүт нерселерге да тиешелүү. Ааламда адам денесинен асманга, жаныбарлардан океандардын түбүнө чейин бүт нерселерде жана кубулуштарда өтө комплекстүү системалар жана сансыз, өтө так тең салмактуулуктар бар. Ойлонгон жана акылын колдоно алган ар бир адам бул комплекстүү системалар менен өтө так тең салмактуулуктарды жогору курудеттүү жана акылдуу Улуу Аллахтын жаратканын түшүнөт.

Мындай түшүнүккө жеткен адам айланасындагы бүт нерселерде ага Аллахты тааныта турган сансыз далилдерди көрөт. Мисалы, ылай топурактан чыккан түркүн түстүү, сонун жыттуу гүлдөр, даамдуу жашылча-жемиштер жана мөмөлөр, буларды сездирген сезүү органдары, ичинде көптөгөн комплекстүү система кемчиликсиз жана гармониялуу иштеген адам денеси, дүйнөбүздү жарык кылган, жылыткан жана бул үчүн бизге эң ылайыктуу аралыкта жана чоңдукта жаратылган күн, бопбоз топуракты жандандырган жамгыр жана ааламдын бүт тарабын курчаган ушулар сыяктуу дагы сансыз далилдер...

Булардын баары бир «ыйман акыйкаты». Б.а. адамды ыйманга алып баруучу жана ыйманынын бекемделишине себепчи болуучу чындыктар, жаратуу кереметтери. Бул далилдер жөнүндө терең ой жүгүрткөн ар бир абийирлүү (жүрөгү таза) адам Аллахтын бар экенин жана улуулугун апачык көрүп, ыйман кылат (ишенет). Ыйман кылгандар болсо ыйман акыйкаттары аркылуу Аллахты жакшыраак таанып, Ага болгон ыйманы, сүйүүсү жана коркуусу андан да өсөт.

Бирок адамдардын көпчүлүгү жаш кезинен баштап тынымсыз материалисттик пикирлер менен сугарылгандыктан, айланаларындагы мындай ыйман акыйкаттарын байкай алышпайт. Бүт нерсени кокустуктардан, туш келди же табигый окуялардан көз-карандыдай көрсөткөн материалисттик пикирлер адамдардын бүт ааламды курчаган апачык жаратуу кереметтерин көрүшүнө жолтоо болот. Көздөрүнүн алдына көрүнбөс бир парда тарткандай болот. Көп адамдар ыйман акыйкаттарына «Аллах кандай сонун жараткан» деп карабай, «кандай сонун» деп карайт, б.а. капылеттик көзү менен баа берет. Бул китептин максаты – кээ бир адамдардын көз алдындагы капылеттик пардасынын ачылышына көмөкчү болуу. Ушул себептен бүт ааламды курчаган ыйман акыйкаттарынын жакшылап изилденип адамдарга жеткирилишинин маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылынат. Китепте, ошондой эле, кээ бир Ислам аалымдарынын ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү жөнүндөгү пикирлерине жана кээ бир ыйман акыйкаты мисалдарына орун берилет. Мындан тышкары, акыр заманда адамдарды атеизмге жана

Page 8: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

динсиздикке түрткөн жана эң чоң алдамчылык болгон эволюция теориясынын жалган көз-караштарына каршы ыйман акыйкаттарынын кандайча эң натыйжалуу курал экени да каралат.

Page 9: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

АКЫЛДУУ ДОЛБООР (ПЛАН), Б.А. ЖАРАТЫЛУУ

Бул китепте маал-маалы менен колдонулган «план (долбоор)» сөзүн туура түшүнүү керек. Аллахтын кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратканы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Жерлердин жана асмандардын Рабби Аллахтын жаратуу үчүн кандайдыр бир «план (долбоор)» түзүүгө муктаж эмес экенин билүү керек. Аллахтын пландап-долбоорлошу менен жаратуусу бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден аруу-таза, жогору. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун каалаганда, анын ишке ашышы үчүн «Бол!» деп айтып коюшу гана жетиштүү болот. Куран аяттарында мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)

Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

Page 10: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

1- БӨЛҮМКУРАНДА ЫЙМАН АКЫЙКАТТАРЫ

Ислам аалымдары «ыйман акыйкаттары» же «хакаик-и иманийе» деп атаган нерсе адамдарды ыйманга багыттаган, Аллахтын бар экенине жана жалгыздыгына далил болгон, Анын улуу кудуретин, илимин жана чеберчилигин көз алдыга тартуулаган ар түрдүү жаратылуу чындыгын, маалымат жана далилдерди камтыйт. «Ыйман акыйкаты» түшүнүгүнө «ыйманга жеткирген, ыйманга себепчи болгон жана ошондой эле ыймандын бекемделишине, өсүшүнө жана күчтөнүшүнө шарт түзгөн чындыктар» деп аныктама берүүгө да болот.

Адамдар Аллахтын Затын көрө алышпайт. Бирок Анын бар экенин, кудуретин жана кээ бир сыпаттарын Анын жараткан нерселерине карап түшүнүшөт. Ар бир сүрөт өз сүрөтчүсүн тааныткандай, жандуу жана жансыз нерселер да аларды жараткан Аллахты бизге таанытышат. Адам булар жөнүндө ойлонуп, жаратуу далилдерине күбө болушу керек. Аллах Куранда төө, чиркей, аары, жөргөмүш сыяктуу ар кандай жандыктарды, өсүмдүктөрдү, дарактарды, тоолорду, жерлерди, асмандарды бир ыйман акыйкаты, б.а. жаратуу керемети катары мисал берген. Ушул сыяктуу ыйман акыйкаттарына көңүл бурган аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

Карашпайбы ал төөнү; кантип жаратылганын? Асманды, кантип көтөрүлгөнүн? Тоолорду; кантип отургузулуп-курулганын? Жерди; кантип жайылып-төшөлгөнүн? (Гашия Сүрөсү, 17-20)

Албетте, Аллах бир чиркейди да, андан өйдөнү да мисал келтирүүдөн тартынбайт. Ушундайча ыйман келтиргендер, албетте, мунун Раббилеринен келген бир чындык экенин билишет; каапырлар болсо «Аллах бул мисал менен эмне максат кылыптыр?» дешет. Муну менен бир тобун адаштырат, бир тобун болсо туура жолго (хидаятка) жеткирет. Бирок Ал бузукулардан башкасын адаштырбайт. (Бакара Сүрөсү, 26)

Раббиң бал аарысына вахий кылды: тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Эч күмөнсүз, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 68-69)

Күндү бир жарык кылуучу, айды бир нур кылган жана жылдардын санын жана эсепти билишиңер үчүн ага орундарды аныктап койгон – Ал (Аллах). Аллах буларды акыйкат менен гана жаратты. Ал билүүчү бир коом үчүн аяттарды ушундай бир-бирден баяндап берүүдө. Чындыгында түн менен күндүздүн кезек менен келишинде жана Аллах асмандарда жана жерде жараткан нерселерде коркуп-тартынган бир коом үчүн албетте аяттар бар. (Йунус Сүрөсү, 5-6)

Page 11: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Аяттарда басым жасалган бул ыйман акыйкаттары таза жүрөк (абийир) менен ойлонгон ар бир адам үчүн аны Аллахтын бар экенин түшүнүүгө жана Ага жакындоого алып баруучу өтө маанилүү себепчилер болот.

Албетте, ыйман акыйкаттары бул аяттардагы мисалдар менен эле чектелбейт. Айланабызда көргөн –же көрө албаган- көптөгөн нерселер жүрөгү менен жана акылы менен караган ар бир адам үчүн бир ыйман акыйкаты болот. Мисалы, бакчада бараткан кумурска, столдо турган гүл, көчөдөгү же үйүбүздөгү мышык, ит же чымчык, денебиз, асмандардагы жана жердеги тартип, жамгырдын жаашы, айланабызды ороп бизди космостон келген зыяндуу нурлардан жана заттардан коргогон атмосфера жана ушул сыяктуу дагы канчалаган нерселер Аллахты таанууну каалаган ар бир адам үчүн бир ыйман акыйкаты боло алат. Чоң бир жылдыздын өмүрү ыйман далили болгон сыяктуу, денебиздин кандайдыр бир органы да ыйманга багыттоочу бир акыйкат боло алат.

Өмүр бою айланасында көргөн же уккан нерселеринин баарында Аллахтын аяттарын байкап алар жөнүндө ойлонуу ыймандуу адам үчүн чоң бир жоопкерчилик. Абийирлүү (жүрөгү таза) ар бир адам муну билип жашайт. Жана Аллах жараткан миллиондогон жандыктардын, кемчиликсиз жайып төшөп койгон жер жүзү менен учу-кыйырсыз асмандардын арасында жашап жатып, булар жөнүндө ойлонбой, капылеттик ичинде өмүрүн сүрүүнү улантса, мунун сурагын бере албашын билет.

Ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгүнөКуранда көңүл бурулатКуранда адамды Аллахтын жаратканы, жаратуу максатынын Ага ибадат жана кулчулук кылуу

экени, өлүмдөн соң аны түбөлүккө созула турган бир акырет жашоосунун күтүп турганы апачык кабар берилет. Ошондой эле, адам бул чындыктарга күбөлүккө өтүүчү «далилдер» жөнүндө да терең ойлонууга чакырылат. Куранда Аллахтын бар экендигинин, жалгыздыгынын жана сыпаттарынын анык далилдери болгон окуялар менен нерселер болсо «аят» деп айтылат. Аллахтын аяттары Курандагы жазылуу аяттардан тышкары, тышкы дүйнөдө жана адамдын өз напсисинде да бар. Куранда бул чындыкка «Жер жүзүндө так бир илим менен ишене тургандар үчүн аяттар (далилдер) бар. Жана өз напсилериңерде да. Дагы эле көрбөй жатасыңарбы?» (Зарият Сүрөсү, 20-21) деп басым жасалат. Бул чындык башка аяттарда болсо төмөнкүчө айтылат:

Биз аларга анын акыйкат экени анык болгонго чейин, Өзүбүздүн (кудурет) белгилерибизди мейкиндиктерде жана алардын өздөрүндө көргөзүп койобуз. Раббиңдин ар нерседен Кабардар, Күбө экени (аларга) жетиштүү эмеспи? (Фуссилет Сүрөсү, 53)

Эч күмөнсүз, ыймандуулар үчүн асмандарда жана жерде аяттар бар. (Жасия Сүрөсү, 3)

Асмандардын жана жердин жаратылышы менен аларда ар бир жандыктан чыгарып-жайышы Анын аяттарынан... (Шура Сүрөсү, 29)

Көрүнүп тургандай, Аллахтын бар экенин жана чексиз кудуретин көз алдыга тартуулаган далилдер бир эле Куранда эмес, айлана-чөйрөбүздүн бүт тарабында бар. Айнекке конгон бир чымчык

Page 12: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

же бакчадагы бир гүл же асмандагы бир жылдыз болсун, өмүр бою көргөн нерселерибиздин баары Раббибиз тарабынан «окушубуз» үчүн бизге жөнөтүлгөн бир кабар өзгөчөлүгүнө ээ. Бул жагынан караганыбызда бир гүл дагы – бир кат. Аны окуй алганга Жаратуучубуздун билдирме катын алып келген.

Кээ бир ыйман акыйкаттары болсо адамдарга Курандын акыйкат Китеп экенин далилдейт. Себеби; ааламдын жоктон пайда болушу жана кеңейиши, асмандар менен жердин бир-биринен бөлүнүшү, асман телолорунун орбиталары, дүйнөнүн тоголоктугу, асмандын корголгон бир чатыр кызматын аткарышы, атмосферанын кабаттары, жамгырдын пайда болушу, «төлдөтүүчү» (ичине киргизүүчү) шамалдар, деңиздердин бир-бирине аралашпашы сыяктуу Куранда керемет катары 1400 жыл мурда сүрөттөлгөн көптөгөн ыйман акыйкаты акыркы кылымдын илими менен гана бир-бирден ачылып, аныктала алды. Ушул сыяктуу темаларда Куран вахий кылынган доордо эч бир адам билбеген маалыматтардын Куран аяттарында кабар берилиши – Курандын Аллахтын сөзү экенин адамзатка дагы бир жолу апачык көрсөткөн маанилүү бир чындык.

Ыйман акыйкаттарын терең көрүп-түшүнүү үчүной жүгүртүү жана маалымат алуу...Жүрөгү таза (абийирлүү) адам айланасындагы бүт нерселердин бир ыйман далили экенин билет.

Деңиздеги олжосун кармоо үчүн сууну көздөй ылдыйлаган бир чайканын, жер бетинде бараткан кичинекей бир кумурсканын, жыл сайын канчалаган кило мөмө берген бир алма дарагынын, тонналаган салмагына карабастан асманда турган булуттардын, кыскасы, айланасында көргөн нерселеринин баарынын Аллахтын бар экендигинин далилдери экенин билет.

Бирок Куран аяттарында ыйман акыйкаттарын терең көрүп-түшүнүү үчүн дагы эки маанилүү өзгөчөлүк айтылат: ой жүгүртүү жана илимдүү болуу...

• Аллах Куранда адамдарды дайыма асмандардагы, жердеги жана экөөсүнүн арасындагы жаратуу далилдерин, б.а. ыйман акыйкаттарын ойлонууга чакырат:

Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды соктурушунда, асман менен жер арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. (Бакара Сүрөсү, 164)

Аллах Курандагы көптөгөн аятында жараткан нерселери жөнүндө ойлонуп, алардан сабак, насаат алышыбызды талап кылат. Айланабыздагы жандуу-жансыз бүт нерселер биздин Аллахтын улуу жаратуу күчүн, чеберчилигин, илимин терең терең ойлонушубуз үчүн жаратылган. Аятта да айтылгандай, булардын эч бири жөн эле, максатсыз жаратылган эмес. Буларга эч маани бербөө жана алар жөнүндө ойлонбоо Аллахтын аяттарынан жүз буруу деген мааниге келет; ыймандуу адам мындай

Page 13: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

мамиледен өтө качынышы керек. Курандын көп жеринде Аллахтын аяттарынан жана жаратуу далилдеринен жүз бургандардын акыйкатты тануучулар экенине басым жасалат.

Адамдын түшүнүгүнүн тереңдешинде, ыйманынын бекемделишинде ыйман акыйкаттары жөнүндө дайыма ойлонуунун мааниси көп аяттарда айтылат. Бир аятта, мисалы, ыймандуулардын асмандардын жана жердин жаратылуусу жөнүндө терең терең ойлоноору айтылат:

Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн алмашышында таза акыл ээлери үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң, бизди оттун азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 190-191)

Аллах ыйман акыйкаттарынын ойлонгон адамдар үчүн бир мааниси бар экенин билдирген. Бирок бул жерде «ойлонуу» дегенде кээ бир адамдар ойлогондой «Аллах кандай сонун жаратыптыр» же «кандай сонун бир жаныбар» деген сыяктуу ооз менен айтылган жаттамай сөздөр айтылып жаткан жок. Бул жерде Аллахтын жараткан нерселери жөнүндө узун узун, терең жана ар тараптан ойлонуу, жаратуудагы даанышмандык менен детальдарын байкоо жана натыйжада Аллахтын чексиз илимине, кудуретине жана чеберчилигине күбө болуу талап кылынууда.

Мында колдоно турган ыкмалардын бири болсо – бул айланабыздагы нерселер, кубулуштар жөнүндө анализ жана салыштыруу ыкмасын колдонуу. Аллах бир аятында мындай ойлонуу жолунун бир мисалын бизге төмөнкүчө үйрөтөт:

Эми силер ичип жаткан сууңарды көрдүңөрбү? Аны силер булуттан түшүрүп жатасыңарбы, же Биз түшүрүп жатабызбы? Эгер каалаганыбызда аны туздуу кылып коймокпуз; шүгүр кылышыңар керек эмеспи? (Вакыа Сүрөсү, 68-70)

Суу – дүйнөнүн төрт тарабын курчаган, дээрлик дайыма оңой гана табыла алган бир немат-жакшылык. Адамдардын көпчүлүгү өмүр бою күн сайын ичкен суусу жөнүндө балким бир жолу да ойлонгон эмес болушу керек. Суунун бар болушун жана биздин муктаждыгыбызга ылайыктуулугун кадыресе, катардагы, эч ойлонуу талап кылбаган бир кубулуштай көрөт. Бирок жогорудагы аяттарда айтылгандай, эгер Аллах каалаганда, суунун физикалык жана химиялык касиеттери башкача болмок же дүйнөнүн атмосфера түзүлүшү же температурасы башкача болмок. Анда «булут» деген нерсе болмок эмес жана булут болбогондуктан жер бетинде тузсуз суу булактары болмок эмес. Бизге океан, деңиздердин тузсуз суусу гана калмак; андай дүйнөдө адамзат же эч жашай алмак эмес же өтө оор шарттарда, тынымсыз бир суу каатчылыгы ичинде жашамак. Тузсуз суу болбогону үчүн эгин айдалып, дарактар да өстүрүлө алмак эмес жана бүт дүйнө чөлгө айланып, натыйжада тамак-аш каатчылыгы келип чыкмак. Бирок Аллах бизге тузсуз суу булактарын берип, буларды дүйнөнүн дээрлик бүт аймагына жеткирген. Бул үчүн, албетте, Аллахка шүгүр кылышыбыз керек.

Бирок, көрүнүп тургандай, чын жүрөктөн шүгүр кылуу үчүн эң биринчиден суунун чоң бир немат-жакшылык экенин байкоо керек; бул болсо «ойлонуудан» көз-каранды. Албетте, бул мисал

Page 14: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

айланабыздагы бүт табигый ресурстарга, жандыктарга жана кубулуштарга да тиешелүү. Баары бизге Аллахтан бир немат-жакшылык, бирок муну байкоо үчүн алгач ойлонуу, «эгер мындай болбосо, эмне болмок» деп карап салыштыруу, Аллахтын бүт нерседе канчалык так өлчөмдөр жаратканын түшүнүү зарыл. Башка бир аятта табигый кубулуштар жөнүндө ойлонуунун, алар жөнүндө «акыл жүгүртүүнүн» мааниси дагы бир жолу төмөнкүчө айтылат:

Түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, Аллахтын асмандан ырыскы түшүрүп өлүмүнөн соң жер бетин тирилтишинде жана шамалдарды (белгилүү бир тартип менен) башкаруусунда акылын колдонгон бир коом үчүн аяттар (далилдер) бар. (Жасия Сүрөсү, 5)

Аятта айтылган «акылын колдонгон» кишилер – бул ыймандуулар. Себеби акыл – ыйман менен гана келчү бир артыкчылык; ыймансыздар болсо акылы жок болгондуктан, Аллахтын аяттарын байкашпайт, айланаларындагы сансыз далилди көрүшпөйт. Асмандардагы жана жердеги сансыз аятты көрмөксөн, билмексен болуу Куранда бир мушрик (Аллахка шерик кошкон киши) мүнөзү катары сүрөттөлөт:

Асмандарда жана жерде канчалаган аяттар бар; жанынан өтүп, андан тескери бурулуп кетишет. Алардын көпчүлүгү Аллахка ыйман кылышпайт, шерик кошуп гана турушат. (Йусуф Сүрөсү, 105-106)

• Ыйман акыйкаттарын терең түшүнүү үчүн талап кылынган экинчи өзгөчөлүк болсо – бул илимдүү, маалыматтуу болуу. Бирок бул жерде маанилүү бир жагдай бар. Бир теманы ыйман акыйкаты катары көрүү үчүн сөзсүз ал теманын эң таң калыштуу тараптарын билип, анын детальдары жөнүндө толук маалыматтуу болуу керек эмес. Акылдуу ар бир адам айланасын караганда бир кереметтүүлүк бар экенин жана бүт нерсенин бир жаратуучусу бар экенин заматта түшүнөт. Бир курт-кумурсканы, мисалы, бир ийнеликти көргөндө аны бирөө жаратканын түшүнөт. Анын бир ыйман акыйкаты экенин түшүнүү үчүн ал жандыктын бар болушу эле жетиштүү. Бул жандык жөнүндө терең маалымат алып, ал жөнүндө ойлонуу болсо ыйманды күчөтө турган бир себепчи болот.

Жогорудагы суу мисалын эстейли. Суунун жашообуздагы маанисин билебиз. Бирок суу жөнүндө негизги физикалык, химиялык жана географиялык маалыматтарды алганыбызда суунун жашообуздагы маанисин жакшыраак түшүнөбүз. Суунун касиеттерин тереңирээк караганыбызда болсо суунун тоңушунан кеңейишине, агуучулук коэффициентинен химиялык касиеттерине чейин адам жашоосуна эң ыңгайлуу кылып жаратылганын тагыраак көрөбүз (бул темада тереңирээк маалымат алуу үчүн караңыз: Harun Yahya, Evrenin Yaratılışı (Ааламдын жаратылуусу), 1999). Бул болсо терең ой жүгүртүшүбүзгө жана көбүрөөк шүгүр кылышыбызга себепчи болот.

Албетте, маалыматы өтө аз бир жаш бала да, канчалаган жыл бою билим алган өтө билимдүү бир профессор да таза жүрөгү менен караганда Аллахтын аяттарын оңой гана көрүп тааныйт. Бирок адам айланасында көрбөгөн нерселер жөнүндө ойлонушу үчүн, албетте, көп маалымат талап кылынат. Же айланасында көргөн бир нерсеси болсо да, аны тереңирээк ойлонуу үчүн анын майда-бараттарын билиши керек. Антпесе, белгилүү бир деңгээлде гана ой жүгүртө алат, ал тургай, кээде өтө үстүртөн

Page 15: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

болуп калат. Мисалы, космостогу системалар жөнүндө эч маалыматсыз, асманды карап ой жүгүрткөн бир адам менен астрономия илими күчтүү бир адамдын ой жүгүртүшү албетте бир-биринен айырмалуу болот. Же адам денеси, физиологиясы жана анатомиясы жөнүндө терең маалыматы бар бир кишинин адам денесиндеги кереметтерди байкашы бул темаларда маалыматы жок адамга караганда алда канча терең жана күчтүү болот. Аллах илимдүүлөрдүн акыл жүгүртүү жана түшүнүү жагынан билбегендерден жогору тураарына аяттарында көңүл бурат:

Мына ушул мисалдар; Биз буларды адамдарга берүүдөбүз. Бирок аалымдардан (илимдүүлөрдөн) башкасы буларга акыл жүгүртпөйт. (Анкебут Сүрөсү, 43)

Асмандардын жана жердин жаратылуусу менен тилдериңердин жана түстөрүңөрдүн ар түрдүү болушу Анын аяттарынан. Күмөнсүз, мында аалымдар (илимдүүлөр) үчүн чындыгында аяттар бар. (Рум Сүрөсү, 22)

Же ал түнкү сааттарда туруп сажда кылып жана кыямга туруп чын көңүлдөн моюн сунган (ибадат кылган), акыреттен корккон жана Раббисинин мээримин үмүт кылганбы (сыяктуубу)? Айткын: «Билгендер менен билбегендер бир болобу? Күмөнсүз, таза акыл ээлери сабак алып-ойлонушат.» (Зүмер Сүрөсү, 9)

Бирок бир нерсени кайра эске салуу керек; илимдин, маалыматтын бир эле өзү аны жоромолдой турган акыл, таза жүрөк жана баам-парасат болбогон соң адамды чындыкка жеткирбейт. Таза жүрөктүү жана чын ниеттүү бир адамдын илими гана анын Аллахты жакшыраак таанышы жана Ага жакындашышы үчүн маанилүү болот. Мына ушул себептен бүгүнкү күндө илим менен технологиянын өнүгүшү Аллахтын жаратуусундагы илимди, даанышмандыкты, чеберчиликти жана кылдаттыкты жакшыраак көрүп таанууга чоң салым кошууда.

Бүгүнкү күндө медицина, биология, астрономия сыяктуу илим тармактары урматында Аллахтын жаратуусундагы кереметтер менен кооздуктар жакшыраак жана тереңирээк көрүнүүдө. Бул маалыматтарды үйрөнүп, Аллах жараткан даанышмандыктар менен сулуулуктарды анализ кылган адамдардын Аллахтын чексиз кудуретине болгон таң калуусу эсе эсе өсүүдө.

Page 16: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

2- БӨЛҮМЫЙМАН АКЫЙКАТТАРЫ ЭМНЕ ҮЧҮН

МААНИЛҮҮ?

Ыйман акыйкаттары ыймандын келишине себеп болотЫйман акыйкаттары – адамдардын ыйман кылышына себепчи болгон эң маанилүү себептердин

бири. Ыйман кылбаган киши терең бир капылеттик ичинде болот. Айланасындагы жаратуу далилдерин көрө албайт. Коомунун динден алыс болушу себебинен ою күнүмдүк жашоо менен алагды болуп, аң-сезими айланасындагы сансыз жаратуу далилдерин байкай албай турганчалык даражада алсыздаган болот. Мындай адамга, эгер ниети түз жана жүрөгү таза болсо, ыйман акыйкаттары айтып берилгенде, Аллахтын бар экенине жана жалгыздыгына, жандуу-жансыз бүт нерсени Аллахтын жаратканына ыйман кылышы, Аллахтын чексиз илими менен кудуретин көрүшү ыктымал. Ыйман акыйкаттары ниети түз, бирок атеист пропагандалар себебинен чындыктардан кабарсыз калган адамдардын Аллахтын каалоосу менен ыйманга жетишине өтө маанилүү бир себепчи болот.

Дүйнө бир сыноо мекени болгондуктан, бүт адамдарды ыйман кылууга мажбурлай турган, кишинин жүрөгү менен ыйманды тандашына мүмкүнчүлүк калтырбай турган даражадагы бир кереметти күтүү жаңылыштык болот. Мисалы, жерге ташталган урук бир канча секунда ичинде чоң бир даракка айланып калса, сөзсүз өтө таң калтырмак жана бул окуяга күбө болгондор муну улуу бир керемет дешмек. Бирок миллиарддаган дарактар жай чоңойгону үчүн бул жагдай бир караганда адамдарга кереметтей сезилбейт.

Башка бир мисал жөнүндө ойлонолу. Орточо 60-70 жыл ичинде улгайган бир адам денесинин бир заматта көз алдыңызда улгайып калганын элестетиңиз. Жаңы төрөлгөн бир наристе бир канча мүнөт ичинде тездик менен чоңоюп, жетилип, анан улгайып калса, албетте, бул таң калыштуу бир окуя болмок жана буга күбө болгон адамдарды ойлонууга түртмөк. Бирок бул жерде төмөнкүгө көңүл буралы; ушул эле окуя азыр да болуп жатат; бир гана айырма – ортодогу убакыт. Ушул эле окуянын байкалбай турганчалык жай жүрүшү көңүл коюусу, ой жүгүртүүсү начар адамдар үчүн кадыресе бир окуядай көрүнөт. Бирок чындыгында бул кубулуш толугу менен бир керемет. Бул кереметти байкоо үчүн болсо таза жүрөк жана чын пейил менен бул окуянын майда-бараттарын изилдөө, андагы жаратуу сырларын, кылдат эсептерди көрүү керек.

Капылеттик ичиндеги адамдар көрө албаган бир чындык бар; өз денелери да кошо айланадагы жана ааламдагы бүт нерселер – жаратуу кереметтери... Куранда адамдар мындайча эскертилет:

Көрбөй жатасыңбы; чындыгында Аллах асмандан суу түшүрүп, аны жердин ичиндеги булактарга өткөрдү. Анан аны менен ар кандай түстө эгиндер чыгарууда. Анан куурап баштайт, ошентип анын саргарганын көрөсүң. Анан аны куураган ыпыр-сыпырга айлантат. Күмөнсүз, мында таза акыл ээлери үчүн чындыгында насаат алына турган бир сабак (зикир) бар. (Зүмер Сүрөсү, 21)

Page 17: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Ыйман акыйкаттарынын терең айтып берилишинин мааниси мына ушул жерде көрүнөт. Капылеттик ичиндеги адамдардын күн сайын айланаларында болуп жаткан, бирок алар байкабаган көптөгөн жаратуу далилдерин, кемчиликсиздиктерди толугу менен алардын көз алдына тартуулоо бул кишилердин капылеттик пардаларынын ачылышында өтө натыйжалуу болот. Көп жылдар бою бүт адамдардын көзү көнүп калган жана көп адамдар эч ойлонбогон көптөгөн ыйман акыйкатына адамдардын көңүлү бурулса, бул ыймандык аң-сезимдин орношуна, абийирлеринин ойгонушуна жана атеизмдин негизсиз пропагандаларынын жок болушуна себеп болот.

Ыйман акыйкаттарын көргөндө жүрөгүнүн үнүн уккан кишинин акылына «булар кокустан же өзүнөн-өзү пайда боло албайт» деген ой келет. Булардын баарын жараткан улуу кудуреттүү Аллахтын бар экенин түшүнүп, Ага ыйман кылат (ишенет).

Ыйман акыйкаттары ыйманды бекемдейтЫйман акыйкаттарын бир эле Аллахка ишенбеген адамдар эмес, ыйман кылган адамдардын да

үйрөнүп, алар жөнүндө ойлонушу өтө маанилүү. Аллах Куранда ыймандууларга ааламда жараткан далилдери жөнүндө терең терең ойлонууну буйруп, ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгүнө басым жасайт.

Ыйман кылган бир адам намаз кылып, орозо кармап жана башка ибадаттарын кылуу менен бирге, терең ой жүгүртө да алышы керек. Куранда көңүл бурулган «асмандардагы жана жердеги» жаратуу далилдери жөнүндө терең ой жүгүртүү ыймандуу кишинин ыйманынын өсүшүнө, анык бир илим менен ыйман кылышына себепчи болот. Бир Куран аятында Аллахтын жер жүзүндөгү далилдеринин анык илим менен ыйман кылууга багыттай турганы кабар берилет:

Жер жүзүндө так (анык) бир илим менен ишене тургандар үчүн аяттар (далилдер) бар. Жана өз напсилериңерде да. Дагы эле көрбөй жатасыңарбы? (Зарият Сүрөсү, 20-21)

Аятта апачык айтылгандай, адамдын өз напсисиндеги жана жер жүзүндөгү ыйман акыйкаттары анык бир илим менен ишенүүгө себепчи болот. Анык илимге таянган бир ыйман болсо адамдын Аллах коркуусунун өсүшүнө, натыйжада Аллахтын буйрук менен тыюуларын тагыраак орундатышына шарт түзөт. Жаратуу далилдери жөнүндө терең ойлонгон бир адам ибадаттарын чын жүрөктөн берилип жасап, кылып жаткандарын Аллахтын көрүп тураарына жана жакшылыктары үчүн Аллахтын ага сыйлык берээрине анык ишенет. Ошол сыяктуу кетирген кичинекей катасын да Аллахтын билип тураары аны тообо кылууга жана каталарынан тездик менен кайтышына негиз түзөт.

Аллах Куранда ыймандууларга мындайча кайрылат:

Эй ыйман кылгандар, Аллахтан коркуп-тартынгыла жана (силерди) Ага (жакындата турган) себеп издегиле; Анын жолунда жехд (аракет) кылгыла, кутулууга жетээрсиңер. (Маида Сүрөсү, 35)

Page 18: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Аятта айтылгандай, адамдардын аларды Аллахка жакындата турган себеп издеши – кутулууга жетүүнү үмүт кылуу үчүн бир жол. Ыйман акыйкаттары да – ыймандууларга Аллахтын бар экени жана сыпаттары жөнүндө тереңирээк бир түшүнүк, аң-сезим бере турган, Аллахка көбүрөөк жакындата турган себептер. Мисалы, Аллах жараткан жандыктарды изилдөө, алардагы кемчиликсиз түзүлүш жана системаларга байкоо жүргүзүү жана алар жөнүндө ойлонуу Аллахтын чексиз илими менен кудуретине жакыныраактан күбө болууга шарт түзөт.

Мисалы, адам денесиндеги кереметтүү түзүлүштөрдү окуп үйрөнгөн киши Аллахтын бар экендигинин жана чеберчилигинин апачык далилдерин көрүп, өз денеси да кошо бүт нерсенин Аллахтын чыгармасы экенин жана дайыма Аллахтын контролу астында экенин түшүнөт. Ошондой эле, өзүнүн алсыздыгын байкап Аллахка андан да жакындайт. Аллахка болгон жакындыгы себебинен Анын ыраазылыгы менен мээримине жетүүгө көбүрөөк аракет кылат. Мисалы, балким мурда эч пайдасыз өткөргөн убакыттарын эми Аллахтын көбүрөөк ыраазылыгын алууга бөлүп, ибадаттарын көбүрөөк каалоо менен орундатат.

Жыйынтыктасак, ыйман акыйкаттары үстүртөн жана туурамчы бир ыймандан тахкики (анык илим менен, өтө бекем) жана күчтүү бир ыйманга өтүүдө өтө маанилүү бир роль ойнойт.

Ыйман акыйкаттары атеизмдин пропагандаларын жок кылатАзыркы заман – атеисттер менен дин душмандары адамдарга Аллахтын бар экенин жана

жалгыздыгын жокко чыгартуу үчүн өтө көп аракет кылган бир доор. Бирок Аллах атеист-материалисттердин адашкан, жолдон чыккан философиясын жер менен жексен кыла турган мүмкүнчүлүк менен далилдерди да ыймандууларга сунду. Бул далилдердин башында ыйман акыйкаттары турат.

Аллахты тангандардын жактаган эң чоң жалганы – бул «жандуу-жансыз бүт нерселер кокустуктар натыйжасында пайда болгон» деген көз-караш. Атеисттер жайылтууга аракеттенген бул негизсиз пропаганданын бузулушу жана жашырууга аракет кылган жаратуу кереметтери ачыкка чыгышы үчүн айланабыздагы ыйман акыйкаттарын заманбап илимдин негизинде анализдөө жана аларды адамдарга айтып берүү керек. Жандыктардагы керемет түзүлүштөрдү, ааламдагы керемет системаларды жана миллиарддаган кылдат тең салмактуулукту толугу менен көргөн таза жүрөктүү адамдар булардын кокустан пайда боло албашын жана бүт нерсени улуу кудуреттүү Аллахтын жаратканын түшүнүшөт. Натыйжада атеисттер жайылтууга аракет кылган «кокустук» көз-карашы, аятта «...Акыйкат (чындык) келди, жалган (батыл) жок болду. Эч күмөнсүз, жалган жок болуучу.» (Исра Сүрөсү, 81) деп айтылгандай, жок болот.

Ал эми ыйман акыйкаттарын билбеген бир адам болсо атеизм-материализм пропагандаларына карата өтө коргоосуз калат. Мунун жашоодо көп мисалдары бар. Өткөн жылдарды эле караганыбызда динчил бир үй-бүлөдө чоңойгон, жаш кезинде диний тарбия алган көп адамдардын жогорку класста же университетте окуп жүргөн кезинде айланасында көргөн, достошкон кээ бир адамдардын пикирдик таасиринен улам ишенимин жоготконун көп көрөбүз. Мунун себеби – атеисттердин өздөрүнүн негизсиз, далилсиз ишенимине «акыл жана илим» кооздугун бериши. Өздөрүн табият менен аалам жөнүндө бүт нерсени билген, жашоонун эрежелерин түшүнгөн, чындыктарды байкаган кишилердей

Page 19: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

көрсөтүшөт. Ушундайча динчил бир үй-бүлөдө өскөн, бирок ыйман акыйкаттарынан кабарсыз болгон жана ушул себептен «тахкики», б.а. анык илимге таянган бир ыйманы болбогон адамдарды алдап, жолдон чыгара алышат.

Ал эми ыйман акыйкаттарын билген бир адам болсо атеисттердин жалгандарын, көз бойомочулуктарын оңой гана көрүп, кыйратат. Өзүнө да, айланасындагы башка адамдарга да пайдасы тийет. Ыйман акыйкаттарынан кабарсыз болуу бир адамды атеисттердин калптарына карата коргоосуз кылса, ыйман акыйкаттарын билүү, түшүнүү жана түшүндүрүү динчил адамды ар кандай атеисттик философияны илим-пикир менен жеңишине шарт түзөт.

Ыйман акыйкаттары Аллахты жакшылап түшүнүүгө шарт түзөтЫйман акыйкаттары жөнүндө терең ойлонуу жана Аллахтын аларда чагылган сыпаттарын көрүү

Аллахты алда канча жакшыраак жана жакындан таанууга шарт түзөт. Аллахты жакшыраак таанып, дайыма бүт тарапта Анын чагылууларын көрүп баштаган адам болсо бул артыкчылыгы натыйжасында Аллахтын кудуретин жакшы түшүнүп калат.

Мисалы, ыйман акыйкаттары жөнүндө терең маалымат алып, ой жүгүртүү натыйжасында бир адам төмөнкү чындыкты жакшыраак түшүнөт: дүйнөдө жашаган миллиарддаган адамды жана алардын жашоосунун ар бир көз ирмемин Аллах билип, контрольдоп турат. Бир денедеги триллиондогон клетка, дүйнөдөгү миллиарддаган адамдын денелери жана ааламдагы бүт жандыктар Аллахтын каалоосу менен бар жана жашап жатышат. Ар бир кыймылы Аллахтын каалоосу менен болуп жатат жана Аллахтын контролу астында. Мындай бир система иштеши үчүн чексиз бир күч, чексиз бир илим, чексиз бир акыл жана мээ талап кылынаары анык. Бир эле ушул чындык жөнүндө ой жүгүртүү да Аллахтын чексиз сыпаттарына жакыныраактан күбө болууга жана Аллахтын чексиз кудуретин жакшылап түшүнүүгө шарт түзөт.

Куранда Аллах кичинекей бир чымынды да бир ыйман акыйкаты катары мисал келтирген соң, бул чындыктарды билбей жашагандардын Аллахтын кудуретин жакшылап түшүнө албай турганын билдирет:

Эй адамдар, (силерге) бир мисал келтирилди; эми аны уккула. Силердин Аллахтан башка сыйынып жаткандарыңар, баары ушул үчүн бириксе да, чындыгында бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер чымын алардан бир нерсе тартып алса, муну да андан кайра ала алышпайт. Талап кылган да алсыз, талап кылынган да. Алар Аллахтын кудуретин жакшылап түшүнө алышкан жок. Күмөнсүз, Аллах кудуреттүү, Азиз (Улуу). (Хаж Сүрөсү, 73-74)

Башка Куран аяттарында болсо ыйман акыйкаттары жөнүндө ойлонбогон кишилер жөнүндө айтылып жатып, ал кишилердин Аллахтан коркпошу кабар берилет:

Айткын: «Асмандардан жана жерден силерге ырыскы берген ким? Кулактарга жана көздөргө малик (ээ) болгон ким? Тирүүнү өлүүдөн чыгарган жана өлүктү тирүүдөн чыгарган ким? Жана иштерди ороп-курчаган ким?» Алар: «Аллах» дешет. Андай болсо, айт: «Силер дагы

Page 20: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

эле коркуп, (күнөөдөн) сактанбайсыңарбы? Мына ушул – силердин чыныгы Раббиңер болгон Аллах. Андай болсо чындыктан соң адашуудан башка эмне бар? Кантип дагы эле бурулуп кетүүдөсүңөр?» (Йунус Сүрөсү, 31-32)

Аяттардан көрүнүп тургандай, ыйман акыйкаттарын изилдөө жана окуп-үйрөнүү, алар жөнүндө терең ойлонуу Аллахтын жандуу-жансыз бүт нерселерди дайыма контрольдоп, башкарып тураарын анык бир илим менен түшүнүүгө себеп болушу керек. Жана мындай түшүнүк Аллахка толук моюн сунууга негиз түзөт. Денесиндеги татаал системаларды жана алардагы кылдат тең салмактуулуктарды билген жана алар жөнүндө ойлонгон бир момун (ыймандуу киши) эч кемчиликсиз иштеген бул системаларды пайда кылган акылдын дененин өзүнө тиешелүү эмес экенин түшүнөт. Дене деген нерсенин аң-сезими, сезүү органдары жана ойлонуу жөндөмү жок атомдордон турган бир клеткалар жыйындысы экенин көрөт. Мындай ой жүгүртүүнүн натыйжасында киши денесиндеги ар бир клеткага, ал тургай, ар бир атомго чейин бүт нерсенин Аллахтын буйругу жана каалоосу менен кыймыл-аракет жасаарына толук ынанат. Эч бир окуянын эч бир жеринде шанс же кокустук жок экенин түшүнөт.

Илимдүүлөр гана Аллахтан чындап коркотЫйман акыйкаттары жөнүндө изилдөө жасап маалымат алуу, алар жөнүндө ойлонуу акырындап

кишинин көп тараптан илимдүү болушуна шарт түзөт. Мындай кишилер, жогоруда да айтылгандай, Курандын сүрөттөөсү боюнча «терең илимдүү» же «илимдүү» кишилер болот. Илимдүүлөр ыйман акыйкаттары жөнүндө терең ойлонуу натыйжасында Аллахтын бүт тарапты ороп-курчап тураарына, Андан башка кудай жок экенине чындап күбө келтиришет:

Аллах чындап Өзүнөн башка Кудай жок экенине күбөлүк берди; периштелер менен илимдүүлөр да Андан башка Кудай жок экенине адилеттик менен күбөлүк беришти (күбө болушту). Азиз (Улуу) жана Хаким болгон Андан башка Кудай жок. (Али Имран Сүрөсү, 18)

Илимдүү адамдар Аллахтын өздөрүндөгү жана айланаларындагы чагылууларын дайыма көрүшөт. Мисалы, кичинекей бир кумурсканын кумурска колониясында ага тапшырылган кызматты эч тоң моюндук кылбастан жана өтө жөндөмдүүлүк менен орундатканын, уюгуна азык ташуу үчүн пландуу бир иштөө системасы бар экенин билген илимдүү бир киши ар бир көргөн кумурскада Аллахтын улуу акылы менен кудуретинин чагылуусун көрөт.

Ыйман акыйкаттары жөнүндө терең терең ойлонуп Аллахты жакыныраак тааныган илимдүүлөр Аллахтын күч-кудуретинин улуулугун жакшыраак түшүнүшөт. Ыймандуу ар бир адам Аллахтын күч-кудуретүүлүгүн билет. Бирок ыйман акыйкаттары жөнүндө көп маалыматы жок адамдар, мисалы, учуп бараткан бир чымчыкты көргөндө «Аллах кандай сонун жараткан» деп коюуну эле жетиштүү көрүшөт. Ал эми илимдүүлөр болсо чымчыктардын канаттарынын учууга ылайыктуу кылып жаратылганын, азыраак энергия сарптоо үчүн «V» формасында учаарын, түктөрүндөгү комплекстүү дизайнды билишет. Кыскасы, бир канаттуунун учушунан көбөйүшүнө, түктөрүнүн формасынан түсүнө чейин бүт баарынын Аллах тарабынан долбоорлоп жаратылганын билишет. Же мындай адамдар жаңы төрөлгөн

Page 21: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

бир наристени карап «кандай сонун наристе, Аллах узун өмүр берсин» деп айтуу менен эле чектелишет. Албетте, бир адамдын бир наристени караганда, Аллахты эстеши да жакшы көрүнүш. Бирок ал наристенин эне курсагындагы өрчүү этаптары жөнүндө ойлонуп, алардын баарын Аллах жаратканын, Аллахты тасбих кылууну, Аллахка шүгүр кылууну эстөө мындан да жакшы жана туурасы болот. Илимдүүлөр ал наристенин дүйнөгө келгенге чейинки башынан өткөргөн этаптарындагы кереметтүү тараптарды ойлонушат. Бир даана сперма клеткасынын өтө алыста жайгашкан жумуртка клеткасына жетишиндеги кереметти көрүп, эки башка денедеги бул эки башка клетканын бир-бирине толук төп келип биригип, убакыттын өтүшү менен көргөн, уккан, ойлоно алган бир адамга айлануусундагы кереметти эстешет. Бул кемчиликсиз жаратуу чеберчилигинин мисалдары жөнүндө ойлонушканда, Аллахтын улуу кудурети менен илими алдында ыймандары өсөт. Аллахтын ар бир чагылуусунда Аллахтын сыпаттарын сезген илимдүүлөрдүн Аллахтан болгон коркуусу да жогорулап, күчтөнөт. Илимдүүлөрдүн мындай өзгөчөлүгү –жогоруда да айтылгандай, Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

...Кулдарынын арасынан болсо Аллахтан жалаң гана илимдүүлөр «ичтери титирөө менен коркушат». Күмөнсүз, Аллах – улук жана күчтүү, кечиримдүү. (Фатыр Сүрөсү, 28)

Илимдүүлөр Куранда ушундай жогорку сыпаттар менен макталышкан. Бүт ыймандуулар да Куранда макталган ушундай илимдүүлөрдүн даражасына көтөрүлүүгө аракет кылышы керек. Ал үчүн болсо башына келген окуяларды, көргөн нерселерин бир ыйман акыйкаты катары көрүп баалашы керек жана алар жөнүндө ой жүгүртүшү зарыл.

Ыйман акыйкаттары адамдын ойлонуу масштабын кеңейтетЫйман акыйкаттарын үйрөнүү, алар жөнүндө ойлонуу, сырларын жана майда-бараттарын көрүү

адамдын ой жүгүртүү масштабын да кеңейтет.Бүгүнкү күндө адамдар жыш калктуу шаарлардын күңүрт атмосферасында, монотондуу өмүр

сүрүшүп, Аллах дайыма бүт тарапта жараткан ыйман акыйкаттарын көрбөй, көрүшсө да аларды эч ойлонбой жашап жатышат. Ал эми ыйман кылган бир адам үчүн бүт нерселер ыйман акыйкаты болот. Жер жүзүндөгү жандуу, жансыз бүт нерселерди, ааламдагы тартипти Аллахтын жаратканын билген адам бүт нерсени ошого жараша баалайт. Мисалы, ыйман кылбаган адамдар да ыймандуу үчүн бир ыйман акыйкаты болот. Себеби Аллах Куранда мындай адамдардын болоорун кабар берген. Ошондой эле, Аллахтын бар экени апачык көрүнүп турганына карабастан, бул адамдардын ыйман кылбай жатышы ыймандуу адамдын ыйманынын өсүшүнө жана ыйманы үчүн Аллахка шүгүр кылышына себепчи болот. Ыйман акыйкаты катары бир эле дарактарды, гүлдөрдү же жаныбарлардын таң калыштуу өзгөчөлүктөрүн ойлонбойт. Ал үчүн Аллах жараткан жеңилдиктер, мисалы, транспорттук каражаттар, чөнтөк телефону же компьютер да – ыйман акыйкаты. Булардын да Аллахтын каалоосу менен пайда болгонун билет жана иштерин жеңилдеткени үчүн Аллахка шүгүр кылат.

Айланабызда көп кездешкен ачуулуу, өзүмчүл, орой жана жаман мамилелер бүт нерсени Аллахтын жаратканынан кабарсыз, караңгы (сабатсыз) адамдарга тиешелүү. Бүт нерсени ыйман акыйкаты катары караган, алар жөнүндө ойлонгон бир адам руханий жактан өсүп, тереңдейт.

Page 22: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Аллах мындай руханий тереңдик менен түшүнүктөн алыс, тар ойлонгон адамдарга Куранда «бедевилерди» (көчмөндөр) мисал көрсөткөн. Бедевилер Пайгамбарыбыз доорундагы шаардык араптарга окшобой, көчмөн өмүр сүргөн уруулар болгон. Шаардык араптар адабият жана сулуулук маданиятын билсе, бедевилер сабатсыз, орой мүнөздүү болушкан. Мындай мүнөз динди түшүнүү жана дин менен жашоонун алдындагы чоң бир тоскоолдук болот. Ошондуктан Аллах Куранда бедевилер жөнүндө мындай деген:

Бедевилер динди тануу жана эки жүздүүлүк жагынан күчтүүрөөк. Аллах элчисине түшүргөн чектерди тааныбашка да алар көбүрөөк жакын болушат. Аллах билүүчү, өкүмдар жана даанышман. (Тообо Сүрөсү, 97)

«Бедеви мүнөзү» караңгылыкты (сабатсыздыкты), оройлукту чагылтат. Мындай мүнөздү айыктыруу үчүн адамдар маданияттуу, терең ойлонгон, Аллахтын жаратуусундагы жогорку чеберчиликти жана даанышмандыктарды түшүнө алган абалга келүү үчүн аракет кылышы зарыл. Ыйман акыйкаттарын изилдөө, үйрөнүү, ойлонуу жана чечмелөө болсо Аллах бизден талап кылган ушундай маданияттын негизи. Бир аятта Мусулмандын мындай өзгөчөлүгү төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ойлонушат. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен буларды жөн гана (максатсыз) жаратпадың. Сен абдан Улуксуң, бизди оттун (тозоктун) азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 191)

Жыйынтык: ыйман акыйкаттары Аллахтын мээримине, бейишине жана акыретте жогорку даражаларга жетүүгө себепчи болотЫйман акыйкаттарынын адамдардын Аллахты жакыныраактан таанып Ага ыйман кылышына

себеп болоорун бул жерге чейин ар тараптан карадык. Ошондой эле, ыймандуулардын ыймандарын өстүрөөрүн, жүрөктөргө бекем ыйман салаарын, Аллахты жакшылап түшүнүүгө шарт түзөөрүн да айттык. Ыйман акыйкаттарын үйрөнүү жана ойлонуу натыйжасында жетишилген мындай мүнөздөр ыймандуу адамдын Аллах коркуусунун өсүшүнө, Аллахтын буйругу менен тыюуларын өтө жоопкерчилик менен орундатышына шарт түзөт. Натыйжада Аллахтын мээримине жетишине себепчи болушат. Аллахтын мээрими – бул дүйнөдө жакшылык, береке, сулуулук, акылдын өсүшү, илим жана даанышмандыктын берилиши, бейпилдик, кубаныч жана бакыттын берилиши, немат-жакшылыктардын берилиши сыяктуу берешендиктер. Акыретте болсо түбөлүк тозок азабынан кутулуу, түбөлүк бейиш немат-жакшылыктарына жана Аллахтын үзгүлтүксүз ыраазылыгына жетүү.

Ыймандын даражасына жараша бейиштеги даражалар да ар түрдүү болот. Ушул себептен ыйман акыйкаттарын терең үйрөнүп, Аллахтын чексиз сыпаттарына жакыныраактан күбө болгон жана мунун натыйжасында анык илимге таянган (тахкики), таза жана жогорку бир ыйманга жеткен момундардын бейиштеги даражалары да Аллахтын уруксаты менен ошончо жогору болот. (Эң туурасын Аллах билет.)

Page 23: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Ыйман акыйкаттарын изилдеген, окуп үйрөнгөн ыймандуулар терең ой жүгүрткөнү жана ичи титиреп Аллахтан корккону себептүү, Аллахтын уруксаты жана каалоосу менен, бейиштерде жогору даражалар менен сыйланышат:

Момундар (ыймандуулар) бир гана ушундай адамдар, Аллах эскерилгенде жүрөктөрү титирейт. Анын аяттары окулганда ыймандарын көбөйтөт жана бир гана Раббилерине тобокел кылышат (таянышат). Алар намазды туптуура кылышат жана аларга ырыскы катары бергендерибизден садака кылышат. Мына чыныгы ыймандуулар ушулар. Раббилери Кабатында алар үчүн даражалар, кечирим жана жогорку бир ырыскы бар. (Энфал Сүрөсү, 2-4)

Page 24: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

3- БӨЛҮМИСЛАМ ААЛЫМДАРЫНЫН ЫЙМАН

АКЫЙКАТТАРЫНЫН МААНИЛҮҮЛҮГҮ ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОРУ

Бизге ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгүн көрсөткөн жана бул акыйкаттарды кантип чечмелөө керек экени жөнүндө бизге жол көрсөткөн маанилүү бир булак – бул өтмүштөгү же азыркы доордогу Ислам аалымдарынын эмгектери. Куранга жана сүннөткө толук моюн сунуп жашаган жана Куранга ылайык ойлонгон бул олуя адамдар ыйман акыйкаттарын изилдөөгө жана алар жөнүндө ой жүгүртүүгө өтө маани беришип, эмгектеринде да ыйман акыйкаттарын дайыма алдыңкы планга коюшкан. Бул бөлүмдө кээ бир Ислам аалымдарынын эмгектеринде орун алган ыйман акыйкаты мисалдарына жана бул теманын маанилүүлүгү жөнүндөгү пикирлерине орун берилген.

Имам ГазалиИмам Газали он биринчи кылымдын экинчи жарымы менен он экинчи кылымдын баштарында

жашаган Хорасандык бир Ислам аалымы болгон. Өз доорунун эң кескин мээлүүлөрүнүн бири деп кабыл алынат. Өз доорунун мужеддиди (Пайгамбарыбыздын хадистеринде кабар берилген, ар кылымдын башында диний акыйкаттарды доордун муктаждыгына жараша сабак берүү үчүн жөнөтүлгөн күчтүү аалым) деп кабыл алынат. Терең илими, күчтүү мээси жана күчтүү анализи менен атагы бир эле Ислам ааламына эмес, бүт Батыш дүйнөсүнө жайылган. Имам Газали ал доордо өзгөчө грек философиясынан таасирленип Куранга сыйбаган ишеним менен пикирлерди айткан кээ бир ойчулдарды өтө натыйжалуу кыйратып, ыйманды сактаган.

Бул атактуу аалым сабактарында жана маектеринде ыйман акыйкаттарына кеңири орун берген. Эмгектеринде да ар кандай темада ыйман акыйкаттарын көрүүгө болот. Эмгектеринде орун алган ыйман акыйкаттарынан кээ бир мисалдар жана ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү жөнүндөгү кээ бир сөздөрү төмөнкүдөй:

Эч бир өкүмдардын мамлекетин башкаруусу асмандар менен жердин мүлкүн жана бул ааламдын тартибин камсыз кылган Аллах Тааланын чарасындай тартиптүү эмес. Аллах Тааладан сулуураак, кемчиликсизирээк эч ким жок. Демек Аны көрүүдөн, Ага кароодон да ырахаттуураак бир нерсе болушу мүмкүнбү? Бул жерден көрүнүп тургандай, Аллах Тааланы жана Ага тиешелүү сырларды билүү бүт илимдерден ырахаттуураак.

Жүрөктүн ырахаты марифетуллах (Аллахты түшүнүү): ар сезим жактырган, ырахат алган нерселер бар. Көздүн ырахаты сулуу нерселерди көрүү, кулактын ырахаты каалаган нерселерин угуу, напсиники жеп-ичүү, жакындашы, душманын жеңүү сыяктуу нерселер. Жүрөктүн ырахаты болсо бүт нерсенин акыйкатын билүү, бул болсо марифетуллах. Марифетуллах жолунда канчалык алга кетсе, ошончо ырахат алат. Ааламдын Халики (Жаратуучусу) жана сактоочусу Аллах Тааланын заты жана сыпатына, сыры жана даанышмандыгына, эмгектер менен чеберчилигине, күч-кудуретине

Page 25: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

байланышкан марифеттен (ачылыштан, таануудан) да ырахаттуураак; Ага жакын болуу, Аны таануу кубанычы менен бакытынан да жакшы эмне болушу мүмкүн?1

Нутфадан (спермадан) жаратылган адам Аллахтын аяттарынан... Башында абалыңдын эмне экенин, анан эмне болгонуңду ойлон! Адамдар менен жиндер чогулса, спермадан бир көз, же кулак, же акыл, же кудурет, же илим же рух жарата алышмак беле? Андан сөөк, тамыр, нерв, тери, түк жана башкаларды жасай алышмак беле? Булар мындай турсун, Аллах жараткан соң адамдын мүнөз жана маңызын, затынын маңызын (өзүн, негизин) түшүнүүнү каалашса, муну да кыла алышмак эмес...

Аллахтын берешендигин, ал укмуш кудурет менен даанышмандыкты караңыз, адамды кандай кучактоодо. Канчалык ажайып таң калыштуу; дубалда бир сүрөт же кооз бир сызык же оймо-чиймени көргөн адам токтоп, таң калып аларды карап, сүрөтчү буларды кантип жасады деп ойлонот, канчалык зор чеберчилик жасаган дейт; бирок ушул керемет ааламды жана Аллахтын жараткандарын көрүп туруп, аларды жана Аллахтын чеберчилиги менен даанышмандыгын ойлонбой, капылеттик кылат.2

Күн, ай, жылдыздар, булут, жамгыр, шамал жана табияттагы бүт күчтөр, баары Аллах Тааланын эркинде, буйругунда. Жазуучунун колундагы калем сыяктуу.3

Асманда канчалаган жылдыздар бар, жерден жүздөгөн эсе чоң. Алыс болгондуктан, чекиттей көрүнүшөт. Жылдыздар ушундай болгондуктан, асмандардын чоңдугун ушундан түшүнүүгө болот. Бүт бул жылдыздар ушундай чоңдугу менен сенин көзүңдө кичинекей эле көрүнөт. Мына ушул себептен буларды жараткандын улуулугу менен өкүмдарлыгын түшүнө аласың.4

Жылдыздардын көптүгүнө көңүл бургула... Кыймылы менен айланышы, айланып жатканда ылдамдыгы ар түрдүү. Кээ бири бир айда, кээ бири бир жылда, кээ бири он эки жылда, кээ бири отуз жылда айланып, көпчүлүгү ушул топтон. Ал жердеги таң калыштуу маалыматтар эч түгөнгүс... Аллах Таала бул кыска дүйнө өмүрүндө бул жагдайда берген илимдерди айтып берүүгө аракет кылсак, канчалаган күнгө созулат.5

Жүзүңдү асманга бур, асмандын жылдыздарын, алардын чыгып батышын, күн менен айды, алардын тынымсыз эч адашпастан чыгып-батышындагы айырмачылыктарды, кыяматка чейин улана турган керемет кыймылдарын, бир секунда да жолунан чыкпаган кыймылдарын насаат алып кара! Жылдыздардын көптүгүн, формасы менен түстөрүн ойлон. Күндүн бир жыл ичиндеги кыймылына назар сал. Эгер ал чыгып батпаганда, түн менен күндүз болмок эмес. Чыгышы менен батышындагы айырмалар болбогондо мезгилдер болмок эмес... Буларды санап бүтүүгө болбойт. Ааламдагы ар бир зерренин (эң майда нерсе, атом) канчалаган сырлары бар. Аалам бир үй болсо, асман анын чатыры.6

Имам Азам Эбу ХанифаЭбу Ханифа азрети – Ханафий мазхабынын түзүүчүсү. Өз доорунда Мусулмандар арасында

«Имамы Азам», б.а. «Эң чоң имам» деген ат менен таанылган. Мусулмандарга имамдык кылып, Исламды адамдарга жеткирүү жана Аллахтын өкүмдөрүн адамдарга түшүндүрүү үчүн өмүр бою күрөшкөн. Имамы Азамдын Аллахтын бар экенин далилдөөдө жана динди жеткирүүдө колдонгон эң негизги ыкмасы болсо ыйман акыйкаттары болгон. Бул чоң аалымдын ыйман акыйкаттарына берген маанисин бир мисал катары анын төмөндөгү атеист (дехри-табиятчы, материалист) бир адам менен болгон диалогун берели:

...

Page 26: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Багдаддын аркы жээгинде жашаган Эбу Ханифанын талкуу жасала турган убакта келбеши «дехринин» (атеисттин) жана топтун оюнда ар кандай суроолордун пайда болушуна себеп болот. Баары кызыгып турушат... «Эмне үчүн келген жок? Келбей койобу? Корктубу? Далил таба алган жокпу? ж.б. суроолор.! Имам Азам белгиленген сааттан бир аз убакыттан кийин келет. Дехринин маанайы көтөрүлүп, атеисттиги менен текебердиги ан сайын өскөн...

Эбу Ханифа кечирим сурап, кечигишинин себебин түшүндүрүп баштайт: аркы жээктен бул тарапка келе алууга бир унаа таба албадым. Күтүп баштадым. Балким бир кайык же сал келип, ошону менен барам деп ойлоп жаткам. Ошол убакта дарактардын кокустан жыгылып баштаганын көрдүм. Жыгылган дарактардын өзүнөн-өзү тактай, тактайлардын өзүнөн-өзү кайык болгонуна күбө болдум. Анан өзүнөн-өзү бир калак менен парус пайда болгонун көрдүм. Силерден андан да көп уят болбогонума кубанып, кайыкка түштүм. Кайык өзүнөн-өзү мени бул жерге алып келди...

Дехри (Аллахка ишенбеген талашчы) менен угуп жаткандар бул сөздөрдү түшүнбөй калышат. Табиятчылыкты жактаган, бүт нерсени табият пайда кылган деген талашчы мындай нерсе болушу мүмкүн эмес дейт.

Чоң имамдын күткөнү дал ушул болгондой...Жылмайып мындай дейт: «Бир кичинекей кайыктын да өзүнөн-өзү, жасагычы жана устасы

жок туруп пайда болушун кабыл албайсыз, анан кантип бул керемет ааламдын бир жасагычы, бир жаратуучусу болбостон өзүнөн-өзү пайда болгонуна ишенесиз? Аалам ааламдын эмес, Аллахтын чыгармасы. Бүт ушунча далилдер турганда, Аллахтын бар экени жөнүндө талаш баштоонун кажети да жок.7

Абдулкадир Гейлани11-кылымда жашаган Абдулкадир Гейлани да башка Ислам аалымдары сыяктуу ыйман

акыйкаттарына өтө маани берген. Эмгектеринде адамдарды Аллахтын далилдери жөнүндө ойлонууга чакырган. «Аллахтын белеги» аттуу эмгегинде ыйман акыйкаттарына берген маанисин көрсөткөн кээ бир сөздөрү төмөнкүдөй:

Эй уул! Ааламдын ар бир зерресинде (майда бөлүгүндө, атомунда) Аллахтын кооз чеберчилиги бар. Бул кооз чеберчиликтердин ар бири Акыйкатка (Аллахка) жеткирүүчү далилдер. Терең ойлон. Ойлоруң тереңдеген сайын көтөрүлөсүң жана бийиктейсиң.8

Бедиүззаман Саид НурсиӨткөн Хижрий кылымдын мужеддиди деп кабыл алынган чоң аалым Бедиүззаман Саид Нурси да

бир Куран тафсири (чечмелөөсү) саналган Рисале-и Нур жыйнагында ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгүн көп жерде айткан:

Бир сарай, жүздөгөн жабык эшиктери бар. Бир эшик эле ачылса ал сарайга киргенге болот, калган эшиктер да ачылат. Эгер бүт эшиктер ачык болсо, бир экөөсү жабылса, ал сарайга киргенге болбойт деп айта албайбыз. Хакаик-и иманийе (ыйман акыйкаттары) мына ошол сарай. Ар бир далил бир ачкыч; далилдеп, эшикти ачат. Бир эшиктин жабык болушу себептүү ал ыйман акыйкатынан баш тартып, танууга болбойт. Шайтан болсо кээ бир себептерге таянып, же капылеттик же сабатсыздык

Page 27: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

аркылуу жабык калган бир эшикти көрсөтүп; далилдөөчү бүт далилдерди көздөн өчүрөт. «Мына, бул сарайга киргенге болбойт. Балким сарай эмес, ичинде эч нерсе жок» деп, алдайт.9

Бедиүззаман Мектубат аттуу эмгегинде болсо өзгөчө бүгүнкү күндө ыйман акыйкаттарына бекем кармануунун маанисине токтолуп, өтмүштө жашап өткөн көп Ислам аалымдары эгер бул доордо жашаса, эң көп токтоло турган теманын да ыйман акыйкаттарын үйрөтүү аркылуу адамдардын ыйманын куткаруу болоорун айткан:

Силсиле-и Накшинин (Накши тизмегинин) баатыры жана бир күнү болгон Имамы Раббани (Р.А) Мектубатында айткан: «Ыйман акыйкаттарынан бир маселенин чыгышын миңдеген ырахаттар жана меважид (жүрөккө ырахат берген абалдар) менен кереметтерден өйдө көрөм.» Анан айткан: «Бүт тариктердин (жолдордун) акыркы чекити ыйман акыйкатынын ачылышы менен чыгышы.»... Демек Накши тарикатынын үч пардасы бар: бирөөсү жана эң биринчиси жана эң чоңу: түздөн-түз ыйман акыйкаттарына кызмат кылуу; Имамы Раббани да (Р.А.) акыр заманында (акыркы убагында) ошол жолдо болгон...

Демек акыйкат ушундай болгон соң; менин болжолум: эгер шейх Абдулкадир Гейлани (Р.А.) жана Шах-ы Накшибенд (Р.А.) жана Имамы Раббани (Р.А.) сыяктуу заттар ушул заманда болушканда, бүт эмгектерин ыйман акыйкаттарын жана Ислам негиздерин бекемдөөгө арнашмак. Себеби түбөлүк бакыттын таянычы ошолор. Аларда кемчилик кетсе, түбөлүк азапка (балээге) себеп болот...10

Башка жазууларында болсо устат Бедиүззаман ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү жөнүндө мындай дейт:

Бул заманда ыйман акыйкаттары биринчи максат, биринчи милдет, негизги максат болушу керек. Мындан тышкаркы нерселер экинчи, үчүнчү, төртүнчү даражада калат. Рисале-и Нур менен аларга кызмат кылуу эң биринчи милдет, кызыгуу темасы жана негизги максат болушу керек... Рисале-и Нур рамкасы сыртындагы аалымдар балким олуялар бул саясий жана коомдук жашоонун мамилелери себебинен ыйман акыйкаттарынын маанисин экинчи, үчүнчү даражага калтырып, ошол агымдардын таасиринен, аны менен бир пикирдеги мүнафыктарды (эки жүздүүлөрдү) да сүйө турган болуп калды... Рисале-и Нурдун чыныгы шакирттери өлбөс алмаздар даражасындагы ыйман акыйкаттарын түшүндүрүү милдетин жасап жатышканда, заалымдардын шахмат оюндарына окшогон темалар менен алектене турган алардын ыйык милдеттерин үзгүлтүккө учуратпаш жана түшүнүктөрүн адаштырбаш керек деп ойлойм.11

Мындан тышкары, Бедиүззамандын өмүр баяны жөнүндөгү бир жазууда анын ыйман акыйкаттарына берген мааниси төмөнкүчө айтылат:

Бедиүззамандын ою боюнча негизги маселе; адамдын өзүн, башка нерселерди, ааламды жана түгөйлөрүн ыйман огунда кабылдашы. Эң негизги кызмат ушуга шарт түзүү... Ушундай жыйынтыкка келген Бедиүззаман муну айыктыруунун ыкмасын да иштеп чыкты: «тахкики (изилдеп текшерилген) ыйман» ал иштеп чыккан ыкманын маңызы эле. Кезек «тахкики ыйман» огунда алга жылып доордун технологиясы менен байый турган адамдарды тарбиялап өстүрүүгө келген эле. Мунун жолу болсо билим берүү эле.12

Бедиүззаман Табият Рисалеси аттуу эмгегинде да ыйман акыйкаттары темасына өтө кеңири орун берген. Барла Лахикасында болсо Рисале-и Нурдун эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн биринин ыйман

Page 28: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

акыйкаттарын ойлонтуп, «маддиййун жана табиййун» (материалист жана табиятчы) пикирдик агымдарынын оозун жабуу экенин айткан:

Рисале-и Нур Курани Хакимдин бир керемет руханияты жана бул замандын динсиздигине каршы руханий атом бомбасы катары сол агымдардын жүрөктөрдүн руханий байлыгын бузушуна жооп катары жүрөктөрдүн руханий байлыгын оңдоп адамдан адамга тахкики ыймандан келген керемет бир күч-кудуретке болгон таянычты окурмандардын жүрөктөрүнө берүүдө. Жана бул кызматты да кайра эле ыйык Кураныбыздын илхамы жана иршады (туура жолду көрсөтүүсү) жана сабагы менен орундатууда. Ой жүгүртүү ыймандык сабагы менен табииййун (табиятчылык) жана маддиййун (материализм) кыйратылган бул маселелерде тавхид (Аллахтын жалгыздыгы) нурун көрсөтүп; ыйман акыйкаттарын заттык ааламдан мисалдар менен далилдерди көрсөтүп баян кылат. Жогорку класстарда, университеттерде окутулган илим жана табигый-так илимдердин бул маселелеринде ыйман акыйкаттарынын далилин күн чыккандай көрсөтүүдө. Ушул сыяктуу көп тараптан Рисале-и Нур бул заманда ыймандуулар менен Ислам үчүн алдыңкы планда тутулушу керек болгон, ыймандуулардын колунда руханий алмаз бир кылыч. Кылымдын түшүнүгүнө, замандын аң-сезимине кайрылган, муктаждыкка эң туура келген, сабак берген жана түздөн-түз фейиз жана илхам аркылуу аяттардын жылдыздарынан келген Куран сабагы, бүтүндөй Марифетуллах далилдери.13

Устат башка кээ бир эмгектеринде да аалам менен жандыктардын жаратылуусундагы ыйман далилдерине көңүл буруп, бар болгон бүт нерсенин Аллахтын улуу кудуретин көрсөтүүчү далилдер экенин айткан. Бедиүззамандын ыйман акыйкаттары жөнүндөгү башка кээ бир сөздөрү мындай:

Эй ырахат менен жыргалга жулунган адам! Мен жетимиш жашымда миңдеген тажрыйбалар менен жана далилдер менен жана окуялар менен айн-үл йакин (көз менен көрө турган даражада көрүп, күбө болуп билүү) билдим: чыныгы ырахат жана кайгысыз жыргал жана кайгы-капасыз кубаныч жана өмүрдөгү бактылуулук бир гана ыйманда жана ыйман акыйкаттарында табылат. Дүнүйөлүк бир жыргалда болсо көптөгөн азап-кайгылар бар.14

Ар бир сөзү бир китепти жана ар бир тамгасы бир сапты камтыган бир китептин катчысыз (жазуучусуз) пайда болушу мүмкүн эмес. Аалам китеби да Наккаш-ы Эзелинин (Башы-аягы жок, Түбөлүктүү Оймо-чийме Устасынын) бар болушунан көз-каранды.15

Ааламда эч бир аң-сезимдүү жандык ааламдын бүт дарыларындай күбөлөрү бар Халык-ы Зүлжелалды (Улуу Жаратуучуну) жокко чыгара албайт... Жокко чыгарса, бүт аалам аны жалганчы кыла турганы үчүн оозу жабылып, эч майнап чыкпайт.16

Катардагы бир укмуш машина (техника, жабдык) тартиптүү жана пландуу формасы менен күмөнсүз бир адис жана өтө кылдат устаны көрсөткөн сыяктуу; ааламды толтурган эсепсиз тирүү машиналар (жандыктар) да, ар бири миңдеген илим кереметтерин көрсөтүшүүдө. Албетте, жылдыз курттун жарыгына салыштырмалуу күндүн нуру (жарыгы) даражасында илимдин көрүнүштөрү менен ал жандыктар уста жана түбөлүктүү усталарынын (жаратуучуларынын) бар экенине жана мабудиятына (ибадат кылынууга ылайыктуулугуна) апачык күбөлүк беришет.17

Керемет бир иш аны жасаган бирөөсүз болбойт. Маанилүү бир китеп жазуучусуз болбойт. Чебер бир оймо-чийме узсуз болбойт... Албетте, бул ааламды толтурган өкүм кылган иштердин бир жасагычы жана жер жүзүнүн ар мезгил сайын жаңырып турган таң калыштуу оймо-чийме кооздуктарынын, маанилүү катынын бир жазуучусу, бир узу бар.18

Page 29: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Раббибизди бизге сүрөттөгөн үч чоң, жалпы котормочу бар. Бирөөсү: мобул аалам китеби. Бирөөсү: мобул улуу китептин улуу аяты болгон Хатемүъл-Энбия (Акыркы пайгамбар) алейхиссалату вассалам. Бирөөсү болсо Кураны Азимүшшан (Улуу Куран).19

Башыңды көтөр, көзүңдү ач! Мобул ааламдын улуу китебин бир кара; ал ааламдын жалпы пейзажынын улуулугу даражасында бир тактык менен Жалгыздыктын мөөрүн көрсөтүп жатканын көрөсүң.20

Бүт мөмөлөр жана ичиндеги уруктар Раббаний даанышмандыктын бир керемети, Аллахтын чеберчилигинин бир керемети, Аллах мээриминин бир тартуусу, Аллахтын жалгыздыгынын бир материалдык (заттык) далили, акыретте Аллахтын берешендиктеринин бир сүйүнчүсү, кудуретин толук түшүнүүгө жана илиминин капташына бир чынчыл күбө болуп; мобулар көптөгөн нерселер ааламында жана мобул дарак сыяктуу көбөйгөн бир ааламдын айланасында жалгыздыктын (Аллахтын жалгыздыгынын) күзгүлөрү. Көздөрдү көптүктөн жалгыздыкка бурушууда.21

Эгер акылың күмөндөрдүн арасында калбаган болсо муну түшүнөсүң: бир кудурет сөзүн, мисалы, бал аарыны көп буюмдарга бир кичинекей каталог сымал кылуу; жана бир бетте, мисалы адамда мобул аалам китебинин көбүрөөк маселелерин жазуу, жана бир чекитте, мисалы кичинекей анжир (инжир) данегинде чоң анжир дарагынын программасын ичине камтуу жана бир тамгада, мисалы адам жүрөгүндө мобул улуу ааламдын баскычтарында чагылып, курчаган бүтүн ысымдарынын издерин көрсөтүү жана бир жасмык (чечевица) уругундай жерди ээлеген адам эс-тутумунда бир китепканадай текст жаздыруу жана бүт нерсе менен байланыштуу окуялардын кеңири маалыматтуу каталогун ичине камтуу, албетте жана албетте, Бүт нерсенин Жаратуучусуна тиешелүү жана бул ааламдын Рабб-и Зүлжелалына тиешелүү бир мөөр.22

Мехмед Захид КоткуМехмед Захид Котку 1897-1980-жылдар арасында жашаган. Өмүр бою даанышман сөздөрү,

сабактары жана Курандык кызматтары менен адамдарга мугалим болгон. Куранды өзүнө жол башчы тутуп, адамдарга түшүндүрүүгө аракет кылган. Адамдарга Аллахтын бар экендигинин анык далилдери болгон ыйман акыйкаттарын айтып берген. Эмгектериндеги ыйман акыйкаты мисалдары жана ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү жөнүндөгү сөздөрүнүн кээ бирлери төмөнкүдөй:

Ойлонгон бир коом үчүн Аллах Тааланын бар экени жана жалгыздыгы жөнүндө жерлерди жана асмандарды ойлогондо сансыз сабактар жана белгилер бар. Ошондуктан, кайра кайра жерлерди жана асмандарды кароо жана алардан сабак алуунун Женабы Хакка (Аллахка) бурулууга себепчи болоорунда эч күмөн жок.23

Аллахтын макулуктарын жерде, асманда, деңизде, абадагыларынын түрү менен санын биле алабызбы? Мунун санын жаратуучубуз улуу Аллахтан башка эч ким биле албайт. Микроб деп бизди аябай коркуткан жана көзгө көрүнбөгөн кичинекей, бирок адамдарды, ал тургай, жаныбарларды жана ал тургай мөмөлөрүбүздү кыйнаган жана биз эч түгөтө албаган жандыктар Аллах Тааланын бар экенин жана жалгыздыгын далилдөөгө жетпейби? Ошол кичинекей макулук кантип чоң бир адамды бир заматта жерге жаткырып, өлүмгө чейин алпарат. Албетте, ойлонгон адам үчүн мында көп насаат (сабак) бар.24

Page 30: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Көрүнүп тургандай, Ислам аалымдары ар доордо ыйман акыйкаттарын динге чакырууда эң алдыңкы планда тутушкан. Эмгектериндеги сөздөрүнөн да көрүнүп тургандай, Ислам аалымдары ыйман акыйкаттары жөнүндө терең ойлонушкан. Бул ой жүгүртүүлөрүн башка адамдарга да айтып берип, аларды Аллахтын бар экендигинин далилдерин түшүнүүгө, Аллахтын сыпаттары жөнүндө ойлонууга чакырышкан.

Алардын мындай ой жүгүртүү ыкмасы бизге өрнөк болушу керек жана азыркы заманбап доор бизге сунган бүт илимий жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, ыйман акыйкаттарын жакшыраак үйрөнүп, изилдеп, чечмелешибиз керек.

Page 31: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

4- БӨЛҮМБУЛ ЗАМАНДЫН АЛДАМЧЫЛЫГЫНА ЭҢ

НАТЫЙЖАЛУУ ЧЕЧҮҮ ЖОЛУ: ЫЙМАН АКЫЙКАТТАРЫ

Биз жашап жаткан доор – өткөн доорлорго салыштырмалуу Аллахка, динге баш көтөрүү эң жогорку чекке жетип, дүйнө жүзүнө тарап, ал тургай, Аллахтын бар экендиги жана бүт нерсени Анын жаратканы апачык четке кагылып жаткан бир доор.

19-кылымга чейин батышта да, чыгышта да динсиздик жана атеизм белгилүү маргиналдуу кишилер же топтор тарабынан гана жакталып келген. 19-кылымдан баштап болсо мындай пикирлерди бүт элдерге сиңирүүнү көздөгөн системалуу жана пландуу бир пропаганда башталды. Дагы эле уланып жаткан бул пропаганданы материалисттик идеологияны жана дүйнө көз-карашын жактаган чөйрөлөр жүргүзүшүүдө. Бул чөйрөлөр тарабынан башкарылып, жол көрсөтүлгөн атеизм пропагандасы өнүккөн илим менен технологиянын медиа (массалык маалымат каражаттары) жана башка байланыш каражаттарын да кеңири колдонуу аркылуу эң алыс жактагы адамдарга чейин жеткириле алды.

Учурдагы бул эң чоң алдамчылыктан кутулуунун эң натыйжалуу жолу – бул адамдарга ыйман акыйкаттарын айтып берүү. Муну көрүү үчүн алгач материалисттик көз-караштын жана эволюция теориясынын пикирлерин кыскача карайлы.

Кылымдын фитнасы: «материалисттик көз-караш – эволцюция теориясы»Бүгүнкү күндө Аллахтын бар экендигине жана бүт нерселерди Анын жаратканына каршы согуш

ачкан эң чоң жана эң кеңири масштабдуу пикирдик агым – бул материалисттик философия. Бул философия таянган «илимий пайдубал» болсо – бул «эволюция теориясы». Эч бир илимий жана логикалык далилге таянбаганына, акыл менен илимге таптакыр сыйбаганына карабастан, ар кандай пропаганда, көз бойомочулук жана алдамчылык ыкмалары аркылуу бул калп дүйнө жүзүндө белгилүү материалисттик очоктор тарабынан адамдарга сиңирүүгө аракет кылынууда. Учурда дүйнөдө адамдардын Аллахка болгон ишенимин жок кылган, аларды атеист кылган жалгыз маанилүү пикирдик агым – бул эволюция теориясы, башкача айтканда, дарвинизм.

Белгилүү атеист эволюционист профессор Ричард Доукинс «Дарвинден мурда атеист болуу илимий жактан мүмкүн эмес эле, Дарвин бизге бул мүмкүнчүлүктү берди» деп муну таамай айткан.

Бүгүнкү күндө эволюция теориясы гезит-журнал, китептер жана телевизор аркылуу кирбеген эч бир үй, бул теорияны укпаган эч бир адам дээрлик калган жок. Бул жагдай бүт батыш дүйнөсүнө да, Түркияга да, ал тургай, башка бүт Мусулман өлкөлөргө да тиешелүү. Окуу китептерине да киргизилген бул теория сансыз калп жана көз бойомочулуктар аркылуу жаш бала кезден баштап адамдардын аң-сезимине сиңирилип, «адамдар кокустуктар натыйжасында пайда болду, маймылдан келип чыкты» деген сыяктуу тантык калптар менен адамдар алданышууда. Биринчи класстан баштап университетке чейин бул эволюционист калптар аркылуу элдердин мээси жуулууда.

Page 32: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Пайгамбарыбыздын «Эч бир тарап андан коргоно албаган бир фитна чыгат, ал фитна турган жеринен заматта башка бир тарапка жайылат...»25 деген хадиси ушул абалга ишарат кылып жаткан болушу мүмкүн. Чындап эле эволюция теориясынын тантык пикирлери учурдагы байланыш технологиясынын мүмкүнчүлүктөрү менен (журнал, гезит, китеп, интернет, спутниктик байланыш ж.б. ...) ушунча тарай алды. Бүгүнкү күнгө чейин Аллахтын бар экендигине, бүт нерсени Аллахтын жаратканына жана динге каршы согуш ачкан, дүйнөлүк масштабда мынчалык тараган бир атеисттик пикирдик система балким эч болгон эместир.

Мына ушул себептерден улам учурда ыйманга каршы эң чоң душмандын дарвинизм жана дарвинизмден колдоо тапкан идеологиялар экени апачык көрүнүп турат. Муну бир аз тереңирээк караганыбызда, дарвинизмдин негизи коомдо өкүмчүлүк кылган динге жана адеп-ахлакка карама-каршы маданияттын эң чоң булагы экенин көрөбүз. Учурда Мусулмандарга көрсөтүлгөн кысымчылыктардын, атеизмдин, тездик менен тараган адеп-ахлаксыздыктын, коомдордун бузулушунун тамырында да пикирдик мааниде дарвинизм турат.

Туура эмес баалуулуктардын тамыры:«дарвинизм»Эволюция теориясы «жандыктар кокустуктар жана жашоо күрөшү натыйжасында

эволюциялашат» деген жалганды жактайт. Натыйжада дарвинизм адамга «эч кимдин алдында жооптуу эмессиң, кокустуктар натыйжасында пайда болгонсуң, жашаш үчүн күрөшүшүң, керек болсо башкаларды эзишиң керек, бул дүйнө уруш-талаш жана кызыкчылык дүйнөсү» деген пикирди сиңирет. «Табигый тандалуу», «жашоо күрөшү», «күчтүүлөрдүн жашашы» деген сыяктуу биологиялык дарвинист түшүнүктөр коомго мына ушул пикирди сиңирүүнү көздөйт.

Дарвинизмдин бул пропагандасынын канчалык натыйжалуу болуп жатканын көрүү үчүн коомдун баалуулуктарына байкоо жасоо жетиштүү болот. Учурдагы коомдорду караганыбызда адамдардын көпчүлүгүнүн дүйнөдө өмүрүн улантуу, жакшы кесипке ээ болуу, мал-мүлк жана акча табуу, ойноп-күлүү жана ушундайча «жашоо күрөшүндө жеңишке жетүү» үчүн жашап жатканын көрөбүз. Өзгөчө жаштардын арасында люкс үйлүү же машиналуу болуу, каалашынча акча коротуу эң чоң идеалдарга айланган. Мындай түшүнүктөгү адамдар эмне үчүн жаралдым деп сурабайт, Аллахтын бар экенин эч ойлонушпайт. Эч жаратылбагандай, аларды жараткан Аллахтын алдында эч бир жоопкерчиликтери жоктой жашашат. Бул адамдардын көпчүлүгүнүн балким эволюция теориясынын пикирлеринен, Дарвиндин көз-караштарынан кабары да жок. Бирок жашоого белгилүү очоктор тарабынан жайылган дарвинисттик бир логика менен карашат.

Мунун себеби – мына ошол «жашыруун дарвинизм пропагандасы». Дарвинизм, аты андай аталбаса да, белгилүү чөйрөлөрдүн пропагандалары себебинен коомдун көпчүлүгүнө өкүмчүлүк кылган бир адеп-ахлак түшүнүгүнө айланды.

Бул адеп-ахлак түшүнүгү адамдарды өзүмчүл, кызыкчылыкты көздөгөн, таш боор жана заалым болууга үндөп, боорукердик, мээрим, башкаларга жакшылык кылуу, жөнөкөйлүк сыяктуу баалуулуктарды болсо жок кылууда жана муну «жашоо эрежелеринин» бир талабындай көрсөтүүдө. Мындай заалым бир көз-караштын бүт дүйнөгө кыйроо алып келээри талашсыз.

Page 33: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Мындай туура эмес адеп-ахлак түшүнүгүнүн таасири астына киргендер дарвинизмди илимий бир чындык деп ойлоп, ага ишенишүүдө. Акыйкат динди болсо «элдердин салттык бир ишеними» деп ойлошууда. Куранда динди тангандардан (атеисттерден) «Раббиңер эмне түшүрдү?» деп суралганда, алардын «илгеркилердин жомокторун» (Нахл Сүрөсү, 24) деп жооп берээри айтылат.

Чындыгында болсо акыйкат дин, б.а. Ислам адат-салттар менен эч кандай байланышы жок, апачык бир чындык. Адамдын аны жараткан Аллахка бурулушу. Бирок дарвинизм менен алданган же бул диндин таасири астында калган кишилер бул чындыкты түшүнө албай турганчалык даражада аңкоо болуп калышкан. Бул негизсиз (жалган) динди жок кылуу, элдердин үстүндөгү капылеттик пардасын ачуу үчүн дарвинизмди жана материалисттик философияны илимий ыкмалар менен кыйратуу шарт. Ыйман акыйкаттары мына ушул себептен өтө маанилүү.

Эң натыйжалуу ыкма:«ыйман акыйкаттары»Дүйнө жүзүндөгү адамдар да кошо, бүт жандыктарды кокустуктар натыйжасында пайда болгон

деген эволюция теориясына каршы Аллахтын бүт ааламды жаратып, бүт нерсени башкарып тураарын көрсөтүүчү далилдер болгон ыйман акыйкаттарын үйрөнүү, башкаларга айтып берүү жана адамдарга жеткирүү эң натыйжалуу ыкма болот. Себеби ыйман акыйкаттары эволюционисттердин «кокустук» логикасына таянган теорияларын толугу менен жок кылып, бир Жаратуучу бар экенин көрсөтүүдө жана Аллахтын теңдешсиз жаратуусун көз алдыга тартуулоодо.

Мисалы, ыйман акыйкаттарынын бири болгон көз - «көздөрдү ойлонуу мени бул теориямдан көңүлүмдү суутту (алыстатты)» деген Дарвинден бери эволюционисттерди туюкка такаган жаратуу далилдеринин бири. Көздүн түзүлүшү жана функциялары изилденгенде, эволюционисттердин мындай качуусунун себеби жакшыраак түшүнүктүү болот. Көз көптөгөн ар кандай органелл жана бөлүктөн турган татаал бир түзүлүшкө ээ. Таң калаарлык майда-бараттуу жана комплекстүү функциялары бар. Булардын баары көздү түзгөн органелл менен бөлүктөрдүн бир-бири менен координацияда иштеши натыйжасында жасалат. Бөлүктөрдүн бирөөсүнүн эле жок болушу көздүн ишке жараксыз болушуна себеп болот. Бул болсо эволюция үчүн кутулгус бир туюк. Себеби эволюция бүт органдар убакыттын өтүшү менен акырындап өзүнөн-өзү пайда болгон дейт. Көздүн бүт органеллдери менен бирге толугу менен, бир учурда пайда болуу мажбурдугу мындай кокустуктарга таянган бир процесс эч качан болушу мүмкүн эмес деген мааниге келет.

Көз жашын чыгарбаган бир көз кыска убакыт ичинде кургап, сокур болуп калат. Болгондо да, көз жашы антисептикалык касиетинен улам көздү микробдордон коргойт. Эволюционисттер «көз жашы жок болсо бир канча сааттын ичинде куурап калчу көз «эволюция процесси» ичинде көз жашы бездери пайда болгонго чейин миллиондогон жыл бою кантип чыдаган» деген суроону ойлогулары да келбейт. Болгондо да, көз өз функциясын аткара алышы үчүн, бүт орган жана системалары менен бар болгон бир денеден тышкары, айнекчел, конъюнктива (көздүн былжыр чели), көздүн карек айланасындагы чели (iris), карек, чечекей (көздүн линзасы), торчо (тордомо чел), сосуддук кыртыш, көз булчуңдары, көз кабактары сыяктуу кыртыш жана органеллдер талап кылынат. Мындан тышкары, көз менен мээнин байланышын камсыз кылган кереметтүү бир нерв тармагы менен мээдеги өтө комплекстүү көрүү

Page 34: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

аймагы болмоюнча, көрүү мүмкүн эмес. Бул саналгандардын баары кокустан эч качан пайда боло албай турганчалык өзгөчө жана комплекстүү түзүлүштөргө ээ.

Бул органеллдердин кандайдыр бирөөсү, мисалы көздүн чечекейи болбосо көз эч нерсеге жарабайт. Ал тургай, көз чечекейи менен каректин орду алмашып калса, көз кайра эле ишке жараксыз болуп калат. Кыскасы, көздүн түзүлүшү – өтө кылдат бир пландын натыйжасы. Бир даанасы да кокустуктар натыйжасында өзүнөн-өзү пайда боло албаган бул органелл менен кыртыштардын белгилүү бир планга ылайык бир учурда, бир жерде пайда болуп калышынын бир гана логикалуу жана жарактуу түшүндүрмөсү бар. Көздү түзгөн бүт органеллдерди чексиз акылдуу жана кудуреттүү Аллах жараткан.

Мына ушул ыйман акыйкаты мисалынан да апачык көрүнүп тургандай, бир даана көздүн дагы кокустан пайда болушу мүмкүн эмес, демек жандыктардын кокустан пайда болушу такыр эле акылга сыйбайт. Дарвинизмдин канчалык жалган жана тантык пикирлерге таянган бир теория экени анык көрүнүп турат.

Дарвинизмдин негизсиз (ойдон чыгарылган, жалган) ишенимдердин, атеизмдин жана динсиз бир адеп-ахлак түшүнүгүнүн пикирдик пайдубалы экени анык; ыйман акыйкаттары болсо чындыктын, акыйкаттын дал өзү. Ошондуктан ыйман акыйкаттарын башкаларга айтып берүү, бүт адамдарга жеткирүү дарвинизмдин негизсиз (жалган) пикирдик системасын жок кылат. Куранда айтылгандай мээсин талкалайт. Куранда бул сөз айкашы колдонулган аят төмөнкүдөй:

Жок, Биз чындыкты батылдын (негизсиз жалгандын) үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (батылдын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болуп кеткен болот. (Аллахка карата) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. (Анбия Сүрөсү, 18)

Аятта апачык кабар берилгендей, батыл (негизсиз жалган) бир көз-караш акыйкаттардын ортого коюлушу менен жок болот. Дарвинизм айткан жалгандар менен негизсиз көз-караштар да абсолюттук чындыктар болгон ыйман акыйкаттарынын ортого коюлушу жана адамдар арасында тарашы натыйжасында жок болот. Илим дүйнөсүндө бул процесс эбак эле башталды.

Батыш дүйнөсү ыйман акыйкаттарын кайрадан таап баштадыУчурда дүйнөдө эволюция теориясына каршы чыккан, бул теориянын жараксыз экенин жактаган

көптөгөн илимпоздор бар. Бул илимпоздор жашоо эволюция теориясы айткандай кокустан пайда болгон эмес, акылы жана аң-сезими бар бир зат тарабынан жаратылган, ааламдагы кемчиликсиз жана өтө так физикалык тең салмактуулуктардын, тирүү организмдердин денелериндеги комплекстүү орган жана системалар же жандыктардын молекулярдык деңгээлдеги комплекстүү түзүлүштөрү материализмдин «кокустук» көз-карашын апачык кыйратат жана жаратылууну (Жаратуучунун бар экенин) далилдейт дешүүдө. Өзгөчө акыркы 20 жыл ичинде бул чындыкты жактаган илимпоздор тарабынан жүздөгөн илимий китеп, макалалар жарык көрүп, жүздөгөн илимий панель жана конференциялар уюштурулду. Бул темада макалалар жарыялаган илимий журналдардын бири – бул Origins and Design (Тамырлар жана дизайн (долбоор)) аттуу журнал жана бул журналда эволюция

Page 35: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

теориясынын көз-караштарын кыйраткан көптөгөн илимий чындыктар жарыяланууда. Бул темадагы дагы бир мисал болсо биохимия профессору Майкл Бихинин (Michael Behe) Darwin's Black Box: The Biochemical Challange to Evolution (Дарвиндин кара кутусу: эволюция теориясынын үстүнөн биохимиялык жеңиш) аттуу китеби жана бул китеп Түркчөгө да которулган.

Бул илимпоздор айткан бул темадагы далилдерге материалисттер менен дарвинисттер эч жооп бере алышкан жок. Натыйжада эволюция теориясынын бир алдамчылык экени учурда илим дүйнөсүндө да, коомдо да көп адамдар тарабынан байкалды.

Ыйман акыйкаттары Дарвин дооруна чейин Батыш илиминин негизги түшүнүктөрүнүн бирин түзчү. Кеплер, Ньютон, Кювье, Линней сыяктуу көптөгөн белгилүү илимпоздор ааламды же жандыктарды «Аллахтын далилдерин көрүү» ниети менен изилдешкен. Уильям Пейли (William Paley) аттуу илимпоз тарабынан жазылган жана 1802-жылы жарык көргөн Natural Theology: or, Evidences of the Existence and Attributes of the Deity, Collected from the Appearances of Nature (Табигый теология: же Аллахтын бар экендигинин жана сыпаттарынын табияттагы чагылууларынан чогултулган далилдери) аттуу китеби көптөгөн ыйман акыйкаттарын камтыган. Китебинин кириш сөзүндө бир саат мисалын берип, бир талаада баратып жерден бир саат таап алган бир адамдын «муну табият кокустан жасаган болушу керек» деп ойлобой турганын, ар бир сааттын бир саат жасагыч устаны далилдээрин айткан. Андан соң жандыктын органдарын изилдеп ар бири бир сааттан алда канча комплекстүү түзүлүштөр камтыйт жана Аллахтын бар экенин далилдейт деген.

Дарвин мына ушул түшүнүккө каршы күрөшүп, аны жок кылууга аракет жасаган. Жандыктардын «ыйман акыйкаты» эместигин, кокустуктар натыйжасында пайда болгонун, табияттын бул жандыктарды пайда кыла турган бир күчкө ээ экенин айтып чыкты. Дарвиндин мындай пикирлеринин жайылышынын себеби – ал доордо жандыктардын чындыгында канчалык комплекстүү экендигинин белгисиз болушу эле. Болгондо да, табият жөнүндө жетиштүү санда эксперимент жана байкоолор жасала элек болчу жана Дарвин «табияттын эволюция механизмдери» деген факторлордун чындыгында эч өзгөртүп-өнүктүрө турган күчү жок экени аныктала элек эле.

Дарвинден бери өткөн болжол менен 1,5 кылымдык убакыт ичинде Батыш илими бул чындыктарды бир-бирден ачып, дарвинизмди далилдөө үчүн аракеттенип жатып, бирок иш жүзүндө бул теориянын канчалык чоң бир жаңылыштык экенин көрсөттү. (Дарвиндин учурдагы эң фанаттык жактоочуларынын бири атеист Ричард Доукинс бул пикирди The Blind Watchmaker (Сокур саатчы) аттуу китеби аркылуу акыркы бир үмүт менен жактоого аракет кылды, бирок ийгиликке жете алган жок.) Жана илим бир кездерде Пейлинин айткандарынын тууралыгын, жандыктардын чындап эле бир «ыйман акыйкаты» экенин далилдеди. Майкл Бихи бул чындыкты китебинде төмөнкүчө айтат:

Пейлинин көз-караштарына ким жооп бере алган? Ал саат бир пландап жасаган бирөөсүз кантип пайда болгон болушу мүмкүн?... Чындыгында Пейлинин көз-карашын эч качан кыйрата алышкан эмес. Дарвин же Доукинс, илим же философия эч качан сааттын бир пландап жасаган бирөөсүз кантип пайда болгонун түшүндүрө алган эмес.26

Ыйман акыйкаттарын кайрадан табуу – илим дүйнөсү менен бирге бүт дүйнөгө түп-тамырынан таасир тийгизе турган бир окуя. Мунун натыйжасында 1,5 кылымдан бери дүйнөнү алдаган материалисттик философия кыйрап, адамдар Аллахтын бар экенин түшүнүшөт жана Ал үйрөткөн адеп-ахлакка ылайык жашап башташат. Ыймансыздык (атеизм, материализм) дүйнөгө алып келген балээлер

Page 36: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

жоголуп, дарвинизмден колдоо тапкан фашисттик, коммунисттик же капиталисттик идеологиялардын ордуна дин алып келген сонун адеп-ахлак орнойт.

Бул окуялар ишке ашышы үчүн болсо ыйман акыйкаттарын үйрөнүү, түшүнүү жана бүт адамдарга жеткирүү эң негизги рольду ойнойт. Ыйман акыйкаттары, Аллахтын каалоосу менен, атеист-материалисттердин калптарын, көз бойомой жалгандарын жутуп жок кылган Аз. Мусанын асасы сыяктуу, азыркы замандын алдамчылыктарын жок кылат.

Жок, Биз чындыкты батылдын (негизсиз жалгандын) үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (батылдын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болуп кеткен болот. (Аллахка карата) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. (Анбия Сүрөсү, 18)

Page 37: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

5- БӨЛҮМЫЙМАН АКЫЙКАТТАРЫ МИСАЛДАРЫ

Ыйман акыйкаттарын беш сезимибиз жеткен бүт жерде көрүүгө болот. Чоң кичине, жандуу жансыз жаратылган бүт нерседе аны Жаратканга алпарчу бир жол бар. Бул болсо ыйман акыйкаттарынын санап бүткүс көп экендигинин бир көрсөткүчү. Аллахка жакыныраак болууну жана бейиште жогору даражалар менен сыйланууну каалаган ар бир ыймандуу адам күчүнүн жетишинче ыйман акыйкаттары жөнүндө маалымат алууга, аларды ойлонууга жана натыйжада ыйманын бекемдөөгө жана мындай күчтүү ыйман менен Аллахты ыраазы кыла турган бийик адеп-ахлакты жашоого аракет кылышы зарыл.

Бул китепти окуп жатып ыйман акыйкаттарынын канчалык маанилүү экенин түшүнгөндөр ыйман акыйкаттарын үйрөнүп алар жөнүндө ойлонуп башташат. Ушул себептен китебибиздин бул бөлүмүндө ыйман акыйкаттары жөнүндө ойлонуп баштагандарга көмөкчү болуу үчүн ааламдагы миллиондогон ыйман далилинен бир канча мисал каралган.

ЫЙМАН ДАЛИЛДЕРИНЕ ДЕНЕБИЗДЕН МИСАЛДАР

Сиз бул текстти окуп жатканыңызда денеңизде миллиондогон процесс жүрүп жатат. Бул процесстерде денеңиздин кайсы аймагында кайсы клеткалардын эмнеге муктаж экени эсептелип, кайсы кызматтарды кылышы керек экени аныкталып, клеткалардын муктаждыктарын канааттандыра турган чаралар көрүлүп, клеткаларга эмнелерди жасашы керек экени бир-бирден айтылууда.

Мисалы, бул текстти окушуңузга шарт түзгөн көз клеткаларыңыз азыктануу үчүн глюкозага муктаж болушат. Бул үчүн каныңызда канча шекер (кант) болоорун эсептөөчү жана шекер көлөмүн туруктуу кармоочу бир система курулуп, денеңизге орнотулган. Жүрөгүңүздүн мүнөтүнө канча жолу согушу керек экени, сөөктөрүңүздө кампаланган кальцийдин көлөмү, бөйрөктөрүңүз бир мүнөттө тазалаган кандын көлөмү жана ушуга окшогон миңдеген нерселер өтө так бир пландоо жана клеткалар арасындагы байланыш тармагы аркылуу эсептелип, уюштурулууда.

Бүт бул уюштуруу ишин жасаган болсо – денебиздеги системалардын бирөөсү гана. 100 триллион клеткабыздын бир-бири менен координациялуу иштешин камсыз кылган бул химиялык байланыш системасы – бул гормон системасы. Гормон системасы нерв системасы менен бирге дене клеткаларынын координациясын камсыз кылат. Эгер нерв системасы интернет аркылуу жөнөтүлгөн кабарларга окшотулса, анда гормон системасы кат аркылуу жөнөтүлгөн кабарларга окшошот; жайыраак, бирок көбүрөөк убакытка таасир тийгизет. Гормон системасынын денебиздеги таасирин чоңоюу темасы аркылуу карайлы.

Page 38: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Денебиз кантип бирдей катышта чоңойот?Бир жашка чыккан бир наристенин салмагы төрөлгөн күнүнө салыштырмалуу болжол менен эки

эсе оор, бою 50%га узун болот. Жыл өткөн сайын салмагы укмуш бат өсүп, бою узарат.Мына ушул керемет чоңоюу клеткаларыбыз арасындагы кемчиликсиз байланыш натыйжасында

ишке ашат. Денебиз биз үчүн химиялык бир байланыш системасы аркылуу башкарылат. Бул системанын мүчөсү жана гормон деп аталган кабар ташыгычтар өмүрүбүздү улантышыбызды камсыз кылган буйруктарды клеткалар арасында алып барып, алып келишет. Ушул байланыш системасы натыйжасында денебиз бирдей катышта, б.а. бүт тарабы бирдей чоңойот.

Чоңоюу кереметиГипофиз бези – көлөмү төө буурчактай (нокоттой) болгон кичинекей кызгылт түстөгү бир тиштем

эт. Мээнин астында жайгашкан гипоталамус аймагына кичинекей бир сап менен уланган. Ушул байланыш аркылуу гипоталамустан түздөн-түз буйрук алат. Ошол буйруктарга жараша керектүү гормонду өндүрүп, денеде зарыл болгон жөнгө салууларды камсыз кылат.

Гипофиздин денедеги жөнгө салууларынын бири – бул дененин чоңоюшу.Адам денесиндеги чоңоюу процесси эки түрдүү жүрөт. Биринчиси, кээ бир клеткалардын

көлөмүнүн чоңоюшу аркылуу, экинчиси болсо кээ бир клеткалардын бөлүнүп көбөйүшү аркылуу болот. Бул эки процесске тең шарт түзүп, башкарган нерсе – бул чоңоюу гормону.

Гипофиз безинен чыгарылган чоңоюу гормону бүт дене клеткаларына таасир берет. Ар бир клетка гипофиз безинен ага келген кабардын маанисин билет. Эгер чоңоюшу керек болсо чоңойот, бөлүнүп көбөйүшү керек болсо көбөйөт.

Мисалы, жаңы төрөлгөн бир наристенин жүрөгү бойго жеткен кездегисинин болжол менен 16дан биринчелик болот. Бирок, клеткалардын жалпы саны бойго жеткен кишинин жүрөгүндөгү клеткалардын саны менен бирдей. Чоңоюу гормону чоңоюу учурунда жүрөк клеткаларынын ар бирине таасир тийгизет. Ошентип ар бир клетка чоңоюу гормонунун ага берген буйругунчалык чоңойот. Натыйжада жүрөк да чоңоюп бойго жеткен бир адам жүрөгүнө айланат.

Денедеги башка клеткалар –мисалы булчуң жана сөөк клеткалары- чоңоюу периоду бою бөлүнүп көбөйүшөт. Ал клеткаларга канчалык бөлүнүшү керек экенин да кайра эле чоңоюу гормону айтат.

Чоңоюу гормонунун бүт дене клеткаларына таасир бере алышы да өтө чоң бир керемет. Эгер кээ бир клеткалар чоңоюу гормонуна моюн сунуп, кээ бир клеткалар болсо бул гормонго баш ийбей койгондо, мунун аягы жаман болмок. Мисалы, жүрөк клеткалары чоңоюу гормону буйрук кылгандай чоңоюп жатканда, көкүрөк сөөктөрү клеткалары көбөйүүдөн жана чоңоюудан баш тартса эмне болмок? Албетте, чоңойгон жүрөк кичинекей бойдон калган көкүрөк сөөгү ичинде кысылып, натыйжада адамдын өлүмүнө себеп болмок.

Же мурун сөөгү чоңоюп жатканда, мурун териси чоңоюуну токтотуп койсо, мурун сөөгү мурун терисин айрып сыртка чыкмак. Денедеги бүт булчуңдар, сөөктөр, тери жана органдар бирдей катышта, бир-бирине туура келе тургандай чоңоюшат. Буга ар бир клетканын чоңоюу гормонуна моюн сунушу шарт түзөт.

Бул жерде төмөнкүдөй суроо туулат;

Page 39: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Гипофиз бези кандайча болуп клеткалардын бөлүнүшү же чоңоюшу үчүн керектүү болгон формуланы билет? Бул өтө керемет бир кубулуш. Себеби көлөмү төө буурчактай болгон бир тиштем эт денедеги бүт клеткаларга буйрук берип, ал клеткалардын чоңоюшун же бөлүнүшүн камсыз кылууда.

Мына ушул жерде Аллахтын кемчиликсиз жаратуусун дагы бир жолу көрөбүз. Кичинекей бир аймакта жайгашкан клеткалар триллиондогон клетканын белгилүү бир тартипте бөлүнүшүн жана чоңоюшун камсыз кылышууда. Бирок бул клеткалардын адам денесин сырттан көрүп, дененин канчалык чоңоюшу жана кайсы этапка келгенде токтошу керек экенин билүү мүмкүнчүлүгү жок. Бул аң-сезими жок клеткалар дененин караңгылыгы ичинде эмне кылып жатканын да билбей, чоңоюу гормонун өндүрүшүүдө. Болгондо да, дал өндүрүштү токтотушу керек болгон кезде токтотушууда.

Чоңоюу гормону жөнүндө бул жерге чейин айтылган бүт майда-бараттар жана өтө чиелешкен мындай кылдат тең салмактуулуктар бир гана чындыкты көрсөтүүдө: адамды бир жолуда кемчиликсиз кылып Аллах жараткан. Аллах жаратуусундагы жогорулук жөнүндө Куранда мындай деп билдирет:

Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз пайда (бар) кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)

Супер көзөмөлчүлөр:ферменттерЖандыктардын денелеринде ар бир секунда сайын сансыз көп процесстер жүрөт. Бул процесстер

ушунчалык татаал болгондуктан, ар бир этабында бүт башаламандыкты контрольдоочу, тартипти камсыз кылуучу жана окуяларды ылдамдатуучу «супер көзөмөлчүлөрдүн» кийлигишүүсүнө муктаждык бар. Бул супер көзөмөлчүлөр – ферменттер.

Ар бир жандуу клеткада ар бири өзүнө тиешелүү жумушун жасаган, мисалы, ДНКнын копияланышына жардамчы болгон, азык заттарын майдалаган, азыктардан энергия өндүргөн, жөнөкөй молекулалардан чынжыр жасалышын камсыз кылган жана ушул сыяктуу сансыз иштерди жасаган миңдеген көзөмөлчүлөр бар.

Бул көзөмөлчүлөр ферменттер. Ферменттер жандуу денелердеги тартиптен жооптуу.Ферменттер клетка ичинде митохондрияларда өндүрүлөт. Көп бөлүгү белоктордон турат, калганы

болсо витамин жана витамин сымал заттар. Эгер бул ферменттер болбогондо, эң жөнөкөйүнөн эң татаалына чейин дээрлик эч бир функцияңыз иштемек эмес же токтоп калгандай жай болуп калмак. Бул эки жагдайдын тең аягы өлүм менен бүтмөк. Дем ала албай, эч нерсе жей албай, тамак сиңире албай, көрө албай, сүйлөй албай калмакпыз, кыскасы жашай алмак эмеспиз.

Ферменттердин эң негизги милдети – бул денедеги бир катар химиялык реакцияларды баштап токтотуу жана аларды ылдамдатуу. Денедеги клеткалар өз кызматтарын орундатып жатканда, курамындагы химикаттар реакцияга кириши керек болот. Химиялык реакциялар башталышы үчүн жогорку температура талап кылынат. Мындай жогорку температура болсо жандуу клеткалардын өмүрлөрүнө кооптуулук жаратып, клеткалардын өлүмүнө себеп болот. Бул маселени ферменттер чечет.

Жогорку температураны талап кылбастан, ферменттер химиялык реакцияларды башташат же ылдамдатышат, бирок өздөрү реакцияга киришпейт. Мисалы, дем алып чыгарып жатканда көмүр

Page 40: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

кычкыл газынын каныбыздан тазаланышында кызмат кылган бир фермент натыйжасында аба жетпей калбастан өмүр сүрөбүз. Себеби «ангидраз» аттуу бир фермент көмүр кычкыл газынын тазалануу процессинин ылдамдыгын 10 миллион эсеге өстүрөт. Бул ылдамдык менен ферменттер бир мүнөттө 36 миллион молекуланы өзгөртө алышат.27

Ферменттер денебизде болуп жаткандарды кайдан билишет?Ферменттер, бир тараптан, өтө маанилүү реакциялардын эң ылдам жүрүшүн камсыз кылышып,

экинчи тараптан, дененин энергиясын эң үнөмдүү пайдаланышат. Эгер адам денесин бир завод, ичинде иштеген ферменттерди болсо заводдогу өндүрүш жабдыктары деп элестетсек, мындай заводго энергия булагы чыдай албайт. Себеби 2000 түрдүү, триллиондогон машинанын мындай ылдамдыкта, кемчиликсиз иштеши үчүн өтө көп энергия талап кылынат. Болгондо да, клетканын ичиндеги жөнөкөй бир реакцияны лаборатория шартында жасоо үчүн эле өтө көп температура менен энергия сарпталышы талап кылынууда.

Ал эми клеткаларда болсо тыптынч гана иштеген ферменттер дененин температурасы жана азыктардан алган энергия менен бүт милдеттерин толук орундатышат. Бир эле ушул касиети да ферменттердин денедеги ар бир кубулушту эч кемчиликсиз жана эң ыңгайлуу абалга алып келүү үчүн пландалган жөндөмдүү «аскерлер» экенин көрүүгө жетиштүү. Азыр сиз бул китепти окуп жатканыңызда да көптөгөн ферменттер денеңиздин бүт тарабында болуп жаткан реакцияларды контрольдоп, аларды клеткаларыңыз жашашы үчүн керектүү ылдамдыкка жеткиришүүдө. Адам өз денесинде эмнелер болуп жатканын биле элек кезде, ферменттер буларды билишет жана бүт процесстерге өтө маанилүү жана керектүү кийлигишүүлөрдү жасашат. Мындан тышкары, ар бир фермент денедеги белгилүү химиялык реакцияларды ылдамдатат. Эч бир фермент башка бир ферменттин ишин жасабайт, өз ишинен адашпайт. Себеби ар бир фермент өз ишине ылайык өзгөчө кылып жасалган.

Мисалы, ферменттердин көпчүлүгү нейтралдуу абалдагы суулуу шарттарда таасирдүү боло алса, ашказанда азыктарды сиңирүү кызматын аткарган ферменттер кислоталуу жерде гана таасирдүү боло алышат.

Ферменттер эмне үчүн денедеги бүт реакцияларды эмес, белгилүү реакцияларды гана башташат?Ферменттердин формалары алар таасир тийгизген затка толук дал келет. Фермент менен ал

биригип таасир тийгизе турган зат үч өлчөмдүү татаал бир геометрияда ачкыч менен кулпу сыяктуу бир-бирине туура келет. Дененин ичинде ферменттердин өздөрүнө туура келчү затты табышы жана барып аны менен биригиши өтө аң-сезимдүү бир кыймыл-аракет. Болгондо да, ферменттер дененин бүт тарабына жайгашып, өздөрүнө туура келчү заттарды күткөн аңчыларга окшошот. Баары өз дизайнына жана касиеттерине ылайык, эң туура жерде жайгашат. Зыян тартып кала турган же таасирин жоготуп койо турган жерлерден болсо алыс болушат. Бүт реакцияларды баштоо же ылдамдатуу сыяктуу бир жоопкерчиликти аркалашы болсо өзүнчө ойлонто турган бир жагдай.

Page 41: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Ферменттер эгер аларды токтото турган бир фактор болбосо, денедеги бүт реакцияларды тынымсыз башташып, ылдамдатышат. Бул болсо, мисалы, белгилүү бир белоктун муктаждыктан ашыкча өндүрүлүшүнө же клеткадагы кээ бир тең салмактуулуктардын бузулушуна себеп болот. Ферменттин иш-аракеттерин болсо клетка жөнгө салат. Клетка фермент токтошу керек деп чечкенде, кереметтүү бир аң-сезим жана план менен ферментти «алаксытат». Бул үчүн фермент кадимки шартта бириге турган затка окшош бир затты жөнөтөт жана фермент ал зат менен биригет. Натыйжада ал «жасалма» зат ферментти белгилүү убакытка алаксытып, керексиз иш-аракетине тоскоол болот. Бирок ал жасалма зат ферментти кармаш үчүн чыныгы заттар менен атаандашышы керек болот. Ушул себептен ферментке ушундай жол менен жолтоо болуу «атаандаш ингибитор» (атаандаш жолтоо болуучу) деп аталат. Жана фермент себеп болгон реакциянын натыйжасында келип чыккан продукт белгилүү бир деңгээлден төмөнгө түшкөнгө чейин ферменттин иш-аракеттери ушундай алаксытуу ыкмасы аркылуу токтотулат.

Бул айтылгандар, албетте, бир жолу окуп өтүп кете турган кубулуштар эмес. Баарынан мурда бир жагдайды эске сала кетүү керек; жогоруда айтылган эсептөөлөрдү жасаган, чечимдерди алган, пландарды ишке ашыргандар – билимдүү, аң-сезимдүү, жоопкерчиликти билген адамдар эмес, жансыз атомдордун биригишинен пайда болгон белоктор, майлар, углеводдор, витаминдер. Клетка кампадагы запастарын текшерген сыяктуу, өндүргөн затынын санын аныктап, өндүрүштү белгилүү мөөнөткө токтото туруу керек деп чечкенде болсо өндүрүштү токтотуу үчүн өтө акылдуу бир планды колдонууда.

Клетканын ферментти алаксыта турган жасалма затты өндүрүшү жана аны дал керектүү учурда жөнөтүшү да өтө акылдуу бир кыймыл-аракет. Себеби мындай жасалма заттар дайыма бар болсо, шашылыш өндүрүш керек болгондо, ферменттерди алаксытып өндүрүшкө жолтоо болушмак. Бирок клеткалар дайыма убакытты туура пландашат. Ушунчалык уюшкан, акылдуу жана көп илим талап кылган кыймыл-аракеттердин көзгө көрүнбөгөн кичинекей молекулалар тарабынан жасалышы – Аллахтын керемет жаратуусунун көрсөткүчтөрүнөн. Бүт бул нерселердин Аллахтын буйругу менен кыймыл-аракет жасаары апачык бир чындык.

Клеткалардын кыймылдашын камсыз кылган түкчөлөрЭң жакыныбыздагы, өз денебиздеги ыйман акыйкаттарына дагы бир мисал катары жалгыз

жумушу клетканы кыймылдатуу болгон түкчөлөрдүн түзүлүшүн берели:Кээ бир клеткалар кирпиктерге окшогон түкчөлөр аркылуу кыймылдашат. Мисалы, дем алуу

каналдарындагы туруктуу клеткалардын ар биринин жүздөн түкчөсү бар. Түкчөлөр кеменин калактары сыяктуу бирдей кыймылдап клетканы алга жылдырышат.

-Бир түкчөнү тигинен кессек, анын тогуз чыбык (микрочип) формасындагы түзүлүштөн тураарын көрөбүз.

-Микротюб деп аталган чыбыктар бир-бирине кирген эки катмардан турат.-Ал катмарлардын бирөөсү 13, экинчиси 10 кылдан турат.-Микротюбиктер тубулин деп аталган белоктордон турушат.

Page 42: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

-Микротюбиктин «динеин» аттуу бир белоктуу тышкы кол жана ички кол деп аталган эки бутагы бар. Динеин белогунун кызматы клеткалар арасында мотор кызматын аткаруу жана механикалык бир күч пайда кылуу.

-Тубулин белогун түзгөн молекулалар кирпичтей тизилишип, клеткада цилиндр сымал бир форманы түзүшөт. Бирок тубулин молекулаларынын тизилиши кирпичтерден алда канча комплекстүү.

-Түкчөлөрдүн ортосунда дагы эки микротюб бар. Алар өзүнчө болушат жана он үч тубулин катарынан турушат.

-Ар бир тубулиндин үстүңкү тарабында он даана кыска дөмпөк, астыңкы тарабында болсо он даана оюк бар. Бул дөмпөк, оюктар бир-биринин ичине кире тургандай кылып жаратылган. Натыйжада өтө бекем түзүлүш келип чыгат. Бул дөмпөк, оюктардын кичине эле бузулушу клетканын түзүлүшүнө зыян тийгизет.

Булар түкчөлөрдөгү детальдардын үстүртөн кыскача бир баяны. Бул бөлүктөр бир гана түкчөгө тиешелүү жана алардын жалгыз максаты денеңиздеги триллиондогон клетканын бир даанасын кыймылдатуу. Бүгүнкү күнгө чейин жашап өткөн жана азыр жашап жаткан бүт адамдардын дем алуу клеткаларынын ар биринде ушундай татаал бир система бар. Болгондо да, бул комплекстүү жана көп бөлүктөрдөн турган система көзгө да көрүнбөй турган кичинекей клетканын ичиндеги бир түкчөнүн ичиндеги түзүлүштөр.

Кыскасы, Аллах биз көзүбүз менен көрө албай турганчалык кичинекей бир жерге өтө системалуу жана комплекстүү бир механизм орноткон. Кокустуктардын бир клетканы кыймылдатайын деп ойлоп, мындай бир системаны курушу жана ушунчалык кичинекей бир жерге батырышы эч мүмкүн эмес. Бул Аллахтын улуу жана чексиз акылы, илими жана кудурети менен гана болушу мүмкүн.

Бир анестезия адиси сымал иштеген мээ клеткаларыСөөктөр күчтүү басымга туш болгондо, денедеги башка сөөктөргө жана органдарга зыян тийбеши

үчүн ичке бөлүктөрүнөн сына тургандай кылып долбоорлонгон. Күчтүү басымга туш болуп сынган бир сөөк үчүн болсо дененин бир катар чаралары бар. Бул чаралардын бири – бул сынуу учурунда ооруну азайтуу үчүн пландалган эндорфин секрециясы.

Сынуу учурунда сокку жеген оору нервдери омуртка аркылуу мээге өтө көп сигнал жөнөтөт. Мээ клеткалары болсо алгачкы 10-15 мүнөт бою оору сигналдарын дээрлик нөлгө түшүргөн морфинге окшош бир табигый анестезия заты болгон эндорфинди чыгарып баштайт. Натыйжада жаракат алган киши кооптуу жерден алыстай алат же чара көрө алат.

Аң-сезими жок, билими жок, колу, көзү же мээси жок клеткалар морфин таасирин берген эндорфиндин формуласын кайдан үйрөнүшкөн? Эндорфинди качан чыгарышы керектигин кайдан билишет? Башка убактарда чыгарылбашы керек экенине кантип чечим алышат?

Өтө кылдат бир план менен курулган адам денесинде ушул сыяктуу дагы көптөгөн таң калыштуу жана керемет процесстер жүрүп турат. Аң-сезими жок клеткаларга бул процесстерди жасай турган акылды берген болсо Улуу Аллах.

Page 43: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Адам денесиндеги кемчиликсиз системалар Аллахтын кудуретинин далилдериненАшказандан сиңирилип ичегилерге барган азык аралашмасынын ичинде өтө күчтүү кислоталар

болот. Бул кислоталар он эки эли ичегиге чоң бир коркунуч жаратат, себеби ичегинин ашказандай өзүн коргой турган атайын бир катмары жок.

Анда кантип он эки эли ичеги кислоталардан жабыркабайт?Он эки эли ичегиге келген азыктардын ичиндеги кислотанын көлөмү кооптуу бир чекке жеткенде,

ичегинин капталындагы клеткалардан «секретин» аттуу бир гормон чыгарылат. Секретин гормону канга аралашып карын астындагы безге (панкреас) келип, аны стимулдайт. Карын астындагы без болсо он эки эли ичегидеги коркунучту жоюу үчүн бикарбонат молекулаларын ал аймакка жөнөтөт. Ошол молекулалар аркылуу ашказан кислотасы таасирсиз кылынып, ичеги корголот.

-Ичеги клеткалары аларга керектүү болгон «бикарбонат молекулаларынын» карын астындагы безде бар экенин кайдан билишет?

-Карын астындагы без он эки эли ичегиге кооптуулук жараткан кислоталарды таасирсиз кыла турган «бикарбонат молекулаларын» пайда кыла турган формуланы кайдан билет жана өндүрүштү кантип жасайт?

-Карын астындагы без ичегиден келген коркунуч кабарын кантип түшүнүүдө?Акылы бар ар бир адам кабыл ала тургандай, клеткалардын ойлонушу, өз башынча чечим алышы,

башка бир органдын өзгөчөлүктөрүнөн кабардар болушу жана формулалар чыгарышы такыр мүмкүн эмес.

Клеткаларды жогорку касиеттери менен бирге жараткан – бул ааламдардын Рабби Аллах. Аллах адамдарга денелеринде жараткан бул кемчиликсиз система аркылуу кудуретинин жана илиминин чексиздигин көрсөтүүдө.

1 грамм ДНК молекуласы = 1 триллион CD толо маалыматКелечектин компьютерлерин долбоорлогон инженерлер адам геномун «жетүүгө мүмкүн эмес»

бир долбоор (дизайн) деп сыпатташууда. Мунун себебин түшүнүү үчүн кичинекей бир салыштыруу жасайлы.

Адам денесиндеги болжол менен 100 триллион клетканын ар биринин ядросунда жайгашкан ДНК ал кишиге тиешелүү бүт өзгөчөлүктөрдү камтыган маалыматты сактап турат. ДНК акылга сыйбас жогору бир долбоорго жана маалымат сактоо сыйымдуулугуна ээ. 1 грамм ДНК молекуласы 1 триллион CDге тең маалыматты камтыйт.28 Бир даана CDге жүздөгөн китеп толо маалыматтын батаарын эстесек, 1 триллион CDлик маалыматты камтыган ДНКнын сыйымдуулугун жакшыраак түшүнө алабыз.

ДНКдагы маалымат сактоо системасы компьютер инженерлери алигече туурайбыз деп кыялдана да албай турган кемчиликсиз бир түзүлүшкө ээ.

ДНК молекуласы ар бир адамда жана ар бир жаныбарда алгач жаратылган кезден бери бар. Муну эстегенибизде, канчалык керемет жаратуу менен жаратылганыбызды апачык көрөбүз.

Ушунчалык кичинекей бир жерде белгилүү бир код системасы менен тизилген атомдордо жандыктардын түзүлүшүнө тиешелүү бүт маалыматтардын сакталуу турушу бүт нерсенин Жаратуучусу Аллахтын теңдешсиз күчүн жана чексиз акылын көрсөтүүдө.

Page 44: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

ЫЙМАН ДАЛИЛДЕРИНЕ ЖАНДЫКТАРДАН МИСАЛДАР

Эмен жыгачтын уругун тешүүчү чымын-чиркей түрүнүн механизмиБир тактайды тешүү өтө кыйын. Адам үчүн техникалык шайман колдонбой жасоо мүмкүн эмес

болгон бул ишти кичинекей бир чымын-чиркей түрү өмүр бою эч кыйынчылыксыз жасайт. Денесинен узунураак болгон бир түтүктү башында алып жүргөн эмен жыгачтын уругун тешүүчү канаттуу эмен (дуб) дарагынын жыгач сымал мөмөсүнөн (желудь) көз-каранды жашайт. Канаттуунун башындагы бул түтүктүн учунда болсо кичинекей, бирок өтө курч бир араа тиши болот.

Канаттуу кадимки убакта бул түтүктү басышына жолтоо болбошу үчүн денеси менен бирдей кармайт. Бир мөмөгө келгенде болсо түтүктү аны көздөй ийет. Бул көрүнүшүндө бургулоо (бурение) машинасына өтө окшошот. Түтүгүнүн араага окшогон учун мөмөгө таяйт. Кыймылдуу башын оңду-солду көздөй кыймылдатып түтүктү ойнотуп, мөмөнү тешип баштайт. Бул канаттуунун башы бул ишке эң идеалдуу долбоорлонгон жана укмуш эркин кыймылдайт.

Бул чымын-чиркей түрү ушинтип бургулоо жасап жатып бир тараптан түтүгү аркылуу эмен уругунун ичиндеги мөмөнү жеп азыктанат. Бирок мөмөнүн көп бөлүгүнө тийбейт, аны жаңы төрөлө турган баласына сактап койот. Тешүү иши бүткөндө, тешиктен ичкериге бир даана жумуртка таштайт. Жумуртка энеси уруктун ичинде жасаган каналдын ичине жайгашкан соң личинкага айланат. Личинка урукту жеп баштайт. Жеген сайын чоңойот, чоңойгон сайын көбүрөөк жейт. Личинка канча көп жесе, уруктун ичинде чоңоюу үчүн өзүнө ошончо көп орун жасаган болот.

Бул урук бутагынан жерге түшкөнгө чейин уланат. Уруктун жерге түшүп чыгарган үнү жана чайпалуу личинкага сыртка чыгуу убактысы келгенин кабар берет. Күчтүү тиштери менен мурда энеси тешкен тешикти чоңойтуп, тешиктен сыртка чыгат. Личинканын мындан кийинки биринчи иши өзүн жердин 25-30 смдей астына көмүү болот. Ал жерде «куурчакча» этабын өткөрүп, бир-беш жыл бою күтөт. Толук жетилип жер бетине чыкканда болсо, эми ал эмендин уруктарын бургулап баштайт. Куурчакча мөөнөтүнүн ар түрдүү болушу жаңы эмен уруктарынын жетилишине жараша болот.29

Эмен уругун тешүүчү жандыктын мындай кызыктуу өмүрү – эволюция теориясын кыйраткан жана Аллахтын жандыктарды канчалык керемет долбоорлор менен жаратканын көрсөткөн далилдердин бири. Көңүл бурулган болсо, бул жандыктын ар бир механизми белгилүү бир планга ылайык дизайн кылынган. Бургулоочу түтүгү, ал түтүктүн учундагы араалоочу тиштер, түтүктү колдонууга мүмкүндүк берген баш түзүлүшү, булардын баарын кокустуктар менен же «табигый тандалуу» менен түшүндүрүүгө болбойт. Башындагы узун түтүгү, бургулоо ишин жасай алмайынча, жандыктын башына бир жүк гана болот. Ошондуктан муну «этап этап» пайда болгон деп айтууга болбойт.

Личинканын уруктун кабыгын талкалай турган күчтүү тиштүү болушу, сыртка чыкканда жердин астына терең кириши керек экенин «билиши» жана ал жерде күтүү үчүн «сабыр кылышы» шарт. Антпесе, бул жандык урпагын уланта албай, жок болот. Булардын баарын кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт, жана бул кичинекей жандыктын өтө улуу бир акыл демонстрациясы менен жаратылганын көрсөтөт.

Page 45: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Аллах бул кичинекей жандыкты кемчиликсиз органдар жана кемчиликсиз инстинкттер менен жараткан. Себеби Ал «кемчиликсиз жаратуучу» (Бакара Сүрөсү, 54).

Кызыктуу бир өсүмдүк: торбо чөбүБир жандыктын кыймыл жөндөмү жок болсо жана жырткыч (эт жегич) болсо кантип азыктанат?

Бул суроого эң сонун жооп катары бир суу өсүмдүгүн мисал бере алабыз.Илим дүйнөсүндө Utricularia деп аталган торбо чөбү – бир суу өсүмдүгү. Торбо чөбүнүн чөйчөк

формасындагы капкандарында үч түрдүү секреция бези болот: алардын биринчиси шар сымал секреция бездери, капкандын сырткы бетинде жайгашкан. Калган эки түрдүү секреция бези, б.а. «төрт колдуу секреция бездери» жана «эки колдуу секреция бездери» болсо капкандын ичке бетинде жайгашкан. Бул секреция бездери өтө кызыктуу бир тузакты этап этабы менен иштетет. Эң биринчиден ички беттеги секреция бездери ишке киришет. Ал бездердин бетиндеги түктөр сууну торбо чөбүнүн сыртын көздөй насостойт. Натыйжада торбо чөбүнүн ичинде чоң бир боштук пайда болот. Ал боштуктун оозунда болсо деңиз суусунун кайрадан ичкери киришине жолтоо болуучу бир капкан бар.

Ал капкандын бетиндеги түктөр болсо өтө сезгич болот. Суудагы бир жандык же организм ал түктөргө тийсе капкан заматта ачылат. Натыйжада ичи бош турган торбо чөбүн көздөй суу тездик менен агат. Ал агымга кабылган олжо эмне болуп кеткенин түшүнө электе капкан жабылат. Секунданын миңден бириндей кыска убакытка созулган бул окуядан соң секреция бездери ичкериде камалган олжону сиңирүү үчүн суюктук чыгарып баштайт.30

Ар бир торбо чөбүндө бул кемчиликсиз долбоор бар. Баарынын капкандарынын ички бетинде ушундай секреция бездери жайгашкан. Капкандардын бетиндеги түктөрдүн сезгичтиги да бирдей. Бул механизм кантип пайда болгон? Кантип бул түрдөгү суу өсүмдүктөрүнүн баарында бирдей өзгөчөлүктөр бар?

Эволюция жактоочулары жандыктардагы мындай өзгөчөлүктөрдү кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет кылышат. Бирок бул долбоор бир гана чындыкка ишарат кылат. Жандыктар денелериндеги долбоорлору менен бирге бир учурда пайда болушкан. Бүт жандыктарды бул өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан – Улуу Аллах.

Акулаларга өзгөчө жылытуу системасыАк акулалар балыктарды олжолорун көздөрү менен аңдып кармайт. Жылуу маржан таштуу

жерлерде жүргөндө бул жандыктарга эч маселе жок. Олжолорун оңой гана көрө алышат. Бирок салкын океандарда жүргөндө ак акулалардын сууктан көрүү жөндөмү таасирлениши керек.

Кадимки шарттарда муздак суунун таасиринен химиялык процесстер жайлаганы үчүн акула көздөрүн өтө бат кыймылдаган олжосун аңдыганга жетишпей калышы керек. Бирок акулада эч качан мындай маселе жаралбайт. Себеби ак акулалардын көздөрү өздөрү сыяктуу муздак кандуу эмес. Бул акула түрүндө дене булчуңдарынын жылуулугу түздөн-түз көздөргө жиберилет. Натыйжада эң ылдам кыймылдаган балыктарды, ал тургай, тюленьдерди да оңой гана кармай алышат.31

Көрүү органдары суунун ичиндеги кыймылдарга жетишпей турганчалык алсыз болгон башка акула түрлөрү кантип аңчылык кылышат?

Бул суроонун жообу акулалардын керемет жаратылганын бизге көрсөтөт.

Page 46: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Электрдик заряддарды сезүүчү акулаларБүт жандыктар жылуулуктан тышкары электр зарядын да чыгарышат. Кургактыкта жашаган бир

жандыктын ал заряддарды сезиши кыйын, себеби аба изоляция кызматын аткарат. Ал эми суунун ичинде болсо абал башкача. Электрдик заряд табигый бир өткөргүч болгон суунун ичинде агат. Ошондуктан ал токту сезе алган бир жандык өтө натыйжалуу бир органга ээ болгон болот. Акулалар да ушундай артыкчылыгы бар жандыктардан. Суудагы бүт толкундарды, суунун температурасындагы өзгөрүүлөрдү, туздуулук көлөмүн жана, өзгөчө, кыймылдап бараткан жандыктардын электрдик аянтындагы кичине өзгөрүүлөрдү да сезе алышат.32

Акулалардын денелеринде ичи килкилдекке толо көп санда оюктар бар. Ал оюктар көбүнчө акуланын башына жайгаштырылганы менен, балыктын бүт денесинде бар. «Лоренцини ампулдары» деп аталган мындай өзгөчө органдар электрдик зарядды сезишет. Акулалар менен скаттар ушул органдарын колдонуп олжолорун табышат. Бул органдар баштын жана жаныбардын бетиндеги сүйрү бөлүктүн үстүндө жайгашкан көзөнөктөргө туташкан. Жана электрдик заряд сезгичи (электрорецептор) катары өтө сезгич болушат. Акулалар бир вольттун 20 миллиарддан бириндей чоңдуктагы заряддарды да сезе алышат.

Бул керемет бир күч. Үйүңүздөгү бармактай батареяларды элестетиңиз. Ошол 1,5 вольттук батареялардын экөөсүн бир-биринен 3000 километр алыстыкка койсоңуз, акулалар ал батареялар чыгарган зарядды сезе алышат.33

Бул жерге чейинки маалыматтардын баары акулалардын укмуш комплекстүү дене системаларына ээ экенин көрсөтүүдө. Акулалардагы система менен органдардын көпчүлүгү бир-биринен көз-каранды иштейт. Бири болмоюнча, экинчиси функциясын аткара албайт. Мисалы, электрдик заряддарды сезүүчү системанын бөлүктөрүнүн бир даанасы эле кем болсо же кандайдыр бир себеп менен иштебей калса, Лоренцини ампулдары эч нерсеге жарабай калат.

Бирок, ушуга карабастан, эволюция теориясы боюнча, алгач пайда болгон акулалардын, б.а. «примитивдүү акулалардын» азыркы күндөгүлөрдөй электрдик сезгичтери болгон эмес, кийинчерээк бул кемчиликсиз система кандайдыр бир жол менен пайда болгон деп кабыл алуу керек. Бирок мындай пикирди кабыл алуу логикага туура келбейт. Себеби акулалар бул системасыз жашай алышпайт. Мындан тышкары, мындай комплекстүү бир системанын акырындап пайда боло албашы да анык. Дене булчуңдарынын жылуулугун түздөн-түз көздөргө өткөрө турган, электрдик заряддарды укмуш сезгичтик менен байкай турган бул системалар толук бойдон пайда болушу шарт.

Ошондуктан, бул системанын эволюционисттер айткандай «этап этап» келип чыгышы мүмкүн эмес. Ортоңку этаптардын эч бири эч кайсы ишке жарабайт. Фоссил калдыктары да бул чындыкты тастыктоодо. Миллиондогон жыл мурдакы доордогу акула фоссилдери менен бүгүнкү күндө жашаган акулалар арасында эч бир айырма жок.

Лоренцини ампулдары – акулалардагы өзгөчөлүктөрдүн бирөөсү гана. Акулалардын дем алуу системалары да, жолдорун таптыра турган магниттик сезгичтери да, ылдам сүзүү жөндөмдөрү да бир жаратуу керемети. Аллах бүт жандыктар сыяктуу, акулаларды да кемчиликсиз кылып жараткан.

Page 47: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Ушул сыяктуу маалыматтар Аллах жараткан нерселерди ойлонууга бир себепчи болот. Ойлонгон адамдар үчүн болсо жаныбарларда көп насаатар бар. Аллах бул чындыкты аяттарында төмөнкүчө билдирген:

Аллах асмандан суу түшүрдү, өлүмүнөн соң жерди аны менен тирилтти; уга алган бир коом үчүн мында чындыгында бир аят (далил) бар. Силер үчүн жаныбарларда да албетте сабак-насааттар бар... (Нахл Сүрөсү, 65-66)

2 граммдык жетим көпөлөктү туураган 150 тонналык согуш технологиясыЗаманбап армиялар колдонгон AWACS учактары кол салуу учурун жана багытын алдын ала биле

тургандай долбоорлонгон. AWACSтар жүз миллиондогон доллар сарпталып курулган заводдордо, жүздөгөн илимпоз жана инженердин ортоктошкон эмгегинен келип чыккан. Бул учактар үстүлөрүндөгү ири радарын жана татаал компьютер системаларын колдонуп өздөрүнөн өтө алыстардагы душманынын иштерине байкоо жүргүзө алат.

Табияттагы жандыктардын бирөөсү да өмүр бою AWACSка салыштырууга боло тургандай жогору бир жөндөмдөрдү көрсөтөт. Бул жандыктар бир канча граммдык, 2-2,5 сантиметрлик жетим көпөлөктөр.

Кээ бир жетим көпөлөк түрлөрү AWACS учактарындагы сыяктуу бир «алдын ала эскертүүчү (сигнал)» система менен жабдылган. Ал жетим көпөлөктөр канаттарынын астындагы кулактары аркылуу душманы жарганаттын чыгарган үн толкундарын 100 метр алыстан да уга алышат. Натыйжада душмандарынын координаталарын жана аларды көздөгөн бир чабуулду баштап же баштабаганын аныктай алышат.

Бир тарапта 150 тонна салмактагы, канаты 40 метрге, бою болсо 44 метрге жеткен AWACS учагы, экинчи тарапта бир канча грамм салмактагы, канаты 2,5 см, бою 2 см болгон жетим көпөлөк...

Экөөнүн технологиялык өзгөчөлүгү бирдей. Болгондо да AWACS учушу үчүн 9,5 тонна учак бензини талап кылынса, жетим көпөлөк бул иш үчүн бир канча миллиграмм өсүмдүктүн ширесин алса жетет... AWACSтын радары менен компьютери иштеши үчүн километрлерге созулган кабель колдонулса, көпөлөктүн сезүү системасы үчүн эки кыска нерв жипчеси гана жетиштүү...

Адамзаттын жүздөгөн жылдык илимий тажрыйбасы тонналаган салмактагы учактарга араң батыра алган алдын ала эскертүүчү системалар бир канча граммдык жетим көпөлөктүн канаттары астында ширеңкенин учундай бир жерде иштөөдө.

Адамдар бүт мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жатып да окшоштура албаган мындай керемет бир система кичинекей бир көпөлөктүн денесинде эч кемчиликсиз жаратылган. Бүт нерсенин Жаратуучусу Аллах – бүт ааламдын ээси жана толук өкүмдары. Раббибиздин Малик (Бүт мүлктөрдүн Ээси) сыпаты бир Куран аятында төмөнкүчө кабар берилет:

Акыйкат малик Аллах өтө улук, Андан башка кудай жок; Керим Арштын Рабби. (Мүминун Сүрөсү, 116)

Page 48: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Чымын кулагындагы долбоор угуу аппараттарына өрнөк алынуудаOrmia Ochracea аттуу чымын жумурткаларын кара чегирткелердин үстүнө ташташат жана

жумурткалардан чыккан личинкалар кара чегиртке менен азыктанышат. Токойдун ичинде бир кара чегирткенин ордун табуу болсо өтө кыйын. Бирок Ormia чымыны бул үчүн атайын долбоорлонгон сезгич кулактары менен чегирткенин ордун оңой гана таба алат.

Адам мээсинде да үндүн ордун аныктоо үчүн ушул эле ыкма колдонулат. Бул үчүн үндүн алгач жакындагы кулакка, андан соң алыста турган кулакка барышы жетиштүү. Үндүн эки кулакка канча миллисекунда айырма менен жеткенин эсептеген мээ мунун негизинде үндүн келген багытын аныктайт. Адамда мындай эсептөө 10 миллисекундада жыйынтыкталат. Ал эми Ormia чымыны болсо бул эсепти ийненин учундай көлөмдөгү мээси менен адамдан 1000 эсе ылдамыраак жасай алат.34

Табияттагы долбоорлор адам үчүн дайыма түгөнбөс бир илхам булагы болуп келген. Заманбап технологиялык продукттардын көпчүлүгү табияттагы долбоорлорду туурап жасалган. Миллиондогон жылдан бери эч кемчиликсиз иштеп келген системаларды тууроо, албетте, долбоорчулардын ишин жеңилдетет. Чымындын кулагындагы бул кемчиликсиз долбоор да учурда Ormiafon аттуу угуу аппаратын жана тыңшагыч аппараттарды жасоодо туураганга аракет кылынууда.

Адам көчүрүүнү гана билген мындай долбоорлор өрнөксүз (эч нерсени өрнөк албастан) жаратуу кудуретинин бир гана Аллахка тиешелүү экенин далилдейт.

Көпөлөктөрдөн ысып кеткен компьютер чиптерине чечүү жолуКөпөлөк канаттарындагы кемчиликсиз долбоордо бир керемет да бар. АКШда Tufts

университетинде жүргүзүлгөн бир изилдөө көпөлөктүн канаттарында өзгөчө бир муздаткыч система бар экенин көрсөттү. Көпөлөктөр муздак кандуу жаныбарлар болгону үчүн дене температуралары тынымсыз жөнгө салынып турушу керек. Бул өтө чоң бир маселе. Себеби көпөлөк учуп баратканда канаттарда өтө жогору температура пайда болот. Бул маселе канды канаттардагы өтө ичке чел кабык катмарлардын ичинен өткөрүү аркылуу чечилет. Көпөлөктүн денесинде пайда болгон ашыкча температура канаттардагы ичке тамырларда кандын айланышы аркылуу сыртка чыгарылат.

Көпөлөктөрдөгү мындай өзгөчө муздатуу системасы компьютер чиптериндеги системага салыштырылып, өтө жогору жөндөмгө ээ экени аныкталган.

Компьютер чипи технологиясы өнүккөн сайын алардын ысып кетүү маселеси да күчөйт. Ылдамыраак чиптер температуранын көбүрөөк жогорулашы дегенди билдирет. Бул температураны жоготуу маселеси чип өндүрүүчүлөрдүн актуалдуу темасы болууда. Бул темада жасалган изденүүлөр натыйжасында көпөлөк канаттарындагы технологиянын 2 жыл ичинде өндүрүшкө кириши пландалууда.

Илимпоздор табияттагы жандыктарды өрнөк алып долбоорлор жасашууда. Кыскасы, жандыктардагы теңдешсиз системалар технологиянын өнүгүшүндө жана жаңы чечүү жолдорун табууда адамдарга жол көрсөтүүдө.

Page 49: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Жапалак үкүлөрдүн үн чыгарбай учушу –долбоорчулардын жаңы максатыАмерика аба күчтөрүнүн «Сөлөкөт учак долбоору» негизинде жүргүзүп жаткан изилдөөлөрү

жапалак үкүлөрдөгү теңдешсиз канат долбоорун аныктады.Жапалак үкүлөр түнкү жымжырттыкта олжолоруна байкатпастан жакындай алышат. Бул

артыкчылыкты аларга канаттарындагы өзгөчө долбоор берүүдө. Башка канаттуу түрлөрүнүн канаттарындагы түктөрүнүн түзүлүшү учу кырдуу. Жапалак үкүнүн түктөрү болсо тескерисинче ичке, бирок кырдуу эмес бир дизайнга ээ. Бул өзгөчө дизайн түнкүсүн аңчылык кылган бул жандыкка үн чыгарбай учуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө.

NASA Langley изилдөө борборундагы илимпоздордун айтуусу боюнча, жапалак үкүнүн учу жумшак түктүү канаттары аба турбуленттүүлүгүнүн, б.а. добуштардын алдын алат. Аскердик долбоорчулар жапалак үкү канаттарын туурап, сөлөкөт учактарды асманда сездирбей учуруу жолдорун издешүүдө.

Бардыгы бир ыйман акыйкаты болгон ушул сыяктуу долбоор мисалдарын изилдеген илимпоздор Аллахтын жаратуу чеберчилигиндеги теңдешсиздикти аныктап көрсөтүшүүдө.

Өздөрүн коргой алган өсүмдүктөрКөп өсүмдүк түрлөрү курттардын чабуулуна кабылганда, коргонуу максатында учуучу

химикаттарды чыгарышат. Ал химикаттар негизинде кол салган курттардын душманы болгон аңчы канаттуулар ал аймакка келип, курттарды жеп өсүмдүктү коргошот.

Мисалы, АКШнын Юта штатында өскөн бир тамеки өсүмдүгүнүн жалбырактары Manduca көпөлөгүнүн личинка курту тарабынан көп чабуулга учурайт. Тамеки өсүмдүгү жалбырактарын жеген курттун шилекейин «анализ кылып», андан жабыркаганын «түшүнөт». Ошол замат коргонуу системасын «иштетет» жана учуучу органикалык химикаттарды чыгарып баштайт. Тамеки өсүмдүгү чыгарган учуучу химикаттар натыйжасында Geocoris аттуу канаттуу жандык заматта жардамга келип, курт жумурткаларын жеп зыянкечтердин санынын көбөйүшүнө жолтоо болот.

Натыйжада өсүмдүккө зыян тийгизген курттар кыйыр бир стратегия жана укмуш бир акыл менен жок кылынат. Бирок,

-Өсүмдүк өзүнүн жабыркап жатканын кантип түшүнө алат?-Өсүмдүк курттун шилекейин кантип анализ кылып, өзүн коргоо үчүн кайсы канаттууга муктаж

экенин кайдан билүүдө?-Өсүмдүк ага жардам бере турган Geocoris канаттуусунун (коңузунун) көңүлүн буруу үчүн учуучу

касиеттеги химикат затты кантип өндүрө алууда?Албетте, бир өсүмдүктүн өзүн душмандарынан коргоо үчүн мындай акылдуу бир стратегияны

иштеп чыгышы мүмкүн эмес.Өсүмдүктү кемчиликсиз өзгөчөлүктөрү менен жараткан жана өзүн коргоо үчүн эмнелер кылышы

керектигин өсүмдүккө илхам кылган – бул ааламдардын Рабби Аллах.

Page 50: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Аллахтын бар экендигинин далилдери бүт тараптаЖогорудагы бир канча ыйман акыйкаты мисалынан да көрүнүп тургандай, Аллахтын жараткан

нерселериндеги кудурети менен илиминин чагылуулары апачык. Бул ыйман акыйкаттарын окуган эч бир таза жүрөктүү киши буларды кокустан же өзүнөн-өзү пайда болгон дей албайт.

Бул мисалдар сыяктуу ааламда асмандан өсүмдүктөргө, адам клеткасынан жаныбарлар усталык менен жасаган уя, уюктарга чейин миллиарддаган ыйман акыйкаты бар. Ошондуктан ыйман акыйкаттарын дайыма бүт тараптан көрүүгө болот. Негизи дайыма ыйман акыйкаттары бизди курчап турат десек туурараак болот. Аллах кулдарынын денелерин дайыма Өзүнүн бар экенин эске салган ыйман далилдери менен жараткан.

Ошого карабастан кээ бир адамдардын дагы эле акыйкатты танып, атеист, материалист болушу алардын көздөрүн көр кылган, акылдарын тоскон капылеттигин жана бул капылеттиктин чоңдугун көрсөтүүдө. Аллах Куранда мындай адамдардын абалын төмөнкүчө кабар берет:

Айткын: «Асмандардан жана жерден силерге ырыскы берген ким? Кулактарга жана көздөргө малик (ээ) болгон ким? Тирүүнү өлүүдөн чыгарган жана өлүктү тирүүдөн чыгарган ким? Жана иштерди ороп-курчаган ким?» Алар: «Аллах» дешет. Андай болсо, айт: «Силер дагы эле коркуп, (күнөөдөн) сактанбайсыңарбы? Мына ушул – силердин чыныгы Раббиңер болгон Аллах. Андай болсо чындыктан соң адашуудан башка эмне бар? Кантип дагы эле бурулуп кетүүдөсүңөр?» (Йунус Сүрөсү, 31-32)

Акылы, жүрөгү ачык, таза жана көзү көрө алган бир адам Аллахтын далилдеринен эч качан жүз буруп, аларды четке какпайт.

Page 51: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

ЖЫЙЫНТЫК

Ыйман акыйкаттары жөнүндө ойлонуу адамдардын өз каалоосуна калтырылган эмес, Куранда буйрук кылынган. Ошондуктан бүт ааламды курчаган ыйман акыйкаттары жөнүндө ойлонуу ыймандуулар үчүн тынымсыз бир ибадат болот.

Ыймандуулар Аллахтын бар экенин дайыма жана күчтүүрөөк сезүүгө негиз түзгөн ыйман акыйкаттары аркылуу Аллахтын сыпаттарын жана сыпаттарынын улуулугун жакшыраак түшүнүп, Ага ансайын жакыныраак болууга аракет кылышат. Ыйман акыйкаттарынан келип чыккан терең ойлонуу себебинен Аллахтын илими менен кудуретинин чексиздигин көрүшкөндүктөн, Аллахтан болгон коркуусу эсе эсе өсүп, дүйнөдө дайыма Аллахтын ыраазылыгына, мээримине жана бейишине жетүү каалоосу жана мүдөөсү менен жашашат. Аягында болсо, Аллахтын каалоосу менен, Аллахты жакшылап тааныган жана Анын ыраазылыгынан башка эч нерсе күтпөстөн жашаган дүйнөдөн өтүп, астынан дарыялар агып турган бейиштердеги сарайларына жайгашышат. Куранда ыймандууларга бейиш сүйүнчүлөнгөн аяттардын бири мындай:

Ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди кылгандар болсо (алар) бейиш калкы, ал жерде түбөлүк болушат. (Бакара Сүрөсү, 82)

Чындыкты тангандар (атеисттер) болсо аңкоолук жана караңгылыктан (сабатсыздыктан) келип чыккан капылеттик себебинен Аллахтын бар экендигин көрсөткөн апачык далилдерден жүз бурушат. Алардын жыйынтыгы болсо Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

Чындыкты танып, аяттарыбызды жалганга чыгаргандар болсо; алар ичинде түбөлүк кала турган оттун калкы. Кандай жаман бара турган мекен ал. (Тегабүн Сүрөсү, 10)

Куранда кабар берилген бул өкүмдөрдүн негизинде тозоктон коркуп-тартынып, чексиз сулуулукта, напси (көңүл) каалаган бүт нерселер эч кемчиликсиз жаратылып ыймандууларга сунула турган бейишти каалагандар Раббибизди жакшыраак таанып Анын ыраазылыгына, достугуна жана сүйүүсүнө жетүүгө аракет кылышы керек. Ал үчүн болсо ыйман акыйкаттары жөнүндө терең ой жүгүртүп, Аллахтын бийик сыпаттары жөнүндө көбүрөөк билим алып, түшүнүгүн өстүрүшү зарыл. Үйрөнүп, ой жүгүртүүдөн тышкары, ыйман акыйкаттарын айтып берүү да адамдардын ыйманына себепчи болуу, ыймандарын өстүрүү жагынан өтө маанилүү. Ыйман акыйкаттарын айтып берип адамдарды ойлонууга чакыруу – бүт ыймандуулардын мойнундагы маанилүү бир жоопкерчилик.

Page 52: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

ЭВОЛЮЦИЯ АЛДАМЧЫЛЫГЫ

Дарвинизм, башкача айтканда, эволюция теориясы – жаратылуу (креационизм) чындыгынан баш тартуу максатында ойлоп чыгарылган, бирок ийгиликке жете албаган илимге туура келбеген бир калп. Жандуулардын жансыз заттардан кокустуктар натыйжасында пайда болгонун жактаган бул теория ааламда жана жандууларда абдан ачык бир тең салмактуулук, жаратылуу чеберчилиги бар экендигинин илим тарабынан далилдениши менен бирге кыйрады.

Натыйжада бардык ааламды жана жандууларды Жаратуучу жараткандыгы жөнүндөгү чындык илим тарабынан да далилденди. Бүгүнкү күндө эволюция теориясын сактап калуу үчүн дүйнө жүзүндө жүргүзүлгөн пропаганда жалаң гана илимий чындыктардын бурмаланышы, теорияга жан тартуучу багытта жоромолдоо, илимий көрүнүшкө жамынып айтылган калптар жана алдамчылыктарга таянууда.

Бирок мындай пропаганда чындыкты жашыра албайт. Эволюция теориясынын эң чоң адашуу, калп экендиги акыркы 20-30 жылдан бери илим чөйрөсүндө барган сайын көп айтылууда. Өзгөчө 1980-жылдардан кийин жүргүзүлгөн изилдөөлөр Дарвинист көз-караштардын толугу менен туура эмес экендигин аныктады жана бул чындык көптөгөн илимпоздор тарабынан сөз кылынууда. Өзгөчө АКШда биология, биохимия, палеонтология сыяктуу ар кандай илим чөйрөлөрүнөн келген көптөгөн илимпоздор Дарвинизмдин туура эмес экендигин көрүүдө, жандуулардын жаралуусун эми «жаратылуу чындыгы» менен түшүндүрүшүүдө.

Дарвинди кыйраткан кыйынчылыктарЭволюция теориясы тарыхы эски Грецияга чейин барган бир көз-караш болгонуна карабастан, 19-

кылымда кеңири болуп ортого чыкты. Бул теорияны илим чөйрөсүнө киргизген эң маанилүү окуя – Чарльз Дарвиндин 1859-жылы чыгарган Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китеби эле. Дарвин бул китепте дүйнөдөгү бардык жандык түрлөрүнүн Жаратуучу тарабынан өз-өзүнчө жаратылганына каршы чыккан. Дарвиндин ойу бойунча, бардык түрлөр орток бир атадан келишкен жана убакыттын өтүшү менен кичинекей өзгөрүүлөр менен өзгөрүүлөргө дуушар болушкан.

Дарвиндин теориясы эч кандай так илимий табылгага таянган эмес; өзү да кабыл алгандай жөн гана бир «ой жүгүртүү» болчу. Ал тургай Дарвиндин китебиндеги «Теориянын кыйынчылыктары» аттуу узун бөлүмдө мойнуна алгандай, теория көптөгөн абдан маанилүү суроого жооп бере албайт эле.

Дарвин теориясына каршы кыйынчылыктар келечекте илим тарабынан жок кылынат, жаңы илимий табылгалар теориясын күчтөндүрөт деп үмүттөнгөн эле. Муну китебинде көп жолу белгилеп кеткен. Бирок илимдин өнүгүшү, Дарвиндин үмүтүнө каршы, теориянын негизги көз-караштарын бир-бирден жараксыз кылды.

Дарвинизмдин илим тарабынан кыйратылышын 3 негизги багытта кароого болот:1) Теория жашоонун жер бетинде алгач кандайча пайда болгонун эч түшүндүрө албайт.2) Теория сунуштаган «эволюция механизмдеринин» чындыгында эволюциялык күчкө ээ

экендигин далилдеген эч кандай илимий далил жок.3) Фоссилдер эволюция теориясынын туура эмес экендигин далилдейт.Бул бөлүмдө бул үч негизги теманы тереңирээк карайбыз.

Page 53: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Өтө албаган алгачкы баскыч: жашоонун келип чыгышы Эволюция теориясы бардык жандуу түрлөрү болжол менен мындан 3,8 миллиард жыл мурда

алгачкы дүйнөдө пайда болгон жалгыз жандуу клеткадан келди деп айтышат. Жалгыз бир клетканын кандайча миллиондогон комплекстүү жандуу түрлөрүн пайда кылгандыгы жана эгер чындыгында мындай бир эволюция болгон болсо эмне үчүн бул процесстин издеринин фоссил булактарында байкалбашы теория түшүндүрө албаган суроолордон. Бирок булардан мурда сөз жүзүндөгү эволюция процессинин алгачкы баскычы жөнүндө сөз кылуу туура болот. Сөз кылынган ошол «алгачкы клетка» кантип пайда болду?

Эволюция теориясы жаратылуудан баш тарткандыктан, эч кандай табият үстү кийлигишүүнү кабыл албагандыктан, ал «алгачкы клетканын» эч кандай проект, план жана жөнгө салуу болбостон, табият мыйзамдары ичинде кокустуктан пайда болгонун айтат. Башкача айтканда, теория бойунча жансыз нерселер кокустуктар натыйжасында пайда болгон бир клетка жараткан болушу керек. Бирок бул – билинген эң негизги биология мыйзамдарына карама-каршы бир көз-караш.

«Жашоо жашоодон келет»Дарвин китебинде жашоонун келип чыгышы жөнүндө эч сөз кылган эмес. Себеби анын

доорундагы илим түшүнүгү жандыктарды абдан жөнөкөй бир структурада деп гипотеза кылышкан. Ортоңку кылымдан бери ишенилип келе жаткан «спонтане женерасйон» аттуу теория бойунча, жансыз нерселер кокустуктар менен чогулуп, жандуу бир нерсе жарата алышат деген ишеним бар болчу. Бул доордо коңуздар тамак таштандыларынан, чычкандар буудайдан пайда болот деген түшүнүктөр кеңири жайылган. Муну далилдөө үчүн ар кандай кызыктуу эксперименттер жасалган. Кир бир кебездин үстүнө буудай койулуп, бираз күткөндө бул аралашмадан чычкан пайда болот деп божомолдонгон.

Эттердин куртташы да жашоонун жансыз заттардан пайда болушу мүмкүн экендигине бир далил катары кабыл алынчу. Бирок кийинчерээк аныкталгандай, курттар өзүнөн-өзү жаралбайт эле, чымындар таштаган көзгө көрүнбөгөн личинкалардан чыгышат эле.

Дарвиндин Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебин жазган учурда бактериялардын жансыз нерселерден пайда болушу ишеними илим дүйнөсүндө кеңири жайылган көз-караш болчу.

Бирок, Дарвин китебин чыгаргандан беш жылдан кийин атактуу Француз биолог Луи Пастер эволюциянын негизи болгон бул ишенимди толугу менен кыйратты. Пастер жасаган көптөгөн аракет жана эксперименттер натыйжасында барган жыйынтыгын мындай жыйынтыктайт: «Жансыз заттардын жашоо пайда кылышы мүмкүн экендиги эми толугу менен тарыхка көмүлдү.»35

Эволюция теориясынын жактоочулары Пастердин табылгаларына көп жылдар бойу тирешишти. Бирок өнүккөн илим жандуу клетканын татаал түзүлүшүн ортого койгондо, жашоонун өзүнөн-өзү пайда болушу мүмкүн эместиги абдан ачык абалга келди.

20-кылымдагы натыйжасыз аракеттер20-кылымда жашоонун келип чыгышы темасын изилдеген алгачкы эволюционист, атактуу орус

биолог Александр Опарин болгон. Опарин 1930-жылдары сунуштаган көптөгөн тезистери менен жандуу клетканын кокустуктар натыйжасында пайда болушу мүмкүн экендигин далилдөөгө аракет жасады. Бирок бул аракеттер ийгиликсиз аяктап, Опарин минтип мойунга алууга мажбур болгон:

Page 54: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

«Тилекке каршы, клетканын келип чыгышы эволюция теориясын толугу менен камтыган эң караңгы (белгисиз) чекитти түзүүдө.»36

Опариндин жолунан жүргөн эволюционисттер жашоонун келип чыгышы темасын чече турган эксперименттер жасоону улантышты. Мындай эксперименттердин эң атактуусу Америкалык химик Станлей Миллер тарабынан 1953-жылы жасалган. Миллер алгачкы дүйнө атмосферасында бар деп эсептеген газдарды бир экспериментте бириктирип, бул аралашмага энергия кошуу менен протеиндердин структурасында колдонулган бир канча органикалык молекулаларды (амино-кислота) синтездеген.

Ал жылдары эволюция атына маанилүү бир баскыч катары таанытылган бул эксперименттин жараксыз экендиги жана экспериментте колдонулган атмосферанын дүйнө шарттарынан абдан айырмалуу экендиги кийинки жылдарда ачыкка чыккан.37

Көпкө уланган бир жымжырттыктан кийин Миллер өзү да колдонгон атмосфера чөйрөсүнүн чындыктан алыс экендигин мойнуна алган.38

Жашоонун келип чыгышы маселесин түшүндүрүү үчүн 20-кылым бойу жасалган эволюционисттик аракеттердин баары ийгиликсиз аяктады. Сан Диего Скриппс Институтунан атактуу гео-химик Жеффрей Бада эволюционисттердин Earth журналынын 1998-жылкы санында чыккан макалада бул чындыкты мындайча кабыл алат:

Бүгүн, 20-кылымды артка калтырып жатып, дагы эле 20-кылымга киргенде ээ болгон эң чоң чечилбеген маселе алдыбызда турат: Жашоо жер бетинде кантип башталды?39

Жашоонун комплекстүүлүгүЭволюция теориясынын жашоонун келип чыгышы темасында мынчалык чоң жоопсуз маселеге

кабылышынын негизги себеби – эң жөнөкөй деп саналган жандуу структуралардын да укмуштуу татаал түзүлүшкө ээ болушу. Жандуу клетка адамзат жасаган бардык технологиялык продукттардан да татаал түзүлүшкө ээ. Натыйжада бүгүн дүйнөнүн эң алдыңкы лабораторияларында да жансыз заттар чогултулуп, жандуу бир даана клетка өндүрүү мүмкүн эмес болууда.

Бир клетканын жаралышы үчүн керектүү шарттар кокустуктар менен эч түшүндүрүлө албай турган деңгээлде көп. Клетканын эң негизги түзүүчү бөлүкчөсү болгон протеиндердин кокустуктар натыйжасында синтезделүү (пайда болуу) ыктымалдуулугу 500 амино-кислотадан турган орточо бир протеин үчүн 1/10950ге барабар. Бирок математикада 1/1050дөн кичине ыктымалдуулуктар иш жүзүндө ишке ашпас, башкача айтканда, 0 деп кабыл алынат. Клетканын ядросунда жайгашкан жана генетикалык маалыматты сактаган ДНК молекуласы болсо, таң калаарлык бир маалымат сактоочу болуп саналат. Адам ДНКсы камтыган маалымат эгер кагазга түшүрүлсө, 500 беттен турган 900 томдук бир китепкана болоору эсептелүүдө.

Бул жерде абдан кызыктуу дагы бир дилемма бар: ДНК жалаң гана бир канча атайын протеиндердин (энзимдердин) жардамы менен жуптала алат. Бирок бул энзимдердин синтези да жалаң гана ДНКдагы маалыматтар жардамы менен ишке ашат. Бири-биринен көз-каранды болгондуктан, жупталуу ишке ашышы үчүн экөөсү тең бир убакта бар болушу керек. Бул болсо «жашоо өзүнөн-өзү пайда болду» деген сценарийди жокко чыгарууда. Сан Диего Калифорния университетинен атактуу

Page 55: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

эволюционист проф. Лесли Оргел Scientific American журналынын 1994-жылы октябрдагы санында бул чындыкты мындайча мойунга алат:

Абдан комплекстүү түзүлүшкө ээ болгон протеиндердин жана нуклеиндик кислоталардын (РНК жана ДНК) бир жерде жана бир учурда кокустуктан пайда болушу – ыктымалдуулуктан абдан алыс. Бирок булардын бири болбостон, экинчисин алуу (жасоо) да мүмкүн эмес. Ошондуктан, адам баласы жашоонун химиялык процесстер натыйжасында келип чыгышынын такыр мүмкүн эместиги жыйынтыгына барууга мажбур болууда.40

Шек жок, эгер жашоонун табигый таасирлер натыйжасында келип чыгышы мүмкүн эмес болсо, анда жашоо табият үстү бир абалда «жаратылганын» кабыл алуу керек. Бул чындык негизги максаты «жаратылыштан (натыйжада Аллахтан) баш тартуу» болгон эволюция теориясын апачык жараксыз кылууда.

Эволюциянын ойлоп табылган механизмдериДарвиндин теориясын жараксыз кылган экинчи негизги сокку, теория «эволюция механизмдери»

катары сунуштаган эки түшүнүктүн да чындыгында эч кандай эволюциялык күчкө ээ эмес экендигин түшүнүү натыйжасында ишке ашты.

Дарвин чыгарган эволюция көз-карашын толугу менен «табигый тандалуу» механизмине байланыштырган эле. Бул механизмге берген мааниси китебинин атынан да ачык көрүнүп турат эле: Түрлөрдүн келип чыгышы, табигый тандалуу жолу менен...

Табигый тандалуу табияттагы жашоо күрөшү ичинде табигый шарттарга ылайыктуу жана күчтүү жандуулардын жашоосун улантаары көз-карашына таянат. Мисалы, жырткыч жаныбарлар тарабынан коркунучка кабылган бир кийик тобунда ылдамыраак чуркаган кийиктер жашоосун улантат. Натыйжада кийик тобу ылдам жана күчтүү кийиктерден куралат. Бирок, албетте, бул механизм кийиктерди эволюция кылбайт, аларды башка жаныбар түрүнө, мисалы аттарга айландырбайт.

Демек, табигый тандалуу механизми эч кандай эволюциялык күчкө ээ эмес. Дарвин да бул чындыкты билчү жана Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебинде «Пайдалуу өзгөрүүлөр пайда болмойунча, табигый тандалуу эч нерсе кыла албайт» деп айтууга мажбур болгон.41

Ламарктын таасириМындай «пайдалуу өзгөрүүлөр» кантип болмок? Дарвин ошол учурдун алгачкы илим түшүнүгү

ичинде бул суроого Ламаркка таянуу менен жооп берүүгө аракет жасаган. Дарвинден мурда жашаган Француз биолог Ламарктын ойу бойунча, жаныбарлар жашоолору бойу ишке ашкан физикалык өзгөрүүлөрдү кийинки урпактарга өткөрүп берүүдө, урпактан урпакка чогулган мындай өзгөрүүлөр натыйжасында жаңы жаныбар түрлөрү пайда болууда эле. Мисалы, Ламарктын ойу бойунча, жирафтар жейрендерден пайда болгон эле, бийик дарактардын жалбырактарын жеш үчүн аракет кылып жатып, урпактан урпакка мойундары узарып кеткен эле.

Дарвин да ушул сыяктуу мисалдар берген. Мисалы, Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебинде тамак табуу үчүн сууга түшкөн кээ бир аюулар убакыттын өтүшү менен киттерге айланды деп айткан.42

Page 56: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Бирок Мендел тапкан жана 20-кылымда өнүккөн генетикалык илим менен бекемделген тукум куучулук мыйзамдары «ээ болунган өзгөчөлүктөрдүн кийинки урпактарга берилиши» жомогун толугу менен кыйратты. Мунун натыйжасында табигый тандалуу «жалгыз» жана натыйжада толугу менен жарабаган бир механизм болуп калды.

Нео-Дарвинизм жана мутацияларДарвинисттер болсо бул абалга бир чечүү жолун табуу үчүн 1930-жылдардын аягында «Модерн

синтетикалык теорияны» же кеңири таралган аты менен нео-дарвинизмди чыгарышты. Нео-дарвинизм табигый тандалуунун жанына «пайдалуу өзгөрүү себеби» катары мутацияларды, башкача айтканда, жаныбарлардын гендеринде радиациялар сыяктуу тышкы таасирлер же копиялоо каталары натыйжасында пайда болгон бузулууларды кошушту.

Бүгүнкү күндө дагы эле дүйнөдө эволюция атына жарактуулугун сактаган модел – бул нео-дарвинизм. Теория жер бетинде жашаган миллиондогон жандык түрү, бул жаныбарлардын кулак, көз, өпкө, канат сыяктуу сансыз комплекстүү органдары «мутацияларга», башкача айтканда, генетикалык бузулууларга таянган бир процесс натыйжасында пайда болду деп эсептейт. Бирок теорияны жокко чыгарган ачык бир илимий чындык бар: Мутациялар жаныбарларды жакшы жакка өзгөртпөйт, тескерисинче дайыма жаныбарларга тескери таасир беришет.

Мунун себеби абдан жөнөкөй: ДНК абдан комплекстүү түзүлүшкө ээ. Бул молекулада пайда болгон ар кандай туш келе (стохастикалык) бир таасир жалаң гана зыян берет. Америкалык генетикчи Б.Г. Ранганатхан муну мындайча түшүндүрөт:

Мутациялар – кичинекей, стохастикалык жана зыяндуу. Кээ-кээде гана ишке ашат жана эң жакшы ыктымалдуулук учурунда эч кандай таасир жаратпайт. Бул үч өзгөчөлүк мутациялардын эволюциялык бир өнүгүү жарата албасын көрсөтөт. Ансыз деле жогорку даражада өзгөчө бир организмде пайда болгон бир туш келе өзгөрүү – же таасирсиз болот же болбосо зыяндуу. Бир кол саатында болгон бир өзгөрүү ал кол саатын жакшыртпайт. Чоң ыктымалдуулук менен ага зыян келтирет же эң жакшы учурда ага эч кандай таасир бербейт. Бир жер титирөө бир шаарды өнүктүрбөйт, ага кыйроо алып келет.43

Чындыгында эле бүгүнкү күнгө чейин эч бир пайдалуу, башкача айтканда, генетикалык маалыматты жакшырткан, өнүктүргөн мутация мисалы байкалган жок. Бардык мутациялардын зыян алып келгени байкалды. Эволюция теориясы тарабынан «эволюция механизми» катары көрсөтүлгөн мутациялардын чындыгында жандууларды бузган, майып кылган генетикалык окуя экендиги ачык түшүнүлдү. (Адамдарда мутациялардын эң көп кездешкен натыйжасы – бул рак оорусу). Албетте, талкалоочу, бузуучу бир механизм «эволюция механизми» боло албайт. Табигый тандалуу болсо, Дарвин да кабыл алгандай, «өзү жалгыз эчтеке кыла албайт». Бул чындык бизге табиятта эч кандай «эволюция механизми» жок экендигин көрсөтөт. Демек, эволюция механизми жок болгон болсо, эволюция деп аталган кыялдагы процесс эч качан болгон эмес.

Фоссилдер: ортоңку звено жокЭволюция теориясы жактаган сценарийдин эч болбогондугунун эң ачык көрсөткүчү – бул

фоссилдер (мис. вулкан атылганда жаныбар, канаттуу же өсүмдүк жабышып катып калган таш калдыктар).

Page 57: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Эволюция теориясы бойунча, бардык жандуулар бири-биринен пайда болгон. Мурда бар болгон бир жандуу түрү убакыттын өтүшү менен башка бир түргө айланган жана бардык түрлөр ушундай жол менен пайда болгон. Теория бойунча, мындай өзгөрүүлөр миллиондогон жылдарга барабар узун убакытта болгон жана баскыч баскыч алдын (өйдө) көздөй уланган.

Мындай учурда сөз кылынган узун убакыт бойу өзгөрүү процесси ичинде сансыз көп «ортоңку звенолордун» пайда болуп, жашап өткөн болушу керек эле.

Мисалы, өткөн учурларда балык өзгөчөлүктөрүнө ээ болгонуна карабастан, бир тараптан да кээ бир сойлоп жүрүүчү өзгөчөлүктөргө ээ болгон жарым балык-жарым сойлоп жүрүүчү жандыктар жашаган болушу керек эле. Же сойлоп жүрүүчү өзгөчөлүктөрү менен бирге, бир тараптан да кээ бир канаттуу өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон сойлоп жүрүүчү-канаттуу пайда болгон болушу керек эле. Булар бир өткөөл абалда болгондуктан, майып, кемчиликтүү, кээ бир органдары жарым-жартылай болгон жандыктар болушу керек эле. Эволюционисттер өткөн учурда жашап өткөн деп ишенген мындай теориялык жандыктарды «ортоңку звенолор (формалар)» деп аташат.

Эгер чындыгында мындай түрдөгү жандыктар өткөн учурларда жашаган болгондо, алардын сандары жана түрлөрү миллиондогон, ал тургай миллиарддаган болушу керек эле. Жана мындай майып, кемчиликтүү жандыктардын калдыктарынын сөзсүз фоссилдери табылышы керек эле. Дарвин Түрлөрдүн келип чыгышы китебинде муну мындайча түшүндүрөт:

Эгер теориям туура болсо, түрлөрдү бири-бирине байланыштырган сансыз көп ортоңку формалардын (звенолордун) түрлөрү сөзсүз жашаган болушу керек... Булардын жашап өткөндүгүнүн далилдери жалаң гана фоссил калдыктары арасынан табылышы мүмкүн.44

Бирок бул сөздөрдү жазган Дарвин мындай ортоңку формалардын фоссилдеринин эч табылбаганын да билчү. Мунун теориясы үчүн чоң бир тупик экенин көрүп турган. Ошондуктан, Түрлөрдүн келип чыгышы китебинин «Теориянын кыйынчылыктары» (Difficulties on Theory) аттуу бөлүмүндө мындай деп жазган эле:

Эгер чындап эле түрлөр башка түрлөрдөн акырын өнүгүү менен келип чыккан болсо, эмне үчүн сансыз ортоңку өткөөл звенолорго учурабай жатабыз? Эмне үчүн табият бир хаос абалында эмес, толугу менен белгиленген жана орду ордунда? Сансыз ортоңку өткөөл звено болушу керек, бирок эмне үчүн жер бетинин сансыз көп катмарында көмүлүү таппай жатабыз... Эмне үчүн ар бир геологиялык түзүлүш жана ар бир катмар мындай звенолорго толо эмес? Геология жакшы даражаландырылган бир процесс ортого чыгарбоодо жана балким бул менин теорияма каршы айтыла турган эң чоң каршы пикир болот. (Кошумча дипнот: Charles Darwin, The Origin of Species, s. 172, 280)

Дарвиндин үзүлгөн үмүтүБирок 19-кылымдын ортосунан бери дүйнөнүн бардык тарабында кемчиликтүү жандык

фоссилдери изделгенине карабастан, мындай ортоңку формалардын бир да фоссили табыла албады. Жасалган казуулар жана изилдөөлөрдө табылган табылгалар, эволюционисттердин үмүтүн үзүп, жандуулардын бир заматта, кемчиликсиз жана толук органдары менен пайда болгонун көрсөттү.

Атактуу англиялык палеонтолог (фоссил илимпозу) Дерек В. Агер бир эволюционист болгонуна карабастан, бул чындыкты мындайча мойунга алат:

Page 58: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Маселе мындай: Фоссил табылгаларын жакшылап изилдегенде, түрлөр же класстар деңгээлинде болсун, дайыма бир эле чындыкка жолугабыз; баскычтуу эволюция жолу менен эмес, бир заматта жер бетинде пайда болгон группаларды көрөбүз.45

Башкача айтканда, фоссил табылгаларында бардык жандуу түрлөрү ортолорунда эч кандай өткөөл форма болбостон, кемчиликсиз абалдарында бир заматта пайда болушкан. Бул Дарвин жактаган көз-карашка толугу менен карама-каршы. Тагыраак айтканда, бул – жандуу түрлөрүнүн жаратылгандыгын көрсөткөн абдан күчтүү бир далил. Себеби бир жандуу түрүнүн башка бир түрдөн («атасынан») эч кандай эволюция болбостон, бир заматта жана кемчиликсиз бир абалда пайда болушунун жалгыз түшүндүрмөсү болуп «ал түрдүн жаратылган болушу» саналат. Бул чындык атактуу эволюционист биолог Дуглас Футуйма тарабынан да кабыл алынат:

«Жаратылуу жана эволюция жашап жаткан жандуулардын келип чыгышын түшүндүрүүнүн альтернативдүү эки жолу. Жандуулар дүйнөдө же толугу менен толук жана кемчиликсиз бир абалда пайда болушкан же мындай болгон эмес. Эгер мындай болгон эмес болсо, анда бир өзгөрүү процесси натыйжасында алардан мурда бар болгон кээ бир жандуу түрлөрүнөн эволюциялашып, жаралган болушу керек. Бирок, эгер кемчиликсиз жана толук абалда пайда болгон болсо, анда чексиз күч-кудурет ээси бир акыл тарабынан жаратылган болушу керек.»46

Фоссилдер болсо жандуулардын жер бетинде кемчиликсиз жана толук абалда пайда болгонун көрсөтүүдө. Башкача айтканда, «түрлөрдүн келип чыгышы» - Дарвин ойлогондун тескерисинче, эволюция эмес, жаратылуу.

Адамдын эволюциясы жомогуЭволюция теориясынын жактоочулары эң көп сөз кылган тема – адамдын жаралышы темасы. Бул

жөнүндө дарвинисттер бүгүнкү күндө жашаган адамды маймыл сыяктуу ар кандай жандыктардан келип чыккан деген гипотезаны жакташат. 4-5 миллион жыл мурда башталды деп гипотеза кылынган бир процессте заманбап адам менен аталары арасында «ортоңку формалар» жашаган деп айтылат. Чындыгында толугу менен ойлоп табылган бул сценарийде төрт негизги «категория» саналат:

1- австралопитек2- хомо хабилис3- хомо эректус4- хомо сапиенсЭволюционисттер адамдардын сөз жүзүндөгү алгачкы маймыл сымал атасын «түштүк маймылы»

маанисине келген «австралопитек» деп аташат. Бул жандыктар чындыгында өлүп жок болгон бир маймыл түрү гана. Лорд Солли Зукерман жана профессор Чарльз Окснард сыяктуу Англия жана АКШдан дүйнөгө таанымал эки анатомист тарабынан жасалган терең изилдөөлөр бул жандыктардын жалаң гана өлүп жок болгон бир маймыл түрүнө тиешелүү экендигин жана адамдарга эч кандай окшошпогондугун көрсөткөн.47

Эволюционисттер адам эволюциясынын кийинки баскычын «хомо», башкача айтканда, адам деген класска бөлүшөт. Көз-караш бойунча хомо сериясындагы жандыктар австралопитектерден көбүрөөк өнүккөн. Эволюционисттер бул түрдүү жандыктарга тиешелүү фоссилдерди биринин артынан

Page 59: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

бирин тизип алышып, ойлоп табылган эволюция графигин жасашат. Бул график ойлоп табылган, себеби иш жүзүндө бул ар түрдүү класстар арасында эволюциялык байланыш бар экендиги эч качан далилдене алган эмес. Эволюция теориясынын 20-кылымдагы эң маанилүү жактоочуларынын бири Эрнст Майр «Хомо сапиенске баруучу чынжыр – иш жүзүндө кайып (жок)» деп бул чындыкты кабыл алат.48

Эволюционисттер «австралопитек > хомо хабилис > хомо эректус > хомо сапиенс» деп катарга койууда бул түрлөрдүн ар биринин кийинкисинин атасы сыяктуу көрүнүш сүрөттөшөт. Чындыгында болсо палеонтологдордун акыркы табылгалары австралопитек, хомо хабилис жана хомо эректустун дүйнөнүн ар кайсы аймактарында бир учурда жашаганын көрсөттү.49 Мындан тышкары, хомо эректус классына тиешелүү адамдардын бир бөлүгү азыркы учурга чейин жашаган, хомо сапиенс неандерталец жана хомо сапиенс сапиенс (заманбап адам) менен бир эле чөйрөдө жанаша жашашкан.50

Бул болсо бул класстардын бири-биринин атасы деген көз-караштын туура эмес экендигин ачык далилдейт. Гарвард университети палеонтологу Стефен Жай Гоулд өзү да бир эволюционист болгонуна карабастан, дарвинист теория такалган бул жарды (тупикти) мындайча түшүндүрөт:

«Эгер бири-бири менен бир убакта жашаган үч түрдүү хоминид (адам сымал) сүрөтү бар болгон болсо, анда биздин санжыра дарагыбыз эмне болду? Булардын бири экинчисинен келип чыкпагандыгы ачык. Мындан тышкары, бири экинчиси менен салыштырылганда, эволюциялык бир өзгөрүү тенденциясын көрсөтпөөдө.»51

Кыскача айтканда, массалык маалымат каражаттарында же окуу китептеринде орун алган ойлоп табылган бир топ «жарым маймыл, жарым адам» жандыктардын сүрөттөрү аркылуу, башкача айтканда, пропаганда жолу менен гана сактоого аракет кылынган «адамдын эволюциясы» сценарийи – эч кандай илимий далили, таянычы жок бир жомок гана.

Бул теманы көп жылдар бойу изилдеген, өзгөчө австралопитек фоссилдери жөнүндө 15 жыл изилдөө жасаган Англиянын эң атактуу жана урматтуу илимпоздорунун бири Лорд Солли Зукерман, бир эволюционист болгонуна карабастан, маймыл сымал жандыктардан адамга чейин улануучу чыныгы бир санжыра дарагы жок экендиги жөнүндөгү жыйынтыкка барган.

Зукерман, мындан тышкары, кызыктуу бир «илим көрсөткүчү» даярдаган. Илимий катары кабыл алган илим тармактарынан, илимден алыс деп кабыл алган илим тармактарына чейин бир катарга койгон. Зукермандын бул таблицасы бойунча, эң «илимий», башкача айтканда, так далилдерге таянган илим тармактары – химия жана физика. Катарда булардан кийин биология илимдери, андан кийин коомдук илимдер келет. Бул катардын эң «илимден алыс» бөлүгүндө болсо, Зукермандын ойу бойунча, телепатия, алтынчы сезим сыяктуу «сезимден тышкаркы кабылдоо» түшүнүктөрү жана ошондой эле «адамдын эволюциясы» бар! Зукерман катардын бул учун мындайча түшүндүрөт:

Объективдүү чындыктын чөйрөсүнөн чыгып, биологиялык илим катары гипотеза кылынган бул чөйрөлөргө, башкача айтканда, сезимден тышкаркы кабылдоо жана адамдын фоссил тарыхынын түшүндүрүлүшүнө киргенибизде, эволюция теориясына ишенген бир адам үчүн бардык нерсе мүмкүн экендигин көрөбүз. Ал тургай, теорияларына чындап ишенген бул адамдардын бири-бирине туура келбеген жоромолдорду да бир эле убакта кабыл алышы да мүмкүн.52

Мына «адамдын эволюциясы» жомогу да – теорияларына далилсиз ишенген бир топ адамдардын тапкан кээ бир фоссилдерди өздөрү каалагандай божомолдоолорунан гана турат.

Page 60: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Дарвиндин формуласы!Буга чейин караган бардык илимий далилдер менен бирге, ылайыктуу көрсөңүз,

эволюционисттердин кандайча күлкүмүштүү ишенимге ээ экендигин жаш балдар да түшүнө турган ачык бир мисал менен көрсөтөлү.

Эволюция теориясы жандыктар кокусунан пайда болду деген ойду жактайт. Демек, бул көз-караш бойунча, жансыз жана акылсыз атомдор биригип, алгач клетканы жаратышкан жана андан кийин ошол эле атомдор кандайдыр бир жол менен башка жандыктарды жана адамды жаратышкан. Эми ойлонуп көрөлү: жандыктардын негизи болгон көмүртек, фосфор, азот, калий сыяктуу элементтерди бир жерге чогултканыбызда бир заттар тобу пайда болот. Бул атомдордун тобу кандай процесстерден өткөрүлбөсүн, бир даана да жандык жарата албайт. Кааласаңыз бир «эксперимент» да жасайлы жана эволюционисттер жактаган, бирок ачык үн менен айта албаган көз-карашын алардын атынан «Дарвин формуласы» деген ат менен анализдеп көрөлү:

Эволюционисттер көптөгөн, чоң идиштердин ичине жандыктардын түзүлүшүндө болгон фосфор, азот, көмүртек, кычкылтек, темир, магний сыяктуу элементтерден каалашынча салышсын. Ал тургай нормалдуу шарттарда кездешпеген, бирок бул аралашма ичинде болсун деп каалаган заттарды да бул идишке салышсын. Бул аралашманын ичине каалашынча амино-кислота, каалашынча (бир даанасынын кокусунан пайда болуу ыктымалдуулугу 1/10950 болгон) протеин кошушсун. Бул аралашмаларга каалаган деңгээлде ысыктык жана нымдуулук беришсин. Буларды каалаган эң алдыңкы инструменттер менен аралаштырышсын. Идиштердин жанына дүйнөнүн алдыңкы илимпоздорун койушсун.

Бул адистер атадан балага, урпактан урпакка өткөрүп, алмак-салмак миллиарддаган, ал тургай триллиондогон жылдар бойу идиштердин башында туруп күтүшсүн. Бир жандык пайда болушу үчүн кандай шарттар керек болгон болсо, каалагандай шарт түзүү эркин болсун. Бирок эмне гана кылышпасын, ал идиштерден эч качан бир жандык чыгара алышпайт. Жирафтарды, арстандарды, аарыларды, булбулдарды, тоту куштарды, аттарды, дельфиндерди, гүлдөрдү, орхидеяларды, банандарды, апельсиндерди, алмаларды, курмаларды, помидорлорду, коондорду, дарбыздарды, жүзүмдөрдү, түркүн түстүү көпөлөктөрдү жана ушулар сыяктуу миллиондогон жандык түрүнүн эч бирин жарата алышпайт. Бул жерде саналган бул жандыктардын бирөөсүн эмес, булардын жалгыз бир клеткасын да пайда кыла алышпайт.

Кыскача айтканда, акылсыз атомдор бир жерге чогулуп, клетка жарата алышпайт. Кийин кайрадан бир чечим кабыл алып, бир клетканы экиге бөлүп, андан кийин кайра кайра чечим кабыл алышып, электрондук микроскопту ойлоп тапкан, анан өз клеткасынын түзүлүшүн бул микроскоп жардамы менен изилдеген профессорлорду жарата алышпайт. Зат жалаң гана Аллахтын жогорку күч-кудурет менен жаратышы аркылуу гана жашоого ээ болот.

Мунун тескерисин жактаган эволюция теориясы болсо – акылга толугу менен туура келбеген бир жалган гана. Эволюционисттер жактаган көз-караштарды бир аз гана ойлонуу, жогоруда мисалда көрсөтүлгөндөй, бул чындыкты апачык көрсөтөт.

Көз жана кулактагы технологияЭволюция теориясы эч качан түшүндүрө албаган башка бир нерсе – көз жана кулактагы

кабылдоонун жогорку сапаты.

Page 61: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Көз менен байланыштуу темага өтүүдөн мурда «кантип көрүп жатабыз?» суроосуна кыскача жооп берели. Бир заттан келген нурлар көздөгү торчого тескери болуп түшөт. Бул нурлар бул жердеги клеткалар тарабынан электрдик импульстарга (сигналдарга) айландырылат жана мээнин арка тарабындагы көрүү борбору деп аталган кичинекей бир чекитке жетет. Бул электрдик импульстар бир канча процесстен кийин мээдеги көрүү борборунда сүрөттөлүш катары кабылданат. Бул маалыматтарды алгандан кийин эми ойлонолу:

Мээ жарык өткөрбөйт. Башкача айтканда, мээнин ичи капкараңгы, жарык мээ жайгашкан жерге чейин кире албайт. Көрүү борбору деп аталган жер – капкараңгы, жарык эч жетпеген, балким эч биз көрбөгөндөй караңгы бир жер. Бирок, сиз бул чымкый караңгылыкта нурдуу, түркүн-түстүү бир дүйнөнү көрүп жатасыз.

Болгондо да, бул көрүнүш ушунчалык даана жана сапаттуу болгондуктан, 21-кылым технологиясы да бардык мүмкүнчүлүктөргө карабастан мынчалык даана сүрөттөлүшкө жете алган жок. Мисалы, азыр окуп жаткан китебиңизди, китепти кармаган колуңузду караңыз, андан соң башыңызды көтөрүп, айланаңызды караңыз. Азыр көрүп турган дааналык жана сапаттагы бул сүрөттөлүштү башка бир жерден көрдүңүзбү? Мынчалык сапаттуу сүрөттөлүштү сизге дүйнөнүн эң алдыңкы фирмасынын эң алдыңкы телевизор экраны да тартуулай албайт. 100 жылдан бери миңдеген инженерлер мындай даана сүрөттөлүшкө жетүү үчүн аракет кылышууда. Бул үчүн заводдор, ири ишканалар курулууда, изилдөөлөр жүргүзүлүүдө, план жана проекттер жасалууда. Ошого карабастан, телевизор экранын бир карап, колуңуздагы китепти карап салыштырып көрүңүз. Экөө арасында сүрөттөлүштүн дааналыгы жана сапаты арасында чоң бир айырма байкайсыз. Болгондо да, телевизор экраны сизге эки өлчөмдүү бир сүрөттөлүш тартуулайт, сиз болсо үч өлчөмдүү, тереңдиги бар бир сүрөттөлүштү көрүп жатасыз.

Көп жылдар бойу он миңдеген инженер үч өлчөмдүү телевизор жасоого, көздүн көрүү сапатындай сапатка жетүүгө аракет кылышууда. Ооба, үч өлчөмдүү бир телевизор жасай алышты, бирок аны көз айнексиз үч өлчөмдүү кылып көрүүгө мүмкүн эмес, ошондой эле бул үч өлчөм – жасалма. Арка тарабы бозомук, алдыңкы тарабы болсо кагаздан жасалган декорация сыяктуу көрүнөт. Эч качан көз көргөн сыяктуу даана жана сапаттуу бир сүрөттөлүш жаралбайт. Камерада да, телевизордо да сөзсүз сүрөттөлүштө сапат, дааналык төмөндөшү болот.

Эволюционисттер ушундай сапаттуу жана даана сүрөттөлүштү жараткан механизм кокусунан жаралды деген ойду жакташат. Азыр бирөө сизге бөлмөңүздөгү телевизор кокусунан пайда болду, атомдор чогулду жана бул сүрөттөлүш пайда кылган инструментти (телевизорду) пайда кылды десе сиз эмне деп ойлойсуз? Миңдеген адам чогулуп жасай албаган нерсени атомдор кантип жасашсын?

Көз көргөн сапаттан алда канча төмөн болгон бир сүрөттөлүштү пайда кылган нерсе кокусунан пайда болбосо, көз жана көз көргөн сүрөттөлүштүн да кокусунан пайда боло албашы айдан ачык. Ушул эле абал кулакка да тиешелүү. Тышкы кулак айланадагы үндөрдү кулак лакатору жардамы менен топтоп, ортоңку кулакка берет; ортоңку кулак үн толкундарын күчөтүп, ички кулакка өткөрүп берет; ички кулак бул толкундарды электрдик импульстарга айландырып, мээге жөнөтөт. Көрүү процессинде болгон сыяктуу угуу процесси да мээдеги угуу борборунда ишке ашат.

Көздөгү абал кулакка да тиешелүү, башкача айтканда, мээ жарык өткөрбөгөн сыяктуу, үн да өткөрбөйт. Ошондуктан, сырт тарап канчалык ызы-чуу болсо да, мээнин ичи толугу менен жымжырттыкта. Ошого карабастан, эң даана үндөр мээде кабылданат. Үн өткөрбөгөн мээңизде бир

Page 62: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

оркестрдин симфонияларын угасыз, көчө толо адамдардын бардык ызы-чуусун угасыз. Бирок ошол учурда атайын бир прибор менен мээңиздин ичиндеги үн өлчөнсө, ал жерде толук жымжырттык өкүм сүрүп жаткандыгы байкалат.

Жогорку сапаттуу сүрөттөлүштү алуу үчүн аракет кылынган сыяктуу, үн үчүн да ондогон жылдар бойу ушундай аракеттер жасалууда. Үн жаздыруу аппараттары, музыкалык борборлор, көптөгөн электрондук аппараттар, үндү кабылдаган музыка системалары–бул аракеттердин кээ бир жыйынтыктары. Бирок болгон технология, бул технологияда иштеген миңдеген инженер жана адиске карабастан, кулак пайда кылган даана жана сапаттагы бир үнгө жете алынган эмес. Музыкалык аппарат өндүргөн эң ири фирма тарабынан өндүрүлгөн эң сапаттуу музыкалык борборду элестетип көрүңүз. Үн жаздырганда, сөзсүз үндүн бир бөлүгү жоголот же бир аз болсо да шум пайда болот же музыкалык борборду жандырганда, музыка баштала электе эле бир шум угасыз. Бирок адам денесиндеги технологиянын продукту болгон үндөр абдан даана жана кемчиликсиз. Адамдын кулагы музыкалык борбордогу сыяктуу шум жаратпайт, үн кандай болсо ошондой угат. Бул абал адам жаралгандан бери уланып келе жатат.

Бүгүнкү күнгө чейин адам баласы жасаган эч кайсы сүрөттөлүш жана үн аппараты көз жана кулак сыяктуу сапат жана ийгиликтеги бир кабылдоочу боло алган жок.

Ошондой эле, көрүү жана угуу процессинде, булардан сырткары, абдан чоң дагы бир чындык бар.

Мээнин ичинде көргөн жана уккан аң-сезим кимге тиешелүү?Мээнин ичинде, түркүн түстүү дүйнөнү караган, симфонияларды, чымчыктардын сайраганын

уккан, гүлдү жыттаган ким?Адамдын көздөрүнөн, кулактарынан, мурдунан келген импульстар электрдик сигнал катары мээге

барат. Биология, физиология же биохимия китептеринде бул сүрөттөлүштүн мээде кантип пайда болоору жөнүндө көптөгөн терең маалыматтар окуй аласыз. Бирок бул тема жөнүндөгү эң маанилүү чындыкты эч жерден көрбөйсүз: мээде бул электрдик сигналдарды сүрөттөлүш, үн, жыт жана сезүү катары кабылдаган ким?

Мээнин ичинде көзгө, кулакка, мурунга муктаж болбостон бардык бул нерселерди кабылдаган бир аң-сезим бар. Бул аң-сезим кимге тиешелүү?

Албетте, бул аң-сезим – мээни түзгөн нервдер, май катмары жана нерв клеткаларына тиешелүү эмес. Мына ушул себептен улам, бардык нерсе заттан гана турат деген дарвинист-материалисттер бул суроолордун эч бирине жооп бере алышпайт. Себеби, бул аң-сезим – Аллах жараткан рух. Рух сүрөттөлүштү көрүү үчүн көзгө, үндү угуу үчүн кулакка муктаж эмес. Ал тургай, ойлонуу үчүн мээге муктаж эмес.

Бул ачык жана илимий чындыкты окуган ар бир адам мээ ичиндеги бир канча см 3дук, капкараңгы жерге бардык ааламды үч өлчөмдүү, түркүн түстүү, көлөкөлүү жана жарык нурлуу кылып батырып койгон улуу Аллахты ойлонуп, Андан коркуп, Ага корголошу зарыл.

Материалисттик ишеним (дин)Буга чейин карагандарыбыз эволюция теориясынын илимий табылгаларга ачык карама-каршы

келген бир көз-караш экендигин көрсөттү. Теориянын жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү ойу илимге

Page 63: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

эч туура келбейт, теория жактаган эволюция механизмдеринин эч кандай эволюциялык күчү жок жана фоссилдер теория муктаж болгон ортоңку формалардын эч качан жашабаганын көрсөтүүдө. Бул учурда, албетте, эволюция теориясы илимге туура келбеген бир пикир катары тарыхка калтырылышы керек. Тарыхта да «дүйнө борбордуу аалам» модели сыяктуу көптөгөн пикирлер илимден чыгарылып салынган. Бирок эволюция теориясы илим катары сакталып калууга аракет кылынууда. Ал тургай кээ бир адамдар теорияга сын-пикирлерди «илимге кол салуу» катары көрсөтүүгө аракет кылышууда. Эмнеге мындай?..

Бул абалдын себеби – эволюция теориясынын кээ бир чөйрөлөр үчүн андан эч баш тартыла албай турган догма бир ишеним болушунда. Бул чөйрөлөр материалисттик философияга эч кандай далилсиз байланып алышкан жана дарвинизмди болсо жападан жалгыз материалисттик көз-караш катары жакташууда.

Кээде муну ачык-ачык мойнуна да алышат. Гарвард университетинен атактуу бир генетикчи жана ошол эле учурда алдыңкы бир эволюционист болгон Ричард Левонтин «алгач материалист, андан соң илимпоз» экенин мындайча мойнуна алат:

Биздин материализмге бир ишенимибиз бар, априори (мурдатан (далилсиз) кабыл алынган, туура деп гипотеза кылынган) бир ишеним бул. Бизди дүйнөгө материалисттик түшүндүрмө жасоого зордогон нерсе – илимдин ыкмалары жана эрежелери эмес. Тескерисинче, материализмге болгон «априори» байланганыбыз себептүү, дүйнөгө материалисттик түшүндүрмө алып келген изилдөө ыкмаларын жана түшүнүктөрүн чыгарабыз. Материализм абсолюттук туура болгондон кийин, Илахи бир түшүндүрүүнүн ортого чыгышына жол бере албайбыз.53

Бул сөздөр – дарвинизмдин материалисттик философияга байлануу (көз-каранды болуу) үчүн жашатылган бир догма экендигинин ачык баяны. Бул догма заттан башка эч кандай жандык жок деп гипотеза жасайт. Ошондуктан, жансыз, аң-сезимсиз, акылсыз зат жашоону жаратты деп ишенет. Миллиондогон ар түрдүү жандыктарды, мисалы чымчыктар, балыктар, жирафтар, кабыландар, курт-кумурскалар, дарактар, гүлдөр жана адамдарды заттардын өз-ара реакциялары аркылуу, башкача айтканда, жааган жамгыр, чагылган аркылуу жансыз заттар ичинен жаралып калды деп кабыл алат. Чындыгында болсо бул акылга да, илимге да сыйбайт. Бирок дарвинисттер өз сөздөрү менен айтканда «Илахи бир (Кудай жаратты деген) түшүндүрмөнүн ортого чыкпашы» үчүн мындай нерсени жактоону улантышууда.

Жандуулардын келип чыгышына материалисттик көз-караш менен карабаган адамдар болсо төмөнкү ачык чындыкты көрүшөт: бардык жандыктар – жогорку бир күч-кудурет, илим жана акыл ээси болгон бир Жаратуучунун чыгармалары. Жаратуучу – бардык ааламды жоктон бар кылып жараткан, эң кемчиликсиз абалда жасаган жана бардык жандыктарды жаратып, келбет берген Аллах.

Эволюция теориясы дүйнө тарыхынынэң таасирдүү сыйкырыБул жерде муну да айта кетүү керек: алдын-ала сын-пикирсиз, эч кандай идеологиянын таасири

астында калбастан, жалаң гана акылын жана логикасын колдонгон ар бир адам илим жана маданияттан алыс коомдордун негизсиз ишенимдерин элестеткен эволюция теориясынын ишенүүгө мүмкүн эмес бир көз-караш экендигин оңой эле түшүнөт.

Page 64: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Жогоруда да айтылгандай, эволюция теориясына ишенгендер чоң бир идиштин ичине көптөгөн атомду, молекуланы, жансыз заттарды толтуруп койсо, булардын аралашмасынан убакыт өтүшү менен ойлонгон, акыл жүгүрткөн, ачылыштар жасаган профессорлор, университет студенттери, Эйнштейн, Хаббл сыяктуу илимпоздор, Франк Синатра, Шарлтон Хестон сыяктуу искусство адамдары, ошондой эле лимон дарактары, гүлдөр, жаныбарлар чыгат деп ишенишүүдө. Болгондо да мындай акылга сыйбас пикирге ишенгендер – илимпоздор, профессорлор, илимдүү адамдар болууда. Ошол себептен, эволюция теориясы үчүн «дүйнө тарыхынын – эң чоң жана эң таасирдүү сыйкыры» сөзүн колдонуу туура болот. Себеби дүйнө тарыхында адамдардын мынчалык акылын башынан алган, акыл жана логика менен ойлонууларына тоскоолдук кылган, көздөрүнүн алдына бир перде сыяктуу тосмо тартып, алардын айдан ачык чындыктарды көрүүлөрүнө тоскоол болгон башка ишеним же көз-караш жок. Бул эски египеттиктердин күн кудайы Рага, африкалык кээ бир уруулардын тотемдерге, Саба калкынын күнгө сыйынуусунан, Аз. Ибрахимдин коомунун колдору менен жасап алган идолдорго, Аз. Мусанын коомунун өздөрү алтындан жасаган музоого сыйынуусунан бир топ коркунучтуу (рисктүү) жана акылга сыйбас бир сокурдук. Чындыгында бул абал – Аллах Куранда ишарат кылган акылсыздык. Аллах кээ бир адамдардын аңдап-түшүнүүлөрүнүн жабылып калаарын жана чындыктарды көрүүгө алсыз болуп калаарын көптөгөн аятында билдирген. Бул аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

Шек жок, чындыктан баш тарткандарды эскертсең да, эскертпесең да алар үчүн айырмасы жок; (алар) ишенишпейт. Аллах алардын жүрөктөрүн жана кулактарын мөөрлөгөн; көздөрүнүн үстүндө перделер бар. Жана чоң азап – аларга. (Бакара Сүрөсү, 6-7)

… Жүрөктөрү бар, бирок аны менен аңдап-түшүнүшпөйт, көздөрү бар, бирок аны менен көрүшпөйт, кулактары бар, бирок аны менен угушпайт. Алар – айбандар сыяктуу, ал тургай андан да төмөн. Дал ушулар – капылет калгандар.» (Араф Сүрөсү, 179)

Аллах башка аятында болсо бул адамдардын укмуштар (можизалар) көрсө да ишенбей турган деңгээлде сыйкырланып калгандыктарын мындайча билдирет:

Алардын үстүнө асмандан бир эшик ачсак, ал жерден жогору көтөрүлсөлөр да, сөзсүз «Көздөрүбүз айландырылып койулду, балким биз сыйкырланган бир коомбуз» деп айтышат. (Хижр Сүрөсү, 14-15)

Мынчалык көп адамдарга бул сыйкырдын таасир этиши, адамдардын чындыктардан мынчалык алыс кармалышы жана 150 жыл бул сыйкырдын бузулбашы болсо - сөздөр менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбой турган деңгээлде таң калаарлык бир абал. Себеби, бир же бир канча адамдын ишке ашышы мүмкүн эмес сценарийлерге, акылга жана логикага сыйбаган нерселерге толгон пикирлерге ишенишин түшүнүүгө болот. Бирок дүйнөнүн төрт бурчундагы адамдардын акылсыз жана жансыз атомдордун кокусунан бир чечим кабыл алышып, чогулушуп, укмуштай уюштуруу, дисциплина, акыл жана аң-сезим көрсөтүп, кемчиликсиз бир система менен иштеген ааламды, жандуулар үчүн ыңгайлуу болгон ар кандай өзгөчөлүккө ээ болгон жер планетасын жана сансыз көп комплекстүү системалар менен камсыз

Page 65: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

кылынган жандыктарды жараткандыгына ишенишинин – «сыйкырдан» (гипноздон) башка бир түшүндүрмөсү жок.

Аллах Куранда баш тартуучу философиянын жактоочусу болгон кээ бир адамдардын кээ бир сыйкырлар аркылуу адамдарга таасир бергендигин Аз.Муса жана Фираун арасында болгон бир окуя аркылуу бизге билдирет. Аз.Муса Фираунга (Фараонго) чындык, акыйкат динди түшүндүргөндө, Фираун Аз.Мусага өзүнүн «илимдүү сыйкырчылары» менен адамдар топтолгон бир жерде жолугуусун айтат. Аз.Муса сыйкырчылар менен жолугушканда, сыйкырчыларга алгач «таланттарын» көрсөтүшүн буйрук кылат. Бул окуяны баяндаган аяттар мындай:

(Муса:) «Силер таштагыла» деди. (Асаларын) таштаары менен, адамдардын көздөрүн сыйкырлап жиберишти, аларды коркутушту жана (ортого) чоң бир сыйкыр алып келген болушту. (Араф Сүрөсү, 116)

Байкалгандай, Фираундун сыйкырчылары жасаган «калптары» менен, Аз.Муса жана ага ишенгендерден башка, адамдардын баарын сыйкырлай алышкан. Бирок алардын таштаган нерселерине каршы Аз.Муса ортого койгон далил алардын бул сыйкырын, аяттагы баян менен «ойлоп тапкандарын жуткан», башкача айтканда таасирсиз кылган:

Биз Мусага: «Асаңды ташта» деп вахий кылдык. (Ал таштап жибергенде) бир карашты, ал бардык ойлоп тапкан нерселерин топтоп жутууда. Ушундайча чындык өз ордун тапты, алардын бардык кылып жаткандары жараксыз болду. Ал жерде жеңилишти жана басмырланып тескери бурулушту. (Араф Сүрөсү, 117-119)

Аятта да билдирилгендей, мурда адамдарды сыйкырлоо менен аларга таасир берген бул адамдар кылган нерселердин бир алдамчылык экендиги билинээри менен бул адамдар уят болуп, басмырланышкан. Бүгүнкү күндө да бир сыйкырдын таасири менен калп илимий көрүнгөн акылга такыр сыйбас жалгандарга ишенген жана буларды жактоого жашоосун арнагандар эгер бул ойлорунан (дарвинизмден) баш тартышпаса, чындыктар толугу менен ачыкка чыкканда жана «бул сыйкыр бузулганда», катуу уят болушат. Алсак, дээрлик 60 жашына чейин эволюцияны жактаган жана атесит бир философ болгон, бирок кийин чындыктарды көргөн Малкольм Муггеридж эволюция теориясынын жакынкы келечекте кабыла турган абалын мындайча сүрөттөйт:

«Мен өзүм эволюция теориясынын, өзгөчө жайылган тармактарында, келечектин тарых китептеринде эң чоң анекдот темаларынын бири болооруна толук ишендим. Келечек урпактар мынчалык чирик жана белгисиз бир гипотезанын таң калаарлык абалда кабыл алынганын таң калуу менен тосушат.»54

Бул келечек алыста эмес, тескерисинче, абдан жакын бир келечекте адамдар «кокустуктардын» илах (кудай) боло албашын түшүнүшөт жана эволюция теориясы дүйнө тарыхынын эң чоң калпы жана эң күчтүү сыйкыры деп аталып калат. Бул күчтүү сыйкырдан (гипноздон) дүйнөнүн төрт бурчунда адамдар абдан бат кутула башташты. Эволюция калпынын сырын үйрөнгөн көптөгөн адамдар бул калпка кантип ишенгенин таң калуу менен ойлонушууда.

Page 66: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок. Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү,

өкүмдар жана даанышмансың.» (Бакара Сүрөсү, 32)

Page 67: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР:

1- http://www.haki kat.com/nur/ tsvf/ tsvf16.html2- İmam Gazali, Zübdet-ül-ihya, Huccet-ül-İslam, Muhammed Cemaleddin el-Kasımi, Salah Bilici, Kitabevi Yayınları, İstanbul, 1973, s. 5793- İmam Gazali, Kimya-yı Saadet, Tercüme: A. Faruk Meyan, Bedir Yayınevi, İstanbul, s. 7124- İmam Gazali, Kimya-yı Saadet, Tercüme: A. Faruk Meyan, Bedir Yayınevi, İstanbul, s. 7075- İmam Gazali, Kimya-yı Saadet, Tercüme: A. Faruk Meyan, Bedir Yayınevi,İstanbul, s.706-7076- İmam Gazali, Zübdet-ül-ihya, Huccet-ül-İslam, Muhammed Cemaleddin el-Kasımi, Salah Bilici, Kitabevi Yayınları, İstanbul, 1973, s.5847- Emin Arık, Ateizm'den İnanca, Marifet Yayınları, İstanbul, 1998, 4. baskı, s. 688- Abdülkadir Geylani, İlahi Armağan, çev. Abdülkadir Çiçek, Bahar Yayınevi, İstanbul 1968, 3. Baskı, s. 399- Lem'alar, s. 92 (Risale-i Nur Külliyatı, Nesil Yayınları, cilt 1, s. 628)10- Mektubat, 5. Mektup, s. 26-27. (Sait Nursi, Envar Neşriyat, İstanbul, 1996, s. 22-23)11- Kastamonu Lahikası, s. 84-85 (http://www.yeniasya.org.tr/rslhtm/ KAST_78.HTM)12- Bediüzzaman'ın Hayatı, www.nesil.com.tr/wwwroot/turkish/nursi-tr/ nursi.html13- Barla Lahikası, Takdim 7-8; Bediüzzaman Said Nursi, Risale-i Nur Külliyatı, 2. cilt, s. 41214- Şualar, s. 481 15- Şaban Döğen, Risale-i Nur'dan Vecizeler, Gençlik Yayınları, 2. baskı, s. 161. (Mesnevi-i Nuriye, s.33)16- Şaban Döğen, Risale-i Nur'dan Vecizeler, Gençlik Yayınları, 2. baskı, s. 162. (Emirdağ Lahikası, 1: 200) 17- Şaban Döğen, Risale-i Nur'dan Vecizeler, Gençlik Yayınları, 2. baskı, s. 162. (El-Huccetü'z-Zehra, s. 79-80)18- Şaban Döğen, Risale-i Nur'dan Vecizeler, Gençlik Yayınları, 2. baskı, s. 162. (Sözler, s. 601)19-Şaban Döğen, Risale-i Nur'dan Vecizeler, Gençlik Yayınları, 2. baskı, s. 163. (Sözler, s. 243, Mesnevi-i Nuriye, s.17, Nur'un İlk Kapısı, s. 108)20- Şaban Döğen, Risale-i Nur'dan Vecizeler, Gençlik Yayınları, 2. baskı, s. 166. (Sözler, s. 315)21- Şaban Döğen, Risale-i Nur'dan Vecizeler, Gençlik Yayınları, 2. baskı, s. 183. (Sözler, s. 651)22- Şaban Döğen, Risale-i Nur'dan Vecizeler, Gençlik Yayınları, 2. baskı, s. 188. (Sözler, s. 308, Nur'un İlk Kapısı, s. 96)23- Mehmed Zahid Kotku, Tasavvufi Ahlak, Seha Neşriyat, İstanbul, 1991, 4.baskı, s. 22824- Mehmed Zahid Kotku, Tasavvufi Ahlak, Seha Neşriyat, İstanbul, 1991, 4. baskı, s. 22925- El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, s. 2326- Michael Behe, Darwinizm'in Kara Kutusu, Aksoy Yayıncılık, Haziran 1998, İstanbul, s. 214 27- Prof. Dr. Engin Gözükara, İnönü Üniversitesi Tıp Fakültesi Biyokimya Ana Bilim Dalı Bşk., Biyokimya, Nobel Tıp Kitabevleri, 1997, Üçüncü Baskı, s. 579-58028- Fenella Saunders, Gene-ius Computer, Discover, cilt 21, no. 4, Nisan 200029- Mark W. Moffet, "Life in a Nutshell", National Geographic, Temmuz 1989, s. 783-78830- Stanley Taylor, "Life Underwater" Botanic, sayı 83, Şubat 1988, s. 24.

Page 68: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

31- John Downer, Supernature, The Unseen Powers of Animals, Published by BBC Worldwide Ltd., London 1999, s. 14632- Marie-Sophie Germain, Science et Vie, No: 966, Mart 1998, s. 85-8933- John Downer, Supernature, The Unseen Powers of Animals, Published by BBC Worldwide Ltd., London 1999, s. 17.34- http://www.comdig.de/ComDig01-16/# 14.335- Sidney Fox, Klaus Dose, Molecular Evolution and The Origin of Life, New York: Marcel Dekker, 1977, s. 236- Alexander I. Oparin, Origin of Life, (1936) New York, Dover Publications, 1953 (Reprint), s.19637- New Evidence on Evolution of Early Atmosphere and Life, Bulletin of the American Meteorological Society, cilt 74, Kasım 1982, s. 1328-1330. 38- Stanley Miller, Molecular Evolution of Life: Current Status of the Prebiotic Synthesis of Small Molecules, 1986, s. 739- Jeffrey Bada, Earth, Şubat 1998, s. 4040- Leslie E. Orgel, "The Origin of Life on Earth", Scientific American, cilt 271, Ekim 1994, s. 7841- Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 18942- Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 184.43- B. G. Ranganathan, Origins?, Pennsylvania: The Banner Of Truth Trust, 1988.44- Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 17945- Derek A. Ager, "The Nature of the Fossil Record", Proceedings of the British Geological Association, cilt 87, 1976, s. 13346- Douglas J. Futuyma, Science on Trial, New York: Pantheon Books, 1983. s. 19747- Solly Zuckerman, Beyond The Ivory Tower, New York: Toplinger Publications, 1970, ss. 75-94; Charles E. Oxnard, "The Place of Australopithecines in Human Evolution: Grounds for Doubt", Nature, cilt 258, s. 389 48- J. Rennie, "Darwin's Current Bulldog: Ernst Mayr", Scientific American, Aralık 199249- Alan Walker, Science, cilt 207, 1980, s. 1103; A. J. Kelso, Physical Antropology, 1. baskı, New York: J. B. Lipincott Co., 1970, s. 221; M. D. Leakey, Olduvai Gorge, cilt 3, Cambridge: Cambridge University Press, 1971, s. 27250- Time, Kasım 1996 51- S. J. Gould, Natural History, cilt 85, 1976, s. 3052- Solly Zuckerman, Beyond The Ivory Tower, New York: Toplinger Publications, 1970, s. 1953- Richard Lewontin, "The Demon-Haunted World", The New York Review of Books, 9 Ocak, 1997, s. 2854-Malcolm Muggeridge, The End of Christendom, Grand Rapids: Eerdmans, 1980, s.43

Page 69: ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү. кyrgyz (кыргыз)

Куранда Аллахтын бар экендигинин, жалгыздыгынын жана сыпаттарынын так далилдери болгон окуялар менен нерселер «аят» деп айтылат. Аллахтын аяттары Куранда жазылган тексттерден тышкары,

тышкы дүйнөдө жана адамдын өз напсисинде да бар. Куранда бул чындык «Жер жүзүндө анык бир илим менен ишене тургандар үчүн аяттар бар. Жана өз напсилериңерде да. Дагы эле көрбөй

жатасыңарбы?» (Зарият Сүрөсү, 20-21) деп айтылууда.Абийирин колдонуп, жүрөгүн уккан адам айланасында көргөн бүт нерселеринде ага Аллахты

тааныта турган сансыз далилдерге жолугат. Мисалы, ылай топурактан чыккан түркүн түстүү, сонун жыттуу гүлдөр, даамдуу жашылча мөмөлөр, буларды сездирген сезим органдары, ичинде көптөгөн

комплекстүү системалар гармониялуу иштеген адам денеси, дүйнөбүздү жарык кылган жана жылыткан жана бул үчүн бизге эң ылайыктуу аралыкта жана чоңдукта жаратылган күн, купкургак топуракты

жандандырган жамгыр жана ааламдын баарын курчаган ушул сыяктуу дагы сансыз далилдер...Булардын баары бир «ыйман акыйкаты». Б.а. адамды ыйманга алпарган жана ыйманынын

өсүшүнө себеп болгон чындыктар, жаратуу кереметтери. Бул далилдер жөнүндө терең ойлонгон адам Аллахтын бар экенин жана улуулугун апачык көрүп, ыйман кылат. Ыйман кылгандар болсо ыйман акыйкаттары аркылуу Аллахты жакшыраак таанып, Ага болгон сүйүү жана коркуусу ансайын өсөт.

Бул китептин максаты – адамдардын көз алдындагы капылеттик пардасынын алып салынышына көмөкчү болуу. Бул үчүн бүт ааламды курчаган ыйман акыйкаттарын терең изилдеп адамдарга

жеткирүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылынат. Китепте, ошондой эле, кээ бир Ислам аалымдарынын ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү жөнүндөгү пикирлерине жана кээ бир ыйман

акыйкаттарына орун берилген. Мындан тышкары, акыр заманда адамдарды атеизмге жана динсиздикке түрткөн жана эң чоң алдануу болгон эволюция теориясына каршы ыйман акыйкаттарынын кантип эң

натыйжалуу чечүү жолу болоору да каралган.