Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү...

26
ТАЛЫП МОЛ ДО (Талып Байболот уулу) КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ, УРУУЧУЛУК КУРУЛУШУ. ТҮРЛҮҮ САЛТТАР КЫРГЫЗ ДЕГЕН СӨЗДҮН ОЗҮ ТУУРАЛУ Жаш теринин бучкагын чоймологондой кийинки кездерде кээ бирөөлөр кыргыз деген сөздүн өзүн өөдө, ылдый чоймолой берүүчү болду. Андайлардын бирөө кыркезит, кырды кыркалай көчүп жүргөн эл болгондуктан «кыркез» эли делген болсо керек, «кыркез» деген сөз аягында кыргыз деген сөзгө айланып кеткен болууга тийиш деп ой жоруп жүрөт. Кыргыз деген сөздү дагы бирөөлөр, кыргыз илгертен кырда кийиз үй тигип көчүп жүргөн эл болгон, ошондуктан «кыркийиз» деген сөз барабара кыскартылып кыргыз болуп өзгөртүлүп кеткен болсо керек деген болжолду кылышат. «Кыргыз» деген сөз тууралуу кожо, молдолор да өздөрүнчө ой жоруган. Кыргыз деген «кырк кыз» деген сөздөн келип чыккан дешет. Алардын айтымына караганда илгери бир падыша болот. Анын жалгыз кызы болуп, кызына ээн сарай, чарбак салдырып, кашына кырк кыз коюп эркек кишиге көргөзбөстөн багат имиш. Күндөрдүн биринде кыздар сейил куруп сарайдын ортосунан агып жаткан сууга барышат. Суунун үстүндө турган көбүктү көрүшөт, ага суктанышат, көбүккө жуунушат. Көбүк менен жуунган кыздардын кийин баарынын боюна тегиз бүтүп калат. Кыздардын бул окуясы падышага угулат. Падыша ыза болуп каарданат. Кызын, кашындагы кырк кызы менен бир ээн тоого жеткирип таштатат. Ошол кырк кыздан туулган балдардын тукуму кыргыз болот имиш. Өз тилинде жазылган белгилүү тарыхы жана тарыхты терең билген кишиси болбогон кыргыз эли, «кожом айтты, кырк кыздан таралган экенбиз» дешип ишенип калат. Мурунку убакта казак, кыргыз, өзбек, татар жана башкалары баш кошуп сүйлөшсө эле: — Жети атаңды тап, түпкү атаң ким? — дешип сөздү ата, жотосун териштирүүдөн баштачу. Жети атасын таба албагандарды «кулсуң, тегиң жок, тексизсиң» — деп ызалап шылдың кылуучу, кордоочу. «Кырк кыздын» сарайында бир кызыл ит жүрүүчү экен, кыргыздын теги ошол кызыл итке байланыштуу дегенди да ойлоп чыгарып, элди кордогондор болгон. Кызыл ит деген жалаадан кутулуш үчүн түпкү атабыз Акеша аттуу сахава болуптур, дегенди да ойлоп чыгарышкан. Жогоруда кыргыз деген «кыр кез», «кыркийиз», «кырк кыз» деген сөздөрдөн келип чыккан дегендер тууралуу айтылды. Байкоодо бул сөздөрдүн ар кандай уламаларга, божомолдоолорго, шылдыңдоолорго байланышканы сезилип турат. Ал сөздөрдө эч канчалык деле чындык жок. КЫРГЫЗДЫН ЧЫНЫГЫ ТҮПКҮ ТЕГИ Тарыхтарда жана тарых билген кишилердин айтуусуна караганда Сибириянын түштүк тарабын жердеген түрк элинин абыдан атактуусу кыргыз эли экендиги белгилүү. Мындан 4800 жыл чамалуу илгери атагы ааламга белгилүү болгон Угуз хандын бир небереси Кыргыз деген киши экен, Кыргыз эли ошол Угуздун Кыргыз небересинин насилинен тараган деп айтылат. Азыркы кыргыз наамындагы элдин баарын эле ошол Угуздун небереси болгон Кыргыздын тукумдары деп ойлоого болбойт. Кыргыздын жердеген жери мал багууга жайлуу болгондуктан, мал өстүрүү үчүн көчүп барып кошулгандар да болгон. Түрк тарыхындагы атактуу тарыхчынын бири болгон Абулгазынын эмгегинде кыргыз тууралуу төмөнкү сөздөр жазылган: «Угуз хандын Кыргыз небереси бар эле, кыргыз эли ошонун насилинен, укумтукумунан болот» дейт. Жазганга караганда ошол убакта кыргыз насилинен тараган кишилер аз болучу. Монгол, татар жана уйгур урууларынан оттуу, суулу жерлерди издеп барышып, кыргыз элинин арасында турушуп, кийин кыргыз атагын көтөрүп калышкан деп айтылат. Булар жалпысынан кыргыз жана кемчут деген эки жама эл болуп, көп жылдар бирибирине аймакташ болуп жашаган. Жеринин бир тарабын Селенги, экинчи тарабын Анкарамуран деген эки чоң агын суу ээлеген. Анкарамуранга кыргыз чегинен өткөндөн кийин көп туура суулар кошулуп барабара улуу сууга айланып, Ассы деңизине куят. Куйган жеринде, деңиз жакасында бир чоң шаар болуптур. Жердегендердин кендери жана аяктуу малдары абдан көп экен. Жылкысы зоот келип, алардын бир жаштагы тайы биздин эки жаштагы жылкыбызга барабар! Жылкылары чылгый ала болуп, башка түстүүсү болбоптур. Ушул шаардын аты Алакчын. Шаардын тегерегинде күмүш кенине бай жерлери көп болуп, ошондон ал элдин казаны аяк, табагы, кашык, зооту дээрлик күмүштөн жасалуучу экен. Бул элдерди кийин өзбектер макал кылып «ала жылкылуу, алтын очоктуу эл» деп аташкан. Кыргыз хижараттан 3400 жылдар илгери атагы дайын болгон Угуз хандын кыргыз деген небересинин насилинен экендиги, ошондон тарагандыгы, кадимки эзелки мамлекет экендиги кытай тарыхтарында көп замандан бери маалым. Кыргыздар мындан 2100, 2200 жылдар илгери Хун мамлекетине багынууга ылаажысыз болуп, Хун мамлекетинин батыш тарабын ээлеген. Кыргыз эли Хун мамлекетинин кол алдында болгон заманда ЭнеСай губерниясынын түштүк жагында могол насилинен болгон элдер менен катышкан. Буларга аралашып кетүүнүн натыйжасында кемчут наамы калып, Хягыс атагы басымдуулук кыла баштаган. Бирок бул Хягыс

Transcript of Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү...

Page 1: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

ТАЛЫП МОЛ ДО (Талып Байболот уулу) КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ, УРУУЧУЛУК КУРУЛУШУ. ТҮРЛҮҮ САЛТТАР КЫРГЫЗ ДЕГЕН СӨЗДҮН ОЗҮ ТУУРАЛУ Жаш теринин бучкагын чоймологондой кийинки кездерде кээ бирөөлөр кыргыз деген сөздүн өзүн өөдө, ылдый чоймолой берүүчү болду. Андайлардын бирөө — кыркезит, кырды кыркалай көчүп жүргөн эл болгондуктан «кыркез» эли делген болсо керек, «кыркез» деген сөз аягында кыргыз деген сөзгө айланып кеткен болууга тийиш деп ой жоруп жүрөт. Кыргыз деген сөздү дагы бирөөлөр, кыргыз илгертен кырда кийиз үй тигип көчүп жүргөн эл болгон, ошондуктан «кыркийиз» деген сөз барабара кыскартылып кыргыз болуп өзгөртүлүп кеткен болсо керек деген болжолду кылышат. «Кыргыз» деген сөз тууралуу кожо, молдолор да өздөрүнчө ой жоруган. Кыргыз деген «кырк кыз» деген сөздөн келип чыккан дешет. Алардын айтымына караганда илгери бир падыша болот. Анын жалгыз кызы болуп, кызына ээн сарай, чарбак салдырып, кашына кырк кыз коюп эркек кишиге көргөзбөстөн багат имиш. Күндөрдүн биринде кыздар сейил куруп сарайдын ортосунан агып жаткан сууга барышат. Суунун үстүндө турган көбүктү көрүшөт, ага суктанышат, көбүккө жуунушат. Көбүк менен жуунган кыздардын кийин баарынын боюна тегиз бүтүп калат. Кыздардын бул окуясы падышага угулат. Падыша ыза болуп каарданат. Кызын, кашындагы кырк кызы менен бир ээн тоого жеткирип таштатат. Ошол кырк кыздан туулган балдардын тукуму кыргыз болот имиш. Өз тилинде жазылган белгилүү тарыхы жана тарыхты терең билген кишиси болбогон кыргыз эли, «кожом айтты, кырк кыздан таралган экенбиз» дешип ишенип калат. Мурунку убакта казак, кыргыз, өзбек, татар жана башкалары баш кошуп сүйлөшсө эле: — Жети атаңды тап, түпкү атаң ким? — дешип сөздү ата, жотосун териштирүүдөн баштачу. Жети атасын таба албагандарды «кулсуң, тегиң жок, тексизсиң» — деп ызалап шылдың кылуучу, кордоочу. «Кырк кыздын» сарайында бир кызыл ит жүрүүчү экен, кыргыздын теги ошол кызыл итке байланыштуу дегенди да ойлоп чыгарып, элди кордогондор болгон. Кызыл ит деген жалаадан кутулуш үчүн түпкү атабыз Акеша аттуу сахава болуптур, дегенди да ойлоп чыгарышкан. Жогоруда кыргыз деген «кыр кез», «кыркийиз», «кырк кыз» деген сөздөрдөн келип чыккан дегендер тууралуу айтылды. Байкоодо бул сөздөрдүн ар кандай уламаларга, божомолдоолорго, шылдыңдоолорго байланышканы сезилип турат. Ал сөздөрдө эч канчалык деле чындык жок. КЫРГЫЗДЫН ЧЫНЫГЫ ТҮПКҮ ТЕГИ Тарыхтарда жана тарых билген кишилердин айтуусуна караганда Сибириянын түштүк тарабын жердеген түрк элинин абыдан атактуусу кыргыз эли экендиги белгилүү. Мындан 4800 жыл чамалуу илгери атагы ааламга белгилүү болгон Угуз хандын бир небереси Кыргыз деген киши экен, Кыргыз эли ошол Угуздун Кыргыз небересинин насилинен тараган деп айтылат. Азыркы кыргыз наамындагы элдин баарын эле ошол Угуздун небереси болгон Кыргыздын тукумдары деп ойлоого болбойт. Кыргыздын жердеген жери мал багууга жайлуу болгондуктан, мал өстүрүү үчүн көчүп барып кошулгандар да болгон. Түрк тарыхындагы атактуу тарыхчынын бири болгон Абулгазынын эмгегинде кыргыз тууралуу төмөнкү сөздөр жазылган: «Угуз хандын Кыргыз небереси бар эле, кыргыз эли ошонун насилинен, укумтукумунан болот» дейт. Жазганга караганда ошол убакта кыргыз насилинен тараган кишилер аз болучу. Монгол, татар жана уйгур урууларынан оттуу, суулу жерлерди издеп барышып, кыргыз элинин арасында турушуп, кийин кыргыз атагын көтөрүп калышкан деп айтылат. Булар жалпысынан кыргыз жана кемчут деген эки жама эл болуп, көп жылдар бирибирине аймакташ болуп жашаган. Жеринин бир тарабын Селенги, экинчи тарабын Анкарамуран деген эки чоң агын суу ээлеген. Анкарамуранга кыргыз чегинен өткөндөн кийин көп туура суулар кошулуп барабара улуу сууга айланып, Ассы деңизине куят. Куйган жеринде, деңиз жакасында бир чоң шаар болуптур. Жердегендердин кендери жана аяктуу малдары абдан көп экен. Жылкысы зоот келип, алардын бир жаштагы тайы биздин эки жаштагы жылкыбызга барабар! Жылкылары чылгый ала болуп, башка түстүүсү болбоптур. Ушул шаардын аты Алакчын. Шаардын тегерегинде күмүш кенине бай жерлери көп болуп, ошондон ал элдин казаны аяк, табагы, кашык, зооту дээрлик күмүштөн жасалуучу экен. Бул элдерди кийин өзбектер макал кылып «ала жылкылуу, алтын очоктуу эл» деп аташкан. Кыргыз хижараттан 3400 жылдар илгери атагы дайын болгон Угуз хандын кыргыз деген небересинин насилинен экендиги, ошондон тарагандыгы, кадимки эзелки мамлекет экендиги кытай тарыхтарында көп замандан бери маалым. Кыргыздар мындан 2100, 2200 жылдар илгери Хун мамлекетине багынууга ылаажысыз болуп, Хун мамлекетинин батыш тарабын ээлеген. Кыргыз эли Хун мамлекетинин кол алдында болгон заманда ЭнеСай губерниясынын түштүк жагында могол насилинен болгон элдер менен катышкан. Буларга аралашып кетүүнүн натыйжасында кемчут наамы калып, Хягыс атагы басымдуулук кыла баштаган. Бирок бул Хягыс

Page 2: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

деген атак кытайлар тарабынан айтылып, ал эми элдер өзүлөрүн дайыма эле кыргызбыз дешип жүрүшкөн. Чинлилердин маалыматы боюнча ошол заманда кыргыздардын жазуулары, тилдери уйгурларга жакын келип, диндери шаман дининде болгон деп болжолдонот. VI кылымдын аягында кыргыздар абыдан кубаттуу мамлекет куруп, күй чыгышы Байкал көлүнө, күн батышы түштүк Туркестанга чейин жайылган. Тарыхтарда кыргыздын атагы так белгилүү болгон кези мына ушул кылымдар болот. Кыргыздын ошол атагы чыккан мезгилин тактоонун дагы бир мисалы 569жылы ТуХю деген ат менен белгилүү болгон түрктөрдүн улуу ханы Дизавулга Император Юстин II тарабынан элчиликке жиберген Земарк дегенге тартуу кылып жөнөткөн бир кул кыргыз улутунан болгон. 758жылдарда кыргыз падышачылыгы уйгурлар тарабынан күчсүздөнө баштаган. Ошондон кийин кыргыз тууралуу маалымат тарыхтарда кемий баштаган. 836жана 841жылдарда уйгур мамлекети күчсүздөнөт. Ошол убактарда кыргыздар кайтадан кубаттанып өзүн өзү бийлей баштайт. 840жылда кыргыздар менен уйгурлар арасында согуш болот. Уйгурлар жеңилет, алардын бир бөлүгүн кыргыздар өзүнө каратат. Ошол кезде кыргыздын жердеген жери ЭнеСай жылгасынын жогорку тараптары болот. 873жылдардан баштап кыргыздар башкача айтканда «Хягас» жөнүндө кытай тарыхында маалыматтар түгөнө баштайт. Андан ары X кылымдарда кыргыз падышалыгы күчсүздөнүп, уйгурлар кыргыздын кол алдынан бошоп чыгышат. Чыңгыздын доорунда (XIII кылым) кыргыз Чыңгыздын кол алдына кирет. Бул жөнүндө тарыхчы Абулгазы мындай дейт: «Чыңгыз хан Алтан менен Турамыш деген кишилерди элчи кылып кыргызга жиберет, мага багынсын деп. Ошол убакта кыргыздын падышасы Оросайнал деген киши экен. Ал «жакшы» кишилерди көп тартуулар менен жиберип, багынууга макулдугун билдирет. Тартуунун башы тумшугу, буту, көзү кызыл ак шумкар болуптур». ТЯНЬШАНДЫК КЫРГЫЗДАР АЗЫРКЫ ЖЕРДЕП ТУРГАН ЖЕРИНЕ КАЧАН КЕЛГЕН? Кыргыз эли ЭнеСай тарапта өсүпөнгөндүгү жана ал эзелтен берки улуу эл болгондугу, тарыхтарда эчактан бери маалым. Бирок кыргыздар ушул азыркы жердеп турган жерлерине качан келгендиги жана кандайча келгендиги тарыхтарда маалым эмес. Ушул жагдайда укумчу карыялар да эчтеме айта албайт. Бул маселе жөнүндө менин пикирим төмөндөгүдөй, бирок ал пикиримди өзүм да толук далилдүү деп эсептей албаймын: Батыш Сибирде 346 жылдап хандык кылган кыргыздар, алардын акыркы кандары Жедигер хан, Бекболот хандар Көчүм хандан жеңилип, өз баштарын куткаруу үчүн Букара тарапка качканда эл ошол качкан хандарын ээрчип Анжиян, Наманган, Алай тоолоруна ооп кеттиби деп ойлоймун. Чыңгыз хандын күн батыштык чабуулунда кыргыз Мамык дегендин уулу Тайбука хан да Чыңгыз ханга багынып, өзүнүн колу менен Чынгыз хандын кун батыштык чабуулунда бирге болгон экен. Чыңгыз хан 1220жылы Букараны багынтканда Тайбука хан Иртыш, Том, Тоболдо хандык кылууну Чынгыз хандан өтүнүп сурайт. Чыңгыз хан Тайбука хандын жогоруда айтылган суроосун орундатып, хандыкка уруксат берет. Хандык Тайбука хандан кийин анын уулу Кожо ханга өтөт. Кожо хандан кийин анын уулу Маркан хандык кылат. Маркан Упак деген казак ханынын карындашына үйлөнөт. Кийин Упак Марканды өлтүрүп Абдур жана Жапалык деген балдарын туткун кылып Казанга алып кетет. Кийин Казанда Абдурдун Мухамбет деген уулу жана Жапалактын Ангыш деген балдары Упак хандан атасынын кунун кууп, өч алып, өзүлөрүнүн аталарынын хандыгын кайра тартып алышат. Ангыштан кийин бийлик Касым ханга өтөт. Андан кийин Ангыштын Бекболот жана Жедигер деген балдары хандык кылат. Ошентип Тайбуканын балдары биринен кийин бири хандык кылып отуруп, Батыш Сибирде (Иртыш, Ишим, Тобол тарапта) 343 жылдан ашык эмес, 336 жылдан кем эмес хандык дооранын сүрүшкөн. Бардыгы болуп жети хандык бийлигин өтөт. Муну мындайча далилдөөгө болот Сибирь тууралуу жазылган тарыхтарга Караганда, батыш Сибирь хандыгы Тайбука хандын тукумунан Шибан уруусунан болгон Көчүм ханга 1563жылдарда өтөт. Андай болгондо Чынгыз хандын Букараны багынтып алган жана Тайбука хандын Чынгыз хандан батыш Сибирдин Иртиш, Ишим, Тобол тараптарына хандык кылууну сурап алган жылы 1220жыл болот. Ошентип арадан 343 жыл өтөт. Демек кыргыз уруусунан болгон Тайбука хандын укум тукуму батыш Сибирде 343 жыл хандык кылган деген сөзүбүз мына ушуга таянып айтылат. Көчүм хан менен болгон уруш тууралуу. Тайбука уруусунан болгон Жедигер хан менен Шибан уруусунан болгон Көчүм хандын ортосунда көп жылдар согуш болот. 1563жылы Көчүм хан Жедигер хан менен Бекболот ханды жеңет, эки хандын кол алдында болгон элди өзүнө багынтат. Бекболоттун баласы Сыдык деген Букарага качып баш калкалайт. Сибирь тарыхынын мына ушундай айтылган маалыматтарына караганда, хандыгын Көчүм ханга алдырган кыргыз уруусунун бет ала кача турган, баш калкалай турган азыркы Орто Азия аймагы болуп калгандай. Хандары Көчүм хан тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин Тайбука уруусунан тарагандардын кийинкилеринин бири Бекболот хандын баласы Сыдык Букараны (Туркестанды) көздөй качканда эли да ошол тарапты көздөй качкан го. Ооп көчүп отуруп Анжиян, Наманган, Алай тоолоруна келген го деген ой туулат. Адатта ханы качкан жакка эли да качат эмеспи, качпай коё албайт.

Page 3: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

Эгер андай болбогондо Батыш Сибирде кыргыз Тайбука уруусунан калган эл барбы, болсо кайсы жерде же ошол 400 жылдан ашык убакыттын ичинде тукум калбай жок болуп кеттиби. Же болбосо Батыш Сибирге Тайбука жалгыз кара башы келип хандык кылганбы деген суроо туулат. Албетте, Тайбука Батыш Сибирге келгенде, келип хандык кылганда, жалгыз эле өзү келбестен жергежээги, эли, колу менен келип, хандык кылган деп ойлоого болот. Тайбуканын таянганы өз эли, өз колу болбосо, албетте батыш сибирдиктер аны көпкө чейин хан кылып кармап турбай, бат эле жыгат эле. Жыйынтыктап айтканда, Тайбука батыш Сибирге хандык кылууга көчкөндө байыркы ЭнеСайды жердеген кыргыздар да ошол тарапты көздөй ооган болууга тийиш. Эгер мындай болбосо, илгертен ЭнеСайды жердеген, ошол жерде өсүпөнгөн кыргыз калкынан хакас наамы менен калган бир аз элден башкалары кайда кетти? Биздин оюбузча Чынгыз хан кыргыздын ханы ОросАйналды өзүнө багындыргандан кийин, кыргыздар ЭнеСайдан Батыш Сибирге хандык кылган Тайбуканы ээрчий козголо, оой кечкен болууга тийиш. Жедигер ханды Көчүм жеңгенден кийин Бекболот хандын баласы Сыдык Көчүмдүн кысымына чыдай албай Букараны көздөй качканда ал жактагы кыргыздар жогоруда айтылгандай Сыдыкты ээрчий Туркестан тарапты көздөй оодарыла көчүп Анжиян, Наманган, Алай багытындагы тоолорго топтолгон болууга тийиш. Алар бул жерлерден барабара азыркы жердеп турган аймакка АтБашы, Нарын, ЫсыкКөл, Кочкор, Жумгал, Чүй, Таласка жайылып тургандай сезилет. Тарыхта Анжиян, Наманган, Фергана тарапта узак убакытка созулган туруктуу кыргыз хандыгы болгондугу билинбейт. Эгерде качып, бозуп бир жактан, маселен Сибирден ооп келип чогулган кыргыз эли Фергана тарапта көп мезгил байырланып жашап калган болсо эч болбогондо хандык, бийлик белгилери же журту калган болоор эле деп болжолдоого болот. Мына ошентип, Кыргыз эли азыркы жердеп турган жерине Чыңгыз ханга багынгандан кийин батыш Сибирге карай ооп, андан кандык Көчүм ханга өткөндөн кийин Сыдыкты ээрчий XV—XVI кылымдарда Фергана тарапты көздөй качып, бозуп келген болууга тийиш деген ой туулат. Кийинчерээк АтБашы, Нарын, Кочкор, Жумгал, Талас, Чуй, ЫсыкКөл, Текес, Кулжага тарашы ыктымал. КЫРГЫЗДЫН УРУУЧУЛУККА БӨЛҮНҮШҮ Карыялардын айтымы боюнча кыргыз оң, сол деген эки атадан таралат. Оңдуң уч баласы бар имиш. Анын бирөөнүн аты Адигине, экинчисинин аты Тагай, үчүнчүсү Наалы деген кыз болот көрүнөт. Наалы эжени Моңолдор деген кишиге берген экен. Моңолдор уруусу ошол Наалы эжеден тараган дешет. Адигиненин тукуму чоң уруу эл болуп Фергана тарапты ээлейт. Тагайдан Богорстон, Койлон, Сарыбагыш деген үч уул болот. Богорстондон бүтүн солто, бөлөкбай, талкан болуп, булар Таластан Токмокко чейинки аймакты жердешет. Койлондон тараган Жедигер деген эл. Булардан бир канчасы Фергана жакта, бир тобу солто арасында. Сарыбагыштын мойну ийри кылжыр имиш. Ошондуктан Сарыбагыш деген аты калып, кийин кылжыр атанып кетет. Кылжырдын Дөөлөс, Орозбек деген эки уулу болот. Дөөлөстөн Токо, Жантай, Элчибек, Манап деген төрт уул. Алардын тукуму Боом, ОртоТокой, Кеминди жердешет. Манаптан Жарбаң, Сүтөй деген эки уул. Сүтөйдөн Эшим, Сарысейит, Тугур. Сарысейиттен Түлкү, Үчкө. Түлкүдөн бүтүн Тынай эли, алар Токмокко караган жерлерде. Үчкөдөн Маматкул, Дөөлөт, Кадыя, Эрдене деген төрт уул. Маматкулдан Темир, Болот деген эки уул. Темирден Черикчи, Назар, Болоттон Эсенгул. Эсенгулдун бир айалынан Бешкүрөң. Дөөлөттөн Надырбек, булар Кочкорду жердейт. Темир жана Болоттон тарагандар АтБашы, Нарын, Кочкорду жердеген сарыбагыш. Кылжырдын Орозбак деген уулунан Арык, Асан, Карамырза, Мырзакул деген төрт уул болот. Арыктан тарагандарды илгери «түргөн эли» деп коюшчу. Түргөндү жердегендигине байланыштуу. Асандан тарагандар түргөн элиндеги арык тукуму ичиндеги Асан тукуму деген эл. Карамырзадан «күрмөнтү элинде» аз түтүн эл бар. Мырзакулдан Алсеит, Тынымсеит. Тынымсеиттен калган Нарындагы бир болуш Тынымсеит эли. Алымсеиттен Жаманкул, Бапа. Бапалар Барскоонду жердейт. Жаманкулдан Бооке, Итбок, Кыдык, Белек. Бооке, Итбоктун тукуму «күрмөнтү эли». Кыдыктын тукуму Тоңдогу бир болуш эл. Белектин бир катыны Салмаке. Андан тарагандар Түптү жердеген бир болуш эл. Белектин экинчи катыны Жаркын. Андан Токой, Такабай, Саты, Алдаяр, Алдаш. Булардын баары Күрмөнтүнү жердейт. Жаркындын Алдаш деген уулунун Кагаз, Шекер деген эки катыны болот. Шекерден Тазабек, Меңмурат, Шапак. Кагаздан Кудайменде, Түкөк, Бирназар. Бирназардан Алыбай, Нанжебес, Эсенаман, Муратаалы, Данияр, Баялы. Баялыдан тукум жок. Калгандарынын тукуму ЖетиӨгүздү жердешет. Мына ушулардын бардыгы Алсеиттин күнүнүн балдары. Жылкыайдардын тукуму Тилекмат, Чыныбай. Барскоондо желден бугулар. Тагай бийдин заманында азыптозуп, селсаяк жүргөн эки жигит келип Тагай бийге бала болот. Анын бирөөнүн атын Карачоро, экинчисинин атын Сарычоро коюшат. Ал экөөнөн тараган тукумдар саяктар деп аталып калган. Наманган, КетменТөбө жактардагы саяктарды түнкатар, түнтөй деген эки чоң уруу түзөт. Жумгал тарапта

Page 4: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

курманкожо, кулжыгач аттуулар. АтБашы суусунун аяк жагынан Анжыянга чейин чоро саягы. ЫсыкКөлдүн Күңгөй тарабында башы АчыкТаш, аягы ТоруАйгырга чейинки жерлерди байменке, караш, ал эмни ЫсыкКөлдүн тескей жагындагы Улаколду алагөз, каба деген саяктар жердейт. АтБашы, Арпада чериктер. Карыялардын айтымына караганда булар Тагай бий заманында жоодоп колго түшүп, ошондон калган чериктердин тукумунан деп айтылат. Сарыбагыш ичинде асык, өсүк деген бир болушка толбогон эл бар. Буларды да жоокерчилик убакта колго түшкөн, олжого алынган кулдун тукуму деп шылтоолоп өздөрүнө кошуп алган дешет. Тагай бийдин заманында бир жортуул болуп, Наалы эженин күлүк коңур кула деген аты жоого түшүп кетет имиш. Кийин уруштан түшкөн олжону бөлгөндө, коңур кула атыңыздын төлөөсү деп Наалы эжеге жоодон колго түшкөн бешиктеги бир эркек баланы берген дешет. Ошол баладан тараган тукум Коңурат деген эл экен. Коңураттар азыр ЖетиӨгүз районунда айыл, айыл болуп турушат. Бугу ичинде, ЖетиӨгүз районунун аймагында ЧоңКызылСуу, КичиКызылСуудан КараБулуңга чейинки айылдарды дөөлөстөр ээлейт. Жууку, КичиКызылСууда саруулар. Бугулар тууралуу. Сарыбагыштын (Кылжырдын) Орозбагынын Арык, Асан, Карамырза, Мырзакул деген төрт уулунан тарагандар, майда белек, тынымсейит жана алардын ичинде жүргөн майда курама уруктар (коңурат, эстек, торок, кызыл сакал, отуз уул ж. б.) бугу аталат. Легендага Караганда бугу «мүйүздүү эне» кайып кызы касиеттүү аял имиш. Карыялар «мүйүздүү энени» мындайча айтышат. Орозбактын Асан, Карамырза деген эки уулу аң уулап Нарындагы АлаМышыктын тоосуна барат имиш. Мергенчилик кылып жүрүп бир жерде улагын эмизип турган маралды көрүп калышат. Атып жиберишсе: — Жалгызымды аттың, баланды ат, ботоңду ат,— деген үн чыгат. Карашса музоо эмип турган жерде бир аял пайда болот. Ал аялды учкаштырып айылга жөнөшөт. Жолдо келе жатып аял: — Олжого мурун кимдин колу тийсе, ошол алат дечү эле, маган колун, мурун тийди, мени өзүң ал,— деп Карамырзага акыл айтат. Кайыптан пайда болгон аялды айылга алып келишет. Акылдашып отуруп, Мырзакулга токтолушат. Себеби анын аялы Токтобек деген итти жүз кылам деп жалан ит багып, алек болгон жөнүрөөк киши экен. Кеңешип отуруп табылган кайып аялды Мырзакулга алып беришет. Күндөрдөн кун өтөт. Бир күнү Карамырза аңга чыгып бара жатканда талаадан табылган аял «мүйүздүү эне»: «Акем элик атса, аткан элигинин төшүн эмчеги менен алып келип берсин» деп абасынан айттырат. Карамырза элдин тили менен «мүйүздүү энени» Мырзакулга берип койгонуна кийин өкүнүп калган экен. Тигил сөздү укканда, ич күйдүсү эске түшүп: — Кечээ өзүм талаадан таап келген күң, бүгүн мени менен теңтуш болуп, мен аткан эликтин төшүн жегиси келет,— деп ачууланып, «мүйүздүү эненин» талабын орундатпайт. Кийинчерээк Арык аңга аттанып кетип баратканын көрүп: — Элик атса төшүн эмчеги менен маган алып келип берсин,— деп абысынынан айттырат. Ал куну Арык аткан элигинин төшүн эмчеги менен келинге алып келип берет. Ал төштү тун ичинде казанпака жайып коюп эмчегин эмсе, кадимкидей сүт чыккан имиш. Эмчекти эмип, талгагы кангандан кийин, эшикке чыгып: — Арык акемдин тукуму менин тукумумдан кем болбосун, Асанмырза, Карамырза тукумун жүзгө жетпесин, башың бир жерге кошулбасын,— деп каргайт. Ошол себептен Карамырза, Асанмырзанын тукуму аз болуп калган дешет. Арык акенин тукумунун кеп болушу алардын дайыма Мырзакулдун балдары менен тең ата болуп жүргөнү касиеттүү эненин батасынын таасиринен дейт. Ошентип талаадан Асанмырза, Карамырза таап келген аял кайып кызы, башында мүйүзү бар касиеттүү киши болгондуктан Сарыбагыштын (Кылжырдын) Орозбак деген уулунан тарагандардын баары (арык, белек, тынымсейит ж. б.) ырым кылып, «бугу,— мүйүздүү эненин» ураанын чакырып калган экен. «Мүйүздүү эненин» таягы, үзөңгүсү дешип кийинки жылдарга чейин майлап, катып жүргөндөрүн биз да көрүп калдык. УРУУ ИЧИНДЕГИ БӨЛҮНҮҮЛӨР Ар бир уруу урук урук, айыл айылга, «чоңайыл», «кичиайыл» (курама) болуп бөлүнөт. Маселен, бугу өз ичинен арык, белек, тынымсейит болуп уч урукка бөлүнөт. Бул уч урук да алда нече атага, айылга бөлүнөт. Булардан тарагандардын кимиси болсо да бугу уруусунун ичннде езүлерүн тең ата санашат. Бугу уруусунун ичннде бугуга курама болгон бир нече уруктар бар. Маселен, деелес, саруу, коцурат, торок, отуз уул, эстек, кызыл сакал ж. б. Булар букара, «кичуу ата» болуп эсептелет. Курама уруктардын тутуну кептеру езүнчө айыл болуп, тутуну аздары чоң атаныи балдарынын биреенун кол алдында болот. «Үйунде кепту талаадан киши урбайт» дегендей чоң атанын балдары кайда болсо чон, букаранын балдары кайда болсо кор. Адатта чоң атанын балдары ардакталып, өзгөчерөк ка 33* 515 дырланган. Жоокерчилик убакта чабуулдан түшкөн олжо да ата аксакалдашып бөлүнгөпдүктөн улуу атаиын тукуму олжону арбын алуучу. УРУУ ИЧИНДЕГИ КУРАМА УРУК Бир урук өзүнүн уруусуна нааразы болсо, жакындары тсндигнне жеткирбесс, кордук көргөзсө, анда өз уруусуна таарынган урук башка бир урууга кетип да калуучу. Андай бир уруудан экинчи урууга көчүп барган урук, жацы урууга курама урук болуп кошулган. Курама урук тнги чоц уруунун кишилерине езүн

Page 5: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

кичи ата, кичи айыл катары саначу, абдан көз каранды болучу. Кулдук даражасында болбогон менен, көз карандылык даражасы кулга жакып болчу. Малына, башына бийлик кыла албай калган учурлары да болгон. Эгсрде жалгыз башы гана барып башка урууга кошулса, ал киши ушул айылдын же уруктун кулу катарыпда журүүчү. Ошондой эле жалгыз өзү барып башка уруунун кишисинин аялынын эмчегин эмнп бала болсо, андай баланы «тонсуз уул» деп коюшкан. Андай уулдар баары бнр «тентнмиш», «кул» дегсн кордуктан кутула алуучу эмес. УРУУ АРАСЫНДАГЫ КАГЫЛЫШУУЛАР «Саяктын огу Сарбагыштын шогу Солтонун тогу Бугуиуи баарынан жогуя Саяк, сарыбагыш чогураак келип, бугу уруусу жоош, момун эл экен. Сарыбагыш, саяктар бугуга нечен жолу чабуул коюп, олжологон учурлары кеп болуптур. Жогоруда айтылган макал ошондон келип чыккан дейт. КУШБЕГИННН ЧАБУУЛУ Бугу элпндегп Шапак деген кишинин энеси саяк кызы экен. Шапактын тукуму кийин өзүнчө эл болот. Бугу менен чырлашууга шылтоо издеп саяктын Качы деген «чоң кишиси» бугунун атактуу бийи, аксакалы Му-рата ал ыга: — Шапак биздин кызыбыздын курсагына кетип, сплерде чоцойгон, биздин бала экен. Тукуму менен өзүбузгө көчүрүп бергин,— деген доо кост. Бугу озүнүн арасындаты бир айыл элин көчүрүп бер дсген Качынын доосуна катуу намыстанып макул болбойт. Ошол кезде шарт боюнча бир уруу экинчи урууда аласасы болсо уруу башы, аксакалдарына айтып доолачу. Эгер сураган доосун бербесе, эки жак кол курап чабышып, биринебири жоо болуп калышкан. Качынын шапагын бугу көчүрүп бербей койгон соң, Качы Кокондун ханына б^рат. «Бугулар бир айылдуу Шапак деген элимди бербей зордук кылды, тендигимди алууга кол бер, барып бугуну чабамын» дейт. Кокон ханы өзунүн орун басары Кушбеги дегенди баш кылып кол — черик берет (саны маалым эмес). Качы өзүнүн жана Кушбсгинин колун ээрчитип (кайсы жыл экенин таба албадык, болжол менен болууга тийиш) Түптүн кептешине барып жатып калат. Бугу үркүп Каркыра, Текести кездөн качат. Качы өзүнүн жана Кушбегинин колун баштан, үркуп качып калган элдин артынан түшөт. Бугунун эл башкарган бийлерн Муратаалы, Ыйса өзүнүн баатырлары менен кол курап Кушбеги менен сайышууга тозотко жыйналат. Качы чабуул коюп келе жатканда, Тецизбай деген уруудан чыккан Керек баатыр Качыны ыргыта сайып өлтүрүп, атын олжо кылат. Качынын колу кайра качат'. Бугулар жоонун артынан тушуп, колго тушкөндөрүн өлтүрүп, аты, тонун олжо кылышат; Кушбеги качып кайта кетет. КӨП ЧАКЫР КЕЛГЕНДЕ Саяк уруусунун Осмонбек, Кожомберди деген эки чину бугуну талап, олжолоп жерин жердейбиз деген ой кылат да, өзүнүн элдери менен бугунун ичине көчүп барат. Адегенде алар: — Айылыбыз жакын болбосо арабыз алыстап, нааразычылыгыбыз көп болот экен, бирге көчүп, бирге жүрсөк жакындашып кетээрбиз деген ой менен кече келдик,— деп алдай баштайт. Аралаша жашап, сыр алгандан кийин чабуулга даярдана башташат. Ошол учурда бугулар менен жакшы мамиледе журушкен саяктын баймепке, караш деген чоц уруулары беркилеринин :абуул коюуга кылып жаткан камылгаларын алдыртан киши жиберип бугуларга билдирип коёт. Бугулар тез камынып берки саяктарды чаап алат. Улаколду жердеген алакөз, каба ТоруАйгырда жашаган баймөнкө, караш деген саяк уруктары ошол мезгилден бери Ысык Көлдү жердеп келет. Бугулар саяктарды чакыр дешет. Осмонбек, Кожомберди баатырлардын бугуну чаап, олжолоп, жерин жердейбиз деп эли менен көчө келген жылын бугулар «көп чакыр келген жылы» деп макал кылып калышкан. ОРМОП ХАН ТУУРЛЛУУ Ормонду бүтүн кыргызга хан болгон деген да түшүнүктөр болуп жүрөт. Чынында Ормон сарыбагыштан башка кыргыздарга хандык кыла алган жок. Бирок ал атактуу, езү айлакер киши болуптур. Ормон 1840жылдарда Көтмалды деген жерде сарыбагыш, солто, саяктын кол баштаган баатырларын, эл башкарган баш кишилерин чакыртат. — Тезирээк келгиле. Бугу деген элднн чоң Ногой деген баатыры колун курап, сарыбагыш, саяк, солтону чаап олжолоймун деп келе жатат. Бир жолку ачууңду бер деп, мен токтотуп жатам,— деп Ормон нокусум кылат. Шашкалаңдап чакырылгандар жергежээги менен келип калышат. Ошол кезде жазга салым жутумчулук маал экен, киши деген кара таандай чогулган. Ормон бугунун чакырылган аттуубаштуу кишилери менен чоң Ногойго өзүнчө үй тиктирип берген болот. Иш баштала электе Ормон чоң Ногойго кайрылып: — Эл чогулганда мен алдыңа келем, ошондо суроого жооп бербей унчукпай отура бересиң,— деп үйрөтүп коёт. Чакырылган эл келип, топтошуп кымкуут болуп бир нече күн камалып жаткандан кийин, Ормон бугу чоң Ногой жаткан үйгө эл менен барат. Үйгө жакындаганда, ээрчитип баргандарын үйдөн окчунураак коюп, чоц Ногойго чуулдатып салам айттырат. Аларды ошол жерге калтырып, эл көрсүн дегенсип, өзү атынан түшуп, камчысын мойнуна салып, бүгүлө, жүгүнө чоц Ногойдун алдына барат. Ормон кичинелик менен баратканын карап тургандар көрүп, чоң Ногойдон үрөйлөрү учат. Себеби чоц Ногой деген киши бир өгүздүн жарты терисинен бир өтүк жасатып кийген абдан зор киши экен. Алдына эл барганда чоң Ногой унчукпай отура берет. Ормон Ногойдун алдына барып емөчөктөп:

Page 6: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

— Саяк, сарыбагыш, солто туугандарьщ эки тогуз тартуу байлады, бир жолку ачуунузду маган бериниз, буларды чаап олжолойм деген ачуунузду токтотунуз,— дейт. Ногой көпкө чейин унчукпайт. Ормонду ээрчий баргандарды.ч чЫны менен эле эстери чыгып турат. Бир кезде чоң Ногой: — Берднм бпр жолку ачуумду Ормон баатыр сага, колумду токтотоюн,— дейт. — Кулдугум бар,—деп Орион кайра жөнейт. Ормонду ээрчнп барган саяк, сарыбагыш, солтонун жакшылары Ормон мыктылыгынан бизди бугунун чабуулунан ажыратып калды деп ыраазы болуп, баш ийип калышат. Мунун баары Ормондун амалынан чыккан нерселер. Кийин чоң Ногой: — Ай ошомдо оцбогои Ормондон коркконум ай,— деп калуучу эле деп карыялар сөз кылганын угаар элек. Ошентип Ормон куулук кылып, ошол жыйында сарыбагыш, саяк, солтонун жүрөгүн алат да, жыйынды таратпай, эчтеме айтпай, элди кайрадан камап жата берет. Ачкалыктан аттарын союп жеп, далай киши жөө калат. — Айтаарың болсо айтып, жыйынды тарат,— деп Ормондун алдына барып айтууга ошончолук элден бир киши чыкпайт. Камалып жата беришет. Бир куну Ормон талаага кийиз, килем жайдырат, ал жайылган ки-лем, кийиздерге элдин баш кпшилерин, аксакалдаштырып отургузат. Орто жерине килем жайдырып анын үстүнө илбирстин терисин салат. Эл отуруп жайланышкандан кийин, Ормон келет да, орто жерге салынган илбирстин терисине барып отурат. Кыйлага чейин унчукпайт, эл карап отура берет. Эл унчукпагандан кийин: — Кызыл тебетей бирөө эле болот,— деп Ормон өзүнүн эки санын аткып алат да: — Тарагыла,— дейт. Арац турган эл бетбети менен тарап жоголот. Ошентип Ормонду эч ким хан кетөргөн эмес экен, ал өзүнөзү. хан көтөргөн, андан кийин өзүн хан деп эсептеген. ОРМОНДУН БУГУДАН ӨЛҮШҮ Карыялар Ормон чагалдактын кунун кууйм деп бугудан өлдү деп сөз кылышат. Бул устуртен айтылган кеп. Ормондун чагалдактын кунун кууйм деп бугуга чабуул коюшунун тупку себеби башка. Ормондун бугунун жерине ЫсыкКөлгө кызыкканы, аны ээлеп алууга көңүлү бузулганы илгертеден белгилүү. Ушул оюн ишке ашыруу үчүн ал нечен себептерди, шылтоолорду ойлогон. Ршолордун бири төмөнкүдөй. Ормон мылтык соктуруучу экен. Жасалган мылтыктарын аттырып сынатканда жолдуу, кандуу болсун деп кулдарынан, күцдөрунөн бута койдуруп аттырып көруүчү экен. Ошондой жолу кандуу болгон мылтыктарынын бирөө чолок кара мылтык болуптур, кийин мылтык кара чолок аталып кетет. Ал мылтыкты сен алып жур деп Алыбек деген жигитке берет. Алыбек болсо, Ормондун айлындагы бир сарбагыштын кызына үйлөнгон киши экен. Алыбек жашы улуу болсо да, аны Ормон тецине алып жезде деп айтуучу эмес экен. Алыбек бир куну куш салып журуп карагандын түбүндө бир баланы колупан жетелеп турган бир кыздын устүнөн чыгат. Сураштыра келсе, ал кыз казактын бир банынын кызы болуп чыгат. Атасы берем деген күйөөсүне барбай, баланы каралды кылып, уйүнөн жетелеп келиптир. — Кыргыздын жакшы кишилеринин бирөөнө барайын деп качып чыктым эле,— дейт кыз. — Мен да кыргыздын жаман кишилерннен эмссмин,— дейт да кызды ээрчитип барып алып алат. Кундөрдүн бириндс Алыбекти Ормон чакырып: — Казак кызды кайдан алдын, биздин айылга келе жаткан кызды алып койгонуң кандай?—деген сөздердү айтып Алыбекти каардайт. Жеткирип бер мында,— дейт. Алыбекте табар айла барбы. Алган казак кызды Ормонго жеткирип берууге аргасыз болот. Ормон жылыга мылтыктарынын кундактарын жаныртуучу экен. Бир куну кундактарын оцдоттурам деп ар кимдин мылтык-тарын жыйнатат. — Баягы карачолоктун көчугү чириди го, алып кел,— деп Алыбекке киши жиберет. Кабарчы киши: — Кара чолоктун көчүгү чириди го, алып кел деп, жиберди,— деп айтат. Алыбек болсо мылтыкты тубөлүк алдым деп жургон экен. Эми Ормонго иааразылыгы дагы артат. — Мылтыктын көчүгү чириди дейби?—деп Алыбек келген кишиден сурайт. — Ошондой, деп жооп берет келген киши. Аида мурдатан ичи күйуп калган Алыбек: — Кара чолоктун көчугү чириди го десе, казак аялдын да кечүгү чиригендей болду окшонт, андай болсо казак аялды кайра өзүмө жеткирип берсин,— дейт. Жиберген кишиси Алыбектин жообун Ормонго айтып барат. Ошол кезде Алыбек эми мени Ормон ондурбайт дейт да, качкан бойдон Боронбайга келет. Жайын айтат. Балаң болоюн Ормондон коргоп кал,— дейт да, Боронбайдын аялынын эмчегин ээмп жиберет. Күндер өтүп Алыбектин Боронбайга качып барганын Ормон угуп, Алыбекти бергин деп, Боронбайга киши жиберет. — Караганга да чымчык корголойт турбайбы, корголоп келген бир кишини Ормонго кармап бергенибиз кандай болот, кантип караганча болбойлу,— деп Боронбай Ормондун кишисине Алыбекти бербейт. Ормон болео нааразы болуп калат. Көп узабай Ормон бугунун мазарын кыйратайын деп Тоңдун АкТерегине көчүп келет. ©суп турган ак теректерди кыйдырып аяк, табак, чара кырдырып жатып, бир уйлуу кишини 600 кой менен калтырып кайра көчүп кетет. Малга калган киши: — Баатыр, бир уйлуу киши мынчалык кой менен жалгыз калганы кыйын болоор, ууру, бөрү, жоосу бар, алдырыи жиберем го,— дейт. — Кала бер, бул койду кучала кылып таштадым,— дейт Ормон. Көрсө кучала кылып таштадым дегенн, эзн калган малга бугу кол салса, ошону шылтоо кылып, бугу менен чырдашсам деген сезу тура.

Page 7: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

Кипии Алыбек элпнде калган катынбаласын, малын алып келейнн деп, Боронбайдан улуксаг алып, ошол жакка барат да, Ормондун кучала кылып таштап кеткен 600 коюн көрүп: — Ормондун күчаласын мен жейин деп, малды айдап кетип калат. Ошентип турган кезде сарыбагыш нчиндеги чагалдактардын бнрөө уурулук кылууга нээттенип жөө келип, бугулардын жылкысын тооруйт. Жылкычылар керүп калып анын артына түшүп кубалашаг. Кутулбай турганына козу жеткен ууру ЫсыкКөлдүн бир булунуна сууга тушө качат. Ууру кууган жылкычылар будунча келдүн шягына чыкса, быягын көздөй, быягына чыкса тыягьш көздей качып отуруп, акыры сууга кайыгып елот. Чагалдактын өлгөнү Боронбайга угулат. Брронбай ууру кылам деп келип, бир чагалдак елуп калды деп Ормонго кабар жиберет. — Куп ойлогула,— деп Ормон Чаргын деген уулуи бугуга жиберет. Чаргын бугуларга келгенден кийин ал жердеги Адыл (Ормондун иниси), Боронбай, Балбай чогулушат. Кеңешип отуруп: — Чагалдак ууру кылам деп келип өлүптүр — деп, кунга торт киши, 40 жылкы баалашат. Чаргынга биреөнүн курен атын мингизет. Атты минип, Чаргын үйүнө келип, атасына купдуи жайын айгат. Ормон зчтеме айтпайт. Сейилкан деген баласы төрдө комуз чертип отурат. Ормондун Караназар, Жөөкалса деген эки жигнти болуптур. Караназар ошол үйдө экен. Ал тыяктан туруп: — Ошондой да кун ойлонобу? Атын Сейилканга ала келип бербейби,— деп кайраштыра сүйлөйт. Ошопдо Ормон ордунан обдулуп: — Бугуну чабыш керек,— деп туштушуиа кабарга киши чаптырат. ЫсыкКөлдүн күңгөйунүн аягында жаткан Адылга: — Бүгүндөн калбай Балбайдын жылкысын тийип, чыр чыгарсын,— деп киши жиберет. Ошол кезде бугунун куңгөй жаккы аягын Балбай баатыр жердеп туруптур. Сарыбагыштан Балбайга беттеше Адыл конуучу экен. Бирге журуп, бирге туруп Балбай менен уйур болуп калган Адыл бул кабарга катуу кейийт. Чыр чыгарбайын дейт, Ормондон коркот. Акыры аргасыз болуп, бир топ кол менен барып Балбайдын желеде жаткан жылкысын тист. Ошону менен буту сарыбагыш ортосунан чыр чыгат. ЫсыкКел күңгейундө сарыбагыштын колу менен бугунун колу, бир чети ЫсыкКолдун жээгинен тартып, экинчи чети куңгөйдүн тоосунун түбүнө тирелишип кылка турушат. Адегенде Балбай баатыр барып бугуну чаап алууга келип турган сарыбагыштын колуна жеке чыгып тийип, тууну ыргыта коюп кайра тартат. Ошону менен бугу сарыбагыштын колу бет алышып сайышып калат. Сайышта бугу чегинип, жапырылып кача баштайт. Аттын мойну катты, олжого колдору байланды деген кезде, Түптүн кептешинен Өмүр, Балбай сарыбагыштын колун майтарат. Ормон ошол жолу кайта качканда, езу да качып Түптун карабаткагына келгенде колго түшөт. Ормонду эл тегеректеп турган кезде Боронбайдын шилтөөсү боюнча Балбай Ормондун артынан көрүнбөй найза менен бенрокке сайып кетет. Ормон ошол күнү елет. Ормон елгенден кийин бугу уруусу ЫсыкКел айланасынан кагажыктап Текес тарапка бет алат. Бүгүн жалын Эртен чок Бүрсүгүнү жок Анан барып жок — дешип, бугунун карыялары сарыбагыштын куйуту басылганча Текести жердеп турууну ылайык керушет. Ормондун өлүгүнүн изи сууй электе сарыбагыш, саяк чогулуп, бугуну чаап алууга аракеттенишет. Солто Жангарачтын бугуну чаптырбаска кылган арайетинин натыйжасында бугу чабуулдан кутулат. Ал мыидайча болот. Ормонду бугу өлгүргондөн кийин Боронбай Жангарачка киши жиберип, алдыртан сүйлөшүп, макулдашат. Жангарач: — Ичегиси үзүлгөн, ичинен жалганат деген, Кылжырдын (Сарыбагыштын) эки уулу елтүрсө бнринбири елтүруптүр, өзүнче эптешип алаар. Эгерде эптеше албай келсе, анан кийлигишээрбиз,— ден Курманкожо, Кулжыгач саяктарым угуттоп, аларды сарыбагыштын бугуну чаап алууга кылган аракетине кагьгштырбай коёт. Солтону болсо езу тыйып турат. Сарыбагыштар кызуу даярданып, бугуну чабууга аттанаарында, Жан-гарач учурдан пайдаланып сарыбагыштардьш тынай уруусунун башчысы Жантайга шашылыш турдэ: — Жантай келип келинин алып кетсин, калыны бутпөсө да куну бутту,— деп киши жиберет. Анткени Жантайдын бир уулу Жангарачтын кызын алмак. Жангарач Жантайга кызын бербей кечиктирип, чанып журчу экен. Кабар жеткенде Жантай кубанган бойдои элинин баш кишилеринин баарын ээрчитип Жангарачка келинин алууга барып калат. Жангарач жатып эс алып, анан келиниңерди алып кеткиле дейт да, коноктор жайланышкандан кийин алардын минип келген аттарынын баарын тен. жайлоого айдатып жиберип, езүлөрүн жөө калтырат. Ошентип Ормондун кунун алууга камынган сарыбагыш уруусунун Тынай деген уругунун баш кишилери Жангарачтын айылына уч айча жөө жатып калат. Тынайы жок калган сарыбагыш колу аз болуп, бугуну чабууга чамасы келбей калат. Ошентип сарыбагыштын бугуну чабууга болгон аракети Жангарачтын айлакерлиги менен Ормондун өлүмүнүнүн кызуу учурунда токтолуп калат. ОРМОНДУН КУНУНУИ БҮТҮШҮ Ормондун уулу Үмөтаалы атасынын кунун кууп бугуну чаап, малый олжолоп, эркегин кул, аялын күн. кы-лып, жерин жердеймин деп кол курап чабуул коёт. Согушта бугунун баатыры Балбайдын колуна түшөт. Бошонуп кайра айылына келгенден кийин, Үмөтаалы тартуу айдатып, Челек деген жердеги казактьш төрөсү хан Тезекке киши жиберет. — Ормон каранын ханы, хандын терөсү эле. Бугу деген эл аны өлтүрүп тендик бербеди. Бугуну чаап алууга жардам, кол берсеңиз, деп баргандардан айттырат. Бул кабар бугуларга угулуп, алар катуу шашат. Көп

Page 8: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

күндөргө созулган кеңештерден кийин бугу эли айтылуу Тилекматка бир киши кошуп Тезек төрөге жнберишет. Тилекмат барып, Үмөтаалыдан Тезек терөгө тартуу алып келип жаткандардын үстүнөн чыгат. Тезек төрө барган сарыбагыштарга үй көтөрүп берип, коноктотуп жаткан кези болот. Тилекмат айылдын четиндеги бир үйге түшөт. Аны «сен кимсиң, кайдан, эмне жумуш менен келген кишисиц?»— деген эч ким болбойт. Сураштырып көрсо, Тезек төренүн \'стүнө эч ким кире албайт экен. Эбпн таап, Тилекмат Тезек төрө кабактан басып келе жатканда, алдынан утурлап тозо барып саламдашат. Тезек төрө: — Эмне ишиц бар эле, кимеиң?— дейт. — Бугу туугандарыңыздан келдим. Алар сарыбагыш деген элдин кордугуна чыдабай кытайды көздөй качып, үркүп кеткени жатат. Качканы жаткан бугу туугандарыцыздын сизге деп арналган аманаты бар эле, ошол аманатты келип алып кетсин, ошону айтып кел деп жиберишти дейт. Анда Тезек Торе: — Ыстамбек дегендин бир жандууда жок сулуу кызы бар. Төрөлгөндө эле төрөгө ылайык көрүп, аты Төрөжан болсун деп, сизге атап койгон экен. Ошол ак никелуу аманат жарын кытайга кете элегибизде алып калсын деп бугу кайындарыңыз мени жиберди,— деп жооп берет. Сулуу кыз кабары Тезек төрөнү тез ийбелтет, ал: — Сарыбагыштар Ормондун кунун алып бср деп келип жатат, алар менен беттештирсем жүйөө айтышууга жарабайсыцбы?— дегенди айтат. — Беттештириңиз, жүйөө айтып ынандырсам Ормондун кунунан кутулуп кетейин, кутула албасам, ойлогон кунунузду моинума алып кетейин, беттештириңиз,— дейт. Тезек төрө сарыбагыштан тартуу алып келген жакшылары менен Тилекматты беттештирет. Сарыбагыштын кишнлери: бугу анда андай, мында мындай кылды деп биринен сала бирн жамандоого киришет.. Тилекмат унчукпай отура берет. Бир кезде ал Тезек тарөгө кайрылып: — Терем ханга да кун болобу?— дейт. — Болот,—. дейттере. — Болгондо эмне болот, канча болот? — Ушул биз отурган үйдөй, үйдүн ичи толтура, тундүгүнөн ашып төгүлүп турган дилде болот,— дейт. — Андай болсо терем, сарыбагыш тууганыңыз катын бугу сен турмак казактын ханы Кененсары, Ноорузбайды да өлтүргөнбүз дешип, эки күндүн биринде Бугу кайындарыңызды чаап алып кордой берди. Кор« дукка ууккан эл акырында Ормонду өлтүргөну чын. Эгерде хандын куну ошончолук болсо, казак туугандар Кененсары, Ноорузбайдын кунуна канча дилде алды экен? Менин билишимче хандын куну болбойт, эгерде боло турган болсо, сарыбагыш тууган казак туугандарга Кененсары, Ноорузбай хандардын кунун бербейби?!—деп жооп берет. Тилекматтын сарыбагышты казакка чагыштыра айткан сезү, биринчиден Тезек төрөнүн канын кызытса, экинчиден жүйөөлүү сезилет. Анда Тезек тере «ырас, хандын куну болбойт экен, сарыбагыш айдап кслген тартууңду алып жене» дейт. Ошентип Ормондун кунун Тилекмат Тезектин алдында бүткөзөт. Кийин Тезек төрө Төрөжанды күйөолөп келип алып кетет. ЖООКЕРЧИЛИК ЗАМАН Карыялар уруучулук заманды «жоокерчилик заман» дешүүчү. Чынында уруучулук заманы, жоокерчилик заман болгон. Бир уруу кол курап барып экинчи урууну чаап, малый олжо, эркегин кул, аялын куц кылып талап кетүүчү. «Белүнгөндү берү жейт» дешип, ар уруу ез ичинен бирдиктуу, жоого даяр болууга аракет кылуучу. Бүтүн тиричилик, чарбачылык жоокерчиликке багындырылуучу. Ал убакта: — Ой, ушу жоого кире алабы?—дешип үзөцгүнү узун теминген жигит болсо, андайларды абыдан жамаи керүүчү. Жоо кабары угулганда, же болбосо өзү бир урууну барып чабаарда, уруу башы, же хан ез карамагындагы элдин баш кишилерине, баатырларыиа кабар берет. Алар колун курап, уруу башчыларынын алдына келет. Аксакалдашып хан, бийдин уруусунун айлааасына жыйналат. Чогулгандар хан, бийлердин айтымы менен буюрганын иштейт. Ал кездегилердин жоожарагы найза, каскак, айбалта, чоюн баш, шалк этме, союл, камчы, бычак. ЖООКЕРЧИЛИК ЗАМАНДАГЫ ЭЛДШ1 ЧАРБАЧЫЛЫГЫ Жоокерчилик заманда эл кзчмен болгон. Негизги тиричилиги мал чарбачылыгы болуп, оор жүктүмүлктү эч кимиси күтүүчү эмес. Эл арасында дайыма, бир жагыпан жоо болуп башкаларды чаап турса, экинчн тарап" тан башкалар келип бүлүк салуучу. Адатга жоо келип калеа, эл оор жүктү жүктөп кача алуучу эмес. Андай учурда оор жук жоонун колунда калып калуучу. Аяктуу малды гана айдай качып куткарып кетүүчү. Ошентип мал чарбачылык басымдуулук кылып, ошого ылайыктуу эл оор жүк урунбаган. AT АТТАН КИЙИН ЖАТ Жоокерчилнк за мандаты мүлктүн эң кымбаттуусу, кадырлуусу аттын күлүгү болуучу экен. «Жанга өлчөгөн атым эле» деген сөз ошондон. Анткени аты күлүк болсо, качса өлүмдөн кутулуп, кууса жоого жетет эмеспи. «Эрдин куну, эриштин айыбы»— деп кыздын калыңы бир кулук менен бүткөн күндөр коп болгон, Ошентип жоокерчилнк заманда бир күлүк атты кайсы киши болсо да урунуута аракет кылуучу. «Ат аттан кийин жат»,— деген макал ошол замандан калган. Аты жок киши колго, сыртка аттанып олжо алалбай ээр токумун жазданып мүлксүз калуучу. Айтылуу күлүк дайым кадырлуу болуп элдин көзөмөлүндө болуучу. Ошол себептен күлүк аты бар киши өз атына ээ болуп, башка бир айылдын адамына бере алуучу эмес. Анткени кулук ат элдики, ошол айылдыкы болуп эсептелген.

Page 9: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

Бир айылдан экинчи айылга күлүк жылкы баш алып, баш берүү (кыз берүү) аркылуу өтпөсө башка жол ме-нен өтуүгө мүмкүн эмес болучу. Белгилүү кулук ат менен баатыр жигит бир айыл элди баккан, олжого кандырган күндөрү жөнундө эл арасында кеп айтылат. УРУУНУ КОРГОО ТАРТИБИ «Бөлүнгөндү бэру жейт» деген ошол уруучулук, жоокерчилнк замандан калган макал. Элден бөлүнө калган аз айыл болсо, башка бир уруу малый да, башын да (кишисин да) олжолоп кеткен. Башка уруунун колуна тушуп кеткен мал болсун, адам болсун оңойлук менен кайта келип ез элине кошула алуучу эмес. Колго ту-шуп кеткен эркек, аял, кул, кун болуп журүп өмүр откерген. «Кул, күң елтурсо кунсуз, сатса пулсуз». Кулду кулданып, күңду күңдөнүп жүргөн адам кулун, куцун өлтүрөбү, сатабы өзү билүчү. Ошол себептен ар бир уруу, ез уруусунун кишисин, малый башка уруунун колуна түшүрүп жибербөөнү өзүлөрүнүн алдына негизги милдет кылып коюшкан. Эл көчсө чогуу, консо бирге. Маселен, кел бугусу илгери тыягы Кулжа, быягы Текеске чейин бирге көчүп конуп жүрүшкен. Ошол убакта бугу уруусунун ханы Боронбай, бийн Муратаалы эл көчеерде бүтүн айыл башын, айыл аксакалдарын чакырган. Кайсы күнү, кандай көчуүнүн кецешин кылып, бүтүн бугу болгон жери бир күнү көчүшкөн. Эл көчсүн деген күнү көчпөй калгандар болуучу эмес. Күндүн жааны да көчпөй калууга себеп боло алуучу эмес. Эл кечөттүн болжолдуу күну кишиси өлгөн айылга гана көчпөй калууга уруксат кылынуучу. Өлгөн кишибизди кемөлү деп кочпой элднн артында калган айыл, жоого алдырып жиберүү коркунучу б.члинген кезде өлүгүн жүктөй качып, эл конгон жерге жетип көмгөн учурлары да болуптур. Чогуу көчүп, чогуу жүрүү элди жоодон сактоонун негизги бир шарты болсо, урууну жоодон коргоонун дагы бир шарты катары баатырлардын көзөмөлү эсептелүүчү. Адатта уруунун атактуу баатырларынын бпр экөө көч баштап көч алдында болсо, калгандары элдин аркасы болуп, көчтүн аягын иликтеп көчүүчү. Бугу уруусунун күңгөй жаккы четин атактуу Балбай баатыр көзөмөлдөсө, тескей жактагы четин Жанек баатыр, күн чыгыш жактагы четин Өмүр баатыр башкарып, эл ортодо болучу. Элди жоодон коргоо эркектердин милдети деп эсептелген. Атка токтогон ар бир эркек бирден атын дайыма жетелеп откозуп, таптап агытпастан байлап жоого даяр турушчу экен. «Аттан, жоо келди»,— деген кабар жетээр менен баары жабыла аттануучу. ЖЕР ПАЙДАЛАНУУНУН ТАРТИБИ Жоокерчилик замэнда «Карыш ажыраган карганча керүшпөйт» дешип жамапашып жашашкан. Бириндеп калган киши жоонун колуна түшүп кетип тууганынан ажыроочу. Ошондуктан жер пайдаланууда байы жардысы аралашып, бирге көчүп, бирге конуп жүрчү. Бир урууга караштуу жерлерди, уруу өз ичинен урукурук, айылайылга бөлүп алуучу. Ал бөлүнгөн жерлер атадан балага кала берүүчү. Жыл мезгилине жараша жер төменкүдөй бөлүнүүчү: 1. Кыштоо. 2. Жаздоо. 3. Жайлоо. 4. Күздеө. Эл жайлоого, күздеегө, кыштоого, жаздоочу жерге кечкөндө жогоруда айтылгандай, айылайыл чогуу көчүп, бирге турушкан. Жайлоо, кыштоо кайсы айылдыкы экенине карабай жалпы пайдалануучу. Бирок ар кимдин өзүнүн ээлеп алган копушу, уйунун журту болуп, эл дайыма ез конушуна, журтуна маанайлачу. Мал жайытын пайдалануу, бөлүштүрүу айылдын баш кишнлеринин айтканына жараша болучу, Мурда кыргызда жер айдоо енуккен эмес. Маселен, орус келе электе бугу уруусу эгин айдап деле жарытуучу эмес. Эгин эксе үрөнүн калпакка, куржунга ченеп себүүчу. Бар болгону минер атка деп чеп оруп алар эле. Көнүмүш катары чеп чабуу деген болгон эмес. Себеби ар кимдин эгин айдоого, чөп чабууга ылайыктанган жери, аянты болбогон. Жалпы тиричилик, мал багуу тышкы чейрөнүн шартына жараша отүучу. «Жылкыны эр багат, койду кары жок кара жер багат»,— деген сез бар. Анын себеби кой менен уйду алыстан келген ууру уурдай алуучу эмес. Анткени айдап качканда жол арбыта албайт, куугунчуга карматып коёт. Ошондуктан уй менен койго цц арадан ууру тийбесе, тыштан ууру аз болучу. Койлорду тоосу бийик кунгөй жерлерге, кар жаабаган сырт бетине бүлөсү аз, шайдоот кишилер багып кайтарып, кышкысын оторго көчүп келип багуучу. Жылкы тууралуу. Алыстан келген уурунун уурдары эле көбүиче жылкы. Сак кайтарбаса жоосу көп болуп жылкыны алдырып жиберүүчү. Жайдын кара нөшерүндө, кыштын чилдесинде жигиттин жигитн кирпик какпай жылкы кайтарган — «Жылкыны эр багат» деген ошондон. УКУК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ б и й, б и й л и к, эреже Чырчатак, аласабересе, доодооламайлардын баары бий алдында, бийлердин өкүм, кесимине жараша бутүүчу. Ар бир бийге келген иштерди бийлер адатка анланган эрежени, салтты колдонуп чечүүчү. кун Эреже катары эрднн куну торт кесим боюнча: асый, бышты, кунан, тай эсебинде белгиленип саны боюнча 300 жылкыга барабар болучу. Ар бир жуз жылкынын 25и асый, 25и бышты, 25и кунан, 25и тай деп аныкталуучу. Аялдын куну да терт кесим иретинде 150 жылкыга барабар болучу. a й ы n Калың алып, кийин кызын бербсй койсо жана доолаганда алган калынын кайтарып бербесе, анда күнөөлү киши «эриш бузган» айыбы үчун 12 байталды, бир айгыры менен кошо берүүгө милдеттүү болучу.

Page 10: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

Көз чыгарса айыптуу киши жарым кун тартуучу (эркек болсо терт кесим ирстинде 150 жылкы, аял учун 75 жылкы). Тиш сындыргапдыи айыбы, Кулак кескендпн айыбы. Кол сындыргандын айыбы, Уурдагандын айыбы,— — деп кишилер оз кылмышына жараша айыпка жыгылуучу. Бир урук эр өлтүрүп коюп, бийлердин чыгаргаи өкумү боюнча кун телебесе, башка уруктар чогулуп, биригип келип, кун төлөөден баш тарткан урукту чаап, талап, олжолои кетүүчу. «АК СӨӨК», «КАРА СОӨК» Уруунун ез уругунан, ез тукумунан таралгандар озулөрүн ак сөөкбүз дешип эсептешкен. Урууга курама болуп кошулган букара айылдардын адамдарьш «кара сөөксуңөр» дешүүчү. Коомдук иштердин кайсынысында болсо да «ак сеектвр» «кара сөектөрдвн» кэбүрөөк болучу. б а й, ж а р д ы Уруу ез ичинен бай, жардыга бөлүнүүчү. Жардылар байларга жалчылыкка жүрүүчү. Уруунун ез тукумунан тарагандар өзүн жогору кармап, намыскөй келип, жалчылыкка кебунче курама, букара айылдып кишилери баруучу. Мал багуу, отун алуудан башка жумуш жок болгондуктан жалчылардын эмгек акысы өтө арзан бо-лучу. Байлардын кебу жалчыдан башка кул, күң кармоочу. Көнүмүш катары кулга, күңгө акы төлөөчу эмес. Акы турмак бай кол алдындагыларды сатса, бнрэене бекер берсе, же елтүрүп койсо, урса, кыйнаса, кордосо да езү билүүчү. Мындай акыйкатсыздыкты керуп турса да эч ким ага кийлигишүүчу эмес. Байлар да ©з ичинен биринбири ордолуу бай, кордолуу бай, сасык бай деп коюшчу. Ордолуу бай деп укумтукумунан бери бай болуп келе жаткандар. Кордолуу бай дегени елү мүлкү кен, сарамжалдуу байлар. Букара курамалардан чыккан байларды сасык байлар дешүүчү. 311 529 ӨЛГӨНДӨН КАЛГАН МУРАС ЖӨНҮНДӨ Бирөө өлсе, ал кишиден калган мал, мүлк анын эркек балдарына таандык болуп калучу. Жесир аял өлгөн кншинин туугандарына тиешелүү болуп, анын жакыныраак дегендердин биреөне алып беруүчү. Балдар жаш болсо, энесии алган тууганын «өгөй ата» кылып карманып, ошол кишкнин жакындарынын карамагына өтүүчү. Эгерде жесир аял өлгөн кишинин жакын туугандарынын бирөөиө тийбей, башка биреөго кетсе, ал убакта ал аял эринен калган малмүлктү жана балдарын ала кетүүгө укугу жок болучу. «Керегенин кезүнөн өтүп» кара башы гана кетүучү. Жетим балдар, үй, малмүлкү менен жакын туугандарынын бирөөндө калуучу. Эс тартып малмүлккө ээлик болгуча ошолордун көзөмвлүндө жүрүучү. Эгерде елгөн кишинин баласы жок болсо анын малымүлкү жакын туугандарыиа өтүүчү. Өлгөндөн калган малды жакындыктарына жараша, улуусу улуудай, кичүүсү кичүүдөц кылып ылайыктап бөлүп алышуучу. Жесирдоо, жетим акы Жесир аял башка биреегө барып тийип алса, өлген кишинин жакындары, кетип калган аялдын төркүндөрүнөн жетим акы доолачу. Анткени аялдын төркүнү, аял экинчи биреөнө тийгенде да калың алуучу. Эгер тигил кетип калган аялдын төркүнү өз ниети менен доодон кутулбаса, а өлгөн кишинин туугандары: — Өлгөндөн олүү, тирүүдөн тирүү ажырадык, эч болбогондо жетим акыбызды бер,— дешип бийге чейин даттанып жүрүп, жетим акы албай тынуучу эмес. Эгерде жесир аял өлгөн кишинин жакын туугандарынын бирөөнө барбай, алысыраак туугандарынын биреенө тийип кетсе, анда деле аялдын ез эле башы кетүүчү. Жесирди алган алые тууганы тиги өлгөн кишинин жакын туугандарына доолуу болуп, тартуу тартып, жесир доосун берүүге мнлдеттүү болучу. Жесир тууралуу өз ара мамилелер башка жолдор менен да бүтүүчү. S74ypга туура келип, жесир келген айылдан эри елген аял чыгып калса, жесирин алдырып жиберген айылдагылардын бироө тпгилердин жесирин алууга акылуу болучу. Көпкатыналуу Бир уруу жалпы жонунан бир наамда аталгакы менен ез ичинен урукурукка, атаатага айылайьша бө-этүнүүчү. Айыл ичинен түтүнгө бөлүнүп, ар түтүндүн өзүнчө тиричилиги, энчнлүү малы, үйү болучу. Албетте, «түтүнү башканын түйшүгү башка» дегендей ар кнм өз алдынча тирнчилик өткөзүучү. Кимдин колунда мал жеткелең болсо, ошол киши кадырлуу, барктуу. Ошондой болгондон кийин ар ким эле бардар, жеткелең болууга аракеттенуүчү. «Мал бащка бүтөт, кына ташка бүтет»,^ деп ким балабакыралуу болсо мал күтуүгө мүмкүнчүлүгү кеңири болучу. Эгер малдуу болсо, бирок малды баккан бүтлөсү болбосо анда малды ууру алуучу, жоо тийип кетүүчү, жутка алдыруучу, бөру жечу. Ошондуктан ал убакта эл малдан мурун баштуу, бүлөлүү болууга умтулган. Чынында бүлөсү аз, союл чаба турган кишиси кем айыл эле кемдик, чабалдык кылуучу. Адатта киши көп аял алса, ал аялдар төрөсө, бир тутүн киши балабакырасы менен бир короо айыл болуп кетүүчү. «Кыргыз байыса катын алат»— деген макал бекеринен айтылган эмес. Көп катын алуунун максаты, мына ушундан келип чыккан. Экинчиден жоодон түшкөн олжо түтүндун ар бир кишисине бөлүнгөндүктөн бүлелуү кишилерге олжо көбүрөөк тийүүчү. ЖАКЫНЧЫЛЫК ВАЙЛаНЫШТАР Үйбүлөчүлүктөгү жакындык байланыштар төмөнкүлөр: атаэне, агаинн, эжесиңди, карындаш. Келинге — кайын ата, кайын эне, кайын ага, кайын нни, кайын эже, кайын сиңди. Күйөөсүнүн туугандарынан аялдары бирибирине абысын. Бир эркектин экиүч аялы болсо, бирибирине күнү. Күйөөгө кыз атасы кайын ата, кыз энеси кайын эне. Кыздын агаларынын баары кайын ага, инилери кайын

Page 11: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

ини, эжелеринин баары кайын эже, сиңдилери балдыз болот. Кыз алуучу жана кыз берүүчү жактын кишилери өз ара биринбири эркектери куда, аялдары кудагый, кыздары кудача дешет. өкүлата, өкүлэне Үйлөнгөндөн кийин кыз тараптан күйөөге, күйөө тараптан келинге өкүл ата дайындалат. Өкүл атанын аялы келинге өкүл эне, улуу уулу өкүл ага, кичүү балдары өкүл инн, улуу кызы өкүл эже, кичүү кызы өкүл с и иди болуп калат. Өкүл ата, өкүл эненин зарылдыгы төмөнкүлөрдөн келип чыккан болсо керек. Күйөө болуп үйлөнгөн жигит езүнүн атасынан да, энесинен да уялат. Жаңы келген келин кайната, кайын энесинен бир канчага чейин уялып качат. Ошентип турмуштун жайын биле элек жубайлар акылазаат тарбиядан оолак калышы ыктьшал. Ошол себептен келинге да, күйөе жигитке да тарбия берип, көзөмөлдөп жүрүш учүн екүд ата дайындалат. Башкача айтканда өкүл ата өкүл балдарга экинчи ата, эне болот. Булардын айткан акылазаттарын өкүл балдар угууга милдеттүү. жээн, таяке Күйееге берген кызынан туулган балдар, кыз берген айылга жээн болушат. Энесинин туугандарынын баары балдарга ез иретинче таяке, тай ата, тай эне, таа жене, тай эже ж. б. болот. б а ж а Бир айылдан, бир кишинин кызын алгандар бирибирине бажа болот. Бажанын балдары бирибирин беле дешет. Лгаларын таа жезде, энелерин тай эже дешет. к а и д и к а т а, киндикэне Бала терелгенде киндигин кескен аял балага киндик эне, ал аялдын эри туулган балага киндик ата, улуу кызы болсо киндик эже, эркек баласы киндик аба болуп калат. Аял аркылуу байланышкан куда, таяке, бажа.жэзи,өкүл ата өңдүү иликжиликтер бириннн башына иш түшсө, ез ирети менен кыйынчылыктарды бело тарты. шат. Ар кимиси алына жараша кошумчаларын кошушат, мүмкүн болушунча бирибирине жакшы санаа, жакшы тилекте болууга милдеттүү болушат. Ошондуктан ошол кездеги кыргыздардын баары колдон келишинче куда, дос, тамыртааныш, иликжилик күтүүге аракет кылышуучу. ЭН, ТАМГА Тамгалардын кайсы заманда чыкканын, ким ойлоп чыгарганын билген киши жок. Бирок айрымдардын айтымына Караганда малга тамга басуу Кокон хандыгы кыргызды багынткан кезде чыккан деп болжолдонот. Кыргыз Кокон хандыгына багынган заманда, Кскон ханы ар бир уруунун бийлерин чакыртып алып аларгч бирден тамга берген имиш. Бинлердин биреелерүнө орок \тамга, чырак тамга, кайсы бирөөлөрүнө ай тамга, кылыч тамга, кайчы тамга, кыйык тамга ыйгарылгац. дсп айтышат. Биздин оюбузча тамга кыргызда байыртадан бери пайдаланылган. Бийлер алган тамгаларын альш барып өз уруусунун малдарына бастырат. Ошондон кийин кайсы мал кайсы уруунуку экендигин тамгасына карап бидүүчү болгон. Бир урууда бир тамга болуп, ал уруунун ичиндеги урук, айылайылдын малый ажыратуут^ кыйындык кылган. Ошондуктан ар айылдын, уруктун өзүнчө эни болгон. Э н д е р. Темөнкудөй салынуучу: Он кулактын алдынан окж, оң кулактын артынан оюк. Сол кулактын алдынан оюк, сол кулактын артынан оюк. Он кулактын алдынан тилик, он кулактын артынан тилик. Сол кулактын алдынан кыйык, сол кулактын артынан кыйык. Он кулактын учунан, ортосунан, түбүнөн оюк, сол кулактын учунан, ортосунан, түбүнөн оюк жана кулактын учунан жара тилнк. Ошентип ар уруунун ичиндеги айыл, урукуруктардын малдарыиын кулактарына жогорку көргөзүлгөндөй ар турдуу эндер салынган. Ошол эндер аркылуу кайсы мал кайсы уруктуку, айылдыкы экендигин ажыратып билүүгө мүмкүндук болгон. Малга тамга салуу жогоруда айтылгандай Кокон хандыгынан калган делип журулет. Бирок, эн салуу коп замандан бери келе жаткан. Анткени мпң кою бар киши коюнун баарын өцүнөн тааный албайт, таанып жетишүүгө да мумкун эмес. Ошондой болгондон кийин элдин малына, коюна белги салуусу малды арбын куткөн кыргыз элинде илгертен келе жаткан ыкма деп ойлоймун. Энди кулакка салуу көнүмүшке апланып кеткен. Анткени кулактын жуну кыска, кыркылбайт, дайыма көрүнө турган мүчө. Андан малдын корку да бузулбайт, экинчиден кулакка эн салганда, тилгенде, кескенде андан мал кеп ооруксунбайт окшойт. Ошол себептен энди дайым кулакка салып калган болууга тийиш. ЫСЫМ ТУУРАЛУУ Эмне учуй кыргызда фамнлие болбостон ез атасынын аты фамилие катарыида колдонулуп калган? Анын себеби темөнкүдөй: тааныштыгы жок эки киши кезигише калса, эн алды менен кайсы уруудансын, ал уруктун кайсы айлынансыц, ким деген кпшинин баласысын, дегенди сурашучу. Палан уруу, паланча уруктагы, палан кишинин баласымын дешип дайынын айтышуучу. Же болбосо «кимдин баласысың»?—деп сурашат. Жооп берип өз атасын, чоң атасын, ал киши кайсы уруктан кайсы айылдан тараганын, чоң кишилери ким экенин айтып, андан кийин бирибирин билишүүчү. Илгери кыргызда эл кагазга жазылып, тизме, каттоо жүргүзүлүүчү эмес. Элди каттоо, кагазга тизмелвө орус келгенден кийин башталат. Каттоо, тизме зарылдыгы болбогондон кийин жүргүзүлбөгөндөн кийин фамилие урунуунун да зарылдыгы болгон эмес. Орустар келе баштагандан тартып уч жылда бир жолу каттоо жүргүзүлө баштады, аны «кара кат» болот экен деп коюшуучу. Ошол кара кат жүргүзүлгөн убакта, атаңдын аты, ез атың ким, кайсы старчындан, кайсы элүү башыдансын, деп суроочу. Ошентип кара кат жүргүзүлгөл заманда да фамилие урунуунун маселеси коюлган эмес. Каттоодо ар ким атасынын атын айтуу менен

Page 12: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

чектелүүчү. Фамилие урунуунун кыргыз элине илгери зарылдыгы болбогонуиун даты бир себеби биз мурда айткандай ар бир урук бирге кечуп, бирге конуп, чогуу жүрүшүп бнринбири ецүнен эле таанышуучу. Адатта айылчылап алыска да баруучу эмес, барса бир күнге, эки күнге коцшулаш айылдарга гана айылчылап баруучу. Кыз болсун, эркек болсун езунүн атасынын атын гана айтып калган. Ошентип уруучулук заманда эл айылайыл болуп бирге жашап, каттоо шли енүкпегондүктен, азыркы замандагыдай паспорт, күбөлүк кагаздын эч книге керек болбогондугуна банланыштуу фамилие күтүүнүн зарылчылыгы болгон эмес. ЖЫЛ ЖАНА АЙ АТТАРЫ Илгери кыргыз элинде, кат билген киши чанда болбосо дээрлик жокко эсе болучу. Каттап койгон кагазы, сызып койгон жазуусу болбогондон кийин кимдин канча жашка чыкканын, качан туулгаиын билиш кыйын бслгои. Ал гана эмес коом турмушундагы мааннлүү кээ бир окуялардын кайсы жылда болгонун жана андан бери канча убакыт еткенун да так айта алышкан эмес. Саноо ишинде жылдарга темонкудей аттарды коюп, ошолор аркылуу кимдин канча жашка чыкканын жана кайсы окуя, кайсы жылда жана ал окуяга нече жыл болгонун билишүүчү. жыл аттары 1. Чычкан (жыл башы) 7. Жылкы 8. Кой 2. Уй 3. Барс (жолборс) 4. Коён 5. Улуу (үлүл) 6. Жылан 9. Мечин 10. Took 11. Ит 12. Доцуз мүчөлжылдар 12 ден 13 бир мүчөл 24 тен 25 « » 36 дан 37 « » 48 ден 49 « » 60 тан 61 « » 72 ден 73 « » 84 төн 85 « » Бирдин айында үркөр ай менен айдын бир жацысында тогошуп «жерге түшөт» имиш. Ислам дини кыргыз элине качан, кандайча тарагандыгын так айтуу кыйын. Менин оюмча ислам дини кыр,гызда мындан 4С0 ден ашык жыл илгери кириши ыктымал. Анткени батыш Сибирь элдерин Кечум хан ислам динине киргизген экен. Көчүм хандан мурунку кыргыз уругунан болгон Жедигер хан карамагындагы элин 1500жылдарда христиан динине чокундурмакчы болуп, өзү чокунган экен (Сибирь тарыхына Караганда. Батыш Сибирь элдерин ислам динине Көчүм хан багындыра баштагандыгына жана Көчүмдүн хан болгондугу 1500жылдар экендигине таяныи кыргызга ислам дини мындан 400 жыл чамалуу илгери кирген деген жыйынтык чыгарууга болот. Кандай айтканыбыз менен да түрк элдеринен ислам АЙ АТТАРЫ 1. Жалган куран 2. Чын куран 3. Бугу 4. Кулжа 5. Теке 6. Баш оона 7. Аяк оона 8. Тогуздун айы 9. Жетинин айы 10. Бештин айы 11. Үчтүн айы 12. Бирдин айы ДИНДИК АДАТТАР динине киргендердин эң кийинкиси кыргыздар болсо керек. Аган төмөнкүлөр далил болоор дейм. 1. Кыргыздардын батыш жагы, артыкча Анжиян, Наманган тарабындагы кыргыздар ислам динине мурунураак кирген болууга тийиш. Улам Күн Чыгыш тараика жүргөн сайын дин кечирээк кирген сыяктуу. Маселен бугуга Караганда сарыбагыш динчилирээк. Шабдан заманында Шабдандын кожосу болгои. Кожо күтүү бугуда болгон эмес. Талас, Чуй, АтБашы, Нарын, Кочкор, Жумгал, ЫсыкКөл айланасындагы

Page 13: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

кыргыздарды туштуктер аркалык деп коюшат. Аркалыктарда дин туштук кыргыздарга Караганда начар өнүккөн. Мисалы бугу уруусун алганда, алардын ичинде арык тукуму эли кийинки кундерго чейин ислам динин бутпарастык динине аралаштырып колдонуп келди. Арык тукумунун азыркы карыяларында да арчага аластатуу, мазар таюу, жүгүнуү ©ңдүү бутпарастыктар жок эмес. Кыргыздын кимиси болсо да диним ислам дегени менен, ислам дининин адаттарын, анын кандай дин экенин толук биле алышканы аз. Абдан динчил деген кишнси намаз окуп, орозо кармоочу. Ошол намаз окугандар деле намаздын эрежелерпн да так билуучу эмес, иши кылып шыкка лсөлөгөн болушучу. Анткени намазды үйрөткөн атайы билимдуу молдосу чанда кезигүүчү, болсо да атактуу кишилердикинде гана болучу. Көпчүлүк эл намазды окуп жүргендөрдөн үйрөнүп, намазга жыгылып ыклас кылган болушучу. Кокон хандыгы убагында кыргыз ичинде дин бир катар өөрчүй баштаганы байкалат. Өлгөндв жаназа окуу, дооран беруу, катын аЛса нике кыйдыруу, елгенге куран тушурүү, ошол Кокон хандыгы учуруна туура келет. Кыргыз элинде, гртыкча түндүк кыргыздарда ислам дининин жетиштуу тарабагандыгын томенкүдөп улам билүүгө болот. Айылдын бгтр кишнси »луп, >.аназа окууну биле турган кишиси жок өлүк көмулбөй бир нече күн туруп калган имиш. Ошондо бир топ соодагер сарт кетип бараткапын көрүп калышып, айылдан киши барып бир кишибнз елуп, жаназа окууну биле турган кишибиз жок, өгүгүбуз көмүлбей жатат, жаназа окуп бергиле деген экен. Анда соодагерлер: — Жаназа окуй турган молдсбуз жок,—дешет. Анда: * — Силер кызыл чепкен кийип сарт болгсиду бялссинер да, жаназа окуганды эмне үчүн билОейсицер? — деп елүгүн көмө албай күйүттүү болуп турган кыргыздар тигил соодагерлерди сабаган дешет. Албетте бул ылакап, бицок ылакап болсо да өз заманы үчүн абыдаи мүнөздүү. Айтылган ылакап ошол кездеги бир кур кыр•гыздардын өлгөн кишиге жаназа окуу шарият боюнча милдеттүү иш экенин билгенднгин айгинелейт. Экинчиден, арасында жаназа окуй турган кишинин жоктугун, ошондой эле өзбек болсо баары эле молдо болуш керек деген түшүнүктө экендигин мунөздөйт. Карагайдын келдсси, Мен кудайдын пеидеси, деп жыгылып, туруп намаз окудум дегендер да көп болгон экен. Кийинки күндөргө чейин ислам дини элдин калың катмарына кецири тарай алган эмес. Бирок, ислам дини кандай дин экендигин, анын эрежелерин толук өздөштүрө албаса да дин атынан сүйлөгөн, ислам дини үчүн жаныбызды аябайбыз деген сокур жана өсөр динчилдер кыргыздардын арасында кеп эле болгон. Эл арасында орозо айы бүткөндө орозо айт, курман айт, болгондо курман айт кылып келген. ӨЛҮК ӨЛГӨНДӨГҮ ДИНДИК АДАТТАР ЖАНА ЭЛДИК САЛТТАР Киши жаны кыйналып, үзүлүп бара жатканда ыйман айттырат. Ыйманды молдо айтат. Өлгөн кишинин эти сууганча тийбейт. Эти суугандан кийин жерге алып коёт да, катындары кошок кошуп, эркектери өкүрүп сала берет. Өкүрүк угулгандан кийин айланадагы айылдын аялдары кошок кошуп, эркектери өкүрүп келе баштайт. Өлүктү көмүү жана келген элди коноктоо өлүк өлгөн айылдын жалпы милдети деп эсептелет. Өлгөн кишинин малынан мал соголат. Чай, нанды алы келгенинче аянбастан келген элге берет. Өлүм бардын малый чачат, Жоктун абийирин ачат,— дешүүчү. Өлгөн киши малдуу, бардар болсо малый чачып, елүк өлгөндөгү элдик салттардын, диндик адаттардын баары иштелүүчү. Эгерде өлгөн киши жарды болсо элдик салттар, диндик адаттар толук орундалбай, же елүк елгөн үй ото кыйналуучу. Сеөк жуудуруу Сөек жуудуруш үчүн өлгөн кишинин кудасөөктөрүнөн, кызынын, уулунун кайындарынан, достамырлары нан, алысыраак туугандарынан кылып 9 же II кишите чейин киргизет. Эң аксакалы башын жууйт, андан кийинкилери өз ирети Менен улам темен жактарын жууйт. Сөөк жуугандар олген кишинин кш'.импн бөлуп алышат(Зшондуктан буюмтайым алсамбы деп нээттенип жүргөн, бирок сеөк жуута кнрбей калган кудасөөк, дос« тамырлары, алысыраак туугандары «сөогун жуудурбады» дешнп таарыпгап учурлары да болот. Эгерде елгөн киши аял болсо, анын сөөгун кудагый, иликжпликтери* нин аилдары жууйт, сөөк жууга киргендер да сакалдуулашып ел ген аялдын кийнмин болуп алышат. Мүчө берүү Киши олуптур деген кабар угулса, уккан жердеги кншилердин баары эле келүүчү. Келгендер өлгөн жердеп олжомуче алуучу. Кишнси ел ген айыл, келген элди урукурукка, айылайылга бөлуп мучө берүүчү. Тийген мучену эл ез ара олжолоп бөлүп кетүүчү. Өлген киши бардар болсо, ыучөнү көбурөик, жарды болсо ез алына жараша бсручу. Ж ы р т ы ш б е р у у Зркек елсө барган аялдарга эчтеме берилүүчү эмес. Эгерде олген киши аял болсо, анын эри 'ардар болсо, эркектсрге муче, аялдарга жыртыш беручу. Жыртышка жыртын, Озлуп алгапдай ксздеме, учук жибех, жип сапталгандай ийне, шакек коюлучу. Аялдар жк|п ышка тий« ген олжопу талап бэлуп алышчу. Д о о р а н Дооран беруу элдпк салт змее, диндик адат. Доорандын максаты өлгөн кишини «күнөөсүнөн куткаруу Доорандын гкысьгн молдолор алуучу. Дооран өткөруүнүн тартиби. Өлүктү кешшдеп алып женеоге даярдагпндан кийин чогулган молдолор вяук жаткан уйге барыилу; Алар ел у к ту коюл кырка тартып отурушат. Биреене дооран егкерүү табышталат. Адатта мурдаган дооранга колундз бары бардай, жогу

Page 14: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

жоктой кылып мал, дай багыштап кост. дооран башталарда атайы доорзкга багышталган малдын чылбырынып учу дооран еткерууге дайындплган молдонуа колунда болот. Ал молдо ©л''* ген киши сбалакаткз» киргёнлен беркн жашыпын э;сбин тактайт. Маселен елген киши Г>0 жашка чыккан более, 12 жашын алып таштап калган 48 жашына дооран еткерет. Дооран еткергеи молдо ушу кишинин 48 ичин 538 Ч' де кылган күнөөлерүн котөрүп алдыңбы?— деп отурган молдолорго, улам кыдыртып дооранга байланган малдын чылбырынын учун сунат. Дооран алууга отурган молдолор — «Өлгөн кишинин күнөесүн котөрүп алдык»—дешип дооранга байланган малды, койгоп эгин, акчаны бөлуп алышат. Бет т ы т у у, кара к и й ү ү, аза к ү т ү у, т а с м а курчануу Каза болгон киши эркек болсо, анын аялы жана жакын аялдар беттерин тытышат. Өлгвн кишинин аялы чачын жазып, башына кара салучу. Ашып бергиче дайыма тескери каран, аза күтүп отурат. Күнүкө үч маал кошок кошот. Кээ бирөө эринин аркасынан өлүш үчүн белине ичке тилинген кайыштан жасалган тасма байланчу. Адатта аял эч кимге билгизбей чылгый кайыштан тилинген тасманы жалан этине курчанып алып күнүгө жылдырып бекитип коё берет. Тасма барабара белин кыйып ошондон зйяя тарткандар да болуптур. Чыңчыц жаман чыц жаман, Чыңырып чыккан үн жаман. Табактай бетке так жаман, Тасмадай белге кур жаман,— — деп далай аялдар эри елгөнде бетин тытып, эрине күйбөй койду деп эл жаманатты кылбасын деп белине тасма байлап, күнүнө уч маал кошок кошуп, какшанып ыйлап кыйналган экен, өлгөндөрү да болуптур. ,А ш б е р ү ү Шарт боюнча өлгөнүнө 6 ай болгондон кийин чоң ашын берүүгө руксат. Андан башка майда аштар да бо-лот. Кишинин өлгөнүнө үч күн болгондон кийин үчүлүгүн, 7 күндөн кийин жетнлигин, 40 кундөн кийин кыркын берет. Кыркын бергенде молдолорду жыйып куран түшүрүүчу. Молдолорго куран түшүрүү акыларын тапшырып, андан тышкары ат да токуп берүүчү. Өлген кишинин жакшы аты болсо, ошол атка олген кишинин ээр токумун токуп, жайнамазын бөктерүп, чынысын кабына салып, канжыгасына байлап, канжыгасын ээрдин кашына кыстарып куран түшүргөн молдолордун биреөнө албетте чоңураак, атактуураак молдосуна берүүчү. Жогоруда айтылгандан алты айдан кийнн чоң ашын — акыркы ашын берет. Аш берилээрде өлгөн кишинин бүтүн кудасөөгүнө, достамырларына кабар берилет. Кудасөогунун, достамырларынын каГ; бирөв кабар албан калса катуу таарынуучү, айрымдары ашына чакь/ртпады дешип нараздашып, алсырашып, кол үзүшүп да кетүүчү. ■ • МИЛДЕТТҮҮ КОНОК ЖАНА КОШУМЧА Өлук ашы байга байдай, жардыга жардыдай берилуүчү. Эгерде өлгөн адам атактуу бай киши болсо, елүк салттарына чыккан чыгымдын баары ошол өлүк өлгөн айылдагылардын милдети деп зсептелүүчү. Өлгөндөгү кснок ашы: өлгөн кишиге өкүруп келген кишилерге союлган мал, берилген чай жана башка каражаттарды өлүк елгөн айыл бай, жарды дебестен түтүнгө белүп алуучу. Эгерде олгөн киши жарды, катардагы кишинин бири болсо, ©лук салттарын ©төөдөгү бүтүн каражаттар слгөн кишинин өзүнөн чыгуучу. Кудасөөк, Достамырлары, жакын туугандары азын оолак кошумча кошуучу. Ашын бере турган киши атактуу бай болсо агаи бериле турган ашта ошондой дацазалуу болуп өткөрүлүучү. Лижа 5—6 ай мурда камынышчу. Ашты башкаруучу кишилер айылдын баш кишилерин чакырып аш берүү кенешин кылуучу. Андан сон аш бериш үчүн тутүнгэ байжарды дебестен ашка кете турган чыгымдар: Сайгеге сайыла турган мал, акча, ©луу дуйн© жана башкалар белгиленип тийиштүү кишилерге белүнүүчу. Ар ким өзунө милдеттүү конокторду күтуү учүн, конокко союла турган мал, чайчемегин белендечү. Мнлдеттүү коноктун салты төмөнкүдөй болучу. Кайсы айыл милдеттү конок алып аш берсе, .селгеи копоктор ошол айылдын түтунүнө бөлүнөт, Милдеттуу копоктор канчай тамак жейбиз десе, уй ээси ошону орупдоого милдеттуу. Эгерде милдеттуу копоктор кыйкым таап конгон унүндөгүлердү уруп, сабап койсо да уй уэси макул боло берүүгө тийиш, кол кайтарууга, каяша айтууга укук берилбеген. Милдеттуу конок алып аш берген айыл өзунөн чыккан чыгымы учун эч кимден эчтеме ала албайт. Кай бир учурда милдеттуу конокко келгендер шылтоо таап, бнрдеме өндүрүп алып кетүүгө да аракеттенишкен. Арык тукуму элинин бир Быйтыман деген. болуш болуп жургөн кишиси ©луп аш бергенде келген шапак эли бяздн конокко эрте бөлуп албайт деп таарынган бондои аш берген айылдын жылкысын тийип кеткен. Милдеттүү конок күткен үйдө чоң аштарда ар каидай тентектик, бейбаштыктар кеп болучу. Конгон үйүндөгү кишинин тамаплнан кыйкым таап, үй ээсин кызил ала кылып сабагандар да көп болгон. Лйылда мнлдеттүү конок күтүп таяк жеп калгандар, тигнл айыл кезеги келнп милдсттүү конок алып аш бергенде, атайы мурда саба'ган кишини иликтеп ошонукуна милдеттуү конок болуп барып бирдемкесинен кыйкым таап аларды да сабап өч, кек алышчу. Ошентип милдеттүү коноктун аягы көп убактарда бир урук менен экинчи урукту кектүү, өчөгүштүү кылуу менен бүтүүчү. ЖЕСИР КАЛГАН КАРАЛУУ КАТЫН Лш берилнп эл тарагапдан кийин, эри өлүп кара кийип тескери карап аза күтуп отурган каралуу катынди аялдар аш бышырган кемегенин жанына алып келишип, башындагы карасын кемегедеги отко өрттөп: — Эрнңдин топурагы торко, жаткан жери жайлуу, арты, кийини майлуу болсун,—дешип кемегеге май куюп, ырымжырымдарын кылып туруп, каралуу катындын эри елгөнде жазылган чачын аркасына эки белүп өрүп, анан кийин ак элечек орошот да:

Page 15: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

— Мындан кийин ак элечек башыцан түшпөсүн дешип,— аялга бата беришет. Ошондон тартып каралуу аялдын башынан карасы түшөт. Эшикке кирип чыгып мурдагы калыбьша келе баштайт. Кээ бир каралуу катындар өлген эринин ашын берип, карасын түшүрөорда да бетин тытып алуучу экен. Албетте, мындай кылуудагы максат: өлгөп эрине катуу күйүндү, эц акыры карасы түшеөрдө да тытынды деген сөз калтыруу. Аш тарап каралуу катындын башындагы карасы алынгандан кийин аял эрге тийүүгө, өлгөн кишинин жакын туугандарынын бирөонө ал катынды алууга жол ачат. Кээ бир каралуу аялдарды эркннн ашыжытын берип бүтөөр менсн эле өлгөн кишинин жакындарынын бирөөнө нике кыя коюшуучу экен. Жесир калган катынды тий деген киши ылайыктуубу, ылайыксызбы, анысына карабай «керегени басып көктөгөндөй» баса көктөп, башын чатып коюшчу. Маселен, кырк, отуздагы жесир катынды өлген кишинин туугандарынын 10—12 жашар балдарыпа деле нике кыя коюшучу. Кээде эри өлгөн жаш келинди 60—70теги абышкаларга да алып беришуүчү. Кошумча селбик Кишиси өлуп аш берсе, же келин алып, калың толөп каржалса же болбосо той берип, чыгымдар болсо, же доо тартып айып төлөсо, андай кишилер кудасөөгүнен, достамырынан, туугантуушкандарынан кошумча сурачу. Алардын кошкон кошумчалары селбик болуп калучу. Андай өз убагында кошумча селбик алган кишилер, кошумча кошкон кишилерге кийин зарыл болуп калган учурда, жооп иретинде кошумча кошучу. Ич ара жардам дашуу, башка куч келип калганда селбик берип, кошумча кошуу илгертеден келаткан салт катары эсептелген. Кыйынчылык болгондо, артыкча кудасөөк көбүрөөк кайрылышкан. Ошол себептен эл арасында башка иш түшкөндө «дос айрылат, сөөк кайрылат» деген макал калган. Куда, кудалашуу «Куда болгуча кулу бийиц сураш, Кудалашкаидан кийин кул да болсо сыйлаш», «Тең теңи менен, тезек кабы менен» — деген макал кудалашуучулар ортосунда көбүрөек айтылган. Ар ким езу тендуу кишилерге кудалашчу. «Чоң атанын» балдары букара, курама айылга кыз берууну намыс корушкен. Бир. урук эл жети ата етушмейунчэ кыз альшзчу эмес. Жети ата өткөндө алышчу. Жуучужиберүу Бирөөнун кызына куда түшкүсү келсе, өзүнун айлындагы тили жатык, абийиражары бар деген кишилерден үчөөтөртөөн жуучулукка жиберүүчу. Үй ээси жуучуга келгендерди колунда болсо коюн союп, колунда кою жок болсо бар тамагын берип, кызын берүүгө макулдугун же макул эместигин айтып узатуучу зкен. Куда түшүү Жуучулар барган жер кызын берууге макул болсо, жуучу жиберген киши малый айдап куда түшүүгө барат.Адатта кудалашуучулар бирибирине ишенишсе калың бычылбайт. Күнөм санаган учурда жуучулар биринчи барганда эле ала турган калыңды быча, сүйлөшө кетүүчү. Куда түшүүгө барганда айдап бараткан малдардын ичиндеги кезге токтомдуу бир малына кебез байлап коёт. Нарк боюнча куда түшкөндө тогуз кара айдап барат, кээ бир байлар отуз, кырктан жылкы айдап барып куда түшүүчү. 14 и и и т к и и г и з ү ү Куда түшүүгө барганда, ошол айылдагылардын аксакалкексакалдары жыйырмаотуздан чогулуп барат. Куда түшкөн жер мал союп, келгендерди коноктоп, тамактан кийин кыз атасы келген кудаларга кипим кийгизет. Албетте кийит кийгизуу да ар кимдин алына жараша болот. Кийим кийгенден кийин кыз алуучу киши ордунан туруп кулдук урат. — Кулдугум бар, кудам,—деп куда түшүүгө келген киши эки колун бооруна алып, кулдук урат. — Кулдугун кудайга,— дейт кыз атасы. Ошону менен кудалашуу кулдук уруу ырымы менен бутот. К ү й ө е к е л ү ү Кудалашкандан кийин кыз алуучу куда ирети менен калынын төлөй берет. Ыгы келген кезде бир малый жетелеп, күйөө өзүнүн жакын жолдошун ээрчитип кайындап барат. Күйеө кайынына бара жатып, айылга жакын жердеги бир кабака барып түшүп калат. Күйөөнүн келип кабакта калганын кабар кылып күйөө жолдош айылга барат. Күйөө келди кабары угулганда, күйөвге барабыз дешип айылдын кызкелиндери ка-бакта турган күйөөнү тозо чыгат. Келинкыздар күйөен'у ээрчитип кыздын жакын агаиннлеринин бирөөнүн уйүнө алып келип киргизет. Ж е н к е т а й «Кыз калыцсыз болсо да каадасыз болбойт»,— деп кыздьш жецелери, айылдын келиндери келип күйөөдөн женелердин тайын доолайт. Күйөө салг боюнча чек түшүп, адеп сактап тынч отурат. Жене тайын доолагандар менен куйее жолдош сүйлешүп тайын береби же коюн береби айтор бирдеме берип келиндерди ыраазы кылгандан кийин, айылайылдын кызкелиндери: — Күйеө келди оюнга келгиле,— деп кабар салат. Күйее келген жакка белдеги кызкелиндер келишет. Жүз керүштүрөөрү Кыз, боз балдар келиндер жыйылып келгенден кийин: — Күйөөнүн колуктусун алып келебиз, жүз көрүштүрөөрүн бергиле,— деп кыздын женелери жүз көрүштүрөөр акысын алгандаи кийин, күйөөгө колукту болучу кызды алып келишет. и ю н с а л у у

Page 16: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

Куйөөнун колуктусун алып келгенден кийин оюн башталат. Оюнду кыздын кадырман женелеринин чыйраксынып л<үргөн бирее баштайт. Оюн башы келин. суу жоолуктан эшип токмок жасайт. Токмогу эшилип белен бол гондон кийин күйөө жолдошко барып: — Кана күйөө жолдош, шайтан мойнун сындыралы,— дейт. Күйеө жолдош эцкейе берет, оюн баштоочу келин эшип алган токмогу менен күйөө жолдошту тогуз чабат да, токмокту анын колуна берет. Күйөө жолдош ырдап, күйөекызды айкалыштырат. Аны жар керуштуруу деп коёт. Оюнга келгенкыз келиндер бир тарап, уландары бир тарап болуп отурат. Кызкелиндер кыдыртып бир баштан уландарга токмок таштайт. Кызкелиндер токмок таштаганда өзулөрү каалаган жигиттерине таштайт. Уландар ырдап берип токмок таштаган кыз, келиндер менен айкалыша берет. Кыз оюнунда, ырдагандан башка да элдин каалашы боюнча ар түрдүү оюндар ойнолот. Ко юнга салар Оюн тарагандан кийин колукту кыздын жецелери эшик ачар, коюнга салар, тешек ачар дегендерин алып, колукту кызды күйеенүн коюнуна жаткырат. Ошону менен куйеенүн кайындарына келипкетип журууге жолу ачылып калат. Куйее кайындарын, ачык, жазганбай аралап журбесе да, келипкетип журе берууге мүмкунчүлүк алат, бирок кайыи ата, кайын энелерине керунбөйт, алардан качат. Жооп суроо Кыз алуучу куда, келиндин калыцы аяктап калды го деген кезде жоон жилик, кезге токтомдуу бир малып жетелеп алып, жыгач тушүрүүге жооп сурап барат. Кээ бир куда, бычылган калыңын алып бугкенден кийин деле даты кошумча мал сураган учурлары болот. Ж ы г а ч т у ш у р у у Кыз атасынан жооп алгандан кийин келин алуучу куда жыгач тушурууге камынат. Боорсок жасайт, мал союп, эт бышырып капка тигип, теегэ жуктеп кыз берүүчү жерге алып барышат. — Жыгач туштү, той жегиле!—деп кыз атасы айланасындагы айылга кабар берет. Тойго келген аилдар сакалдуулашып куржун сегөт. Куржун сөккөндө кур эле сөгө бербестен, сөккөн кабынын, куржунунун оозуна жоолуккече байлайт. Анан куржун сөккөн аял каптан же куржундан езуне табакка этбоорсоктон салып алып, чыга берет. Тойго келгендер той тамагын талашатартыша талап, жеп тарап кегишет. Түндүк көтөруү Жыгач түшкөндөн кийин, кыз атасы кызынын керекжарагын камдоого киришет. Албетте ар ким алына жараша камылга көрөт. Камылга бүттү го деген кезде, той баштап түндүк көтөрүүгө улуксат берилет. Жыгач түшүрүп баргандан кийин кудакудагый, келинин алмайынча кудасыныкында я*ата берет. Кыз берүүчү куда: — Түндүгүндү көтөр, коюнду сой,— деген жоопту кылгандан кийин, кызды алуучу, тойго деген малын союп, этин бышырып, кыз беруүчүнүн колуна салып берип чыга берет. Кыз беруүчү тойдун эти бышып, даяр болгондон кийин айлындагыларга: — Той жегиле,— деп чакырып той этин тартат, Ж ы л к ы ч ы л ы к Түндүк көтөрүп, тай сойгону жатканда жылкычылар келип, «жылкычылыгыбызды бер» деген доону кылат. Эгер жылкычыларды ыраазы кылбаса, кыз алуучунун тойго сойгону белендеп турган малын жетелеп кетип калат. Кыз алуучу жак жылкычылардын жылкычылыгын берип, ыраазы кылыш керек. Кыз ойиотору Түндүк көтөрүлгөндө, кыз атасынын жакындарынан б и рое кыз алуучудан кыз ойноторун талап кылат. Эгер кыз алуучу анын талабын орундабаса, түндүк көтөрүлбөй калат. Кыз алуучу кыз ойноторун да бериш керек. Кыз ойнотор алган киши кызды үйүнө алып барып, оюн куруп берет. Төшөкталашуу Түндүк көтөрүлөрдө кыз берүүчү айылдын аялдары кыз алуучудан «төшөк талашуу» жолун кылууну та 351 545 лап кылышат. Эгерде кыз алуучу тешек талашуу жолун кылбаса, аялдар тошөк талашуу ырымын аткарууну талап кылышат. Тешек талашуу тартиби. Бир нече арканды каттап эшет. Аркандын бир учун жардын алдына алып барып бир жерден чыгарып, ал учун жаргылчактын тешигинен еткеруп тээктеп бекитет. Аркандын бир учун кыз алуучу кудалардын колуна берег (тешек талашуу жолун кылбагандык учун). Кыз алуучу кудалар арканды тартып узуп кетсе эчтеме бербей кутулат. Эгерде, узе албаса арканды узгуче тарткылай берет, арканды үздурбөстен аракетин кылып, кыз беруучу айылдын аялдары аркан таргып үзгенү журген эркектерди ун, тал каша кулду аралаштырып бетке ургулай беришет. Эгерде узе албаса тешек талашуу жо-лун кылууга тийиш. Тешек талашуунун жолу бардар кишилер учун бир асый ат болууга тийиш. К у й е о к ы з д ы жар ы ш т ы р у у Түндук кетерулгенде, куйзокызга бир улакты садага чабат. Садсга чапкан жерден куйее менен кызды тигилген уйду кездөй жарыштырат. Үйге кимиси мурун жетсе меерей ошонуку болот. Куйеекызды жарыштырганда экеену эле коё бербейт. Кыз жактагылар кызды, к\йее жактагылар күйөенү сурейт. Т о л г о о т а б а к Ала турган кальщын алып, тупдутун кетеруп, башка ырымжырымдары буткенде кыз атасы кызын аткарбай туруп алат. Ошол убакта кыз алуучу жак кыз атасына «толгоо табак» тартууга тийиш. Бардар киши болсо «каптын клгынчыгы, карындын жугу» ушу экен деп, бир табак этти жасап, бир ат жетелеп барат. Жук кергезуу

Page 17: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

Кыз алуучу жак езунун милдетин, ырымжырымдарын буткенден кийин тундук котерулет. Той аяктап буткенден кийин, милдет кыз беруучу жакта болуп кадет. Кыз атасы кызына бере турган себин жыйдырат. Тойго келгендер: — Жук керебуз,— дешип жыйылган жукту жана башка кызга даярдаган себин керушег. Эгерде кыз атасы калынды кеп алып, бере турган себин аз камдаса, амы сынга алышкан. Отурган ырчылар жамандап ырдап ийген учурлары да болгон. Кыз к ы ң ш ы л а т у у Кызды аткарарда кызды чүмкөп коюп кыцшылатат. Кыздын энеси, жакын женелери кошок кошуп узатат. К и й и т к и й г и з у у Кызын узатарда кыз атасы кыз алучу кудасына, кудагый, күйөөсунө кийнт кийгизет. Албетте, ар кчм алына жараша. Кыздынкызбелгиси Илгери кыздын кыз белгиси аманбы. жокпу ал тууралуу күйөө түндүк көтөрүлгөн кунү жеңелерине кабар кылуучу экен. Кыздын кыз белгиси болсо, келиндер кыздын атаэнееннен сүйүнчү алучу экеи. Эгер кыз бел-гиси жок болсо, кээ бир күйөөлөр кызды албай да кетип кал;ан учурлар болуптур. Кээ бир кыз аталары күйөө тарапка тартуу тартып кутулууга мажбур богон. Келин келгенде Келин келе жатканда уйдегулор тозо чыгын, чачыла чачышат. Эгерде келин атасы атайы үй жасап бербеген болсо, кайнатасынын үйүнүн жанына алачык жасалып, ошого киргизүүчү экен. О т к о к и р г и з у ү Жаны келген кслинди кайын атасынын үйүне кнргизгенди отко киргизүү дейт. Отко киргизгенде мал союлуп, той берилет. Кечинде келин ,,ыздар чогулуп жаны келиндин бетине «бүркөнчук» илип кайын ата-сынын үйунө жүгүнтүп киргизет. «Буркүнчөк» алам деп эшиктин алдында камынып тургандардын бирөө келиндин бетнн далдалаган «бүркенчүгүн» жулуп алат, жаңы келин босогодон коломтого чеиин жугүнүп ба-рып анан көшөгөнүн ичине кирпп отурат. Жаны келннди отко киргизген куну нике кыят. Келиндин мил д е ти Жаны келген келиндин алдына гемөнкүдөй милдеттер коюлучу: Келген айлындагылардын баарын тергөө. Сегизбай деген киши болсо — Жетиден артык акемдики, Кангелди болсо — Сол жетти, Койлуубай болсо — Марка, Кийизбай болсо— Курумшу ден терген берет. Келген анылдагы күйзөсүнон улуу кишилерднн баарына жүгунүү. 35' 547 Кайпагаларинын баарынан качуу. Эрте туруп, айылдын түндүгун тартуу. Анылдагылардын кимисп жумшаса, баш тартпай тил алуу. ТАБЫПЧЫЛЫК Б а к ш ы Кара жиндүу бакшылар жинди болгон жапа талмалуу, же «илешкени» бар кишнлерди көрүчу. Адатта бак-шылар оорулуу кишилерди кэргөндө жиндерин чакырып, чарк уруп керөт. Бакашака түшет. Чымындарын, чакырып, өткөн олуямашаяктардын атын атап, жер, суудагы ыазарлардын аттарын айтып кыйкырат. Отту чон жактырып коюп, оттон секнрнп, оорулуу кишиден аттап, аны какыскокус кылып ургулап, отко орокту салып, кыпкызыл болуп кызарганда тили мепен чыркыратып жалайт. Эки кишите езүнүн эки колун эки жакка кердприп тарттырып туруп, эки далынын ортосуна жаргылчактын ташы менен озун койгулаттырат. Айтор өкүрүп, бакырып үйлердү, кепелерди тегерене жүгурүй, ксроодогу малдардын үстүнөн секирнп, алдыларынан етө качып, Жйнди болгондордун жинин, талмалуу болгондордун талмасын, илешкеии барлардын илеш;:снин кубалачу. Д у б а и а Дубана да чарк уручу, бирок бакшычылап жин, чымынып чакыруучу эмес, Кенүмүш катары ал кудайга, пайгамбарга сыйынат, аят окуйт, келме айтат. Дубана чарк урганда, көбүичө айылдын эркектерин жыйып алып, баарысына даарат алдырып, оору жаткан үйгө чогуу отургузуп алып, нллалла айттыруучу. Өзү да бирдемглерди айтып, чарк уручу. Б у б у Аялдардаи чыккан бакшы, дубаналарды бубу дешчу. Бүбулөрдун табыпкерлиги деле бакшы, дубаналардыкындай. Ооруну чарк уруп көрөт. Тамырчы Эн баигаысы тумоологон, ооруган кишшш тамырчынын айтымы боюнча багып, тамырчынын айтымы боюн-ча тамак берүүчү. Тамырчылар билектен тамыр кармап: — Ысыгы бар экен,— деп суу ичируучу, же сууктап калыптыр деп күчтүү тамак беруучу. Тамырчылардын айтымы боюнча бир ай, эки ай жалаң суу ичип жата берген оорулар көп болучу, Суу ичкен кездё ысыктап калат деп ооруга бир чымчым дан, бир тиштем эт да, ууртам сорпо да беруучу эмес. Тамырчылар, кабыргасынан сезгенген келте жана ошол өцдүү оорулар менен ооруган кишилерди он, он беш күн жалац суудан башка тамак бербей, арыктатып жилигин узуп туруп, анан ашка аралаштыруучу. Алды менен оору кишиге бир нече куну чаныт жарма, анан кийин бир нече күнү коймолжун жарма берип, акырындап сүлө сабактап отуруп ашка аралаштырып, тамакты бир нече куну'ылпш ичируучу.

Page 18: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

Тер иге алуу Табыптар же жөн эле тажрыйбалуу кишилер кээ бир ооруларды көрүп: — Сууктап суугу ашынып кеткен экен деп, бардар киши болсо тай сойдуруп, тайдын терисин сыйыраары менен оору кишини териге ороп таштайт. Колунда жогураак болсо койдун терисине алат да, тамакты кучтүүлөп берет. Мындайча дарылоону териге алуу ден коюшат. У ч у к т о о Бир жери ооруй калган киши болсо: — Учуктап жибергиле,— дешип калышуучу. АЧындайча учуктайт: эки же уч кычкачты кычкач болбосо орокту отко салып кызартат. Ооруп калган кишини жыланач босогого отургузуп коюп, кызарган темирди ооруган кишиге жакын кармап, кызыган темир аркылуу муздак сууну оору кишиге шаркырата, шуулдата бүркөт. Кызарган темир сууп, оору киши калчылдап титирей баштаганында, төшөккө жылуулап жаткырып коёт. Муну учуктады деп коюшат. Д а р ы м ч ы Дарымчы жараларды дарымдайт. Адегенде жараны байлап, жаратты катуу оорутуп, кишини өкүртөт. Дубалап бутуп, жараны кайра чечет. Дарымчылар эгер жылкы курт болсо муну да дарымдоочу. Жылан, кара курт чакса, тилме, оозул болсо, тиш ооруса аларды да дарымдоочу. Дарымчылардын колдонгон ыкмаларынын көбү кишилерге түшүнүксүз болучу. Чопо, чопо, чопо дарым Чопо дарыма ширин дарым,— — дсп бирдемелерди айтып, күбүрөп, шыбырап, муздак суу менен шуулдатып бүркө берүүчү. Илгери бир дарымчы жылан чаккан кишини дарымдап чаккан жыланды дубалап келтирип, аны менен арбашкан дечү. Ошондо жылан тикесинен туруп киши менен арбаша берип, жеңилгенден кийнн жыгылып елүп калыптыр дсгенди да айтышчу эле. Кыргыздар дарымчыны кыЙын кадырлашуучу, аган ишенуүчү. Т и л м е Тилме көбүнчө бетке, мурунга чыгат көрүнөт. Дары мчылар тилмепи устаранын учу же болбосо наштар менен чегип, кнчинекичине шүүшүн чыгарып, анан шакар сыйпап, дарымдап коюшчу. Дарымынын касиетиби же чеккен устара, наштарыныкыбы, же шакарымыкыбы анысын ким билснн, оорулар ырбабай эле, айыгып кетуүчү эле. К а й р ы ч у Кайрычу деген жара көбүнчө колдордун баш жагына чыга турган жара окшойт. — Кайрычу турбайбы,— дешнп, шнбегени отко абыдан кызартып алып, осрусуна чыдабай боздоп жаткан кишинин жарасын сайып кайрыганда боздоп гкаткан кишилердин жаны сеп алып, тынчып, ошону менен зле айыгып кеткенин көрөр элек. К а н ч ы Табыптардын кээ бирөо канчылык кылат. Канчылар кишинин ооруган жеринен кан алат. Канды наштар, уйдун мүйузунен жасалгаи кортык менен алат. Андай кишилерди канчы дешет. Канчылары азыркынын киши сойгуч догдуруна мунөздүү эмелер болууга тийиш. Камчы кишилердин колу эптүү келий, кээ бир туюк жараларды да тнлип айыктырып жиберүучү. Ошентип жыйынтыктап айтканда, илгери кыргызла бакшы, бүбү, дубана дегендер болучу экен. Аларды касиеттүү чымыны, жолдошу бар кишилер деп койчу. Кандай айыктырат дегепде, алар илээшкен дарты бар кишилерди көргөндө касиеттерин, чымындарын чакырып алып ошолор аркылуу илээшкен дартты кубалатып чыгат деп түшүндүрүүчү. Табыптарды болсо чымыны деле жок, бирок оорунун жаиын билген тажрыйбалуу кишилер катары эсептөэчү. Адатта таоыптарга тамырчы, канчылар кирүүчү. Гарымчыларды — сыпкырчы, суубакеч деп атоочу. ОРУС КЕЛҮҮ МЕНЕН БОЛГОН ОЗГӨРҮҮЛӨР Тяныпандык кыргыз элииен эн алды менен оруска бугу уруусу багынган экен. Мунун бнр топ себентери бардай. Кокон бийлигинин акыркы мезгилинде кыргыз калкынын башын кошкон бир хандык жок болуптур. Маселен бугуну Боронбай бийлесе, сарыбагышты Ормон, солтону Жангарач, Алайды Алымбек датка башкарып бытырандычылык өкүм сүрөт. Өз ара уруучулук күчөп, бир уруу менен экинчи уруунун ортосунда дайыма жоолашуу курчуп, озунгани озунбаганын чаап алып олжолоп турган заман экен. Түндүктөсарыбагыш. саяктар буту уруусун корсунтуп дайыма чабуул коюп турган. Ошол себептен бугунун ханы Боронбай кол салуудан, талоондои кутулуунун амалын издептир. Боронбайдын билимдүү татар молдосу болуптур, ал аркылуу орустун орус падышачылыгы тууралуу кабардар экен. Эгер, оруска жамынсак, чабышуу тыйылаар деген ой менен Омскидеги орустарга элчи жиберип, орус келсе, аларга өзүнүн багынып берээран айгат. Кыргыздардын орустар менен биринчи жолу бугунун шапак уругунан чыккан Шералы дегендин уулу Качыбек мамиле кылат. Качыбек 1854жылы Сибирдеги орустарга барып чей ала г. 1825жылы бугу уруусу-нан оруска багындык дешип желдец Жабаганын уулу Алымбек жана арык тукуму Акымбек, Олжобай, Түлөберди деген кишилер барган экен. Ошентип бугу уруусу барып жүрүшүп, акыры 1855жылы оруска баш ийет. Болу ш Уруууруу болуп жүргөн эл, урукуругуна карата болушболушка бөлүндү. Болуштар шайлоо аркылуу жүргүзүлдү. Бир болуш эл старчынга, старчын элүү башыга, элүү башы ичи он башыга бөлүндү. Башкача айтканда, он түтүнгө бир он башы, элүү башы, бнр нече элүү башынын үстүнөн бир болуш шайланды.

Page 19: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

Болуштукбашкаруучулар Болуштук башкаруунун тутумуна томөнкүлөр кирлу: 1. Болуш. uwjiymiya кандидаты (оолуш елсө анын ордун баса турган киши). 3. Песир (писарь). Болуштук ишти болуш менен песирн гана жургузуучу. Песирлср орустан болучу. Кандидат болсо болуш елее, анын милдетин аткаруучу. Болуш өлбөсө кандидатта эч канчалык бийлөө укугу жок болучу. Б и й Болуштарга шайлоо откорулгөндө ар старчындан бирден бнй кошо шайлануучу. Доодоомай, аласабересе нштери шайланган бнйлер аркылуу бутуучу. Жылыга жаз бир, куз бир, бийлер жыйналып аласабересе, доодоомайлардыи пштерин карачу. Лдатта бир жерге уй тнгилуучу. — Бий олтурат,— делип элге кабар берилуучу. Биреөдө аласасы болуп ала албай жургөндөр болсо, бийлерге барып айтышчу. Бийлер өзулөрүнчө сүрүштүргөн болуп, бийликтерин кылуучу. Бийлер доого бийлик кылганда, добогер л<агынан да, жоопкер жагынан да бийлик акы алуучу. Бийлик акынын өлчөмү бүтүрүлген доонун өлчөмунө жараша коюлучу. Кээде бийлерге деп добогер жана жоопкер эки жактан бирден тогуз, же бирден асый ат беруучу. Бийлердин бүтүмүн жазган үкөз катчысынын алары бир тай, же болбосо бир тайдын куну болучу. Доолап доо алган жана доо телөген жактан болуш, старчындарга доонун өлчөмүнө карай асый ат, тай, кунандап же болбосо ошолордун баасына жетээрлик акча эсебинде «жол айтылуучу». Болуштук шайлоо Болушка шайлоо уч жылда бир өтүүчү, Болушту шайлоодон мурун он башы, элүү башы, старчындар данындалуучу. Буларга шайлоо болучу змее. Өз ара баш кишилер кенешнп отуруп тигил он башы, бул элуү башы, ал старчын болсун дешип өзүлөрү дайындап коюучу. Болушка шайлоо тоголок салуу менен болучу. Элүү түтунгө бирден тоголок. Түтүнү кырк тогуз болуп калса элуу башы тоголок алуучу эмес. Түтунү элүү болгон элүү башы бир тоголок алучу да, анысын алып барып болуштук талашкандардын биреөнө салып беруучу. Шайлоого тутүндөн бирден киши катышуучу. Алыксалык, ырымжырым телеогө жарабаган жарды киши болсо, түтүн боло алучу эмес. Тутун боло албагандан кийин шайлоого да катыша алучу эмес. Адатта ыгымчыгым телөп түтүпгө ээ болгон кишилер шайлоо болгон жерге барат, тизилип олтуруп берет. Санакчысы кишилерди санайт да, отурган ккшиси элүү болсо, элүү башчысыиа бир тоголокту берет, калган тизилип отургандар таран баса берет. Д у б а н Орус келгенден кийин болуш, бий шайланып, тутун башкаруу иши болуштардын колуна, аласабересе, доодоомат буткөрүү бнйлердпн колуна өтүү менен уруу курулушу бузулду. Бирок урукчулук сакталып калды. Чоң уруулар болушболушка бөлүнүп кетти. Бир болуштагы киши экинчи болуштагылар меиен иши болбой калды. Згерде бирөонун экинчи бир болуштагы кишнде аласасы болуп, ала албан жүрсө, андай аласасьш бар дубандын бийи чогулган отурушта доолачу. Бир үйөзгө караган элди бир дубан зл деп коюшчу. Ошол бир дубан элднн бийлери бир жылда бир жолу чогулуп бий отуруш кылучу. Башка болуштагы биреондө аласасы болуп, ала албай журган киши ошол дубан бийине арыздануучу. К у ю л у ш Орус келгенден кийин «куюлуш» болду. Куюлуш болду деген сез мындайча: жоокерчилик мезгилиндеги чабуулда бирөөнүн колуна түшуп кеткен кишилерге ез уруктуугандарына барып кошулууга мүмкүидүк берилди. Ошентип, чабуул убагында колго түшүп, башка бир урукка кул, курама болуп жургөндер урук уругун, туугантууи'кандарын тапты жана каалагандар үчүн башка урукка барып кошулуу учун жол ачылды. Орус екмету тарабынан керулген ушул чараны кыргыздар кең куюлуш деп калышты. Со о д а • с а ты к о р ч ү д ү Орус келе электе кыргыздардын соодасатыгы кыдырмачы сарттар аркылуу болучу. Кыдырмачылар элдин «чоц кишилерине» келүүчу. Ошол себептен энчилеп койгонсуп соодагерлердин ар бирин паланчанын сарты деп коюшчу. Малдууларга сарт келди. Малы жокко дарт келди,—деп соодагерлер келген* де малдуулар малын берип кездеме алуучу. Лкча де-генди урунган кишилер болучу эмес. Малы жок жардылар кыдырмачы сарттар келгенде көзмал алыша а л бай дарттуу болучу экен. Жогорку лакан ошондон калган. Соодагер сарттар малдуулардын малын тэртбеш эсе арзан алучу. Арзан бербеске кыргыздардын айласы барбы. Арзан болсо да келген кыдырмачы соодагерлерге малдарын булдап калбаса, айдап барып сата турган базар да жок эле. Алые жердегн базарга мал айдап барып сатууну эл абыдан оор жумуш катары көрушучу жана айдап барып малын булдоонун жолун бнлишуучу да эмес. Кыргыздар жакын жердеги базарга малдарын булдап, соодасатык иштери менен тааиыша башташты. Ырас, көп жылдарга чейин далдалдар, соодагерлер кыргыздарды көп алдап жүруштү. Кыргыз калкы кийинки күндергө чейин эле сооданы жакшы биле алганы жок. Соодагерлер кыргыздарды ездерунче «болуп» алган күндөрү да кеп болгон. — Менин кыргызым,— дешип соодагерлер айылайылды ээлеп алган. Ал айылдын кыргыздары соодасатыгын ошол соодагерлер аркылуу кылучу. Малдарын жеткире пулдай албаса да, базардын көбөйүшү

Page 20: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

кыргыздарды соодасатык иштери менен тааныштырды, Жоокерчилнк замандагы соодага салыштырганда, малдарды кымбатыраак сатып, кездемени арзаныраак алучу болду. Жалац эле аяктуу малдын козун карап калбастан акча, өлүу мулк уруна баштады. Т у р у к т у у к ы ш т о о к ү т ү у Орус ксле электе кыргыздарда да туруктуу кыштоо болучу эмес. Кыштын күндөрүндө деле көчо беручу. Орус келгенден кийин, мурдагы жоокерчилнк замандагыдай жоо келип чаап кетүү коркунучу жоголуп, ар ким белгилууу жерге кыштоо салып, кыштай турган болду. Кеп жерлерде там салынып, дарактар тнгиле баштады. Эл кыштоолорунун айланасынан аздап болсо да жер айдап, чеп чаап алуучу болду. Жоодон коркуп, ал кайда көчсө, айласы жок кечту эрчип кече беруучу жардылар, кыштоонун тегерегине отурукташуу мумкунчүлүгүнө жетиштн. Улам барган сайын дыйканчылык еерчуп, жардылар эгин айдап, артык аштыгын сатууга, тыйын, мал табууга мүмкүндүк тузулду. Такыр кслунда жоктор поселкаларга барып бир ишти кетеруп алып же болбосо кундук болсо да иш иштеп, акча таап ала турган болду. Байга малчылыкка жургэн жигит жылына көп болсо бир тай алучу. Эми поселкаларга барып жумуш нштегендер мурдагы кыргыздын байларына жалчы жүргөндергө Караганда үч, төрт эсе көп табуучу болду. Ошентип орустардын кслиши жардылардып турмушун бир кыйла көтөрдү. Терс көрүнүштөр Кыргыздар оруска багынуу менен ©з ара чабуулдар тыйылып, тентектер түрмөгө алынып, ууру, каракчы азая баштады. Элдин баскантурганы анча Куугунтукка алынбай ар ким оокаттиричилик издеп каалагаа жагына барууга шарт түзүлдү. Жогоруда айтылгандай соодасатык, дыйканчылык өнүгө баштады. Ошону ме-нен бирге зыянчылыктуу ишгер да чыкты. Баарыдан мурда бийлерднн зулумчулуту кучөдү. Алып жээге шарт түзүлдү. Уруучулук убагында болсо уруу бийлеринде анчалык деле бийлик күчтуү, барктуу эмес бо-лучу. Ошондон бийликке анча умтулуучу да эмес. Аныр деген бир бий бир жолу бийлнгин сатам дегенге чейин барган дешет. Бул окуя кийин бут элге лакап катары тарап кеткен. Болушка шайлоо болгондо старчын башына бирден бий шайлануучу болду. Ал шайланган бийлерден калыстык качып, паракы ким берсе, ошонун сөзун сүйлөй турган болду. Бийлигибиз деп кнрүне бир алса, парасын кем© бир алып, бийлер жемекей жагына ооп кетти. Мурда эли бийлери жалуун да, пара да алучу эмес. Сойгон согумунун кадырлуу бир мүчөсүн бийиме дешип сактап коюп, жазгы утурум. «узун сары» болгон кезде бышырып алып бийине байланып барып берүүчү экен. Бийдин жалууну ошол болуптур. Барабара атка минер, жемекейлер көбөйуп, чыгым үстүнө чыгым салып жей берчү болду. Чыгымын төлөй албагандарды биреене малайлыкка кармап берип. чыгымын толөтүп ала турган болду. Илгери элдин корккону тыштан келген жоо болсо, кийин душман ез ичинен чыккан атка минер жемекейлер болуп калды. Жасоол деген и болоор эле. Жасоолдорду үйөздүн, болуштун жигиттери деп атоого' болот. Үйөздүн жасоол у тебетейинии тышын кызыл менен тыштатып, төшүнө ызнак белги дегения тагып кылыч асынчу. Болуштун жасоолунун да төшүне тагынган ызнагы, асынгаи кылычы болучу. «Кара бүлөнү» какшатканда ошол жасоол деген эмеси какшатуучу. Элди аткатонго ээ кылуучу эмес. «Кара бүлөнун» атын жыгып алып мине берүүчү. Жен эле атын минип кетсе, андан лсабыркабайт дечи, бирок жасоолдор айылайылды кыдырып, «кара бүлөнүн» атын минем деп коркутуп, акчасын, көрпө, кийизин ээ кылбай алып бастыра берүчү. «Кара бүлөнү» камап бутаганда жасоолдор камап бутады. Болуштун айтканы айткан, дегени деген. Болуш элди кандай башкарам десе бо-луштун өз ыктыяры. Болуштун азабы да оцой болгон жок. Шайлоо убагында жаатташып болуштук талашуудан эрегиш чыгып, «кара черүү», «ак черуү» болуп салгылашып, эр да елучү. — Болуштук талашканда чыгымдар болуп калдым,— деп элге дагы чыгым болүчү. Болушунун жүргөнтурганынып баары элдин мойнунда. Болушу кечүп келип консо өрүлук берүү, айылдаш отурса союш берүү тегеректеги элдин милдети. Мансап кишилерине еөдө кароо сөз кайтаруу деген «кара бүлөсү» болучу эмес. Жазып алган Айткулу Убукеев (1939—1940жылдар). Латын тамгасынан көчүрүп, редакцияга даярдаган Кенжебай Акматов ТАЛЫП БАЙБОЛОТ УУЛУ Күн өткөн сайын басма сөздөн улам жаны, аты аталбай, утулбай келген улуу чыгармачыл бабаларыбыздын ысмы, алардын эмгектери тууралуу кабардар болуудабыз. Бул да болсо өлкөдө жүрүп жаткан кайра куруу саясатынын, жанылануунун, демократиянын шарапаты. Биз сөз кылып, мурасын тартуулап жаткан Талып Байболот уулу — кыргыздын нускалуу, билимдүү кишилеринин бири. Бул киши жөнүндө, анын мурасы, маданинагартуу багытындагы иштери тууралуу ушул күнгө чейин элге толук маалымат бериле элек. Эмигана айтылып, жазыла баштады. Бул кишинин өмүру, эмгеги тууралуу тийиштүү маалыматтар өз убагында жынналып алынбаган. Баскан жолу, ишкердүүлүгү тууралуу сурап ала турган кишилердин көзү өтүп кеттн. Анчамынча маалыматтар барабара аздап болсо да чогулат го деген гана үмүт бар. Азырынча чогулган материалдардыи негизинде ушул макала жазылды. Ал киши 1849жылы ЖетиӨгүз жергесиндеги азыркы Чырак айылы ээлеген аймакта туулуптур. Атасы Байболот өз убагында элдик санаасалтты мыкты билген, арабча окуй алган нускалуу адам болгон. Балдарына ар тараптуу тарбия беруүгө умтулат. Ңатыйжада уулдары, кыздары элдик нукура маданияттан илимбнлимден кабары бар кишилерден болуп чьи ышкан. Алты уул, уч кыздуу болот. Эң улуу уулу Элдеке өз убагында элдин урпадаттарын, айрыкча табиятты, өсүмдүктөрдү, айбанаттарды жакшы билген, ашкере мүнүшкер киши экен. Жандике при дастандарды, ошонун ичиндеМанасты да айткан белгилүү

Page 21: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

манасчылардан болгонуи изилдөочулөр жазып жүрүшөт. Талып (Жыргалбай) уулдарынын үчүнчүсү. Кыдырбаиды эл камын көп ойлогон, ар кандай коомдук иштерге катышкан өтө боорукер адам катары айтышат. Менин атам АкматБайболоттун бешинчи уулу. Атасынын жолун жолдоп арабча билим алып, агартуу тарабында эмгектенгендиктсн, эл аны Акмат молдо дешкеи. Революцияга чейин медреседе бала окуткан. Кийин 1921 —1922жылдары Талыптын демилгесн менен Чырак айлында мектеп ачылып балдар окуй баштаганда ар түрдүү сабактарды окуткан мугалнмдер менен катар жашы улгайып калганына карабастан бир аз убакыт окуучуларга динден сабак берген. Банболоттун кичүү уулу Байымбек өткүр, өз оокатына тың, балачакалуу адам болгон. Кыздары да өздөрүнчө үйжайлуу, балабакыралуу болушат. Талып да үйлөнүп өзүнчө үйбүлө күтүп эки эркек, терт кыздуу болот. Уулдарынын көзү өттү. Кыздары, неберелери азыр айылда ту рушат. Байболот балдарьш өз ичинде сынан, өспүрүм уулу Талыптын зээндуүлүгүн, ирээттүү жасаган иштерин, ойчул сөздөрүн, табнят берген туруктуу, элдешпес мүнөзүн байкабай койгон эмес. Мунуи кайратын билим еындырбаса, башка персе сындыра албайт деп, бир чети тамаша иретинде, бир чети келечекке умүт кылуу иретинде кеп салчу дешет. Уулун бил им алуучу жайга берсем деп көп ойлонот. Бирок ошол кездеги шартка байланыштуу оюн жүзөге ашыра албайт. Өзү билгендерин үйрөтет. Ошентип, Талыпка биринчи мзалымат берген мугалими өз атасы болот. Убакыт өтүп, ынтызаар уулдун ар нерсени билүүго болгон кызыкчылыгы күндөн күнге артат. Билим алуу жөнүнде ойлонуп эчен түндү уктабай еткэрөт. : Ошол кездегн көл кылаасындагы маданий борбор Каракол шазры экени белгилүү. Бул шаарда Кыртыэ жсргесиндеги шартта биринчилерден болуп китепкана уюштурулган. Ири борборлор Казань, Уфа, Кашкар, Үрүмчү ж. б. шаарлардан келген көп билимдүү адамдар жашаган. Шаардын жакындыгы Талыптын билимннин өркүндөшүнө ыңгайлуу өбөлгө түзөт. Каракол шаарына барып ал жердеги билимдүү кишилерге тааныша баштайт. Кашкардан келген чон молдолордон окуйт. Берген таалим, тарбиясым мыкты өздөштурүп, өз алдынча окууга үйрөнет. Шаардагы билимдүү татарларга аралашып, алардын илиммаданият жагдайында ангемелерин, кеңештерин үңүлүп угат. Барабара аларга биртуугандай жакындашып, бирге жашап, үйлөрүндө болгон ар кандай китеп, журнал, гезиттерин иликтеп окуйт. Кийинчээрек шаардын борбордук китепканасына мучө болуп жазылып, андагы китептерди окууга киришет. Керектүү китептерди ири борборлордон: Казань, Уфа, Стамбул, Баку, Петербург шаарларынан заказ менен алдырып, окуп кайра өткөрүп турган. Алар көбүнчө турк, татар, араб, фарс, ж. б. тилдердеги китептер. Кийин ошол мезгилде кыйла өнуккөн борборлордун бири болгон Кашкар шаарына барып, анын бай китепканаларындагы чыгыш элдери тууралуу эскп китептерди уцүлүп окуйт. Шартка жараша өзүнүн билимин толуктоо үчүн китептин маанисине терең ынанат. Кител окуу онөкөткө айланат. Кай жерде жүрсө китеп колунан тушпөйт. «Талып көчсөконсо да куржунга китеп артынып жүрөт» деп эл кеп кылышкан. Окутан китептерин өтө тыкандык менен эсептеп, тнзмелеп жүргөнүн да айтып галышат. 14 мин 700дон ашык китеп окудум дечу экен. Тилекке каршы, ал китептердин тизмеси сакталган жок. Кай бир кнтептери, карталары кийинки кунгө чейин Пржсвальскидеги педагогия институтунун биолгоия факультетинде, Чырак орто мектебинде мугалимдер тараГынан, айрыкча айбанаттардын классификациясын окутууда пайдаланылып, келген. Үзгүлтүксүз билимин жогорулатуунун натыйжасында чыгыш, батыш илимдерин кыйла өздөштүрүугө жетишет. Кийинки күндөрге чейин эчен ири окумуштуулардын атын жатка айтуучу. Ошондой эле ез элинен чыккан акылман кишилердин айткандарын, элдик чыгармаларды кунт коюп угуп, илнктеп, чогултуп жыйноочу. Өз доорунун көрүнуктүү кишилеринин көбү менен тааныш, жакын мамиледе жургөн. Үйүнө кишилер көп келчү. Келгендердин максатына жараша аңгемелешип, суйлөгөндөрдүн сөзүн бузбай сурамжылап кызыгып угуп, ар кандай маалыматтардан кабардар болгон. Мансап тууралуу ойлобогон, тубаса илимбилим үчүн туулган адам экен. Бүт өмүрү билим издөө, китеп окуу, эл агартуу, маданиятты өнүктүрүү максатында өткөн. Өз тиричилигннде ашык оокатка, дөөлөткө, байлыкка умтулуу бул киши үчүн жат болуптур. Талыптын жашоосунун көбү кыргыз коомунда уруучулук түзүлүш күч алган кезге туш келген. Кыргыздын уруучулук өзгөчелүгүнө, санжыра, этнографиясына кызыгып терең изилдөө жүргүзөт. Уруучулук түзүлуштү көчмөн элдин енүгүүсүнүн ирн баскычы катары кароо менен, аны калкгын ынтымактуулугун бузбоого, тескерисинче аны байытуу жагына багыттого аракеттеиген. Мындай ак пейил аракетинин жыйынтыгын өзү туулун өекөн Чырак айлынын тутумунан ачык көрүүгө болот. Анча чоң эмес Чырак айлында кайсы гана уруу жок. Бугу, конурат, адигине, саяк, черик, мундуз, сарыбагыш, моңолдор, дөөлөс. Иши кылып кыргыздагы негизги уруулардын баары бар десек болот. Алар ушу күнгө чейин ынтымакта жашап келе жатышат. Илгери Чырактагы ар уруунун аксакалдары соз боло калганда, бизде ар кандай элдин бирге жашап жаткандыгы Талып акундун элди бирнктирүүгө болгон аракетинен деше турган. Балким бул атайы ойлонулган аракегтин натыйжасы болбостон, тек гана Талыптын бийик адамкерчилигинин жемишидир. Адатта жалгыздап жургендер же уруу кагылышынан жапа чеккендер Талыптын адилеттүүлүгунө, бийик кадырбаркына терец ишенип, жакындашып, анын тегерегине байралышкан. Кецеш жардам сурап же акыйкатсыздыкка чыдабай арызданып келгендердин ишинин чындыгына көзү жеткенде уруу ичиндеги билермандарга, бийлик ээлерине, керек болгон учурларда падыша өкмөтүнө чейин кайрылып маселепи он оечүүгө жетишкен. Ошондон улам эл, айрыкча айылдагылар бул кишини терен урматтап эл атасы катары сыйлашкан.

Page 22: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

Убакыт өтүп Талыптын кабары эл арасына кеңнри тарап, билпмдүү, чыгармачыл адамдардын келгени көбөйет. Эл чон илимпоз, акмлман экенине таазнм кылып урматтап Акун аке, Талып акун дешет. Ошентип жүрүп өзунун Жыргалбай деген аты унутулуп кетет. Жакын туугандары Талып молдокем деп айтышуучу, аларды туурап биз деле молдокем, чон ата дечүбүз. Бул кишинин таржымалын айтканда эн оболу анын йлии билим жагдайыпдагы иштери жөнүндө соз болоо ру абзел. Анын кызыкпаган илим тармагын табуу кыйым. Айрыкча кенүл бургандары тарых, тил, география, ботаника, зоология, медицина, геология, астрономия, физика, математика, ж. б. Ушул нлимдер боюнча толгонтокой китептерди окутан жана эмгек ж::;ууга киришкен. Бирок, ошол кездеги шартка байланыштуу эмгек чыгаруу, жаныча иштердм жургүзүү боюнча ойлоруи ишке ашыра албайт. Кап бир сунуштары, иаселен, элди отурукташгыруу, бак тигуү, жер иштетүү жана башка ушу сыяктуу айткандары кай бирөөлөргө өөн учурап, Талып биздин урпадатыбызга, салтсанаабызга, туура кслбеген ншгерди жасап жатат дегепдер да болуптур Андайларды угуп, элибиздин жалпы илиммаднияттын өнүтуусунөи обочодо тургандыгын ойлоп коп капа болот. Колдон келген мүмкүнчүлуктөрдүн баарын пайдаланып чыгарма жазат, эл агартуу жагына аракеттенет. Жазып калтырган эмгектери толук жыйналып алына элек. Иликтенгенден кийин азырынча табылгандары Кыргыз илимдер академиясынын коомдук илпмдер фондусунда сакталып турат. Өз колу менен араб арибинде жазып калтырган «Кыргыз тарыхына байланыштуу материалдар» жанаөз оозунан жазуучу А. Убукеев тарабынан жазылып алынган «Кыргыз, кыргыздын тупку теги, уруучулук, курулушу, турлуу салгтар» деген кол жазмалары бар. А. Убукеев жазып алган кол жазма латын арибинде экен. Аны азыркы алфавитке которуу анча деле кыйын болгон жок. Кол л<азманы даярдоодо, баарыдан мурда, автордун баяндоо ыкмасын толук сактоого аракет кылынды. Себеби эмгек элдик нукура сөз менен, аңгеме түрүндө, тушүнүкгүу, унулулуп бара жаткан этнографиялык материалдарды кенири камтуу менен жазылган. Нсгнзинен кайталанган ;керлер, жазып алуу учурунда кыскартылып жазылбай калган сөздөр менен толукталды. Эмгек 1939— 1940жылдары жазылган. Келтирилген тарыхый жылдардын эсеби ушул мезгнлге карата көрсөтүлгөн. Окуучулар эмгекти окутанда муну эске алуулары талап кылынат. Эмгекте кыргыздын келип чыгуу тарыхы-на байланыштуу материалдарда, ж. б. жерлерде адабиятта айтылып жүрген көз караштан айырмаланган учурлар, ойлор кезигиши ыктымал. Бул маселелер боюнча автордун коз карашы толук сакталды. Окуучулардын мындай жерлерге чыгармачылык менен мамилс 5€0 кылуулары зарыл. Белгилей кете турган нерсе, Талып молдонум эмгектерин окуганда чыныгы илнмпоздорго мунөздүү илимий терендик, тактык, тарыхый окумларды саясий кырдаалга мажбурлабоо, башкы негизги нерселерге айрыкча көңул буруу, сүрөттөлүп жаткан окуяларга сын көз кароо, өткөндү, учурду, келечекти байланыштырып баяндоо, жазууда эне тилдин байлыгын кецири колдонуу жана ушу сыяктуу ыкмаларды сезбей коюуга болбойт. Талып молдонун чоң билимдуу экенине карата доцент Ү. Абаков өзүнүн чоц атасы айтылуу комузчу Абак женунде кеп салып, анын Талып менен жакын, пикирлеш болгонун айтып, менин укканыма караганда ез убагында Кел ереенуне Талыптан ашкан окумуштуу адам болгон эмес дейт. Профессор X. Карасаев ал кишиге жолуга алган жокмун, бирок чыгаан илимпоз экенин жакшы билемин, 1926—1927жылдары жазуу реформасы боюнча талкуу кызуу журун жатканда Талыптын «Лыпта» деген псевдоним менен «Эрг.инТоо» газетинде ете маанилуу, курч макалась! чыккан,— дейт. Анда араб арибннен латын арибине өтуүнүн зарылдыгынын жоктугун, араб эле арибинде калууну жактаган ойлору жазылган. Муну кыргыз элинин кылымдар бою чогулган тарыхы, тили, маданияты коцшулаш жашаган турк, араб, фарс элдери менен бирге колдонуп келген, ар бир тил үчүн ийкемдүүлүгүн керсете алган араб тамгасында экенин эскертип, бул тамганы эзелки илимдимаданиятты үзбей улап еткөрүп келе жаткан көпүре катары баалаган. Тилекке каршы, бул сунуш ишке ашпай калды, дейт профессор X. Карасаев. Неберелеринин бири, жаш кеткен, илимге кызыккан, таланттуу геолог А. Асангариев Талыптын геология боюнча атайы диплому жок болсо да, анын бул тармак боюнча терец билимин баалап, «мен биздин айылдан чыккан экинчи геологмун, биринчи геолог чоц атам Талып» деп кесиптештерине айтыптыр. Керсе Талып молдонун түрдүү too тектери тууралуу айткандарын, ошонуп ичинде тоодогу кызыл жарлардагы чополорду боёк катары, түрдүү туздарды пайдалануунун жолдору жөнүндөгү баяндарын уккан тура. Географтопонимист, Кыргыз география коомунун терагасы С. Өмурзаковдун молдокем тууралуу сөздерүн айтпай кетүүге болбос. Талыптын жалпы эмгектерин карап көрүп, анын кыргыздын Кунгей, Тескей, Талас ж. б. АлаТоолорунда, Кытайдып Турпан, АкСуу, Текес аймагында, Тарим өрөөнүн бойлоп Лобнорго чейинкн, Или жана башка да 3G1 рыялардын жээктеринде жүргүзгөн саякаттарын угуп, аны географ катары эсептеген. Ал киши жөнундө атайы макала жазган. Пржевальск педагогия институтунун белгилуү окумуштуупедагогдору Ш. Шарипова, Ш. Исмаилова аны менен бир канча жолу ботаника, зоология, химия ж. б. илимдер боюнча аңгемелешип, аны чыныгы энциклопедист катары баалашкан. Мындай ойду профессор А. Алдашев да өзүнүн эмгектеринде, макалаларында көп жазып, анын ар тараптуу илимпоз экенин эскерип жүрөт. Көп жылдар өтүп, эмгеги басмадан чыгып тарабагандыктан ал киши унутулуп бара жатканын моюнга алууга ту'ура келет. Учурупда Талыптын аты оз аймагында өтө эле таанымал экен. Кол тарапка барган

Page 23: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

билимдуу, чыгармачыл кишилердин ага жолукпай кеткендери чанда болгон. Айылдагылар 1947—1948жылдары оюн коюп келишкен Ыбрай Туманов менен Абдрашит Бердибасвдин Талып молдого учурашып сүйлөшкөнүн көп эскеришет. Ошондо угуп отурган, азыр Кыргыз ССРинин эмгек сицирген мугалими Акмат уулу Абит аңгемени төмөнкүдөй эскерет: Таанышкандан кийин баргандар молдокеме ыр аткарып, куу чертип беришти. Андан сон ацгемелешуу суроо, жооп иретинде көпкө созулду. Молдокемдин илгерки чоц комузчуларга, ошонун ичинде атактуу Арстанбекке жолукканын, анан мурда өткөн комузчулардын толгон күүлөру тууралуу чечмелегенин угуп олтурган Ыбырай: «мен коп куулорду, алардын тарыхыи билген змее экенмин. Бул кишини илим жвнундо айтат дечу эле, корсо музыка, ар түрдүү маданиятты терец билген телегейи тегиз адам тура, айткандары менин чыгармачылыгыма да таасирин тийгнзет деген умутте калдым» деген экен. Аз да болсо бу кишинин жазгандарын баалаган эмгектер кезигет. Академик Б. Жамгирчиков езунун «При-соединение Киргизии к России» деген китебинде кыргыздын уруучулук тузүлүшү тууралуу баалуу эмгектин бирн катары Талыптын кол жазмасын эсептейт. Талып молдонун фондудагы кол жазмасын окуп пандалангандыгы тууралуу тарыхчылар Д. Айтмамбетов, А. Жаманкараев, тилчиадабиятчылар К. Сейдакматов, Буудайбек Сабыр уулу айтышат. Эжебиз Шарымбүбунүн үйүнө «Кыргызстан маданияты» газетасынл чоц атам Талып жөнүндө чыккан макаланы алып барып калдым. Гезитти ачып молдокем дин сүрөтүн көрүп, бетине сүртүп «арбагындан айланайын» дсп жашыды. Толкунданып свз баштады: — Ыраматылык атам Байымбек Талыптын эн кичүү иниси болучу. Атам олгөндөн кийин мени Талып багып алган. Ошол күндөн тартып ал кишинин кызы болуп калдым. Өзүн атаке, байбичеси Седеканды энеке дечумун. Ал кишинин үйдөгү күндөлүк турмушу коз алдымда өттү. Эстесем азыр да атакемдин келбеттүү жүзү коз алдыма тартылат. Элден бөтөнчө деле кийинүучү эмес. Үйдө жүргөндө кнйген ак калпагы, ак көйнөгү, бутундагы кепичмаасысы чымыр келген орто боюна жарашып туруучу. Тышка, чыкырган жерге көрпө жакалуу ичигин же чепкенин, суусар тебетейнн кийип, тор жоргосуна минип бастырып кетүүчү. Кийимин ыраматылык знекем Седекан өзү тигип берүүчү. Абдан ишмер киши эле. Атакемди ото урматтоочу. Күнүгө бир маал атакем Седекан энекем менен суйлөшүп отурганын көрүчүбүз. Менин байкоомдо атакем Талып токтоо. күйкөлөктөбөгөн, майда болоор бо.боско ачууланбаган акылман киши эле. Адатта окуп отуруучу. Келген кишилер болсо ордунан тура^калуучу эмес, тек гана башын ийкеп, саламдашып, жаныма келип отур дегендей ишарат кылаар эле. Шашпан, ал жай сурашып маектешуучу. Чон кызматта иштейби же жөнөкөй адамбы баарына мамилеси бирдей болучу. Бирөөгө кошомат кылып, жойпуланып, эки ача сүйлөгөнүн уккан эмесмин. Кээде акыйкатсыздыкты укканда, туйганда бул оор басырыктуу кишинин ачуусу жүзүнө тээп чыкчу. Үйдөн киши узүлүчү эмес. Кыргыздар менен катар башка улуттун адамдары да көп каттоочу. Келгендер менен алардын өз тилинде суйлөшүүчү. Байкоомдо көп тилдп билсе керек. Татар жолдоштору менен татарча, орус тааныштары менеп орусча сүйлөшүүчү. Күндөлук турмушта атакемдин ар түркун ишмердүүлүгүн көрүи тацданчубуз. Анын баары эсте калбаптыр жана рээтеп айтып берүү да кыйын. Эсимде көбурөөк калгандарынын бири — оорусыркоону дарылоо тууралу айткандары. Узак убакыт сакая албагандар кеп келуучу. Атакем сунуш кылган жол менен, көбүнчө дарыдармек чөптөрдү, айбанаттардан алынган дарыларды колдонуп, нечен кишилердин айыгып кеткенин ез көзүм менен кергөмүн. Күндөлүк турмушуна кайрылсак намаз окучу. Орозо айында орозо кармоочу. Бирок мечитте дин багыт*нда кызмат кылганын, куран түшүрүп, жаназа окуп жана башка диндик адаттарды аткарганын байкабадым. Бил 36* 563 тендер менен маек көбүнчө илим, элдик салтсанаа женүндө болучу. Кай бир карыялар дин тууралуу сурап калганда, дүйнөдегү биэ укпаган ар кандан диндер женүндө баяндоочу. Диндин тарыхына, пайдалуу жактарына токтолуучу. Кошумчаланып кеткен жерлерин да айтуучу. Диндин эчсн кылым карытып, ар кандай элге кенири таралып, жашан келе жатканынын себеби анын каалагандар учун ыктыярдуу экендигинде, адамга ички ишенич берүү мүмкүнчүлугүндө, кишинин өзүн өзү тейлөө аркылуу адамдык сапатын сактоодо турат деп тушундүрүүчү. Ушул жерде мен даты билгендеримеп кошумчалап кетуугв ылайык тургандай. Улуу ата мекендик согуш мезгнли. Баш көтергөн эркектер аскерде. Лйылда кар.м картан, аял, жаш балдар. Талып молдокем байбичеси менен уулу Абдрайымдын тамынын бир бөлмесүндө туручу. Небереси Насир экөөбүз бир класста окуп, дайыма молдокемдин үйүнө барып тиричилигине каралашып турабыз. Ал кезде көзү тамгага жетпей калган. Бизге кайрыльш, журнал, гезит тартыш, силер колунарга тийген зле гезитти алып келип, узбэй окуп берип тургула дейт. Угуп отуруп, кай бир жазылган окуяларды укканда буурул чалган бийик к ашы салацкырап, кэ'эде терец ойлуу көздөрү, картайган жузү тийген нурдан жазылгансып туруучу. Ушул ирмем биз үчүн адамга нур берген илим отунун өчпөй турганын злестетүүчү. Ыраазы болуп батасын берип, окуубуз, мугалимдер тууралуу сурачу. Окуу китептерибиз женүнде сез кылып, алар жөнүндө кабардар экенин, окуу китепгеринин децгелннин анча жогору эместигин, артыкча ботаника, зоология боюнча котормонун начардыгына токтолучу. Молдокемдин бул айткандары азыр да күчүн жогото элек. Адатта отургандарга жараша кеп салар эле. Билимдуу кишилер чогулса эргип суйлей турган. 1946жылы биздин үйгө улгайган аксакалдар, билимдүү жаштар чогулуп отурушту. Ошокдо элдин алдында Талып молдокемдин чоц ацгеме курганы эсимде. Соз турк көчмөндөрукүн башы Саяндан тартып

Page 24: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

аягы Венгрияга чейинки аймакта созулган узак тарыхы жөнүндө болду. Будапешке жетип, анын тарыхы, шаардын этимологиясы тууралуу узак чечмелеген. ПортАртур шаарынын татаал, кызык тарыхына токтолду. Эл алдында еүйлөгөндөрүнүн эсимде калгандарынын бири ушул. Молдокемдин география, тарых жөнүндө айткандарынын ичинен угуп жүргендөр Япония тууралуу аңгемелерин кеп эскеришет. Дайыма япондор дун илимди, улуттук маданиятын ар кандай саясий тецкөрүипөрге карабай, текпөй чачпай, тескерисииче өөрчүтүп, өнүктүрүп келе жатканын таңдануу менен айтып, аны үлгү катары караар эле. Көбүрөөк окуп,үйрөнүп, турмушта колдонсок капа дей турган. Молдокем дин емуру — илимди, акылмандуулукту күндөлүк турмуш менен айкалыштыра билүүнүн бийик улгусу. Иликтеп керуп, ез доорунда бул киши аралашнаган ири окуяны табуу кыйын. Кыргыз эли башынан еткерген жоокерчиликуруучулук заманда, падыша колонизациясы убагында, үркүн, Совет бийлиги мезгилинде жашап, ар доорго жараша элдин мүдөөсүн аткаруу аракетинде болгон. Аларга кел айланасында биринчилерден болуп 1905—1906жылдары конуш чалып, элди отурукташтырып Чырак айылын уюштуруу боюнча иштерн, айылда мектеп курдурууга болгон ийгиликтүү аракеттери, багбанчылыкты өнүктүрүү, табиятты коргоо жана туура пайдалануу боюнча сунуштары жана башкалар кирет. Дайыма эли менен бирге болуп, кыргыз эли эчен кылымдар бою жыйнаган улуу маданиятыбызды сактап, өрчүтүп келген агартуучулардын бири катары кароого толук укугубуз бар. 1949жылдын кышы. Январь айы. Талып молдокем анча узакка созулбаган оорудан кийин дуйнеден кайтты. Биз небереси Насир экөөбүз 10класста окуп, кадимкидей ишке жарап калган кезибиз. Келгендердин атын алып, отунсуу камдап молдокемди акыркы сапаргл уза" туунун камыида жүрдук. Кымкуут, жөө, атчан келген кишилер Чырактын сазына батпай кеткен. Келгендер топтоп болуп, өз ара сүйлөшүп, Талып акун жөнүндө ыраазычылыгын билдирип, жылуу пикирлерин айткандары угулуп турду. Эл өзүнүн кадырман адамын чоц урмат менен акыркы сапарга узатышты. 1949жылы 17январда молдокемдин сөөгү Чырак айлынын көрүстөнүнө коюлду. Кийин бейитинин үстүнэ Талып Байболот уулу деп жазылган белги орногулду. КЕНЖЕБАИ АКМАТ УУЛУ БӨРҮБАИ КЕНЕНСЛРИН АШТОЙЛОР Кыргыздын эц эски адаттарынын бири өлгенгө аш беруү каадасы болуп саналат. Адегенде, өлгөн убагында мал союп, «кара ашын» берет, анан «үчүлугүн», жети күндөн кийин «жетилигин», кырк күндөн кийин «кырк ашын», жыл маалында «чон ашын» берет. Ошентип, илгери байманаптар елгөндө көп мал союлуп, көп чыгымдгф болучу. Мен өмүрүмдө көп аштарды көрдум, меиден мурдакы берилген чон аштар тууралуу анык көргеи кишилерден уктум. Кедей өлсө бир мал (мейли жылкы, уй же кой болсун) союп карашып берет, ошондон калган эт менен үчүлүгүн, анан бир жандык союп кыркын берйй, анан жыл маалына камданып жүрүп бир кара союп, чоц ашын берет. Аш бербей калуу мурда етө кордук болуп эсептелин, балдары, туутандары «аш бербей коюшту» деген «жаман» атка калышчу. Бул ушул күнгө чейин созулуп, эл арасынан калбай келе ж а та т. Мнеал учун бир окуяны жазып көрсөтүүнү ылайык кердум. Москва районунда, Крупская атындагы совхоздо (мурда колхоз болучу) бир киши 1945жылы башкарманын председатели болуп турганда, андан 20 жыл мурда өлгөй атасына аш бериптпр. Анткени, ал колхозго башчылык кылып чон болсо да, «мунун атасына аш берилбей калбады беле, чоц болдум деп корчойбой, ата-сына аш бербейби»,— дешип эл күнкүү кылганда, намыстанып, коп мал союп, конок алып, ат чаап, аш бер-ген экен. Мындайлар өтө көп учурайт. Мен, ез көзүм көргөн эц чоц аш 1912жылы берилген каднмки Шабдап баатырдын ашы болду. Анда мен 16 жашта болуп, аштьга башынан аягына чейин толук кордум. Купчыгыш Сокулук элнпен 81 киши үч күлүк ат алышып, менин акем Жаптайдын башчылыгы астында, октябрь апында (кайсы число экени эсимде жок) жолго чыктык. Жолго эки канул Боролдойго, аш берилла жаткан жерге бардык. Бир атты жетелеп алганбыз. 'Гул салынган үпгө өкүрүп барышты, анткени Шабда.ч өлгөндө барып топурак салышкан эмес экен. Батышыпча боз үйгө киришип, куран окуп, чыгымды — жетелеп барган атты берип, кайра конок болуп, жаткан жерге бардык. Баса, Тул салган уйду тегирич, жабыкбаш жана туш кийиздер менен кооздогон экен. Шабдандын чей тонун (кара драп жарым пальтого), ийниндеги чачыктуу ченин (эполетин), даты башка алтын, күмүш медалдарын тагып, келгендерге көрсөтуп коюшуптур. Биз 4 үйгө конок болдук. 21 киши Шабдандын асыранды баласы Майчы ажы дегендикинде жаттык, эки куну конок болдук, бир бээ, эки ирик союп меймаидады. Боролдоп деген дөбөнүн жогору жагынан тартып КичиКемипдин оозуна чейин уй тиккен экен. Аксакал дар «бир мин уй тигишиптир» дешти, демек орто эсеп менен келген конок 20000 киши деп болжолдоого болот. Ал конок алган терт болуш тынай урусу дагы 10 минче келер. Ошентип, Шабдандын атына жазылган элдин жалпы саны 30000 десек калп болбойбуз. Бизге союлган малды негизге алсак: мин үйгө мин жылкы, эки мин кон союлган. АлмаАтадан военный губернатордун орунбасары, •Пишпектин уезд начальниги, Токмоктун приставы жана 100 казакорус менен келишти. Булар Шабдандын 12 канат боз үйүнө киришип, ошондо жатышты.

Page 25: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

Адеп конгон күндүн эртееннде губернатордун орунбасары, уезд начальник жана башка чиновниктери жана тилмечтери менен бир жерге чыгышып, манаптардын бардыгын чакырды. Алар барып улуктарды тегеректеп олтурушту. Уезд начальник Затинщиков (узун оёз) колуна бир кагазды алып сүйлөдү, аны Серикбаев Тымбай деген казак тилмеч кыргызчалатып элге (манаптарга) айтып берди: Шабдан элинде узун ээк Алике деген киши АлмаАтадагы губернаторго «Шабданга ашты зордук менен элди бүлүнтүп берип жатат» деп арыз берген экен; аны текшерип көргүн деп Пишпектин уезд начальннгине жибериптир, эмп ошол арызды «элге» (манаптарга) айтып, «текшерип» жатканы экен. Буга лшоп айтуу үчүн манаптар менен акем Жантай Кененсаринди жана күнтуу уругунан Сатыбалдиев Сагымбай деген манаптарды чыгарышты. Адегенде Жантай сүйлөп, ал Шабдандын тарыхына, кыргызды оруска кошууга кылган аракеттерине токтолуп: «Мына, мен 80 киши менен келдим, тамакашын ала келип, баатырдын ашын берүуге жардамдашып жатамын» деген Аликенин арызын «калпка» чыгарган сезүн айтты. Андан кийин Сагымбай да Шабдан авторитетин, бүт кыргыз аны кадырлай тургандыгын, Аликенин арызы «негизсиз» жалган экенин «далилдеди». Улуктар Аликенин арызы жалган экен деген корутуиду чыгарышты. Зордук көрүп, малын союп, үнлөрүн тигип, кол куушуруп, конок кутуп жаткан чыныгы элден же алардын өкүлдөрүнен бирөөн да сураган жок. Кеденлердин арыздары мына ушундайча текшерилүүчү. Кунан чабылган күнү башка тамашалары болуп, чабыла турган аттарды айдап кетти. Ат айдоочу Агбашынын приставы «Чоц кол» — Лутин деген болду. 181 кулук ат чабылыптыр. Торт жолу эр сайышмак экен, мындан эки эр сайышкандан кийин улуктар токтотуп коюшту. Адегенде казак Макаш деген балбан менен жумгалдык Сабыр баатыр сайышат; он бир жолу беттешип жыгыша алган жок; Макаш сол колунун билеги карысына чейин териси сыйрылып, кап агып жатты, бирок улам бир кур менен тацып альт, кайра беггеше берди. Аягында экөөнү ажыратып, байгени бөлүп беришти. Анан жумгалдык саяк уруусу менен дунгандарча сайыш келди. Саяктан Аксакал деген баатыр чыкты. Бул мурда сайышта эки эрди: сарбагыш урутунан Тиштээк дегендп, КетменТобөдөн келген Акн азар дегенди саиып өлтүргөн. Дунгандардын артынан түшкөн Жусуп деген ошол Тиштээктин жээнк экен. Таякесинин кунун кууп, Аксакалды өлтурө саюуга ниеттенип качырганда атына камчы уруп барып, жайыраак келе жаткан Аксакалды сайганда ал аттын бооруна түшүп калды, көрсө текенин терисинен жасалган шымдын ичинен кайыш чылбырды өткөзүп, басмайыл менен кошо тартып коюптур. Жусуп найзаны ыргытып жиберпп, кайра чаап кетти. Ошондон кийин улуктар сайышты токтотуп коюшту. Ошол куну тамашадан таркап, к'оно турган үпгө бара жатып, жолдо бир трашпанкада кыйшайып жаткан Жусупту кердук, эсучун билбей жаткан экен. Аш тарагандан кийин бир айга жетпей өлүптүр. Анткени, Аксакалдын найзасы анын табарсыгын жарып кетиптир. Себеби Аксакал дайым найзаны ээрге такап саят экен, аттын күүсү Meiieii барып тийген найза өлтүрбөй койбонт экен. Ал өзү жыгылган менен, найзасы Жусуптун нчин эзнп кеткен окшойт. Аксакалдын акыреги талкаланыптыр, бирок олбөй аныгып кетиптир. Эртесинде, чак түштө ат көрүнө баштады. Сүрөө болгон эмес, ар бир атты бирден казакорус жандап келди. Ат чапкан балдарга, ар бир урууга бир түстө көйнөк кийгизиптир аш ээси, солто урусуиун ат чапкан балдарына ак кейнөк, саякка, сарбагышка, бугуга жана казакка — баарына ар түрдүү көйнек кийгизгеи. — Кандай ат? — деп эл чурулдап калды. — Чаар ат,— деп мен акеме айттым. Баланын көйнөгү ак, солтонун аты дешпп турушту, анан Төлөгөндүн чаар аты дешнп тааныгандар аптышты. Чаар ат текирендеп, таскактап келе жатат. Анын артынан эки жүз, эки жүз элуү метрдей саяк Бекболоттун Нарбаш деген күлүгү, солто Байжандын кызыл аты үчүнчү, төртүнчу дагы көк аргымак солтонуку, бешинчи дагы ак көйнөкчөн бала минген карагер ат жаны коё бергендей зымырап келди (аттын ээси балага «Боролдойго» жеткенде оозун коё бер дептир, анткени кунан чапканда мара КичиКеминдин оозу болгон. Ал кийинки күнү мара «Боролдой» алып келген болучу). Бияновский деген, Караколдо (Пржевальскиде) жылкы заводун уюштурган орустун кара кашка бээси алтынчы, ошондо бышты чыккан көк байтал деген жетинчи, кыскасы, байге алган 25 аттын он тогузу солто уругунуку, бирөө казактыкы, калганы башка уруулардыкы болду. Биринчи аттын байгеси 5000 сом, экинчи аттыкы 2000 сом, 25 аттыкы 50 сом болгон. Көп күлүк өлдү. Манаптардын ашы мына ушундайча берилчу. Кыргызда Шабдан ашынан чон аш болгон эмес деп аксакалдар сез кылуучу эле. Ал кезде аласабересенин кою бирбир жарым сом болгонун эске ала турган болсок, байгенин канчалык экенин байкоо кыйын эмес. Ал эми Шабдандын өзүнүн жана балдарынын малы же башка дүнүйөсү жок экендигин көцүлгө алсак, бул сыяктуу чон аш кимдин каражаты менен берилгендиги, узун ээк Аликенин калпка чыгарылган арызы эң чоң экендигин тушүнүү кыйын эмес. Илгери манаптар ашты, тойду атак үчүн, өзү теңдуү манаптарга атаандашып беришчу. Өзбек Бошкоев өлөрүнде балдарын чогултуп керээзин айтканда: «Мага кокок алып, ат чаап дарбаан кылып аш бербегнле, жөнөкөй мал союп элге канчалык тамак берсенер каршылыгым жок» деп айткандыкган, ага чон аш берген жок, жөнөкөй май аш кылып, кеп мал союп, элге бере беришти. Бирок бугу, сарбагыш уруулары муну егейлоп: «Солтолордун чоц Өзбек өлүптүр, Аны егүздөй сүйрөп кемүптүр...» —деп ыр чыгарышыптыр. КЫРГЫЗДЫН ЭСКИ МАЙРЛМДАРЫ Бардык башка элдердей эле кыргыздын да майрамдары Оолгон. Алар: «Норуз тама», «Үлүш», «Чечкор». Мунун биринчиси жаздып майрамы. Үч тогоолдо, болжол менен марттын башында «Норуз тама» болот.

Page 26: Талып молдо - кыргыз тарыхы, уруучулук курулушу, түрлүү салттар

Мында ар бир тутун үйүнө жети адамдын башын кошуп «чон көжө» жасайт. Анан 10—15 кишиден болуп атка минишип, кыдырып журуп «чоц көжөнү» ичишет. «Үлуш» боли жайлоонун майрамы. Мында ар бир айыл (албетте, жайлоого чыккандар) үчтөрт кун кымыз жыйнап, анан кочкор союп куйкалап, башка айылдагыларды чакырып кымыэ жана эт берет. Бул манапбайлардын майрамы дееек жацылыш болбойт. Ал эми «Чечкор» болсо эгин алый, кырман сузарда майда жандыктан бирдн (койкозу, эчьиулак) союп, кырмапга күрөктүн бетипе мууздап, этин бышырып элди чакырып берет. Ушуга байланыштуу бир болгон ацгеменп жаза кегүүгө туура келет. Илгери 6i!p кедей азыраак эгин айдап аны сузганда айлымдагы бир бай дан улак алып чечкор кылыптыр. Ал учун байдын бир теше (эки гектар) бедесин чаап бермек болупгур. Аида улактыи баасы 30 тыйын экенин, ал эмн бир теше бедени кеминдс үч күндө чаап буте турганын айтсак бардыгы түшүпүктүү болот. Бирок кедей анын бедесин чаап бербей калат. Бай бийге арызданып бйр коп кестирпп алат. Кийинки жылы койду тол он албайт. Дагы айдатып барыя бир тай алмакчы болот. Мунун ортссунда бийге эки сом бийликти кедей тел опт. Ошентип олтуруп, жылда көбөйүп олтуруп беш жылда терт кесим менен кедей 16 кара бермекчи болуп калат. Тушундуруп антканда баягы чечкорго сойгон улактын баасы терт тай, терт кунан, терт бышты жана терт асый болот. «Терт кесим» деген мына ушул. Ал эми кедейдин бактысына 1917жылы Октябрдын социалнсттик революциясы чыгып, аны жырткычтардан кутказып калат. Бул жомок эмес, анык болгон иш. Бөрүбай Кененсарин 18%жылы Сокулук рпйонундагы азыркы Өктөбүр айылыяда туулган. Адегенде диннн мсктептен, кийин жаиыча сабаты ачылган. 1919жылдан 1944жы.'1га чейин советтпк, партяялык кызматтарда шитеген. Өмүрүнун соңуна чейин КырТАГда котормочулук кылган. Айрым чыгармалары 20жылдардан тартын мезгилдүү басма сөздө, жыйпактарда жарыяланган.